Бишкек шаары

2009-жылдын 20-февралы N 57

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)

мамлекеттик каттоо жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын

2009-жылдын 15-июлундагы N 207,

2009-жылдын 18-декабрындагы N 313,

2011-жылдын 21-декабрындагы N 241

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

 

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоодо келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.

2. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо), иш-аракетин токтотууну каттоо (мындан ары — каттоо) — ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракети, ал юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик реестрине (мындан ары — мамлекеттик реестр) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүү, кайра түзүү жана жоюу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка маалыматтарды киргизүү аркылуу ишке ашырылат.

3. Ушул Мыйзамга ылайык, бардык юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр), Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында тигил же бул юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) үчүн башка каттоо тартиби каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик каттоого жатат.

4. Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо, эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, кабарландыруу мүнөзүндө болот.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-берене. Мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу мамлекеттик орган

 

Мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган (мындан ары — каттоочу орган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

3-берене. Каттоонун максаттары

 

Каттоо төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:

— юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүүнү, мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү, ошондой эле юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) иш-аракетин токтотуу фактысын күбөлөндүрүү;

— катталган (кайра катталган) жана иш-аракети токтотулган юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) эсепке алуу;

— мамлекеттик реестрди алып баруу;

— катталган (кайра катталган) жана иш-аракети токтотулган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматтарды кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга берүү.

 

4-берене. «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик каттоо

(кайра каттоо)

 

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) каттоочу орган тарабынан «бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүзөгө ашырылат.

2. «Бирдиктүү терезе» принциби өзүндө төмөндөгүлөрдү камтыйт:

— каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) салык, статистика жана Социалдык фонд органдарында каттоого алуу жана эсепке коюу менен бир учурда ишке ашырууну;

— каттоо номерин, идентификациялык салык номерин (мындан ары ИСН) жана ишканалар менен уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун (мындан ары — ИУЖК) кодун ыйгаруу менен, каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү берүүнү.

3. «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндөн кийин салык, статистика, Социалдык фонд органдарында кошумча каттоо жана эсепке коюу талап кылынбайт.

4. «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) камсыз кылуу максатында каттоочу органдын салык, статистика органдары, Социалдык фонд, ошондой эле башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүсүнүн тартибин Өкмөт аныктайт.

 

5-берене. Каттоочу органдын компетенциясы

 

1. Каттоочу орган төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырат:

— юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү;

— саясий партияларды каттоону;

— мамлекеттик органдарды каттоону, буга алардын аймактык жана ведомстволук бөлүктөрү, уюмдары жана мекемелери кирбейт;

— ушул берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) кошпогондо, чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактарды, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) каттоону;

— мамлекеттик реестрди алып барууну, ошондой эле андан көчүрмө берүүнү;

— юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жана анын аймактык органдары тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөнү;

— каттоо маселелери боюнча өзүнүн аймактык органдарынын аракеттерине карата даттанууларды кароону;

— мамлекеттик реестрден юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматтарды кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга берүүнү;

— мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды.

2. Каттоочу органдын аймактык органдары төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

— каттоочу органда катталууга жаткан юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) кошпогондо, тиешелүү аймактагы юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоону;

— тиешелүү аймакта иш-аракети пайдалуу кен иштетүүгө (иштеп чыгууга) багытталган чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактарды, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) каттоону;

— мамлекеттик реестрди алып барууну, ошондой эле андан көчүрмө берүүнү;

— мамлекеттик реестрден юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматтарды кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга берүүнү;

— мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды.

3. Айрым жерлерде каттоочу орган коммерциялык уюмдарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) каттоо функциясын аткаруу үчүн өзүнүн өкүлүн — каттоочуну аныктоого укуктуу.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-берене. Каттоого алууда документтерди тапшыруу тартиби

 

1. Каттоого алууда документтерди каттоочу органга арыз ээси тапшырат. Мыйзамдарда каттоо үчүн документтерди тапшыруунун башка жолдору каралышы мүмкүн.

2. Төмөндөгү жактар арыз ээси катары чыга алышат:

— юридикалык жак түзүлүп жатканда анын уюштуруучусу;

— юридикалык жактын аткаруучу органынын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси же болбосо филиалды (өкүлчүлүктү) түзүүчүнүн жетекчиси;

— юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) иш-аракетин токтотууну каттоодо жоюу комиссиясынын жетекчиси (жоюучу);

— ишеним каттын негизинде аракет кылган башка жак.

3. Арыз ээси каттоочу органга түзүлүп жаткан юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) аталышын алдын ала текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) аталышын алдын ала текшерүүнүн тартибин каттоочу орган аныктайт.

4. Каттоо арызына арыз ээси колтамга коет. Каттоо арызынын формасы жана анын мазмунуна карата коюлуучу талаптар каттоочу орган тарабынан бекитилет.

5. Каттоого алууда юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) документтери каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилде тапшырылат.

6. Каттоого алууда арыз ээси тапшырган документтерди эсепке алуу жана сактоо каттоочу орган тарабынан камсыз кылынат.

7. Каттоого алууда ушул Мыйзамда каралгандан башка кандайдыр бир документтерди жана маалыматтарды талап кылууга тыюу салынат.

8. Улуттук банк лицензиялоочу жана (же) жөнгө салуучу финансы-кредиттик мекемелердин жана башка мекемелердин (мындан ары — финансы-кредиттик мекемелер), коммерциялык эмес уюмдардын жана чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) уюштуруу документтерин кошпогондо, устав, уюштуруу келишими жана жобо каттоочу органга тапшырылууга жатпайт.

9. Коммерциялык уюм өзүнүн иш-аракетин типтүү уставдын же коммерциялык уюм өз алдынча иштеп чыккан жана бекиткен уставдын негизинде жүзөгө ашырууга укуктуу.

Коммерциялык уюм типтүү уставды колдонгон учурда чечимде катталуучу (кайра катталуучу) коммерциялык уюм өзүнүн иш-аракетин типтүү уставдын негизинде жүзөгө ашырышы белгиленет.

Финансы-кредиттик мекемелердин уставдарын кошпогондо, коммерциялык уюмдардын типтүү уставдарын иштеп чыгуу жана бекитүү каттоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

10. Эгерде юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) уюштуруу документтеринин мазмуну мыйзамдарга ылайык келбесе, уюштуруучу (катышуучу) алардын милдеттенмелери боюнча жооп берет. Уюштуруу документтеринин мазмуну мыйзамдардын нормаларына карама-каршы келген учурда мыйзамдардын нормалары колдонулат.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-берене. Мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) ырастоочу документ

 

1. Тапшырылган документтердин ушул Мыйзамда каралган тизмекке ылайык келишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк берилет. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) фактысын күбөлөндүргөн документ болуп эсептелет.

2. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк финансы-кредит мекемелеринде эсеп ачуу үчүн негиз болуп эсептелет.

Банктык жана башка финансы-кредиттик мекемелерге эсептешүү эсептерин ачууда юридикалык жактан, филиалдан жана (же) өкүлчүлүктөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка кандайдыр бир документтерди талап кылууга тыюу салынат.

Юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) мөөргө жана (же) штампка ээ болууга укуктуу, аларда юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук аталышы, ошондой эле мыйзамдарда каралган бөлөк реквизиттери камтылышы керек.

3. Финансы-кредит мекемелери юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) эсептешүү, насыялык, валюталык жана башка эсептери ачылган, өзгөргөн, жабылган учурда алар жайгашкан жердеги салык органына 5 жумушчу күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.

4. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк жоголгон (бузулган) учурда, юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) тиешелүү каттоочу органга анын дубликатын алуу үчүн кайрылууга укуктуу. Каттоочу орган мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү «дубликат» деген белги менен, ыйгарым укуктуу жактын арызынын негизинде, 3 жумушчу күндүн ичинде берет.

Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө арызга, каттоочу орган аныктаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде жарыяланган жоготулгандыгы (бузулгандыгы) жана күчүн жоготкондугу жөнүндө жарыя тиркелет.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-берене. Каттоонун мөөнөттөрү

 

1. Ушул берененин 2- жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) кошпогондо, юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) документтердин зарыл тизмеги каттоочу органга сунуш кылынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

2. Саясий партияларды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) кошпогондо, финансы-кредиттик мекемелерди, коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) документтердин зарыл тизмеги каттоочу органга сунуш кылынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

3. Саясий партияларды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайрадан каттоо) документтердин зарыл тизмеги каттоочу органга сунуш кылынган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

4. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) иш-аракетин токтотууну каттоо 7 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

9-берене. Каттоо үчүн төлөм

 

1. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоодо, ошондой эле мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын алууда мыйзамдарга ылайык аныкталган өлчөмдө төлөм алынат.

Мамлекеттик органдарды мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоодо, бланк продукциясына төлөмдү кошпогондо, каттоочу орган тарабынан төлөм алынбайт.

2. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн төлөм мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк алганга чейин, иш-аракетин токтотууну каттоо учурунда — каттоочу органга документтерди тапшырган учурга чейин төлөнөт.

 

10-берене. Каттоонун өзгөчөлүктөрү

 

1. Финансы-кредиттик мекемелерди, алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) Улуттук банктын же анын аймактык бөлүгүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.

2. Монополияга каршы мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугу мыйзамдарда аныкталган учурларда талап кылынат.

3. Акционердик коомдун иш-аракетинин токтотулушу (кайра түзүлүшү жана жоюлушу) баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган, филиал (өкүлчүлүк) түзгөн же болбосо башка юридикалык жактын уюштуруучусу катары чыгып жаткан юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.

5. Филиал (өкүлчүлүк) түзгөн же болбосо башка юридикалык жактын уюштуруучусу катары чыгып жаткан чет өлкөлүк юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттеги юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден алынган легалдаштырылган көчүрмөнү же башка документти кошумча түрдө тапшырат.

Кыргыз Республикасы катышуучу болгон тиешелүү эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышуучу мамлекеттердин юридикалык жактары үчүн документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт.

Өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттеги юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден алынган көчүрмөнү же башка документти тапшыруу мөөнөтү аталган документтерди берген күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш.

6. Юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) катары чыгып жаткан жеке жак (коомдук бирикмелердин, турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиктеринин, диний уюмдардын, саясий партиялардын, профсоюздук уюмдардын түзүүчүлөрүн кошпогондо) каттоочу органга паспортунун же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын керт башын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.

7. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси болгон жеке жак каттоочу органга паспортунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын керт башын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.

8. Өзгөртүп кайра түзүүнүн натыйжасында өз иш-аракетин токтотуп жаткан юридикалык жак каттоочу органга мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын, мөөрдү жана штампты тапшыргандыгы жөнүндө ички иштер органынан маалымкатты, ошондой эле банктык эсебинин (эсептеринин) жабылгандыгы жөнүндө банктардан маалымкатты тапшырууга милдеттүү. Эгерде мөөр жана штамп, эсеп (эсептер) жок болсо, каттоочу органга алардын жок экендиги жөнүндө жоюлуп жаткан юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы коюлган гарантиялык кат тапшырылат.

Аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра каттоодо юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү алаар алдында мурунку аталышы менен мөөрлөрдү жана (же) штамптарды тапшыргандыгы жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын каттоочу органга тапшырууга милдеттүү.

9. Юридикалык жакты кайра түзүүдө каттоочу органга өткөрүп берүү актысы же бөлүү балансы тапшырылат, анда кайра түзүлгөн юридикалык жактын бардык кредиторлору менен карыздарларына карата болгон бардык милдеттенмелери боюнча, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча укуктардын өтүүчүлүгү тууралу жоболор камтылууга тийиш.

10. Юридикалык жакты кайра түзүүгө байланышкан мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) арыз ээси каттоочу орган тарабынан аныкталган жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде юридикалык жактын кредиторлорунун талаптарды коюу мөөнөтү көрсөтүлгөн, каттоочу органга документтерди тапшырганга чейин кеминде 2 ай мурда жарыяланган жарыяны кошумча түрдө тапшырууга милдеттүү.

11. Уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмүнүн азайышына байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо чарбалык шериктештик жана коом, кооператив бардык кредиторлорго бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлаганын ырастаган документтерди тапшырат. Кредиторлор жок болгон учурда юридикалык жак каттоочу органга алардын жок экендиги жөнүндө жетекчисинин колтамгасы коюлган гарантиялык кат тапшырууга милдеттүү.

12. Чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүргөн котормосу менен кошо тапшырылат.

13. Мамлекеттик кайра каттоодо жана иш-аракетти токтотууну каттоодо, финансы-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) уюштуруу документтери жоголгон (бузулган) учурда, каттоочу орган аныктаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде жарыяланган жоготулгандыгы (бузулгандыгы) жөнүндө жарыя каттоочу органга тапшырылат.

Мамлекеттик кайра каттоодо жана иш-аракетин токтотууну каттоодо, юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү, мөөрлөрү жана (же) штамптары жоголгон (бузулган) учурда, каттоочу орган аныктаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде жарыяланган жоготулгандыгы (бузулгандыгы) жөнүндө жарыя каттоочу органга тапшырылат.

14. Акционердик коомду, коммерциялык кооперативди жана коммерциялык эмес уюмду мамлекеттик кайра каттоодо, арызга кайра катталып жаткан акционердик коомдун, коммерциялык кооперативдин жана коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин колу коюлган, чет өлкөлүк катышы бары же жогу көрсөтүлгөн документ тиркелет.

15. Юридикалык жактардын бирикмесин (ассоциация, союз) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) анын уюштуруучуларынын бардык өкүлдөрүнүн колтамгасы коюлган уюштуруу келишими эки нускада каттоо арызына тиркелет. Мында юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат же нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.

Саясий партияны мамлекеттик каттоодо саясий партиянын бекитилген программасы каттоо арызына тиркелет.

Диний уюмду мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) диний уюмдун дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү каттоо арызына тиркелет.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-берене. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо

 

1. Ушул берененин 4- жана 4-1-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жакты мамлекеттик каттоодо, каттоочу органга төмөндөгү документтер тапшырылат:

— каттоочу орган бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызы;

— юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечими;

— ушул Мыйзамда каралган башка документтер.

2. Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечими төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

— катталуучу юридикалык жактын мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышын;

— юридикалык дарегин;

— фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жерин (жеке жактар үчүн), толук аталышын, жайгашкан жерин (юридикалык жактар үчүн) көрсөтүү менен, ар бир уюштуруучу жөнүндө маалыматтарды;

— юридикалык жактын уставдык капиталындагы (пайлык фондундагы) ар бир уюштуруучунун үлүштөрүнүн (пайларынын) өлчөмүн;

— аткаруучу органдын жетекчисинин фамилиясын, атын, атасынын атын;

— мыйзамдарга ылайык башка маалыматтарды.

3. Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик каттоо учуруна карата уставдык капиталды (пайлык фондду) төлөө тартиби сакталгандыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

Ушул берененин 4- жана 4-1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимине ар бир уюштуруучу колтамга коет. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер каттоо органына уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан түздөн түз берилген учурда уюштуруучунун (уюштуруучулардын) — жеке жактын (жеке жактардын) кол тамгасын нотариалдык формада милдеттүү ырастоо талап кылынбайт. Юридикалык жактардын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен ырасталууга же нотариалдык формада күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүгө же нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

4. Коммерциялык эмес уюмдарды мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү тапшырат:

— каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;

— коммерциялык эмес уюмду түзүү, коммерциялык эмес уюмдун уставын бекитүү жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечимди;

— коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин колтамгасы коюлган эки нускадагы уставды;

— коммерциялык эмес уюмдун жетектөөчү органынын мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, шайланган кызматы көрсөтүлгөн тизмесин;

— коммерциялык эмес уюмду түзүүчү уюштуруучулардын фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы жана дареги көрсөтүлгөн тизмесин.

Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу жеке жактар болгон учурда, уюштуруучулардын тизмесинде уюштуруучулардын фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы жана дареги көрсөтүлөт. Тизмеге уюштуруучулар кол коет, уюштуруучулардын колтамгасы нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.

Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу юридикалык жак болгон учурда, уюштуруучулар тизмесинде ар бир юридикалык жактын аталышы жана каттоо (кайра каттоо) датасы көрсөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн тизмеде юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат же болбосо нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.

Коммерциялык эмес уюмду түзүү, коммерциялык эмес уюмдун уставын бекитүү жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечимге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгасы коюлат жана алардын колтамгалары нотариалдык формада күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу бир жеке жак болгон учурда, жогоруда көрсөтүлгөн чечимге ушул уюштуруучунун колтамгасы коюлат жана анын колтамгасы нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.

Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу бир юридикалык жак болгон учурда, жогоруда көрсөтүлгөн чечимге уюштуруучу-юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы коюлат жана анын колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат же болбосо нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.

4-1. Финансы-кредиттик мекемени мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү тапшырат:

— каттоочу орган бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;

— финансы-кредиттик мекемени түзүү, уюштуруу документтерин бекитүү (түзүү) жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимин;

— финансы-кредиттик мекеменин жетекчисинин колтамгасы коюлган уставы эки нускада;

— финансы-кредиттик мекеменин бардык уюштуруучуларынын колтамгасы коюлган уюштуруу келишими эки нускада.

Финансы-кредиттик мекемени түзүү, уюштуруу документтерин бекитүү (түзүү) жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимине ар бир уюштуруучу колтамгасын коет, мында жеке жакты уюштуруучунун колтамгасы нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт, ал эми юридикалык жактын өкүлүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен ырасталууга же нотариалдык формада күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

5. Арызды кабыл алган күндөн тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөндөгүлөргө милдеттүү:

— юридикалык жакты мамлекеттик каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегинин болушун жана аларда камтылган маалыматтарда так эместиктер же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;

— тапшырылган документтердин мазмунунун мыйзамдарга ылайык келишин текшерүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);

— тиешелүү буйрук чыгарууга жана салык, статистика, Социалдык фонд органдарына маалымдоого, мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;

— мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук аталышын, каттоо номерин, ИСНди, ИУЖК кодун, мамлекеттик каттоонун датасын жана юридикалык дарегин көрсөтүү менен, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берүүгө;

— тапшырылган каттоо документтеринин бирден нускасын камтуу менен юридикалык жактын каттоо ишин тариздөөгө жана аны каттоочу органдын архивине берүүгө.

6. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.

7. Мамлекеттик каттоодон кийин финансы-кредиттик мекеменин жана коммерциялык эмес уюмдун уюштуруу документтери каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен ырасталат.

(КР 2009-жылдын 15-июлундагы N 207, 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

12-берене. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо

 

1. Юридикалык жак төмөндөгү учурларда мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү:

— өзгөртүп түзүү, бөлүнүп чыгуу, биригүү формасындагы кайра түзүүдө;

— уставдык капиталдын жана пайлык фондунун өлчөмү өзгөргөндө;

— аталышы өзгөргөндө;

— уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же болбосо уюштуруу документтерин жаңы редакцияда бекитүү (түзүү) (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);

— чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо), коомдук фонддордун, мекемелердин жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамы өзгөргөндө;

— чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо) уставдык капиталындагы катышуучулардын үлүштөрү өзгөргөндө;

— жайгашкан жерине карабастан каттоочу органда катталууга тийиш болгон юридикалык жактардан тышкары, юридикалык жактын жайгашкан жери өзгөргөндө (бир облустан экинчи облуска, же болбосо облустан Бишкек (Ош) шаарына жана тескерисинче);

— эркин экономикалык аймактын субъектиси жайгашкан жерин эркин экономикалык аймактан сыртка чыгаруу чечимин кабыл алганда;

— юридикалык жактын органы же сот тарабынан аны кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынганда.

2. Мыйзамдарда башка мөөнөттөр каралган учурларды кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып кеткен негиздердин бирөө эле болсо, тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде юридикалык жак мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн каттоочу органга тиешелүү документтерди тапшырууга милдеттүү.

3. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөндөгүлөрдү тапшырат:

— каттоочу орган бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;

— юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимди;

— мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын;

— мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИНН көрсөтүлбөгөн учурда, салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү же ал жоголгон (бузулган) учурда кайра катталып жаткан юридикалык жактын ИННи көрсөтүлгөн салык органын маалым катын;

— ушул Мыйзамда аныкталган башка документтерди.

Финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар каттоочу органга төмөнкүлөрдү кошумча түрдө тапшырат:

— уюштуруу документтеринин түп нускасын;

— жаңы редакциядагы же болбосо киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен уюштуруу документтерин эки нускада.

4. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде мамлекеттик реестрде жазылган маалыматтарга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.

Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимге чогулуштун төрагасы менен катчысынын колтамгалары коюлат жана юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат. Мөөр жок болсо, көрсөтүлгөн адамдардын колтамгалары нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.

Чарбалык шериктештиктерди жана коомдорду (акционердик коомдорду кошпогондо) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимине ар бир уюштуруучу (катышуучу) колтамга коет, мында жеке жакты уюштуруучунун (катышуучунун) колтамгасы нотариалдык формада күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ар бир юридикалык жактын — уюштуруучунун (катышуучунун) өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен ырастайт же өзүнүн колтамгасын нотариалдык формада күбөлөндүрөт.

5. Өзүнүн үлүшүн ээликтен чыгып жаткан катышуучу (катышуучулар) же катышуучунун (катышуучулардын) үлүшүнүн өлчөмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу чарбалык шериктештикти жана коомду (акционердик коомдорду кошпогондо) мамлекеттик кайра каттоодо, каттоочу органга үлүштү өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу тапшырылат. Мында үлүштү ээликтен чыгарып жаткан катышуучу жеке жактын колтамгасы нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт. Үлүштү ээликтен чыгарып жаткан юридикалык жактын — катышуучунун өкүлү макулдашууну мөөр менен ырастайт же болбосо өзүнүн колтамгасын нотариалдык формада күбөлөндүрөт.

6. Жеке жак болгон, катышуучулардын курамынан өзүнүн үлүшүн өткөрүп бербестен чыгып жаткан чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюштуруучусу (катышуучусу) каттоочу органга нотариалдык формада күбөлөндүрүлгөн чыгуу жөнүндө арызын тапшырат.

Юридикалык жак болгон, катышуучулардын курамынан өзүнүн үлүшүн өткөрүп бербестен чыгып жаткан чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюштуруучусу (катышуучусу) каттоочу органга юридикалык жактын аткаруучу органынын жетекчиси кол койгон чыгуу жөнүндө арызды тапшырат. Чыгуу жөнүндө арыз юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат же нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.

7. Эгерде чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун курамына юридикалык жана (же) жеке жак болгон жаңы катышуучу кирсе, ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 4-6-бөлүктөрүндө каралган документтер кошумча түрдө тапшырылат.

8. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөндөгүлөргө милдеттүү:

— юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо үчүн зарыл документтердин тизмегинин болушун, аларда камтылган маалыматтарда так эместиктер же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;

— тапшырылган документтердин мазмунунун мыйзамдарга ылайык келишин текшерүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);

— тиешелүү буйрук чыгарууга жана салык, статистика, Социалдык фонд органдарына маалымдоого, мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;

— мамлекеттик жана расмий тилдерде толук аталышын, каттоо номерин, ИСНди, ИУЖК кодун, мамлекеттик кайра каттоо датасын, баштапкы мамлекеттик каттоо датасын жана юридикалык дарегин көрсөтүү менен, мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк берүүгө;

— тапшырылган каттоо документтеринин бирден нускасын камтуу менен юридикалык жактын каттоо ишин тариздөөгө жана аны каттоочу органдын архивине берүүгө.

9. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.

10. Мамлекеттик кайра каттоодон кийин финансы-кредиттик мекеменин жана коммерциялык эмес уюмдун уюштуруу документтери каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен ырасталат.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-берене. Юридикалык жактын иш-аракетин токтотууну каттоо

 

1. Юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган юридикалык жактын органы же сот бул жөнүндө каттоочу органга 3 жумушчу күндүн ичинде, юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн тиркөө менен, жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

2. Каттоочу орган юридикалык жакты жоюу жөнүндө кабардаманы алгандан кийин мамлекеттик реестрге юридикалык жактын жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө жазууну киргизүүгө жана бул тууралу салык органдарына, бажы органдарына, статистика органдарына, Социалдык фондго кабарлоого милдеттүү.

3. Юридикалык жактын иш-аракетин токтотууну каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөндөгүлөрдү тапшырат:

— каттоочу орган бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;

— юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө юридикалык жактын органынын же соттун чечимин;

— юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын;

— уставдын түп нускасын (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);

— камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралу Социалдык фонд органынан маалымкатты;

— салыктар боюнча карызынын жоктугу тууралуу салык органынан маалымкатты;

— юридикалык жактын эсебинин (эсептеринин) жабылгандыгы тууралу банктан (банктардан) маалымкатты;

— мөөрдү жана штампты тапшыргандыгы жөнүндө ички иштер органынан маалымкатты (алар бар болгон учурда);

— жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди;

— салык органы кабыл алгандыгы тууралу белгиси менен, жоюу балансын;

— жоюлуп жаткан юридикалык жактын архивдик документтери сакталуучу жер жөнүндө мамлекеттик архивдик фонддун корутундусун;

— каттоо жыйымын төлөгөндүгү тууралу квитанцияны;

— ушул Мыйзамда аныкталган башка документтерди.

4. Юридикалык жактын органы жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди юридикалык жактын үчүнчү жактарга милдеттенмелери, анын ичинде гарантиялык милдеттенмелери жок болсо гана кабыл ала алат.

Жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана, мыйзамда белгиленген учурларда, иш-аракетин токтотууну каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

Ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимге чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгалары коюлат жана юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат. Мөөр болбогон учурда көрсөтүлгөн жактардын колтамгалары нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.

Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимге ар бир катышуучу колтамга коет, мында жеке жактын катышуучусунун колтамгасы нотариалдык формада күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Юридикалык жактын — катышуучунун өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен ырастоого же өзүнүн колтамгасын нотариалдык формада күбөлөндүрүүгө тийиш.

Жоюлган юридикалык жактын кредитордук карызы кийин табылган учурда, кредитордун талабы юридикалык жактын иш аракетин токтотуу катталган учурдан тартып 2 жылдын ичинде билдирилген шартта, юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары, акционерлери) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиторлордун алдында толук жоопкерчилик тартышат.

5. Иш аракетин токтотууну каттоо үчүн каттоочу органга документтерди тапшырганга чейин юридикалык жак белгиленген тартипте өзүнүн бардык филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарын жоюуга милдеттүү.

6. Арыз кабыл алынган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөндөгүлөргө милдеттүү:

— иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн зарыл документтердин тизмегинин болушун жана аларда камтылган маалыматтарда туура эместиктер же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;

— тиешелүү буйрук чыгарууга жана салык, статистика, Социалдык фонд органдарына маалымдоого, иш-аракети токтотулгандыгы жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;

— иш-аракетин токтотууну каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүүгө;

— тапшырылган каттоо документтеринин бирден нускасын камтуу менен юридикалык жактын каттоо ишин тариздөөгө жана аны каттоочу органдын архивине берүүгө;

7. Юридикалык жактын иш-аракетин токтотууну каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313, 2011-жылдын 21-декабрындагы N 241 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

14-берене. Юридикалык жактарды мажбурлап жоюу

 

Юридикалык жак салык органдарына жана (же) Социалдык фонд органдарына ай сайын берилүүчү отчетторду эки жыл бою бербей келген учурда салык органы жана (же) Социалдык фонд органы юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

 

15-берене. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо

 

1. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөндөгүлөрдү тапшырат:

— каттоочу орган бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;

— филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө юридикалык жактын органынын чечимин;

— ушул Мыйзамда каралган башка документтерди.

2. Филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечимде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:

— филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы;

— филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жери;

— юридикалык жактын органынын филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисин дайындоо тууралу чечимин;

— филиалды (өкүлчүлүктү) түзүүчү юридикалык жактын толук аталышы, юридикалык дареги, каттоо маалыматтары.

Филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана, мыйзамда белгиленген учурларда, филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

Филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечимге юридикалык жактын органынын жетекчиси колтамга коет жана юридикалык жактын мөөрү бар болсо аны менен ырасталат.

3. Чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерге кошумча түрдө төмөнкүлөрдү тапшырат:

— филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө бекитилген жобону эки нускада;

— филиал (өкүлчүлүк) түзүү жөнүндө чечим кабыл алган чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн.

Саясий партиялардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоодо арыз ээси ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерге кошумча түрдө фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, дарегин жана саясий партияга мүчөлүккө кабыл алынган датасын көрсөтүү менен саясий партиянын тиешелүү филиалында (өкүлчүлүгүндө) турган мүчөлөрүнүн тизмесин каттоочу органга тапшырат.

4. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөндөгүлөргө милдеттүү:

— филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо үчүн зарыл документтердин тизмегинин болушун жана аларда камтылган маалыматтарда туура эместиктер же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;

— тапшырылган документтердин мазмунунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин текшерүүгө (чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);

— тиешелүү буйрук чыгарууга жана салык, статистика, Социалдык фонд органдарына маалымдоого, мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;

— мамлекеттик жана расмий тилдерде толук аталышын, каттоо номерин, ИСНди, ИУЖК кодун, мамлекеттик каттоонун датасын жана филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жерин, филиалды (өкүлчүлүктү) түзүп жаткан юридикалык жактын толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берүүгө;

— тапшырылган каттоо документтеринин бирден нускасын камтуу менен филиалдын (өкүлчүлүктүн) каттоо ишин тариздөөгө жана аны каттоочу органдын архивине берүүгө.

5. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.

6. Мамлекеттик каттоодон кийин чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) жоболору каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен ырасталат.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

16-берене. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо

 

1. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

— филиалдын (өкүлчүлүктүн) аталышынын өзгөрүшү;

— филиалды (өкүлчүлүктү) түзгөн юридикалык жактын аталышынын өзгөрүшү;

— жайгашкан жерине карабастан каттоочу органда катталууга тийиш болгон филиалдардан (өкүлчүлүктөрдөн) тышкары филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жеринин өзгөрүшү (бир облустан экинчи облуска, же болбосо облустан Бишкек (Ош) шаарына жана тескерисинче);

— жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, жобону жаңы редакцияда бекитүү (чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);

— филиалды (өкүлчүлүктү) түзгөн юридикалык жактын органы же сот тарабынан филиалды (өкүлчүлүктү) кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынышы.

2. Филиал (өкүлчүлүк) ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып кеткен негиздердин бирөө эле болсо, тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде, мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн каттоочу органга тиешелүү документтердин пакетин тапшырууга милдеттүү.

3. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөндөгүлөрдү тапшырат:

— каттоочу орган бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;

— юридикалык жактын органынын филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимин;

— филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын;

— мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИНН көрсөтүлбөгөн учурда, салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү же ал жоголгон (бузулган) учурда кайра катталып жаткан филиалдын (өкүлчүлүктүн) ИННи көрсөтүлгөн салык органынын маалымкатын.

— ушул Мыйзамда аныкталган башка документтерди.

Чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) каттоочу органга төмөндөгүлөрдү кошумча түрдө тапшырат:

— мурунку жобосунун түп нускасын;

— өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген жобосун эки нускада.

Саясий партиялардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоодо арыз ээси ушул бөлүктө көрсөтүлгөн документтерге кошумча түрдө фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, дарегин жана саясий партияга мүчөлүккө кабыл алынган датасын көрсөтүү менен саясий партиянын тиешелүү филиалында (өкүлчүлүгүндө) турган мүчөлөрүнүн тизмесин каттоочу органга тапшырат.

4. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде мамлекеттик реестрде жазылган маалыматтарга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.

Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана, мыйзамда белгиленген учурларда, филиалды (өкүлчүлүктү) кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

5. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөндөгүлөргө милдеттүү:

— филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо үчүн зарыл документтердин тизмегинин болушун жана аларда камтылган маалыматтарда так эместиктердин же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;

— тапшырылган документтердин мазмунунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин текшерүүгө (чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);

— тиешелүү буйрук чыгарууга жана салык, статистика, Социалдык фонд органдарына маалымдоого, мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;

— мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук аталышын, каттоо номерин, ИСНди, ИУЖК кодун, мамлекеттик каттоо, кайра каттоо даталарын жана филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жерин, филиалды (өкүлчүлүктү) түзгөн юридикалык жактын толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен, мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк берүүгө;

— тапшырылган каттоо документтеринин бирден нускасын камтуу менен филиалдын (өкүлчүлүктүн) каттоо ишин тариздөөгө жана аны каттоочу органдын архивине берүүгө.

6. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.

7. Мамлекеттик кайра каттоодон кийин чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) жоболору каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен ырасталат.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-берене. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) иш-аракетин токтотууну каттоо

 

1. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) иш-аракетин токтотууну каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөндөгүлөрдү тапшырат:

— каттоочу орган бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;

— юридикалык жактын органынын же соттун филиалды (өкүлчүлүктү) жоюу жөнүндө чечимин;

— мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын;

— эсебинин (эсептеринин) жабылгандыгы тууралуу банктан (банктардан) маалымкатты;

— жобонун түп нускасын (чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);

— мөөрдү жана штампты тапшыргандыгы жөнүндө ички иштер органынан маалымкатты (алар бар болгон учурда).

Филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү жана штампы, эсеби (эсептери) болбогон учурда каттоочу органга алардын жок экендиги жөнүндө филиалдын (өкүлчүлүктүн) же болбосо юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы коюлган гарантиялык кат тапшырылат.

2. Чет мамлекеттин мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жактын филиалынын (өкүлчүлүгүнүн) иш-аракетин токтотууну каттоодо арыз ээси төмөндөгүлөрдү кошумча түрдө тапшырат:

— камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу Социалдык фонд органынан маалымкатты;

— салыктар боюнча карызынын жоктугу тууралуу салык органынан маалымкатты.

3. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөндөгүлөргө милдеттүү.

— иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн зарыл документтердин тизмегинин болушун жана аларда камтылган маалыматтарда так эместиктердин же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;

— тиешелүү буйрук чыгарууга жана салык, статистика, Социалдык фонд органдарына маалымдоого, иш-аракети токтотулгандыгы жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;

— иш-аракетин токтотууну каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүүгө;

— тапшырылган каттоо документтеринин бирден нускасын камтуу менен юридикалык жактын каттоо ишин тариздөөгө жана аны каттоочу органдын архивине берүүгө.

4. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) иш-аракетин токтотууну калоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

18-берене. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарга

өзгөртүүлөр жана толуктоолор

 

1. Юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) төмөндөгүлөр өзгөргөндө, чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде каттоочу органга маалымдоого милдеттүү:

— жетектөөчү органынын курамы, жетекчиси;

— жайгашкан жери (юридикалык дареги);

— телефон, факс номерлери жана электрондук дареги;

— чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун жеке жак болгон уюштуруучусунун (катышуучусунун) паспорттук маалыматтары же анын керт башын күбөлөндүргөн башка документинин маалыматтары;

— чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун юридикалык жак болгон уюштуруучусунун (катышуучусунун) каттоо маалыматтары;

— жетекчинин паспорттук маалыматтары же анын керт башын күбөлөндүргөн башка документинин маалыматтары.

2. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик кайра каттоого алып келбеген маалыматтары өзгөргөндө каттоочу органга юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисинин колу коюлган кабардама тапшырылат.

3. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси алмашкан учурда кабардамага жаңы жетекчини шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим жана анын паспортунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керт башын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсү тиркелет.

4. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жери өзгөргөн учурда кабардамага юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жерин өзгөртүү жөнүндө чечим тиркелет.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн бешинчи жана алтынчы абзацтарында көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда, билдирүүгө киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.

5. Каттоочу орган кабардаманы алып, мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет жана бул жөнүндө салык, статистика жана Социалдык фонд органдарына кабарлайт.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-берене. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн)

бирдиктүү мамлекеттик реестри

 

1. Каттоочу орган тарабынан юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестри алынып барылат, анда катталган (кайра катталган) жана иш-аракети токтотулган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматтар камтылат.

Мамлекеттик реестрди алып баруунун тартиби каттоочу орган тарабынан аныкталат.

2. Мамлекеттик реестрде төмөндөгү маалыматтар камтылат:

— мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук, кыскартылган (бар болгон учурда) аталышы;

— каттоо жөнүндө буйруктун датасы жана номери;

— баштапкы мамлекеттик каттоонун датасы;

— уюштуруучулук-укуктук формасы жана менчигинин формасы;

— юридикалык жактын түзүлүү ыкмасы (түзүү — же кайра түзүү);

— каттоо номери, ИСНи, ИУЖК коду;

— юридикалык дареги (жайгашкан жери);

— телефон жана факс номерлери, электрондук дареги;

— юридикалык жактын уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар;

— акционердик коомдорду кошпогондо, уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмү, уюштуруучулардын (катышуучулардын) үлүштөрүнүн өлчөмдөрү;

— юридикалык жактын жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө маалыматтар;

— юридикалык жактын жоюлгандыгы жөнүндө маалыматтар;

— жетекчи жөнүндө маалыматтар;

— филиал (өкүлчүлүк) түзгөн юридикалык жак жөнүндө маалыматтар.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-берене. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматка жетүү

 

1. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтар жалпыга тааныштыруу үчүн ачык болуп эсептелет.

2. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтар кызыкдар жактарга көчүрмө түрүндө берилиши мүмкүн.

Каттоочу орган мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарды бергендиги үчүн төлөм алат.

Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарды бергендиги үчүн төлөмдүн өлчөмү мыйзамдарга ылайык аныкталат.

 

21-берене. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө буйрукту

жокко чыгаруу. Каттоодон баш тартуу

 

1. Арыз ээси мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан күндөн тартып 2 айдын ичинде алышы керек. Эгерде, мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк көрсөтүлгөн мөөнөттө алынбаса, каттоочу орган өзүнүн буйругу менен мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө буйрукту жокко чыгарууга жана тапшырылган документтерди арыз ээсине кайтарып берүүгө укуктуу.

Каттоочу орган мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө буйрукту жокко чыгаргандыгы тууралу салык, статистика, Социалдык фонд органдарын кабарлоого милдеттүү.

2. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоодон баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:

— юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тиешелүү документтер тапшырылбаганда;

— мамлекеттик реестрде ушундай эле аталышта катталган (кайра катталган) юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) бар болгондо;

— тапшырылган документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же дал келбестиктер табылганда;

— документтерди тийиштүү эмес каттоочу органга тапшырганда;

— финансы-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) тапшырылган документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбегенде;

— чечимде ушул Мыйзамда каралган маалыматтар жок болгондо;

— ушул Мыйзамда белгиленген иш-аракетти токтотууну каттоо тартиби бузулганда.

Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим мыйзамдын нормасына милдеттүү түрдө шилтеме берүү менен, баш тартуунун негиздерин камтууга тийиш.

3. Каттоодон баш тартууга негиз болгон себептерди четтеткенден кийин арыз ээси каттоочу органга кайрадан кайрыла алат.

4. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) түзүлүшү максатка ылайыксыз деген жүйөлөр менен аларды каттоодон баш тартууга жол берилбейт.

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

22-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

1. Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн керектүү маалыматтарды тапшырбагандыгы же өз убагында тапшырбагандыгы үчүн, ошондой эле анык эмес маалыматтарды тапшыргандыгы үчүн арыз ээси, уюштуруучу, жетекчи, юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн каттоочу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

 

23-берене. Талаштарды кароо

 

Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоого байланышкан талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.

 

24-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

 

1. Ушул Мыйзам 2009-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам, ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) кошпогондо, колдонууга киргизилгенге чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) алардын органдары же болбосо сот тарабынан каттоочу органда мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынмайынча мамлекеттик кайра катталууга жатпайт. Мындай юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктөр алардын иш-аракетинин бүткүл мөөнөтүнө жарактуу болуп саналат.

3. Чет өлкөлүк катышуу болгон, иш-аракети пайдалуу кендерди иштетүүгө (иштеп чыгууга) багытталган юридикалык жактар, алардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 3 айдын ичинде, каттоочу органдын тийиштүү аймактык органында кайра каттоодон өтүшү керек.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айдын ичинде:

— мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

— өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

5. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

— «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, N 7, 106-ст.);

— «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 23-июль, 1999-жыл, N 63);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясы («Эркин Тоо» газетасы, 10-декабрь, 1999-жыл, N 97);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-жыл, N 9, 418-ст.);

— «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл, N 3, 134-ст.);

— «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 12-декабрь, 2003-жыл, N 92);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясы («Эркин Тоо» газетасы, 22-июнь, 2004-жыл, N 48);

— «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 19-июль, 2005-жыл, N 58);

— «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 27-март, 2007-жыл, N 22);

— «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 6-июнь, 2008-жыл, N 40-41);

— «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2008-жыл, 19-декабрь, N 94).

(КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 313 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

 

2008-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган