«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына жарандардын жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн катышуусунун тартиби жөнүндө» Жобо 1. »Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын өкүлдөрү (мындан ары — келүүчүлөр) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, комитеттеринин, убактылуу депутаттык комиссияларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык фракцияларынын же коалициялардын ачык жыйналыштарына (мындан ары — Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына) ушул Жободо аныкталган тартипте катышууга укуктуу. 2. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына келүүчүлөрдүн катышуусун уюштуруу жана анын тартиби Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ар айлык жана башка иш пландарына ылайык жүзөгө ашырылат. 3. Жыйналыштарды өткөрүү залында келүүчүлөр үчүн орундар аныкталат. Келүүчүлөр үчүн орундардын саны Жогорку Кеңештин органдарынын жыйналыштарына — 10дон көп эмес жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына — 20дан көп эмес болушу керек. Жыйналыштарды өткөрүү күнү каттоодон өткөн келүүчүлөр тиешелүүлүгүнө жараша биринчи 10 жана 20сы тизме боюнча киргизилет. 4. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына келүүнү камсыз кылуу максатында тиешелүү жыйналышка катышууну каалагандардын берилген табыштамасынын негизинде келүүчүлөрдүн тизмеси түзүлөт. 5. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга табыштама Жогорку Кеңештин Аппаратынын Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө (мындан ары — Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү) жазуу жүзүндө төмөнкүлөрдүн: — Жогорку Кеңештин ачык жыйналышына катышуу үчүн Аппараттын Жетекчисинин наамына 10 күн мурда; — комитеттин же убактылуу комиссиянын ачык жыйналышына катышуу үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин же убактылуу депутаттык комиссиясынын төрагасынын наамына 5 күн мурда; — фракциянын же коалициянын ачык жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү фракциялардын лидерлеринин же коалициялардын жетекчилеринин наамына 5 күн мурда берилет. Берилген жазуу жүзүндөгү табыштамалар Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө катталат жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисине, тиешелүү комитеттердин же убактылуу депутаттык комиссиялардын төрагаларына, тиешелүү фракциялардын лидерлерине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук МУККнын 9-кызматына (мындан ары 9-кызмат) жиберилет. 6. Табыштамада төмөнкүлөр милдеттүү тартипте көрсөтүлөт: а) жарандар үчүн: — фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, жашаган жери (почта дареги), байланыш телефондору; — анын инсандыгын ырастоочу документтин (паспорт, офицердин инсандыгын ырастоочу аскердик билет, пенсиялык ырастама жана айдоочулук ырастама) маалыматтары; — келүүчү катышууну каалаган Жогорку Кеңештин жана анын органынын ачык жыйналыштарынын өткөрүү датасы, убактысы жана күн тартибиндеги маселе; б) юридикалык жак үчүн: — юридикалык жактын турган жери, почта дареги (анын ичинде индекси), телефондордун жана факстын номерлери, табыштамага кол койгон адамдын фамилиясы жана кызматы; — келүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, ээлеген кызматы, паспорттук маалыматтары, координаттары (электрондук почтасынын дареги, жумушчу, үйдөгү жана мобилдик телефондорунун номерлери); — келүүчү катышууну каалаган Жогорку Кеңештин жана анын органынын ачык жыйналыштарынын өткөрүү датасы, убактысы жана күн тартибиндеги маселе; — юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгерде өкүл жыйналышка биринчи жолу катышып жаткан болсо). 7. Берилген табыштамалардын негизинде Жогорку Кеңештин, комитеттин, фракциянын, коалициянын жана убактылуу депутаттык комиссиянын ачык жыйналыштарына келүүчүлөрдүн катышуусу жөнүндө чечимди тиешелүүлүгүнө жараша Аппараттын Жетекчиси же орун басары, Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасы, фракциянын лидери, коалициянын жетекчиси жана депутаттык убактылуу комиссиянын төрагасы кабыл алат. 8. Кабыл алынган чечимдин негизинде Жогорку Кеңешке өткөрүү үчүн келүүчүлөрдүн тизмеси төмөнкүлөр тарабынан түзүлөт: — Жогорку Кеңештин ачык жыйналыштарына катышуу үчүн — Уюштуруу иштери бөлүмү; — комитеттердин ачык жыйналыштарына катышуу үчүн — Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин ишин камсыз кылуучу бөлүм; — фракциянын же коалициянын ачык жыйналыштарына катышуу үчүн — тиешелүү депутаттык фракциялардын же коалициялардын катчылыктары; — убактылуу депутаттык комиссиянын ачык жыйналыштарына катышуу үчүн — убактылуу депутаттык комиссиянын жумушчу тобунун. Катталган келүүчүлөрдүн бекитилген тизмеси Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылат. 9. Келүүчүлөрдүн даярдалган тизмесине Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жалпы бөлүмүнүн биринчи секторунун башчысы виза коет жана келүүчүлөрдүн Жогорку Кеңештин имаратына кирүүсү үчүн КПП-3кө жана № 4-постко берилет. Жогорку Кеңештин имаратына кирүү «Административдик имаратка өткөрүүнүн режими жөнүндө» Жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 10. Келүүчүлөрдү уюштуруу жана коштоп жүрүү төмөнкүлөргө жүктөлөт: — Жогорку Кеңештин ачык жыйналыштарына катышуу үчүн — Уюштуруу иштери бөлүмүнө; — комитеттердин ачык жыйналыштарына катышуусу үчүн — Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин ишин камсыз кылуучу бөлүмгө; — фракциянын же коалициянын ачык жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү депутаттык фракциялардын катчылыктарына; — убактылуу депутаттык комиссиянын ачык жыйналыштарына катышуу үчүн — убактылуу депутаттык комиссиянын жумушчу тобуна. 11. Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин, фракцияларынын, коалицияларынын жана убактылуу депутаттык комиссияларынын ачык жыйналыштарына катышууну каалаган келүүчүлөр маселени кароо башталганга чейин жыйналыштар залына бекитилген тизмеге ылайык киргизилет. 12. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына катышууну каалаган келүүчүлөргө төмөнкүдөй учурларда катышууга жол берилбейт, эгерде: — ушул Жобонун жана «Административдик имаратка өткөрүү режими жөнүндө» Жобонун талаптары келүүчүлөр тарабынан бузулган болсо; — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына же Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга тизмеде көрсөтүлгөн келүүчүлөрдү киргизбөө тууралуу 9-кызматтын кызматкерлеринде жүйөлүү негиз болсо; — депутат же Жогорку Кеңештин башка кызмат адамы менен жолугушуу үчүн гана Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналышына катышууну каалагандыгын келүүчү билдирсе. 13. Келүүчүлөр тартипти сактоого, коомдук тартипти бузбоого, өз позициясын көпчүлүктүн алдында билдирүүдөн жана жыйналыштын күн тартибиндеги маселелерге баа берүүдөн оолак болууга, ошондой эле аларды коштоп жүргөн Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин талаптарын кыйшаюусуз аткарууга тийиш. Белгиленген тартипти бузган учурда көрсөтүлгөн адамдар 9-кызматтын кызматкерлери тарабынан Жогорку Кеңештин имаратынан чыгарып жиберүүгө жатат. 14. Белгиленген тартипти бузгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин имаратынан чыгарып жиберилген адамдар мындан кийин Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына киргизилбейт.