Бишкек шаары

2004-жылдын 17-июлу N 91

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

символдору жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын

2009-жылдын 23-январындагы N 15,

2009-жылдын 12-февралындагы N 48,

2009-жылдын 6-ноябрындагы N 294,

2010-жылдын 29-январындагы N 21,

2011-жылдын 26-июлундагы N 130,

2011-жылдын 29-ноябрындагы N 227

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

I Глава. Жалпы жоболор

II Глава. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу

III Глава. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

IV Глава. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни

V Глава. Корутунду жоболор

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун, алардын сыпатталышын жана расмий пайдалануу тартибин белгилейт.

 

I Глава

Жалпы жоболор

 

1-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу;

2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби;

3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни.

 

2-статья.

 

Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн адамдар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорун урматтоого милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин маскаралагандык үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдоруна терең сый көрсөтүү — Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын патриоттук парзы.

 

II Глава

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу

 

3-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар. (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун түстүү жана схемалык сүрөтү тиркелет).

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жана анын сүрөтү алардын көлөмүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясында сакталуу турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун түсүнүн жана схемалык сүрөтүнүн эталонуна далма-дал келүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү уруксаты бар юридикалык жак тарабынан жасалууга тийиш.

 

3-1-статья.

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу, ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, атайын орнотулган флагштокто дайыма көтөрүлүп турат жана сутканын караңгы мезгилинде жарык кылынат:

— Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында;

— Ош шаарынын Борбордук аянтында.

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында көтөрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу ардактуу кароолдун кайтаруусу менен камсыз кылынат.

Ардактуу кароолду өтөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

(КР 2010-жылдын 29-январындагы N 21 Мыйзамынын редакциясына ылацык)

 

4-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу: Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын имараттарында дайыма көтөрүлүп турат.

Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелерде көрсөтүлгөн мамлекеттик желек сутканын караңгы учурларында жарык кылынышы керек.

(КР 2009-жылдын 12-февралындагы N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу адамдар өздөрүнүн кызматына байланыштуу милдеттерин аткарып жатканда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн имараттарында, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчыларынын резиденциясынын имаратында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде Кыргыз Республикасынын башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн, анын ичинде эл аралык укуктун ченемдерине, элчилик протоколдун эрежелерине жана баруучу өлкөнүн салтына ылайык эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын расмий өкүлчүлүктөрүнүн имараттарында көтөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу коомдук бирикмелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын имараттарына (болбосо мачталарга, флагштокторго), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген майрам күндөрү жайларда, турак үйлөрдө, транспорт каражаттарында спорттук, коомдук жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү учурунда алардын ээлеринин каалоосу боюнча илинет.

(КР 2009-жылдын 12-февралындагы N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу төмөнкүдөй жерлерде дайыма орнотулуу турат:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин жумушчу кабинетинде жана Кыргыз Республикасынын Президенти катышкан салтанаттуу иш-чараларды (каадаларды) өткөрүү үчүн дайындалган башка имараттарда;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштар залдарында, соттук жыйналыштар залдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жыйналыштар залдарында;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын, мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын, анын ичинде эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын расмий өкүлчүлүктөрүнүн жумушчу кабинеттеринде.

 

7-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана өкмөттүк делегацияларынын жетекчилеринин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин башчыларынын жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн, анын ичинде эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын расмий өкүлчүлүктөрүнүн транспорттук каражаттарына жайгаштырылат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу транспорттук каражаттарында (анын ичинде деңиз кемелеринде да) атайын орнотулган флагштокторго транспорт бараткан багыттын сол тарабына Кыргыз Республикасынын, ал эми оң тарабына — башка мамлекеттин туусу орнотулат, мында эки туу тең транспорт жүрүп бараткан багытка карай бийиктиги бирдей деңгээлде жана перпендикулярдуу бир тилкеде түз жайгашууга тийиш.

 

8-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөрүп жаткан расмий каадалар жана башка салтанаттуу иш-чаралар мезгилинде көтөрүлөт (орнотулат).

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын, башка аскерлердин жана аскердик кошуундарынын аскер бөлүктөрүнүн жана өзүнчө подразделениелердин туруктуу жайгашкан жерлеринде салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү учурунда көтөрүлөт.

 

9-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу аза күтүү күндөрү аза күтүү аяктаганга чейин флагштоктун бийиктигинин жарымына чейин түшүрүлүп коюлат.

 

9-1-статья.

 

Жол берилбейт:

— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин сүрөтүн геральдикалык негиз катарында пайдаланууга;

— тытылган же өңү өчүп калган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин пайдаланууга;

— менчигинин түрүнө карабастан коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын желектери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегине окшош болушуна.

Ушул статьянын 1-бөлүгүн бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2009-жылдын 12-февралындагы N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

III Глава

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

10-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган «Кыргыз» жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган «Республикасы» деген жазуудан турат (Кыргыз Республикасынын түстүү жана ак-кара түстүү сүрөтү тиркелет).

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин кайрадан жасалуучу сүрөтү анын көлөмүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясында сакталып турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин түстүү же ак-кара сүрөтүнүн эталонуна далма-дал келүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү уруксаты бар юридикалык жак тарабынан жасалууга тийиш.

 

11-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби: Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, ошондой эле аткаруу бийлигинин башка органдарынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана бардык деңгээлдеги соттордун, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик нотариалдык конторалардын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан өзүнчө мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктар берилген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын мөөрлөрүндө жана документтеринин бланктарында жайгаштырылат.

 

12-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби Кыргыз Республикасынын жараны экендигин ырастоочу документтерде жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары берүүчү жалпы мамлекеттик үлгүдөгү башка документтерде бастырылат.

 

13-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби төмөнкүдөй жерлерде жайгаштырылат:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий резиденциясынын имаратынын маңдайында;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн имараттарынын маңдайында;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана башка сот жыйналыштарынын залдарында, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жыйналыш залдарында:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын, мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн, анын ичинде эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын расмий өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жумушчу кабинеттеринде.

 

14-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби:

— чек ара белгилеринде (негизги чек ара мамыларында) жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрмө пункттарында;

— Кыргыз Республикасынын аскер бөлүктөрүнүн жана Улуттук гвардиясынын аскердик тууларында жайгаштырылат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарында жана алардын документтеринде, жогорку мамлекеттик билим берүүнүн кесиптик мекемелерин мыкты аяктагандыгы үчүн артыкчылык белгилеринде, Кыргыз Республикасынын акча белгилеринде жайгаштырылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин тууларга, аскердик же башка мамлекеттик кызматтагы адамдар үчүн белгиленген айырмалоо белгилеринде жана формалык кийимде жайгаштырууга жол берилет.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин пайдалануунун башка учурлары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.

 

14-1-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин жана чет мамлекеттердин гербдерин же коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын гералдикалык белгилерин бир учурда жайгаштырганда менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин өлчөмдөрү башка гербдердин (гералдикалык белгилерден) өлчөмдөрүнөн кичине болбошу керек.

Мында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби башка гербдерден (гералдикалык белгилерден) төмөн жайгаштырылбайт.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы N 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-статья.

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана башкаларды жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

IV Глава

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни

 

16-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни ушул Мыйзамда каралган учурларда аткарылуучу музыкалык-поэтикалык чыгарма болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни оркестрдик, хордук, оркестрдик-хордук, болбосо вокалдык жана аспаптык вариантта аткарылышы мүмкүн. Мында үн- жана видеожазууну, ошондой эле теле- жана радиоберүү каражаттарын колдонсо болот.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни вокалдык жана вокалдык-аспаптык аткаруу учурунда толук аткарылат, ал эми аспаптык аткаруу учурунда Гимн жарым-жартылай — биринчи куплети жана кайрымасы гана аткарылууга жол берилет.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни бекитилген музыкалык редакцияга жана текстке ылайык так аткарылууга тийиш (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин тексти тиркелет).

 

17-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни төмөнкүдөй учурларда аткарылат:

— Кыргыз Республикасынын Президенттигине ант бергенден кийин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүдө;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги же кезексиз сессияларын ачууда жана жабууда;

— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун расмий көтөрүү каадасы жана башка расмий каадалар учурунда;

— чет өлкөлүк мамлекет башчылары, чет өлкө мамлекеттеринин өкмөт башчылары, чет өлкө мамлекеттеринин расмий өкүлчүлүктөрү, ошондой эле мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдардын башчылары расмий визит менен Кыргыз Республикасына келгенде элчилик протоколго ылайык аларды тосуп алуу жана узатуу каадасы учурунда;

— Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жалпы аскердик уставдарына ылайык аскер каадаларын өткөрүү учурунда.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни эстеликтерди ачууда; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрамдарына арналган салтанаттуу чогулуштарды ачууда жана жабууда; мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар өткөрүп жаткан башка салтанаттуу иш-чаралар мезгилинде аткарылышы мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы N 227 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

18-статья.

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, жеке менчик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниялары аркылуу: берүүлөр башталаар алдында жана аяктаар учурунда — күнүгө, ал эми күнү-түнү берүүсүндө — жергиликтүү убакыт боюнча саат 6да жана саат 24тө берилет.

(КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы N 294 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-статья.

 

Чет мамлекеттердин аймактарында расмий иш-чараларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу эл аралык протоколдо белгиленген эрежелерге ылайык, баруучу өлкөнүн салттарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

 

20-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни:

— Кыргыз Ресгубликасынын аймагында жана андан сырткары жерлерде эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүүнүн эрежесине ылайык спорттук мындай мелдештерди өткөрүүдөгү расмий каадалар учурунда;

— жогорку, атайын орто окуу жайларында, жалпы билим берүүчү орто мектептерде жаңы окуу жылын ачууда жана окуу жылы аяктаганда, ошондой эле башка салтанаттуу нш-чаралар учурунда аткарылат.

 

21-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни расмий түрдө аткарылганда катышкандар аны туруп угушат, (эркектер — улуттук баш кийимди, жылаңбаш отуруу сыйлобоо актысы катары каралган диний ынанымдагы адамдардын атайын баш кийимин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык формалык кийим кийип жүрүү каралган аскер кызматчыларын жана башка адамдарды албаганда, баш кийимсиз) бул учурда Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин ырдашат жана оң колун көкүрөгүнүн сол жагына коюп турушат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү менен коштолуп аткарылса катышкандар туу көтөрүлгөн тарапка жүзүн буруп турушат.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 15, 2009-жылдын 6-ноябрындагы N

294, 2011-жылдын 26-июлундагы N 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

22-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин так аткарылышына байкоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.

 

V Глава

Корутунду жоболор

 

23-статья.

 

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

— өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизсин;

— ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

 

2004-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган