Бишкек шаары
1993-жылдын 18-декабры N 1337-XII

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот
өндүрүшү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
1993-жылдын 18-декабрындагы N 1338-XII
токтому менен колдонууга киргизилген)

I глава. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшүнүн
негизги эрежелери
II глава. Конституциялык сот өндүрүшүнүн козгоо, иштерди
Конституциялык сотунда кароого даярдоо жана кароо
III глава. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун актылары

I глава
Кыргыз Республикасынын Конституциялык
сот өндүрүшүнүн негизги эрежелери

1-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү
жөнүндөгү мыйзамдары

Кыргыэ Республикасынын Конституциялык сотунун процессуалдык иши «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сстунун Регламентине ылайык жүргүзүлөт.

2-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшүнүн
милдеттери

Конституциялык сот өндүрүшүнүн милдеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясын коргоодо анын үстөмдүгүн орнотуу жана конституциялык мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында иштерди баардык жактан, толук жана калыс кароодо жатат.

3-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иштерди
кароонун коллегиялуулугу

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы иштер мыйзамда белгиленген тартипте шайланган судьялар тарабынан каралат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иштерди кароо, корутунду берүү, Регламент кабыл алуу жана судьялардын бийлик укуктарын убактылуу токтотуу маселелерин чечүү Конституциялык соттун жети судьясынан кем эмес курамы менен коллегиялуу түрдө жүргүзүлөт.
Башка маселелерди болсо Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жыйналышы судьялардын курамынын тизмеси боюнча жарымынан кем эмес бөлүгү катышканда чечүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын бийлик-укуктары мыйзамда белгиленген тартипте токтотулмайынча, ал Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жыйналышына катышуудан четтетилбейт. Эгерде каралуучу маселенин жыйынтыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө кызыкчылыгы бардыгынан судьянын калыстыгы шек туудурса, ал өзүн чететтүү жөнүндө өтүнүч киргизүүгө тийиш жана ошол маселени кароого катышуудан бошотулат.
Кворумду чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын тизмеси боюнча курамын аныктоодо, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте убактылуу бийлик-укуктары токтотулган судьялар эсепке алынбайт.

4-статья. Конституциялык сот өндүрүшүнүн ачыктыгы

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өзүнүн жыйналышы тууралу катышуучуларга убагы жана орду жөнүндө кат жүзүндө кабарлайт жана өзү жайгашкан имаратта атайын бөлүнгөн, граждандардын күрөшүнө ыңгайлуу жерге кулактандыруу илет, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иштер мамлекеттик сырды сактоо, граждандардын коопсуздугун, алардын жеке турмуш сырын сактоо жана коомдук адепти коргоо кызыкчылыктарына каршы келбеген башка учурларда ачык каралат. Жыйналыштар эл жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү эркин кире алган имаратта ачык түрдө өткөрүлөт. Катышуучулар өзүлөрүнүн ордунан жыйналыштын жүрүшүн жазып алууга, стенограмма жүргүзүүгө жана үн жазууга укуктуу.
Жыйналыш убагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун уруксаты менен радиодон берүүгө жана телекөрсөтүү жүргүзүүгө, киного жана сүрөткө тартууга, видеого жазууга жол берилиши мүмкүн.
Эгерде Конституциялык соттун жыйналышынын тынч өтүшүнө келген эл жолтоо болуп, жактыруу же жактырбоо түрүндө жыйналыштын жүрүшүнө кийлигишсе, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту эскертүүдөн кийин аларды жыйналыш залынан чыгарып жиберүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери бардык учурларда ачык жарыяланат.

5-статья. Териштирүүнүн оозекилиги

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өзүнүн жыйналышына катышуучулардын түшүндүрүүсүн угууга, баардык судьяларда жана жыйналыштын катышуучуларында болгон документтерди жарыялоого милдеттүү.

6-статья. Конституциялык сот өндүрүшүнүн тили

Конституциялык сот өндүрүшү жана Конституциялык сот кабыл алуучу чечимдер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде ишке ашырылат, жазылат жана жарыяланат.
Конституциялык сот өндүрүшүнүн тилин билбеген жыйналыштын катышуучуларына алардын эне тилине же билген тилине өндүрүштүн которулушун камсыз кылат.
Сот өндүрүшүнүн тилин билбеген ишке катышкан адамдар, күбөлөр, адистер, эксперттер өзүнүн эне тилинде же билген тилинде түшүнүк бере алышат жана котормочунун жардамынан пайдалана алышат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жыйналыштарынын протоколу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде жүргүзүлөт.

7-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан
иштин түздөн-түз каралышы.

Конституциялык сот ишти ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түздөн-түз карап чыкмайынча анын маңызы боюнча чечим чыгарууга укуксуз.
Конституциялык сотунун судьялары ишти кароого жыйналыш ачылгандан жабылганга чейин жеке катышышат.
Судьялардын жыйналышка катышуусуна тоскоолдук болбосо алардын бирөө да ишти кароодон баш тартууга укуксуз.
Жыйналышка жаңы судьянын киришүүсү иштин өндүрүшүн соттук териштирүүнүн башынан жандандырууга алып келет.
Судьянын ишке катышуусун улантууга мүмкүнчүлүгү жоктугу, өндүрүштү улантууга судьялардын кворуму болсо тоскоол болбойт, бирок судьялардын кеңешмесине жана чечим кабыл алууга чыгып кеткен судья катыша албайт.
Конституциялык соттун кеңешмеси жүрүп жатканда судьялардын бирөө да добуш берүүдөн карманууга укуксуз; ар бир судья чечим жарыяланганга чейин иш боюнча өзүнүн пикирин жеке айтууга миллеттүү.

8-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан
иштин үзгүлтүксүз каралышы

Конституциялык соттун судьяларынын жыйналышы жана кеңешмеси эмгек мыйзамында эс алууга берилген жана катышуучулардын сүйлөөгө даярданууга зарыл убакыттан тышкары ишти үзгүлтүксүз карайт.
Жыйналыш күбөлөрдү, адистерди, эксперттерди чакырууга, экспертиза дайындоого, кошумча далилдерди талап кылууга, кворумдун жетишпегендигине жана кшти кароого тоскоол болгон башка себептерге байланыштуу токтотулушу жана кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Тоскоолдуктар четтетилгенден кийин ишти кароо ал токтотулган учурдан баштап улантылат.
Тыныгуу убагында соттун жыйналышына тиешеси жок башка иштерди кароого жол берилбейт.
Эгерде ишти жыйналышта узак убакыт бою кароого мүмкүн болбосо, анда Конституциялык сот ал иш боюнча өндүрүштү тоскоолдуктарды четтетүүгө зарыл болгон мөөнөткө токтотуп коюуга укуктуу.
Токтотулган өндүрүш ал токтотулган учурдан, же болбосо сот териштирүүнүн башынын жандырылат.
Эгерде тыныгуу убагында иш боюнча судьялардын курамы өзгөрүлсө толтотулган өндүрүш кандай гана болбосун учурда сот териштирүүнүн башышан жандандырылат.
Жыйналыштын катышуучуларынын алмаштырылышы өндүрүштү токтотулган учурдан баштоого тоскоол болбойт.

9-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун
судьяларынын кеңешмесинин жашыруундугу

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун иш негизинен каралып жаткан кеңешмесинде протокол жүргүзүүнү жана судьялардын кеңешмесинин кадимкидей жүрүшүн камсыз кылуучу сот кызматкерлеринен башка бөтөн адамдардын катышуусуна жол берилбейт.
Судьялардын кеңешмесинде айгылган пикирлерди жарыялоого тыюу салынат.

10-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечиминин
мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын атынан чечим чыгарат.
Конституциялык соттун чечими мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш.
Эгерде чечим иш боюнча колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына ылайык келсе жана ушул Мыйзамдын талаптарын так сактоо менен чыгарылса, ал мыйзамдуу болуп саналат.
Конституциялык сот жана анын судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндөгү» Мыйзамга жана ушул Мыйзамга эрежелери каршы келбеген аракеттеги мыйзамдардын башка нормаларын да жетекчиликке алууга укуктуу.
Эгерде чечимде иш үчүн маанилүү, жыйналышта баардык жактан толук жана калыс аныкталган бардык жагдайлар келтирилсе, ал эми тыянактар далилдердин жетиштүү биримдиги менен ырасталса, чечим негиздүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечими акыркы болуп эсептелинет жана даттанууга жатпайт.

11-статья. Иштердин караштуулугу

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна төмөндөгү иштер караштуу:
1) Мыйзам жана башка нормативдик укук актылары Конституцияга карама-каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табуу жөнүндө;
2) Конституцияны ишке ашырууга, колдонууга жана аны түшүндүрүүгө байланыштуу талаштарды чечүү жөнүндө;
3) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун мыйзамдуулугу жөнүндө корутунду берүү;
4) Кыргыз Республикасынын Президенти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку соттун, Жогорку арбитраж сотунун судьяларын кызматтан четтетүү жөнүндөгү маселе боюнча корутунду берүү;
5) жергиликтүү соттордун судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө;
6) Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү маселелер боюнча корутунду берүү;
7) жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө;
8) граждандардын Конституциялык укуктарына тиешелүү укук колдонуу практикасынын Конституцияга ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алуу.

12-статья. Бири-бири менен байланыштагы бир нече талаптардын
караштуулугу

Бири Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна, калганы мамлекеттик бийликтин башка органдарына караштуу бири-бири менен байланышкан бир нече талаптарды бириктирүүдө, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун компетенциясына караштуу гана маселелер боюнча талаптар каралууга жатат.

13-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишти
чечүү чектери

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту укук маселелерин гана аныктайт жана чечет.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту көрсөтүүдө же өтүнүчтө козголгон маселенин нормативдик актынын Конституцияга ылайыктуулугу шек туудурган бөлүгү боюнча гана акт кабыл алат. Мында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту көрсөтүүдө же өтүнүчтө келтирилген дооматтарга жана ойлорго жетеленбейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту нормативдик актынын Конституцияга ылайыктуулугун текшерүү менен бирге текшерилген нормативдик актыга негизделген же анын жоболорун кайталаган башка нормативдик актылар боюнча дагы чечим чыгара алат, алар көрсөтүүдө же өтүнүчтө айтылбаган болсо да.

14-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылуучу
субъектилер

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылуу укугу төмөнкүлөргө таандык:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө;
4) Кыргыз Республикасынын Премьер-министирине;
5) Кыргыз Республикасынын сотторуна;
6) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна;
7) жергиликтүү Кеңештерине;
8) юриликалык жактарга жана граждандарга, эгерде алардын конституциялык укуктарына түздөн-түз тийген маселелер башка сотторго караштуу болбосо.

15-статья. Конституциялык сот өндүрүштөрүнүн катышуучулары

Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) тараптар-көрсөтүүсү жана өтүнүчү боюнча конституциялык сот өндүрүшү козголгон адамдар жана органдар; аракеттеринин жана чечимдеринин Конституцияга ылайыктуулугу жөнүндө конституциялык сот өндүрүшү козголгон кызмат адамдары жана органдары;
2) тараптардын өкүлдөрү — кызматы боюнча өкүлдөр, Мыйзам боюнча өкүлдөр, адвокаттар.
Конституциялык сот өндүрүшүн катышуучулары бир эле маселе боюнча иш жүргүзүүнү жогоркулардын бирөөнө тапшырууга укуктуу.
Конституциялык сот өндүрүшүн катышуучунун өкүлүнө бийлик-укуктар граждандык-иш жүргүзүү мыйзамдарына каралган тартипте берилет.
Көрсөтүүсү боюнча Конституциялык сот өндүрүшү козголгон сот тарап катары табылбайт, Конституциялык соттун жыйналышына чакырылбайт.

16-статья. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын
укуктары жана милдеттери

Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары иш жүргүзүүнүн тең укуктарынан пайдаланышат.
Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары иштин материалдары менен таанышуу, алардан көчүрүп алуу, көчүрмөсүн алуу, далилдерди келтирүү жана аларды изилдөөгө катышуу, иштин жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелер боюнча дооматтарын жана оюн айтуу, корутунду сөз сүйлөө укугуна ээ.
Тараптар ошондой эле өтүнүч келтирүүгө, судьяларга оозеки жана жазуу жүзүндө түшүнүк берүүгө, киргизилген көрсөтүүлөр жана өтүнүчтөр боюнча өз пикирин айтууга укуктуу.
Демилгеси боюнча конституциялык сот өндүрүшү козголгон тарап дооматтын негиздерин же затын өзгөртүүгө, алардын көлөмүн көбөйтүүгө же азайтууга, же болбосо аларга каршы болууга укуктуу.
Үстүнөн доомат козголгон тарап ал дооматты толугу менен же бир бөлүгүн кабыл алууга, же болбосо аларга каршы болууга укуктуу.
Ар бир тарап далил келтирүүгө жана өзүнүн талабына же каршылыгына негиз катары таянган жагдайларды далилдөөгө милдеттүү.
Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары өзүнүн укуктарын абийирдүүлүк менен пайдаланууга милдеттүү. Алардын судьяларга жалган маалымат берүүсү Конституциялык сотун сыйлабоо катары бааланып, мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келет.

17-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда маселени
кароо мөөнөтү.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген көрсөтүү же өтүнүч алган учурдан баштап жети күндөн кечиктирбестен маселени изилдей баштоого тийиш.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда, эгерде ушул Мыйзамда башкача тартип каралбаса, тийиштүү материал түшкөндөн же тийиштүү себеп аныкталган учурдан баштап маселе алты айдын ичинде каралып бүтүүгө тийиш.

18-статья. Сот чыгымдары

Сот чыгымдары мамлекеттик пошлинадан жана иштин кароосуна байланыштуу чыгымдардан турат.
Сот чыгымдары ишти өндүрүшкө алган Конституциялык соттун судьясынын аныктамасы же Конституциялык соттун протоколдук аныктамасы менен өндүрүлөт.
Мамлекеттик пошлина төмөнкүлөргө салынат:
1) нормативдик актыны Конституцияга ылайыктуулугун текшерүү жөнүндөгү көрсөтүүгө;
2) ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка талаптар боюнча көрсөтүүлөргө;
3) өтүнүчкө;
4) Конституциялык соттун кайталанып берилген чечимине.
Мамлекеттик пошлина төмөнкүлөрдөн өндүрүлөт:
1) нормативдик актысы Конституцияга ылайыксыз деп табылган тараптан же нормативдик актыны Конституцияга ылайыксыз деп негизсиз талап менен кайрылган тараптан;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактабаган деп Конституциялык сот тапкан кызмат адамынан, же болбосо ушул маселе боюнча негизсиз доомат койгон органдардан;
3) өзүлөрүнүн конституциялык укуктарына түздөн-түз тийген укук колдонуу практикасынын маселеси боюнча негизсиз доомат койгон адамдардан, же болбосо Конституцияга ылайыксыз укук колдонуу практикасына жол берген органдардан.
Мамлекеттик пошлина Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пошлина жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык өндүрүлөт.
Конституциялык сот белгиленген мамлекеттик пошлина төлөөдөн бошотууга, анын өлчөмүн азайтууга же көбөйтүүгө укуксуз.
Жалпы чыгымдар экспертиза жүргүзүүгө, текшерүүгө, изилдөөгө жумшалган каражаттан жана Конституциялык сот тарабынан тартылган күбөлөр, адистер, эксперттер, котормочулар жана башка адамдар тарткан чыгымдардан, ошондой эле ишти даярдоого жана кароого байланышкан башка чыгымдардан турат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун анын судьяларынын милдетүү түрдө аткарылуучу талаптарына дооматын аткарууга байланыштуу чыгымдар алардын аткарылышы жүктөлгөн мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана граждандар тартат.
Башка чыгымдар Конституциялык соттун судьясынын аныктамасы же Конституциялык соттун протоколдук аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан республикалык бюджеттин каражатынан төлөнөт.
Чыгымдар мамлекеттик пошлина менен бирге өндүрүлөт.
Конституциялык сотто чыгымга учураган тарап белгилүү адамдан граждандык сот өндүрүшү тартибинде анын кайтаруусун талап кылууга укуктуу.

19-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун штраф
салуу жана башка процессуалдык коргонуу чараларын
колдонуу укугу.

Конституциялык соттун судьяларынын, жыйналышка катышуучулардын намысын коргоо жана Конституциялык сот өндүрүшүнүн кадырлуу жүрүшүн камсыз кылуу максатында Конституциялык сот жыйналыш залынан чыгарып жиберүүгө жана кызмат адамдарына эң аз беш айлык эмгек акы өлчөмүнө чейин жана граждандарга эки айлык эмгек акы өлчөмүнө чейин штраф салууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
1) жарыялоонун түрүнө карабастан Конституцияга ылайык келбеген дооматтарды жана чакырууларды келтирүү;
2) судьялардын ишти жүргүзүшүнө кийлигишүүдө, аларга конституциялык сот өндүрүшүнүн эрежелеринен тышкары таасирин тийгизүүдө;
3) ишти даярдоо жана кароодо Конституциялык соттун судьяларынын талаптарын жана чечимдерин жүйөлүү себепсиз аткарбоодо же өз учурунда аткарбоодо;
4) Конституциялык сотко келбей коюуда же келбеген себебин билдирбөөдө;
5) Антты белгиленген түрдө берүүдөн баш тартууда;
6) Конституциялык соттун жыйналышынын тартибин бузууда, Конституциялык соттун судьяларына баш ийбөөдө, Конституциялык сотто кабыл алынган адептүүлүк эрежелерине жана процедураларына кайдыгердик мамиле кылууда;
7) Конституциялык соттун судьяларын мазактоодо;
8) жыйналыштын катышуучулары чыгып сүйлөө кезегин өз алдынча бузганда;
9) мазактоо сөздөрү колдонулганда.
Эгерде жыйналыштын жүрүшүндө ушул статьяда көрсөтүлгөн тартип бузуулар аныкталса, процессуалдык коргонуу чаралары Конституциялык соттун протоколдук аныктамасы менен дароо колдонулат.
Башка процессуалдык коргонуу чаралары мыйзамдарда каралган учурларда жана белгиленген тартипте колдонулат.
Тартип бузган жак штрафтын салынганы жөнүндө билдирилген күндөн баштап беш күндөн кечиктирилбестен аны төлөөгө тийиш. Штраф төлөөдөн баш тарткан учурда же штраф беш күндүн ичинде төлөнбөсө, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун штраф салуу жөнүндөгү чечиминин көчүрмөсүнүн негизинде административдик укук бузуу иштери боюнча өндүрүш тартибине ылайык мажбурлоо түрүндө аткарылат.

20-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун
жыйналышынын протоколун жүргүзүү

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун протоколу жыйналыш башталгандан толук аяктаганга чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
Жыйналыштын протоколунда төмөнкүлөр белгиленүүгө тийиш:
— жыйналыштын анын башталган жана аяктаган убагын белгилөө менен анын ордун жана күнүн көрсөтүү;
— катышкан судьялардын курамы;
— катышпаган судьялардын курамы жана алардын катышпагандыгынын себеби;
— жыйналыштын секретарынын аты-жөнү;
— жыйналышка катышкандардын ар биринин аты-жөнү, ээлеген кызматы жана башка алар жөнүндөгү маалымат;
— каралып жаткан иштин аталышы;
— жыйналышта ирети боюнча болгон окуялар жана алардын жыйынтыгы;
— көрсөтүү же өтүнүч жөнүндө маалымат, жыйналышка катышуучулардын түшүндүрүүлөрү, күбөлөрдүн көрсөтүүлөрү, адистердин, эксперттердин корутундулары, аларга берилген суроолор жана алардын жооптору;
— күбөлөр, адистер, эксперттер жөнүндө маалымат;
— судьялардын кеңешмеде айтылган пикирлери;
— судьялардын добушуна коюлган маселелер жана добуш берүүнүн жыйынтыгы.
Эгерде Конституциялык сот өзүнүн судьясы болбогон адамдарды катыштырбай кеңешме өткөрүүнү чечсе, мындай кеңешменин протоколу өзүнчө жүргүзүлөт жана бул бөлүгү ачык жарыялоого жатпайт.
Протоколдун толуктугун камсыз кылуу максатында стенографияны жана илимий-техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет. Илимий-техникалык каражаттардын колдонулушу тууралу жыйналыштын протоколунда көрсөтүлөт.
Ишке протокол жана сот тарабынан колдонулган илимий-техникалык каражаттар: үн жазып алуунун тасмасы, видео тасма, кинотасмалар кошо тиркелет.
Протокол жыйналыш бүткөндөн беш күндөн кечиктирбестен даярдалып басылууга тийиш.
Протоколго Конституциялык сотто төрагалык кылган адам жана Конституциялык соттун секретары тарабынан кол коюлат.

II глава
Конституциялык сот өндүрүшүнүн козгоо,
иштерди Конституциялык сотунда кароого
даярдоо жана кароо

21-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна
кайрылуунун түрү, мөөнөтү жана мазмуну

Кайрылуу Конституциялык сотко жазуу жүзүндө киргизилет.
Ушул Мыйзамдын 14-статъясынын 1-7 пункттарында аталган органдар жана кызмат адамдары Конституциялык сотко көрсөтүү, ал эми башка адамдар — өтүнүч киргизишет.
Көрсөтүүдө жана өтүнүчтө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) Конституциялык соттун аталышы;
2) кайрылган жактын аталышы, орду, дареги жана башка ал жөнүндө зарыд маалымат.
3) кызмат боюнча өкүлчүлүктөн башка учурларда кайрылып жаткан жактын өкүлүнүн аталышы, дареги, анын укуктары жана башка ал жөнүндө маалымат.
4) Конституцияга ылайыктуулугу текшерилүүчү нормативдик актыга кол койгон кызмат адамынын же аны чыгарган мамлекеттик органдын аталышы, орду, дареги; тийиштүү учурларда иши талаш туудурган кызмат адамы жөнүндө ушундай эле маалымат;
5) тараптын дооматын жана далилдерин негиздеген жана келтирген фактыларды ырастаган жагдайлар;
6) текшерилүүчү нормативдик актынын так аталышы, саны, кабыл алынган күнү, жарыялоого чыккан булагы жана башка реквизиттери;
7) талаштагы нормативдик актынын же кызмат адамынын аракетинин Конституцияга ылайыктуулугу боюнча ой-пикирлеринин негиздемеси;
8) дооматтын маңызы;
9) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана ушул Мыйзамдын Конституциялык сотуна кайрылууга укук берген нормалары;
10) тиркелүүчү документтердин жана Конституциялык сотко чакырылуучу жактардын тизмеси жана дареги.
Көрсөтүүгө же өтүнүчкө ушул Мыйзамдын 1-статьясында көрсөтүлгөн тийиштүү арыз ээси тарабынан кол коюлган жана баардык учурда төмөнкү документтер тиркелет:
1) Конституцияга ылайыктуулугу жалпысынан же айрым бөлүгүнөн талаш туудурган нормативдик актынын текстинин көчүрмөсү;
2) өкүлчүлүк кызмат боюнча ишке ашырылууга жаткан учурлардан башка өкүлгө берилген укуктар жөнүндө документтер.
Башка тилде жазылган документтерге алардын сот өндүрүшүнүн тилиндеги котормосу тиркелүүгө тийиш.
Көрсөтүү же өтүнүч жана алардын тиркемеси Конституциялык сотко 11 нускадан турган санда берилет.

22-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна
киргизилген көрсөтүү жана өтүнүч боюнча аракеттер.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна түшкөн көрсөтүү же өтүнүч конституциялык сот өндүрүшүн козгоо маселесин чечүү үчүн Конституциялык соттун судьясына өткөрүлүп берилет.
Көрсөтүүнү же өтүнүчтү текшергенден кийин судья беш күндүн ичинде аныктамасы менен конституциялык сот өндүрүшүн козгойт жана ишти Конституциялык соттун жыйналышына даярдайт, же болбосо конституциялык сот өндүрүшүн козгоодон баш тартуу аныктама чыгарып, материалдарды арыз ээсине кайтарып берет.
Судья конституциялык сот өндүрүшүн козгоодон төмөнкүдөй учурларда баш тартат:
1) көрсөтүүнүн же өтүнүчтүн түрү жана мааниси ушул Мыйзамдын 21-статьясынын талаптарына жооп бербесе;
2) көрсөтүү же өтүнүч ылайыксыз органдан же адамдан (субъектиден) келип түшсө;
3) көрсөтүүнү же өтүнүчтү ишти Конституциялык сотто жүргүзүүгө укуксуз тараптын өкүлү киргизсе, же болбосо өкүл ушул Мыйзамда каралбаган жак болсо;
4) киргизилген көрсөтүүдө же өтүнүчтө көрсөтүлгөн талаптар Конституциялык соттун кароосуна жатпаса;
5) көрсөтүүдө же өтүнүчтө көрсөтүлгөн дооматтын Конституцияга ылайыктуулугу Конституциялык сотто мурда текшерилсе жана Конституциялык соттун өз күчүн сактаган актысы болсо;
6) көрсөтүүдө же өтүнүчтө келтирилген дооматтар Кыргыз Республикасынын Конституциясында чечилбеген болсо.
Конституцияга ылайыктуулугу талаш туудурган акты жокко чыгарылса же күчүн жоготушу Конституциялык сот өндүрүшүн козгоодон баш тартууга, же болбосо козголгон иштер боюнча конституциялык сот өндүрүшүн кыскартууга алып келет.
Козголгон сот өндүрүшү боюнча судья эки айлык мөөнөттө ишти кароого даярдоого милдеттүү жана бул үчүн ал төмөнкүлөрдү аткарат:
1) иш боюнча тараптарды аныктайт, аларга ушул Мыйзамда каралган процессуалдык укуктарын жана милдеттерин түшундүрөт жана Конституциялык сотко көрсөтүү үчүн далилдерди чогултууга көмөктөшөт;
2) кайрылган тарапты сурайт;
3) ишке зарылдыгы бар тийиштүү документтерди жана башка маалыматты талап кылып сурап алат;
4) тийиштүү кызмат адамдарын жана башкаларды сурайт;
5) зарыл болсо окумуштууларды, иштин көзүн билген кызматкерлерди, адис, эксперт катары тартат; текшерүү, изилдөө, экспертиза жүргүзүүнү тапшырат;
6) күбөлөрдүн, адистердин, эксперттердин чөйрөсүн аныктайт;
7) ар башка жактардын бири-бири менен байланыштагы дооматтарын бир эле сот өндүрүшүнө бириктирүү, же болбосо бир кайрылууда көрсөтүлгөн карамагына кирбеген ар кандай дооматтарды бөлүү маселесин чечет;
8) тарап коюлган маселени өз ыктыяры менен алып койгон учурда сот өндүрүшүк кыскартуу жөнүндө аныктама чыгарат;
9) жыйналыш башталгандан он күн мурда иштин материалдарынын көчүрмөлөрүнүн Конституциялык соттун судьяларынын жана жыйналыштын катышуучуларынын бардыгына тапшырылышы камсыз кылат;
10) иштин жыйналышта кароого дайындалышы жөнүндө аныктама чыгарат, жыйналыштын катышуучуларына каралбайт жана зарыл адамдардын келишин камсыз кылат;
11) колдогу материалдардын негизинде чечимдин долбоорун даярдайт;
12) иштин туура чечилишин камсыз кылуу максатында башка аракеттерди жасайт.
Келтирилген дооматтарды өзгөчө татаалдыгына, же алардын бөтөнчө маанисине ишти кароого даярдоо бир нече судьяга тапшырылышы, ал эми даярдоо мөөнөтү Конституциялык соттун Төрагасы тарабынан бир айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Конституциялык сот өндүрүшүн козгоо же андан баш тартуу жөнүндөгү аныктамага тараптар Конституциялык сотко анын Төрагасы аркылуу даттана алышат. Бул маселенин кароосунун жыйынтыгы боюнча Конституциялык сот өзүнчө аныктама кабыл алат.

23-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда ишти
кароо тартиби

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда иш Конституциялык соттун Төрагасы башкаруусундагы жыйналышта каралат. Жыйналыштын тартибине ага Төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат.
Төрагалык кылуучу белгиленген убакытта:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жыйналышын ачык деп жарыялайт;
2) каралуучу ишти жарыялайт;
3) судьялардын санынын жетиштүүлүгү жана протокол жүргүзүүнүн камсыз болушун текшерип чыгат;
4) Конституциялык сотунун секретарына жыйналышка чакырылган катышуучулардын, күбөлөрдүн, адистердин, эксперттердин бар экендигин жана келбей калгандардын себептерин билдирүү үчүн сөз берет;
5) тараптарга алардын укуктарын жана милдеттерин, ал эми чакырылган адамдарга — алардын милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүндүрөт;
6) жыйналыштын катышуучуларынан аларда кошумча күбөлөрдү, адистерди, эксперттерди чакыруу, кошумча далилдерди талап кылуу, жыйналыштык жүрүшүндө келип чыккан башка маселелер боюнча өтүнүчтөр бар-жогун сурайт, аларды соттун чечүүсүнө коет.
7) ишти негизинен кароонун башталгандыгы тууралуу жарыялайт.
Ишти кароодо:
1) ар бир иштин каралышы анын мазмунун, кароого жаткан себебин жана негиздемесин, колдогу материалдардын мазмунун доклад кылуучу судьянын билдирүүсүнөн, ошондой эле Конституциялык соттун судьяларынын суроолоруна анын берген жоопторунан башталат;
2) андан кийин тараптардын түшүндүрүүлөрү угулууга тийиш. Конституциялык соттун судьялары тарабынан тараптарга суроолор берилиши мүмкүн;
3) Конституциялык соттун жыйналышында документтер жарыяланышы, чакырылган адамдардын сөзү угулушу мүмкүн;
4) түшүнүктөр, көрсөтмөлөр жана документтер изилденип бүткөндөн кийин Конституциялык сот тараптар кааласа, алардын корутунду сөзүн угат;
5) эгерде маселе жетишээрлик такталса, төрагалык кылуучу судьялардын кеңешмесинин ачылышын жарыялайт;
6) кеңешүү залында өтүп жаткан кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары каралып жаткан маселе боюнча көз карашын эркин билдире алышат жана башка судьялардан ой-пикирин тактоону өтүнө алышат;
7) Конституциялык сот кабыл алган чечимге кол коюлгандан кийин төрагалык кылуучу аны кеңешме залында жарыялайт;
8) эгерде иш каралып жатканда ал Конституциялык сотуна караштуу эместиги аныкталса анда арыз ээсине кайсы органга кайрылуусу тийиш экендиги көрсөтүлүп, иш боюнча сот өндүрүшү кыскартылат;
9) жыйналыштын жүрүшүндө арыз ээсинин өз дооматынан баш тартышы, тараптын маселени өз ыктыяры менен алып коюшу сот өндүрүшүн кыскартууга негиз болот;
10) зарыл учурда Конституциялык сот күбөлөрдүн жана эксперттердин көрсөтмөлөрүн угат, аларга суроолорду берет. Алар көрсөтмөлөрүн берээр алдында төрагалык кылуучу күбөнү же экспертти алар көрсөтө берүүдөн баш тартса же атайын жалган көрсөтмө берсе, мыйзамдарга ылайык жооп берээрин эскертет.
Берилген суроолорго жол берүү иштин каралышында сот тарабынан чечилет.

III глава
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун
актылары

24-статья. Кыргыз Республикасынын сотунун актыларынын түрү

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту актыларын чечим, корутунду, көрсөтүү, аныктама жана послание түрүндө кабыл алат.
Конституциялык соттун негизинен каралган иш боюнча актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын атынан чыгарылуучу чечим деп аталат. Конституциялык соттун чечимине Конституциялык соттун төрагалык кылуучусу жана Конституциялык соттун секретары кол коюшат.
Конституциялык соттун башка актылары протоколдук же өзүнчө аныктама түрүндө чыгарылат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары анык бузулгадыгы аныкталса, Конституциялык сот буга жол берген компетенттүү органдарга жана кызмат адамдарына көрсөтүү киргизип алардын көңүлүн аныкталган бузууларга жана бир айлык мөөнөттө аларды четтетүүнүн, кабыл алынган чаралар жөнүндө билдирүүнүн зарылдыгына бурат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өзү караган материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасындагы Конституциялык мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республккасынын Өкмөтүнө жыл сайын послание жиберет.

25-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечим
кабыл алышы

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
Судья добуш берүүдөн карманууга же баш тартууга укуксуз. Төрагалык кылуучу бардык учурларда добушунун акыркы болуп берет.
Конституциялык сот кайрылууда көрсөтүлгөн дооматты толугу менен же бир бөлүгүн канааттандырса, же болбосо канааттандыруусуз калтырса, иш негизинен чечилген болуп эсептелинет.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечими жыйналышка катышкан судьялардын көбү аны колдоп добуш берсе, кабыл алынган болуп эсептелинет. Ал эми сунуштардын бирөө да добуштардын көбүн албаса, төрагалык кылуучу добуштарды айрыкча көп алган эки сунушту кайрадан добушка коет.
Добуштардын саны бирдей болсо, төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.
Конституциялык соттун чечими калтыруусуз дароо чыгарылат жана жарыяланат. Өзгөчө учурларда өтө татаал иштер боюнча негиздүү чечимди түзүү он күнгө чейин калтырылышы мүмкүн, бирок чечимдин резолютивдик бөлүгү ошол эле жыйналышта жарыяланат.

26-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун
судьясынын бөтөнчө пикири

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимине макул болгон Конституциялык соттун судьясы өзүнүн бөтөнчө пикирин жазып берүүгө жана аны жыйналыштын протоколуна тиркөөгө укуктуу.

27-статья. Кошумча чечим

Конституциялык сот өзүнүн демилгеси менен жыйналыштын катышуучуларынын же чечимди аткарууга милдеттүү жактардын өтүнүчү боюнча төмөнкүдөй кошумча чечим чыгарат:
1) Конституциялык соттун чечимин түшүндүрүү жөнүндө маселе коюлса;
2) Конституциялык соттун чечиминде аталыштарда жана белгилөөдө кетирилген каталарды, туура эмес жазууну, эсептөө жана башка редакциялоо мүнөзүндөгү анык каталарды оңдоого зарыл болгондо.
Кошумча чечим Конституциялык соттун негизги чечиминин мазмунуна, маанисине жана көздөгөн максатына каршы келбөөгө тийиш.

28-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечиминин
кайрадан каралышы

Конституциялык сот төмөнкүдөй деп тапкан учурларда өзүнүн демилгеси боюнча чечимин кайрадан карашы мүмкүн:
1) чечимдер негиз болгон Конституциянын же мыйзамдын нормасы өзгөрүлгөндө;
2) Конституциялык сотко чечим чыгарылып жаткан учурда белгисиз болгон ишке маанилүү жаңы жагдайлар пайда болгондо;
3) Конституциялык соттук чечими сот өндүрүшүнүн ушул Мыйзамда белгиленген тартибин одоно бузуу менен кабыл алынса.

29-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык чечиминин мазмуну

Конституциялык сотунун чечиминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) чечимдин аталышы, анын чыгарылган күнү жана орду;
2) Конституциялык соттун чечим чыгарган курамы; жыйналыштын секретары;
3) тараптар жана алардын өкүлдөрү;
4) дооматтын заты;
5) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Конституциялык соту жөнүндөгү мыйзамдардын коюлган маселени кароого Конституциялык соттун укугун белгиленген нормалары;
6) арыз ээсинин дооматы;
7) Конституциялык сот тарабынан аныкталган жагдайлар;
8) Конституцияга ылайыктуулугу текшерилген нормативдик актынын так аталышы жана жарыяланган же алынган булагы;
9) кызмат адамынын Конституцияга ылайыктуулугу текшерилген аракети же чечими;
10) Конституцияга ылайыктуулугу текшерилген укук колдонуу практикасынын шарттарынын сүрөттөлүшү;
11) Конституциялык сот бүтүмгө келген чечимдин пайдасына жана башкача пикирлерди жокко чыгарган негиздер;
12) Конституциялык сот жетекчиликке алган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормасы;
13) чечимдин кыскача мазмуну;
14) чечимди аткаруунун тартиби жана мөөнөтү;
15) чечимдин биротоло чыгарылгандыгын көрсөтүү.

30-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун
актыларынын аткарылышы

Кыргыз Рсспубликасынын Конституциялык сотунун актылары кабыл алынган учурдан баштап күчүнө кирет.
Конституциялык соттун чечимдери «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомостторунда», республикалык гезиттеринде жарыяланат жана төмөнкүлөргө жиберилет:
— тараптарга;
— нормативдик актылары каралган мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына.
Конституциялык сотунун актыларын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту белгиленген мөөнөттө билдирилет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев