Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1997-жылдын 5-декабры N 89

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана

эркиндиги жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын

2002-жылдын 18-октябрындагы N 147, 2006-жылдын 28-декабрындагы N 214

редакцияларына ылайык)

 

1-статья. Мыйзамдын максаты

 

Бул Мыйзам маалыматты ар кимдин эркин жана тоскоолдуксуз издөө, алуу, иликтөө, жаратуу, берүү жана жайылтуу укуктарын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.

 

2-статья. Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө

мыйзамдар

 

Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка мыйзам актыларынан турат.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды алууга байланышкан өзгөчөлүктөр «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен да жөнгө салынат.

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы N 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-статья. Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери

 

Ар бир маалыматка жетүү укугуна кепилдик берилет.

Мамлекет ар кимдин маалымат издөө, алуу, иликтөө, жаратуу, берүү жана жайылтуу укуктарын коргойт.

Маалыматка жетүүгө жана жайылтууга чек коюу мыйзам тарабынан гана белгиленет.

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы N 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-статья. Маалыматка жетүү эркиндигинин негизги принциптери

 

Маалыматка жалпынын жете алышы, анын калыстыгы, өз учурунда болушу, ачыктыгы жана ынанымдуулугу маалыматка жетүүнүн эркиндигинин негизги принциптери болуп саналат.

 

5-статья. Маалымат алуу суроо-талабы

 

Ар ким түздөн-түз же өзүнүн мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу маалымат алуу суроо-талабы менен кайрылууга укуктуу.

Маалымат алуу суроо-талабы жазуу түрүндө болушу мүмкүн.

Жазуу түрүндөгү суроо-талапта кайрылган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги, суратылган маалыматтын аталышы же мүнөзү камтылууга тийиш.

Жазуу түрүндөгү суроо-талаптар катталууга тийиш.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды алууга суроо-талаптар менен байланышкан өзгөчөлүктөр «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамдын ченемдери менен да жөнгө салынат.

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы N 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-статья. Маалыматка жетүүнү камсыз кылуу

 

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана кызмат адамдары ар кимге анын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына тиешеси бар документтер, чечимдер жана башка материалдар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

Маалыматка жетүү төмөнкү жолдор менен камсыз кылынат:

1) тийиштүү материалдарды жарыялоо жана таратуу;

2) суроо-талашын негизинде маалыматтарды берүү;

3) өз иши жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо;

4) документтерге жана материалдарга түздөн-түз жетүүнү камсыз кылуу;

5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына түздөн-түз жетүүнү камсыз кылуу;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыкмалар.

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы N 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-статья. Маалыматка жетүү жана ага акы төлөө

 

Кайрылган адамдын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына тиешелүү суроо-талап боюнча маалымат акысыз берилет.

Башка маалыматты бергендик үчүн тараптардын макулдашуусу боюнча акы алынышы мүмкүн.

 

8-статья. Маалыматтын ачыктыгы

 

Мамлекеттик, коомдук жана менчик массалык маалымат каражаттары ал маалыматты пайдалануучуларды кандайдыр бир өзгөчө категорияга бөлбөстөн бардык граждандар жана уюмдар үчүн анын толук ачыктыгын камсыз кылат.

Мезгилдүү басылмаларга, маалыматтык теле-радиопрограммаларга эркин жетүү, ошондой эле мыйзам тарабынан каралган учурларда маалымат алуунун булагы менен таанышуунун мүмкүнчүлүгү да маалыматтын ачыктыгына кирет. Ушул статьянын талаптары купуя маалыматка, ошондой эле мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык жашыруун сырды камтыган маалыматка жайылтылбайт.

 

9-статья. Берүүгө болбой турган маалымат

 

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана кызмат адамдары мамлекеттик же мыйзам тарабынан корголуучу башка жашыруун сырды камтыган маалыматтарды, ошондой эле жетүүгө чек коюлган маалыматты берүүгө укуксуз.

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы N 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-статья. Көпчүлүктүн алдында жайылтууга тийиш болбогон маалымат-

тын тизмеси

 

Массалык маалымат каражаттарында:

1) мамлекеттик жана коммерциялык жашыруун сырды ачууга;

2) учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга же өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын жана ар кандай башка мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга;

3) согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка, улуттук, диний өзгөчөлүккө жана башка элдер менен улуттарга чыдамсыздык менен мамиле жасоого үгүттөөгө;

4) динге ынангандардын жана дин кызматчыларынын диний сезимдерин мазактоого;

5) порнографияны жайылтууга;

6) уят деп эсептелген сөздөрдү пайдаланууга;

7) граждандык жана улуттук этиканын ченемдерин бузуучу, мамлекеттик символиканын атрибуттарын (герб. желек, гимн) мазактоочу материалдарды жайылтууга;

8) инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө;

9) жалган маалыматты алдын ала билип туруп жарыялоого.

(2002-жылдын 18-октябрындагы N 147 мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Маалыматтын ынанымдуулугу жана маалымат укугун

бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

Массалык маалымат каражаттары жарыяланып жаткан маалыматтардын ынанымдуулугун текшерүүгө милдеттүү жана анын ынанымдуулугу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте маалыматтын булагы менен биргелешип жоопкерчилик тартат.

Маалымат укугун бузгандык үчүн күнөөлүү адамдар мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

 

12-статья. Даттануу укугу

 

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана кызмат адамдарынын граждандардын маалымат алуу укугун кысмакка алган аракети же аракетсиздиги маалымат сураган адамдын тандоосу боюнча жогорку кызмат адамына, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотко даттанылышы мүмкүн.

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы N 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-статья. Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жаатын-

дагы эл аралык келишимдер

 

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими тарабынан ушул Мыйзамда каралгандагыдан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

 

14-статья. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби

 

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

 

1997-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл

алынган