АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК ЖӨНҮНДӨ КОДЕКС

Бишкек шаары, 1998-жылдын 4-августу N 114

(КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131, 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2002-жылдын 20-мартындагы N 42, 2002-жылдын 22-июнундагы 109, 2003-жылдын 17-февралындагы N 36, 2003-жылдын 19-февралындагы N 42, 2003-жылдын 11-июнундагы N 98, 2003-жылдын 11-июнундагы N 100, 2003-жылдын 28-июнундагы N 121, 2003-жылдын 5-августундагы N 191, 2003-жылдын 5-августундагы N 192, 2003-жылдын 9-августундагы N 193, 2003-жылдын 14-ноябрындагы N 221, 2004-жылдын 15-февралындагы N 13, 2004-жылдын 9-мартындагы N 18, 2004-жылдын 11-мартындагы N 20, 2004-жылдын 11-июнундагы N 71, 2004-жылдын 26-июлундагы N 98, 2004-жылдын 27-июлундагы N 100, 2004-жылдын 2-августундагы N 102, 2004-жылдын 23-декабрындагы N 194, 2005-жылдын 25-февралындагы N 39, 2005-жылдын 5-мартындагы N 43, 2005-жылдын 18-июлундагы N 107, 2005-жылдын 18-июлундагы N 109, 2005-жылдын 5-августундагы N 121, 2005-жылдын 5-августундагы N 122, 2006-жылдын 27-январындагы N 16, 2006-жылдын 6-февралындагы N 35, 2006-жылдын 13-февралындагы N 52, 2006-жылдын 13-февралындагы N 53, 2006-жылдын 25-июлундагы N 127 2006-жылдын 26-июлундагы N 130, 2006-жылдын 8-августундагы N 159, 2006-жылдын 21-августундагы N 174, 2006-жылдын 6-декабрындагы N 198, 2006-жылдын 28-декабрындагы N 212, 2007-жылдын 1-мартындагы N 29, 2007-жылдын 5-мартындагы N 31, 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2007-жылдын 9-мартындагы N 33, 2007-жылдын 28-апрелиндеги N 65, 2007-жылдын 25-июнундагы N 91, 2007-жылдын 31-июлундагы N 130, 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 162, 2008-жылдын 24-апрелиндеги N 64, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 67, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 68, 2008-жылдын 2-июнундагы N 102, 2008-жылдын 2-июнундагы N 104, 2008-жылдын 11-июнундагы N 115, 2008-жылдын 23-июнундагы N 136, 2008-жылдын 28-июлундагы N 179, 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2008-жылдын 5-августундагы N 199, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 214, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 239, 2008-жылдын 17-декабрындагы N 264, 2009-жылдын 19-январындагы N 9 2009-жылдын 23-январындагы N 20, 2009-жылдын 24-февралындагы N 65, 2009-жылдын 30-мартындагы N 117, 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 140, 2009-жылдын 26-июнундагы N 194, 2009-жылдын 3-июлундагы N 202, 2009-жылдын 17-июлундагы N 234, 2009-жылдын 24-июлундагы N 250, 2009-жылдын 13-октябрындагы N 272, 2009-жылдын 17-декабрындагы N 308, 2009-жылдын 25-декабрындагы N 315, 2010-жылдын 10-февралындагы N 27, 2010-жылдын 25-февралындагы N 35, 2011-жылдын 30-майындагы N 33, 2011-жылдын 22-июлундагы N 123, 2011-жылдын 26-июлундагы N 141, 2011-жылдын 8-августундагы N 151, 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 2011-жылдын 18-октябрындагы N 177, 2011-жылдын 18-ноябрындагы N 217, 2011-жылдын 12-декабрындагы N 233, 2011-жылдын 16-декабрындагы N 239 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240, 2011-жылдын 21-декабрындагы N 245, 2012-жылдын 1-мартындагы N 10, 2012-жылдын 11-апрелиндеги N 30, 2012-жылдын 11-апрелиндеги N 31, 2012-жылдын 8-майындагы N 48, 2012-жылдын 12-июлундагы N 105, 2012-жылдын 16-июлундагы N 111, 2012-жылдын 16-июлундагы N 115, 2012-жылдын 25-июлундагы N 130, 2012-жылдын 25-июлундагы N 136, 2012-жылдын 25-июлундагы N 139, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142, 2012-жылдын 10-августундагы N 164, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169, 2012-жылдын 29-октябрындагы N 177, 2012-жылдын 8-ноябрындагы N 179, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183, 2012-жылдын 21-ноябрындагы N 186, 2012-жылдын 10-декабрындагы N 198, 2012-жылдын 21-декабрындагы N 203, 2013-жылдын 10-январындагы N 2, 2013-жылдын 13-февралындагы N 14, 2013-жылдын 20-февралындагы N 26, 2013-жылдын 25-февралындагы N 35, 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 53, 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 54, 2013-жылдын 24-июнундагы N 97, 2013-жылдын 9-июлундагы N 121, 2013-жылдын 17-июлундагы N 148, 2013-жылдын 24-июлундагы N 159, 2013-жылдын 30-июлундагы N 171, 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(КР 1998-жылдын 4-августундагы N 115 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген)

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

I БӨЛҮМ

1-глава
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдардын милдеттери жана принциптери

1-статья. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Кодекстен, мыйзамдардан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдардын милдеттери

Инсанды коргоо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, калктын саламаттыгын, санитардык-эпидемиологиялык жагынан бакубаттыгын, коомдук адеп-ахлакты, менчикти, курчап турган табигый чөйрөнү, мамлекеттик бийликти жүзөгө ашыруунун белгиленген тартибин жана башкаруу тартибин, коомдук тартипти, юридикалык жактардын жана алардын бирикмелеринин укуктарын администрациялык укук бузуулардан коргоо, ошондой эле администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди өз убагында жана калыс кароо жана мындай укук бузуулардын алдын алуу администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдардын милдети болуп саналат.

3-статья. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдардын принциптери

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдар мыйзамдуулуктун, жарандардын мыйзам алдындагы тең укуктуулугунун, демократиянын, гумандуулуктун, адилеттүүлүктүн, жеке жоопкерчиликтин жана жасалган администрациялык укук бузуулар үчүн жазанын шексиздигинин принциптерине негизделет.

4-статья. Администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчилик жана анын негиздери

Администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчилик деген — укук бузууга байланыштуу укуктук чара көрүү болуп саналат, ал укук бузууда күнөөлүү болгон адамды сот (судья), орган (кызмат адамы) тарабынан айыптоону жана жаза колдонууну билдирет.

5-статья. Жазыксыздык презумпциясы

Өзүнө карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон жеке же юридикалык жак администрациялык укук бузуу боюнча өзүнүн күнөөлүүлүгү ушул Кодексте каралган тартипте далилденмейинче жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ишти караган соттун (судьянын), же органдын (кызмат адамынын) мыйзамдуу күчүнө кирген токтому менен белгиленмейинче күнөөлүү эмес деп эсептелет.

Ушул статьянын эскертүүсүндө каралган учурларды кошпогондо, администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес.

Эскертүү. Ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн жобосу ушул Кодекстин 20-главасында каралган, фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттары менен бул администрациялык укук бузуулар белгиленген учурда, транспорт каражаттарын пайдалануу менен жасалган администрациялык укук бузууларга жайылтылбайт.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-глава
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин колдонулуш чектери

6-статья. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин Кыргыз Республикасынын аймагында администрациялык укук бузган адамдарга карата колдонулушу

Кыргыз Республикасынын аймагында администрациялык укук бузган жак ушул Кодекс боюнча жоопкерчиликке тартылат.

Төмөндөгүлөр:

— Кыргыз Республикасынын аймагында башталган, аякталган же бөгөт коюлган;

— Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган, ал эми анын кесепеттери анын чегинен тышкары жерлерде келип чыккан;

— жыйындысында же бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган башка жосундар менен катар администрациялык укук бузууну түзгөн жосун Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган администрациялык укук бузуу деп таанылат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чет мамлекеттин аймагында Кыргыз Республикасынын желеги астында жүргөн аба жана суу кемелеринде администрациялык укук бузууга жол берилсе, администрациялык жоопкерчилик ушул Кодекс боюнча келип чыгат.

7-статья. Администрациялык мыйзамдардын жер жана убакыт боюнча колдонулушу

Администрациялык укук бузган жак администрациялык укук бузулган убакытта жана ошол жерде колдонулган мыйзамдардын негизинде жоопкерчиликке тартылат.

8-статья. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдардын өткөн мезгилге карата колдонулушу

Укук бузуулар үчүн администрациялык жоопкерчиликти жеңилдеткен же четтеткен актылар, бул актылар чыгарылганга чейин жасалган администрациялык укук бузууларга да колдонулат.

Администрациялык укук бузуулар үчүн администрациялык жоопкерчиликти белгилеген же күчөткөн актылар өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

3-глава
Администрациялык укук бузуу түшүнүгү

9-статья. Администрациялык укук бузуу (жорук) түшүнүгү

Ушул Кодексте же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алар үчүн администрациялык жоопкерчилик каралган жеке же юридикалык жактын укукка жат, күнөөлүү (атайлап же байкабастыктан жасалган) аракети же аракетсиздиги администрациялык укук бузуу (жорук) деп таанылат.

10-статья. Атайлап администрациялык укук бузуу

Эгерде администрациялык укук бузган жак өзүнүн аракетинин же аракетсиздигинин укукка жат мүнөздө экендигин билсе, анын зыяндуу кесепеттерин алдын ала көрө билсе жана алардын келип чыгышын кааласа же аң-сезимдүү түрдө жол берсе, администрациялык укук бузуу атайлап жасалган деп таанылат.

11-статья. Байкабастыктан администрациялык укук бузуу

Эгерде администрациялык укук бузган жак өзүнүн аракетинин же аракетсиздигинин зыяндуу кесепеттеринин келип чыгышын алдын ала билсе, бирок жеңил ойлуулук менен аларды болтурбай коем деп эсептесе, болбосо мындай кесепеттердин келип чыгышын билүүгө тийиш болсо жана билиши мүмкүн болсо да алардын келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала көрө билбесе, администрациялык укук бузуу байкабастыктан жасалган деп таанылат.

12-статья. Зарыл колдонуу

Ушул Кодексте каралган, администрациялык жоопкерчиликти белгилеген, бирок зарыл коргонуу учурунда жасалган, башкача айтканда, зарыл коргонуу учурунда инсанды, турак жайды, менчикти, жер участогун жана коргонуп жаткан же болбосо башка адамдын укуктарын коомдун жана мамлекеттин таламдарында мыйзам менен корголуучу укукка жат кол салып зыян келтирүүдөн коргоп жаткандагы аракеттер, эгерде мында зарыл коргонуунун чегинен аша чабууга жол берилбесе, администрациялык укук бузуу болуп саналбайт.

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы N 212 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Өтө зарылдык

Ушул Кодексте же башка ченемдик актыларда каралган, укуктарга жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарга зыян келтирип, өтө зарылдык абалында, башкача айтканда, инсанга же ошол адамдын, же башка жарандардын укуктарына, коомдун же мамлекеттин таламдарына келтирилген коркунучту четтетүү үчүн жасалган аракет, эгерде ал түзүлгөн жагдайларда башка каражаттар менен четтетилиши мүмкүн болбосо жана келтирилген зыян, болтурулбай койгон зыянга караганда, алда канча аз болсо, ал администрациялык укук бузуу болуп эсептелбейт.

13-1-статья. Кылмыш кылган адамды кармоо учурунда зыян келтирүү

Адам кылмыш кылып жатканда, же ал түздөнтүз кылмыш кылгандан кийин кармалганда, бийлик органдарына өткөрүп берүү максаттарында кармоо учурунда зыян келтирүү, эгерде мында кармоо чараларынын кармалгандын кылыгынын мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук деңгээлине жана кармоонун жагдайларына ачык-айкын дал келбөөгө жол берилбесе укук бузуу болуп саналбайт.

Кармоонун каражаттарынын жана усулдарынын аны жасаган адамдын жосунунун коркунучтуулугуна, ошондой эле кармоонун зарылдыгына ачык — айкын дал келбөөсү, натыйжада адамга кармоонун зарылдыгы талап кылбагандай атайлап зыян келтирүү коомдук коркунучтуу жосун жасаган адамды кармоо үчүн зарыл чаралардын аша чапкандыгы катары таанылат. Мында байкабастыктан зыян келтирүү администрациялык жоопкерчиликке алып келбейт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-глава
Администрациялык жоопкерчилик

14-статья. Администрациялык жоопкерчилик түшүнүгү

Администрациялык укук бузган (жорук жасаган) жеке же юридикалык жакка карата сот (судья), орган (кызмат адамы) тарабынан колдонулган юридикалык жоопкерчиликтин түрү администрациялык жоопкерчилик деп түшүнүлөт.

15-статья. Администрациялык жоопкерчилик баштала турган курак

Администрациялык укук бузган учурда он алты жашка толгондор администрациялык жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

Ушул Кодекстин 38-статьясынын 3-пунктунда каралган учурда, администрациялык жоопкерчилик он сегиз жаштан тарта келип чыгат.

16-статья. Акыл-эси соо эместик

Укукка жат аракет жасоонун же аракетсиздиктин убагында акыл-эси соо эмес абалда болгон, башкача айтканда, өнөкөт жин оорусунун, психикалык абалынын убактылуу бузулушунун, кем акылдыгынын же психикасынын башка оорулуу абалда болушунун натыйжасында өзүнүн аракеттеринин (аракетсиздигинин) маанисин биле албаган же аны башкара албаган адам администрациялык жоопкерчиликке тартылбайт.

17-статья. Администрациялык жоопкерчиликтен бошотуу

Жасалган администрациялык укук бузуу анча маанилүү болбогондо, сот (судья) же орган (кызмат адамы) укук бузуучуну администрациялык жоопкерчиликтен бошотот жана оозеки эскертүү менен чектелет.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө материалдарды аксакалдар сотуна өткөрүп берүү

Администрациялык укук бузуунун мүнөзүн, укук бузуучунун инсанын эске алуу менен администрациялык укук бузуулар боюнча материалдар тараптардын макулдашуусу боюнча аксакалдар сотунун кароосуна өткөрүлүп берилиши мүмкүн, алар тараптарды жараштыруу жана мыйзамга карама-каршы келбеген адилет чечим чыгаруу үчүн мүлктүк, үй-бүлөлүк жана мыйзамда каралган башка талаштарды карайт.

19-статья. Жарандардын (жеке жактардын) администрациялык жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасынын администрациялык укук бузган жарандары (жеке жактары) ушул Кодекске ылайык жоопкерчилик тартат.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын жарандары, башка мамлекеттердин жарандары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар жарандар (жеке жактар) деп түшүнүлөт.

Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамында башка жагдайлар белгиленбесе, ушул Кодекстин жоболору бардык жарандарга (жеке жактарга) карата колдонулат.

20-статья. Балдардын администрациялык жоопкерчилиги

Он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы администрациялык укукту бузган жактарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Балдардын иштери боюнча комиссиялар жөнүндө жободо каралган чаралар колдонулат.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-статья. Кызмат адамдарынын администрациялык жоопкерчилиги

Кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгына же аткарганы талапка жооп бербегендигине байланыштуу администрациялык укук бузган учурда администрациялык жоопкерчиликке тартылат. Бул аталган жагдай болбогон учурда, администрациялык укук бузууга күнөөлүү болгон кызмат адамы жалпы негизде жоопкерчилик тартат.

Эскертүү: Кызмат адамдары деп — өздөрүнө кызматтык жактан көз каранды болбогон адамдарга карата туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тескөө жүргүзүүгө ыйгарым укуктарын ишке ашыруучу же андай укук берилген адамдар, ага тете эле мамлекеттик органдарда уюштуруу-тескөө же администрациялык-чарбалык милдеттерди мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында контролдук-көзөмөлдөөчү милдеттерди аткаруучу адамдар түшүнүлөт.

Уюштуруучу-тескөөчүлүк же администрациялык-чарбалык милдеттерин аткаруу менен байланышкан администрациялык укук бузууларды жасаган юридикалык жактардын (уюмдардын) жетекчилери жана кызматчылары менчигинин формасына карабастан кызмат адамдары катары администрациялык жоопкерчиликти тартышат.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117, 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

22-статья. Атайын субъекттердин администрациялык жоопкерчилиги

Аскер кызматчылары, жыйынга чакырылган аскерге милдеттүүлөр, ошондой эле ички иштер органдарынын жана жазык аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын катардагы жана башчы курамындагы адамдар администрациялык укук бузуулар үчүн тартип уставы боюнча жоопкерчилик тартат.

Прокуратура органдарынын прокурорлору же тергөөчүлөрү администрациялык укук бузгандыгы үчүн «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартышат.

Жол кыймылынын эрежелерин, аңчылык, балык уулоо жана балык корун сактоо эрежелерин, курчап турган чөйрөнү коргоо, өрт коопсуздугунун эрежелерин жана ченемдерин бузгандык үчүн ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жактар жалпы негиздерде администрациялык жоопкерчиликке тартылат. Бул көрсөтүлгөн жактарга карата администрациялык камоо колдонулушу мүмкүн эмес.

(КР 2005-жылдын 18-июлундагы N 107, 2007-жылдын 25-июнундагы N 91, 2011-жылдын 12-декабрындагы N 233 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

23-статья. Юридикалык жактардын администрациялык жоопкерчилиги

Юридикалык жактар ушул Кодексте түздөн-түз каралган учурларда администрациялык укук бузуу үчүн администрациялык жоопкерчилик тартат. Эгерде бул Кодекстин 20-главасында ушул глава менен белгиленген ченемдер жеке же юридикалык жакка гана карата колдонула тургандыгы каралбаса, мааниси боюнча бул ченемдер жеке жакка гана же юридикалык жакка гана таандык жана колдонулушу мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, бул ченемдер жеке, ошондой эле юридикалык жакка карата бирдей өлчөмдө күчүндө болот.

Эскертүү: Өзүнүн менчиги, чарба жүргүзүүсү же өзгөчөлөнгөн мүлктүк оперативдүү башкаруусу болгон, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди алууга жана жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгү бар, сотто доогер же жоопкер болуп өтө ала турган уюм юридикалык жак болуп саналат.

Ишкердик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу менен байланышкан укук бузууларды жасаган жеке ишкерлер юридикалык жак катары администрациялык жоопкерчилик тартат.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

24-статья. Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын администрациялык жоопкерчилиги

Дипломатиялык кол тийбестиктен (иммунитеттен) пайдаланган чет элдик жарандардан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар жалпы негизде администрациялык жоопкерчиликке тартылат.

Дипломатиялык кол тийбестиги бар (Кыргыз Республикасынын администрациялык юрисдикциясына ылайык иммунитетке ээ) жактарга ушул Кодекстин эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга карама-каршы келбеген бөлүгү колдонулат. Карама-каршылыктар пайда болгон учурда алар дипломатиялык жол менен чечилет.

5-глава
Администрациялык жаза-чаранын түрлөрү

25-статья. Администрациялык жаза-чаранын түшүнүгү

Администрациялык жаза-чара — бул администрациялык укук бузуу үчүн сот (судья), орган (кызмат адамы) тарабынан колдонулуучу мамлекеттик мажбурлоо чарасы.

26-статья. Администрациялык жаза-чаранын максаттары

Администрациялык жаза-чаралар администрациялык укук бузган (жорук жасаган) адамды мыйзамдарды түздөн-түз сактоо духунда тарбиялоо, укук бузуучунун өзү же башка жактар тарабынан жаңы администрациялык укук бузууларынын алдын-алуу максатында колдонулат.

27-статья. Администрациялык жаза-чаралардын түрлөрү

Администрациялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн төмөндөгүдөй жаза-чаралардын түрлөрү:

1) эскертүү;

2) айып;

3) кызмат адамын кызматынан четтетүү;

4) ишкердиктин белгилүү бир түрү менен иштөөгө лицензиясынан (уруксатынан) ажыратуу;

5) аталган жаранга берилген атайын укуктан (транспорт каражаттарын башкаруу укугунан, аңчылык укугунан, ок атуучу куралды сактоо укугунан, радио электрондук каражаттарды же жогорку жыштыктагы жасалгаларды эксплуатациялоо ж.б.д.у.с. укугунан) ажыратуу;

6) Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү;

7) иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти анын алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо);

8) администрациялык укук бузууну ишке ашыруунун куралы же анын түздөн-түз объектиси болгон буюмзатты конфискациялоо;

9) администрациялык камоо;

10) чет элдик жарандары жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгаруу;

11) чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтүн кыскартуу колдонулушу мүмкүн.

12) бажы укуктарын бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу бажы укуктарын бузуунун түздөн-түз объектиси болгон нерселерди жашырып алып өтүү үчүн пайдаланылган, атайын даярдалган жашыруун жерлери бар товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу.

Эскертүү. Бажы эрежелерин бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу бажы эрежелерин бузуунун түздөн-түз объектиси болгон нерселерди жашырып алып өтүү үчүн пайдаланылган, атайын даярдалган жашыруун жерлери бар товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу, укук бузуу айкындалган күнгө карата мындай товарлардын жана транспорт каражаттарынын рыноктук баасына пайыздык катыштагы акчалай сумманы өндүрүп алууну билдирет жана кошумча жаза-чара катары колдонулат.

13) коомдук иштерге тартуу.

(КР 2003-жылдын 5-августундагы N 191, 2004-жылдын 11-июнундагы N 71, 2008-жылдын 11-июнундагы N 115, 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 140, 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

28-статья. Негизги жана кошумча администрациялык жаза-чара

1. Эскертүү, айып акы жана администрациялык камоо негизги администрациялык жаза-чара түрүндө белгилениши жана колдонулушу мүмкүн.

2. Жарандарды атайын укугунан ажыратуу, ишкердиктин белгилүү бир түрлөрүн жүргүзүүгө лицензиялардан (уруксаттардан) ажыратуу, ишмердиктин белгилүү түрүн токтото туруу, объектти анын алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо), кызмат адамын кызматынан бошотуу, чет өлкөлүк жарандардын болуу мөөнөтүн кыскартуу, ошондой эле чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды коомдук иштерге тартуу, Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып жиберүү негизги жана кошумча администрациялык жаза-чара түрүндө белгилениши жана колдонулушу мүмкүн.

3. Администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же анын түздөн-түз объектиси болуп саналган буюмдарды конфискациялоо, Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү кошумча администрациялык жаза катары гана белгиленет жана колдонулат.

4. Бир администрациялык укук бузуу үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн колдонулуучу статьясынын санкциясында көрсөтүлгөндөрдүн ичинен негизги же болбосо негизги жана кошумча администрациялык жаза-чара колдонулушу мүмкүн.

(КР 2003-жылдын 5-августундагы N 191, 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

29-статья. Эскертүү

Эскертүү администрациялык укук бузууга жол берилгенде, аны мамлекет тарабынан расмий түрдө айыптоону жана жеке же юридикалык жакты укукка жат жүрүш-турушка жол берилбей тургандыгы жөнүндө сактандырууну билдирет.

Эскертүү администрациялык жаза-чара катары жазуу жүзүндө чыгарылат.

30-статья. Айып

Айып администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот (судья), ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алууну билдирет.

Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат.

Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет.

Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1 өлчөмүнөн, кызмат адамдарына — эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.

Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн, ал эми кызмат адамдарына — эки жүз өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

Юридикалык жакка салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.

Юридикалык жакка салынган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүнөн ашпоого, же колдонуудагы ченемдерди же мыйзам актыларын бузуу менен аткарылган иштердин наркынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш.

Укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес.

(КР 2004-жылдын 11-июнундагы N 71, 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158, 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

31-статья. Кызмат адамын ээлеген кызматынан четтетүү

Мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарынын, Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун талаптарын аткарбаган, жарандарга, юридикалык жактарга, мамлекетке зыян келтирген кызмат адамы ээлеген кызматынан четтетилиши мүмкүн.

(КР 2004-жылдын 11-мартындагы N 20, 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

32-статья. Иштин белгилүү бир түрүн аткарууга лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу

Ыйгарым укугу бар жак тарабынан чарба жүргүзүүчү субъектиге иштин белгилүү түрүн аткарууга берилген лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу ушул укукту пайдалануунун тартиби такай бузулгандыгы үчүн үч жылга чейинки мөөнөткө колдонулат. Мындай укуктан ажыратуунун мөөнөтү үч айдан кем болбоого тийиш.

33-статья. Жаранга берилген атайын укуктан ажыратуу

Жаранга берилген атайын укуктан соттун чечими боюнча (транспорт каражаттарын башкаруу укугунан, аңчылык кылуу укугунан) ажыратуу ушул укукту пайдалануунун тартиби одоно же такай бузулгандыгы үчүн төрт жылга чейинки мөөнөткө колдонулат. Мындай укуктан ажыратуунун мөөнөтү үч айдан кем болбоого тийиш.

Транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратуу аны алкоголдук, баңгилик мас абалында айдагандан, ошондой эле өздөрү катышуучу болуп эсептелген жол транспорт кырсыгы болгон жерден өзү билип кетип калгандан башка учурларда, бул каражаттарды майыптыгына байланыштуу пайдаланган адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес.

(КР 2003-жылдын 5-августундагы N 191, 2008-жылдын 4-августундагы N 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

34-статья. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү

Жол кыймылынын эрежелерин жетишсиз билгендиктен, ушул Кодексте каралган администрациялык укук бузууга жол берген транспорт каражаттарынын айдоочулары администрациялык айып тартуу менен катар кайрадан сыноодон өтүүгө жөнөтүлүшү мүмкүн.

35-статья. Иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти анын алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо)

Иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда, табылган бузууларды четтеткенге чейин иштин ушул түрү токтотула турушу мүмкүн, объект алгачкы калыбына келтирилиши же объект же болбосо анын бөлүгү бузулушу (демонтаждалышы) мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

36-статья. Администрациялык укук бузуунун куралы же түздөн-түз объектиси болуп эсептелген буюмзатты акысын төлөп алып коюу

(КР 2003-жылдын 5-августундагы N 191 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

37-статья. Администрациялык укук бузуунун куралы же түздөн-түз объектиси болгон буюмзаттарды конфискациялоо

1. Администрациялык укук бузуунун куралы же түздөн-түз объектиси болгон буюмзаттарды конфискациялоо — бул буюмзаттарды мамлекеттин менчигине мажбурлап акысыз алып коюуну билдирет. Конфискациялоо сот (судья) тарабынан гана колдонулат.

2. Аңчылык куралын жана ок-дарыларды, аңчылыктын башка уруксат берилген куралдарын конфискациялоо аңчылык жашоо-турмушунун негизги мыйзамдуу булагы болуп эсептелген адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес.

38-статья. Администрациялык камоо

1. Администрациялык камоо беш суткага чейинки, ал эми өзгөчө же аскердик абал шартында коомдук тартипке кол салгандыгы үчүн — жети суткага чейинки мөөнөткө колдонулат.

2. Администрациялык камоо райондук (шаардык) соттун судьясы тарабынан, ал эми өзгөчө же согуштук абал шарттарында коомдук тартипке шек келтиргендиги үчүн, ошондой эле аскердик комендант же ички иштер органынын башчысы тарабынан аныкталат.

3. Администрациялык камоо он сегиз жашка толо электерге, кош бойлуу аялдарга, он төрт жашка чейинки баланы жалгыз тарбиялап жаткандарга, ошондой эле биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

39-статья. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагынан администрациялык чыгарып жиберүү

Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам, алардын Кыргыз Республикасында болуу тартибин бузган учурда, Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылып жиберилиши мүмкүн.

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды администрациялык жаза чарасы катары Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык чыгарып жиберүү сот (судья) тарабынан белгиленет жана дайындалат.

40-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында болушунун мөөнөтүн кыскартуу

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө мыйзамдарды жана алардын болушунун тартибин бузган чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында болушунун ага белгиленген мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн.

Болуу мөөнөтүн кыскартуу жөнүндө ички иштер органы тарабынан кабыл алынган чечим сотко даттанылышы мүмкүн.

40-1-статья. Коомдук иштер

1. Коомдук иштер укук бузуучунун негизги ишинен же окуусунан бош убакта коомдун пайдасына акысыз эмгекти аткаруусунда турат, анын түрү сот тарабынан аныкталат. Коомдук иштердин түрлөрүнүн тизмеги, ошондой эле аларды аткаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Ички иштер органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары адамды коомдук иштерге тартуу боюнча чараларды биргелешип жүзөгө ашырат.

2. Коомдук иштер сот тарабынан аныкталат жана узактыгы кырк саатка чейин белгиленет.

Суткасына коомдук иштердин узактыгы:

— иштебеген укук бузуучулар үчүн — сегиз сааттан;

— иштегендер жана окугандар үчүн — төрт сааттан ашпайт.

3. Коомдук иштер аскер кызматчыларына, 55 жаштан жогору курактагы аялдарга жана 60 жаштан жогору курактагы эркектерге, кош бойлуу аялдарга, бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн аялдарга, биринчи же экинчи топтогу майыптыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-глава
Администрациялык жаза-чараны колдонуу

41-статья. Администрациялык жаза-чараны колдонуунун жалпы эрежелери

Администрациялык укук бузуу үчүн жаза-чара ушул Кодексте белгиленген чектерде жана тартипте колдонулат.

Администрациялык жаза-чараны колдонууда укук бузуунун мүнөзү, укук бузуучунун инсаны, анын күнөөсүнүн даражасы, үй-бүлөлүк жана мүлктүк абалы, жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар эске алынат. Администрациялык жаза-чараны аткарбагандыгы үчүн администрациялык жаза-чара салынган милдеттерин аткаруудан бошотпойт.

Ушул Кодекстин 20-главасында каралган укук бузуулар табылган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу катталган учурларда, администрациялык жаза өлчөмү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясында колдонулган санкциянын чегинен алда канча төмөн болгон администрациялык айып түрүндө дайындалат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

42-статья. Администрациялык жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдайлар

Администрациялык жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдайлар:

1) күнөөлүүнүн күнөөнү чын дилинен мойнуна алышы;

2) күнөөлүү тарабынан администрациялык укук бузуулардын зыяндуу кесепеттеринин болтурулбай коюшу же келтирилген зыяндын четтетилиши;

3) администрациялык укук бузуу өтө кызууланган абалдын таасири астында жасалышы же болбосо жеке үй-бүлөлүк же башка оор жагдайлардын кошул-ташыл болушу;

4) администрациялык укук бузуунун жашы жетпеген тарабынан жасалышы;

5) администрациялык укук бузуунун кош бойлуу аял, он төрт жашка чейинки баласы бар адам тарабынан жасалышы;

6) администрациялык укук бузуунун коркутуунун, мажбурлоонун же болбосо кызматтык, материалдык же башка көз карандылыктын таасири астында жасалышы.

7) биринчи же экинчи топтогу майыптыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам тарабынан администрациялык укук бузуулардын жасалышы.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

43-статья. Администрациялык жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар

Администрациялык жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар:

1) укукка жат жүрүш-турушту токтотуу тууралу буга ыйгарым укугу бар адамдардын талабына карабастан, аны улантуу;

2) администрациялык укук бузуунун адамдардын тобу тарабынан жасалышы;

3) жашы жетпегенди администрациялык укук бузууга тартышы;

4) администрациялык укук бузууларды табигый кырсыктын же башка өзгөчө кырдаалдардын шарттарында жасоо;

5) администрациялык укук бузууну жыл ичинде кайталап жасоо;

6) алкоголдук, баңгилик каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү же башка дендароо кылуучу заттарды пайдалануудан улам келип чыккан мас абалында администрациялык укук бузуу;

7) мыйзамдуу ишкердик жүргүзүүгө мамлекеттик органдын кызмат адамынын кийлигишүүсү аркылуу экономикалык зыян келтирүү.

Администрациялык жазаны берүүдө сот (судья), орган (кызмат адамы) жасалган администрациялык укук бузуунун мүнөзүнө жараша ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайды оордотуучу эмес деп таанышы мүмкүн.

Сот (судья), орган (кызмат адамы) администрациялык жазаны берүүдө ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн жагдайды оордотуучу деп тааный албайт.

Бир администрациялык укук бузуунун белгиси катары ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган оордотуучу жагдай башка администрациялык жазаны дайындоодо кайрадан эске алынбайт.

(КР 2008-жылдын 28-июлундагы N 179, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

44-статья. Бир нече укук бузууларды жасагандыгы үчүн администрациялык жаза-чара колдонуу

Эгерде жак бир нече жолу администрациялык укук бузууларды жасаса, алар жөнүндө иштер бир эле мезгилде бир эле орган (кызмат адамы) тарабынан каралса, анда бул адамга колдонулуучу акыркы жаза-чара кыйла катаал администрациялык жаза-чараны караган санкциянын чектеринде аныкталат.

Эгерде жак, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн бир нече статьялары боюнча администрациялык жоопкерчилик каралган аракетти (аракетсиздикти) жасаса, алар жөнүндө иштер ар кандай органдар (кызмат адамдары) тарабынан каралса, анда жаза-чара кыйла катаал администрациялык жаза чараны караган санкциянын чектеринде колдонулат.

Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган учурларда, негизги жаза-чарага ушул Кодекстин 28-статьясынын 2 жана 3-пункттарында каралган кошумча жаза-чаралардын бири кошулушу мүмкүн.

45-статья. Коомдук иштердин, администрациялык камактын жана атайын укуктан ажыратуунун мөөнөттөрүн эсептөө

Коомдук иштердин мөөнөттү — сааттар, администрациялык камактын мөөнөтү — суткалар, атайын укуктан ажыратуунун мөөнөтү — айлар жана жылдар менен эсептелет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-статья. Администрациялык жазаны колдонуу мөөнөттөрү

Администрациялык жаза администрациялык укук бузуу жасалган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен; укук бузуу созулганда — ал табылган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен; ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенген адамдарга — ушул статьяда каралган учурларды кошпогондо, администрациялык укук бузуу табылган күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен жарандарга жана кызмат адамдарга колдонулушу мүмкүн.

Ушул Кодекстин 20-главасында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен белгиленген укук бузуулар үчүн айып түрүндө администрациялык жаза жеке жана юридикалык жактарга карата администрациялык укук бузуу жасалган күндөн тартып беш жылдын ичинде колдонулушу мүмкүн.

Укук бузуучунун аракеттеринде администрациялык укук бузуунун белгилери болгондо, жазык ишин козгоодон баш тарткан же жазык иши токтотулган учурда, администрациялык жаза жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган же ал токтотулган күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.

Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганга чейин адам жаңы администрациялык укук бузууну жасаса, администрациялык жазаны колдонуу мөөнөтүн эсептөө үзгүлтүккө учурайт. Мындай учурларда мөөнөттү эсептөө жаңы администрациялык укук бузуу табылган учурдан тартып башталат.

Эгерде укук бузууну жасаган адам атайылап жашырынып жүрсө же ага карата администрациялык жаза аткарылбаган болсо, администрациялык жазаны колдонуу мөөнөтүн эсептөө үзгүлтүккө учурайт. Мындай учурларда мөөнөттү эсептөө укук бузууну жасаган адам табылган учурдан тартып башталат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-1-статья. Администрациялык жазаларды төлөө мөөнөттөрүн бузуу

Айып түрүндө берилген жазаны өз учурунда төлөбөгөндө, башкача айтканда, администрациялык айыпты салуу жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин, ал эми токтомго даттанылган учурда — даттанууну же сунушту калтыруу жөнүндө билдирилген күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузууну жасаган, жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерине шек келтирген адам айыптан тышкары, акчалай суммада көрсөтүлгөн туумду (үстөк пулду) төлөйт.

Ушул Кодекстин 20-главасында каралган укук бузуу боюнча тиешелүү токтом чыгарылган күндөн тартып бир жылдын ичинде администрациялык айыпты төлөөдөн баш тартканда сот айыпты транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза же администрациялык камак менен алмаштыра алат.

Эскертүү. Туум мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн мурда салынган айыптын суммасынын он пайызы өлчөмүндө аныкталат, бирок негизги айыптын суммасынын эки өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

47-статья. Адамды администрациялык жаза-чарага тартылган эмес деп эсептөөнүн мөөнөтү

Эгерде администрациялык жаза-чарага тартылган адам жаза-чарасын аткаруу аяктаган күндөн тартып, жыл бою жаңы администрациялык укук бузбаса, анда мындай адам администрациялык жаза-чарасына тартылган эмес деп эсептелет.

48-статья. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу

Администрациялык укук бузууну жасаган адам администрациялык укук бузуу менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

Күнөөлүү адамдын бул зыяндын ордун толтуруп берүү маселеси өлчөмүнө карабастан сот (судья) аркылуу чечилет.

Сот администрациялык укук бузуу ишин караганда, эгерде мүлктүк зыяндын ордун толтуруу боюнча талап болбосо, администрациялык жазаны берүү менен бирге мүлктүк зыяндын ордун толтуруу маселесин чечет.

Мүлктүк зыяндын ордун толтуруу боюнча талаш-тартыштар жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде сот аркылуу чечилет.

(КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

II БӨЛҮМ

7-глава
Жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине шек келтирген администрациялык укук бузуулар

49-статья. Шайлоо комиссиясынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо

Кызмат адамы тарабынан шайлоо комиссиясынын иши үчүн зарыл маалыматтарды же материалдарды ага бербөө, ошого тете эле комиссия өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алган чечимди аткарбоо —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин кайталанып жасалган ошол эле аракеттер, —

ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө алып келет.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

50-статья. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин, депутаттыкка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчылыгына талапкерлердин, талапкердин ишенимдүү адамынын, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочунун, эл аралык байкоочунун укуктарын бузуу

Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин, депутаттыкка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчылыгына талапкерлердин, талапкердин ишенимдүү адамынын, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочунун, эл аралык байкоочунун укуктарын бузуу, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 20 өлчөмүнө чейинки администрациялык айып салууга же үч суткага чейин администрациялык камоого, ал эми кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же үч суткага чейин администрациялык камоого алып келет.

(КР 2004-жылдын 23-декабрындагы N 194, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

51-статья. Шайлоого катышуу үчүн өргүү берүүдөн баш тартуу

Администрациянын (жумуш берүүчүнүн) депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкер болуп катталган адамга, талапкердин ишенимдүү адамына же болбосо шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө мамлекеттик бийлик органдарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого даярданууга жана өткөрүүгө катышуу үчүн мыйзамда каралган өргүү берүүдөн баш тартышы —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

52-статья. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн шарттарын бузуу

Шайлоочу, байкоочу, талапкер жана анын өкүлдөрү тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ошол эле аракеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан жасалышы —

беш жүз эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин кайталанып жасалган ошол эле аракеттер —

шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланганга чейинки мезгилге жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин токтото турууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

53-статья. Талапкер жөнүндө жалган маалыматтарды атайылап жайылтуу

Шайлоонун жыйынтыгына таасир кылуу максатында депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкер жөнүндө жарыялоо аркылуу же болбосо башка ыкма менен жалган маалыматтарды атайылап жайылтуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына сексенден жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

53-1-статья. Талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтарды тараткан теле- жана радиопрограммаларды алып берүү

Шайлоо дайындалган мезгилден тартып шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланганга чейин талапкерлердин, саясий партиялардын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтарды тараткан теле- жана радиопрограммаларды алып берүү —

бир миң эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттердин администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин кайталанып жасалышы —

шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланганга чейинки мезгилге жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин токтото турууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

54-статья. Үгүттөөнү ага тыюу салынган мезгилде жүргүзүү

Шайлоо же референдумга байланыштуу үгүт жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган мезгилде жүргүзүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

55-статья. Дарексиз (анонимдүү) үгүттөөчү материалдарды даярдоо же жайылтуу

Мамлекеттик бийлик органдарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого, же болбосо референдумга даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде аларды чыгарууга жооптуу болгон уюмдар жана адамдар жөнүндө маалыматты камтыбаган үгүттөөчү басылма материалдарды даярдоо же жайылтуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

56-статья. Үгүттөөчү материалдарды атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу

Үгүт жүргүзүү өнөктүгүнүн мезгилинде имараттын, курулуштун же башка объектилердин менчиктөөчүсүнүн же ээсинин макулдугу менен аларга илинип коюлган аудиовизуалдык материалдарды, ошондой эле депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкердин сүрөтүн, анын өмүр баяны жазылган плакатты же болбосо башка үгүттөөчү басылма материалдарды атайылап жок кылуу, зыянга учуратуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

57-статья. Добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин жарандарга мыйзамсыз берүү

Шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы, мүчөсү тарабынан шайлоо бюллетенинин жаранга башка адам үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында берилиши, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же болбосо кырк саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.

Шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп саналбаган жаран же кызмат адамы тарабынан ошол эле жосун жасалса, —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүнө чейин, кыз-

мат адамдарына — жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2004-жылдын 23-декабрындагы N 194, 2012-жылдын 1-мартындагы N 10, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

57-1-берене. Шайлоо бюллетендерин мыйзамсыз алып чыгуу, көчүрмөлөө, таркатуу

Басмаканалардын, шайлоо комиссияларынын имарат-жайынан шайлоо бюллетендерин мыйзамсыз алып чыгуу, ошондой эле бюллетендерди көчүрмөлөө —

жарандарга бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына жыйырмадан отузга чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

58-статья. Добуш берүүнүн жыйынтыктары же шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды бербөө же жарыялабоо

Шайлоо (референдум) өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын жаранына же чет өлкөлүк (эл аралык) байкоочуга таанышып чыгуу үчүн бербөөсү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттердин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан жасалышы —

эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы тарабынан жасалышы, ошого тете анын шайлоонун (референдумдун) натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо мөөнөттөрүн бузушу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

58-1-статья. Шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө катышкан адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун көчүрмөсүн бербөө

Шайлоо комиссиясынын катчысынын шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө катышкан адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун көчүрмөсүн бербөөсү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

58-2-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий интернет-сайтка маалыматтарды жайгаштырбоосу

Борбордук шайлоо комиссиясынын жооптуу адамы тарабынан бардык шайлоо участкалары боюнча шайлоочулардын тизмелери жөнүндө, талапкердин, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын атайын эсебинде турган шайлоо алдындагы үгүттөөнү каржылоо үчүн каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды расмий интернет-сайтта жайгаштырбоосу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

59-статья. Жарандардын шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө, шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө жана шайлоочулардын тизмеси менен таанышууга укугун чектөө

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө (шайлоо (референдум) күнү үгүт жүргүзүүнү кошпогондо) тоскоолдук кылуу, ошондой эле жарандардын шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө, шайлоочулардын тизмеси менен таанышууга укугун бузуу же шайлоо дареги боюнча добуш берүү жөнүндө арызды кароонун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн бузуу же арызды четке кагуунун себеби туурасында жүйөлүү жооп берүүдөн баш тартуу, ошого тете эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

60-статья. Шайлоо (референдум) өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын төрагасынын бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы туурасында отчетту жарыялабоосу

Шайлоо (референдум) өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоону (референдумду) даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы туурасында отчетту жарыялабоосу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

61-статья. Динге ишенүү жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу

Динге ишенүү жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту жүзөгө ашырууга, анын ичинде диний же башка ынанымдарды кабыл алууга, же алардан баш тартууга, диний бирикмеге кирүүгө жана андан чыгууга тоскоолдук кылуу, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — ондон элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

61-1-статья. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) ишине мыйзамсыз кийлигишүү

Адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына контролдук жүргүзүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) ишине мыйзамсыз кийлигишүү, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн бешке, кызмат адамдарына — ондон отузга чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 11-июнундагы N 100 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

61-2-статья. Координациялык кеңештин мүчөсүнүн, кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкеринин ишине мыйзамсыз кийлигишүү

Координациялык кеңештин мүчөсүнүн, кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкеринин анын тиешелүү мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна байланыштуу ишине мыйзамсыз кийлигишүү, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн бешке чейинки, кызмат адамдарына — ондон отузга чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 12-июлундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

62-статья. Кызмат адамынын жарандардын же юридикалык жактардын кайрылууларын кароодон мыйзамсыз баш тартышы

Кызмат адамынын жарандардын же юридикалык жактардын кайрылууларын кароодон мыйзамсыз баш тартышы, жүйөөлүү себептерсиз аларды кароонун мөөнөттөрүн бузушу, негизсиз, мыйзамга каршы келген чечимдерди кабыл алышы, ошондой эле жарандын же юридикалык жактын бузулган укуктарынын калыбына келтирилишин камсыз кылбашы, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

63-статья. Документтер менен тааныштыруудан негизсиз баш тартуу

Жарандын укуктары менен таламдарына тиешеси бар документтер, чечимдер жана башка материалдар менен анын таанышышына мүмкүнчүлүк берүүдөн негизсиз баш тартуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

64-статья. Жарандардын тилди эркин тандап алуу укугун бузуу

Жарандардын тарбиялоодо жана окутууда тилди эркин тандап алуу укугун бузуу, тилди пайдаланууга тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү коюу, мамлекеттик тилди, ошондой эле Кыргыз Республикасында жашаган улуттар менен элдердин башка тилдерине тоотпой мамиле кылуу, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

65-статья. Жашы жетелекти (өспүрүмдү) тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди аткарбоо

Ата- эненин же бул милдеттер тагылган башка адамдын, ошого тете педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекеменин кызматкеринин жашы жетелекти (өспүрүмдү) тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди аткарбашы же талаптагыдай аткарбашы, —

үчтөн бешке чейин эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын жашы жетелекти (өспүрүмдү) тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди кыянаттык менен аткарбашы —

сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен бештен онго чейин эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жашы жете электерди алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды такай пайдаланууга же болбосо селсаяктык же кайырчылык кылууга түрткөн иш-аракеттер, ошого тете алар тарабынан жасалган кылмыш же атайылап администрациялык укук бузуулардын белгилерин камтыган жосундар, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91, 2012-жылдын 21-декабрындагы N 203, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

66-статья. Камкорчунун укуктарын кыянаттык менен пайдалануу

Камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү пайда көрүү максатында, камкордукка алынган адамга зыян келтирүү же аны көзөмөлсүз жана зарыл материалдык жардамсыз калтыруу —

он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

66-1-статья. Үй-бүлөгө же жетим балдар мекемелерине тарбиялоого берүүгө муктаж болгон жашы жетпеген балдар же ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдар тууралу маалыматтарды берүүнүн тартибин же мөөнөттөрүн бузуу

Ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдар турган мекеменин кызмат адамдары же аткаруу бийлик органдарынын, болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан үй-бүлөгө алууга, камкорчулук кылууга (көзөмөлчүлүккө) же багып алуучу үй-бүлөгө, болбосо жетим балдардын же ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдардын мекемесине (балдар мекемесине) тарбиялоо үчүн өткөрүп берүүгө муктаж болгон жашы жетпеген балдар тууралу маалыматтарды берүүнүн тартибинин же мөөнөттөрүнүн бузулушу, ошондой эле ушундай жашы жетпеген балдар тууралу алдынала билүү менен такталбаган маалыматтарды берүү, —

ондон он бешке чейинки эсептешүү көрсөткүчүндөгү администрациялык айып салууга алып келет.

Ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдар турган мекеменин кызмат адамдары, же аткаруу бийлик органдарынын, болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан жашы жетпеген баланы үй-бүлөгө тарбиялоо үчүн (асырап алууга) берүүгө, камкорчулук кылууга (көзөмөлчү болууга) (же багып алуучу үй-бүлөгө) же жетим балдар, болбосо ата-энесинин камкорчулугунан ажыраган балдар мекемесине берүүдөн жашырып калуу аракеттеринин жасалышы, —

жыйырмадан отузга чейинки эсептешүү көрсөткүчүндөгү администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 9-августундагы N 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

66-2-статья. Баланы асырап алуу, аны камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) же багып алуучу үй-бүлөгө берүү боюнча мыйзамсыз аракеттер

Баланы уул кылып (кыз кылып) багып алуу, аны камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) берүү же багып алуучу үй-бүлөгө берүү боюнча мыйзамсыз деп саналган аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, —

жарандарга ондон жыйырмага чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө, юридикалык жактарга — төрт жүздөн беш жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 9-августундагы N 193, 2011-жылдын 18-ноябрындагы N 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

66-3-статья. Үй-бүлөдөгү зомбулук

Үй-бүлөдөгү зомбулук — үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн башка мүчөсүнө (кара күч, психикалык, сексуалдык) ар кандай атайылап жасаган каршы аракеттери, эгерде мындай аракеттер үй-бүлө мүчөсүнүн конституциялык жана башка укуктары менен эркиндиктерин кысымга алса, саламаттыгына жеңил зыян келтирсе, дене боюн же психикасын жабыркатса, жаш курагына жана жынысына карабастан үй-бүлө мүчөсүнүн дене бой жана психикалык жагынан өнүгүшүнө зыян келтирсе, жана бул аракеттер үчүн жазык жоопкерчилиги каралган квалифицирленүүчү белгилер болбосо, —

бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага чейин администрациялык камакка алууга алып келет.

(КР 2004-жылдын 26-июлундагы N 98, 2012-жылдын 25-июлундагы N 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

66-4-статья. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо

Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он бешке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга же үчтөн беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет.

(КР 2004-жылдын 26-июлундагы N 98, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

66-5-статья. Коргоочу сот ордеринин шарттарын аткарбоо

Коргоочу сот ордеринде сот тарабынан белгиленген шарттарды аткарбоо, эгерде бул аракет үчүн жазык жоопкерчилиги каралган квалифицирленүүчү белгилер болбосо, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.

(КР 2004-жылдын 26-июлундагы N 98, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

66-6-статья. Зарыл коргонуунун чектеринен ашууда ден соолукка атайлап оор эмес же оор зыян келтирүү

Зарыл коргонуунун чектеринен ашууда ден соолукка атайлап оор же анча оор эмес зыян келтирүү, эгерде бул аракеттерде кылмыш-жаза жоопкерчиликтерин квалификациялоочу белгилер болбосо, —

бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага камакка алууга кириптер кылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

66-7-статья. Кылмыш кылган адамды кармоо үчүн зарыл чаралар чегинен ашканда денсоолукка атайлап оор же анча оор эмес зыян келтирүү

Кылмыш кылган адамды кармоо үчүн зарыл чаралар чегинен ашканда кылмыш кылган адамдын ден соолугуна атайлап оор же анча оор эмес зыян келтирүү, эгерде бул аракеттерде кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралуучу квалификациялык белгилер камтылбаса,-

он бештен жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

66-8-статья. Байкабастыктан ден соолукка оор же анча оор эмес зыян келтирүү

Байкабастыктан ден соолукка оор же анча оор эмес зыян келтирүү, —

он бештен жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө, юридикалык жактарга — үч жүздөн жети жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

66-9-статья. Уруп-согуу

Денебойлук ооруларды келтирген уруп-согуу же башка зомбулук аракеттерди жасоо, эгерде бул аракеттерде кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралуучу квалификациялык белгилер камтыбаса, —

кырк саатка коомдук иштерге тартуу менен беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакциларсына ылайык)

66-10-статья. Ден соолукка атайлап жеңил зыян келтирүү

Кыска убакытка ден соолуктун бузулушуна же болор-болбос туруктуу эмгекке жарамдуулугун жоготууга алып келбеген ден соолукка атайлап зыян келтирүү, эгерде бул аракеттерде кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралуучу квалификациялык белгилер камтылбаса, —

ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

66-11-статья. Өлтүрүү коркунучу

Өлтүрүү коркунучу, бул коркунучтарды ишке ашырууга жетиштүү кооптонуулар болсо, эгер бул аракеттерде кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралуучу квалификациялык белгилери камтылбаса, —

он бештен жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

67-статья. Жер участокторун берүү жөнүндө жарандардын арыздарын кароонун мөөнөттөрүн бузуу жана бош жаткан жер фондусу жөнүндө маалыматтарды жашыруу

Жер участокторун берүү жөнүндө жарандардын арыздарын (өтүнүчтөрүн) кароонун мөөнөттөрүн бузуу жана бош жаткан жер фондусу жөнүндө маалыматтарды жашыруу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

8-глава
Эмгекти коргоого жана жарандарды социалдык жактан сактоого шек келтирген администрациялык укук бузуулар

68-статья. Жарандарды жумушка алуудан негизсиз баш тартуу

Менчигинин жана чарба жүргүзүүсүнүн таризине карабастан, мамлекеттик ишканаларга жана уюмдарга иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызмат тарабынан жиберилген жарандарды Кыргыз Республикасынын Эмгек кодек- сине ылайык белгиленген квотанын эсебинен жумушка алуудан баш тартуусу, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

69-статья. Коопсуздук техникасынын эрежелерин бузуу

Коопсуздук техникасын сактоого жооптуу адамдардын бул эрежелерди бузушу, эгерде бул аракеттерде жазык жоопкерчилиги каралган квалификациялуу белгилер камтылбаса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

70-статья. Кызмат адамдары тарабынан айлык акыны, пенсияларды, стипендияларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү өз убагында төлөбөө

Кызмат адамдарынын айлык акыны, пенсияларды, стипендияларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү өз убагында төлөбөшү жана аларды инфляциянын расмий түрдө белгиленген деңгээлин эске албастан төлөшү, ошондой эле туумдун ордун толтурбашы —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга же кызматынан четтетүүгө алып келет.

71-статья. Ишке жалдоочунун эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузушу

Иштегендерге эмгектенүүнүн жакшы жана коопсуз шарттарын түзүп берүү, санитардык-гигиеналык ченемдердин жана эмгекти коргоо боюнча стандарттардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуучу каражаттарды жана технологияларды колдонуу боюнча өз милдетин аткарбай же аткарганы талаптагыдай болбой, ишке жалдоочулар эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

72-статья. Ишке жалдоочунун эмгек мыйзамдарын бузушу

Ишке жалдоочу тарабынан эмгек мыйзамдарын бузуу, анын ичинде:

— кош бойлуу аял, 3 жашка чыга элек балалуу аял менен эмгек келишимин мыйзамсыз бузуу;

— ишканалардын кызматкерлеринин шайлануучу профсоюздук же башка өкүлчүлүктүү органдарынын жетекчилери жана мүчөлөрү, мыйзамга ылайык кошумча гарантиялар берилген башка кызматкерлер менен эмгек келишимин мыйзамсыз бузуу;

— эмгек келишимин түзбөстөн ишке тартуу;

— жамааттык сүйлөшүү жүргүзүүдөн ишке жалдоочунун бир тараптуу баш тартуу —

ишке жалдоочунун ыйгарым укук берилген кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кырк өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

73-статья. Жарандарды жумуштан негизсиз четтетүү

Жарандарды кызмат адамдарынын жумуштан негизсиз четтетүүсү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

74-статья. Өндүрүштөн жапа чеккен адамдарга бир жолку жөлөкпулду төлөбөө

Ишке жалдоочунун кызмат адамынын өндүрүштөгү кырсыктын же кесиптик дарттын натыйжасында эмгекке жарамдуулугун толук же жарым-жартылай жоготкон кызматкерлерге бир жолку жөлөкпулду жана зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөп бербеши, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

75-статья. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга уруксат берүүнүн тартибин жана чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасында ишке уруксат берүүнүн тартибин бузуу

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга уруксат берүүнүн тартибин жана чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасындагы ишке уруксат берүүнүн тартибин бузушу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы N 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

75-1-статья. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуунун жана анда пайдалануунун тартибин бузуу

Иш берүүчүнүн Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуунун жана анда пайдалануунун тартибин бузушу —

иш берүүчүнүн кызмат адамына (ыйгарым укуктуу адамга) жыйырмадан элүүгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө, юридикалык жактарга — эки жүздөн үч жүзгө чейинки эмгек акынын өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуунун жана пайдалануунун эрежелеринин бузулушу, —

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып салуу менен же андай кылбастан, ондон жыйырмага чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 9-августундагы N 193, 2011-жылдын 18-ноябрындагы N 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

76-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын чегинен тышкары ишке орношуусуна уруксат берүүнүн тартибин бузуу

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын чегинен тышкары ишке орношуусуна уруксат берүү тартибин бузушу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы N 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

77-статья. Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш

Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө уруксатсыз же уруксатта каралган шарттарды бузуу менен ишке орноштуруу боюнча иштин жүзөгө ашырылышы, —

жарандарга ондон жыйырмага чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга — үч жүздөн жети жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттан ажыратуу менен администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 9-августундагы N 193, 2011-жылдын 18-ноябрындагы N 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

78-статья. Качкындын күбөлүгүн жоготуу (бузуу) жана аны өз убагында каттатпоо (кайра каттатпоо)

Качкындын күбөлүгүн жоготуу (бузуу) жана аны өз убагында каттатпоо (кайра каттатпоо) —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

79-статья. Эмгек жөнүндө мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик органдын көрсөтмөлөрүн аткарбоо

Эмгек жөнүндө мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик органдын көрсөтмөсүн ишке жалдоочунун аткарбоосу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

80-статья. Туура эмес маалымдама берүү жана атайылап жалган маалымат сунуш кылуу

Ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан жарандарга атайылап туура эмес маалымдамалардын берилиши, ушундан улам мамлекеттик жөлөкпулдун туура эмес дайындалышы жазык жоопкерчилигин караган квалификациялоочу белгилерди камтыбаса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Мамлекеттик жөлөкпул дайындатуу үчүн кайрылган учурда жарандардын атайылап жалган маалымат бериши, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

9-глава
Социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар

81-статья. Социалдык камсыздандыруу органдарында экономикалык ишти каттатпай жүргүзүү

Социалдык камсыздандыруу органдарында экономикалык ишти каттатпай жүргүзүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына жыйырмадан отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

82-статья. Социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди жана төлөмдөрдү белгиленген мөөнөтүндө бербөө

Социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди жана төлөмдөрдү белгиленген мөөнөтүндө бербөө, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш, кызмат адамдарына — он бештен элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

82-1-статья. Социалдык камсыздандырууга байланышкан анык эмес документтерди жана жалган маалыматтарды атайылап берүү

Негиздер болбогон учурда пенсиялардын же социалдык камсыздандыруу боюнча камсыз кылуунун башка түрлөрүнүн дайындалышына, болбосо пенсиялардын же социалдык камсыздандыруу боюнча камсыз кылуунун башка түрлөрүнүн өлчөмдөрүн туура эмес эсептөөгө алып келүүчү анык эмес документтердин кызмат адамдары тарабынан атайылап берилиши, эгерде мындай аракеттер жазык жоопкерчилиги каралган квалификациялоочу белгилерди камтыбаса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Негиздер болбогон учурда пенсиялардын же социалдык камсыздандыруу боюнча камсыз кылуунун башка түрлөрүнүн дайындалышына болбосо пенсиялардын же социалдык камсыздандыруу боюнча камсыз кылуунун башка түрлөрүнүн өлчөмдөрүн көбөйтүп эсептөөгө алып келүүчү жалган маалыматтардын жарандар тарабынан атайылап берилиши, эгерде мындай аракеттер жазык жоопкерчилиги каралган квалификациялоочу белгилерди камтыбаса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 17-февралындагы N 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

83-статья. Камсыздандыруу төлөмдөрүн атайылап төмөндөтүү

Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасын атайылап төмөндөтүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш, кызмат адамдарына — он бештен элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

84-статья. Социалдык фонддун кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо

Социалдык фонддун кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоосу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

9-1-глава
Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуу

(Глава КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

84-1-статья. Бухгалтердик эсеп эрежелерин бузуу

Ыйгарым укуктуу адам тарабынан бухгалтердик эсеп, мыйзамдарда каралган маалыматтарды документтөө эрежелерин бузуу, же уюмдун чарбалык жана финансылык иштери жөнүндө алдынала отчеттук документтерге жалган маалыматтарды киргизүү, ошого тете финансылык жана башка эсептик документтерди жок кылуу, —

жыйырма эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

10-глава
Жарандардын ден соолугун коргоого шек келтирген администрациялык укук бузуулар

85-статья. Жарандардын ден соолугун коргоо боюнча мыйзамдарды бузуу

Кызмат адамдарынын жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузушу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

85-1-статья. Жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу

Жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамдардын бузулушу,-

жарандарга — бирден үчкө чейин, кызмат адамдарына — ондон жыйырмага чейин, юридикалык кактарга — жүздөн беш жүзгө чейин эсептешүү көрсөткүчтөрүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

86-статья. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын сактоонун жана сарамжал пайдалануунун эрежелерин бузуу

Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын сактоонун жана сарамжал пайдалануунун эрежелерин бузуу, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

87-статья. Жыныстык оору менен ооругандардын текшерилүүдөн баш тартышы

Жыныстык оору менен ооругандардын текшерилүүдөн баш тартышы —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

88-статья. Радиациялык коопсуздук боюнча эрежелерди, ченемдерди, нускамаларды жана башка талаптарды бузуу

Радиациялык коопсуздук боюнча эрежелерди, ченемдерди, нускамаларды жана башка талаптарды бузуу, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

89-статья. Электромагниттик коопсуздук боюнча эрежелерди, ченемдерди, нускамаларды жана башка талаптарды бузуу

Электромагниттик коопсуздук боюнча эрежелерди, ченемдерди, нускоолорду жана башка талаптарды бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

90-статья. Санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы эрежелерди бузуу

Менчигинин түрүнө карабастан, мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы эрежелерди жана ченемдерди бузуу, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет, администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалганда, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

91-статья. Эпидемияларга каршы күрөшүү эрежелерин бузуу

Карантиндик жана адам үчүн коркунучтуу болгон башка инфекциялардын пайда болушун же таралып кетишин болтурбай коюу максатында белгиленген милдеттүү эрежелерди бузуу, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

91-1-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ВИЧке милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүдөн атайылап качышы

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ВИЧке милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүдөн атайылап качышы,-

ушул Кодекстин 39-статьясында каралгандай Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык чыгарып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 9-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

91-2-статья. Сатып өткөрүү максаты жок баңги каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды көп эмес өлчөмдөрдө мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташып жеткирүү же кайра жөнөтүү

Баңги каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды сатып өткөрүү максаты жок, көп эмес өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташып жеткирүү же кайра жөнөтүү, —

бештен жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга, болбосо баңги каражаттарын же психотроптук заттарды конфискациялоо менен беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет.

Ошол эле аракеттер администрациялык жаза чаралары көрүлгөндөн кийинки жыл ичинде кайрадан кайталанса, ошол эле аракеттер үчүн, —

баңги каражаттарын же психотроптук заттарды конфискациялоо менен беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.

Эскертүү. Баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмеги, ошондой эле ушул статья боюнча, ошондой эле ушул Кодекстин башка статьялары боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ өлчөмдөр, баңги заттарын көзөмөлдөөгө ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча «Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

91-3-статья. Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду өндүрүүнүн белгиленген эрежелерин жана мыйзамдуу жүгүртүүнү бузуу

Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду өндүрүүнүн белгиленген эрежелерин жана мыйзамдуу жүгүртүүнү бузуу, —

кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө, ал эми юридикалык жактарга — жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

92-статья. Сапатсыз тамак-аш азыктарын жана мамлекеттик стандартка ылайык келбеген тузду сатып өткөрүү

Сапатсыз, анын ичинде химиялык, уулуу, канцерогендик заттарды жана биологиялык кошундуларды кеңири камтыган, үйдө даярдалган, жарандардын ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген тамак-аш азыктарын сатып өткөрүү —

тамак-ашын конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарына ылайык келбеген тамак-аш тузун сатып өткөрүү —

йоддоштуруу үчүн продукциясын алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2004-жылдын 27-июлундагы N 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

92-1-статья. Жашы жете электерге алкоголдук продукцияларды сатуу

Он сегиз жашка чыга элек адамдарга алкоголдук продукцияларды сатуу, —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанганда, —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга — ушул иш менен алектенүү лицензиясынан (уруксатынан) ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 17-июлундагы N 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

92-2-статья. Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды жарнамалоо жана таратуу эрежелерин бузуу

Тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды жарнамалоо жана таратуу эрежелерин бузуу, —

тиешелүүлүгүнө жараша жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмадан жүзгө чейинки, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчтүн жүздөн беш жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 17-декабрындагы N 264 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

93-статья. Дарылык, дартты аныктоочу, алдын алуучу жана дарылоо-косметикалык каражаттарды, медициналык, багыттагы буюмдарды жана техниканы, дарылап-алдын алуучу тамак-аш продуктыларын жана тамак-аш кошундуларын өндүрүүнүн, сатып алуунун жана сатып өткөрүүнүн эрежелерин бузуу

Дарылык, дартты аныктоочу, алдын алуучу жана дарылоо-косметикалык каражаттарды, медициналык багыттагы буюмдарды жана техниканы, дарылап-алдын алуучу тамак-аш продуктыларын жана тамак-аш кошундуларын өндүрүүнүн, сатып алуунун жана сатып өткөрүүнүн эрежелерин бузуу,-

каражаттарды, буюмдарды жана дарылап-алдын алуучу тамак-аш азыктары менен тамак-аш кошундуларын конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

94-статья. Фармацевттик ишти мыйзамсыз жүргүзүү

Тиешелүү лицензиясыз (уруксатсыз) фармацевтик иш жүргүзүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

95-статья. Врачтык ишти мыйзамсыз жүргүзүү

Атайын медициналык билими жана саламаттык сактоо органдарынын уруксаты (лицензиясы) жок адамдардын врачтык ишти жүргүзүшү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

96-статья. Мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды жүзөгө ашыруунун белгиленген тартибин бузуу

Мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды жүзөгө ашыруунун белгиленген тартибин бузуу, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын баасын атайылап жогорулатуу же акысыз медициналык жардам алууга укуктуу адамдарга билип туруп акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

11-глава
Жер казынасына карата мамлекеттик менчик укугуна шек келтирген администрациялык укук бузуулар

97-статья. Жер казынасын мамлекеттик менчиктөө укугун бузуу

Жер казынасын өзү билип пайдалануу, жер казынасына мамлекеттик менчик укугун тикелей же кыйыр түрдө бузган бүтүмдөрдү жасоо, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

98-статья. Жер казынасын коргоо жана пайдалануу боюнча талаптарды бузуу

Пайдалуу кендер жайгашкан аянттарга өзү билип курулуш куруу, жер казынасын пайдалануунун белгиленген тартибин сактабоо жана геологиялык маалыматтардын жашырындуулугун бузуу, жер казынасын коргоо эрежелерин жана жер казынасын пайдаланууга байланыштуу жумуштардын зыяндуу таасиринен курчап турган жаратылыш чөйрөсүн, имараттарды жана курулуштарды коргоо боюнча талаптарды аткарбоо, жер астындагы сууларга байкоо жүргүзө турган режимдик скважиналарды, ошондой эле маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

99-статья. Пайдалуу кендер чыккан жерлерге курулуш куруунун жана иштетүүнүн эрежелерин бузуу

Пайдалуу кендер чыккан жерге өзү билип курулуш куруу, кен чыккан жерлердин өнөр жайлык баалуулугун төмөндөтүү менен, аларды тандап иштетүү, пайдалуу кендерди казып алууда жана минералдык чийки заттарды кайра иштетүүдө, пайдалуу компоненттердин ченемден жогорку коромжулуктарга учурашына жол берүү аркылуу пайдалуу кендер чыккан жерлерге курулуш куруунун жана иштетүүнүн эрежелерин бузуу,-

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына — бештен он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Жер астындагы сууларды, анын ичинде термоминералдык жана дарылык сууларды соолутуу жана булгоо, аларды тикелей багыты боюнча пайдаланбоо, кийин пайдалануу үчүн жарактуу болгон гидрогеологиялык скважиналарды жок кылуу, зыянга учуратуу же алардын сакталышын камсыз кылбоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

100-статья. Минералдык чийки затты алуунун жана кайра иштетүүнүн технологиясын бузуу

Пайдалуу кендердин корлорун толук иштетпөө, кошумча иштетүү, алынган кенди жеринде калтыруу, жасалгалоочу таштарды алуунун анын табигый касиеттерин жана сапаттарын начарлатуучу усулдарын колдонуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Пайдалуу кендерди казып алуучу ишканаларды консервациялоо жана жоюу боюнча долбоорлорду, геологиялык жана кен казуу иштеринен бузулган жердин үстүңкү катмарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды аткарбоо, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Корлорду жер казынасында жайгаштыруунун табигый шарттарына жана пайдалуу кендердин сапаттык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келбеген кен казуу иштерин жүргүзүү жана минералдык чийки затты кайра иштетүү аркылуу минералдык чийки затты алуунун жана кайра иштетүүнүн технологиясын бузуу, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

101-статья. Жер казынасын өздөштүрүүдө эсепке алуунун жана геологиялык-маркшейдердик камсыз кылуунун эрежелерин бузуу же аткарбоо

Пайдалуу кен чыккан жерлерди, жер астындагы сууларды иштетүүдө гидрогеологиялык, геологиялык жана маркшейдердик камсыз кылуу эрежелерин бузуу же аткарбоо жана жер казынасын башка максаттарда пайдалануу, геодезиялык жана маркшейдердик белгилерди жок кылуу же зыянга учуратуу, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Жер казынасын өздөштүрүүдө корлордун абалын жана кыймылын, эсепке алуунун жана геологиялык-маркшейдердик камсыз кылуунун, коромжулуктарынын жана азайышынын эрежелерин, суу алына турган горизонтторго чыгарылып жаткан агынды сууларды эсепке алуунун жана сапатын аныктоонун эрежелерин бузуу же аткарбоо, геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик органга пайдалуу кендердин чалгындалган жана тындырылган корлору боюнча отчеттуулуктун түрлөрүн бербөө —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

102-статья. Мумияны жана мумияны камтыган минералдык чийки затты өзү билип чогултуу

Мумияны жана мумияны камтыган минералдык чийки затты сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн өзү билип чогултуу —

мумияны жана мумияны камтыган минералдык чийки затты алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Мумияны жана мумияны камтыган минералдык чийки затты сатып өткөрүү максатында өзү билип чогултуу, ошого тете мумияны жана мумияны камтыган минералдык чийки затты сатып өткөрүү —

мумияны жана мумияны камтыган минералдык чийки затты алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

103-статья. Жер казынасын геологиялык иликтөө боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн эрежелерин жана талаптарын бузуу

Кызмат адамдары тарабынан пайдалуу кендердин чалгындалган корлоруна туура эмес баа берүүгө алып келиши мүмкүн болгон жер казынасын геологиялык иликтөө боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн эрежелерин жана талаптарын же пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды куруу жана пайдалануу үчүн шарттарды бузуу, жер казынасын андан ары иликтөөдө жана кен чыккан жерлерди иштетүүдө зарыл болгон геологиялык документтерди, дубликаттарды, пайдалуу кендердин жана керндин сынамыктарын жоготуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалганда, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн сегиз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

12-глава
Жерге карата менчик укугуна шек келтирген администрациялык укук бузуулар

(Главанын аталышы 2005-жылдын 5-августундагы N 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

104-статья. Айыл чарба жерлерин отоо чөптөргө бастыруу жана жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарбоо

Айыл чарба жерлерин отоо чөптөргө бастыруу жана жерлерди жакшыртуу жана кыртышты эрозиядан жана жердин сапатына терс таасир тийгизген башка процесстерден коргоо боюнча иш чараларды аткарбоо, жерди кыртыштын бузулушуна жана жерди которуштуруп пайдалануучулардын экологиялык жагдайын начарлатууга алып келген ыкмалар менен пайдалануу, жер участокторун максатка ылайыктуу пайдаланбоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарына — элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

105-статья. Жерди өзү билип ээлеп алуу

Менчигинин түрүнө карабастан жер участогун өзү билип ээлеп алуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн — жыйырмага чейин, кызмат адамдарына — жүз өлчөмүнө чейин айып салууга, болбосо беш суткага чейин администрациялык камакка алынууга жазаланат.

(КР 2005-жылдын 5-августундагы N 122, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

106-статья. Айдоо жерлерин багыты боюнча пайдаланбоо

Бир айыл чарба маалынын ичинде айдоо жерлерин багыты боюнча пайдаланбоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Эки айыл чарба маалынын ичинде айдоо жерлерин багыты боюнча пайдаланбоо,-

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш, кызмат адамдарына жыйырмадан отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

107-статья. Жерди пайдаланууда жаратылышты коргоо режиминин талаптарын аткарбоо

Жерди пайдаланууда жаратылышты коргоо режиминин талаптарын аткарбоо, берилген жер участогунда жана белгилүү аймакта экологиялык жагдайды начарлатуу, жердин абалына терс таасир тийгизген объектилерди жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу, пайдаланууга берүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

108-статья. Жер кадастрын, жерлерди эсепке алууну жана баалоону мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды бурмалоо

Кызмат адамынын же жерлерди эсепке алууну жана баалоону каттоо үчүн жооптуу болгон адамдын жер кадастрын, жерлерди эсепке алууну жана баалоону мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды бурмалашы,-

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

109-статья. Жерлердин абалы жана пайдаланылышы жөнүндө маалымат тарды бурмалоо

Жерлердин абалы жана пайдаланылышы жөнүндө маалыматтарды бурмалоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарына — жыйырмадан отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

110-статья. Жүйөөлүү себептерсиз жер участокторун пайдаланбоо

Айыл чарбасында жана токой чарбасында пайдалануу үчүн берилген жер участогун жыл ичинде жүйөөлүү себептерсиз пайдаланбоо —

эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Айыл чарбасынан жана токой чарбасынан башка максатка пайдалануу үчүн берилген жер участогун жыл ичинде жүйөөлүү себептерсиз пайдаланбоо, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

111-статья. Калыбына келтирилген жерлерди жана бөлүнүп берилген жерлердин ордуна жаңыдан өздөштүрүлгөн жерлерди өткөрүп берүү мөөнөттөрүн бузуу

Калыбына келтирилген жерлерди жана бөлүнүп берилген жерлердин ордуна жаңыдан өздөштүрүлгөн жерлерди өткөрүп берүү мөөнөттөрүн бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарына — элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

112-статья. Убактылуу ээлеген жерлерди өз убагында кайтарып бербөө же аларды багыты боюнча пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирбөө

Убактылуу ээлеген жерлерди өз убагында кайтарып бербөө же аларды багыты боюнча пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирбөө —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

113-статья. Ички чарбалык жерге жайгаштыруунун долбоорун өзү билип өзгөртүү

Ички чарбалык жерге жайгаштыруунун долбоорун өзү билип өзгөртүү, ошого тете айыл чарба жерлерин ички чарбалык жерге жайгаштыруунун долбоору жок пайдалануу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

114-статья. Чек аралык, чек коюучу жана эскертүүчү белгилерди жок кылуу же зыянга учуратуу

Жерди пайдалануудагы чек аралык, чек коюучу жана эскертүүчү белгилерди жок кылуу же зыянга учуратуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

115-статья. Жер участокторун берүү жөнүндө арыздарды кароо мөөнөттөрүн бузуу, жерди инвентаризациялоону өткөрүүгө каршылык көрсөтүү

Жарандардын жана юридикалык жактардын жер участокторун берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүчтөрүн) кароонун мөөнөттөрүн бузуу же бош жер фондусунун бар экендиги жөнүндө маалыматты жашыруу, жерди инвентаризациялоону өткөрүүгө, жерге байланыштуу укуктук документтерди тариздөөгө каршылык көрсөтүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

116-статья. Буйруктарды аткаруудан баш тартуу

Мамлекеттик жер контролун жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын атайын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузууларды четтетүү боюнча буйруктарды же токтомдорду аткаруудан баш тартуу же өз убагында аткарбоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарына — ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

117-статья. Жер участокторун каттатуудан баш тартуу

Жер участокторун мыйзамда белгиленген мөөнөттө каттатуудан баш тартуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-1-глава
Тарыхый-маданий мурастарга шек келтирген администрациялык укук бузуулар

(Глава КР 2013-жылдын 24-июлундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

117-1-статья. Мамлекеттик маанидеги тарыхый-маданий мурастардын объекттерин, алардын аймактарын жана зоналарын сактоонун, пайдалануунун жана коргоонун талаптарын бузуу

Мамлекеттик маанидеги тарыхый-маданий мурастардын объекттерин (тарых жана маданият эстеликтерин), алардын аймактарын жана зоналарын сактоонун, пайдалануунун жана коргоонун талаптарын бузуу, ошого тете аларды коргоо зоналарында белгиленген чектөөлөрдү сактабоо, —

эскертүүгө же жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейин, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүүгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанидеги тарыхый-маданий мурастарынын өзгөчө баалуу объекттерине, алардын аймактарындагы тарыхый-маданий мурастардын объекттерине, тарыхый-маданий коруктарынын (музей-коруктарынын) аймактарына, ошого тете аларды коргоо зоналарына карата жасалган ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган аракеттер (аракетсиздик), —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейин, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Табылган тарыхый-маданий мурас объекттерине же алардын аймактарына карата жасалган ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттер (аракетсиздик), —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейин, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүүгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 24-июлундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

117-2-статья. Тарыхый-маданий мурастардын объекттерин коргоо боюнча мамлекеттик органдын уруксатысыз жер иштетүү, курулуш жана башка иштерди жүргүзүү

Тарыхый-маданий мурастардын объекттерин коргоо боюнча мамлекеттик органдын уруксатысыз жер иштетүү, курулуш, сугат, чарбалык башка иштерди жүргүзүү, эгерде мындай уруксат милдеттүү болгондо, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү, юридикалык жактарга — жүздөн жүз элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 24-июлундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

117-3-статья. Тарыхый-маданий мурастардын объекттери үчүн арналган жерлердин курамынан жер участокторун мыйзамсыз берүү

Тарыхый-маданий мурастардын объекттери үчүн арналган жерлердин курамынан жер участокторун мыйзамсыз берүү, тарыхый-маданий мурастардын объекттери үчүн арналган жерлердин курамынан жер участокторунун укуктук режимин мыйзамсыз өзгөртүү, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 24-июлундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

117-4-статья. Уруксатсыз археологиялык чалгындоолорду же казууларды жүргүзүү

Белгиленген тартипте уруксат албастан же болбосо уруксатта каралган шарттарды бузуу менен археологиялык чалгындоолорду же казууларды жүргүзүү, —

казуулардын натыйжасында табылган буюмдарды, ошондой эле чалгындоо же казуулар үчүн пайдаланылган куралдарды жана жабдууларды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейин, казуулардын натыйжасында табылган буюмдарды, ошондой эле чалгындоо же казуулар үчүн пайдаланылган куралдарды жана жабдууларды конфискациялоо менен кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейин, казуулардын натыйжасында табылган буюмдарды, ошондой эле чалгындоо же казуулар үчүн пайдаланылган куралдарды жана жабдууларды конфискациялоо менен юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүүгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Байкабастыктан археологиялык мурас объекттин бузууга же жок кылууга алып келген ушул статьянын биринчи бөлүгү менен каралган аракеттер, —

казуулардын натыйжасында табылган буюмдарды, ошондой эле чалгындоо же казуулар үчүн пайдаланылган куралдарды жана жабдууларды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейин, казуулардын натыйжасында табылган буюмдарды, ошондой эле чалгындоо же казуулар үчүн пайдаланылган куралдарды жана жабдууларды конфискациялоо менен кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейин; казуулардын натыйжасында табылган буюмдарды, ошондой эле чалгындоо же казуулар үчүн пайдаланылган куралдарды жана жабдууларды конфискациялоо менен юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 24-июлундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

117-5-статья. Археологиялык талаа жумуштарынын натыйжасында табылган тарыхый-маданий баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей фондуна өткөрүп берүүдөн баш тартуу

Археологиялык талаа жумуштарынын натыйжасында табылган тарыхый-маданий баалуулуктарды (тарыхый-маданий баалуулуктары бар антропогендик, антропологиялык, палеозоологиялык, палеоботаникалык жана башка объекттерди) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей фондуна өткөрүп берүүдөн баш тартуу, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейин, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүүгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 24-июлундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-глава
Суу ресурстарына карата мамлекеттик менчик укугуна шек келтирген администрациялык укук бузуулар

118-статья. Суу ресурстарына болгон мамлекеттик менчик укугун бузуу

Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын өзү билип ээлеп алуу, сууну өзү билип пайдалануу жана өзү билип бөлүштүрүү, ошондой эле суу ресурстарына болгон мамлекеттик менчик укугун тикелей же кыйыр түрдө бузган башка бүтүмдөрдү жасоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына — бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

119-статья. Сууну пайдалануу эрежелерин бузуу

Сууну пайдалануунун жана сууну бөлүштүрүүнүн лимиттерин, сууну пайдаланууга жана сууну бөлүштүрүүгө укук берген лицензияда көрсөтүлгөн шарттарды бузуу менен сууну алуу, гидротехникалык жумуштарды өзү билип жүргүзүү, сууну (суу объектилеринен алынган же бөлүнгөн) чарбасыздык менен пайдалануу, суу объектилеринен алынуучу суунун баштапкы эсебин жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу, сууну пайдалануунун абалы жөнүндө өз убагында жана так маалымат берүүдөн баш тартуу же бурмаланган маалымат берүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына — бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

120-статья. Суу чарба курулуштарын, жасалгаларын зыянга учуратуу жана аларды пайдалануу эрежелерин бузуу

Суу чарба курулуштарын, жасалгаларын зыянга учуратуу жана аларды пайдалануу эрежелерин, ошондой эле коллектордук-дренаждык тутумдарды бузуу —

жарандарга мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен он саатка чейин коомдук иштерге тартуу менен он эсептешүү көрсөткүчүнө чейин; кызмат адамдарына — мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен он алты саатка чейин коомдук иштерге тартуу менен жыйырма эсептешүү көрсөткүчүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 68, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

121-статья. Суу фондусунун жерлерин мыйзамсыз пайдалануу

Суу фондусунун жерлерине (табигый суу объектилеринен башка) чарбалык курулуштарды тургузуу, жыгачты сактоо жана кайра иштетүү үчүн курулуштарды жана башка объектилерди куруу, дүмүрдөн тазалоо, линиялык курулуштарды салуу, жардыруу, бургулоо жана башка жумуштарды жүргүзүү, бул жерлерди пайдаланууга тиешелүү уруксат албастан, кыртыштын күрдүү катмарын алуу үчүн пайдалануу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына — бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

122-статья. Суу ресурстарын коргоо эрежелерин бузуу

Сууну бөлүштүрүү эрежелерин жана ченемдерин, бөлүнгөн кулактардын санын жана сапатын эсепке алуунун тартибин бузуу, суу ресурстарын акыр-чикирге толтуруу жана азайтуу, агын сууну тазалоо технологиясын, тазалоочу жайларды жана жасалгаларды пайдалануу эрежелерин, суу кадастрын жүргүзүү эрежелерин бузуу, суу топтоодо суу сактоо режимин сактабоо, кыртыштын суу эрозиясын жана башка зыяндуу көрүнүштөрүн алып келүүчү тыюу салынган балык кармоочу куралдарды колдонуу ошондой эле суу объектилеринин табигый абалын бузуп, сууну буруунун белгиленген ченемдерин жана эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиштен жүз, кызмат адамдарына — жүздөн жүз элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ишканаларды, коммуналдык жана башка объектилерди суунун булганышын жана акыр-чикирге толушун же алардын зыяндуу таасирин болтурбай коюучу курулуштарсыз жана жасалгаларсыз, ошондой эле балык сактоочу курулуштарсыз жана жасалгаларсыз пайдаланууга берүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы N 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

123-статья. Суу объектилерин лицензиясыз пайдалануу

Суу объектилерин сууну пайдаланууга укук берген лицензиясыз же пайдалануунун белгиленген мөөнөттөрү өткөндөн кийин пайдалануу, мындай уруксат алуу мыйзамдарга ылайык зарыл болгон учурларда —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына — бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

14-глава
Токойлорго карата мамлекеттик менчик укугуна шек келтирген администрациялык укук бузуулар

124-статья. Токойлорго карата мамлекеттик менчик укугун бузуу

Токойлорду пайдалануу укугун өзү билип башкага берүү, ошондой эле токойлорго болгон мамлекеттик менчик укугун тикелей же кыйыр түрдө бузган башка бүтүмдөрдү жасоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн эки, кызмат адамдарына — экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

125-статья. Токой фондусундагы жерлерди мыйзамсыз пайдалануу

Токой фондусундагы жерлерди чарбалык курулуштарды тургузуу, жыгачты сактоо жана кайра иштетүү үчүн курулуштарды жана башка объектилерди куруу, дүмүрдөн тазалоо, линиялык курулуштарды салуу, жардыруу, бургулоо жана башка жумуштарды жүргүзүү, бул жерлерди пайдаланууга тиешелүү уруксатсыз кыртыштын күрдүү катмарын алуу үчүн пайдалануу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн эки, кызмат адамдарына — экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

126-статья. Кыюлуучу токой фондусун пайдалануунун жана кыйылган жерлерге көчөт отургузуунун белгиленген тартибин бузуу

Кыйылуучу токой фондусун пайдалануунун, жыгачты даярдоонун жана ташып кетүүнүн белгиленген тартибин, ошондой эле кыйылган жерлерге жана токой фондусундагы башка жерлерге көчөт отургузуунун жана калыбына келтирүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына — экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

127-статья. Дарактарды, токойдо өскөн өсүмдүктөрдү, жаш балатылар жана өзгөчө баалуу дарактар породалары мыйзамсыз кыюу, зыянга учуратуу жана жок кылуу

Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана зыянга учуратуу, токойдогу өскөн өсүмдүктөрдү, токой питомниктериндеги жана плантацияларындагы эгилген же тигилген көчөттөрдү, ошондой эле токойлорду калыбына келтирүү үчүн арналган аянттардагы табигый жаш дарактарды жана эгилген көчөттөрдү жок кылуу же зыянга учуратуу, —

жарандарга — ондон он бешке чейин, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан отузга чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер, администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалганда, —

жарандарга — он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүүгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Тиричиликте пайдалануу максатында (от жагуу жана отун) өзгөчө баалуу дарактар породаларын мыйзамсыз кыюу, —

жарандарга — эсептик көрсөткүчтөрдүн ондон он бешке чейинки, кызмат адамдарына — отуздан элүүгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.

Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган ошол эле иш-аракеттер администрациялык жаза чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, —

жарандарга — эсептик көрсөткүчтөрдүн он бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга болбосо беш суткага камакка алууга, кызмат адамдарына — эсептик көрсөткүчтөрдүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.

(КР 2004-жылдын 11-мартындагы N 20, 2006-жылдын 21-августундагы N 174, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

128-статья. Токойлорду пайдаланууну токойлорду кыюу билетинде (ордеринде) же токой билетинде каралган максаттарга же талаптарга ылайыксыз жүзөгө ашыруу

Токойлорду пайдаланууну токойлорду кыюу билетинде (ордеринде) же токой билетинде каралган максаттарга же талаптарга ылайыксыз жүзөгө ашыруу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

129-статья. Токойлорду калыбына келтирүүнүн жана жакшыртуунун, жетилген дарактардын ресурстарын пайдалануунун эрежелерин бузуу

Токойлорду калыбына келтирүүнүн жана жакшыртуунун, жетилген дарактардын ресурстарын пайдалануунун эрежелерин, токойлордун түрдүк курамынын абалын бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

130-статья. Мамлекеттик токой фондусундагы жерлердеги чабындыларды жана жайыттарды зыянга учуратуу

Мамлекеттик токой фондусундагы жерлердеги чабындыларды жана жайыттарды зыянга учуратуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үч, кызмат адамдарына — үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

131-статья. Токой фондусунда өзү билип дыйканчылык кылуу, чөп чабуу жана мал жаюу, жапайы өскөн мөмөлөрдү, техникалык чийки затты жыйноо, ошондой эле бал челектерди жайгаштыруу

Тыюу салынган же токой билеттери боюнча жол берилген участкаларда өзү билип дыйканчылык кылуу, чөп чабуу жана мал жаюу, жапайы өскөн мөмөлөрдү, техникалык чийки затты жыйноо, ошондой эле бал челектерди жайгаштыруу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына жыйырмадан кырк өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 8-ноябрындагы N 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

132-статья. Токой фондусун химиялык заттар, өндүрүштүк таштандылар жана агынды суулар, өнөр жайдын, коммуналдык-турмуш-тиричиликтин калдыктары, таштандылары жана акыр-чикирлери менен зыянга учуратуу же булгоо

Токой фондусун токойдун куурап калышына же илдетке чалдыгышына алып келүүчү химиялык заттар, өндүрүштүк таштандылар жана агынды суулар, өнөр жайдын, коммуналдык-турмуш-тиричиликтин калдыктары, таштандылары жана акыр-чикирлери менен зыянга учуратуу же булгоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо кырк саатка коомдук иштерге тартууга, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо кырк саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

133-статья. Токой фондусунун жерлериндеги токойлорду турмуш-тиричиликтин таштандылары жана акыр-чикирлери менен булгоо

Токой фондусунун жерлериндеги токойлорду, ошондой эле булактарды жана суу чыккан жерлерди турмуш-тиричиликтин таштандылары жана акыр-чикирлери менен булгоо —

он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

134-статья. Мамлекеттик токой фондусундагы жерлерде токойлорду сугаруучу арыктарды, дренаждык тутумдарды жана жолдорду жок кылуу жана зыянга учуратуу

Мамлекеттик токой фондусундагы жерлерде токойлорду сугаруучу арыктарды, дренаждык тутумдарды жана жолдорду жок кылуу жана зыянга учуратуу —

жарандарга жыйырма төрт саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына — кырк саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

135-статья. Токойлордогу чектөөчү белгилерди, аншлагдарды, токой эмеректерин жок кылуу жана зыянга учуратуу

Мамлекеттик токой фондусундагы жерлердеги чектөөчү белгилерди, аншлагдарды, көрнөктөрдү жана көргөзмө үгүттүн башка буюмзаттарын, токой эмерегин жана чакан архитектуралык тариздерди, ошондой эле кара чыйырчыктын уяларын, акырларды, кумурскалардын уюктарын жок кылуу жана зыянга учуратуу —

сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

136-статья. Токой фондусунун жерлеринде пайдалуу жан-жаныбарларды жок кылуу

Токой фондусунун жерлериндеги пайдалуу жан-жаныбарларды жок кылуу, —

он саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

137-статья. Автомобиль жана темир жолдорунун, каналдардын, көлмөлөрдүн, арыктардын жээгиндеги, эгилүүчү аянттардын чектериндеги токой тилкелерин зыянга учуратуу, жок кылуу же өзү билип кыюу

Автомобиль жана темир жолдорунун, каналдардын, көлмөлөрдүн, арыктардын жээгиндеги, эгилүүчү аянттардын чектериндеги токой тилкелерин зыянга учуратуу, жок кылуу же өзү билип кыюу —

он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

138-статья. Токойлордо өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу

Токойлордо өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо он алты саатка коомдук иштерге тартууга, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо жыйырма төрт саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

139-статья. Токойдун куурашына же илдетке чалдыгышына алып келүүчү радиоактивдүү заттарды, бактериялык-мителик жана карантиндик, зыяндуу организмдерди жуктуруу

Токойдун куурашына же илдетке чалдыгышына алып келүүчү радиоактивдүү заттарды, бактериялык-мителик жана карантиндик, зыяндуу организмдерди жуктуруу, —

он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

140-статья. Мамлекеттик токой фондусунун жана бекитилип берилген мергенчилик кылуучу жерлердин аймагында аңчылык кылуунун эрежелерин жана мөөнөттөрүн бузуу

Буга тиешелүү уруксатсыз (лицензиясыз, атуу карточкалары жана жолдомолорсуз) мамлекеттик токой фондусунун жана бекитилип берилген мергенчилик кылуучу жерлердин аймагында аңчылык кылуунун эрежелерин жана мөөнөттөрүн бузуу, ошондой эле тыюу салынган мөөнөттөрдө же мергенчиликтин тыюу салынган куралдары жана ыкмалары менен мергенчилик кылуу же мамлекеттик токой фондусунун жана бекитилип берилген аңчылык кылуучу жерлердин аймагындагы жапайы айбанаттардын тыюу салынган түрлөрүнө аңчылык кылуу, —

мергенчилик кылуу куралын конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

141-статья. Мамлекеттик токой фондусунун жана бекитилип берилген аңчылык кылуучу жерлердин аймагындагы жапайы айбанаттардын жана канаттуулардын жашаган жерлерин жана көбөйүү шарттарын коргоо эрежелерин бузуу

Мамлекеттик токой фондусунун жана бекитилип берилген аңчылык кылуучу жерлердин аймагындагы жапайы айбанаттардын жана канаттуулардын жана токой үчүн пайдалуу башка жаныбарлардын жашаган жерлерин жана көбөйүү шарттарын коргоо эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына — үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

142-статья. Мамлекеттик токойду коргоо, аңчылык чарбасынын, аңчылык көзөмөлүнүн жана айлана-чөйрөнү коргоонун кызматкерлеринин мыйзамдуу буйругуна же талабына баш ийбөө

Мамлекеттик токойду коргоо, аңчылык чарбасынын, аңчылык көзөмөлүнүн жана айлана-чөйрөнү коргоонун кызматкерлеринин мыйзамдуу буйругуна же талабына баш ийбөө, ошого тете эле ар бир иштин жагдайларын өз убагында, толук жана объективдүү аныктоого, чыгарылган токтомдун аткарылышын камсыз кылууга тоскоолдук кылуу, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына — үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

143-статья. Мамлекеттик токой фондусундагы жер кыртышынын күрдүү катмарын, чымын өзү билип алуу

Мамлекеттик токой фондусундагы жер кыртышынын күрдүү катмарын, чымын өзү билип алуу, ошого тете жерлердин чөп өскөн катмарын жок кылуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына — үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

144-статья. Токой фондусун эсепке алуунун жана баа берүүнүн маалыматтарын бурмалоо

Токой фондусун эсепке алуунун жана баа берүүнүн маалыматтарын бурмалоо —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

15-глава
Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө мамлекеттик менчик укугуна шек келтирген администрациялык укук бузуулар

145-статья. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн мамлекеттик менчиктөө укугун бузуу

Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу укугун өзү билип пайдалануу, башкага ыйгаруу, ошондой эле жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө мамлекеттик менчик укугун кыйыр же тикелей түрдө бузган башка бүтүмдөрдү жасоо, ошого тете аларды пайдалануу үчүн атайын уруксат алуу талап кылынган жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин өзү билип пайдалануу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына — беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

146-статья. Жаныбарлар жашаган чөйрөнү коргоо, зоологиялык коллекцияларды жана аны менен соода кылуунун эрежелерин бузуу, ошого тете жаныбарларды өзү билип жер которуштуртуу, жаңы чөйрөгө көнүктүрүү жана аргындаштыруу

Жаныбарлар жашаган чөйрөнү жана алардын миграция жолдорун коргоо эрежелерин, зоологиялык коллекцияларды түзүүнүн, толуктоонун, сактоонун, пайдалануунун жана эсепке алуунун эрежелерин жана аны менен соода кылуунун эрежелерин, ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүнүн жана зоологиялык коллекциялардын объектилерин чет өлкөгө салып жиберүүнүн жана алып кетүүнүн эрежелерин бузуу, ошого тете жаныбарларды өзү билип жер которуштуртуу, жаңы чөйрөгө көнүктүрүү жана аргындаштыруу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

147-статья. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин уруксатсыз алып келүү же алып кетүү

Эгерде мындай уруксат алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса, жаныбарлар же өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин же алардын продуктыларын республикага уруксатсыз алып келүү же чет өлкөгө алып кетүү, —

жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин же алардын продуктыларын конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине же эл аралык конвенциялардын атайын тизмесине киргизилген жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жок болуп бара жаткан түрлөрүнө, ошого тете алардын бөлүктөрүнө, жумурткаларына, пиллаларына, көпөлөк курттарына, мөмөлөрүнө, түп алган тамырларына жана үрөндөрүнө карата жасалганда, —

жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин алып коюу жана лицензиядан ажыратуу менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

148-статья. Сейрек кездешүүчү жана жок болуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу же ушундай жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өлүмүнө, санынын кыскарышына же жашоо чөйрөсүнүн бузулушуна алып келүүчү башка аракеттерди жасоо

Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жана жок болуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү же ушундай жаныбарлардын уя баскан жерлерин, жумурткаларын, турак-жайларын, башка курулуштарды жок кылуу же алардын өлүмүнө, санынын кыскарышына же жашоо чөйрөсүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон башка аракеттерди жасоо, же болбосо мындай жаныбарларды алууга берилген уруксатта көрсөтүлгөн шарттарды бузуу менен алуу, —

жарандарга — көрсөтүлгөн укук бузуулардын куралы болуп саналган предметтерди жана каражаттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо көрсөтүлгөн укук бузуулардын куралы болуп саналган предметтерди жана каражаттарды конфискациялоо менен кырк саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

149-статья. Аңчылыктын жана балык уулоонун эрежелерин, ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүн пайдалануунун башка түрлөрүн жүзөгө ашыруунун эрежелерин бузуу

Аңчылыктын жана балык уулоонун эрежелерин, ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүн пайдалануунун башка түрлөрүн жүзөгө ашыруунун эрежелерин бузуу —

укук бузуучунун жеке менчигинде болгон буюмзаттарды жана аталган укук бузууну жасоонун куралы болуп эсептелген каражаттарды белгиленген тартипте конфискациялоо менен же андай кылбастан, жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан жетимиш, кызмат адамдарына — жетимиштен жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Аңчылыктын жана балык кармоонун эрежелерин кыянаттык менен бузуу (тиешелүү уруксатсыз же тыюу салынган жерлерде же болбосо тыюу салынган мөөнөттөрдө, тыюу салынган куралдар же ыкмалар менен аңчылык кылуу), ошондой эле администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасаганда —

укук бузуучунун жеке менчигинде болгон мылтыктарын жана башка куралдарын жана аңчылык, балык кармоо каражаттарын белгиленген тартипте конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиштен жүз, кызмат адамдарына — жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга, же болбосо мылтыктарын жана аңчылыктын башка куралдарын конфискациялоо менен жарандардын жана кызмат адамдарынын аңчылык кылуу укугунан соттун чечими боюнча үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2003-жылдын 5-августундагы N 191, 2013-жылдын 10-январындагы N 2, 2013-жылдын 25-февралындагы N 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

149-1-статья. Мыйзамсыз кармалган балыкты биле туруп сатуу максатында өткөрүү же сатып алуу

Мыйзамсыз кармалган балыкты же андан жасалган балык продукциясын жана икраны биле туруп сатуу максатында өткөрүү же сатып алуу-

балыкты жана андан жасалган продукцияны жана икраны белгиленген тартипте конфискациялоо менен жарандарга — элүүдөн жүз, кызмат адамдарына — жүздөн жүз элүү эсептик көрсөткүчкө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 199, 2013-жылдын 25-февралындагы N 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

149-2-статья. Балык кармоо товарларын жана куралдарын алып келүү, сатып өткөрүү, сатып алуу жана пайдалануу

Көлмөлөргө жана курчап турган чөйрөгө терс таасирин тийгизүүчү балык кармоо товарларын жана куралдарын, оордоткучтар катары-коргошунду пайдалануу менен түйүнсүз согулган монофильдик торлорду алып келүү, сатып өткөрүү, сатып алуу жана пайдалануу,-

балык кармоо товарларын жана куралдарын белгиленген тартипте конфискациялоо менен жарандарга — жетимиштен жүз, кызмат адамдарына — жүз элүүдөн эки жүз эсептик көрсөткүчкө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы N 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

150-статья. Жапайы өсүмдүктөрдү жок кылуу же зыянга учуратуу жана чөп менен башка өсүмдүктөр өскөн катмарды бузуу

Жапайы өсүмдүктөрдү жок кылуу же зыянга учуратуу, ошондой эле агынды суулар, химиялык жана радиоактивдүү заттар, мунайзат продуктылары, өндүрүштүк жана башка таштандылар менен булгоонун жана акыр-чикирге толтуруунун натыйжасында чөп жана башка өсүмдүктөр өскөн катмарды бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына ондон кырк өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Автомототранспорт каражаттарынын өтүшү же токтошу үчүн каралбаган участоктордо, алар менен чөп жана өсүмдүктөр өскөн катмарды бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон кырк өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 8-ноябрындагы N 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

151-статья. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин жана алардын продуктыларын даярдоонун, сатып алуунун, ташуунун, кабыл алуунун жана сатуунун белгиленген тартибин бузуу

Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин жана алардын продуктыларын даярдоонун, сатып алуунун, ташуунун, кабыл алуунун жана сатуунун белгиленген тартибин бузуу, —

өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин же алардын продуктыларын конфискациялоо жана лицензиясынан (уруксатынан) ажыратуу менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына — үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

152-статья. Промыслолук аңчылыктын объектиси катары эсептелген териси баалуу жапайы жаныбарлардын ийленбеген же ийленген, бирок атайын тамгасы (штампы) жок терилерин, ошондой эле ушул жаныбарлардын терилеринен жасалган мех буюмдарын сатуу, сатып алуу жана иштетүү (кайра иштетүү)

Промыслолук аңчылыктын объектиси катары эсептелген териси баалуу жапайы жаныбарлардын ийленбеген же ийленген, бирок атайын тамгасы (штампы) жок терилерин, ошондой эле ушул жаныбарлардын терилеринен жасалган мех буюмдарын сатуу, сатып алуу жана иштетүү (кайра иштетүү) —

терилерди жана алардан жасалган мех буюмдарын конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

153-статья. Териси баалуу жаныбарлардын терилерин жана алардан жасалган буюмдарды даярдоонун, сатып алуунун, алуунун, алмаштыруунун, кайра иштетүүнүн, сактоонун, сатып өткөрүүнүн, алып келүүнүн жана алып кетүүнүн белгиленген тартибин бузуу

Териси баалуу жаныбарлардын терилерин жана алардан жасалган буюмдарды даярдоонун, сатып алуунун, алуунун, алмаштыруунун, кайра иштетүүнүн, сактоонун, сатып өткөрүүнүн, алып келүүнүн жана алып кетүүнүн белгиленген тартибин бузуу, —

терилерди жана алардан жасалган мех буюмдарын конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же лицензиясынан (уруксатынан) ажыратууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

154-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз алуу жана жапайы жаныбарлардын бөлүктөрү менен продукцияларын өзү билип даярдоо

Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз алуу, ошого тете жапайы жаныбарлардын бөлүктөрү менен продукцияларын өзү билип даярдоо —

зыяндын ордун толтуруу, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин, алардын бөлүктөрүн жана продукцияларын конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

155-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн өзгөчөлөнгөн түрлөрүн сатып алуунун, сатып өткөрүүнүн, кармоонун, өстүрүүнүн, пайдалануунун жана жаратылыш чөйрөсүнө чыгаруунун белгиленген тартибин бузуу

Жаныбарлар дүйнөсүнүн өзгөчөлөнгөн түрлөрүн сатып алуунун, сатып өткөрүүнүн, кармоонун, өстүрүүнүн, пайдалануунун жана жаратылыш чөйрөсүнө чыгаруунун белгиленген тартибин бузуу —

жаныбарлар дүйнөсүнүн өзгөчөлөнгөн түрлөрүн конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

156-статья. Кыргыз тайганын өстүрүүнүн, кармоонун, сатып өткөрүүнүн жана сатып алуунун эрежелерин бузуу

Кыргыз тайганын өстүрүүнүн, кармоонун, сатып өткөрүүнүн жана сатып алуунун эрежелерин бузуу —

жаныбарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

157-статья. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин өзү билип пайдалануу

Пайдалануу үчүн уруксат алуу талап кылынган өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин өзү билип пайдалануу —

өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына — үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-глава
Курчап турган чөйрөнү коргоого жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндөгү администрациялык жоопкерчилик

158-статья. Жаратылыш ресурстарынын кадастрларын жүргүзүү эрежелерин бузуу

Жаратылыш ресурстарынын (жер, токой, пайдалуу кендер чыккан жерлердин, жаныбарлар дүйнөсүнүн, жаратылыш-корук объектеринин) кадастрларын жүргүзүү эрежелерин бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн сегиз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

159-статья. Курчап турган чөйрөнү коргоого жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууга мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу

Курчап турган чөйрөнү коргоого жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууга мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — он бештен отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

160-статья. Жаратылыш объекттерин коргоо эрежелерин бузуу, ошондой эле мамлекеттик корук-заказниктердин жана улуттук жаратылыш парктарынын, курорттордун санитардык коргоо зоналарынын жана суу коргоо зоналарынын режимин бузуу

Жандуу жана жансыз жаратылыштын илимий, табигый-тарыхый, маданий-таанып билүүчүлүк жана ден соолук чыңдоочу баалуу болгон сейрек кездешүүчү жана ажайып объекттерин (кылым карыткан бак-дарактар, таштар ж.у.с.) коргоо, эрежелерин бузуу, ошондой эле мамлекеттик коруктардын, заказниктердин жана улуттук жаратылыш парктарынын, курорттордун санитардык коргоо зоналарынын жана суу коргоо зоналарынын режимин бузуу —

эскертүү берүүгө же жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

161-статья. Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө маалыматты бербөө, жашыруу же бурмалоо

Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө, ошондой эле аны булгоонун булактары жана көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды бербөө, жашыруу же бурмалоо, калдыктарды жайгаштыруу, булгоочу заттардын ченемдерден ашыкча агындыларын жана кириндилерин абага чыгаруу жөнүндөгү фактыларды жашыруу же зыяндуу экологиялык кесепеттерге алып келүүчү авариялар жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн булганышынын деңгээли жөнүндө маалыматты бурмалоо —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

162-статья. Мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тартуу жана анын талаптарын аткарбоо

Мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тартуу же мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткарбоо —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

163-статья. Жаратылышты коргоого көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруучу органдардын көрсөтмөлөрүн жана токтомдорун аткарбоо

Курчап турган чөйрөнү коргоого көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруучу органдардын көрсөтмөлөрүн жана токтомдорун аткарбоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

164-статья. Курчап турган жаратылыш чөйрөсүн калыбына келтирүү боюнча чараларды көрбөө

Курчап турган жаратылыш чөйрөсүн калыбына келтирүү, жаратылыш ресурстарын кайра өндүрүү жана курчап турган чөйрөгө зыяндуу таасирлердин кесепеттерин жоюу боюнча чара көрбөө —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

165-статья. Жаратылышты коргоого арналган курулуштарды жана объекттерди курууну кечеңдетүү

Жаратылышты коргоого арналган курулуштарды жана объекттерди курууну кечеңдетүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

166-статья. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча стандарттарды, эрежелерди, ченемдерди, нускамаларды жана башка экологиялык талаптарды бузуу

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча стандарттарды, эрежелерди, ченемдерди, нускамаларды жана башка экологиялык талаптарды бузуу, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

167-статья. Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө уруксатсыз булгоочу заттарды чыгаруу (агызуу), калдыктарды жайгаштыруу, жаратылыш чөйрөсүн бүлүндүрүү жана ага башка зыяндуу таасир берүү

Эгерде мындай уруксат алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө уруксатсыз булгоочу заттарды чыгаруу (агызуу), калдыктарды жайгаштыруу, жаратылыш чөйрөсүн бүлүндүрүү жана ага башка зыяндуу таасир берүү, ага тете чыгаруунун (агызуунун) жол берилген ченемдеринин чектеринен ашып кетүү, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн — элүү, кызмат адамдарына — жүз элүү, юридикалык жактарга — үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 8-ноябрындагы N 179, 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

168-статья. Ишканаларды жаратылыш ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча талаптарды сактабастан пайдаланууга берүү

Жаратылыш ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча талаптарга ылайык келбеген жаңы жана реконструкцияланган ишканаларды, курулуштарды жана башка объекттерди пайдаланууга берүү, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

169-статья. Зыяндуу заттар жана аралашмалар менен жүргүзүлгөн иштерди кеме документтеринде каттоо боюнча милдеттерди аткарбоо

Кеменин же башка сүзүүчү каражаттын капитанынын же командалык курамынын башка адамдарынын колдонуудагы мыйзамдарда каралган адамдардын саламаттыгы үчүн же жандуу ресурстар, суу объекттери үчүн зыяндуу заттар менен, же болбосо мындай заттарды белгиленген ченемдерден ашыкча камтыган аралашмалар менен жүргүзүлгөн иштерди кеме документтеринде каттоо боюнча милдеттерди аткарбоосу, көрсөтүлгөн адамдар тарабынан кеме документтерине мындай иштер жөнүндө жалган жазууларды киргизүү же тийиштүү кызмат адамдарына мындай документтерди берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

170-статья. Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана башка препараттарды ташуунун, сактоонун жана колдонуунун эрежелерин бузуу курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн булганышына же өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнө зыян келтирүүгө алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо

Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, алардын өсүшүнө көмөк берүүчү заттарды, жер семирткичтерди жана башка препараттарды ташуунун, сактоонун жана колдонуунун эрежелерин бузуу, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн булганышына же өсүмдүктөрдүн жана айбанаттардын жок кылынышына алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо, же болбосо өсүмдүктөр же айбанаттар дүйнөсүнө зыян келтирсе, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына — үчтөн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

171-статья. Жаратылыш коргоого багытталган курулуштарды, жасалгаларды жана түзүлүштөрдү пайдалануунун эрежелерин бузуу же аларды пайдаланбоо

Тазалоочу курулуштарды, жасалгаларды жана түзүлүштөрдү колдонуп-пайдалануу эрежелерин бузуу же аларды пайдаланбоо алардын бузулушуна жана канааттандырарлыксыз иштөөсүнө, булганыч заттардын ченемден ашыкча чыгарылышына (агызылышына), курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн булганышына же башка зыяндуу кесепеттерге алып келсе, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

172-статья. Булганыч заттарды ченемден ашык бөлүп чыгарган транспорт жана башка жүрүүчү каражаттарды пайдаланууга чыгаруу

Булганыч заттарды ченемден ашык бөлүп чыгарган, ошондой эле алар иштегенде ызы-чуунун деңгээли белгиленген ченемдерден ашык болгон транспорт каражаттарын жана башка жүрүүчү каражаттарды пайдаланууга чыгаруу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

173-статья. Булганыч заттарды ченемден ашыкча бөлүп чыгарган транспорттук жана башка жүрүүчү каражаттарды пайдалануу

Булганыч заттарды ченемден ашык бөлүп чыгарган ошондой эле алар иштегендеги ызы-чуунун деңгээли белгиленген ченемдерден ашык болгон транспорт жана башка жүрүүчү каражаттарды жана жасалгаларды пайдалануу —

эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

174-статья. Өнөр жай жана турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноодо жана өрттөөдө жаратылыш ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча талаптарды сактабоо

Өнөр жай жана турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу эрежелерин бузуу, көрсөтүлгөн калдыктарды өрттөөдө жаратылыш ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча талаптарды сактабоо, ошондой эле курулуш жана башка иштерди жүргүзүүдө күйүүчү заттарды жана курулуш материалдарын ачык отто өрттөө —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн — отуз, кызмат адамдарына — жүз, юридикалык жактарга — эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

175-статья. Стандарттардын талаптарына жана техникалык шарттарга жооп бербеген күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып өткөрүү

Стандарттардын талаптарына жана техникалык шарттарга жооп бербеген жана иштелип чыккан газ менен бирге зыяндуу заттарды көбүрөөк чыгарууга алып келген күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып өткөрүү жана колдонуу-

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

176-статья. Ишканаларды, курулуштарды, жүрүүчү каражаттарды жана башка объектилерди пландаштырууда, долбоорлоодо, бекитүүдө, жайгаштырууда, курууда, реконструкциялоодо, ишке берүүдө, колдонууда же жоюуда, экологиялык жактан коркунучтуу продукцияны экспорттоодо, импорттоодо экологиялык талаптарды бузуу

Ишканаларды, курулуштарды, жүрүүчү каражаттарды жана башка объектилерди пландаштырууда, долбоорлоодо, бекитүүдө, жайгаштырууда, курууда, реконструкциялоодо, ишке берүүдө, колдонууда же жоюуда, экологиялык жактан коркунучтуу продукцияны экспорттоодо, импорттоодо экологиялык талаптарды бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

177-статья. Курулуш, гидротехникалык, түбүн тереңдетүүчү, жардыруучу жана бургулоочу иштердин өндүрүшүн, карьерлерди иштетүүнү жана курчап турган чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына зыяндуу таасир берүүчү башка чарбалык ишти уруксатсыз жүзөгө ашыруу

Эгерде мындай уруксат алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса, курулуш, гидротехникалык, түбүн тереңдетүүчү, жардыруучу жана бургулоочу иштердин өндүрүшүн, карьерлерди иштетүүнү жүргүзүү жана курчап турган чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына зыяндуу таасир берүүчү башка чарбалык ишти уруксатсыз жүзөгө ашыруу —

мындай жумуштарды жүргүзүүнү жана ишти токтото туруу менен же ансыз жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш, кызмат адамдарына — бештен он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

178-статья. Иштеп жаткан технологиялык жабдуулардагы жана объектегилердеги жаратылышты коргоочу курулуштарды жок кылуу

Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик органдардын уруксатысыз иштеп жаткан технологиялык жабдуулардагы жана объектегилердеги жаратылыш коргоочу курулуштарды жок кылуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

179-статья. Өзгөчө корголуучу объекттерди жана аймактарды жок кылуу, бузуу, зыян келтирүү

Мамлекеттик коруктардын, заказниктердин, улуттук жаратылыш парктарынын, дарылоочу-ден соолук чыңдоочу жана санаториялык-курорттук зоналардын, мамлекеттин коргоосуна алынган кадыресе же сейрек ландшафттардын, жаратылыш эстеликтеринин өзгөчө корголуучу объектилерин жана аймактарын жок кылуу, бузуу, олуттуу зыян келтирүү-

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн — элүү, кызмат адамдарына — жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2, 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

179-1-статья

179-1-статья. Өзгөчө коргоодогу табигый аймактарды коммуналдык-турмуш-тиричилик калдыктары, таштандылар жана акыр-чикирлер менен булгоо

Мамлекеттик коруктардын, заказниктердин, улуттук жаратылыш парктарынын, дарылоочу-ден соолук чыңдоочу жана санаториялык-курорттук зоналардын, мамлекеттин коргоосуна алынган кадыресе же сейрек ландшафттардын, жаратылыш эстеликтеринин аймактарын акыр-чикирлерге толтуруу же коммуналдык-турмуш-тиричилик калдыктары, таштандылар жана акыр-чикирлер менен булгоо, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн — отуз, кызмат адамдарына — элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

180-статья. Атайын уруксатсыз жаратылыш ресурстарын пайдалануу

Атайын уруксатсыз жаратылыш ресурстарын пайдалануу же таштандылардын, акыр-чикирлердин, булгоочу заттардын чыгарылышы, калдыктардын жайгаштырылышы үчүн айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органдардын уруксатысыз же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат алуу зарыл болгон учурларда пайдалануунун белгиленген мөөнөттөрү өтүп кеткенден кийин лицензияны (сууну пайдаланууга укук берген) кошпогондо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөбөө, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн — элүү, кызмат адамдарына — жүз, юридикалык жактарга — эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

181-статья. Уулуу өнөр жай калдыктарын жана өндүрүштүк жана керектөө калдыктарын сактоодо (жайгаштырууда), ташууда, пайдаланууда, зыянсыздоодо жана көмүүдө экологиялык талаптарды бузуу

Уулуу өнөр жай калдыктарын жана өндүрүштүк жана керектөө калдыктарын сактоодо (жайгаштырууда), ташууда, пайдаланууда, зыянсыздоодо жана көмүүдө экологиялык талаптарды бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн — жүз элүү, юридикалык жактарга — беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

181-1-статья. Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколунун, коркунучтуу калдыктарды трансчегаралык ташууга жана аларды жок кылууга контроль жөнүндө Базель конвенциясынын, эларалык соодада айрым коркунучтуу заттарга жана пестициддерге карата алдын ала негизделген макулдашуу жол-жоболору тууралу Роттердам конвенциясынын тизмелери боюнча айлана-чөйрөгө жана атмосферанын озон катмарынын абалына зыяндуу таасир этүүчү химиялык заттарды колдонууну кыскартууга багытталган иш-чараларды аткарбоо

Озон катмарын бузуучу заттар боюнча 1987-жылдын 10-сентябрындагы Монреаль протоколунун, коркунучтуу калдыктарды трансчегаралык ташууга жана аларды жок кылууга контроль жөнүндө 1989-жылдын 22-мартындагы Базель конвенциясынын, эларалык соодада айрым коркунучтуу химиялык заттарга жана пестициддерге карата алдын ала негизделген макулдашуу жолжоболору тууралу 1998-жылдын 10-сентябрындагы Роттердам конвенциясынын тизмелери боюнча айлана-чөйрөгө жана атмосферанын озон катмарынын абалына зыяндуу таасир этүүчү химиялык заттарды колдонууну кыскартууга багытталган иш-чараларды аткарбоо-

жарандарга-ондон он бешке чейин, кызмат адамдарына-отуздан элүүгө чейин, юридикалык жактарга жүздөн эки жүзгө чейинки расчеттук көрсөткүчтөрдө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул эле иштер администрациялык жаза колдонулгандан кийинки бир жылдын ичинде кайрадан жасалса,-

жарандарга-он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына-элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга-эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 24-апрелиндеги N 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

182-статья. Шаарлардын жана башка калктуу конуштардын жашыл фонун түзгөн дарактарга-бадал өсүмдүктөргө, талааларды жана башкаларды коргоочу токойго зыян келтирүү жана өз алдынча кыюу

Парктардагы, гүлбактардагы, пансионаттардагы, курорттордогу, коруктардагы, шаарлардын жана башка калктуу конуштардын жашыл зоналарындагы дарактарды жана бадал өсүмдүктөрүн, талааларды коргоочу токойго автомобиль жана темир жолдордун боюндагы коргоочу токой тилкелерин, суулардын жана каналдардын боюндагы, көлдөрдүн жана башка көлмөлөрдүн айланасындагы тыюу салынган токой тилкелерин курчап турган чөйрөнү коргоо органдарынын уруксатысыз зыянга учуратуу жана өз алдынча кыюу —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына — он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 8-ноябрындагы N 179, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

183-статья. Жерди пайдалануунун белгиленген режимин бузуу

Табигый, табигый-корук, ден соолукту чыңдоочу, рекреациялык багыттагы жерлерди, пайдалануу шарттары өзгөчө болгон башка жерлерди, ошондой эле радиоактивдүү, химиялык, бактериологиялык булганууга дуушар болгон жерлерди пайдалануунун белгиленген режимин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 24-июлундагы N 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

184-статья. Айыл чарба жерлерин жана башка жерлерди бузуу

Айыл чарба жерлерин жана башка жерлерди бузуу же күрдүү катмарды жок кылуу, аларды химиялык жана радиоактивдүү заттар, жаныбарларда учуроочу бактериялуу-мите же карантиндик жан өсүмдүктөрдө учуроочу организмдер, өндүрүштүк жана башка таштандылар жана булганган суулар менен булгоо —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына — сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-глава
Айыл чарбасындагы администрациялык укук бузуулар

185-статья. Айдоолорду майкандоо, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүү

Менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү анча чоң эмес өлчөмдө жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү айдоолордун менчик ээсине олуттуу зыян келтирсе, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кыркка чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Айдоолордон же бак-дарактардан араба менен өтүү, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Айдоолордон же бак-дарактардан автомобиль же трактор, комбайн жана башка транспорт каражаттары менен өтүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Эгерде айыл чарба өндүрүүчүсүнө келтирилген зыян он эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпаса, ушул статьяда каралган аракеттер анча чоң эмес өлчөмдө жасалган деп таанылат.

Эгерде келтирилген зыян он эсептешүү көрсөткүчүнөн ашып кетсе, ушул статьяда каралган аракеттер олуттуу өлчөмдө жасалган деп таанылат.

(КР 2006-жылдын 25-июлундагы N 127, 2011-жылдын 21-декабрындагы N 245 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

186-статья. Менчигинин таризине карабастан жерлердеги табигый жана эгилме жайыттарга зыян келтирүү

Менчигинин таризине карабастан, табигый жана эгилме жайыт жерлерди зыянга учуратып, жайыттарды которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга бөлүнгөн жайыттарга мөөнөтүнөн мурда мал жайуу, ошондой эле тийиштүү уруксат албастан, табигый жана эгилме жайыттар аркылуу мал айдап өтүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына — ондон он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Менчигинин таризине карабастан, табигый жана эгилме жайыттардын чөбүн автомобиль, трактор, комбайн же башка транспорттук каражаттар менен тебелеп өтүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 239 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

187-статья. Карантиндик зыянкечтерге, өсүмдүктөрдүн илдеттерине жана отоо чөптөргө каршы күрөшүү боюнча эрежелерди бузуу

Карантиндик зыянкечтерге, өсүмдүктөрдүн илдеттерине жана отоо чөптөргө каршы күрөшүү боюнча эрежелерди бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына — үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

188-статья. Чет өлкөлөрдөн ташылып келинген, карантиндик текшерүүдөн жана тийиштүү иштетүүдөн өткөрүлбөгөн материалдарды чек ара пункттарынан алып чыгуу

Чет өлкөлөрдөн ташылып келинген, карантиндик текшерүүдөн жана тийиштүү иштетүүдөн өткөрүлбөгөн материалдарды чек ара пункттарынан алып чыгуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

189-статья. Айыл чарба, жол-курулуш, мелиорациялык жана башка машиналарды урунуунун коопсуздук техникасынын жана эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу

Кызмат адамдары, жарандар тарабынан коопсуздук техникасынын, жол кыймылынын эрежелерин, тракторлорду, чиркегичтерди, комбайндарды, жол-курулуш, мелиорациялык жана башка машиналарды, жабдууларды, тараза ченем каражаттарын, күйүүчү-майлоочу жана башка материалдарды пайдалануунун жана техникалык эксплуатациялоонун агротехнологиялык талаптарын бузуу, аларды бузуу жаракат алууга, майып болууга, техниканын керектен чыгышына, продукциянын, материалдардын, өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүнүн, сакталышынын жана сапатынын төмөндөшүнө, ошондой эле кыртыштын эрозиясына жана курчап турган чөйрөнүн булганышына алып келиши мүмкүн болсо, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

190-статья. Коопсуздук техникасы жана айыл чарба, жол-курулуш, мелиоративдик жана башка машиналарды пайдалануу боюнча Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо

Коопсуздук техникасы жана айыл чарба, жол-курулуш, мелиоративдик жана башка машиналарды пайдалануу боюнча Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден эки, кызмат адамдарына — экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

191-статья. Тыюу салынган баңги заттуу өсүмдүктөрдү көп эмес өлчөмдө айдоо же өстүрүү, жапайы өскөн баңги заттуу өсүмдүктөрдү жок кылуу боюнча чараларды көрбөө

Адамдардын карамагындагы жер участокторунда тыюу салынган баңги заттуу өсүмдүктөрдү көп эмес өлчөмдө айдоо же өстүрүү, жапайы өскөн баңги заттуу өсүмдүктөрдү жок кылуу боюнча чараларды көрбөө —

жарандарга — эки саатка коомдук иштерге тартуу менен бир эсептешүү көрсөткүчүнө чейин, кызмат адамдарына — төрт саатка коомдук иштерге тартуу менен беш эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык айып салынууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91, 2011-жылдын 12-декабрындагы N 233, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

192-статья. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк (көчөттүк) материалдарын өндүрүү жана сатып өткөрүү эрежелерин бузуу

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана декорациялык өсүмдүктөрдүн үрөндүк (көчөттүк) материалдарын өндүрүү жана сатып өткөрүү эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына — үчтөн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

193-статья. Жайыттарды жана чабындыларды пайдалануунун белгиленген режимин бузуу

Белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген жайыттарды жана чөп чабындыларын башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген режимди бузуу,-

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 239 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

194-статья. Илдет тараган аймакта карантиндик өзгөчө тартип эрежелерин бузуу

Илдет тараган аймактын карантиндик өзгөчө режим эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч, кызмат адамдарына — ондон элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

195-статья. Карантин салынган жүктөрдү ташып келүү жана ташып чыгуу жана аларды карантиндик зонадан республиканын аймагында жана анын чектеринен тышка транзиттик ташып өтүү

Экспорттоочу өлкөнүн өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик органдары берүүчү фитосанитардык сертификаты жана импорттук карантиндик уруксаты жок туруп, Кыргыз Республикасына карантин салынган жүктөрдү ташып келүү жана андан ташып чыгуу жана аларды карантиндик зонадан республиканын аймагында жана анын чектеринен тышка транзиттик ташып өтүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырма, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

196-статья. Химиялык кошулмалар, пестициддер, өндүрүш калдыктары жана агын суу менен булганган жерлерди айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдалануу

Химиялык кошулмалар, пестициддер, өндүрүш калдыктары жана агын суу менен булганган жерлерди айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдалануу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына — бештен он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чарасы көрүлгөндөн кийин жыл ичинде кайталанып жасаганда, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — жетиден жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

18-глава
Ветеринардык-санитардык ченемдерге жана эрежелерге шек келтирген администрациялык укук бузуулар

197-статья. Жаныбарлардын карантининин шарттарын бузуу

Жаныбарлардын карантининин шарттарын бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

198-статья. Продукция берүүчү жаныбарларды багуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу

Продукция берүүчү жаныбарларды багуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына — экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

199-статья. Жаныбарларды жана ветеринардык кызматтын контролдугуна алынуучу жүктөрдү, товарларды импорттоонун жана экспорттоонун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу

Жаныбарларды жана ветеринардык кызматтын контролдугуна алынуучу жүктөрдү, товарларды импорттоонун жана экспорттоонун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

200-статья. Жаныбарларды, жаныбарлардан алынуучу продуктыларды жана чийки затты ташуунун (айдап жеткирүүнүн) ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу

Жаныбарларды, жаныбарлардан алынуучу продуктыларды жана чийки затты ташуунун (айдап жеткирүүнүн) ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына — үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

201-статья. Жаныбарларды, жаныбарлардан алынуучу продуктыларды жана чийки затты даярдоонун жана аларды кайра иштетүүнүн ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу

Жаныбарларды, жаныбарлардан алынуучу продуктыларды жана чийки затты даярдоонун жана аларды кайра иштетүүнүн ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

202-статья. Малды, канаттууларды жана башка жаныбарларды милдеттүү ветеринардык иш-чараларды өткөрүү үчүн көрсөтпөө (жашырып коюу)

Малды, канаттууларды жана башка жаныбарларды милдеттүү ветеринардык иш-чарларды өткөрүү үчүн көрсөтпөө (жашырып коюу) —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына — үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

203-статья. Продукция бербей турган үй жаныбарларын күтүү эрежелерин бузуу

Продукция бербей турган үй жаныбарларын күтүү эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына — экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракет жарандардын ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирсе, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үч, кызмат адамдарына — үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

204-статья. Жаныбарларды белгиленбеген жерлерде союу

Жаныбарларды белгиленбеген жерлерде союу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына — үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

205-статья. Этти, эт азыктарын, мал чарбасынын башка азыктарын ветеринардык көзөмөл органдарынын уруксатысыз сатуу

Этти, эт азыктарын, мал чарбасынын башка азыктарын ветеринардык көзөмөл органдарынын уруксатысыз сатуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн эки, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

19-глава
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо эрежелерине шек келтирген администрациялык укук бузуулар

206-статья. Отоо чөптөргө каршы күрөшүү боюнча чараларды көрбөө

Жерди пайдалануучулар тарабынан отоо чөптөргө, зыянкечтерге жана өсүмдүктөрдүн илдеттерине каршы чараларды көрбөө —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, ал эми кызмат адамдарына үчтөн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи пунктунда каралган аракет администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалганда —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, ал эми кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

207-статья. Агрохимикаттарды жана пестициддерди сактоо, ташуу жана колдонуу эрежелерин бузуу

Агрохимикаттарды жана пестициддерди сактоо, ташуу жана колдонуу эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалганда —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш, ал эми кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же аталган ишкердик менен кесип кылуу лицензиясынан (уруксатынан) ажыратууга алып келет.

208-статья. Химиялык заттарды (агрохимия жагында) даярдоо, сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле агрохимиялык жумуштарды лицензиясыз (уруксатсыз) жасоо

Химиялык заттарды (агрохимия жагында) даярдоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле агрохимиялык жумуштарды лицензиясыз (уруксатсыз) жасоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалганда —

ошол ишти жүргүзүүгө лицензиясынан (уруксатынан) ажыратуу менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

209-статья. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик кызмат органынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо

Акционердик коомдордун, айыл чарба уюмдарынын, дыйкан (фермердик) чарбалардын, жеке көмөкчү чарбарлардын, ошондой эле шаардык жана башка калк жашаган жерлердин аймактарында өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана зыянкечтерден, дарттардан жана отоо чөптөрдөн коргоо боюнча ченемдик актылардын сакталышына жана иш-чаралардын өткөрүлүшүнө мамлекеттик контролдукту жана көзөмөлдүктү камсыз кылуунун милдеттерин жүзөгө ашыруучу өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик кызмат органынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн эки, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

210-статья. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча иш-чаралардын өткөрүлүшүнө мамлекеттик контролду кызмат адамдарынын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча иш-чаралардын өткөрүлүшүнө мамлекеттик контролду кызмат адамдарынын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

20-глава
Кыймыл коопсуздугунун жана транспорт каражаттары эксплуатациялоонун эрежелерине шек келтирген администрациялык укук бузуулар

211-статья. Темир жол, аба, суу, автомобиль жана техника транспортторунда өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу

Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу:

— автомобиль, техника транспортунда —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет;

— темир жол, суу транспортунда —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет;

— аба транспортунда —

эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

212-статья. Темир жол, суу, автомобиль транспортунда жана электр транспортунда коркунучтуу заттарды жана буюмзаттарды ташуу эрежелерин бузуу

Темир жол, суу, автомобиль транспортунда жана электр транспортунда колго көтөрүп жүрүүчү коркунучтуу заттарды жана буюмзаттарды ташуунун эрежелерин бузуу —

эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Жарылуучу, тез күйүүчү, ууландыруучу, жагымсыз жыттуу жана уулуу заттарды жана буюмзаттарды ташуу, ошондой эле сактоо камерасына өткөрүү —

эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салуу-

га алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

213-статья. Транспорт каражаттарын пайдаланууга байланышкан ишкердикти жүргүзүү жана аны лицензиялоонун шарттарын жана эрежелерин бузуу

Транспорт каражаттарын пайдалануу, оңдоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан ишкердикти, ошондой эле авиациялык ташууларды аткарууну жана тейлөөнү лицензиясыз (уруксатсыз) жүргүзүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш, кызмат адамдарына он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттерди администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасаганда —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарына он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ташуучу, транспорттук-экспедициялык жана транспорт каражаттарын пайдаланууга, оңдоого жана техникалык жактан тейлөөгө байланыштуу башка ишкердикти лицензиялоонун (уруксат берүүнүн) шарттарын жана эрежелерин бузуу —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө кызмат адамдарына жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

214-статья. Иш жүргүзүүнүн тартибин, курулуш жана архитектура боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарын, лицензияны бузуу менен автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, жол курулмаларын куруу, ремонттоо жана реконструкциялоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

215-статья. Темир жол, суу жана автомобиль транспортунда, транспорт каражаттарын жана жүктүн сакталышын камсыз кылуу эрежелерин бузуу

Кыймылдуу курамга, контейнерлерге, сүзүп жүрүүчү жана жүктү ташуу үчүн арналган башка транспорт каражаттарына, ошондой эле ташуучу шаймандарга зыян келтирүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Жүк вагондорунун, автомобилдердин, автомобиль чиркегичтеринин, контейнерлердин, сүзүүчү каражаттардын трюмдарынын жана башка жүк ташуучу жайларынын пломбаларына жана бекитилүүчү түзүлүштөрүнө зыян келтирүү, алардын пломбаларын жулуп салуу, айрым жүктөргө, алар таңгакталган жерлерге, пакеттерге, жүк короолорунун тосмолоруна, темир жол станцияларына, жүк ташуучу автомобиль станцияларына, өткөрүү үчүн пайдаланылган порттордун (пристандардын) контейнердик пункттарына (аянтчаларына) жана жүк ташуучулар менен байланышкан операцияларды аткаруу үчүн пайдалануучу кампаларга зыян келтирүү, ошондой эле жүк короолорунун жана жогоруда көрсөтүлгөн кампалардын аймагында тийиштүү уруксатсыз болуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

216-статья. Жолдорду, көчөлөрдү, темир жолдон өтүүчү жерлерди жана башка жол курулмаларын бузуу

Жолдорду, көчөлөрдү, темир жолдон өтүүчү жерлерди жана башка жол курулмаларын бузуу, —

кийин аларды күнөөлүү адамдардын эсебинен баштагы калыбына келтирүү менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына — он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Курулуш аянтчаларынан көчөлөрдүн жана жолдордун булганышына жол бербөө үчүн чараларды көрбөө, өткөөл бөлүктөрдө оңдоо, курулуш иштеринин натыйжасында жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурган жолдордун жана көчөлөрдүн зыян тарткан жерлерин калыбына келтирүү эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы N 121, 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

217-статья. Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкени коргоо эрежелерин бузуу

Участкаларды айдоо, чөбүн чабуу, тигилген бак-дарактарды кыюу жана залал келтирүү, чым казып алуу жана топурак алуу, чоң жолго кошулуучу жол тармактары өткөн жерге, канализациялык, өнөр жайлык, мелиоративдик жана саркынды сууларды буруп туруучу суу курулмаларга жана автомобиль жолдорун буруу тилкесиндеги резервдерге өз алдынча курулуш куруу жана ажыратуучу тилкени бузуу, жолдордо жана көчөлөрдө тоскоолдуктарды түзүү, тиешелүү органдын макулдугусуз жол боюндагы тилкеге соода түйүндөрүн, тамактануучу жана кызмат көрсөтүү жайларын куруу жана уюштуруу, ошондой эле жарыя такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөк-жарнактарды, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына — жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы N 121, 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

218-статья. Жерди пайдалануучулардын автомобиль жолдорун, көчөлөрдү жана жол курулмаларын сактоо эрежелерин бузуусу

Жерди пайдалануучуларга бекитилип берилген участкалардагы автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкелерге, көчөлөргө жакын жайгашкан жерлердеги жөө адамдар жүрүүчү жолдорду жана өтүүчү чакан көпүрөлөрдү оң абалында кармап туруу, ремонттоо жана үзгүлтүксүз тазалап туруу, электр жарыгын берүүчү линиялардын жана башка жол курулмаларынын бузулбай иштешине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттер, ошондой эле бекитилип берилген участкаларды же чоң жолго кошулуучу автомобиль жолдорун, асма көпүрөлөрдү кошо алганда, көчөлөргө кирүүчү жолдорду техникалык жактан оң абалда жана таза кармоо боюнча милдеттер аткарылбаганда, —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө, кызмат адамдарына — беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы N 121, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

219-статья. Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жолдон өтүүчү жерлерди жана башка жол курулмаларын күтүүнүн эрежесин бузуу

Жолдорду, көчөлөрдү, темир жолдон өтүүчү жерлерди жана башка жол курулмаларын жүрүүгө коопсуз болгон абалда күтүүнүн эрежелерин бузуу же аны пайдалануу жол жүрүүнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган жолдун айрым участкаларындагы кыймылга өз учурунда тыюу салууга же чек коюуга карата чара көрбөө, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы N 121, 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

220-статья. Темир жол транспортунда кыймыл коопсуздугунун эрежелерин бузуу

Поезддердин кыймылынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон буюм-заттарды темир жолго коюу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Поездди өз алдынча, зарылчылыгы жок токтотуу —

сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Темир жолдон араба менен өтүү, мал айдап өтүү, темир жолдордун жанында мал жоюу эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына — беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Темир жолго, коргоочу токой тилкелерине, кар тоскучтарга жана башка жол объектилерине, курулуштарына жана белги берүүчү жана байланыш жасалгаларына зыян келтирүү —

сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Жүк жүктөөдө жана түшүрүүдө белгиленген өлчөмдөрдү сактабоо —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Темир жолдун өтпөй турган жеринен өтүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5 өлчөмүндө администрациялык айып акы салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

221-статья. Темир жол транспортунун каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу

Жүк ташуучу поездге өзү билип түшүп алуу, жүрүп бара жаткан поездге түшүү жана андан жерге түшүү, вагондун тепкичтеринде жана үстү менен жүрүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5 өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондордун ички жабдууларына, локомотивдердин жана вагондордун айнектерине зыян келтирүү —

сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

222-статья. Жүргүнчүлөрдүн акы төлөбөй жүрүшү, жүктү жана кол жүктөрүн акы төлөбөй алып өтүү

Жүргүнчүлөрдүн акы төлөбөй жүрүшү, жүктү жана кол жүктөрүн акы төлөбөй алып өтүү:

жергиликтүү катнаштагы поезддерде — эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5 өлчөмүнө чейин;

алыска каттоочу поезддерде — эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин;

жергиликтүү катнаштагы аба кемелеринде — эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин;

эл аралык аба кемелеринде — эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүнө чейин;

суу катнашынын кемелеринде — эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5тен бир өлчөмүнө чейин;

шаардык жана шаар тегерегине каттоочу жүргүнчүлөр транспортунда, — эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин;

шаар аралык катнаштын жүргүнчүлөр транспортунда — эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин;

эл аралык катнаштын жүргүнчүлөр транспортунда — эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Акы төлөбөй жүрүү, жүк жана кол жүктөрүн алып өтүү үчүн айып төлөө жүргүнчүнү өзү жүргөндүгү жана аларды алып өткөндүгү үчүн акы төлөөдөн бошотпойт.

223-статья. Айдоочулардын транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуусу

Айдоочулардын токтотуучу тутуму, рулдук башкаруусу бузук же тартып-кошуучу түзүлүшү оңдолбогон транспорт каражаттарын айдоосу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жашы жетпегендер тарабынан жасаганда —

ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

224-статья. Айдоочунун белгиленген тартипте катталбаган, аны пайдаланууга тыюу салгандан кийин, мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок, стандарттуу эмес, окулбаган, башка буюмдар менен атайылап жашырылган же жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги белгиленген жерде көзөнөгү же башкача бузулушу бар мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу

Айдоочунун белгиленген тартипте катталбаган же пайдаланууга тыюу салгандан кийин транспорт каражатын айдоосу, —

эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Айдоочунун жүк ташуучу автомобилдердин, чиркегичтердин (жеңил автомобилдердин жана мотоциклдердин чиркегичтеринен тышкары) жана автобустардын (өзгөчө чакандарынан тышкары) арткы боорунда кайталаган мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок транспорт каражатын айдоосу —

эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Айдоочунун мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок, стандарттуу эмес, окулбаган же башка буюмдар менен атайылап жашырылган транспорттук каражатты айдоосу —

эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Айдоочунун жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу —

эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Айдоочунун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги белгиленген жерде көзөнөгү же башкача бузулушу бар мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу —

эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Техникалык нормалдаштыруу жана стандартташтыруу жаатында ченемдик укуктук актылардын милдеттүү талаптарына ылайык келбегенде мамлекеттик каттоо номерлик белгиси стандарттуу эмес деп, ал эми эгерде 20 метрден ашык аралыкта алдыңкы же арткы мамлекеттик каттоо номерлик белгисинин бир жана андан ашык тамгаларын же сандарын окуу камсыз кылынбаса, — окулбайт деп таанылат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

225-статья. Айдоочулардын мамлекеттик техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражаттарын айдоосу

Айдоочулардын мамлекеттик техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражаттарын айдоосу —

эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2008-жылдын 4-августундагы N 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

226-статья. Жүк ташуунун эрежесин, ошондой эле сүйрөөнүн эрежесин бузуу

Куюлма жүктү автотранспортто жабуусуз ташуу, жүктүн жана бекитилүүчү түзүлүштөрдүн жылчыксыздыгын камсыз кылбоо, ошондой эле сүйрөө эрежесин бузуу —

эскертүү же эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 4-августундагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

227-статья. Айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздук курларын же мототуулгаларды пайдалануу эрежелерин бузуусу

Айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздук курларын же мототуулгаларды пайдалануу эрежелерин бузуусу —

эскертүү же эсептешүү көрсөткүчтүн үч эсептик өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы N 121, 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

228-статья. Айдоочулардын тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган, ошондой эле күңүрттөтүүчү жапкычтар чапталган транспорт каражаттарын айдоосу

Айдоочулардын тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган же белгиленген тартипте катталбаган үн чыгаргыч, жарык белгилери менен өз бетинче жабдылган транспорт каражаттарын айдоосу, —

эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Транспорт каражаттарынын жүрүшүндө тиешелүү уруксатсыз коюлган атайы жарык берүү же үн чыгаруу үчүн түзүлүштөрдү колдонуу,-

эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга же көрсөтүлгөн түзүлүштү конфискациялоо менен алты айдан бир жылга чейин транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратууга алып келет.

Сыртына оперативдүү кызматтын автомобилдеринин атайы түстөгү графикалык белгилери мыйзамсыз түшүрүлгөн транспорт каражаттарын айдоо,-

түшүрүлгөн түстөгү графикалык белгини жок кылуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Айдоочунун маңдайкы, алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринде күңүрттөөчү жапкычтар чапталган же пардалар тагылган, ошондой эле арткы каптал эшиктеринин айнегине жана арткы айнегине жалтыраган күңүрттөөчү жапкычтар чапталган транспорт каражатын айдоосу —

транспорт каражатынын айдоочусу (ээси) бул буюмдарды (күңүрттөөчү пленкаларды, жапкычтарды, пардаларды) милдеттүү түрдө алып салуунун шарты менен эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга же транспорт каражатын башкаруу укугунан алты айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.

Эскертүү. Бул норма тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган атайын автоунааларга жайылтылбайт.

(КР 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

229-статья. Транспорт каражаттарын айдоочулардын коркунучтуу, көлөмү чоң жана оор жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуусу

Транспорт каражатын айдоочулардын коркунучтуу, көлөмү чоң жана оор жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуусу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Айдоочулардын коркунучтуу, көлөмү чоң жана оор жүктөрдү ташуучу транспорт каражаттарын айдоосуна тиешелүү уруксатсыз жол берүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

230-статья. Адамдарды ташуунун эрежелерин бузуу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун жүрүшүнө тыюу салынган автожолдорунда айдоочулардын жүргүнчүлөрдү автобус же микроавтобус менен ташуусу

Каттам алдында техникалык жана медициналык кароодон өтпөгөн автобустарды жана микроавтобустарды айдоо, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жүргүзүүдө завод-даярдоочу тарабынан каралган же транспорт каражаттарын каттоо жөнүндөгү күбөлүктөгү отуруучу орундардын көрсөтүлгөн санынан ашыкча жүргүнчүлөрдү салуу, ошого тете эле тиешелүү органдар менен макулдашылган каттоо маршрутунун схемасы жок бул транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, —

айдоочуларга эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Каттам алдында техникалык жана медициналык кароодон өтпөгөн айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берүү, ошондой эле тиешелүү органдар менен макулдашылган каттоо маршрутунун схемасы жок жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн он бешке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Автобустар менен микроавтобустардын айдоочулары жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун жүрүшүнө тыюу салынган автожолдорунда жүргүнчүлөрдү ташыса, —

айдоочуларга эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салынат же бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет.

(КР 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

231-статья. Транспорт каражаттарынын жол жүрүү эрежелерин бузушу же жол кыймылына тоскоолдук кылышы

Транспорт каражаттарынын жол жүрүү эрежелерин бузушу же жол кыймылына тоскоолдук кылышы, ошого тете болгон жаркырак маякчылары жана атайын үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын даярдалган автомобилдер менен мотоциклдердин тоскоолдуктарсыз жүрүшүн камсыз кылбаса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ушул эле аракет жашы жетпеген тарабынан жасалганда —

ата энелерге же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы N 121, 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

231-1-статья. Жолду мыйзамсыз тосуу

Жеке жана (же) юридикалык жактардын жолду мыйзамсыз тосуусу, башкача айтканда, жарандардын эркин жүрүүгө укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө багытталган аракеттери, —

жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер тосмолоо буюмдарын орнотуу менен жасалганда, —

жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 13-февралындагы N 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

232-статья. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашып кетиши

Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын 10 км/сааттан ашык, бирок 20 км/сааттан ашык эмес белгиленген ылдамдыгынан ашып кетиши, —

эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Транспорт каражаттарынын айдоочулары кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 20 км/сааттан да көбүрөөк ашса —

эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Транспорт каражаттарынын айдоочулары кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан да көбүрөөк ашса —

эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

233-статья. Белгишамдын тыюу салуучу белгисине же жөнгө салуучунун жаңсоосуна карабай өтүп кетүү

Белгишамдын тыюу салуучу белгисине же жөнгө салуучунун жаңсоосуна карабай өтүп кетүү —

үч эсептешүү көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы N 121, 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

234-статья. Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын транспорт каражатынын айдоочусунун аткарбоосу

Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын транспорт каражатынын айдоочусунун аткарбоосу —

эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жашы жетпегендер тарабынан жасалганда, —

ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Ички иштер органынын форма кийимин кийген кызматкеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талабы таякча менен же үн күчөткүч түзүлүштүн жардамы аркылуу сигнал берүү жолу менен билдирилет, мында бир эле учурда ышкырык менен берилиши мүмкүн. Сигнал айдоочуга түшүнүктүү болууга жана өз убагында берилүүгө тийиш, анткени аларды аткаруу авариялык кырдаалды түзбөшү керек.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

235-статья. Транспорт каражатын айдоочусунун жол белгилерин, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандыгы, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун, адамдарды ташуунун эрежелерин бузушу, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелеринин башка одоно бузулуулары

Транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан жол белгилерин же жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандык, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун эрежелерин, жолдордун кесилишинен өтүү, жөө киши өтүүчү жерден өтүү, жолдун четинде, тротуарларда, жөө жүргүнчүлөргө арналган жолдордо жана башка газондордо жүрүүнүн эрежелерин бузушу (ушул Кодекстин 20-главасында каралган учурларды кошпогондо) —

эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Тыгылыш болуп калган учурда жолдун кесилишине чыгуу же жолдордун жана көчөлөрдүн өтө турган бөлүгүн кесип өтүү, ал айдоочуну токтотууга аргасыз кылышы, туурасынан кетүүчү багытта транспорттук каражаттардын кыймылына тоскоолдук түзүшү, —

эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Айдоочунун транспорт каражатын токтотуу жана токтотмо жай талаптарын сактабоосу (ушул статьяда каралган учурларды кошпогондо) —

эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Белгиленген талаптарды бузуу менен кыймылдын каршы тилкесине транспорт каражатынын чыгышы —

эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Транспорттук каражаттын айдоочунун адамдарды ташуу боюнча белгиленген талаптарды бузушу —

эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Жол кыймылына тоскоолдук түзгөнү, токтотуу жана (же) автоктотмо жай (парковка) эрежелерин бузганы үчүн, ошондой эле транспорт каражаты жол-транспорттук кырсыкка катышкан учурда, айдоочусу (ээси) болбосо да транспорт каражатын атайын автотоктотмо жайга жеткирүү менен аны мажбурлап эвакуациялоого жол берилет.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

236-статья. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын үйрөтүү айдоосун жүргүзүүнүн, сырткы жарыктандыруучу приборлорду пайдалануу, үн чыгаруучу же авариялык белгини колдонуу эрежелерин бузуулары, ошондой эле жарык чагылдыргычы жок унаа арабаларын, велосипеддерди айдоо

Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын үйрөтүү айдоосун жүргүзүүнүн, сырткы жарыктандыруучу приборлорду пайдалануу, үн чыгаруучу же авариялык белгини колдонуу эрежелерин бузуулары —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Жарык чагылдыргычы жок унаа арабаларын, велосипеддерди айдоо —

эскертүүгө же эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 4-августундагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

237-статья. Турак жай зоналарында транспорт каражаттарынын жүрүшү үчүн белгиленген эрежелерди бузуу

Турак жай зоналарында транспорт каражаттарынын жүрүшү үчүн белгиленген эрежелерди бузуу, —

эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 4-августундагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

238-статья. Айдоочулардын же башка адамдардын транспорт каражаттарын мас абалында айдоосу, ошого тете эле транспорт каражатын мас абалындагы адамга айдоого берүү

Айдоочунун транспорт каражаттарын алкоголдук, наркотикалык же токсикоманиялык мас абалында айдоосу, —

эсептешүү көрсөткүчтүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга же бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракет авариялык кырдаалды түзүүгө учуратканда, —

эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же эки жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, жабырлануучунун ден соолугуна зыян келтирген же жазык жактан жазалоо жосунунун белгилери болбогон, транспорт каражаттарын жана башка мүлктөрдү бузган аракет, —

үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракет жашы жетпеген тарабынан жасалганда, —

ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчтүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракет транспорт каражаттарын айдоого укугу жок адамдар тарабынан жасалганда, —

эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.

(6-бөлүк КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(7-бөлүк КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Транспорт каражатын башкарууну алкоголдук, наркотикалык же токсикоманиялык мас абалындагы адамга берүү, —

эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же он беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.

Транспорт каражатын башкарууну алкоголдук, наркотикалык жана токсикоманиялык мас абалындагы адамга айдоого уруксат берүү, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн отуз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Айдоочулардын жана транспорт каражаттарын айдаган адамдардын белгиленген тартипке ылайык мас абалын күбөлөндүрүүдөн өткөрүүдөн баш тартуусу, —

үч суткага администрациялык камакка алууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи-үчүнчү, бешинчи жана сегизинчи бөлүктөрүндө каралган, үч жылдын ичинде эки жолудан ашык жасалган аракеттер, —

төрт жылдык мөөнөткө транспорттук каражатты башкаруу укугунан ажыратууга же беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

239-статья. Транспорт каражатынын айдоочусунун сүйлөшүү түзүлүшүн же байланыш каражатын колдонуу эрежелерин бузуусу

Транспорт каражаты жүрүп бараткан убакта бул транспорт каражатынын айдоочусунун сүйлөшүү түзүлүшүн же байланыш каражатын колдонуусу —

эскертүүгө же эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Транспорт каражатын башкаруу учурунда кулакка таккычтарды же үнү катуу чыккан байланыш каражатын колдонуу аркылуу сүйлөшүү түзүлүшүн же байланыш каражатын колдонууга уруксат берилет.

Бул статьяда көрсөтүлгөн талап ыкчам жана атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларына, алар тарабынан кечиктирилгис кызматтык милдеттерди аткаруу убагында жайылтылбайт.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

240-статья. Транспорт каражаттарын айдоочулардын темир жол өткөөлдөрүнөн өтүү эрежелерин бузуусу

Транспорт каражаттарын айдоочулардын темир жол өткөөлдөрүнөн өтүү эрежелерин бузуусу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жашы жетпеген тарабынан жасалганда —

ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(үчүнү бөлүк КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

241-статья. Жол кыймылынын катышуучусунун авариялык кырдаалды түзүүгө учуратуучу Жол кыймылы эрежелерин бузуусу

Транспорт каражатынын айдоочусунун авариялык кырдаалды түзүүгө алып келген Жол кыймылынын эрежелерин бузушу, —

эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Жол кыймылынын башка катышуучулары (ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган учурдан тышкары жөө жүргүнчүлөр, велосипедчендер, арабакечтер ж.б.) тарабынан авариялык кырдаалдын түзүлүшү, —

эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет;

Транспорт каражаттарын айдоочуларынын Жол кыймылынын эрежесин бузуп, транспорт каражаттарын же башка мүлктү материалдык зыянга учуратуу менен авариялык кырдаалдын түзүлүшү, —

эсептешүү көрсөткүчтүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга же бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратууга алып келет.

(төртүнчү бөлүк КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Эскертүү. Авариялык кырдаалды түзүү — бул жол кыймылынын катышуучусунун жол кыймылынын аракеттеги эрежесин бузуу менен жол кыймылынын ылдамдыгын же траекториясын өзгөртүүгө аргасыз кылган алдын ала аракети.

(КР 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

242-статья. Транспорт каражаттарын айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуп, транспорт каражаттарын же дагы башка мүлктү материалдык зыянга учуратып, ошондой эле жабырлануучунун ден соолугуна жеңил залал келтириши

Транспорт каражаттарын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежесин бузуп, транспорт каражаттарын же дагы башка мүлктү материалдык зыянга учуратуусу, —

эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде жазык жагынан жазалануучу жосундун белгиси болбосо, Жол кыймылынын эрежелерин транспорт каражатынын айдоочусунун бузуусунан жабырлануучунун ден соолугуна залал келтирилиши —

эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салынышына же кийин жабырлануучунун ден соолугун калыбына келтирүүгө кеткен материалдык чыгымдарынын ордун толтуруу менен эки жылга транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет.

Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер жашы жетпегендер тарабынан жасалганда, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө ата-энесине же аларды алмаштырган адамдарга администрациялык айып салууга алып келет.

Транспорт каражаттарын башкарууга укугу жок адам тарабынан жасалган, ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган иш аракеттер, —

эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы N 121, 2005-жылдын 5-августундагы N 121, 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

243-статья. Айдоо укугуна ээ болбогон же андан ажыратылган адамдардын транспорт каражаттарын башкаруусу жана аларга транспорт каражатын айдоого берүү

Айдоо укугуна ээ болбогон адамдын транспорт каражатын башкаруусу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Айдоо укугуна ээ болбогон адамга транспорт каражатын башкарууга берүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жашы жетпеген тарабынан жасалганда —

ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Айдоо укугунан ажыратылган адамдын транспорт каражатын айдоосу, —

эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

244-статья. Жол кыймылынын эрежелеринде каралган документтер жанында болбогон айдоочулардын транспорт каражаттарын айдоосу

Жол кыймылынын эрежелеринде каралган документтер жанында болбогон айдоочулардын транспорт каражаттарын айдоосу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5тен бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

244-1-статья. Коркунучтуу жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча талаптарды сактабагандык

Коркунучтуу жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полиси жанында болбогон адамдын транспорт каражатын айдоосу, —

эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Коркунучтуу жүктөрдү ташуучу деп коркунучтуу жүктөрдү ташыган жана бул үчүн транспорт каражатын пайдаланган жеке же юридикалык жак түшүнүлөт.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу деп менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде автомобилдик транспорт каражатка ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, акы үчүн же жалдоо боюнча жүргүнчүлөрдү жана алардын мүлкүн ташууга укугу бар жеке же юридикалык жак түшүнүлөт.

Жүргүнчү деп анын атынан же анын өзү түзгөн ташуу келишимин аткаруу үчүн ташуучу акыга ташыган жеке жак түшүнүлөт.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

245-статья. Жол кыймылына катышуучуларга коюлган башка талаптарды бузуу

Жол кыймылынын катышуучуларына жол кыймылы эрежелеринде белгиленген, ушул Кодекстин 20-главасында саналып өтпөгөн башка талаптарды бузуу, —

эскертүү берүүгө же эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

246-статья. Транспорт каражаттарын айдоочулардын мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу

(КР 2008-жылдын 4-августундагы N 185 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

246-1-статья. Шаардык жана шаар четине каттаган коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу

Транспорт каражатынын кыймыл учурунда бут койгучунда жана чыгып турган башка бөлүктөрүндө, кирүү жана чыгууларында жол жүрүү түрүндө, эшиктердин ачылышына жана жабылышына тоскоолдук кылуу, тиешелүү таңгаксыз кесүүчү буюмдарды, ошондой эле салонду жана жүргүнчүлөрдүн кийимин булгай турган буюмдар менен заттарды ташууларды жасоо менен троллейбусту, шаардык жана шаар четине каттаган автобусту же таксини пайдалануу эрежелерин бузуу, —

эскертүүгө же эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

247-статья. Жол кыймылынын эрежелеринин анын катышуучулары тарабынын бузулушу (механикалык транспорт каражаттарын айдоочулардан башкасы)

Жөө адамдар жана транспорт каражаттарынын жүргүнчүлөрү тарабынан Жол кыймылынын эрежелеринин бузулушу, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден экиге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Мопед айдагандар, велосипедчендер, болбосо арабакечтер же жол кыймылынын процессине түздөн-түз катышкан дагы башка адамдар тарабынан (механикалык транспорт каражатын айдоочудан башкасы) Жол кыймылынын эрежелери бузулса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден экиге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы N 121, 2012-жылдын 25-июлундагы N 139 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

248-статья. Жол-транспорт кырсыгына байланыштуу милдеттерин аткарбоо

Жол-транспорт кырсыгына байланыштуу жол кыймылы эрежелеринде каралган милдеттенмелерди катышуучу болуп саналган айдоочунун аткарбоосу, —

эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же бир жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратууга алып келет.

Айдоочунун Жол кыймылы эрежелерин бузуу менен өзү катышкан, жазык жазасынын жосундарынын белгилерине ээ болбогон жол-транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кетүүсү, —

эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же төрт жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруудан ажыратууга алып келет.

Айдоочуга, ал катышкан жол-транспорт кырсыгынан кийин, же болбосо милициянын кызматкеринин талабы боюнча мас абалын аныктоо максатында ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүү өткөрүлгөнгө чейин транспорт каражатын токтотуу же ыйгарым укук берилген кызмат адамы мындай күбөлөндүрүүдөн өткөрүүдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин айдоочуга алкоголь ичимдиктерин ичүүгө же баңги же психотроптук заттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө Жол кырсыгынын эрежелеринин талаптарын аткарбоосу —

эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга же үч жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратууга алып келет.

Эскертүү. Жабыркоочуга медициналык жардам көрсөтүүгө байланыштуу жолтранспорт кырсыгы болгон жерден кетип калган адам ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү боюнча жоопкерчиликтен бошотулат.

(КР 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

249-статья. Белгиленген тартипте катталбаган, билип туруп жасалма мамлекеттик каттоо номер белгиси менен, оң эмес, кайра жабдылган жана мамлекеттик техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын жолго чыгаруу

Белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатын жолго чыгаруу, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Билип туруп жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын жолго чыгаруу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Аны пайдаланууга тыюу салынган оң эмес, тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган же мамлекеттик техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражаттарын жолго чыгаруу, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

250-статья. Транспорт каражаттарын башкарган жарандардын эксплуатациялоо жана жол кыймылы эрежелерин дайыма бузуусу

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

251-статья. Байкоочу кудук капкактарын, жер астындагы коммуникацияларды күтүү эрежелерин бузуу менен жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудуруу

Жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү байкоочу кудуктардын капкактарын, жер астындагы коммуникацияларды күтүү эрежелерин бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Жол үстүнө суу, техникалык суюктук, буу чыгышына, жол таманына муз тоңушуна, көрүүнү начарлатууга жана кыймылга башка тоскоолдуктар түзүүгө алып келүүчү жер астындагы коммуникациялардын бузуктарын оңдоого чаралар көрбөө —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

252-статья. Учуунун коопсуздук эрежелерин бузуу

Аэродромдорду таанып-билүү үчүн кабыл алынган маркалык белгилерге жана түзүлүштөргө окшош кандайдыр-бир белгилерди жана түзүлүштөрдү аэродром аймагына жайгаштыруу же аэропорттун, аэродромдун администрациясынын уруксатысыз пиротехникалык буюмзаттарды күйгүзүү же аба кемелеринин учуулары үчүн коркунучтуу келген канаттуулардын массалык топтолушуна көмөк берүүчү объекттерди куруу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүндө, кызмат адамдарына беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Имараттарда жана курулуштарда түнкү жана күндүзгү маркалык белгилерди же түзүлүштөрдү жайгаштыруу тууралу эрежелерди аткарбоо —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Аэродромдук жабдууларга, аэродромдук белгилерге, аба кемелерине жана алардын жабдууларына зыян келтирүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Авиациялык коопсуздукту камсыздоо максаттарында аэропорттордо белгиленген өткөрүүчү же объекттик ички тартипти бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

253-статья. Жүк жөнөтүүчүнүн аба транспортунда коркунучтуу заттарды жана буюмзаттарды ташуу эрежелерин бузуусу

Жүк жөнөтүүчүнүн аба транспортунда коркунучтуу заттарды же буюмзаттарды ташуу эрежелерин бузуусу —

көрсөтүлгөн заттарды жана буюмзаттарды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына — он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

254-статья. Аба транспортунда жүрүм-турум эрежелерин бузуу

Аба транспортунда бараткан адамдардын экипаждын командиринин буйруктарын аткарбоосу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Аба транспортунда фото жана кино тартуу, радио байланыш каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу —

фото жана кино тасмаларын конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмдө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

255-статья. Аба транспортунда жүктүн сакталышын камсыздоого багытталган эрежелерди бузуу

Аба транспортунда жүк ташууга байланышкан иштерди аткаруу үчүн пайдаланылган пломбаларга жана бекиткич түзүлүштөргө, контейнерлерге зыян келтирүү, алардын пломбаларын жулуп салуу, айрым жүк коюучу жайларга жана таңгактарга, пакеттерге, ошондой эле кампалардын тосмолоруна зыян келтирүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

256-статья. Жеке жүктү жана кол жүктөрүн каратуудан баш тартуу

Авиациялык коопсуздукту камсыздоо максатында жүргүзүлүүчү жеке жүктү жана кол жүктөрүн каратуудан баш тартуу, ошондой эле аба транспортунда ташууга тыюу салынган заттарды жана буюмзаттарды ташууга аракет жасоо —

эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

257-статья. Аба транспортунда ташууга алынган жүктүн жана жүргүнчүлөрдүн жүгүнүн сакталышынын белгиленген эрежелерин бузуу

Аба транспортунда ташууга алынган жүктүн жана жүргүнчүлөрдүн жүгүнүн сакталышынын белгиленген эрежелерин бузуу анын жоголушуна жана зыянга учуроосуна алып келсе, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

258-статья. Транспорт каражаттарын айдоочулардын аэропорттордогу кыймыл эрежелерин сактабоосу

Аэропорттордун, уюмдардын жана ишканалардын атайын транспорт каражаттарын айдоочулардын аэропорттордо белгиленген кыймыл ылдамдыгы, атайын чек белгилерин, анын ичинде токтоо жана токтотуп коюу чек белгилерин, ошондой эле аба кемесине келүү эрежелерин сактабоосу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө администрациялык айып алууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

259-статья. Суу транспортунда кыймыл коопсуздугунун эрежелерин бузуу

Кемелердин портко кирүү жана порттон чыгуу, кемелердин порттун суусундагы кыймылынын жана токтоп туруусунун эрежелерин, ошондой эле кемеге түшүрүүдө, жолдо келе жатканда жана аларды кемеден түшүрүүдө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу эрежелерин бузуу-

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Порт сууларында суу түбүнө түшүү жумуштарын тийиштүү уруксатсыз жүргүзүү, бул иштердин убагында белги берүү эрежелерин сактабоо —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Белги берүү жана байланыш курулуштарына жана түзүлүштөрүнө зыян келтирүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн эки, кызмат адамдарына — экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

260-статья. Суу транспортунун кемелеринин ички жабдууларына зыян келтирүү

Суу транспортунун кемелеринин ички жабдууларына зыян келтирүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

261-статья. Порттордо жүк жүктөө, түшүрүү жана жүк жыюу эрежелерин бузуу

Порттордо жүк жүктөө, түшүрүү жана жүк жыюу эрежелерин бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

262-статья. Чакан кемелерди каттоо жана эсебин алуу эрежелерин, ошондой эле мындай кемелерди жана аларды токтотуу үчүн базаларды (курулуштарды) пайдалануу эрежелерин бузуу

Чакан кемелерди каттоо жана эсебин алуу эрежелерин, ошондой эле мындай кемелерди жана аларды токтотуу үчүн базаларды (курулуштарды) пайдалануу эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден эки, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

263-статья. Чакан кемелерди чыгаруу жана пайдалануу эрежелерин бузуу, ошондой эле кемени башкаруу укугуна ээ болбогон адамдын аны башкаруусу

Белгиленген тартипте катталбаган же техникалык кароодон (күбөлөндүрүүдөн) өтпөгөн, борттук номери же белгиси жок, же тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган же пайдаланууга тыюу салынган бузуктары бар, же жүктөө эрежелерин, жүргүнчүлөрдүн санынын ченемин, чөлкөмдүк жана сүзүү шарттары боюнча чектөөнү бузуучу чакан кемелерди сүзүүгө жана пайдаланууга чыгаруу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына үчтөн сегиз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Чакан кемени башкарууга укугу жок адамдын ушундай кемени башкаруусу же мындай кемени башкарууну башкаруу укугу жок адамга берүүсү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн сегиз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

264-статья. Чакан кемелердин сүзүү эрежелерин бузуусу

Чакан кемелердин айдоочуларынын кемелерди белгиленген ылдамдыктан ашыра айдоосу, навигациялык белгилердин талаптарын сактабоосу, тыюу салынган жерлерде кемени атайын токтото туруусу же токтотушу, гидротехникалык курулуштарга же техникалык каражаттарга жана кеме жүрүшү менен навигациялык жагдайдын белгилерине зыян келтирүү, маневр жасоо, үн белгилерин берүү, борттук жарык жана белги берүү эрежелерин бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга же соттун чечими боюнча бир жылга чейинки мөөнөткө кемени айдоочуну чакан кемени башкаруу укугунан ажыратууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 5-августундагы N 191, 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

265-статья. Кемени айдоочунун же башка адамдын мас абалында кемени башкаруусу

Чакан кемени мас абалында башкаруу, ошондой эле кемени айдоочунун мындай кемени башкарууну мас абалындагы башка адамга берүүсү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга же соттун чечими боюнча эки жылга кемени айдоочуну кемени башкаруу укугунан ажыратууга алып келет.

Чакан кемени мас абалындагы адамдардын башкаруусуна жол берүү —

кемелерди пайдаланууга жооптуу кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 5-августундагы N 191, 2007-жылдын 5-мартындагы N 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-глава
Байланышты пайдалануу жана телекоммуникациялар тармактарын эксплуатациялоо эрежелерине шек келтирген администрациялык укук бузуулар

266-статья. Байланыш объектилерин колдонууга кабыл алуу жана киргизүү тартибин бузуу

Менчигинин түрүнө карабастан, мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдардын уруксатысыз байланыш объектилерин пайдаланууга кабыл алуу, иштетүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

267-статья. Байланыш тармактарын, линияларын жана курулуштарын долбоорлоо, куруу, кайра конструкциялоо эрежелерин бузуу

Байланыш тармактарын, линияларын жана курулуштарын долбоорлоо, куруу, кайра конструкциялоо эрежелерин бузуу —

акырындап объектини алгачкы абалына келтирүү менен кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

268-статья. Байланыштын техникалык каражаттарын жайгаштыруу, коомдук аянттарды жана байланыш курулуштарын пайдалануу тартибин бузуу

Байланыштын техникалык каражаттарын жайгаштыруу, байланыш объектилери үчүн коомдук муктаждыктарга бөлүнгөн жер участокторун, анын ичинде коомдук жолдорду, тротуарларды же башка коомдук жерлерди же курулуштарды пайдалануу (өтүү укугу), ошондой эле электр байланышынын түркүктөрүн орнотуу тартибин бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү өлчөмүнө администрациялык айып салууга алып келет.

269-статья. Байланыш объектилерин пайдаланууда жана байланыш кызматтарын көрсөтүүдө мамлекеттик стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин талаптарын бузуу

Байланыш объектилерин пайдалануу жана байланыш кызматтарын көрсөтүү тартибин жөнгө салуучу мамлекеттик стандарттардын, ченемдердин, эрежелердин жана башка регламенттештирүүчү документтердин талаптарын бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

270-статья. Байланыш ишин лицензиясыз жана жабдууларды сертификациялоосуз жүзөгө ашыруу

Электр жана почта байланышын, маалыматтарды берүүнү, телерадиопрограммаларды таратуу ишин, радио жыштык спектрин пайдаланууну лицензиясыз жана жабдууларды сертификациялоосуз жүзөгө ашыруу —

кийин байланыш ишин токтото туруу менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

271-статья. Радио берүүчү түзүлүштөрдү тийиштүү уруксатсыз даярдоо жана пайдалануу

Радио берүүчү түзүлүштөрдү тийиштүү уруксатсыз даярдоо жана пайдалануу —

радио берүүчү түзүлүштөрдү конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына — жыйырмадан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер жашы жетпеген бала тарабынан жасалганда,-

радио берүүчү түзүлүштөрдү конфискациялоо менен ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып акы салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

272-статья. Радиоэлектрондук каражаттарды же бийик жыштыктагы түзүлүштөрдү алып кирүү, эксплуатациялоо, сатуу же туруктуу же убактылуу пайдаланууга берүү эрежелерин бузуу

Радиоэлектрондук каражаттарды же бийик жыштыктагы түзүлүштөрдү алып кирүү, эксплуатациялоо, сатуу же туруктуу же убактылуу пайдаланууга берүү эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, юридикалык жактарга жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

273-статья. Мамлекеттик стандарттарга же радио тоскоолдуктардын жол берилген ченемдерине ылайык келбеген электротехникалык каражаттарды даярдоо же пайдалануу

Мамлекеттик стандарттарга же радио тоскоолдуктардын жол берилген ченемдерине ылайык келбеген электротехникалык каражаттарды даярдоо же пайдалануу —

электротехникалык каражаттарды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырма, юридикалык жактарга — жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

274-статья. Байланыш линияларын жана курулуштарын коргоо эрежелерин бузуу

Байланыш линияларын жана курулуштарын коргоо эрежелерин бузуу, ошондой эле байланыштын линиялык жана кабелдик курулуштарын бузуп салуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин айып салууга алып келет.

275-статья. Электр байланыш тармактарын тармактар аралык бириктирүүнүн (кошуунун) эрежелерин бузуу

Электр байланыш тармактарын тармактар аралык бириктирүүнүн (кошуунун) эрежелерин бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

276-статья. Аягында турган жабдууларды электр байланыш тармактарына өз эркинче кошуу

Атайын уруксат албай туруп аягында турган жабдууларды электр байланыш тармактарына өз эркинче кошуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

277-статья. Байланыш каражаттарын таап келүү жана сатуу

Мамлекеттик стандарттарга, техникалык шарттарга ылайык келбеген байланыш каражаттарын таап келүү жана сатуу —

байланыш каражаттарын конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

278-статья. Жумуштарды жүргүзүүдө байланыш тармактарына (ачык, кабелдик) зыян келтирүү

Жумуштарды жүргүзүүдө байланыш тармактарына (ачык, кабелдик) жана алардын жабдууларына зыян келтирүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

279-статья. Байланыш объектилери жөнүндө же байланыш кызматтарын көрсөтүү тууралу атайылап жалган маалымат берүү

Байланыш объектилери жөнүндө же байланыш кызматтарын көрсөтүү тууралу атайылап жалган маалымат берүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

280-статья. Байланыш объекттерин колдонууга кабыл алуу жана киргизүү эрежелерин бузуу

Байланыш объекттерин колдонууга кабыл алуу жана киргизүү эрежелерин бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин айып салууга алып келет.

281-статья. Мамлекеттик кабыл алуу комиссиясы кабыл албаган байланыш объектин заказчынын пайдалануусу

Жаңы курулгандан, реконструкциялангандан, капиталдык оңдоодон кийин мамлекеттик кабыл алуу комиссиясы кабыл албаган байланыш объектин заказчынын пайдалануусу —

объекттин пайдаланууну токтото туруу менен кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

282-статья. Телефон-автоматтарга (таксофондорго) зыян келтирүү же бузуу

Телефон-автоматтарга (таксофондорго) зыян келтирүү же бузуу аларды жараксыздыкка алып келсе,-

мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен отуз саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн ошол эле аракеттер жашы жетпеген тарабынан жасалганда —

ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

283-статья. Почтаны шаар аралык жана эл аралык каттамдар боюнча туруктуу ташуу жөнүндө келишим түзүүдөн транспорт ишканаларынын баш тартуусу

Почтаны шаар аралык жана эл аралык жол каттамдары боюнча туруктуу ташуу жөнүндө келишим түзүүдөн транспорт ишканаларынын баш тартуусу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

284-статья. Кыргыз Республикасында байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү органдын көрсөтмөлөрүн аткарбоо

Кыргыз Республикасында байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү органдын көрсөтмөлөрүн аткарбоо, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

22-глава
Соода эрежелерине шек келтирген администрациялык тартип бузуулар

285-статья. Соода эрежелерин бузуу

Менчигинин таризине карабастан, сооданы жүзөгө ашыруучу ишканаларда жана уюмдарда, ошондой эле жарандардын товарларды жана башка буюмзаттарды сатып өткөрүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу менен сатуусу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн алтыдан он төрт, кызмат адамдарына жыйырмадан кырк өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

иштин ошол түрүн жүргүзүү лицензиясынан (уруксаттан) ажыратуу менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он төрттөн жыйырма, кызмат адамдарына кырктан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 13-октябрындагы N 272 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

285-1-статья. Товардын табылган кемчиликтерин жоюу мөөнөтүн бузуу

Товардын (аткарылган иштин, кызмат көрсөтүүнүн) табылган кемчиликтерин жоюунун мыйзамдары каралган мөөнөттөрүн аткарбоо менен керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуу —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн онго чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө административдик жазапул салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

286-статья. Сапаты талаптагыдай эмес товарларды сатуу же санитардык эрежелерди бузуу менен сатуу

Менчигинин түрүнө карабастан, соода ишканаларында, ага тете калкка товарларды сатып өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу базарларда жана башка ишканаларда же ишкер катары катталган жарандар тарабынан стандарттардын талаптарына, сапаты, толуктугу жана таңгакталышы боюнча техникалык шарттарга жана үлгүлөргө (эталондорго) ылайык келбеген товарларды сатуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Азык-түлүк товарларын санитардык эрежелерди бузуу менен же керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуздук келтирбешин ырастаган сапаттык сертификатысыз (ылайыктуулугу), гигиеналык сертификатсыз (санитардык корутундусуз) сатуу —

товарды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен сегиз, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

286-1-статья. Үйдө жасалган спирттик ичимдиктерди даярдоо, сатып өткөрүү же сатып өткөрүү максатында сактоо

Үйдө жасалган (этил спиртинин үлүшү 9 пайыздан ашык көлөмдө болгон) спирт ичимдиктерин даярдоо, сатып өткөрүү же сатып өткөрүү максатында сактоо, аларды жасоо үчүн өндүрүш каражаттарын даярдоо же сатып өткөрүү максатысыз сактоо, —

продукцияны жана өндүрүш каражаттарын конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

(КР 2004-жылдын 15-февралындагы N 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

287-статья. Милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон, бирок сертификацияланбаган продукцияларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү), мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптарына ылайык келбеген продукцияларды чыгаруу, жөнөтүү, сатуу, пайдалануу (эксплуатациялоо), иш аткаруу жана кызмат көрсөтүү

Милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон, бирок сертификацияланбаган продукцияларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү), мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптарына ылайык келбеген продукцияларды чыгаруу, жөнөтүү, сатуу, пайдалануу (эксплуатациялоо), иш аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

288-статья. Керектөөчүлөрдү алдоо

Менчигинин түрүнө карабастан, товарларды сатып өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу же калкка кызмат көрсөтүүчү ишканаларда, уюмдарда, ага тете соода (кызмат көрсөтүү) чөйрөсүндө ишкердик кылган жарандар тарабынан ченөөдө, таразалоодо, эсептөөдө алдоо, товардын керек-жарактык касиети, сапаты жагында адаштыруу же керектөөчүлөрдү башкача алдоо анча чоң эмес өлчөмдө жасалса, —

жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн бештен он беш өлчөмүнө, кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн ондон жыйырма өлчөмүнө, кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Эгерде керектөөчүлөргө келтирилген зыян эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон бир бөлүгүнөн ашпаса, ушул статьяда каралган аракеттер чакан өлчөмдө жасалды деп таанылат.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы N 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

289-статья. Ченөө каражаттарын сертификациялоо жана күтүү жана аларды пайдалануу боюнча эрежелерди, стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарын бузуу

Метрологиялык аттестациядан өтпөгөн ченөө каражаттарын сертификациялоонун жана күтүүнүн эрежелерин, стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарын бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса,-

тараза жана ченөөчү приборлорду конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

290-статья. Ченөө каражаттарын алардын түрлөрүн бекитпестен же метрологиялык аттестациясыз пайдаланууга чыгаруу

Ченөө каражаттарын алардын түрлөрүн бекитпестен же метрологиялык аттестациясыз, ошондой эле текшерилбеген ченөө каражаттарын пайдаланууга чыгаруу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ченөө каражаттарын тийиштүү уруксатсыз даярдоо, оңдоо жана текшерүү, ошондой эле текшерүү ыкмаларын жана эрежелерин бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

290-1-статья. Керектөөчүлөрдү тейлөөдө стандартташтыруу жана метрология органдары текшербеген жана белги салынбаган чен-өлчөм каражаттарын колдонуу

Керектөөчүлөрдү тейлөөдө стандартташтыруу жана метрология органдары текшербеген жана белги салынбаган чен-өлчөм каражаттарын колдонуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он бешке чейинки өлчөмүндө административдик жазапул салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

291-статья. Ишин токтоткондон кийин соода операцияларын (кызмат көрсөтүүлөрдү) жүзөгө ашыруу

Ишин токтоткондон кийин соода операцияларын (кызмат көрсөтүүлөрдү) жүзөгө ашыруу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он сегиз, кызмат адамдарына кырктан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 13-октябрындагы N 272 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

292-статья. Керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуучу укукка жат аракеттер

Тейлөөнүн кепилдикке алынган мөөнөтүнөн баш тартуу, сапатсыз азык-түлүк эмес товарды талаптагыдай сапаттагы ошондой товарга алмаштыруудан же ал үчүн акча төлөөдөн баш тартуу, ошондой эле жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттарын аткарбоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

293-статья. Сатып алуучуга (кардарга) чек бербөө, чек берүүнү камсыз кылбоо же чекти төлөнгөндөн аз сумманы көрсөтүү менен берүү

Калк менен акчалай эсептешүүнү жүргүзүүдө сатып алуучуга (кардарга) чек бербөө, чек берүүнү камсыз кылбоо же чекти төлөнгөндөн аз сумманы көрсөтүү менен берүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарына элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

294-статья. Сатылуучу товарларга баа көрсөткүчтөрүн (жарлыктарды) илбей коюу (көрсөтүлүүчү кызматтарга прейскурант)

Сатылуучу товарларга баа көрсөткүчтөрүн (жарлыктарды) илбей коюу (көрсөтүлүүчү кызматтарга прейскурант) —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына — экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса,-

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден эки, кызмат адамдарына үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

294-1-статья. Алкогол ичимдиктери, пиво, тамеки жана тамеки заттары сатылуучу жерлерге сатууга тыюу салуу жөнүндөгү эскертүүнү илбөө

Алкогол ичимдиктери, пиво, тамеки жана тамеки заттары сатылуучу жерлерге аларды он сегиз жашка чыга элек адамдарга сатууга тыюу салынгандыгы жөнүндө эскертүүлөрдү илбөө —

бирден үчкө чейинки эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга кириптер кылат.

(КР 2006-жылдын 8-августундагы N 159, 2009-жылдын 24-июлундагы N 250 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

295-статья. Товарларды даярдоочу, тапшыруучу жана сатуучу жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерсиз сатуу

Менчигинин түрүнө карабастан, соода ишканаларында жана уюмдарында, ага тете калкка товарларды сатып өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу башка ишканаларда же ишкер катары катталган жарандар тарабынан товарларды же башка буюмзаттарды даярдоочу, тапшыруучу жана сатуучу жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерсиз сатуу —

арандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден төрт, кызмат адамдарына төрттөн алты өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн төрттөн алты, кызмат адамдарына алтыдан он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 13-октябрындагы N 272 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

296-статья. Сертификацияланбаган продукцияны мыйзамсыз эн тамгасын салуу

Сертификацияланбаган продукцияны тийиштүү уруксатсыз өндүрүштүк эн тамгага ылайыктуулук белгиси менен мыйзамсыз эн тамгасын салуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

297-статья. Юридикалык жактын маалыматтарындагы өзгөрүүлөр жөнүндө билдирбөө

Юридикалык жактын маалыматтарындагы аны мыйзамда белгиленген тартипте кайра катталышына алып келүүчү өзгөрүүлөр жөнүндө билдирбөө —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

298-статья. Лицензиясыз (уруксатсыз) соода жүргүзүү

Мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү лицензиясыз (уруксатсыз) соода жүргүзүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кырк, кызмат адамдарына жетимиштен жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 13-октябрындагы N 272, 2013-жылдын 17-июлундагы N 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

299-статья. Керектөө рыногуна товарларды жөнөтүүгө тоскоолдук кылуу жана аларды соодалоону кечеңдетүү

Жасалма тартыштыкты түзүү же бааны көтөрүү максатында менчигинин таризине карабастан тапшыруучулар тарабынан керектөө рыногуна товарларды жөнөтүүнү ар кандай түрдө атайын чектөө, негизсиз токтотуу, тоскоолдук кылуу, аларды соодалоону кечеңдетүү, анын ичинде белгиленген мөөнөттөрдөн жана ченемдерден ашыкча сактоо жолу менен кечеңдетүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

300-статья. Алкоголдук продукция үчүн акциздик маркаларды, этикеткаларды, термокапкактарды, тыгындарды, мюзлени жана башка комплекттөөчү материалдарды жасалмалоо же болбосо кайтадан пайдалануу, сактоо, таратуу, сатуу

Алкоголдук продукция үчүн акциздик маркаларды, этикеткаларды, термокапкактарды, тыгындарды, мюзлени жана башка комплекттөөчү материалдарды жасалмалоо же болбосо пайдалануудан чыккандарын кайтадан пайдалануу, ошондой эле аларды сактоо, таратуу жана сатуу, —

жарандарга — жыйырма, кызмат адамдарына — жүз, юридикалык жактарга — беш жүз, эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алкоголдук продукция үчүн акциздик маркалары, этикеткалары, термокапкактары, тыгындары, мюзлеси жана башка комплекттөөчү материалдары жасалмаланган же кайталап пайдаланылган товарын конфискациялоо менен администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

301-статья. Тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз чыгаруу, импорттоо жана сатуу

Тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз чыгаруу, импорттоо жана сатуу —

жарандарга — жыйырма, кызмат адамдарына — жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө тамеки буюмдарын конфискациялоо менен администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 30-майындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

301-1-статья. Алкоголдук ичимдиктерди акциздик маркаларсыз чыгаруу, импорттоо жана сатуу

Алкоголдук ичимдиктерди акциздик маркаларсыз чыгаруу, импорттоо жана сатуу —

жарандарга — жыйырма, кызмат адамдарына — жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоо менен администрациялык айып салууга жана лицензиядан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 30-майындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

301-2-статья. Ата мекендик өндүрүштөгү аракты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдуу дүң жана чекене баадан төмөн баа боюнча сатуу

Ата мекендик өндүрүштөгү аракты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдуу дүң жана чекене баадан төмөн баа боюнча сатуу —

жыйырма эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоо менен администрациялык айып салууга жана лицензиядан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 30-майындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

301-3-статья. МЧБнын көрсөтмөсү жок тамеки буюмдарды өндүрүү, импорттоо жана сатуу

Сигареттердин таңгакчасында, кутучаларында МЧБ көрсөтмөсү жок тамеки буюмдарын өндүрүү, импорттоо жана сатуу —

жарандарга эсептик көрсөткүчтүн он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарга — эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга — эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейин өлчөмүндө, тамеки буюмдарын конфискациялоо менен администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 22-июлундагы N 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

302-статья. Белгиленбеген жерлерде соода кылуу

Белгиленбеген жерлерде жайма такталардан, автомашиналардан товарлардын жана продукциялардын бардык түрлөрү менен колмо-кол соода кылуу-

товарларды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден алты, кызмат адамдарына ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Күйүүчү-майлоочу материалдарды белгиленбеген жерлерде сатуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер жашы жетпеген тарабынан жасалганда —

ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден төрткө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2009-жылдын 13-октябрындагы N 272 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

303-статья. Базарларда (майда базарларда) соода кылуу эрежелерин бузуу

Базарларда (майда базарларда) соода кылуу эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жашы жетпеген тарабынан жасалганда —

ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

304-статья. Коомдук тамак-аш продукциясын өндүрүү жана сатып өткөрүү эрежелерин бузуу

Менчигинин түрүнө карабастан, коомдук тамак-аш ишканаларында, ошондой эле ишкердик кылган адамдардын продукция өндүрүү жана сатып өткөрүү эрежелерин бузуусу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же иштин белгилүү түрүн жүргүзүүгө лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга алып келет.

305-статья. Аудио-, аудиовизуалдык продукцияларды, электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат базаларын сатуу жана ачык көрсөтүү эрежелерин бузуу

Аудио-, аудиовизуалдык продукцияларын, электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат базаларын сатуу эрежелерин бузуу —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүүгө чейинки, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Көрсөтүүнүн белгиленген убактысын жана көрүүчүлөр категориясын сактабоодо көрүнгөн аудиовизуалдык продукцияларды ачык көрсөтүү эрежелерин бузуу —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүүгө чейинки, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

чыгармалардын же фонограммалардын контрафактылык нускаларын конфискациялоо менен жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки, кызмат адамдарына — жүз элүүдөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

305-1-статья. Тиричиликтик тейлөө эрежелерин бузуу

Менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, ошондой эле ишкердик иш жүргүзгөн жарандар тарабынан калкты тиричилик жактан тейлөөнүн эрежелерин бузуу —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден бешке чейинки, кызмат адамдарына — ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө административдик жазапул салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, административдик жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле иш-аракет —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө административдик жазапул салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

306-статья. Азык-түлүк товарларын (тамак-аш азыктарын) даярдоону, сатып өткөрүүнү жүргүзгөн адамдардын медициналык жактан күбөлөндүрүлгөндүгүн ырастоочу документтин жоктугу

Азык-түлүк товарларын (тамак-аш азыктарын) даярдоону, сатып өткөрүүнү жүргүзгөн адамдардын белгиленген тартипте медициналык жактан күбөлөндүрүүдөн өтпөөсү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

307-статья. Милдеттүү сертификациялоонун белгилүү тизмеси боюнча импорттук продукцияны ылайыктуулук сертификаты жок сатуу

Импорттук продукцияны ылайыктуулук сертификаты жок сатуу —

товарды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчү ондон он алтыга, кызмат адамдарына кырктан жүз өлчөмүнө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 13-октябрындагы N 272 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

308-статья. Товарларды жана башка буюмзаттарды мыйзамсыз сатуу

Колдонуудагы мыйзамдар менен эркин сатып өткөрүүгө тыюу салынган жана сатып өткөрүү чектелген товарларды же башка буюмзаттарды мыйзамсыз сатуу —

сатыктагы товарларды же буюмзаттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн алтыдан жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 13-октябрындагы N 272 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

309-статья. Кемчиликтерин жашыруу

Товарларды сатууда же сатып алуу келишимдерин түзүүдө олуттуу кемчиликтерин жашыруу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

310-статья. Документтерди алмаштыруу, өзгөртүү, кайра жасоо, жасалмалоо, так отчеттуулук бланкаларын сакталышын камсыз кылбоо жана жоголгон учурлары жөнүндө маалымат бербөө

Документтерди алмаштыруу, өзгөртүү, кайра жасоо, жасалмалоо же алардын сакталышын камсыз кылбоо, ошондой эле так отчеттуулуктагы бланктардын (КНС боюнча эсептик фактуралардын, накладнойлордун ж.б.) жоголгон же уурдалган учурлары жөнүндө өз учурунда маалымат бербөө, —

жарандарга — жыйырма, кызмат адамдарына — жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

310-1-статья. Кызматтык милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткарылышы

Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы керектөөчүлөрдүн, жеке ишкерлердин же юридикалык жактардын укуктары, эркиндиктери жана кызыкчылыктары жагындагы мамилелерди жөнгө салуучу милдетин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткарылышы,-

кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмадан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза чараларын колдонуудан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле аракеттер,-

кызмат адамына ээлеген кызматынан бошотуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-глава
Монополияга каршы мыйзамдарга, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, жарнак, бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуу тартиптери жөнүндө мыйзамдарга шек келтирген администрациялык укук бузуулар

(Главанын аталышы КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

311-статья. Товар рыногундагы үстөмдүк абалдан кыянат пайдалануу

Чарбачылык субъекттин товар рыногунда үстөмдүк абалды пайдалануусу жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамы боюнча үстөмдүк абалды кыянат пайдалануу жана жол берилгис деп эсептелүүчү иш-аракеттери, эгерде мындай иш-аракетте кылмыштык жазык жок болсо, —

кызмат адамдарына — эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга — укук бузуучунун укук бузуу жасалган рынокто товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчасынын суммасынан бирден он бешке чейинки пайыздык өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат, бирок товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчанын бүткүл суммасынын элүүдөн бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес.

Эскертүү. Ушул главаны колдонуу максаты үчүн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акча деп, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык аныкталуучу, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан алынган акча түшүнүлөт.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

312-статья. Атаандаштыкты чектеген макулдашуу түзүү же атаандаштыкты чектөөчү макулдашылган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу

Чарбачылык субъекттин атаандаштыкты чектеген жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамы боюнча жол берилгис макулдашууларды түзүшү же макулдашылган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруусу —

кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга — укук бузуучунун укук бузуу жасалган рынокто товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынын өлчөмүнөн бирден он бешке чейинки пайыз өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

313-статья. Атаандаштыкты чектөөгө багытталган актылар менен аракеттердин укукка ылайыксыздыгы

Аткаруу бийлигинин органынын кызмат адамынын иштин кандайдыр бир чөйрөсүндө чарба жүргүзүүчү жаңы субъектилерди түзүүгө чектөө киргизүүсү, ошондой эле негизсиз түрдө жеңилдиктерди берүүсү, башка басмырлоочу же артыкчылык берүүчү шарттарды белгилөөсү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

314-статья. Кара ниет атаандаштык

Чарбачылык субъекттердин ишкердик жүргүзүүдө артыкчылык алууга багытталган, мыйзамдын жоболоруна, ишкердик жүргүзүүнүн салттарына, тартиптүүлүктүн, чектен ашпоочулуктун жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, башка чарбачылык субъекттерди — атаандаштарын чыгымга дуушарлантышы мүмкүн болгон же дуушарланткан бардык иш-аракеттер, ушул Кодекстин 315-1-статьясында каралгандан башкалары, —

кызмат адамдарына — эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүз, юридикалык жактарга — беш жүздөн бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

315-статья. Жалган жарнама

Жарнама берүүчү тарабынан керектөөчүнү жолдон чыгарган, товарларды өндүрүү же кызматтарды көрсөтүү же болбосо сатуу жөнүндө чындыкка ылайык келбеген маалыматтар камтылган жарнаманы, жалган маалыматты билип туруп жайылтуу, ошондой эле милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон, бирок тиешелүү сертификаты болбогон продукцияны жарнамалоо —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Массалык маалымат каражаттары тарабынан ушундай ишти аткарууга укук берген лицензиясын көрсөтпөстөн, дартты аныктоонун жаңы жана натыйжалуу ыкмаларын жана дарылоонун жогорку көрсөткүчтөрүн жарнамалоого өтүнүчтөрдү кабыл алуунун эрежелерин бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жети өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Жарнама берүүчү тарабынан массалык маалымат каражаттарында тиешелүү лицензиясы же уруксаты жок иштин түрлөрүн жасоого табыштамалардын берилиши, —

жарандарга он бештен жыйырмага чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө, юридикалык жактарга — үч жүздөн жети жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 9-августундагы N 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

315-1-статья. Жарнама жөнүндө мыйзамды бузуу

Жарнама берүүчүнүн, жарнама чыгаруучунун же жарнама таратуучунун жарнама жөнүндө мыйзамда каралган ченемдерди бузушу, —

жеке адамдарга — ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга — жүздөн бир миңге чейин эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

316-статья. Шаардагы, айылдагы калк конуштарда жарнаманы жайылтуу

Шаардагы, айылдагы калк конуштарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарынын уруксатысыз жарнаманы жайылтуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

317-статья. Алкоголдук ичимдиктерди, тамекини жана тамеки буюмдарын жарнамалоо

Алкоголдук ичимдиктерди, тамекини жана тамеки буюмдарын жарнамалоонун эрежелерин бузуу —

кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

317-1-статья. Оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

318-статья. Медикаменттерди, медициналык багыттагы буюмдарды, медициналык техникаларды жарнамалоо

Аларды өндүрүүгө жана (же) сатып өткөрүүгө аткаруу бийлигинин саламаттык сактоо жагындагы органдары тарабынан берилген уруксат жок болгондо медикаменттерди, медициналык багыттагы буюмдарды, медициналык техникаларды жарнамалоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

319-статья. Жарнамага ылайык келбеген товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү

Товарларды жарнамада берилгендей же көрсөтүлгөндөй түспөлгө ылайыксыз түрдө сатуу, кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга ниеттенбей жарнамалоо же көрсөтүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

320-статья. Керектөөчүнүн өзүнүн таламдарын коргоого жөндөмсүздүгүнөн пайдалануу

Керектөөчүнүн өз майыптыгынан, сабатсыздыгынын же сатуу, макулдашууларга кол коюу учурунда пайдаланылган тилди түшүнө албагандыгынан өз таламдарын сактоого жөндөмсүздүгүн сатуучунун пайдалануусу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

321-статья. Монополияга каршы мамлекеттик органга маалыматты бербөө же убагынан кечиктирип берүү, маалыматты толук эмес көлөмдө берүү же маалыматты бербөө

Монополияга каршы мамлекеттик органга, анын аймактык органына мыйзамда берилүүсү каралган маалыматты бербөө же убагынан кечиктирип берүү, ошого тете монополияга каршы мамлекеттик органга, анын аймактык органына толук эмес же негизделбеген маалыматты берүү —

жарандарга — үчтөн бешке чейин, кызмат адамдарына — бештен онго чейин, юридикалык жактарга — жүздөн беш жүзгө чейин эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

321-1-статья. Монополияга каршы мамлекеттик органга, анын аймактык органдарына өтүнүч каттарды, билдирүүлөрдү (арыздарды) бербөө

Монополияга каршы мамлекеттик органга, анын аймактык органдарына өтүнүч каттарды, билдирүүлөрдү (арыздарды) бербөө, эгерде мындай өтүнүч каттарды (арыздарды), билдирүүлөрдү берүү Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык милдеттүү болсо; атайылап туура эмес маалыматтарды камтыган өтүнүч каттарды (арыздарды), билдирүүлөрдү берүү, ошого тете өтүнүч каттарды, билдирүүлөрдү (арыздарды) берүүнүн Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында белгиленген тартибин жана берүү мөөнөттөрүн бузуу —

жарандарга — бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына — отуздан элүүгө чейин, юридикалык жактарга — жүздөн бир миңге чейин эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

322-статья. Бааларды (тарифтерди) макулдашуунун тартибин бузуу

Бааларды (тарифтерди) коюунун жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен материалдарды макулдашууга бербей коюу (өз убагында бербөө), ошондой эле атайылап жалган (туура эмес) же толук эмес маалыматтарды (информацияны) берүү —

кызмат адамдарына — эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга — жүздөн беш жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

323-статья. Монополияга каршы мамлекеттик органдын көрсөтмөлөрүн аткаруудан качуу

Монополияга каршы мамлекеттик органдын монополияга каршы мыйзамдын, жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, бааларды (тарифтерди) белгилөөнүн жана колдонуунун тартиби жөнүндө мыйзамдардын бузулушун жоюу жөнүндө көрсөтмөлөрүн аткаруудан же өз убагында аткаруудан качуу —

кызмат адамдары эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга тартылат.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

324-статья. Бааларды негизсиз кымбаттатуу

Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды (продукцияга, товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтерди) жана рентабелдүүлүктүн чектелген деңгээлдерин кымбаттатуу, баа түзүү органдарында декларациядан өтүүдө катталган дүңүнөн жөнөтүү бааларын кымбаттатуу, ошондой эле ишканалар тарабынан башка мамлекеттер менен түзүлгөн өкмөттөр аралык макулдашуулар боюнча жөнөтүлүүчү продукциялардын бааларын кымбаттатуу же төмөндөтүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн — жыйырмадан элүү, юридикалык жактарга — жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Расмий түрдө белгиленген чектеги баалар болгондо, бул бааларга карата каралбаган кошумча акыларды, кошумча бааларды (кошуп эсептөөлөрдү) чегерүү, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды же ушул кызмат көрсөтүүлөрдүн наркында эсепке алынган, толук көлөмдө аткарылбаган жумуштарды кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына киргизүү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн (сатып алуучулардын) макулдугусуз продукциянын наркынын арзандашына алып келген кыйла арзан чийки затты жана башка технологиялык өзгөртүүлөрдү пайдалануу, алардын деңгээлин макулдашууда кабыл алынган керектөөчүлүк касиеттерине жетишилбеген конструктивдүү жана техникалык кемчиликтеринен улам продукциянын бааларын кымбаттатуу (стандартташтыруу органдарынын корутундусу болгондо) —

эсептешүү көрсөткүчүнүн кызмат адамдарына элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

325-статья. Мыйзамсыз киреше алууга (акча түшүрүп алууга) багытталган аракеттер

Рентабелдүүлүктүн деңгээлин жогорулатуунун эсебинен алынган каражатты бюджетке чегербөө жана продукциясы (товарлар, кызмат көрсөтүүлөр), реестрге киргизилген монополист-ишканалардын, ошондой эле продукциясына (товарлар, кызмат көрсөтүүлөр) рентабелдүүлүктүн чектүү деңгээли белгиленген башка ишканалардын бааларды (тарифтерди, үстөк акыларды) өз учурунда төмөндөтпөөсү, тапшыруучу ишканалар тарабынан өз фондусуна керектөөчүлөрдөн алынган продукциянын наркынан ашырып кошумча каражат алуусу, ошондой эле керектөөчүлөргө бул чыгымдарды буюмдун баасына кошуп эсептөө жана аларды өзүнө турган наркка таандык кылуу жана бул каражаттарды толук көлөмүндө жана тиешеси боюнча пайдаланбоо, чийки затты, материалдарды бардык бекитилген ченемдердин өзүнө турган чыгымдалуу наркына кошуп эсептөө —

эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

326-статья. Керектөөчүгө зыян (залал) келтирүү

Товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсузудугуна карата коюлуучу талаптарга жооп бербеген соода (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) аркылуу керектөөчүгө зыян (залал) келтирүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

326-1-статья. Объектилерди инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулууга карата техникалык шарттамаларды берүүнүн белгиленген тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу же болбосо андан негизсиз баш тартуу

Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулууга белгиленген техникалык шарттарды берүүдөн негизсиз баш тартуу же белгиленген тартипте бербөө-

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуудан негизсиз баш тартуу же инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун белгиленген тартибин бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн сексен өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, —

кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

326-2-статья. Фонограммалар жөнүндө мыйзам талаптарын бузуу

Жалпы улуттук маанидеги иш-чараларды кошпогондо, ошондой эле телекөрсөтүү каналдары боюнча түз эфирге тартып алууларда жана көрсөтүүлөрдө Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен уюштурулуучу маданий-массалык иш-чаралардагы кызмат көрсөтүүлөрдө музыкалык чыгармаларды аткаруучулар тарабынан үндүк, плюстук жана жарым-жартылай фонограммаларды аткаруу, ошого тете иш-чараларга баруу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан мыйзамдардын мындай талаптарын камсыз кылбоо,-

жеке жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн сексен, кызмат адамдарына — жүздөн жүз элүү, юридикалык жактарга — беш жүздөн сегиз жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Өзү жөнүндө жана фонограммалардын түрлөрү, белеттерде, жарнактарда, афишаларда жана башка алып жүрүүчүлөрдө кеминде 20%ды түзүүчү маалыматтар жөнүндө көрсөтпөстөн, мындай иш-чараларга баруу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан, алардын убагында музыкалык чыгармалар аткарылуучу маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, —

жеке жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз, кызмат адамдарына — жүз элүүдөн эки жүз, юридикалык жактарга — сегиз жүздөн бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган учурларда, мындай иш-чараларга баруу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү адамдар катары музыкалык чыгармаларды аткаруучулардын өздөрү таанылышы мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-глава
Баалуу кагаздар менен болгон операцияларга шек келтирген администрациялык укук бузуулар

327-статья. Баалуу кагаздарды мыйзамсыз чыгаруу

Акцияларды, облигацияларды же мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өтпөгөн башка баалуу кагаздарды чыгаруу (эмиссия) —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

328-статья. Инвесторлордун баалуу кагаздар жөнүндө толук жана объективдүү маалымат алуу укугун бузуу

Эмиссия проспектинде так эмес маалыматтарды көрсөтүү же баалуу кагаздарды белгиленген тартипте эмиссия проспектинде жарыялабай туруп, ачык сунуш кылуу же сатуу, ага тете эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү түрдө ачып берүү каралган маалыматтарды инвесторлорго бербөө —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса,-

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ачык түрдөгү акционердик коом тарабынан массалык маалымат каражаттарында жылдык бухгалтердик баланстын маалыматтарын, финансылык натыйжалар жана аларды пайдалануу жөнүндө отчетту жана өткөн жыл үчүн башка маалыматтарды жарыялабоо —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

328-1-статья. Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын өз милдеттерин аткарбагандыгы

Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары, пайлык инвестициялык фонддун эрежелери менен аныкталган өз милдеттерин аткарбагандыгы же сактабагандыгы, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2004-жылдын 9-мартындагы N 18, 2008-жылдын 28-июлундагы N 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

328-2-статья. Инвестициялык фонддун каражаттарын максатсыз пайдалануу

Инвестициялык фонддун тартылган акчалай каражаттарын максатсыз

пайдалануу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2004-жылдын 9-мартындагы N 18, 2008-жылдын 28-июлундагы N 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

328-3-статья. Инвестициялык фонддордун ишиндеги чектөөлөрдүн сакталбагандыгы

Инвестициялык фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

көрсөтүлгөн чектөөлөргө карабастан жүргүзүшү, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2004-жылдын 9-мартындагы N 18, 2008-жылдын 28-июлундагы N 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

328-4-статья. Инвестициялык фонд анын мүлкүн эсепке алуунун жана сактоонун талаптарын бузушу

Инвестициялык фонддун мүлкүнүн эсебин алуу жана сактоо боюнча

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталбагандыгы, ага тете эле мүлктү сактоонун жана баалуу кагаздарга укуктарды каттоонун баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартибин бузуу, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2004-жылдын 9-мартындагы N 18 Мыйзамынын, 2008-жылдын 28-июлундагы N 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

329-статья. Баалуу кагаздар боюнча операциялар жүргүзүүгө адистин лицензиясыз жана квалификациялык укуктуулук күбөлүгүсүз баалуу кагаздар боюнча иш жүргүзүүсү

Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү баалуу кагаздар менен операциялар жүргүзүүгө адистин квалификациялык күбөлүгүсүз баалуу кагаздар менен операциялар жүргүзүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги N 30, 2012-жылдын 11-апрелиндеги N 30 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

330-статья. Кызматтык маалыматты кара ниеттик менен пайдалануу

Эмитенттин кызмат адамынын эмитентке же баалуу кагаздарга тийиштүү, баалуу кагаздын рыноктук наркына таасир бере ала турган кызматтык маалыматты жеке пайда көрүү максатында пайдалануусу же аны үчүнчү жактарга берүүсү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

331-статья. Так эмес маалымат берүү

Так эмес (жалган) маалыматты же документтерди берүү же баалуу кагаздар рыногундагы ишке көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын кызмат адамына маалымат же документтер берүүдөн баш тартуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

332-статья. Баалуу кагаздар рыногундагы ишке көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын ишине тоскоолдук кылуу

Баалуу кагаздар рыногундагы ишке көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ишине тоскоолдук кылуу, ага тете эмитенттин кызмат адамынын же баалуу кагаздар рыногунун адис катышуучусунун баалуу кагаздар рыногундагы ишке көзөмөлдүктү ишке ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын, алар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурундагы талаптарын аткарбоо же кароосуз калтыруу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

333-статья. Баалуу кагаздарды ачык сатууну (жазылууну) өткөрүү тартибин бузуу

Эмитенттин кызмат адамдары жана баалуу кагаздар рыногунун адис катышуучулары тарабынан баалуу кагаздар жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген баалуу кагаздарды чыгаруу жана ачык сатуу (жазылуу) өткөрүү эрежелерин жана тартибин бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

334-статья. Баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүү эрежелерин бузуу

Баалуу кагаздар ээлеринин реестрин аны жүргүзүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу менен жүргүзүү же баалуу кагаздардын ээлеринин реестринин жоктугу, баалуу кагаздардын ээлеринин реестрине киргизип жазуудан негизсиз баш тартуу, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген учурларда жана мөөнөттөрдө адистешкен каттоочуну тартуу менен аны жүргүзүүдөн баш тартуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Баалуу кагаздар ээлеринин реестринде камтылган маалыматты сактоонун жана иштеп чыгуунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чаралар көрбөө анын жок кылынышына, уурдалышына же материалдык зыян келтирген башка натыйжаларга алып келсе,-

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

335-статья. Баалуу кагаздар рыногундагы ишке көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга отчет берүү тартибин бузуу

Баалуу кагаздар менен операциялар боюнча эсептин жана кирешелер жөнүндө отчеттун жоктугу же мындай отчет берүүдө белгиленген тартипти бузуу менен баалуу кагаздар менен операциялар боюнча отчетту бурмалоо, баалуу кагаздар рыногундагы ишке көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга баалуу кагаздар боюнча операцияларга байланышкан отчетторду (бухгалтердик баланс, финансылык натыйжалар жана аларды пайдалануу жөнүндө отчет, ошондой эле баалуу кагаздардын эсебин алуу жана алардын кыймылы боюнча отчет берүү) жана башка түрдөгү отчетторду бербөө —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

335-1-статья. Маалыматтарды ачуу тартибин бузуу

Эмитенттин, баалуу кагаздардын кесиптик катышуучусунун баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабоосу, —

баалуу кагаздар эмитентинин кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отузга чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар — баалуу кагаздар эмитенттерине — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө; баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларына — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

баалуу кагаздар эмитентинин кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар — баалуу кагаздар эмитенттерине — эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө; баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларына — эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2004-жылдын 9-мартындагы N 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

336-статья. Баалуу кагаздарды кара ниеттик менен жарнамалоо

Эгерде чыгаруунун шарттарында мындай төлөп берүүлөр каралбаса, баалуу кагаздар боюнча дивиденддер, пайыздар же башкача таризде кирешелер төлөп берүү түрүндө кирешелерди ачык гарантиялоо, же инвесторлордун потенциалдык жактан чектелбеген чөйрөсүнө баалуу кагаз боюнча болжолдонгон кирешенин өлчөмү жөнүндө анын наркын көбөйтүү жолу менен маалымат берүү, ага тете баалуу кагаздарды сатып алуунун жана сатуунун колдонуудагы шарттары жагында потенциалдуу инвесторлордун адашуусуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген атайылап жалган же так эмес маалымат берүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

337-статья. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү тартибин бузуу

Акционердик коомдун кызмат адамдарынын акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүнүн мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрүн жана тартибин бузуусу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

337-1-статья. Дивиденддерди төлөп берүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу

Акционердик коомдун дивиденддерди төлөп берүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн бузуусу же аларды төлөп бербей коюусу —

кызмат адамына жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү: Ушул статьяда акционердик коомдун аткаруу органынын жетекчиси кызмат адамы деп табылат.

(КР 2006-жылдын 26-июлундагы N 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

338-статья. Баалуу кагаздар менен операцияларды түзүү, тариздөө жана каттоо эрежелерин бузуу

Баалуу кагаздар рыногунун адис катышуучуларынын кызмат адамдары тарабынан баалуу кагаздар менен операцияларды түзүүнүн, тариздөөнүн жана каттоонун белгиленген эрежелерин бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

24-1-Глава
Лотерея, камсыздандыруу ишинин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын ишинин чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар

(Глава КР 2008-жылдын 28-июлундагы N 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

338-1-статья. Лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүү

Лотерея, камсыздандыруу иштерин мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте бериле турган уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүү, —

кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

338-2-статья. Лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин жүргүзүү укугуна лицензияланчу жана башка формаларынын эрежелерин жана талаптарын бузуу менен жүргүзүү

Лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин ишмердик жүргүзүү укугуна лицензияланчу жана башка формаларынын эрежелерин жана талаптарын бузуу менен жүргүзүү —

кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмадан жүзгө чейинки, ал эми юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчтүн — эки жүздөн миңге чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

338-3-статья. Туура эмес маалымат берүү

Лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамына туура эмес (жалган) маалымат же документтерди берүү же маалымат же документтерди берүүдөн баш тартуу,-

кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

338-4-статья. Лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин контролдоочу мамлекеттик органдардын ишине тоскоолдук кылуу

Лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ишине тоскоолдук кылуу, ага тете эле лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын субъектинин кызмат адамы тарабынан лотерея, камсыздандыруу иштеринин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын өзүнүн кызматтык милдетин аткарган учурда талаптарын аткарбагандык же кароосуз калтыргандык, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмадан жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-глава
Интеллектуалдык менчикке шек келтирүүчү администрациялык укук бузуулар

339-статья. Патент ээсинин өзгөчөлүү укуктарын бузуу

Патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн, селекциялык жетишкендикти мыйзамсыз пайдалануу, автордун же арыз берүүчүнүн макулдугусуз ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн, селекциялык жетишкендиктин маңызын алар жөнүндөгү маалыматтар расмий жарыяланганга чейин жайылтуу —

патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн, корголуучу ыкма менен даярдалган продуктуну, иштегенде же пайдаланганда автоматтык түрдө корголуучу ыкма жүзөгө ашырыла турган түзүлүштү, ошондой эле контрафактылык селекциялык жетишкендикти камтыган продуктуну конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү, кызмат адамдарына — элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салынат.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса, —

патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн, корголуучу ыкма менен даярдалган продуктуларды, иштегенде же пайдаланганда корголуучу ыкма автоматтык түрдө жүзөгө ашырылган түзүлүштү, ошондой эле контрафакттык селекциялык жетишкендикти камтыган продуктуну конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз, кызмат адамдарына — жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып акы салууга алып келет.

Эскертүү. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүнө ылайык конфискацияланган продуктулар, түзүлүштөр жана контрафактылык селекциялык жетишкендиктер, аларды патент ээсинин өтүнүчү боюнча берилгенден башка учурларда, мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш.

(КР 2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

340-статья. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу

(Статьянын аталышы КР 2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу, прокатка берүү же коммерциялык максаттарда башкача түрдө мыйзамсыз пайдалануу, төмөндөгү учурларда:

1) эгерде чыгармалардын же фонограммалардын нускалары контрафактылык болуп эсептелсе;

2) эгерде чыгармалардын же фонограммалардын нускаларында аларды даярдоочулар жөнүндө жана аларды өндүргөн жер тууралу жалган маалымат, ошондой эле керектөөчүлөрдү алмаштырууга мүмкүн болгон башка маалымат көрсөтүлсө;

3) эгерде чыгармалардын же фонограммалардын нускаларында автордук же чектеш укуктардын ээси тарабынан коюлган автордук укукту коргоонун белгиси же чектеш укуктарды коргоонун белгиси жок кылынса же өзгөртүлсө, эгерде ал аракеттер жазыктык жазалоо жосунунун белгилерин камтыбаса —

чыгармалардын же фонограммалардын контрафактылык нускаларын конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү, кызмат адамдарына — элүүдөн жүз  өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында каралган администрациялык ошол эле аракеттер жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса, —

чыгармалардын же фонограммалардын контрафактылык нускаларын конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз, кызмат адамдарына — жүздөн эки жүз администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүнө ылайык, конфискацияланган чыгармалардын же фонограммалардын нускалары, аларды автордук же чектеш укуктардын ээсинин өтүнүчү боюнча бергенден башка учурларда, мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш.

(КР 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 239, 2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

341-статья. Товардык белгини мыйзамсыз пайдалануу

Башканын товардык белгисин, тейлөө белгисин, товардын чыккан жеринин аталышын жана фирмалык аталышын мыйзамсыз пайдалануу, —

товардык белгиси, тейлөө белгиси же товар чыгарылган жердин аталышы жасалмаланган товарларды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз, кызмат адамдарына — жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгини, тейлөө белгисин жана товар чыгарылган жерге карата эскертүүчү маркировканы мыйзамсыз пайдалануу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн сексен, кызмат адамдарына сексенден жүз элүү элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык конфискацияланган товарлар, алар товардык белгинин ээсинин өтүнүчү боюнча ага берилгенден башка учурларда, мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш.

(2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

342-статья. Автордук жана эриш-аркак укуктардын объектилерин пайдаланууга байланыштуу алынган кирешелер жөнүндө зарыл маалыматтарды берүүдөн баш тартуу, ошондой эле кирешелер жөнүндө так эмес маалыматтарды берүү

Автордук жана эриш-аркак укуктардын объектилерин пайдаланууга байланыштуу алынган кирешелер жөнүндө ыйгарым укук берилген органга зарыл маалыматтарды берүүдөн баш тартуу, ошондой эле кирешелер жөнүндө так эмес маалыматтарды берүү, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кырк, кызмат адамдарына — кырктан сексен өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер административдик жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн кырктан сексен, кызмат адамдарына сексенден жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

343-статья. Автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануу жөнүндө лицензиялык келишимди каттоо боюнча жана тиешелүү үлгүдөгү күбөлүктөрдү алуу боюнча милдеттерди аткарбоо

Автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануучулар тарабынан автордук жана эриш-аркак укуктардын объектилерин пайдалануунун тиешелүү ыкмаларына карата лицензиялык келишимдерди каттоо боюнча жана белгиленген тартипке ылайык ыйгарым укук берилген органдан тиешелүү үлгүдөгү күбөлүк алуу боюнча милдеттерин аткарбоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кырк, кызмат адамдарына — кырктан сексен өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн кырктан сексен, кызмат адамдарына сексенден жүз элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

344-статья. Концерттик жана театралдык оюн-зоокторго келишим түзүүдө белгиленген талаптарды бузуу же аткарбоо

Концерттик жана театралдык оюн-зоок аянтчаларынын ээлеринин чыгармачыл жамааттар жана концерттерди уюштуруучулар менен келишимдерди түзүүдө белгиленген талаптарды бузуусу же аткарбоосу, алардын ыйгарым укук берилген органдарда катталган лицензиялык келишимдери болгон учурда, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кырк, кызмат адамдарына — кырктан сексен өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн кырктан сексен, кызмат адамдарына элүүдөн жүз элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

345-статья. Автордун автордук сый акы алууга болгон укугун бузуу

Автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануучунун иш жүзүндө аткарылган чыгарма үчүн автордук сый акынын суммасын төлөөдөн баш тартуусу же автордук гонорарды чегерүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн бузуусу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү, кызмат адамдарына — элүүдөн жүз элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-глава
Салык мыйзамдарына шек келтирген администрациялык укук бузуулар

346-статья. Салык салуудан качуу жана бухгалтердик эсепти бурмалоо

Пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруу (азайтуу) түрүндөгү салык салуудан качуу, —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Бухгалтердик эсептин жоктугу же бурмаланышы, салыктарды эсептөө жана бюджетке төлөө менен байланышкан бухгалтердик отчетторду, баланстарды, эсеп-кысаптарды жана башка документтерди бербөө, —

кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү: Эгерде салыкты жашыруу (азайтуу) өлчөмү жарандар үчүн отуз эсептешүү көрсөткүчүнөн, кызмат адамдары үчүн — жүз элүү эсептешүү көрсөткүчүнөн, юридикалык жактар үчүн — үч жүз эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпаса, администрациялык айып жашырылган (азайтылган) сумманын 50 пайызы өлчөмүндө салынат.

(КР 2009-жылдын 25-декабрындагы N 315 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

346-1-статья. Керектөөчүгө товарды сатууда баалардын негизделбеген көтөрүлүшү

Товарды сатууда товарга чапталган сигареттердин таңгакчасына, кутучаларына, ярлыка көрсөтүлгөн МЧБ көтөрүү —

жарандарга эсептик көрсөткүчтүн он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарга — эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга — эсептик көрсөткүчтүн үч жүздөн беш жүзгө чейин өлчөмүндө, тамеки буюмдарын конфискациялоо менен администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 22-июлундагы N 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

347-статья. Мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу

Мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу —

ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине жана башкы бухгалтерлерине эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

348-статья. Салык кызматынын кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Салык кызматынын кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жарандарга — он, кызмат адамдарына — элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык айып салынгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жарандарга — жыйырма, кызмат адамдарына — жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

348-1-статья. Мыйзамсыз талап кылуу жана салыктын купуя сырын камтуучу маалыматтарды алуу

Мыйзамсыз талап кылуу жана салыктын купуя сырын камтуучу маалыматтарды алуу, документтерди уурдоо, салыктык купуя сырды билген адамдарды, же алардын жакындарын сатып алуу жана коркутуу жолу менен алуу, байланыш каражаттарындагы маалыматтарды уурдап алуу, компьютердик системага же тармакка мыйзамсыз кирүү, атайын техникалык каражаттарды пайдалануу, ошолорго тете мыйзамсыз жолдор менен мындай маалыматтарды мыйзамсыз алуу —

жүз эсептик көрсөткүчтүн көлөмүндө айып менен жазаланат.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

349-статья. Документтердин сакталып турушун камсыз кылбоо

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Контролдук-кассалык машиналарды (контролдук тасмаларды) пайдаланууга байланышкан документтердин сакталышын камсыз кылбоо жана белгиленген тартипти бузуу менен кассир-операционисттин китебин жүргүзүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — отуздан элүүгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

350-статья. Контролдук-кассалык машиналарды колдонбой калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүү

Контролдук-кассалык машиналарды колдонбой калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүү-

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

350-1-статья. Кассалык аппараттан өткөрбөө, сатып алуучуга (кардарга) кассалык чек бербөө же төлөнгөндөн аз сумманы көрсөткөн кассалык чек берүү

Кассалык аппараттан өткөрбөө, сатып алуучуга (кардарга) кассалык чек бербөө же төлөнгөндөн аз сумманы көрсөткөн кассалык чек берүү-

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

350-2-статья. Бузук абалдагы контролдук-кассалык машинаны пайдалануу

Бузук абалдагы контролдук-кассалык машинаны пайдалануу-

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

350-3-статья. Салык органдарынын кызматкерлеринин контролдук-кассалык машиналарды карап көрүшүнө тоскоолдук кылуу

Салык органдарынын кызматкерлеринин контролдук-кассалык машиналарды карап көрүшүнө тоскоолдук кылуу-

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 23-июнундагы N 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

350-4-статья. Базарлардын, соода үйлөрүнүн жана борборлордун кызмат адамдары (жетекчилери) контролдук-кассалык машиналарды соода аянттарынын ижарачыларына орнотуп берүүнү камсыз кылбоо

Базарлардын, соода үйлөрүнүн жана борборлордун кызмат адамдары (жетекчилери) контролдук-кассалык машиналарды соода аянттарынын ижарачыларына орнотуп берүүнү камсыз кылбоо-

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

351-статья. Бирдиктүү салык декларациялары жана/же салыктарды төлөбөө, белгиленген мөөнөттөрдө бербөө

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Бирдиктүү салык декларациялары жана/же салыктарды төлөбөө, белгиленген мөөнөттөрдө бербөө —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

352-статья. Салыктын суммасынын азайышы

Бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасынын азайышы, —

1) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жыйынды жылдык кирешеге 2 пайызга чейинки өлчөмдө — администрациялык айып салууга алып келбейт;

2) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жыйынды жылдык кирешеге 2ден 5 пайызга чейинки өлчөмдө —

жарандарга — он, кызмат адамдарына — элүү эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет;

3) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жыйынды жылдык кирешеге 5 пайыздан ашык —

жарандарга — жыйырма, кызмат адамдарына — жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө салык карыздарын төлөө жөнүндө билдирүүнүн талаптарын аткарбоо, төмөнкү учурларда:

ушул статьянын 1-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда, жарандарга — он, кызмат адамдарына — жыйырма беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет;

ушул статьянын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда, жарандарга — он беш, кызмат адамдарына — элүү эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет;

ушул статьянын 3-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда, жарандарга — жыйырма, кызмат адамдарына — жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

353-статья. Экономикалык ишти салыктык каттоосуз жүргүзүү

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Салыктык каттабай туруп экономикалык иш жүргүзүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

354-статья. Иштин тыюу салынган түрлөрүн жүргүзүү

Иштин тыюу салынган түрлөрүн жүргүзүү же лицензиясыз, болбосо лицензиялык ченемдерди жана эрежелерди бузуу менен иш жүргүзүү —

администрациялык укук бузууну жасоону куралы же түздөн-түз объектиси болгон буюмзатты конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2009-жылдын 13-октябрындагы N 272 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

355-статья. Жалган ишкердик

Жалган ишкердик, башкача айтканда, жашыруун киреше же башка мүлктүк пайда табуу максатында уставдык ишти жүзөгө ашырууга ниеттенбей туруп, коммерциялык жана башка уюмдарды түзүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

356-статья. Салыктык иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу

Өзүнүн салыктык милдеттерине байланышкан салыктык иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш, кызмат адамдарына отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

356-1-статья. Банктын жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 126-беренесинде белгиленген милдеттерди аткарбаганы үчүн, —

банктын кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-глава
Банк мыйзамдарына шек келтирген укук бузуулар

357-статья. Банк ишин жүргүзүүнү лицензиясыз ээлөө

Банк ишин жүргүзүүнү мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз ээлөө —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш, кызмат адамдарына ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Финансылык кредиттик мекемелердин банктык айрым операцияларды мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз жүзөгө ашыруусу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш, кызмат адамдарына ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

358-статья. Акча каражаттарын тийиштүү лицензиясыз тартуу

Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз мөөнөттүүлүк, кайрып берүү жана төлөө шарттарында жеке же юридикалык жактардын акча каражаттарын тартуу же тартууну ачык сунуш кылуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

359-статья. Банк мыйзамдарын бузуу

Банктардын же финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат адамдарынын банк мыйзамдарынын жоболорун бузуусу, ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбоосу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Банк иши жөнүндө дайыма маалымат бербөө же анык эмес маалымат, отчет же кабарларды берүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

360-статья. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жалган жарнамалоо

Эгерде мындай операциялар (кызмат көрсөтүүлөр) банк лицензиясында каралбаса, жүргүзүлүп жаткан банк операцияларын же банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды ачык таратуу кардарлардын адашуусуна алып келүүсү мүмкүн болсо же аларга зыян келтирсе же келтириши мүмкүн болсо, —

банктын кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

361-статья. Төлөм балансы боюнча маалыматтар бербөө

Факты жүзүндөгү жана болжолдуу төлөм балансын түзүү үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалымат бербөө же өз убагынан кечиктирип берүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык айып салынгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын чектеринен тышта ачылган эсептерди жана аманаттарды каттабоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык айып салынгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

362-статья. Улуттук валютаны кабыл алуудан негизсиз баш тартуу

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын төлөөгө кабыл алуудан негизсиз баш тартуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

363-статья. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын пайдалануу менен жарнамалоо

Өздөрүнүн касиеттери (өлчөмү, түсү, сүрөтү) боюнча төлөөдө колдонууда Кыргыз Республикасынын акча белгилеринин чыныгы купюралары катары кабыл алынышы мүмкүн болгондой банкноттордун сүрөттөрүн же алардын сүрөттөрүнүн кандайдыр бир жарым-жартылай даярдалышын (бир же бир нече түстөгү) пайдалануу, —

укук бузууну жасоонун куралы же түздөн-түз объектиси болгон буюмзатты конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык айып салынгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Эгерде банкноттун сүрөтү өтө чоңойтулган (130%тен кем эмес) же өтө кичирейтилген (70%тен кем эмес) көлөмдө, ошондой эле жарык реклама түрүндө берилсе, ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын расмий уруксатысыз эле улуттук валютанын бир же бир нече түстөрдө сүрөттөлүшүн жасоого жол берилет.

28-глава
Коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка шек келтирген администрациялык укук бузуулар

364-статья. Майда бейбаштык

Майда бейбаштык, башкача айтканда, коомдук жайларда сөгүнүү, жарандарды мазактап, тийишүү жана коомдук тартипти жана жарандардын тынчын алган башка ушул өңдүү аракеттер —

сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешуү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо үч суткага администрациялык камакка алууга алып келет.

Майда бейбаштыктык жашы жетпегендер жасаганда —

ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

365-статья. Өндүрүштө спирт ичимдиктерин ичүү

Өндүрүштө (жумуш орундарында) жана ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагында спирт ичимдиктерин ичүү же иште кызуу жүрүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

366-статья. Коомдук жайларда баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү же коомдук жайларда адамдык беделди булгап мас болуп жүрүү

Баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, ошого тете көчөлөрдө, стадиондордо, гүлбактарда, коомдук транспорттордун бардык түрлөрүндө жана башка коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү же коомдук жайларда адамдык беделди, коомдук адеп-ахлакты булгап мас абалында жүрүү, —

бир эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүнө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жазалоо колдонулгандан кийинки жыл ичинде кайталанып жасалса, —

бирден экиге чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттер баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды колдонгондугу үчүн администрациялык жазага жыл ичинде эки жолу тартылган адам тарабынан кайталанып жасалса, ага тете коомдук жайларда спирттик ичимдиктерди ичкендиги үчүн же коомдук жайларда адамдык беделди жана коомдук адеп-ахлакты булгап, мас абалында жүрүү, —

экиден үчкө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айыпты салууга алып келет.

Жашы жетелектердин коомдук жайларда мас абалында жүрүүсү, ага тете алардын баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды колдонуусу же алардын спирттик ичимдиктерди ичүүсү —

ата-энелерге же аларды алмаштыруучуларга — бирден экиге чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

367-статья. Жашы жетпегендерди жосунсуз иштерге тартуу

Жашы жетпегендерди кайырчылыкка, спирт ичимдиктерин ичүүгө, баңги же психиканы бузуучу зат болбогону менен, интеллектуалдык-эрктүүлүк сапаттарына таасир берүүчү заттарды же каражаттарды колдонууга тартуу —

сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы N 217, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

368-статья. Майда уурулук

Өзүнө ыйгарып алуу, уурдоо, жоготуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу же кесепчилик кылуу жолу менен майда уурулук, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракет жашы жетпеген тарабынан жасалса, —

уурдалганды алып коюу менен ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Уурдалган мүлктүн наркы укук бузуу учуруна алганда Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпаса, уурулук майда өлчөмдө жасалды деп табылат.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

369-статья. Кумар оюндары

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

370-статья. Табылган мүлктү жашыруу

Табылган же кокустан жарандын колуна түшүп калган, наркы эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүнөн ашык болгон бөтөн бирөөнүн мүлкүн жашыруу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

371-статья. Ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын кызматкеринин жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына моюн сунбоо

Ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын кызматкеринин жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына моюн сунбоо —

эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга, эгерде иштин жагдайына байланыштуу, тартип бузган адамдын ким экендигин эске алуу менен мындай чараларды колдонуу жетишсиз деп табылса, беш суткага чейин администрациялык камакка алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ушул эле аракет өзгөчө абал жарыяланган жерде жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же жети суткага чейин администрациялык камакка алып келет.

(КР 2005-жылдын 18-июлундагы N 107, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

372-статья. Мамлекеттик сыйлыктарга карата мыйзамсыз аракеттер

Орденди, медалды, ардак наамга төш белгини же ордендик тасмаларды жана медалдардын планкалардагы тасмаларын жасоо жана ага укугу болбогон адамдардын тагынуусу, ошого тете эле орденди, медалды, ардак наамга төш белгини мыйзамсыз сактоо —

эскертүү алууга же эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Мамлекеттик сыйлыктардын белгилерин сатып алуу, сатуу, алмашуу же берүүнүн башка таризи —

эскертүү алууга же эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

373-статья. Администрациялык көзөмөл эрежелерин бузуу

Өздөрүнө карата көзөмөл коюлган адамдардын администрациялык көзөмөл эрежелерин бузуусу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алып келет.

Администрациялык көзөмөлдө турган адамдар өзгөчө абал жарыяланган жерде жасаган аракеттер —

жети суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

374-статья. Адистешкен кызматтарды атайылап жалган чакыруу

Милицияны, өрт күзөтүн, медициналык тез жардамды жана башка адистешкен кызматтарды атайылап жалган чакыруу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 10-декабрындагы N 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

375-статья. Полиграфиялык жана штемпелдик-гравердук ишканаларды ачуу, көбөйтүүчү техниканы сатып алуу, өткөрүү, пайдалануу, каттоо жана сактоо эрежелерин бузуу

Кызмат адамдары тарабынан полиграфиялык жана штемпелдик-гравердук ишканаларды ачуу, көбөйтүүчү аппараттарды, шрифтерди жана матрицтерди сатып алуу жана өткөрүү эрежелерин бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Бул эрежелердин сакталышы үчүн жооптуу адамдар тарабынан полиграфиялык жабдууларды, көбөйтүүчү аппараттарды, шрифтерди жана матрицтерди пайдалануу, каттоо жана сактоо эрежелерин бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жети өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

376-статья. Баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен иштөөнүн белгиленген эрежелерин, жоболорун жана нускамаларын бузуу

Баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен иштөөнүн белгиленген эрежелерин, жоболорун жана нускамаларын бузуу:

1) баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды алуу, чыгымдоо, каттоо жана сактоо, алардын сыныктарын жана калдыктарын жыйноо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген кайра иштетүүчү ишканаларга тапшыруу эрежелерин бузуу;

2) баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды сатуу эрежелерин бузуу;

3) баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуучу пункттардын иштөө эрежелерин бузуу;

4) Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергерлик (турмуш-тиричилик) буюмдарынын сынамыктары (пробалары) жана эн тамгалары жөнүндө жобону бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же иштин белгилүү түрүн жүргүзүүгө укук берген лицензиядан ажыратууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 19-январындагы N 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

377-статья. Калк конуштарда жана атайын ылайыкталбаган жайларда атылуучу куралдардан ок чыгаруу

Калк конуштарда жана атайын ылайыкталбаган жайларда атылуучу куралдардан ок чыгаруу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракет жашы жетпегендер тарабынан жасалса, —

ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

378-статья. Жарандар тарабынан атылуучу куралдарды жана аларга ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуу

Ички иштер органдарынан курал сактоого уруксаты бар жарандар тарабынан аңчылардын сайсыз жана сайлуу куралдарды жана аларга ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуу —

эскертүүгө же куралдарынын жана ок-дарыларынын акысын төлөп алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

куралдарынын жана ок-дарыларынын акысын төлөп алып коюу менен же антпестен эле эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын атылуучу куралдардын жана ок-дарылардын сакталышы үчүн жооптуу болгон кызматкерлеринин аларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуусу, ага тете эле атылуучу куралдардын жана ок-дарылардын тиешелүү багытта пайдаланбоосу, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Алкоголдук, баңгилик же токсикомандык мас абалында адам ок атуучу курал алып жүрсө, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, ага тете кызмат адамы тарабынан жасалса, —

эки жылга чейинки мөөнөткө же анысы жок ок атуучу курал сатып алуу, сактоо жана алып жүрүү укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга келет.

Эскертүү: Алкоголдук, баңги каражаттары, психотроптук же болбосо башка акылдан ажыратуучу заттарга мас болуу абалын белгилөө үчүн күбөлөндүрүүгө жиберүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

379-статья. Атылуучу куралдарды каттоо (кайра каттоо) мөөнөттөрүн же аны каттоого коюу эрежелерин бузуу

Жарандар жашаган жери өзгөргөндө ички иштер органдарында атылуучу куралдарды каттоо (кайра каттоо) мөөнөттөрүн же аны каттоого коюу эрежелерин бузса —

эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

380-статья. Атылуучу сайсыз аңчылык куралдарын жана анын ок-дарыларын баалап өткөрүүдөн баш тартуу

Аңчылардын коомунан чыгып калгандыгына байланыштуу атылуучу сайсыз аңчылык куралдарын жана анын ок-дарыларын сактоого уруксаты ички иштер органдары тарабынан жараксыз кылынган жарандардын аларды баалап өткөрүүдөн баш тартуусу, —

куралын жана ок-дарыларын акысын төлөп алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

381-статья. Атылуучу сайсыз аңчылык куралын сатуу тартибин бузуу

Соода ишканаларынын (уюмдарынын) кызматкерлери тарабынан ички иштер органдарынан уруксаты болбогон жарандарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга атылуучу сайсыз аңчылык куралдарын жана анын ок-дарыларын сатуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

382-статья. Жарандар тарабынан атылуучу (аңчылык) куралдарын сатып алуу, сактоо, берүү же сатуу тартибин бузуу

Ички иштер органдарынын уруксатысыз жарандар тарабынан атылуучу (аңчылык) куралдарын сатып алуу, сактоо, башка бирөөлөргө берүү же сатуу тартибин бузуу —

куралын конфискациялоо менен же антпестен эле эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

куралын конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2013-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

383-статья. Жарылгыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды даярдоо, эсепке алуу, сатуу, ташуу, сактоо, алып келүү, алып чыгуу жана пайдалануу боюнча эрежелерди, нормаларды жана нускамаларды бузуу

Өнөр жай тармактарында жана мамлекеттик көзөмөлгө алуу органдары көзөмөлдөөчү объекттерде жарылгыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды даярдоо, эсепке алуу, сатуу, ташуу, сактоо, алып келүү, алын чыгуу, пайдалануу жана жок кылуу боюнча эрежелерди, нормаларды жана нускамаларды бузуу, эгерде анда жазык ишинин белгилери болсо, —

жеке адамдарга ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына жана юридикалык жактарга — жыйырмадан жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

384-статья. Катталбастан жашоо

Жарандардын катталбастан жашашы —

эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5 өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5тен бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2005-жылдын 5-мартындагы N 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

385-статья. Паспортту бузуу же жоготуу

Паспортту бузуу же жоготуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

386-статья. Катталбастан жашоого уруксат берүү

Паспорт тутумунун эрежелеринин сакталышына жооптуу адамдар тарабынан жарандардын жараксыз паспорт менен, же катталбастан жашоосуна уруксат берүү, ага тете жарандар тарабынан өздөрү жашап турган жайларда бирөөлөрдүн катталбастан жашоосуна уруксат берүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2005-жылдын 5-мартындагы N 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

387-статья. Паспортсуз же каттоосуз ишке кабыл алуу

Кызмат адамы тарабынан жарандарды паспортсуз жана каттоосуз ишке кабыл алуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

388-статья. Паспортту мыйзамсыз алып коюу

Кызмат адамдарынын жарандардын паспортун мыйзамсыз алып коюшу, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

389-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын режимин бузуу

Адамдар жана (же) транспорт каражаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тартибинин бузулушу же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мамлекеттик чек арадан өткөрүү пунктуна чейин жана кайра кайтуу багытында ушундай адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын жүрүү тартибин бузушу, —

жарандарга — жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына — элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.

Ошол эле аракеттер чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалганда, —

Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечим менен же анысы жок онго чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында юридикалык жана жеке жактардын ар кандай иштерди, өндүрүштүк жана дагы башка ишти жүргүзүүнүн тартибин бузушу, —

жарандарга — эскертүү же бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына — ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.

Ошол эле аракеттер кайталанып жасалганда, —

ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 162, 2011-жылдын 18-ноябрындагы N 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

389-1-статья. Чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде чек ара режимин бузуу

Чек ара зонасына кирүү (өтүү), убактылуу болуу, жашоо, чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде барып келүү эрежелерин адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын бузушу, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 162, 2011-жылдын 18-ноябрындагы N 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

389-2-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул эле аракеттер чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалганда, —

Кыргыз Республикасынын аймагынан администрациялык чыгарып салуу менен же анысы жок ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 162, 2011-жылдын 18-ноябрындагы N 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

389-3-статья. Чек ара кызматынын аскер кызматчысынын талаптарына баш ийбөө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча милдеттерин аткаруу менен байланышкан чек ара кызматынын аскер кызматчысынын талаптарына баш ийбөө, —

бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде ошол эле аракеттер кайра кайталанганда, —

ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

390-статья. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында болуунун же транзиттик өтүүнүн белгиленген тартибинин бузулушу

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында болуу тартибин бузуу, башкача айтканда, кирүүдө билдирилген максатка ылайыксыз республиканын аймагында болуу, жашоого укук берген документтерсиз жашоо же жараксыз документтер боюнча жашоо, катталуунун же жүрүүнүн, жашай турган жерди тандоонун белгиленген тартибин сактабоо, болуунун аныкталган мөөнөтү өткөндөн кийин кетүүдөн баш тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүү эрежелерин сактабоо, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык чыгарып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

391-статья. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган кабыл алуучу уюмдун кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуунун белгиленген тартибин бузуусу

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган кабыл алуучу уюмдардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан аларды каттоонун жана алар үчүн жашоого, жүрүүгө жана жашаган жерин, ошондой эле алар тарабынан аныкталган болуу мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн убагында чыгып кетүүсүн өзгөртүүгө укук берген документтерди жол-жоболоштуруунун белгиленген тартибин бузуу, —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш, кызмат адамдарына — отуздан элүү, юридикалык жактарга — жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма, кызмат адамдарына — элүүдөн жүз, юридикалык жактарга — эки жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камоого алып келет.

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды кабыл алган уюмдардын кызмат адамдары тарабынан кирүүдө билдирилген республиканын аймагында болуунун анык жүйөлөрүнө ылайыксыз максаттарда чакыруу, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн кырктан алтымыш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга, же беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камоого алып келет.

Ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыштан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же кызмат адамын ээлеген кызматынан четтетүү менен беш суткалык мөөнөткө администрациялык камоого алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 115, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

391-1-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды мыйзамсыз ташуу же Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамсыз чыгып кетиши

Эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу транспорттук же дагы башка уюм тарабынан бир же бир нече укук бузуучунун Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылышына алып келүүчү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүшүнө же мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылышына алып келген адамдардын транспорт каражатына мыйзамсыз түшүп алышын жана аны мыйзамсыз чыгып кетишине пайдаланышын четтетүү боюнча чараларды көрбөй коюшу, —

юридикалык жактарга эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Жеке иштер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүчү адам тарабынан бир же бир нече бузуучунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүсүнө же мыйзамсыз өтүүгө аракет жасоосуна алып келген транспорт каражатына мыйзамсыз кирүүсүн болтурбоо боюнча чаралар көрүлбөсө, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 9-августундагы N 193, 2011-жылдын 18-ноябрындагы N 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

392-статья. Тынч чогулуштарды өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин бузуу

Тынч чогулуштарды өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

393-статья. Өзгөчө жана согуш абалы жарыяланган шарттарда белгиленген эрежелерди бузуу

Өзгөчө жана согуш абалы жарыяланган шарттарда коомдук тартипти жана жарандардын бейкуттугун бузган аракеттерге жол берүү менен белгиленген эрежелерди бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга, же жети суткага чейин мөөнөткө камакка алып келет.

394-статья. Түзөтүү мекемелериндеги адамдарга тыюу салынган буюмзаттарды мыйзамсыз берүү

Түзөтүү мекемелериндеги адамдарга тыюу салынган буюмзаттарды мыйзамсыз берүү, —

берүүгө тыюу салынган буюмзаттарды жана заттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

395-статья. Диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарды бузуу

Диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарды бузуу:

1) мамлекеттик башкаруу органдарында бирикмени каттоодон диний бирикмелердин жетекчилеринин баш тартуусу;

2) диний чогулуштарды, жүрүштөрдү жана башка диний аземдерге уюштуруунун жана өткөрүүнүн мыйзамдарда белгиленген эрежелерин бузуу;

3) дин кызматындагылардын жана диний бирикмелердин мүчөлөрүнүн диний расмыларга тиешеси жок атайын балдар жана өспүрүмдөр чогулуштарын, ошондой эле эмгек, адабий жана башка ийримдерин жана топторун уюштуруусу жана өткөрүүсү, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

396-статья. Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу же аткарбоо

Менчигинин таризине карабастан ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда, коомдук бирикмелерде, кампа жайларында жана башка объектилерде, ошондой эле тийиштүү объектилерди долбоорлоодо жана курууда өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу же аткарбоо же өрткө каршы шаймандарды, өрттү табуунун жана өчүрүүнүн автоматтык каражаттарын пайдалануу жана күтүү эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн — бештен он, кызмат адамдарына — ондон элүү, юридикалык жактарга — жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 10-декабрындагы N 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

397-статья. Өрт чыгуу коркунучу бар объектилерде тамеки тартуу

Өрт чыгуу коркунучу бар объектилерде тамеки тартуу —

эсептешүү көрсөткүчтүн бирден үчкө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

398-статья. Өрт чыгуу коркунучу бар объектилерде ширетүү иштерин уруксатсыз жүргүзүү

Өрт чыгуу коркунучу бар объектилерде өрттү көзөмөлдөөчү органдардын тийиштүү уруксатысыз ширетүү иштерин жүргүзүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып cалууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 10-декабрындагы N 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

399-статья. Стандарттуу эмес электр приборлорун колдонуу

Стандарттуу эмес электр приборлорун колдонуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып cалууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 10-декабрындагы N 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-глава
Башкаруу тартибине шек келтирген администрациялык укук бузуулар

400-статья. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын кызмат адамдарынын аткарбоосу

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын кызмат адамдарынын бузуу же аткарбоо менен администрациялык укук бузуусу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

кызмат адамын иштеген кызматынан четтетүүгө алып келет.

(КР 2004-жылдын 11-мартындагы N 20, 2009-жылдын 30-апрелиндеги N  140, 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

400-1-статья. Кызмат адамдарынын жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү

Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде көзөмөлдүк жана контролдук иш-милдеттерди аткаруучу кызмат адамдарынын жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине, анын ичинде төмөнкүдөй жолдор менен мыйзамсыз кийлигишүүсү:

— кызмат адамы тарабынан жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарын, эркиндиктерин, милдеттерин жана кызыкчылыктарын козгогон, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына каршы келген мыйзамсыз актыны чыгарышы;

— кызмат адамдары күчүн белгиленген тартипте жоготкон, сот тарабынан жараксыз деп табылган, же ыйгарым укуктуу органдар тарабынан күчү токтотулган, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген же белгиленген тартипте жарыяланбаган ченемдик укуктук актыларды мыйзамсыз колдонушу;

— кызмат адамы тарабынан анын ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан жана жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттердин жасалышы;

— мыйзамда каралбаган ар кандай жыйымдарды жана төлөмдөрдү белгилөө;

— мыйзамсыз тапшырмаларды берүү жана талаптарды коюу,-

эсептешүү көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, администрациялык жаза чарасын колдонуудан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле аракеттер,-

ээлеген кызматынан бошотуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 140, 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

400-2-статья. Прокурордун, тергөөчүнүн, ошондой эле административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо

Прокурордун, тергөөчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынан келип чыккан талаптарын, ошондой эле административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу кызмат адамынын талабын атайылап аткарбоо,-

Жарандарга-жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 26-июнундагы N 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

400-3-статья. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан мүлк жана кирешелер тууралуу декларацияларды бербөө же талаптагыдай эмес берүү

Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан мүлк жана кирешелер тууралуу декларацияларды белгиленген мөөнөттө бербөө, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан мүлк жана кирешелер тууралуу декларацияларды туура эмес маалыматтар менен берүү, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундардын кайталанып жасалуусу же болбосо администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин бузуулардын четтетилбөөсү, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы N 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

401-статья. Министрликтер менен администрациялык ведомстволордун жалпыга милдеттүү мүнөзгө ээ болгон ченемдик укук актыларын мамлекеттик каттоого бербөөсү

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

402-статья. Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) тийиштүү мамлекеттик (эсепке алууну) каттоосуз, кайра каттоосуз иштерин жүзөгө ашырышы

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда тийиштүү мамлекеттик (эсепке алууну) каттоосуз, кайра каттоосуз иштерин жүзөгө ашырышы, —

кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

403-статья. Сатып өткөрүү максатында мыйзамдарды басып чыгаруу тартибин бузуу

Сатып өткөрүү максатында мыйзамдарды басып чыгаруу тартибин бузуу-

эсептешүү көрсөткүчүнүн кызмат адамдарына элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

404-статья. Лицензияны же уруксатты берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу же белгиленген тартипте бербөө

Лицензияны же уруксатты берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу же белгиленген тартипте бербөө, ошондой эле лицензия же уруксат берүүдөн негиздүү баш тартууну белгиленген тартипте бербөө —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, —

кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салуу алып келет.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

405-статья. Ишкерликти каттоосуз жүргүзүү

Ишкерликти белгиленген тартипте каттоосуз жүргүзүү —

администрациялык укук бузуунун куралы же тикеден-тике объектиси болуп саналган буюмзатты конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

406-статья. Юридикалык жана жеке жактарды каттоодон баш тартуу же создуктуруу

Кызмат адамы же каттоо үчүн жооптуу адам тарабынан юридикалык жана жеке жактарды каттоодон мыйзамсыз баш тартуу же белгиленген мөөнөтүнөн ашык создуктуруу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан отузга өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

407-статья. Мамлекеттик статистикалык отчетту берүү тартибин бузуу

Мамлекеттик отчетту мыйзамда белгиленген тартипте бербөө же өз учурунда бербөө менен ошондой эле статистикалык отчетторду жана мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүү жана мамлекеттик маалымат салыгы болуп саналган статистикалык бирдиктердин мамлекеттик регистрлерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды бурмалап берүү менен тийиштүү статистикалык органдарга белгиленген мамлекеттик отчетторду берүү тартибин бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн алтыдан он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

408-статья. Туура эмес жыйынтыктуу статистикалык маалымат берүү

Мамлекеттик статистика органдарынын кызмат адамдары тарабынан туура эмес жыйынтыктуу статистикалык маалымат берүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жети өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

408-1-статья. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн жана (же) жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө декларацияны бурмалоо жана (же) белгиленген мөөнөттө бербегендик

Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн жана (же) жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө декларацияны бурмалоо жана (же) белгиленген мөөнөттө бербегендик —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 13-октябрындагы N 272 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

409-статья. Маалыматты сактоо эрежелерин бузуу

Менчигинин таризине карабастан, мекемелерде жана ишканаларда маалыматты сактоо же иштетүү коопсуздугун камсыз кылуучу кызмат адамдары тарабынан чаралардын көрүлбөгөндүгү анын уурдалышына, жок кылынышына же башка кесепеттерге алып келсе, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

409-1-статья. Маалыматтарды берүү боюнча милдеттерди бузуу

Жооптуу адамдардын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болгон маалыматтарды калкка жеткирүү боюнча милдеттерди бузушу, —

эсептик көрсөткүчтөрдүн бештен онго чейинки өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 2-июнундагы N 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

409-2-статья. Компьютердик маалыматтарды мыйзамсыз алуу

Мыйзам тарабынан корголуучу компьютердик маалыматтарды, башкача айтканда машина алып жүрүүчүсүндөгү, электрондук эсептөө машинасындагы (ЭЭМ), ЭЭМ тутумундагы же алардын тармагындагы маалыматтарды мыйзамсыз алуу, эгер бул жосун маалыматтарды жоготууга, бөгөт коюуга, модификациялоого, же көчүрмөлөөгө, ЭЭМ ишинин, ЭЭМ тутумунун же алардын тармагынын бузулуусуна алып келсе, —

жарандарга — жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга, кызмат адамдарына — жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга же он беш күнгө чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга, юридикалык жактарга миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

409-3-статья. ЭЭМ, ЭЭМ тутумун же алардын тармагын пайдалануу эрежелерин бузуу

ЭЭМ, ЭЭМ тутумун же алардын тармагын пайдалануу эрежелерин ЭЭМ, ЭЭМ тутумуна же алардын тармагына жетүү укугу бар адам тарабынан бузулганда мыйзам тарабынан корголгон ЭЭМ маалыматтарын модификациялоого же бөгөт коюуга же жок кылууга алып келсе, эгер бул жосун олуттуу зыян келтирсе, —

жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга, кызмат адамдарына — элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө айып салууга же он беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет.

Ошол эле аракеттер, байкоосуздуктан оор натыйжаларга алып келсе, —

жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

410-статья. Мөөрдү (пломбаны) атайылап бузуу же жулуп салуу

Укугу бар кызмат адамы баскан мөөрдү (пломбаны) атайылап бузуу же жулуп салуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 11-июнундагы N 115, 2008-жылдын 17-октябрындагы N  231, 2009-жылдын 13-октябрындагы N 272 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

410-1-статья. Белгиленген тартипте жүргүзүлүп жаткан текшерүүгө байланыштуу спирт жана алкоголь продукциясын өндүрүүнү, сактоону жана сатып өткөрүүнү жүргүзгөн текшерилүүчү ишкердик субъектинин аймагына же имаратына кирүү тууралу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын мыйзамдуу талабына тоскоол кылуу

Белгиленген тартипте жүргүзүлүп жаткан текшерүүгө байланыштуу спирт жана алкоголь продукциясын өндүрүүнү, сактоону жана сатып өткөрүүнү жүргүзгөн текшерилүүчү ишкердик субъектинин аймагына же имаратына кирүү тууралу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын мыйзамдуу талабына тоскоол кылгандык —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 13-октябрындагы N 272 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

411-статья. Аталышы жазылган көрсөткүч белгилерге зыян келтирүү же жок кылуу

Аталышы жазылган көрсөткүч белгилерге атайылап зыян келтирүү же жок кылуу —

он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

412-статья. Стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарын, сертификация боюнча эрежелерди, өлчөө каражаттарын жүгүртүүгө чыгаруу жана күтүү жана аларды пайдалануу эрежелерин бузуу

Стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарын, сертификация боюнча эрежелерди, өлчөө каражаттарын жүгүртүүгө чыгаруу жана күтүү жана аларды пайдалануу эрежелерин бузуу:

1) стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарына ылайык келбеген продукцияны чыгаруу, берүү жана өткөрүү (сатуу), иштерди (процесстерди) аткаруу жана кызмат көрсөтүү;

2) аларды пайдалануу жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө, ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон, стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарына ылайык келбеген продукцияны чыгаруу, берүү жана өткөрүү (сатуу), иштерди (процесстерди) аткаруу жана кызмат көрсөтүү;

3) белгиленген тартипте берилүүчү ылайык келүү сертификатысыз милдеттүү сертификациялануучу продукцияны өткөрүү (сатуу), иштерди (процесстерди) аткаруу жана кызмат көрсөтүү;

4) сертификацияланбаган продукцияны тийиштүү уруксатсыз ылайык келүү белгиси менен маркалоо;

5) стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарына ылайык келбеген конструктордук, технологиялык жана долбоорлук документацияны заказчыга же өндүрүшкө берүү;

6) продукцияны ташууда, сактоодо жана пайдаланууда (эксплуатациялоодо) стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарынын сакталбагандыгынан анын бузулушуна же ченемдик коромжусунан ашык жок болушуна алып келсе;

7) мамлекеттик сыноодон же метрологиялык аттестациядан өтпөгөн, ошондой эле текшерилбеген өлчөө каражаттарын жүгүртүүгө чыгаруу;

8) белгиленген тартипте тийиштүү уруксат албаган ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан өлчөө каражаттарын даярдоо, оңдоо жана текшерүү, ошондой эле текшерүү методдорун жана эрежелерин бузуу;

9) өлчөө каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу;

10) стандарттын же стандартташтыруу боюнча продукцияга (иштерге) жана кызмат көрсөтүүгө талап койгон башка ченемдик документтин жоктугу-

бурмаланган өлчөө каражаттарын конфискациялоо менен кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

413-статья. Товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды бузуу

Товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жагынан мыйзамдарды бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Мамлекеттик каражаттарды пайдалануу менен сатып алуулар жагынан мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин аткарбоосу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 19-январындагы N 9, 2012-жылдын 29-октябрындагы N 177 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

414-статья. Милдеттүү нусканы жеткирүү тартибин бузуу

Документтерди чыгаруучу тарабынан милдеттүү нусканы өз учурунда жана толук жеткирбөө —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

415-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин түзүү, камсыз кылуу, сактоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу

Иш кагаздарын, өздүк курам боюнча документтерди жүргүзүү эрежелерин бузуу, ошондой эле документтерди сактоонун белгиленген шарттары жок болгондо, —

кызмат адамдарына — бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Документтердин туруктуу жана узак мөөнөткө сакталышын тартипке келтирүү (документтердин баалуулугуна экспертиза жана илимий — техникалык жактан иштеп чыгуу, көктөмөлөрдүн тизмелерин түзүүнү жүргүзүү) мөөнөттөрү сакталбаганда, —

кызмат адамдарына — отуз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Менчигинин түрүнө карабастан, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын белгиленген мөөнөттө мамлекеттик архивге документтерди, анын ичинде аудиовизуалдык документтерди өткөрүп берүүдөн негизсиз баш тартышы, —

кызмат адамдарына — эскертүү же онго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга — жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Менчигинин түрүнө карабастан, мекеме, уюм жана ишкана жоюлганда же кайрадан уюшулганда кызмат адамдары тарабынан архив документтерин укук мураскерине же андай жок болгондо — тиешелүү мамлекеттик архивге өткөрүп берүү боюнча чаралар көрүлбөгөндө, —

кызмат адамдарына — отуздан элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга — жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Менчигинин түрүнө карабастан, мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда документтер болгондо архивдик маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, социалдык — укуктук мүнөздөгү документтердин көчүрмөлөрүн берүүдөн негизсиз баш тартканда, —

кызмат адамдарына — эскертүү же онго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга — жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Кызмат адамдары мамлекеттик архив мекемелеринин өкүлдөрүн ведомстволук архивдерге киргизбей койгондо, —

кызмат адамдарына — бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Ыйгарым укуктуу адамдар мөөр басып бекиткен архив сактоочу жайларды өз алдынча ачуу, иши убактылуу же биротоло токтотулган архивдердин ишин кайрадан иштетүү —

кызмат адамдарына — бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун мамлекетке тиешелүү болгон документтерин мыйзамсыз сатып алуу — сатуу жана мыйзамга каршы дагы башка бүтүмдөр, —

жарандарга — жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына — элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

416-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин жоготуу, бузуу, жашырып коюу же мыйзамсыз жок кылуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин, анын ичинде аудиовизуалдык документтерди да жоготуу, бузуу, жашырып коюу же мыйзамсыз жок кылуу, —

жарандарга — жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына — элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

(КР 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

417-статья. Билим берүү ишин лицензиясыз же лицензиялоо ченемдерин жана эрежелерин бузуу менен жүргүзүү

Билим берүү ишин лицензиясыз жүргүзүү —

билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензиясыз алган кирешесин конфискациялоо менен кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Лицензиялоо ченемдерин жана эрежелерин бузуу менен билим берүү ишин жүргүзүү —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

билим берүү ишин токтото туруу менен кызмат адамын ишинен четтетүүгө алып келет.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

418-статья. Концерт ишин лицензиясыз же лицензиялоо ченемдерин жана эрежелерин бузуу менен жүргүзүү (КР 2009-жылдын 3-июлундагы N 202 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

419-статья. Өнөржай коопсуздугу жаатында опурталдуу өндүрүш объектилеринде иш жүргүзүүнүн эрежелерин белгилеген ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу

Өнөржай коопсуздугу жаатында опурталдуу өндүрүш объектилеринде иш жүргүзүүнүн эрежелерин белгилеген ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу, —

кызматкерлерге карата эсептешүү көрсөткүчтүн бештен онго чейинки өлчөмүнө дейре, кызмат адамдарына карата — жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүнө дейре администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган иш-аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, —

кызматкерлерге карата эсептешүү көрсөткүчтүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүнө дейре, кызмат адамдарына карата — элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүнө дейре администрациялык айып салууга же болбосо кызматтагы адамдарды ишинен четтетүүгө алып келет.

(КР 2008-жылдын 11-июнундагы N 115, 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

419-1-статья. Опурталдуу өндүрүш объектилеринде лицензиясыз (уруксатсыз) же лицензиянын (уруксаттын) колдонуу шарттарын бузуу (аткарбоо) менен иш-аракеттерди жүргүзүү

Опурталдуу өндүрүш объектилеринде лицензиясыз (уруксатсыз) иш-аракет жүргүзүү,-

опурталдуу өндүрүш объектилеринде иш-аракет жүргүзүүнү токтото турууга алып келет.

Опурталдуу өндүрүш объектилеринде лицензиянын (уруксаттын) колдонуу шарттарын бузуу (аткарбоо) менен иш-аракет жүргүзүү,-

кызмат адамдарына карата эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмадан тартып элүү чейинки өлчөмүнө дейре администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган ошол эле аракетти администрациялык жаза чаралары колдонулгандан кийинки бир жыл ичинде кайталап жасоо, —

опурталдуу өндүрүш объектилеринде иш-аракет жүргүзүүнү токтото турууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 11-июнундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-глава
Сот акыйкаттыгына шек келтирген администрациялык укук бузуулар

420-статья. Сотко урмат көрсөтпөө

Күбө, жабырлануучу, доочу, жоопкер тарабынан сотко карата урмат көрсөтпөө же көрсөтүлгөн адамдардын жана башка жарандардын судьянын буйругуна баш ийбөөсү же сотту ачык эле этибарга албастыкты көрсөтүп, сот заседаниесинин учурунда белгиленген тартипти бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же беш суткага чейин администрациялык камакка алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

421-статья. Элдик заседателдин сотко келишине тоскоолдук кылуу

(КР 2009-жылдын 3-июлундагы N 202 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

422-статья. Соттун чечимин жана соттун аныктамасын аткарбоо

Соттун чечимин жана соттун аныктамасын, ошондой эле бул чечимдерди аткаруу боюнча сот аткаруучусунун мыйзамдуу талабын аткарбоо, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жүз, кызмат адамдарына жыйырмадан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 21-ноябрындагы N 186 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

422-1-статья. Сот арачылыкка талапкерлердин сот арачысынын милдеттерин аткаруудан баш тартышы

Сот арачысынын милдеттерин аткаруу үчүн сотко чакыруу боюнча жүйөлүү себепсиз келбей коюшу аркылуу сот арачылыкка талапкердин сот арачысынын милдеттерин аткаруудан баш тартышы, сот арачысынын милдеттерин аткаруудан негизсиз баш тартышы —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы N 234, 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

422-2-статья. Сот арачыларынын тизмесин түзүү үчүн кызмат адамдары же уюмдардын жетекчилери тарабынан маалыматтардын берилбегендиги

Сот арачыларынын тизмесин түзүү үчүн сот администраторуна зарын болгон маалыматтарды кызмат адамдары же уюмдардын жетекчилери тарабынан берилбеши, ошого тете эле так эмес маалымат берүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан жетимиш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы N 234, 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

422-3-статья. Сот арачысынын сотто ишти кароо менен байланышкан милдеттерин сактабагандыгы

Сот арачысынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген сотто ишти кароо менен байланышкан милдеттерин сактабагандыгы, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы N 234, 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

422-4-статья. Кызмат адамдарынын жана иш берүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын сот арачылары жөнүндө мыйзамдарын бузушу

Кызмат адамдарынын жана иш берүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын сот арачылары жөнүндө мыйзамдарды бузушу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы N 234, 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

31-глава
Аскердик эрежелерге шек келтирген администрациялык укук бузуулар

423-статья. Аскер комиссариаты чакыруу боюнча келбей коюу

Аскер комиссариаты чакыруу участогуна каттоо үчүн чакырганда жарандардын жүйөлүү себепсиз келбей коюусу — эскертүүгө алып келет.

Альтернативалык (аскердик эмес) кызмат өтөөгө жөнөтүү үчүн жарандардын жүйөлүү себепсиз аскер комиссариатына келбей коюусу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

424-статья. Чакыруу участокторуна катталууга тийиш болгон уландардын тизмесин аскер комиссариаттарына бербөө

Турак жай-эксплуатациялык уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, окуу жайларынын жетекчилеринин же аскердик-каттоо иши үчүн жооптуу болгон башка кызмат адамдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кварталдык комитеттеринин төрагаларынын чакыруу участокторуна катталууга тийиш болгон уландардын тизмесин белгиленген мөөнөтүндө бербей коюусу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

425-статья. Аскердик каттоодо турбаган аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды ишке кабыл алуу

Жашаган жеринде аскердик каттоодо турбаган аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана окуу жайларынын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын ишке (окууга) кабыл алуусу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

426-статья. Аскерге милдеттүүлөргө жана чакырылуучуларга аскер комиссариаттарына чакырылгандыгы жөнүндө кабарлоону камсыз кылбоо

Аскер комиссариаттарынын талабы боюнча аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар аскер комиссариаттарына чакырылгандыгы жөнүндө кабарды ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана окуу жайларынын жетекчилеринин же аскердик-каттоо иши үчүн жооптуу болгон башка кызмат адамдарынын камсыз кылбай коюушу же жарандардын жыйын пункттарына же чакыруу участкаларына өз учурунда келишине тоскоолдук кылуу, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса,-

эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

427-статья. Аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын аскердик каттоосун жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин өз учурунда берилбөөсү

Турак жай-эксплуатациялык уюмдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана үйлөрдү эксплуатациялоону ишке ашыруучу уюмдардын жетекчилеринин же аскердик-каттоо иши үчүн жооптуу болгон башка кызмат адамдарынын, ошондой эле аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын аскердик каттоосун жүргүзүү милдети жүктөлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кварталдык комитеттеринин төрагаларынын аскердик каттоого кабыл алууну же каттоодон чыгарууну толтуруу үчүн аскерге милдеттүү же чакырылуучулар болуп саналган жашоочуларга үй китептерин, каттоо баракчаларын жана аскердик каттоо документтерин (аскердик билеттерин, чакыруу участкаларына бекигендиги жөнүндө күбөлүктөрүн) өз учурунда бербей коюусу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

428-статья. Аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар жөнүндө маалыматтарды бербөө

Майыптыгынын кайсы топко кире тургандыгына карабастан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам деп таанылган бардык аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар жөнүндө маалыматтарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык жактан камсыздоо бөлүмдөрү аркылуу аскер комиссариаттарына билдирүү милдети жүктөлгөн врачтык-эмгек эксперттик комиссиялардын кызмат адамдары тарабынан мындай маалыматтарды бербей коюусу, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызмат адамдарынын райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын аты-жөнү өзгөргөндүгү туурасында, алардын туулган күнү жана жери жөнүндө өзгөрүүлөр жарандык абалдын актыларын жазууга киргизилгендиги туурасында, ошондой эле аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын өлүмү катталган учурларда бул туурасында билдирбей коюусу, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи, экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

429-статья. Альтернативалык (аскердик эмес) кызматка чыкпай коюу

Альтернативалык кызматтын кызматчысынын жүйөлүү себепсиз альтернативалык (аскердик эмес) кызматка чыкпай коюусу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга жана кызматын жүйөлүү себепсиз өткөргөн күндөрдүн санына узартууга алып келет.

430-статья. Аскердик каттоо эрежелеринин бузулушу

Аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын жалпы аскердик милдет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген аскердик каттоо эрежелерин бузуусу, ошондой эле чакырган учурда жүйөлүү себепсиз аскер комиссариатына келбей коюусу, же өзү аскердик каттоодо турган каттоо органына жашаган жери, иштеген орду жана кызматы өзгөргөндүгү туурасында маалыматтарды өз учурунда билдирбей коюусу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

431-статья. Аскердик-каттоо документтерин атайылап бузуу же жоготуу

Аскердик билетин (чакыруу участогуна катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн) атайылап бузуу же жоготуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

31-1-глава
Кызыл Жарым Айдын жана Кызыл Кресттин эмблемаларын пайдалануу эрежелерин колдонууга жасалган администрациялык укук бузуулар

(Глава КР 2007-жылдын 1-мартындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

431-1-статья. Кызыл Жарым Айдын жана Кызыл Кресттин эмблемаларын мыйзамсыз пайдалануу

Кызыл Жарым Айдын жана/же Кызыл Кресттин эмблемаларын, «Кызыл Жарым Ай» же «Кызыл Крест» деген аттарды, айырмаланып туруучу сигналын же ар кандай башка белгисин, аларга окшош болгон же жаңылыштан ошондой кабыл алынышы мүмкүн болгон белгилерди же сигналды мыйзамсыз пайдалануу, аталган эмблемалардын сүрөттөрүн же белгилердеги сөздөрдү плакаттарда, кулактандырууларда, жарнама барактарында же коммерциялык документтерде жайгаштыруу же аларды товарларды же таңгактарды маркировкалоо үчүн пайдалануу, сатууга сунуш кылуу же мына ушинтип маркировкаланган товарларды сатуу —

жарандарга — бештен онго чейинки, кызмат адамдарына — ондон элүүгө чейинки, юридикалык жактарга — жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмдөгү эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө администрациялык айып салынып, ишкердиктин белгилүү бир түрү боюнча алектенүүдөн бир жылга чейинки мөөнөткө лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга алып келет.

431-2-статья. Кызыл түстүн фонунда ак крестти мыйзамсыз пайдалануу

Кызыл түстүн фонунда ак крестти же ага окшош ар кандай башка белгини соода же фабрикалык белги катары, же болбосо мындай белгилердин курамдык бөлүгү катары пайдалануу, ошондой эле ак ниет коммерцияга карама-каршы келген максаттарга пайдалануу, —

жарандарга — бештен онго чейинки, кызмат адамдарына — ондон элүүгө чейинки, юридикалык жактарга — жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөргө администрациялык айып салынып, ишкердиктин белгилүү бир түрү боюнча алектенүүдөн бир жылга чейинки мөөнөткө лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга алып келет.

(КР 2008-жылдын 2-июнундагы N 104 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

32-глава
Энергия алып жүрүүчүлөрдү пайдаланууга шек келтирген администрациялык укук бузуулар

432-статья. Электр, жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу

Жарандар жана кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле чарба жана башка объектилердин бардык түрлөрүнүн менчик ээлери, ээлик кылуучулары, жетекчилери тарабынан энергия менен жабдуучу уюмдун же башка абоненттердин электр, жылуулук тармактарына уруксатсыз кошулуп алса, ага тете эле электр жана жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына — жыйырмадан отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

433-статья. Чыңалуусу 1000 Вга чейинки электр тармагын коргоо эрежелерин бузуу

Чыңалуусу 1000 Вга чейинки электр тармактарынын (абадагы жана кабелдик электр берүү линиялары, транформатордук подстанциялар, бириктирүүчү жана бөлүштүрүүчү жасалгалар, электр жасалгалары) зыян келтирүү керектөөчүгө электр энергиясын кемчил берүү менен үзгүлтүктү пайда кылса же пайда кылышы мүмкүн болсо жана чарбага, менчик ээсине зыян келтирсе, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

434-статья. Чыңалуусу 1000 Вдан ашкан электр тармагын коргоо эрежелерин бузуу

Чыңалуусу 1000 Вдан (абадагы жана кабелдик өткөрүү линиялары, транформатордук подстанциялар, бириктирүүчү жана бөлүштүрүүчү жасалгалар) ашкан электр тармагын коргоо эрежелерин бузуу электр энергиясын берүүнү үзгүлтүккө учуратса же үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн болсо же өндүрүүчү, электр берүүчү, энергия менен жабдуучу уюмдар менен керектөөчүлөргө башка зыян келтирсе, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

435-статья. Газды пайдалануу эрежелерин жана ченемдерин бузуу

Газга мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү органдардын уруксатысыз газды пайдалануучу жасалгаларга газ берүү же газга бөлүнгөн фондулардан ашып кетүү, же газды керектөөнүн белгиленген режимин сактабоо, же газды чыгымдоонун тийиштүү ченемдерин бекитпестен газды пайдалануучу жасалгаларда газды керектөө же ушул тийиштүү ченемдеринен ашып кетүү —

ишканалардын, бирикмелердин, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине, башкы энергетиктерине (башкы механиктерине), цехтер менен кызматтардын башчыларына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

436-статья. Газдын чыгымдалышын эске албастан газды пайдалануучу орнотмолорду эксплуатациялоо

Газдын чыгымдалышын эске албастан же газды колдонуу менен иштелип чыгарылуучу жылуулук энергиясын жана продукциясын эске албастан газды пайдалануучу орнотмолорду эксплуатациялоо, же долбоордо каралган газды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуучу газды пайдалануучу орнотмонун, газдын күйүү процессин автоматтык түрдө жөнгө салуучу каражаттардын же жылуулукту техникалык контролдоочу приборлордун, же жылуулукту утилизациялоочу жабдуулардын жоктугу (бузук болушу) —

ишканалардын, бирикмелердин, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине, жетекчилердин орун басарларына, башкы энергетиктерине (башкы механиктерине), цехтердин жана кызматтардын башчыларына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

437-статья. Резервдеги отун чарбанын ишке даяр эместиги

Газды керектөөчү ишканалар, бирикмелер, мекемелер жана уюмдар үчүн каралган резервдеги отун чарба фондусунун ишке даяр эместиги же газды пайдалануучу жасалгалардын отундун резервдеги түрлөрүн пайдаланууга даяр эместиги —

ишканалардын, бирикмелердин, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине, жетекчилердин орун басарларына, башкы энергетиктерине (башкы механиктерине), цехтердин жана кызматтардын башчыларына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

438-статья. Турмуш-тиричиликте энергияны жана газды пайдалануу эрежелерин бузуу

Олуттуу зыян келтирбестен, электр же жылуулук энергиясын же газды жеке кызыкчылыгы үчүн уруксатсыз пайдалануу, ага тете электр же жылуулук энергиясын же газды тиричиликте пайдалануу эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

439-статья. Иш жүргүзүүдө газ түтүгүн зыянга учуратуу

Иш жүргүзүүдө газ түтүгүн (магистралдык түтүктөн тышкары) жана алардын жабдууларын зыянга учуратуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына — экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

440-статья. Электр (жылуулук) энергиясын керектөөнүн режимин бузуу

Жарандар, кызмат адамдары тарабынан электр (жылуулук) энергиясын керектөөнүн энергия менен жабдуучу уюм белгилеген режимдерин (көлөмдөрүн, күчүн, кайта айлануучу суунун температурасын жана башкаларды) аткарбоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден эки, кызмат адамдарына — экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч, кызмат адамдарына — үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

441-статья. Электрди (жылуулукту) керектөөчү жана өндүрүүчү орнотмолорду пайдалануу

Электрди (жылуулукту) керектөөчү орнотмолорду энергияны керектөөнү (иштеп чыгууну) эсепке алууну уюштурбастан, ошондой эле отун-энергетика ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуучу жылуулук энергиясынын параметрлерин жөнгө салуучу орнотмолорсуз (бузулган) пайдалануу —

ишканалардын, бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине, жетекчилеринин орун басарларына, башкы энергетиктерге (башкы механиктерге), цехтер менен кызматтардын башчыларына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

442-статья. Жылуулук тармактарын коргоо эрежелерин бузуу

Керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен камсыз кылууну үзгүлтүккө учураткан же үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн болгон жылуулук тармактарын (абадагы, жер астындагы) коргоо эрежелерин бузуу, жылуулук тармактарын зыянга учуратуу же жылуулук чарбасына башка зыян келтирүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

443-статья. Электр (жылуулук) техникалык жабдууларды, приборлорду, түзүлмөлөрдү пайдалануу боюнча эрежелерди жана башка директивалык документтерди бузуу

Электр (жылуулук) техникалык жабдууларды, приборлорду, түзүлмөлөрдү ишке киргизүү жана андан ары пайдалануу боюнча колдонуудагы эрежелерди, тартибин (колдонуудагы тартипке ылайык даярдалган жабдууларды, түзүлмөлөрдү пайдалануу долбоорунун болушу, даярдыгы бар персоналдын, энергияны жана отунду каттоочу приборлордун болушу, энергияны жана отунду чыгымдоонун бекитилген ченемдеринин жана башкаларынын болушу) бузуу, ушуга байланыштуу отун-энергетика ресурстарын пайдаланууга жол бербөөгө же аны пайдалануунун натыйжасыздыгына алып келиши —

эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

444-статья. Категориялуу керектөөчүлөрдү электр (жылуулук) менен ишенимдүү жабдуу боюнча эрежелерди бузуу

Категориялуу керектөөчүлөрдү электр (жылуулук) менен ишенимдүү жабдуу боюнча эрежелерди жана башка директивалык документтерди толук же жарым-жартылай аткарбоодон улам электр (жылуулук) менен жабдуу үзгүлтүккө учураса же учурашы мүмкүн болсо жана жабдууларды, имараттарды, курулуштарды же жарандардын ден соолугун зыянга учуратса же учуратышы мүмкүн болсо, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

445-статья. Иш жүргүзүүдө жылуулук тармактарына зыян келтирүү

Иш жүргүзүүдө жылуулук тармактарына (буу өткөргүчтөн тышкары), алардын жабдууларына жана жылуулукту кармоочу изоляциясына зыян келтирүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

446-статья. Иш жүргүзүүдө электр тармагына (абадагы, кабелдеги) зыян келтирүү

Иш жүргүзүүдө электр тармактарына (абадагы, кабелдеги) жана анын жабдууларына зыян келтирүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

447-статья. Энергия менен жабдуучу уюмдун электр энергиясын берүүнүн сапатын бузуусу

Энергия менен жабдуучу уюмдун күнөөсү боюнча электр энергиясын берүүнүн сапатын бузуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

448-статья. Энергия менен жабдуучу уюмдун күнөөсүнөн керектөөчүлөрдү энергия менен жабдууну үзгүлтүккө учуратуу

Энергия менен жабдуучу уюмдун күнөөсүнөн энергия менен жабдууну үзгүлтүккө учуратуу —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

449-статья. Энергетикалык ишти лицензиясыз жүргүзүү

Энергетикалык ишти тийиштүү лицензиясыз жүргүзүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына жыйырмадан кырк өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

450-статья. Отун-энергетика комплексинин ишканаларынын маалымат бербөөсү же атайылап туура эмес маалыматтарды берүүсү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентство өз милдетин аткарып туруусу үчүн зарыл болгон маалыматтарды атайылап туура эмес (жалган) берүү, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш, кызмат адамдарына — он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

451-статья. Лицензиялоонун шарттарын бузуу менен энергетикалык иш жүргүзүү

Лицензиялоонун ченемдерин жана эрежелерин бузуу менен энергетикалык иш жүргүзүү —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

33-глава
Шаар куруу-архитектуралык иштерге шек келтирген администрациялык укук бузуулар

452-статья. Технологиялык жана өнөр жай жабдуулары бар объектилерди кабыл алуу жана пайдаланууга берүү эрежелерин бузуу

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

453-статья. Курулуш материалдарын, конструкцияларды жана жасалгаларды чыгарууда, ташууда мамлекеттик стандарттардын талаптарын жана техникалык шарттарды бузуу

Курулуш материалдарын, конструкцияларды жана жасалгаларды чыгарууда, ташууда мамлекеттик стандарттардын талаптарын жана техникалык шарттарды бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

454-статья. Объекттерди мыйзамсыз куруу жана колдо болгон кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүү

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте уруксат албастан объекттерди куруу жана колдо болгон кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүү, —

объектти анын алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) менен жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

455-статья. Имараттардын жана курулуш жайлардын сейсмикалык байымдуулугун төмөндөтүүгө алып келүүчү сапатсыз курулуш материалдарын жана конструкцияларды пайдалануу менен объектилерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү

Имараттардын жана курулуш жайлардын сейсмикалык байымдуулугун төмөндөтүүгө алып келүүчү сапатсыз курулуш материалдарын жана конструкцияларды пайдалануу менен объектилерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү —

объектти анын алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) менен жеке жактарга — эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, кызматтык жана юридикалык жактарга — жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, —

объектти анын алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу менен жеке жактарга — эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызматтык жана юридикалык жактарга — эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

456-статья. Имараттарды, курулуш жайларды, анын ичинде турак үйлөрдү жана турак жайларды пайдалануу эрежелерин бузуу, аларды мыйзамсыз кайра жабдуу

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Имараттарды, курулуш жайларды, анын ичинде турак үйлөрдү жана турак жайларды пайдалануу эрежелерин бузуу, аларды мыйзамсыз кайра жабдуу, —

объектти баштапкы абалына келтирүү менен жарандарга — элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчтүн жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117, 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

457-статья. Шаар куруу жана архитектура объектиси жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү

Шаар куруу-архитектура объектиси жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү —

эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

458-статья. Шаар куруу-архитектура иштери үчүн тийиштүү маалымат берүүдөн баш тартуу

Шаар куруу-архитектура иштери үчүн тийиштүү маалымат берүүдөн баш тартуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

459-статья. Аймактарды, жерлерди, жер казынасын, өсүмдүктөрдү, аба бассейнин, суу мейкиндиктерин пайдалануу маселелери боюнча мыйзамдарды сактабоо

Аймактарды, жерлерди, жер казынасын, өсүмдүктөрдү, аба бассейнин, суу мейкиндиктерин пайдалануу маселелери боюнча мыйзамдарды сактабоо —

ишин токтотуу менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш, кызмат адамдарына — бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

460-статья. Аткаруу бийлигинин субъектилеринин жаратылыштагы табият кырсыктарынын (жер титирөө, көчкү, сел жүрүү жана суу ташкыны) кесепеттеринин алдын алууга жана жоюуга багытталган иш-чараларды жөнгө салуу боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбоосу

Аткаруу бийлигинин субъектилеринин жаратылыштагы табият кырсыктарынын кесепеттеринин алдын алууга жана жоюуга багытталган иш-чараларды жөнгө салуу боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбоосу —

жол берилген тартип бузууну четтетүү менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанса, —

мүмкүн болгон эсептелип чыккан зыяндын же келтирилген зыяндын наркынын ондон жыйырма пайызына чейинки өлчөмдө администрациялык айып салууга алып келет.

461-статья. Пайдаланууда жана реконструкциялоодо тарых, маданият, шаар куруу жана архитектура эстеликтеринин бүтүндүгүн бузуу

Пайдаланууда жана реконструкциялоодо тарых, маданият, шаар куруу жана архитектура эстеликтеринин бүтүндүгүн бузуу —

келтирилген зыянды өндүрүү менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

462-статья. Архитектуралык ансамблдердин, комплекстердин, имараттардын жана курулуштардын бекитилген генералдык пландарын, деталдуу пландаштыруу, куруу долбоорлорун бузуу

Архитектуралык ансамблдердин, комплекстердин, имараттардын жана курулуштардын бекитилген генералдык пландарын, деталдуу пландаштыруу, куруу долбоорлорун бузуу, —

объектти алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) менен эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

463-статья. Жаңыдан салынуучу жана реконструкциялануучу имараттардын жана курулмалардын бекемдигинин, ишенимдүүлүгүнүн, туруктуулугунун, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана алардын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн камсыз кылбоо

Жаңыдан салынуучу жана реконструкциялануучу имараттардын жана курулмалардын бекемдигинин, ишенимдүүлүгүнүн, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана алардын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн камсыз кылбоо —

объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жана кетирилген бузууларды күнөөлүү жактардын эсебинен четтетүү менен жеке жактарга — эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга — жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, —

жол берилген бузууларды четтетүү жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу менен жеке жактарга — эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

464-статья. Долбоорду таркатуу, пайдалануу жана анын авторунун уруксатысыз долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүү

Долбоорду таркатуу, пайдалануу жана анын авторунун уруксатын албай долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүү —

эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

465-статья. Имараттарды, курулуш жайларды жана алардын бөлүктөрүн (жайларды) мыйзамсыз реконструкциялоо, аткаруучу милдетин өзгөртүү, ошондой эле кире бериш жердин (фасад) архитектуралык чечилиштерин, деталдарын, конструкцияларын, декоративдик-көркөм элементтерин өзгөртүү

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

466-статья. Объекттерди курууга техникалык жана мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин бузуу

Курууга техникалык жана мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин бузуу, ошого тете ченемдерди бузуу менен аткарылган жумуштарга оң баа берүү, —

табылган бузууларды четтеткенге чейин курулушту токтото туруу менен жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына — эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, —

жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга, кызмат адамдарына — эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө, юридикалык жактарга — эсептик көрсөткүчтүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

467-статья. Курулушка жер участокторун бөлүү тартибин бузуу

Кызмат адамы тарабынан курулушка жер участокторун берүү тартибин

бузуу —

жер участогун берүү жөнүндө чечимди кийин жокко чыгаруу менен эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, —

кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

468-статья. Бөлүнгөн же бекитилген жер участогун өз алдынча кеңейтүү

Бөлүнгөн же бекитилген жер участогун өз алдынча кеңейтүү —

участокту баштапкы абалына келтирүү менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

468-1-статья. Долбоордук документтерди иштеп чыгууда долбоорлоо нормаларын бузуу

Долбоорлоо уюму же долбоорлоочу долбоорлоо документтерин иштеп чыгууда долбоорлоо нормаларын бузса —

жол берилген бузууну четтетүү менен жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, —

жол берилген бузууну четтетүү жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу менен жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117, 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

469-статья. Кызмат адамдары тарабынан объекттерди долбоорлоого архитектуралык-пландоо, инженердик-техникалык шарттарды берүүнүн тартибин бузуу

Кызмат адамдары тарабынан объекттерди долбоорлоого архитектуралык-пландоо, инженердик-техникалык шарттарды берүүнүн тартибин бузуу, —

жол берилген бузууну четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, —

кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

470-статья. Коомдук, администрациялык-турмуш тиричилик, өнөр жайлык, өндүрүштүк имараттарды жана курулуш жайларды бекитилген долбоордук-сметалык документтерсиз же тийиштүү техникалык корутундусуз куруу, реконструкциялоо капиталдык ремонттон өткөрүүнү жүзөгө ашыруу

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

471-статья. Курулуш ченемдерин жана долбоорлоо эрежелерин бузуу менен аткарылган долбоорлорго экспертизанын оң корутундусун берүү

Курулуш ченемдерин жана долбоорлоо эрежелерин бузуу менен аткарылган долбоорлорго экспертизанын оң корутундусун берүү, —

экспертизанын корутундусун жокко чыгаруу менен жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн жетимиш өлчөмүндө, кызмат адамдарына — эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, —

адисти сертификатынан ажыратуу менен жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына — кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга — экспертизанын корутундусун жокко чыгаруу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117, 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

472-статья. Ар түрдүү багыттагы объектилерди, анын ичинде жекече турак үйдү өз алдынча куруу

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

473-статья. Мамлекеттик экспертизанын корутундусуз долбоордук-сметалык документтерди бекитүү

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

474-статья. Куруу процессинде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү эрежелерин, техникалык регламенттерди бузуу, ошондой эле курулушту долбоордук документациялардан четтөө менен ишке ашыруу

Сапатсыз курулуш продукцияларын чыгарууга алып келген курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү эрежелерин, техникалык регламенттерди бузуу, ошондой эле курулушту долбоордук документациялардан четтөө менен ишке ашыруу, —

жол берилген бузууну четтетүү менен жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, —

жол берилген бузууну четтетүү жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу менен жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

475-статья. Бүткөрүлгөн курулуш объекттердин жана кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүүлөрдүн ылайыктуулугун баалоонун тартибин бузуу

Бүткөрүлгөн объекттердин жана кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүүлөрдүн ылайыктуулугун баалоонун тартибин бузуу, ошого тете техникалык регламенттерге жана долбоордук документацияларга ылайык келбеген объекттерге оң бааларды берүү, —

кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Курулуш объектинин ылайыктуулугу жөнүндө так эмес кабарландыруу (билдирүү) берүү, —

жол берилген бузууну четтетүү менен жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

476-статья. Курулушу жаңы бүткөрүлгөн объекттин жана кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүүнүн ылайыктуулугун оң баалоосуз объектти пайдалануу

Курулушу жаңы бүткөрүлгөн объекттин жана кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүүнүн ылайыктуулугун оң баалоосуз объектти пайдалануу —

белгиленген тартипте анын ылайыктуулугу баалаганга чейин объектти пайдаланууну токтото туруу менен жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

477-статья. Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо же өз убагында аткарбагандык

Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо же өз убагында аткарбагандык —

эреже бузуулар жоюлганга чейин курулушту токтотуу менен жарандарга — отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, —

бузууларды четтеткенге чейин курулушту токтото туруу менен жарандарга — эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117, 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

478-статья. Архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдардын көрсөтмөлөрүн өз учурунда аткарбоо

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

479-статья. Лицензиясыз, адистин сертификатысыз архитектуралык жана курулуш ишин милдеттүү сертификаттоодон өтпөгөн курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды колдонуу менен ишке ашыруу

Лицензиясыз, адистин сертификатысыз архитектуралык жана курулуш ишин милдеттүү сертификаттоодон өтпөгөн курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды колдонуу менен ишке ашыруу, —

ишти токтото туруу менен жеке жактарга эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга — бузуу табылган учурга белгиленген жумуштарды өндүрүүгө чыгымдардын наркынын жыйырма пайыз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

480-статья. Сапатсыз курулуш материалдарын, жасалгаларды жана конструкцияларды берүү жана сатып өткөрүү

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

481-статья. Курулушу бүтпөгөн объектилердин аймагын максаттуу багытынан башкага пайдалануу

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

482-статья. Курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү эрежелерин бузуу

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы N 117 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

483-статья. Пайдалануучу уюмдардын өздөрүнө караштуу объектилерди жана аймактарды күтүү жана контролдоо эрежелерин аткарбоосу

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

484-статья. Жерди пайдалануу укугун жер участогунун ээсинин макулдугусуз башкага берүү

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

485-статья. Жер участокторун пайдалануу укугу өткөн учурда объектилерди укукту белгилеген документтерсиз пайдалануу жана жер участокторун жасалгалоо

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

486-статья. Курулуш жана объектилерди пайдаланууга берүү үчүн берилген жер участокторун пайдалануу мөөнөттөрүн бузуу

(КР 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

34-глава
Турак-жай коммуналдык чарбадагы администрациялык укук бузуулар

487-статья. Жалпы пайдалануудагы көп квартиралуу турак үйлөрдү жерлерди санитардык жагынан күтүүнүн эрежелерин бузуу

Жалпы пайдалануудагы көп квартиралуу турак үйлөрдү: подвалдарды, жарым подвалдарды, кир жайгыч жайларды, чатырларды, үй үстүн, жерлерди, шаты тепкичтерин, лифттерди, далис жайларды, үйлөрдүн алдындагы аймактарды санитардык жактан күтүүнүн эрежелерин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына — экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

487-1-статья. Көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн элементтерин өзү билип пайдалануу

Көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн элементтерин: квартираларды, менчик ээлеринин орток менчиги болгон подвалдарды, жарым подвалдарды, шаты тепкичтерин, далистерди, кир жайгыч жайларды, лифтерди, чатырларды, үй үстүн, инженердик жабдууларды, үйлөрдүн тегерек-четин өзү билип пайдалануу —

— жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он бешке чейинки, кызмат адамдарына элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө жазапул салууга алып келет.

(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

487-2-статья. Турак жайларда санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык бейпилдикти бузуу

Турак жай имараттарында жана жайларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камсыз кылуу эрежелери белгиленген санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык бейпилдикти бузуу, —

— жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн — ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга — беш жүздөн бир миңге чейин айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 9-июлундагы N 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

487-3-статья. Көп квартиралуу турак жай үйлөрдөгү турак жайларды пайдалануунун эрежелерин бузуу

Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды өнөр жайлык мүнөздөгү максаттар үчүн берүү, өткөрүп берүү, аларды соода орундары катары, тейлөө чөйрөсүнүн уюмдарын жайгаштыруу үчүн пайдалануу, анын ичинде мейманкана катары, ошондой эле жашап туруудан тышкары кандай болбосун башка максаттар үчүн пайдалануу, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн — он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга — беш жүздөн бир миңге чейин айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 9-июлундагы N 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

487-4-статья. Көп квартиралуу турак үйлөрдөгү турак жай эмес жайларды күтүүнүн жана пайдалануунун эрежелерин бузуу

Турак эмес жайлардын менчик ээлери тарабынан көп квартиралуу турак үйлөрдөгү турак эмес жайлардын техникалык жана санитардык абалын бузуу, көп квартиралуу үйлөрдөгү жалпы мүлктү күтүү боюнча милдеттерди жана турак жай мыйзамдарынан келип чыккан башка талаптарды аткарбоо, —

— жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн — он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга — беш жүздөн бир миңге чейин айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 9-июлундагы N 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

488-статья. Шаарлардын жана башка калк конуштардын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу

Шаарлардын жана башка калк конуштардын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу, ошондой эле шаарларда жана калк жашаган башка конуштарда тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо —

жарандарга алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарына – элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2, 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

489-статья. Таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү

Турмуш-тиричиликтин таштандыларын жана башка буюмзаттарды атайын белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү —

сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмзаттарды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү —

кызмат адамдарына сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 139, 2012-жылдын 8-ноябрындагы N 179, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

490-статья. Инженердик тармактардын жана суу түтүгүнүн, канализация курулуштарынын жана борбордук жылытуу тутумунун бүтүндүгүн бузуу

Тиешелүү кызматтар менен макулдашпастан квартиралардын ичинде жайгашкан инженердик тармактардын жана суу түтүгүнүн, канализация курулуштарынын жана борбордук жылытуу тутумунун бүтүндүгүн бузуу —

жарандарга мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн үч, кызмат адамдарына — он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

491-статья. Квартираларга, жертөлө жана кызматтык имарат жайларга суу каптатуу

Санитардык приборлордун, суу түтүгүнүн, канализация жана жылуулук тармактарынын, алардагы курулмалардын жана жасалгалардын техникалык абалынын бузуктугунан улам квартираларга, жертөлө жана кызматтык имарат жайларга суу каптатуу, —

жарандарга мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн үч, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

492-статья. Суу түтүгүнүн, канализациянын жана жылуулук өткөргүчтөрдүн капкактарын, кудуктарды ачуу, жылдырма тээктерди жөнгө салуу, пломбаларды бузуу

Суу түтүгүнүн, канализациянын жана жылуулук өткөргүчтөрдүн капкактарын, кудуктарды ачуу, жылдырма тээктерди жөнгө салуу, пломбаларды бузуу, булар жылуулук, суу менен камсыз кылуу тутумунун кадыресе иштешин бузууга алып келсе, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үч, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

493-статья. «Водоканал» жана «Теплокоммунэнерго» ишканалары тарабынан берилген буйруктарды аткарбоо

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамынын ылайык күчүн жоготту)

494-статья. Жылуу сууну (жылуулук булагын) жылытуу тутумунан өзү билип пайдалануу, ошондой эле жылуулук булагын агызуу

Жылуу сууну (жылуулук булагын) жылытуу тутумунан өзү билип пайдалануу, ошондой эле борбордоштуруп жылытуу радиаторлорундагы температураны жогорулатуу максатында жылуулук булагын агызуу, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үч, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

495-статья. Жашыл көчөттөрдү ичүүчү суу менен сугаруу

Жашыл көчөттөрдү суу түтүгүнөн ичүүчү суу менен сугаруу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үч, кызмат адамдарына — он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

496-статья. Суу түтүгүнө, канализация жана жылуулук тармактарына өзү билип кошулуу

Суу түтүгүнө, канализация жана жылуулук тармактарына өзү билип кошулуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үч, кызмат адамдарына — он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

497-статья. Жүргүнчүлөр лифтин пайдалануу эрежелерин бузуу

Жүргүнчүлөр лифтин пайдалануу эрежелерин бузуу —

эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Лифт жабдууларын зыянга учуратуу жана бузуу —

мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-глава
Бажы иши чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар

(Глава КР 2004-жылдын 11-июнундагы N 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

498-статья. Бажылык контроль зоналарынын режимин бузуу

Товарларды жана (же) транспорт каражаттарын бажылык контроль зонасынын чек арасы аркылуу же анын чектеринде алып өтүү же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралгандан башка учурларда, бажы органынын уруксатысыз өндүрүштүк же башка коммерциялык иш-аракеттерди жүргүзүү, же болбосо каржылык контроль зонасынын режимин бузуучу башка иш-аракеттерди жасоо,

— эскертүү берүүгө же болбосо эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн алтыга чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

499-статья. Товарларды жана (же) транспорт каражаттарын алып келүүдө Кыргыз Республикасынын бажы чек арасынан өтүү жөнүндө билдирбөө

Товарларды жана (же) транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүүдө ташуучунун Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүү жөнүндө билдирүү тууралу бажы мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабоосу, —

эскертүү берүүгө же болбосо эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үчкө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

500-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен сырткары алып чыгуу ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына билдирбөө же туура эмес билдирүү

Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен сырткары алып чыгуу ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына билдирбөө, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — үчкө чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын бажы органына туура эмес билдирүү, эгер мындай билдирүү Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан белгиленген тартипте катталса, ошого тете товарларды жана транспорт каражаттарын көрсөтүлгөн жерге жана убакытта алып келбөө, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — үчтөн онго чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отузга чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

501-статья. Аварияга учураган же айласыз күчтүн таасиринде калганда чара көрбөө

Аварияга учураганда же айласыз күчтүн таасиринде калганда ташуучунун Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилеген жерге жеткирүүгө кабыл алган же транзит аркылуу ташылган товарларды жана (же) транспорттук каражатты сактоону камсыз кылуу үчүн чара көрбөөсү же болбосо аларды уруксатсыз пайдаланууга жол берүүсү, —

жарандарга — бештен онго чейинки, кызмат адамдарына — отуздан элүүгө чейинки, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Аварияга учураганда же айласыз күчтүн таасиринде калганда ташуучунун иштин жагдайы жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органы аныктаган жерге жеткирүүгө кабыл алынган же транзит аркылуу ташылган товарлардын жана (же) транспорттук каражаттардын турган жери жөнүндө жакынкы Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлабоосу же болбосо аларды жакынкы бажы органына ташууну камсыздабоосу, —

жарандарга — үчтөн онго чейинки, кызмат адамдарына — ондон элүүгө чейинки, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

502-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын жеткирген жеринде тапшырбоо жана алардын документтерин бажы органдарына бербөө

Товарларды жана транспорт каражаттарын жеткирген жеринде тапшырбоо жана алардын документтерин Кыргыз Республикасынын бажы органына бербөө, ошонун ичинде атайылап бербөө, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — үчтөн онго чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

503-статья. Товарларды, транспорт каражаттарын жана алардын документтерин бажы органынын уруксатысыз берүү, жоготуп жиберүү же Кыргыз Республикасынын бажы органына жеткирбөө

Товарларды, транспорт каражаттарын жана алардын документтерин бажы органынын уруксатысыз берүү, жоготуп жиберүү же Кыргыз Республикасынын бажы органына жеткирбөө, —

жарандарга — укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн онго чейинки өлчөмүндө айып салууга, же ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен же ансыз; кызмат адамдарына — укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга, же ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен же ансыз; юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө же укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен элүүдөн жүзгө чейинки пайызында айып салууга же ансыз, же болбосо ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алууга же ансыз айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү үчүн кабыл алынган бажы контролунда турган товарлардын жана транспорт каражаттарынын бажылык же башка документтерин жоготуп жиберүү же бербей коюу, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — бешке чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырма бешке чейинки, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо документтери жоготулган же жеткирилбеген товарлардын же транспорт каражаттарынын наркынын жыйырма бештен элүү пайызга чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилеген товарларды, транспорт каражаттарын жеткирбөө жана аларга документтерди берүү мөөнөтүн сактабоо, —

эскертүү берүүгө же болбосо эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

503-1-статья. Камак салынган мүлктү Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз пайдалануу же мындай пайдаланууга талаптарды жана чектөөлөрдү сактабоо

Кыргыз Республикасынын бажы органы камак салган мүлктү бул органдын уруксатысыз пайдалануу же Кыргыз Республикасынын бажы органы мындай пайдаланууга киргизген талаптарды жана чектөөлөрдү сактабоо, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

504-статья. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өтүүчү транспорт каражаттарын токтотпоо

Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өтүүчү транспорт каражаттарын, ошондой эле товар катары Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу жүрүүчү транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилеген жерлерде токтотпоо, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — үчкө чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-1-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз транспорт каражаттарын жөнөтүү

Бажы контролунда турган транспорт каражаттарын же товар катары Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу жүрүүчү транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз анын турган жеринен жөнөтүү, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — үчкө чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-2-статья. Бажылык жазып-каттоо өндүрүш тартибин бузуу

Бажылык жазып-каттоо өндүрүш тартибин бузуу, башкача айтканда, бажылык жазып-каттоонун башталышы жана аякташы, орду, убактысы жана аны өткөрүү жол-жобосу жөнүндө белгиленген талаптарды сактабоо, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — экиден бешке чейинки, кызмат адамдарына — ондон элүүгө чейинки, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-3-статья. Бажылык жазып-каттоо бүтө элек товарлар жана транспорт каражаттары менен мыйзамга ылайык келбеген операцияларда жүргүзүү, алардын абалын өзгөртүү, пайдалануу жана аларды тескөө

Ушул главанын башка статьяларында каралган учурларды кошпогондо, белгиленген талаптарды жана шарттарды бузуу менен ага карата бажылык жазып-каттоо аяктай элек товарлар жана транспорт каражаттары менен операцияларды жүргүзүү, алардын абалын өзгөртүү, пайдалануу жана тескөө, —

жарандарга — ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан жүзгө чейинки, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

504-4-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз жүргүзүлүүчү жүк ташуу жана башка операциялар

Бажы контролунда турган товарларды жана транспорт каражаттарын ташуу, жүктөө, түшүрүү, кайра жүктөө, таңгактоонун бузулган жерлерин оңдоо, таңгактоо, кайра таңгактоо же ташуу үчүн кабыл алуу, мындай товарлардын сынамактарын жана үлгүлөрүн алуу, Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз көрсөтүлгөн товарлар жана транспорт каражаттары турушу мүмкүн болгон жайларды жана башка жерлерди ачуу,-

жарандарга — ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — жыйырмадан жүзгө чейинки, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-5-статья. Бажылык идентификация каражаттарын өзгөртүү, жок кылуу, бузуу, же болбосо жоготуп коюу

Кыргыз Республикасынын бажы органдары колдонгон бажылык индентификация каражаттарын өзгөртүү, жок кылуу, бузуу, же болбосо жоготуп коюу, —

жарандарга — ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — жыйырмадан жүзгө чейинки, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-6-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын декларациялоо тартибин бузуу

Товарларды жана транспорт каражаттарын декларациялоо тартибин бузуу, башкача айтканда, ушул главанын башка статьяларында каралган учурларды кошпогондо, декларациялоо формасы жана орду жөнүндө, анын өндүрүш жол-жобосу жөнүндө (анын ичинде декларациялоо убактылуу, толук эмес же мезгилдүү бажылык декларацияны пайдалануу жөнүндө) белгиленген талаптарды сактабоо, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — экиден онго чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

504-7-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органына бажы декларациясын, документтерди жана кошумча маалыматтарды берүү мөөнөттөрүн бузуу

Кыргыз Республикасынын бажы органына алар белгилеген мөөнөттө товарларга жана транспорт каражаттарына бажы декларациясын, ага тете эле бажылык максаттар үчүн зарыл болгон документтерди жана кошумча маалыматтарды бербөө, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — экиден бешке чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон кыркка чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркынын ондон жүзгө чейинки — пайызында айып салууга алып келет.

504-8-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын бажылык контроль жүргүзүү үчүн аймакка же имаратка киришине тоскоолдук көрсөтүү

Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын бажылык контролго тиешелүү товарлар жана транспорт каражаттары турушу мүмкүн болгон аймакка же имаратка, ушундай контроль жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерге, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы органдарына жүктөлгөн иш-аракеттер жүргүзүлүүчү жерлерге киришине тоскоолдук көрсөтүү, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — жыйырмадан жүзгө чейинки, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-9-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органына зарыл отчетту бербөө жана эсепке алууну жүргүзүү тартибин сактабоо

Бажылык контролдо же болбосо эркин бажылык зона аймагында жана эркин кампаларда турган алып келинүүчү, алып кетилүүчү, келип түшүүчү, сакталуучу, кайра иштетилүүчү, даярдалуучу, сатылып алынуучу жана сатылуучу товарлар жөнүндө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органына зарыл отчетту бербөө, ага тете эле ушундай товарларды эсепке алууну жүргүзүү тартибин сактабоо, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — экиден онго чейинки, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүүгө чейинки, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-10-статья. Убактылуу сактоо кампасынын режимин бузуу

Убактылуу сактоо кампасында сакталуу мөөнөтү белгиленген чектик сактоо мөөнөтүнөн ашып кеткен товарларды жана транспорт каражаттарын бажы тартибине ылайык чыгарууну же тескөөгө алууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө, —

жарандарга — укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн онго чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына — укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө же укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

504-11-статья. Товарларды сактоого жайгаштыруу, аларды сактоо жана алар менен операцияларды жүргүзүү тартибин бузуу

Ушул Кодекстин 503, 504-3, 504-4, 504-5, 504-8 жана 504-10-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, товарларды сактоого жайгаштыруу жана аларды сактоо тартибин бузуу, башкача айтканда, товарларды сактоого жайгаштыруунун белгиленген талаптарын жана шарттарын, аларды сактоонун, ага тете эле бажылык кампаларда товарлар менен операция жүргүзүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — экиден онго чейинки, кызмат адамдарына — ондон отузга чейинки, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-12-статья. Товарларды кайра иштетүү тартибин бузуу

Товарларды кайра иштетүү тартибин бузуу, башкача айтканда, белгиленген талаптарды, чектөөлөрдү жана шарттарды сактабоо (аларды кайра иштетүү тартибин жана мөөнөттөрүн, кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу санын, кайра иштетүү продукцияларын башка товарлар менен алмаштыруунун, ушундай товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды жүргүзүүнүн), —

жарандарга — бештен онго чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө же болбосо кайра иштетүүгө арналган товарлардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

504-13-статья. Өзгөчө экономикалык зоналарда бажы иштери жагындагы өндүрүштүк жана коммерциялык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартибин бузуу

Өзгөчө экономикалык зоналарда бажы иштери жагындагы өндүрүштүк жана коммерциялык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартибин бузуу, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — бештен жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — жыйырмадан жүзгө чейинки, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-14-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен чыгарбоо же болбосо бажы аймагына кайра алып келбөө

Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, белгиленген мөөнөттө мурда алынып келинген товарларды жана транспорт каражаттарын, эгерде аны чыгаруу милдеттүү болуп эсептелсе, Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен чыгарбоо же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан мурда чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын, эгерде аны алып келүү милдеттүү болуп эсептелсе, кайрадан алып келбөө, —

жарандарга — укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, кайра алып келүүнү же кайра алып кетүүнү ырастоо катары жасалма документтерди, жараксыз документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди же башка товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү документтерди Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү, —

жарандарга — укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

504-15-статья. Товарларды жок кылуу тартибин бузуу

Тиешелүү бажылык режимдеги товарларды жок кылуу тартибин бузуу, башкача айтканда, товарларды жок кылуунун, товарлардын жок кылуунун натыйжасында пайда болгон калдыктарды жайгаштыруунун белгиленген талаптарын, чектөөлөрүн жана шарттарын сактабоо, —

жарандарга — онго чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүгө чейинки, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо жок кылууга жаткан товарлардын наркынын ондон элүүгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

504-16-статья. Белгилүү бажылык режимде жайгаштырылган товарлар жана транспорт каражаттары менен туура эмес операцияларды жүргүзүү, алардын абалын өзгөртүү, аларды пайдалануу жана тескөө

Товарлар жана транспорт каражаттары менен туура эмес операцияларды жүргүзүү, бажы режимин бузуу менен алардын абалын өзгөртүү, аларды пайдалануу жана тескөө, ага тете эле ушул главанын башка статьяларында каралган учурларды кошпогондо, бажы режиминин башка чектөөлөрүн, талаптарын жана шарттарын сактабоо, —

жарандарга — укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына — укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-17-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө экономикалык жөнгө салуу чараларын жана башка чектөөлөрдү колдонуу тартибин сактабоо

Кылмыш белгилери жок болгон учурда, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу экономикалык жөнгө салуу чаралары жана башка чектөөлөр колдонулуучу товарларды жана транспорт каражаттарын, ушул главанын башка статьяларында каралган учурларды кошпогондо, ушул чараларды жана чектөөлөрдү колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен алып өтүү, —

жарандарга — укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он бешке чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына — укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жетимишке чейинки пайызында айып салууга алып келет.

504-18-статья. Товарларды коммерциялык максат үчүн эмес деген түрдө Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү

Кылмыш белгилери жок болгон учурда, ушул Кодекстин 504-25-статьясында каралган учурларды кошпогондо, чынында эле өндүрүштүк жана коммерциялык иш-аракеттер үчүн арналган товарларды коммерциялык максат үчүн эмес деген түрдө жеке адамдын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүсү, —

жарандарга — ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

504-19-статья. Бажылык контролдон башка жол менен Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү

Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, бажылык контролдон башка жол менен Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилегенден башка жерден же бажы өндүрүшүн жол-жоболоштуруунун белгиленген убактысынан башка убакытта алып өтүү,-

жарандарга — укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына — укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга — укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана андай товарлар ташылган транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Эгерде аларды ташып чыгууга ташын чыгуу (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаса, Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатып алынган товарларга жана транспорт каражаттарына карата ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундарды жасоо,-

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө; кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө; юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 18-октябрындагы N 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

504-20-статья. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларды бажылык контролдон жашыруу

Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларды бажылык контролдон жашыруу, башкача айтканда, товарларды табууну кыйындатуучу жашыргычтарды же башка ыкмаларды пайдалануу же бир товарга башка түр берүү, —

жарандарга — укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана андай товарларды Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу ташыган транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо атайын даярдалган жашыруун жерлерди милдеттүү түрдө бузуу менен ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына — укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана андай товарларды Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өткөн транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо атайын даярдалган жашыруун жерлерди милдеттүү түрдө бузуу менен ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга — укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана андай товарларды Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өткөн транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо атайын даярдалган жашыруун жерлерди милдеттүү түрдө бузуу менен ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Эгерде аларды ташып чыгууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаса, Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатып алынган товарларга жана транспорт каражаттарына карата ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундарды жасоо,-

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө; кызмат адамдарына -эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө; юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 18-октябрындагы N 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

504-21-статья. Жалган документтерди же бажылык идентификация каражаттарын пайдалануу менен товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү

Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, ушул Кодекстин 504-22 жана 504-25-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы органына максаттар үчүн зарыл болгон документтер катары жасалма документтерди, жараксыз документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди, жалган маалыматтарды камтыган документтерди, же башка товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү документтерди көрсөтүү менен товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү, ошондой эле идентификациянын жасалма каражаттарын же башка товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү болгон идентификациянын чыныгы каражатын пайдалануу, —

жарандарга — укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө айып салууга: кызмат адамдарына — укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга: юридикалык жактарга — укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн мин өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Эгерде аларды ташып чыгууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаса, Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатып алынган товарларга жана транспорт каражаттарына карата ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундарды жасоо,-

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө; кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө; юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 18-октябрындагы N 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

504-22-статья. Товарларга жана транспорт каражаттарына декларация бербөө же жалган декларация берүү

Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, ушул Кодекстин 504-2, 504-6, 504-7, 504-17, 504-18, 504-19, 504-20, 504-21 жана 504-25-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына декларация бербөө же жалган декларация берүү, башкача айтканда, белгиленген жазуу, оозеки же башка формада ишенимдүү маалыматтарды бербөө же товарлар жана транспорт каражаттары, алардын бажылык режими жана бажылык максаттары үчүн зарыл болгон башка маалыматтар жөнүндө жалган маалыматтарды билдирүү, —

жарандарга — укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына — укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга — укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн мин өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү, аларды талап кылынган бажылык режимде жайгаштыруу, бажылык төлөмдөрдүн өлчөмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечимдерине таасир этпеген жалган маалыматтарды билдирүү, —

эскертүү берүүгө же болбосо эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Эгерде аларды ташып чыгууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаса, Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатып алынган товарларга жана транспорт каражаттарына карата ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундарды жасоо,-

жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө; кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө; юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.

(КР 2011-жылдын 18-октябрындагы N 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

504-23-статья. Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына бажы эрежелерин бузуу менен алып келинген товарларды жана транспорт каражаттарын ташуу, сактоо, сатып алуу, аларды пайдалануу же тескөө

Бажылык контролдон башка жол менен өтүп же ушундай контролдон жашырып, же документтерди же идентификация каражаттарын, декларацияланбаган же туура эмес декларацияланган жалган документтерди пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына алып келинген товарларды жана транспорт каражаттарын ташуу, сактоо, сатып алуу, ага тете эле бажы төлөмдөрү боюнча ага карата бажылык жеңилдиктер берилген товарларды жана транспорт каражаттарын ташуу, сактоо, сатып алуу, Кыргыз Республикасыыын бажы органдарынын уруксатысыз ушундай жеңилдиктер берилгенге байланышпаган башка максаттарда пайдалануучу же алып коюлуучу, же Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүүнүн мыйзамдуулугун ырастоочу тиешелүү документсиз сатуу (кайра сатуу) максатында товарларды жана транспорт каражаттарын пайдалануу же тескөө, —

жарандарга — укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга, укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

504-24-статья. Бажылык төлөмдөр боюнча жеңилдиктер берилип шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражатгарын пайдалануу жана тескөө тартибин бузуу

Бажылык төлөмдөр боюнча жеңилдиктер берилип шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз ушундай жеңилдиктер берилишине байланышпаган башка максаттарда пайдалануу жана тескөө, —

жарандарга — бештен жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо берилген бажы жеңилдиктеринин төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынан ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

504-25-статья. Бажы төлөмдөрүнөн мыйзамсыз бошотууга же аларды төмөндөтүүгө багытталган иш-аракеттер

Бажылык максаттар үчүн зарыл болгон бажы декларациясында жана башка документтерде бажылык режим, бажылык нарк же болбосо товарлар жана транспорт каражаттары чыккан өлкөлөр жөнүндө жалган маалымат билдирүү же бажы төлөмдөрүнөн бошотууга же алардын өлчөмүн төмөндөтүүгө негиз болуучу башка жалган маалыматтарды билдирүү, ушул Кодекстин 504-18, 504-21, 504-22-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, кылмыш белгилери жок болгон учурда, —

жарандарга — ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө же төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

504-26-статья. Төлөнгөн бажылык төлөмдөрдү кайтарууга, төлөөлөрдү жана башка кайтарууларды алууга же аларды тиешелүү негизсиз кайтарбоого багытталган аракеттер

Төлөнгөн бажылык төлөмдөрдү кайтарууга, төлөөлөрдү жана башка кайтарууларды алууга же аларды кайтарбоого же тиешелүү негизсиз толук эмес өлчөмдө кайтарууга укук берүүчү жалган маалыматтарды камтыган документтерди Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү, кылмыш белгилери жок болгон учурда, —

жарандарга — ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө, алынган же кайтарылып берилбей калган бажы төлөмдөрдүн жана башка ордун толтуруулардын талап кылынган суммасынан элүүдөн жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

504-27-статья. Бажылык төлөмдөрдү төлөө мөөнөтүн бузуу

Бажылык төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттө төлөбөө кылмыш белгилери жок болгон учурда, —

жарандарга — бештен онго чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынын ондон элүүгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.

504-28-статья. Бажы органдарынын чечимдерин банктардын жана башка кредиттик мекемелердин аткарбоосу

Бажылык төлөмдөрдү төлөөчүнүн эсеби боюнча операцияларды токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын чечимдерин ыйгарым укуктуу банктардын жана башка кредиттик мекемелердин аткарбоосу, ага тете эле ушундай чечимдерди аткарууну негизсиз кечиктирүү, —

төлөнбөгөн төлөмдөрдүн суммасынын өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-29-статья. Бажылык брокер катары иш-аракеттерди мыйзамсыз жүргүзүү же ушундай иш-аракеттердин шарттарын бузуу

Бажылык брокер катары иш-аракеттерди жүргүзүү, өзүнүн атында «бажылык брокер» деген аталышты пайдалануу, Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органынын лицензиясыз реклама же башка маалымат берүү, же болбосо ушундай лицензия жокко чыгарылган кайта чакыртылып алынган же анын аракети токтотулган учурда, же Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органынын квалификациялык аттестаты бар бажылык жол-жоболоштуруу боюнча штатта адис болбогон, же болбосо бажылык жол-жоболоштуруу боюнча иштер бажылык брокердин атынан квалификациялык аттестаты жок же квалификациялык аттестаты жок кылынган, кайра чакыртылып алынган, жараксыз деп табылган же ушундай аттестаттын аракети токтотулган адам тарабынан жасалганда, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органына жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүүнүн натыйжасында алынган, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундардан башка, ага тете эле ушундай ишаракеттердин башка шарттарын бузуу, —

бажы брокерине — ондон жыйырмага чейинки, ал эми адиске — эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Кылмыш белгилери жок болгон учурда, бажылык брокердин же анын кызматкерлеринин мыйзам тарабынан корголуучу сырды түзгөн маалыматтарды же жашырын маалыматтарды жеке максатына пайдалануу, жайылтуу, анын ичинде ага ыйгарым укуксуз мамлекеттик органдарды кошкондо ушундай маалыматтарды үчүнчү жактарга билдирүү, —

бажы брокерине — ондон жыйырмага чейинки, ал эми адиске — эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-30-статья. Бажылык ташуучу катары иш-аракеттерди мыйзамсыз жүргүзүү же ушундай иш-аракеттердин шарттарын бузуу

Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органынын лицензиясыз бажылык ташуучу катары иш-аракеттерди жүргүзүү, же ушундай лицензия жокко чыгарылган, кайта алынган же анын аракети токтотулган учурда, же Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органына жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүүнүн натыйжасында алынган лицензияны бажылык ташуучунун колдонуусу, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундардан башка, ага тете эле ушундай иш-аракеттердин башка шарттарын бузуу, —

бажы ташуучусуна — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Бажылык ташуучунун же анын кызматкерлеринин мыйзам тарабынан корголуучу сырды түзгөн маалыматтарды же жашырын маалыматтарды жеке максатына пайдалануу, жайылтуу жана ага ыйгарым укуксуз мамлекеттик органдарды кошкондо ушундай маалыматтарды үчүнчү адамга билдирүү, кылмыш белгилери жок болгон учурда, —

бажы ташуучусуна — ондон жыйырмага чейинки, ал эми кызматкерге эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-31-статья. Бажы ишинде колдонулуучу мыйзамдарды кызмат адамдарынын жана башка адамдардын аткарбоосу

Бажы мыйзамдарынын бажы ишинде колдонулуучу талаптарын бузгандык үчүн ушул главада жоопкерчилик каралган талаптарын ишкананын, мекеменин же уюмдун кызмат адамынын же башка кызматкерлеринин аткарбоосу, ага тете эле жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим боюнча ишкана, мекеме же уюм үчүн иш аткаруучу башка жеке адамдын бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн көрсөтүлгөн ишкана, мекеме же уюм жоопкерчиликке тартылган учурда ушундай талаптарды аткарбоосу, —

эскертүү берүүгө же болбосо эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-32-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамын бажылык контролду жүргүзүүгө, бажылык жол-жоболоштуруу өндүрүшүнө, ошондой эле бажы эрежелерин бузгандык жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө же аны кароого катышкан адамды, ошого тете күбөлөрдү шылдыңдоо

Кылмыш белгилери жок болгон учурда, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамын, ошондой эле бажылык контролду жүргүзүүгө катышуу, бажылык жол-жоболоштуруу, бажы эрежелерин бузгандык жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышуу же аны кароо үчүн тартылган же чакырылган ревизорлорду, эксперттерди, адистерди, котормочуларды, күбөлөрдү, ага тете күбө катары катышуучуларды шылдыңдоо, —

жарандарга — ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-33-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамына, бажылык контролду жүргүзүүгө, бажылык жол-жоболоштуруу өндүрүшүндө, ошондой эле бажы эрежелерин бузгандык жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө же аны кароого катышкан адамды, ага тете күбөлөргө карата күч колдонуучу аракеттерди жасоо жөнүндө опуза

Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамына, ошондой эле бажылык контролду жүргүзүүгө катышуу, бажылык жазып-каттоо өндүрүшүнө, же чакырылган ревизорлорду, эксперттерди, адистерди, котормочуларды, күбөлөрдү, ага тете күбө катары катышуучуларга карата денесине жеңил жаракат келтирүү, уруу же башка күч колдонулуучу аракеттерди жүргүзүү опузасы, кылмыш белгилери жок болгон учурда, —

жарандарга — ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-34-статья. Бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын бажы эрежелеринин бузулушу жөнүндө иш жана аны кароо боюнча өндүрүш үчүн зарыл болгон товарларды, документтерди, башка буюмзаттарды жана маалыматтарды берүүдөн баш тартуусу же бербөөсү

Бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын Кыргыз Республикасынын бажы органынын белгиленген кызмат адамына же анын тапшырмасы боюнча иштеген ревизорго же адиске өндүрүш үчүн жана ишти кароо боюнча зарыл болгон товарларды, документтерди, башка буюмзаттарды жана маалыматтарды мөөнөтүндө себепсиз берүүдөн баш тартуусу же бербөөсү, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — бештен он бешке чейинки, кызмат адамдарына — ондон жетимишке чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-35-статья. Бажы эрежелерин бузгандыгы жана аны кароо жөнүндө иш боюнча өндүрүш үчүн зарыл болгон товарларды, документтерди, башка буюмзаттарды жана маалыматтарды берүүдөн башка адамдардын баш тартуусу же бербөөсү

Бажы эрежелерин бузгандык үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан башка адамдардын Кыргыз Республикасынын бажы органынын белгиленген кызмат адамына, же анын тапшырмасы боюнча иштеген ревизорго же адиске ал белгиленген мөөнөттө өндүрүш жана ишти кароо үчүн зарыл болгон товарларды, документтерди, башка буюмзаттарды жана маалыматтарды берүүдөн баш тартуусу же бербөөсү, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — бештен он бешке чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

504-36-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына бажылык изилдөөнү жана башка процесстик аракеттерди жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу

Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына ушул Кодексте каралган бажылык изилдөөнү жана башка процесстик аракеттерди жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, эгерде мындай тоскоолдук кылуу кылмыш жоопкерчилигине же ушул Кодекстин башка статьяларына ылайык жоопкерчиликке алып келбесе, —

эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга — бештен он бешке чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жетимишке чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

505-статья. Кабыл алынган чечимге же жүргүзүлүп жаткан аракетке таасир көрсөтүү максатында мыйзамсыз аракеттенүү же кийлигишүү

Кыргыз Республикасынын бажы органы же анын адамы кабыл алган чечимге же ушул кызмат адамы тарабынан жүргүзүлүп жаткан аракетке таасир көрсөтүү максатында ишканалар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери тарабынан кандай формада болсо да мыйзамсыз аракеттенүү же кийлигишүү, ага тете эле юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзүүчү адамдардын жана жеке адамдардын ушундай аракеттенүүлөрү же кийлигишүүлөрү, —

эскертүү берүүгө же жарандарга — экиден онго чейинки, кызмат адамдарына — эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отузга чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

35-1-глава
Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарын администрациялык бузуулар

(Глава КР 2002-жылдын 22-июнундагы N 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык )

505-1-статья. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга администратор тарабынан так отчеттук маалыматтын берилбегендиги

Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга администратор банкроттук процессинин процедураларын жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, анын ичинде Мамлекеттик органдын талабы боюнча так отчеттук маалыматтын берилбегендиги же болбосо так эмес отчеттук маалымат берүү, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн 10дон 20га чейинки өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет.

505-2-статья. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын текшерүүсүнө тоскоолдук кылуу

Банкроттук иштер боюнча мамлекеттик органдын текшерүүсүнө администратор тарабынан тоскоолдук кылуу, ошондой эле талап кылынган документтерди берүүдөн баш тартуу, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн 10дон 20га чейинки өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет.

505-3-статья. Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамынын жоболорун бузуу

Администратор тарабынан Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамынын жоболорун бузгандык, же аткаруудан баш тарткандык, ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын милдеттүү тапшырмаларын өз убагында аткарбагандык, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн 10дон 50гө чейинки өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет.

505-4-статья. Банкроттук процесстин процедураларын ишке ашыруучу администратордун ишин лицензиясыз же лицензиялануучу иштин эрежелерин жана талаптарын бузуу менен жүргүзүү

Банкроттук процесстин процедураларын жүзөгө ашыруучу администратордун ишин лицензиясыз жүргүзүү, —

алынган кирешени мамлекеттик бюджетке алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн 10дон 50гө чейинки өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет.

Банкроттук процесстин процедураларын лицензиялануучу иштин талаптарын жана эрежелерин бузуу менен жүргүзүү, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн 10дон 50гө чейинки өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет.

505-5-статья. Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамынын талаптарын сактабастан карызкордун активдерин сатуу

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде банкроттук жөнүндө мыйзамынын талаптарын сактабастан карызкордун активдеринин администратор тарабынан сатылышы, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн 50дөн 100гө чейинки өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга же лицензиясынан ажыратууга (кайрып алууга) кириптер кылат.

505-6-статья. Банкроттук процессиндеги мыйзамга ылайыксыз иш-аракеттер

Мүлктү же мүлктүк милдеттенмелерди, мүлк тууралу маалыматтарды, анын өлчөмү, жайгашкан жери, болбосо мүлк жөнүндө башка маалыматтарды жашыруу, мүлктү башканын ээлигине өткөрүп берүү, ажыратуу же жок кылуу, ошондой эле экономикалык ишти чагылдыруучу бухгалтердик же башка эсеп документтерин жашыруу, жок кылуу, бурмалоо, эгерде бул иш-аракеттер банкрот учурунда же банкрот болоору алдын ала билингенде карызкор уюмдун жетекчиси, болбосо менчик ээси жеке ишкер, администратор тарабынан иштелсе, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн 20дан 50гө чейинки өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет.

505-7-статья. Карызкордун бухгалтердик жана башка документтеринин сакталышын жана өткөрүп берилишин камсыз кылбоо

Карызкордун башкаруу органдарынын бухгалтердик жана башка документтердин, мөөрлөрдүн жана штамптардын, материалдык жана башка баалуулуктардын сакталышын жана атайын администраторго өткөрүп берилишин камсыз кылбоо, —

эсептешүү көрсөткүчүнүн 5тен 15ке чейинки өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга алып келет.

505-8-статья. Карызкордун төлөө кудуретсиздигин атайылап эле түзүү же аны арттыруу, жеке таламдары же үчүнчү жактын таламдары боюнча карызкорго зыян келтирүү

Карызкордун төлөө кудуретсиздигин атайылап эле түзүү же аны арттыруу, жеке таламдары же үчүнчү жактын таламдары боюнча карызкорго зыян келтирүү, —

кызмат адамдарына жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык жазапул салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 19-февралындагы N 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

505-9-статья. Өз милдеттерин аткарууга администраторго тоскоолдук кылуу, болбосо администратордун мыйзамдуу талаптарын аткарбай коюу

Өз милдеттерин аткарууга администраторго тоскоолдук кылуу, болбосо администратордун мыйзамдуу талаптарын аткарбай коюу, —

жарандарга ондон жыйырмага чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө, кызмат адамдарына жыйырмадан элүүгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык жазапул салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттер администрациялык жаза колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайталанса, —

кызмат адамдарына жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык жазапул салууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 19-февралындагы N 42, 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

505-10-статья. Администратордун банкроттук жөнүндө мыйзамды бузууга жол бериши

Администратордун банкроттук жөнүндө мыйзамды бузууга жол бериши, —

кызмат адамдарына элүүдөн жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык жазапул салууга же үч жылдык мөөнөткө чейин иштин белгилүү түрүн жүргүзүүгө лицензиясынан (уруксатынан) ажыратууга алып келет.

(КР 2003-жылдын 19-февралындагы N 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-2-Глава
Гидрометеорологиялык иш жөнүндө мыйзамдар тармагындагы администрациялык укук бузуулар

(Глава КР 2008-жылдын 28-июлундагы N 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

505-11-статья. Табигый чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзгөн гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун сакталышын бузуу

Табигый чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзгөн гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун сакталышын бузуу, —

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн он бешке чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

505-12-статья. Табигый чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзгөн репердик гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун сакталышын бузуу

Табигый чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзгөн репердик гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун сакталышын бузуу, — кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмага чейинки

администрациялык айып салууга алып келет.

505-13-статья. Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун бардык түрлөрүнүн коргоо зоналарындагы ишти аткаруу тартибинин бузулушу

Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун бардык түрлөрүнүн коргоо зоналарындагы ишти аткаруу тартибинин бузулушу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн үчкө чейинки, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн — жыйырмага чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

505-14-статья. Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун бардык түрлөрүнүн бузулушу, жараксыз кылынышы, приборлорду жана жабдууларды талкалоо, уурдоо

Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун бардык түрлөрүн бузгандык, жараксыз кылгандык, ошол объектилердеги приборлорду жана жабдууларды бузгандык, уурдоо —

жарандарга — он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына — он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

505-15-статья. Шашылыш гидрометеорологиялык маалымат берүү тартибин бузуу

Шашылыш (штормдук) гидрометеорологиялык маалымат берүү тартибин бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн үчкө чейинки, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн — ондон жыйырмага чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

505-16-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу аба ырайы жөнүндө божомолду жана башка гидрометеорологиялык маалыматтык продукцияны берүүнү бузуу

Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу аба ырайы жөнүндө божомолду жана башка гидрометеорологиялык маалыматтык продукцияны берүүнү бузуу —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн үчкө чейинки, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн — ондон жыйырмага чейинки администрациялык айып салууга алып келет.

35-3-глава
Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга шек келтирген администрациялык укук бузуулар

(Глава КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

505-17-статья. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялорго (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузуу

Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын маалымат берүүчү жактар тарабынан ички көзөмөлдү уюштуруу жагында аткарылбоосу, же болбосо милдеттүү көзөмөлгө алынуучу акчалай каражаттар же башка мүлк менен болгон бүтүмдөр (операциялар) жөнүндө маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга атайылап бербей коюу же атайылап анык эмес маалыматты берүү —

кызмат адамдарына жана жарандарга — ондон жыйырмага чейинки, юридикалык жактарга — жүздөн эки жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттерди жыл ичинде кайталап жасоо —

жарандарга — жыйырма, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүүгө чейинки, юридикалык жактарга — эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга, же болбосо белгилүү бир иш-аракетти жүзөгө ашырууну соттун чечими менен токтото турууга, же болбосо белгилүү бир иш-аракеттин түрлөрү менен иш алып барууга лицензияны (уруксатты) алып коюуга алып келет.

35-4-глава
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын жарандык коргоо чөйрөсүндө администрациялык укук бузуулар

(Глава КР 2012-жылдын 10-декабрындагы N 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

505-18-статья. Өзгөчө кырдаалдар органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо

Өзгөчө кырдаалдар органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн — ондон жыйырма, кызмат адамдарына — жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

ПРОЦЕССУАЛДЫК БӨЛҮК

III БӨЛҮМ

36-глава
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар

506-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар (кызмат адамдары)

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер төмөндөгүлөр тарабынан каралат:

1) райондук, шаардык соттордун судьялары;

2) шаардык, райондук мамлекеттик администрациялардын администрациялык комиссиялары;

3) шаардык, райондук мамлекеттик администрациялардын жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиялары;

4) (КР 2012-жылдын 10-декабрындагы N 198 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) министрликтер, ведомстволор жана башка компетенциясына жараша башка мамлекеттик органдар;

6) аксакалдар соттору;

7) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары);

8) (КР 2012-жылдын 10-декабрындагы N 198 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9) шайлоо комиссиялары.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2002-жылдын 20-мартындагы N 42, 2005-жылдын 18-июлундагы N 107, 2011-жылдын 21-декабрындагы N 245,  2012-жылдын 1-мартындагы N 10, 2012-жылдын 10-декабрындагы N 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

507-статья. Кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде, кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда гана ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган администрациялык жаза чараларын бере алышат.

508-статья. Судьялар

Райондук, шаардык соттордун судьялары ушул Кодекстин 57-64, 66-68,  70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, 85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, 92-2, 93, 95, 102, 105, 117-1 — 117-5 140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151-157-статьяларында,  228-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 230-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 231-1-статьясында, 238-статьясынын биринчи-үчүнчү, бешинчи, сегизинчи, онунчу жана он биринчи бөлүктөрүндө, 241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 242-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 248-статьясында, 254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 264, 265, 271, 273, 277-статьяларында, 286-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 286-1-статьясында, 289-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-3-статьяларында,  302-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 305-статьясында, 308, 339-345, 346-1, 354, 363, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382-статьяларында, 390-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 391, 392-395-статьяларында, 400, 401-1, 401-2, 401-3, 404-406, 409-1,  409-2, 412-статьяларында, 417-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 420, 422, 422-1-422-4, 454, 464, 466-468, 476, 505-1-505-10-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт.

Аларды жасагандыгы үчүн администрациялык камакка алуу жана/же коомдук иштерге тартуу түрүндө жоопкерчиликтер каралган укук бузуулар райондук, шаардык соттордун судьялары тарабынан, ал эми өзгөчө же аскер абалдары шарттарында — ушул Кодекстин 38-статьясынын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан да каралат.

Ушул Кодекстин 503-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505, 505-17-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай администрациялык укук бузуу жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти орган же кызмат адамы судьянын кароосуна өткөрүп берген учурларда судьялар тарабынан каралат.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2003-жылдын 17-февралындагы N 36, 2003-жылдын 19-февралындагы N 42, 2003-жылдын 5-августундагы N 191, 2003-жылдын 5-августундагы N 192, 2004-жылдын 15-февралындагы N 13, 2004-жылдын 11-июнундагы N 71, 2005-жылдын 5-августундагы N 121, 2005-жылдын 5-августундагы N 122, 2006-жылдын 13-февралындагы N 53, 2007-жылдын 5-мартындагы N 31, 2007-жылдын 25-июнундагы N 91, 2007-жылдын 9-мартындагы N 33, 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 162, 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2008-жылдын 5-августундагы N 199, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 214, 2008-жылдын 17-декабрындагы N 264, 2009-жылдын 30-мартындагы N 117, 2009-жылдын 26-июнундагы N 194, 2009-жылдын 3-июлундагы N 202, 2009-жылдын 17-июлундагы N 234, 2011-жылдын 30-майындагы N 33, 2011-жылдын 22-июлундагы N 123, 2011-жылдын 12-декабрындагы N 233, 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240, 2012-жылдын 1-мартындагы N 10, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142, 2012-жылдын 10-августундагы N 164, 2013-жылдын 10-январындагы N 2, 2013-жылдын 13-февралындагы N 14, 2013-жылдын 25-февралындагы N 35, 2013-жылдын 24-июнундагы N 97, 2013-жылдын 24-июлундагы N 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

508-1-статья. Шайлоо комиссиялары

Шайлоо комиссиялары администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана ушул Кодекстин 49-56-статьяларында каралган администрациялык айыптарды салат.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

509-статья. Администрациялык комиссиялар

Райондук, шаардык, мамлекеттик администрациялардын администрациялык комиссиялары ушул Кодекстин 185 жана 186, 191-195-статьяларында, 251-статьянын экинчи бөлүгүндө, 372, 387, 388, 411, 435-439, 487, 488-497-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт.

(КР 2009-жылдын 17-декабрындагы N 308, 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

510-статья. Жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиялар

Жашы жетпегендердин иштери боюнча райондук, шаарлардагы райондук комиссиялар ушул Кодекстин 65-статьясында, 223-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 231-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 234-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 240-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 242-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 243-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 282-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 364-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 366-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө, 368-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 377-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2005-жылдын 5-августундагы N 121, 2008-жылдын 4-августундагы N 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

511-статья. Ички иштер органдары

Ички иштер органдары өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде төмөндөгү статьяларда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жазаларын көрөт:

ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары — ушул Кодекстин 92-1-статьясында, 213-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 216-219-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-227-статьяларында, 228-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 229-статьясында, 230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 231, 232-237-статьяларында, 238-статьясынын төртүнчү жана тогузунчу бөлүктөрүндө, 239- жана 240-статьяларында, 241-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 242-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 243-245, 246-1, 247, 249-статьяларында, 251-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө, 375, 376-статьяларында, 377-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 378-386, 389-статьяларында, 390-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 391, 391-1, 393, 410-статьяларында;

транспорттогу ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары — 85-1, 212, 216, 220-статьяларында, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө, 378, 410-статьяларында;

милициянын аймактык бөлүмдөрүнүн жана линиялык пункттарынын башчылары — 85-1, 216-статьяларында, 220-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 377, 384, 389, 410-статьяларында;

милициянын участоктук инспекторлору — 85-1, 247, 365-статьяларында, 366-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 384-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 396-статьясында;

жол кыймылы коопсуздугунун башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн (бөлүмчөлөрүнүн) башчылары жана алардын орун басарлары, ал эми ички иштер бөлүмүндө жол кыймылы коопсуздугунун бөлүмү жок болгондо — ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары — 173, 212-статьяларында, 213-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 216-219-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-227-статьяларында, 228-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 229-статьясында, 230-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 231, 232-237-статьяларында, 238-статьясынын төртүнчү жана тогузунчу бөлүктөрүндө, 239 жана 240-статьяларында, 241-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 242-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 243-245, 246-1, 247, 249-статьяларында, 251-статьясынын биринчи бөлүгүндө;

жол кыймылы коопсуздугунун башкармалыктарынын бөлүмдөрүнүн улук инспекторлору, жол кыймылы коопсуздугунун полкторунун, батальондорунун, роталарынын, бөлүмдөрүнүн командирлери жана алардын орун басарлары, улук мамавтоинспекторлору, взводдордун командирлери, администрациялык практиканын улук инспекторлору жана инспекторлору, жол көзөмөлүнүн улук инженерлери жана инженерлери, жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмдөрүнүн улук инспекторлору жана инспекторлору — 173, 212-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-статьясынын экинчи жана бешинчи бөлүктөрүндө, 225-227-статьяларында, 229-статьясында, 231-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 232, 233, 235-237-статьяларында, 239-статьясында, 245, 246-1, 247-статьяларында.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

511-1-статья. Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган

Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 91-3-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза-чараларды салууга баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппаратынын баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги жана баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыктарынын начальниктери укуктуу.

(КР 2011-жылдын 12-декабрындагы N 233 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

512-статья. Коргоо министрлигинин органдары

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин органдары ушул Кодекстин 423-431-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө райондук, шаардык аскер комиссариаттарынын аскер комиссарлары жана алардын орун басарлары укуктуу.

512-1-статья. Чек ара кызматынын органдары

Чек ара кызматынын органдары ушул Кодекстин 389, 389-1, 389-2, 389-3-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

Чек ара контролун жүргүзгөн учурда администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жазаларды берүүгө чек ара бөлүктөрүнүн, чек ара комендатураларынын командирлери, чек ара заставаларынын начальниктери, чек ара бөлүмдөрүнүн жана чек ара контролу бөлүмдөрүнүн начальниктери, чек ара наряддарынын смена начальниктери укуктуу.

(КР 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

512-2-статья. Өзгөчө кырдаалдар органдары

Өзгөчө кырдаалдар органдары ушул Кодекстин 505-18-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Өзгөчө кырдаалдар органдарынын областтардагы, Бишкек, Ош шаарларындагы башкармалыктарынын начальниктери администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык айыптарды салууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 10-декабрындагы N 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

513-статья. Юстиция органдары

Юстиция чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 395-статьясынын 1-пунктчасында, 402 жана 403-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

395-статьянын 1-пунктчасы, 402-статья менен — юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жана юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери;

403-статья менен — ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун укуктук экспертизасын жүзөгө ашыруучу борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 115, 2012-жылдын 10-августундагы N 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

514-статья. Саламаттык сактоо органдары

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо органдары ушул Кодекстин 85-1, 86-89, 90, 91, 94-статьяларында, 286-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 306, 410, 431-1, 431-2, 487, 487-2-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жазаларды салууга төмөндөгүлөр укуктуу:

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана лицензиялоо башкы башкармалыгынын начальниги;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин башкы директору;

— областтык бириккен ооруканалардын директорлору, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Саламаттык сактоо департаментинин директору;

— Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгери;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитария-эпидемиологиялык көзөмөлдүн башкы директору;

— областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгерлери;

— шаарлардын жана областтардын карамагындагы райондордун башкы мамлекеттик санитардык дарыгерлери.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2005-жылдын 18-июлундагы N 109, 2007-жылдын 1-мартындагы N 29, 2007-жылдын 5-мартындагы N 31, 2013-жылдын 9-июлундагы N 121 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

515-статья. Байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү органдар

Кыргыз Республикасында байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү органдар (Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агентствосу) ушул Кодекстин 266-270, 272, 274-276, 278-281-статьяларында, 282-статьянын биринчи бөлүгүндө, 283, 284-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

Электр жана почта байланышы жагында администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана Кыргыз Республикасында байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү органдын атынан администрациялык жаза чарасын көрүүгө:

— Кыргыз Республикасында байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү боюнча Башкы мамлекеттик инспектор (Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агентствосунун директору);

— Кыргыз Республикасында байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү боюнча улук мамлекеттик инспекторлор укуктуу.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

516-статья. Автомобиль транспортунун, электр транспортунун жана жол чарбасынын органдары

Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортунун, электр транспортунун жана жол чарбасынын органдары ушул Кодекстин 211-213, 215, 217,  222-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

— жүргүнчүлөрдү ташуучу шаардык, шаар аралык, эл аралык автомобиль транспортунун жана электр транспортунун контролдоочу-текшерүүчүлөрү;

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин башкы транспорттук инспектору жана анын орун басарлары;

— транспорттук инспекциянын областтык бөлүмдөрүнүн башчылары жана алардын орун басарлары;

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол-лицензиялоо кызматынын жетекчиси;

— автомобиль жолдорун башкаруучу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары;

— жол-лицензиялоо кызматынын жана транспорт инспекциясынын инспекторлору.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 31, 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

517-статья. Темир жол транспортунун органдары

Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунун органдары ушул Кодекстин 85-1, 211, 212, 215-статьяларында, 216-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 219-222, 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө:

— станциялардын, вокзалдардын, жүргүнчүлөр поезддеринин башчылары жана алардын орун басарлары;

— жүргүнчүлөр поездинин контролдоочу-текшерүүчүсү укуктуу.

(КР 2007-жылдын 5-мартындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

518-статья. Аба транспортунун органдары

Кыргыз Республикасынын аба транспортунун органдары ушул Кодекстин  85-1 211, 222, 252, 253-статьяларында, 254-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 255-258-статьяларында, 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

— аба транспорту департаментинин директору жана анын орун басары;

— аба транспорт департаментинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы;

— аэропорттордун башчылары жана алардын орун басарлары;

— учуу коопсуздугу кызматынын башчылары.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2007-жылдын 5-мартындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

518-1-статья. Суу транспортунун органдары

Кыргыз Республикасынын суу транспортунун органдары ушул Кодекстин 259-265-статьяларында каралган администрациялык укук бузуу жөнүндө иштерди карашат.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароого жана администрациялык жаза берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын суу транспортунун башкы инспектору жана анын орунбасары;

— кеме жүргүзүүчү инспекциясынын начальниги;

— чакан кемелер боюнча инспекциясынын начальниги.

(КР 2008-жылдын 24-апрелиндеги N 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

519-статья. Айыл жана суу чарба органдары

Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарба органдары ушул Кодекстин 118-123-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

— Кыргыз Республикасынын областтык айыл жана суу чарба башкармаларынын жетекчилери жана алардын орун басарлары;

— Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигинин райондук башкармаларынын жетекчилери жана алардын орун басарлары;

— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик суу инспекциясынын башчысы жана анын орун басарлары;

— Мамлекеттик суу инспекциясынын инспекторлору;

— суу чарбасынын бассейндик башкармаларынын жетекчилери жана алардын орун басары;

— райондук суу чарба башкармаларынын жетекчилери.

520-статья. Ветеринардык көзөмөл органдары

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл департаментинин органдары ушул Кодекстин 197-205, 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

— Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору жана анын орун басарлары;

— областтардын жана Бишкек шаарынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторлору;

— шаарлардын, райондордун мамлекеттик ветеринардык инспекторлору;

— чек аралык ветеринардык контролдук пункттардын башчылары (мамветинспекторлор);

— участоктук ветеринардык дарылоо жайларынын, ветеринардык участоктордун, транспорттук ветеринардык-санитардык участоктордун, базарлардагы ветеринардык-санитардык экспертизанын лабораторияларынын башчылары.

521-статья. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик кызмат органдары

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик кызмат органдары ушул Кодекстин 206-210, 421-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

— Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча башкы мамлекеттик инспектору жана анын орун басарлары;

— областтардын, Бишкек шаарынын башкы мамлекеттик инспекторлору жана алардын орун басарлары;

— шаарлардын жана райондордун мамлекеттик инспекторлору.

521-1-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция органдары

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция органдары ушул Кодекстин 187- жана 188-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык айып салууга төмөндөгүлөр укуктуу:

— өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик инспектору жана анын орун басарлары;

— өсүмдүктөрдүн карантини боюнча райондор аралык инспекциянын начальниги жана инспектору;

— өсүмдүктөрдүн карантини боюнча шаардык инспекциянын начальниги жана инспектору;

— өсүмдүктөрдүн карантини боюнча өткөрүү пунктунун начальниги жана инспектору.

(КР 2009-жылдын 17-декабрындагы N 308 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

522-статья. Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органдары

Кыргыз Республикасынын Башкы Мамлекеттик техникалык инспекциясынын органдары ушул Кодекстин: 185-статьясынын үчүнчү, төртүнчү бөлүктөрүндө, 186-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 189, 190, 223-226-статьяларында, 228-статьянын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 229, 231, 232-статьянын биринчи бөлүгүндө, 244, 249, 288, 292, 410-статьяларында, каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын колдонууга:

— Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик инженер-инспектору;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инженер-инспекторлору;

— областтардын, райондордун жана шаарлардын башкы мамлекеттик инженер-инспекторлору;

— областтардын, райондордун жана шаарлардын мамлекеттик инженер-инспекторлору укуктуу.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 редакциясына ылайык)

523-статья. Жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография боюнча Мамлекеттик агентствонун органдары

Кыргыз Республикасынын Жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография боюнча Мамлекеттик агентствосунун органдары ушул Кодекстин 101, 104, 106-117, 185-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

— Кыргыз Республикасынын Жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентствосунун директору;

— Кыргыз Республикасынын жерди пайдалануу жана коргоо боюнча башкы мамлекеттик инспектору;

— жерди пайдалануу жана коргоо боюнча улук инспекторлор;

— жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография боюнча областтык, райондук жана шаардык башкармалардын жетекчилери.

(КР 2005-жылдын 5-августундагы N 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

524-статья. Эмгек жана социалдык коргоо боюнча мамлекеттик инспекциянын органдары

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары ушул Кодекстин 69, 75, 76-79-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти карашат.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

— Кыргыз Республикасынын эмгек боюнча башкы мамлекеттик инспектору жана анын орун басарлары;

— эмгек боюнча областтык мамлекеттик инспекторлор жана анын орун басарлары;

— эмгек боюнча улук инспекторлор;

— эмгек боюнча инспекторлор.

(КР 2006-жылдын 13-февралындагы N 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

525-статья. Архитектура жана курулуш иштери боюнча органдар

Архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдар ушул Кодекстин 453, 455-463, 469, 471, 474, 475, 477, 479, 487-4-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө:

— республиканын башкы мамлекеттик инспектору — мамлекеттик башкаруу органынын жетекчиси;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш инспекторлору:

мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл органынын жетекчиси;

мамлекеттик лицензиялык тендер борборунун жетекчиси;

курулушту стандартташтыруу жана сертификациялоо боюнча республикалык борбордун жетекчиси;

долбоордук-сметалык документтерди мамлекеттик экспертизадан өткөрүүнүн жетекчиси;

архитектура жана шаар курулушу боюнча Кыргыз илим-изилдөө жана долбоорлоо институтунун директору;

Кыргыз курулуш илим-изилдөө долбоорлоо институтунун директору.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2008-жылдын 11-июнундагы N 115, 2009-жылдын 30-мартындагы N 117, 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240, 2013-жылдын 9-июлундагы N 121 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

526-статья. Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо органдары

Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо органдары ушул Кодекстин 88, 107, 122, 124-139, 141, 143-146, 150, 158-184, 196, 488, 489-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароого жана администрациялык айып салууга төмөнкүлөр укуктуу:

— Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик башкы инспектору, башкы токой инспектору жана анын орунбасарлары;

— айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоонун республикалык мамлекеттик органынын мамлекеттик улук инспекторлору;

— аймактык органдардын, Бишкек шаарынын, райондордун, мамлекеттик коруктардын айланачөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик башкы инспекторлору жана алардын орунбасарлары;

— айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоонун республикалык мамлекеттик органынын токой өстүрүү экотүзүмүнүн башкармалыгынын начальниги жана анын орунбасары;

— айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоонун республикалык мамлекеттик органынын аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги жана анын орунбасары;

— айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоонун республикалык мамлекеттик органынын токой өстүрүү экотүзүмүн, аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу башкармалыгынын башкы жана жетектөөчү адистери;

— Жалал-Абад зонасындагы жаңгак өстүрүү токой экотүзүмүн өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыгынын начальниги жана башкы токойчусу, аймактык аңчылык чарбасынын жана аңчылык көзөмөлүнүн начальниги жана орунбасары, токой чарбасынын жана башка мамлекеттик токойчарба ишканаларынын жана уюмдарынын деректирлери жана башкы токойчулары;

— Жалал-Абад зонасындагы жаңгак өстүрүү токой экотүзүмүн өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыгынын жана башка мамлекеттик токойчарба ишканаларынын жана уюмдарынын кайтаруу жана коргоо инженерлери, токойчулары, райондук аңчылар.

(КР 2008-жылдын 24-апрелиндеги N 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

527-статья. Геология жана минералдык ресурстар органдары

Кыргыз Республикасынын Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агентствосунун органдары ушул Кодекстин 97-101, 103, 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

— Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агентствонун алдындагы жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси жана анын орун басары;

— Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агентствонун алдындагы жер казынасын пайдалануу боюнча региондук органдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары.

528-статья. Улуттук статистикалык комитеттин органдары

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин органдары ушул Кодекстин 407-409-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

— Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы жана анын орун басары;

— областтык, шаардык, райондук статистика комитеттеринин жетекчилери.

529-статья. Токой чарбасы органдары

(КР 2008-жылдын 24-апрелиндеги N 64 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

530-статья. Социалдык фонддун органдары

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары ушул Кодекстин 81-84-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө Социалдык фонддун областтык, шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн башчылары укуктуу.

531-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын органдары

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын органдары ушул Кодекстин 357-362-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө Улуттук Банктын төрагасы жана анын орун басары укуктуу.

532-статья. Лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин, баалуу кагаздар рыногундагы иштерге контроль жүргүзүүчү орган

Лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин, баалуу кагаздар рыногундагы иштерге контроль жүргүзүүчү орган ушул Кодекстин 327-338-4-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө лотерея, камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчиси жана анын орун басары укуктуу.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

533-статья. Товарларды мамлекеттик сатып алуу, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдардын сакталышына контролдукту жүзөгө ашыруучу орган

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 413-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары укуктуу.

(КР 2012-жылдын 29-октябрындагы N 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

534-статья. Монополияга каршы мыйзамды, жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, бааларды (тарифтерди) белгилөөнүн жана колдонуунун тартиби жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу орган

(Статьянын аталышы КР 2011-жылдын 5-октябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы ушул Кодекстин 285-статьясында, 286-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 287-статьясында, 289-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 290-299-статьяларында, 302-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 303, 304-статьяларында, 306, 307-статьяларында, 309-326-1, 310-1, 317, 317-1, 321-1, 326-2 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө:

— монополияга каршы органдын жетекчиси, анын орун басарлары;

— монополияга каршы мамлекеттик органдын аймактык органдарынын жетекчилери, алардын орун басарлары.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2002-жылдын 20-мартындагы N 42, 2006-жылдын 6-февралындагы N 35, 2012-жылдын 25-июлундагы N 130, 2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

534-1-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары)

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) 90, 92, 93, 185, 285-статьянын биринчи бөлүгүндө, 286-288-статьяларында,  289-статьянын биринчи бөлүгүндө, 290-296, 298, 299, 301-303-статьяларында, 304-статьянын биринчи бөлүгүндө, 305-статьянын биринчи бөлүгүндө, 306, 307, 309, 310, 320, 326, 350, 448, 455, 456, 462, 467, 472,  487, 487-1, 487-3, 488-491, 494, 496-статьяларында каралган административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42, 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240, 2011-жылдын 21-декабрындагы N 245, 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 54, 2013-жылдын 9-июлундагы N 121 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

534-2-статья. Спирттин жана алкоголдук продукциянын өндүрүлүшүн, сакталышын жана сатылышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

(КР 2013-жылдын 20-февралындагы N 26 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

535-статья. Салык кызматы органдары

Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдары ушул Кодекстин 285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301-1, 301-2-статьяларында, 302-статьянын 1 жана 3-бөлүктөрүндө, 307, 310, 341, 346, 348-356, 408-1, 410, 410-1-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө салык органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары укуктуу.

Эскертүү. 286-статьянын 2-бөлүгүндө, 286-1, 300, 301-1, 301-2-статьяларда, 302-статьянын 1-бөлүгүндө, 307-статьяда, 341-статьянын 1-бөлүгүндө, 354-статьяда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо салык кызматы органдары айып жана (же) лицензиядан ажыратуу түрүндө администрациялык жаза чарасын көрүшөт. Администрациялык жаза чарасынын кошумча түрү (конфискация) ушул Кодекстин 37-статьясына ылайык салынат.

(КР 2013-жылдын 20-февралындагы N 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

536-статья. Мамлекеттик каражаттардын пайдаланылышына контроль жүргүзүүчү органдар

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Контролдук-текшерүү башкармасы ушул Кодекстин 347-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Контролдук-текшерүү башкармасынын атынан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине жана башкы бухгалтерлерине айып салуу жөнүндө сунуш киргизүүгө:

— Эсеп палатасынын аудиторлору;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Контролдук-текшерүү башкармасынын жана ага караштуу органдардын кызмат адамдары укуктуу.

Айыптарды салуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын заседаниесинде бекитилет жана ага Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы кол коет. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Контролдук-текшерүү башкармасынын директору, анын орун басарлары, контролдук-текшерүү башкармасынын аймактык органдарынын жетекчилери айып салуу жөнүндө чечимди бекитет.

537-статья. Пробирдик көзөмөл жүргүзүүчү Мамлекеттик инспекциянын органдары

Кыргыз Республикасынын пробирдик көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик инспекциясынын органдары ушул Кодекстин 376, 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө:

— Кыргыз Республикасынын нактыгын көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик инспекциясынын башчысы;

— Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар башкармасынын башчысы укуктуу.

538-статья. Мамлекеттик энергетикалык көзөмөл жүргүзүүчү органдар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Энергетика боюнча мамлекеттик агентство ушул Кодекстин 432-434, 440-451-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Мамлекеттик инспекциянын атынан администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чара көрүүгө:

— Мамэнергоинспекциянын директору жана анын орун басары;

— Мамэнергоинспекциянын областтык бөлүмдөрүнүн жана Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн жетекчилери жана орун басарлары укуктуу.

539-статья. Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын органдары

Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын органдары ушул Кодекстин 85-1,  396-399, 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароого жана администрациялык жазаларды салууга төмөндөгүлөр укуктуу:

— өрт көзөмөлү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы инспектору жана анын орун басарлары;

— өрт көзөмөлү боюнча Кыргыз Республикасынын, областтардын, шаарлардын жана райондордун мамлекеттик улук инспекторлору;

— өрт көзөмөлү боюнча шаарлардын, райондордун жана объекттердин мамлекеттик инспекторлору.

(КР 2005-жылдын 18-июлундагы N 107, 2007-жылдын 5-мартындагы N 31, 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

540-статья. Стандартташтыруу жана метрология боюнча Мамлекеттик инспекциянын органдары

Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология боюнча Мамлекеттик инспекциясынын органдары ушул Кодекстин 85-1-статьясында,  289-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 290, 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө:

— Кыргыз Республикасынын Стандарттарды жана ченөөлөрдүн бирдейлигин көзөмөлдөөчү башкы мамлекеттик инспектор жана анын орун басары;

— аймактык органдардын стандарттарды жана ченөөлөрдүн бирдейлигин көзөмөлдөөчү Башкы мамлекеттик инспекторлору жана алардын орун басарлары укуктуу.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2007-жылдын 5-мартындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

541-статья. Өнөржай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик орган

Өнөржай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы ушул Кодекстин 69, 79-статьяларында, 100-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 383, 410, 419, 419-1-статьяларында, каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

өнөржай коопсуздугу боюнча башкы мамлекеттик инспектор жана анын орун басары;

тармактык башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн башчылары;

мамлекеттик инспекторлор.

(КР 2008-жылдын 11-июнундагы N 115, 2009-жылдын 30-мартындагы N 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

542-статья. Билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциянын органдары

Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин билим берүүчү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциянын органдары ушул Кодекстин 417-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы жана анын орун басары укуктуу.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

543-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелеринин органдары

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелеринин органдары ушул Кодекстин 415 жана 416-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү ишти кароого жана администрациялык жаза берүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

— архив иштерин башкаруунун республикалык органынын жетекчиси жана анын орун басары;

— архивдерди башкаруунун мамлекеттик аймактык органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары.

(КР 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

544-статья. Кыргыз Республикасынын Китеп палатасынын органдары

Кыргыз Республикасынын Китеп палатасынын органдары ушул Кодекстин 414-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

Архив иштери боюнча департаменттин атынан администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө Кыргыз Республикасынын Китеп палатасынын контролдогу, милдеттүү нуска бөлүмүнүн башчысы укуктуу.

545-статья. Мамлекеттик бажы кызматынан органдары

Кыргыз Республикасынын Бажы органы ушул Кодекстин, эгерде администрациялык укук бузууну жасоонун куралдары же түздөн-түз объекттери болгон предметтерди конфискациялоо колдонулбаса, 498-505-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө өндүрүштү жүргүзүүгө, ишти кароого жана администрациялык жаза берүүгө бажы органдарынын жетекчилери жана анын орун басарлары укуктуу.

(КР 2004-жылдын 11-июнундагы N 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

546-статья. Аксакалдар соттору

Аксакалдар соттору ушул Кодекстин 185-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 203-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 366-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 367-статьясында, 368-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чарасын көрөт.

546-1-статья. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган

Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган ушул Кодекстин 35-главасында каралган администрациялык мыйзам бузуулар жөнүндө иштерди ушул Кодексте белгиленген тартипте карайт.

Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган администрациялык мыйзам бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт жана администрациялык жазаларды колдонот.

(КР 2002-жылдын 22-июнундагы N 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

546-2-статья. Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын органдары

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын органдары ушул Кодекстин 35-2-главасында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жазаларды берүүгө Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыктын начальниги укуктуу.

(КР 2008-жылдын 28-июлундагы N 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

546-3-статья. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

1. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул кодекстин 505-17-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

2. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карап чыгууга жана администрациялык жаза колдонууга органдын жетекчиси жана анын орунбасарлары укуктуу.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV БӨЛҮМ

37-глава
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш

547-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн милдеттери

Ар бир иштин жагдайларын өз убагында, ар тараптан, толук жана калыс тактоо, чыгарылган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле администрациялык укук бузууну жасоого көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды табуу, укук бузуулардын алдын алуу, жарандарды мыйзамдарды сактоо духунда тарбиялоо, мыйзамдуулукту чыңдоо администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн милдеттери болуп саналат.

547-1-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоо

1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоого төмөнкүлөр себеп болуп саналат:

1) администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү жетиштүү маалыматтарды администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу адамдар түздөн-түз тапканда;

2) администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган, укук коргоо органдарынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден келип түшкөн материалдар;

3) администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган, жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарындагы билдирүүлөр;

4) автоматтык тартипте иштеп жаткан, фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары, же фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу каражаттары бар атайын техникалык жабдуулар жол кыймылы жагында администрациялык укук бузууну каттаганда;

5) ушул пункттун 4-пунктчасында каралган учурларда, транспорт каражаты башка адамдын ээлигинде же пайдалануусунда турганы жөнүндө, транспорт каражатынын менчик ээсинин (ээсинин) билдирүүсүндө же арызында камтылган маалыматтар бышыкталганда.

2. Администрациялык укук бузуу тууралуу иш, ушул статьянын 1-пунктунда каралган себептердин бири жана администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү жетиштүү маалыматтар болгондо, администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан козголушу мүмкүн.

3. Төмөнкү учурлардан тартып администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш козголгон болуп эсептелет:

1) администрациялык укук бузуу жасалган ордун кароо протоколу түзүлгөн;

2) администрациялык укук бузуу иши боюнча өндүрүштү камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө биринчи протокол түзүлгөн;

3) администрациялык укук бузуу тууралуу протокол түзүлгөн же прокурор тарабынан администрациялык укук бузуу ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарылган;

4) администрациялык тергөө жүргүзүү зарыл болгондо, администрациялык укук бузуу ишин козгоо жөнүндө аныктама чыгарылган;

5) ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган учурда, администрациялык укук бузуу иши боюнча токтом чыгарылган.

4. Ушул статьянын 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн материалдар, билдирүүлөр, арыздар болгондо, администрациялык укук бузуу тууралуу иш козгоодон баш тартылган учурда, көрсөтүлгөн материалдарды, билдирүүлөрдү, арыздарды караган кызмат адамы тарабынан администрациялык укук бузуу тууралуу иш козгоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат.

(КР 2011-жылдын 8-августундагы N 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

548-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүү

Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш жана аларды кароо ушул Кодекске ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген соттор (судьялар), органдар (кызмат адамдары) тарабынан жүргүзүлөт.

Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн же администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу адам администрациялык жактан кармалган учурдан тартып администрациялык укук бузуу жөнүндө иш ачылды, ал эми ал боюнча иш башталды деп эсептелинет.

548-1-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү токтото туруунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү бүткөрүүгө тоскоолдук кылуучу төмөндөгүдөй негиздердин бири болгондо токтотулуп турат:

1) администрациялык жоопкерчиликке тартууга тиешелүү адамдын турган жери аныкталбаганда;

2) администрациялык жоонкерчиликке тартууга тиешелүү адам психикалык же дагы башка оор илдетке чалдыкканда;

3) администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү аяктоого зарыл маалыматтарды жана так билдирмелерди алуунун мөөнөттөрүнө таасир этүүчү жагдайларда.

Иш боюнча өндүрүштү токтото туруу тууралу ыйгарым укуктуу кызмат адамы токтом чыгарат;

Администрациялык укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү токтото турууга чейин ыйгарым укуктуу кызмат адамы администрациялык жоопкерчиликке тартылууга тийиш адам жок учурда өндүрүштү жүзөгө ашырса боло турган бардык процесстик иш-аракетти аткарууга милдеттүү.

Иш боюнча өндүрүш токтотулуп тургандан кийин ыйгарым укуктуу кызмат адамы табуу, ошол эле учурда администрациялык укукту бузган адамды билүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү, ал эми зарылчылык туулса, процесстик иш-аракетти жүргүзө алат.

(КР 2004-жылдын 11-июнундагы N 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

548-2-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтотулган өндүрүштү улантуу

Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтотулуп турган өндүрүш токтото турууга себеп болчу негиздер болбой калгандан кийин ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын токтому менен улантылат;

Иш боюнча токтотулуп турган өндүрүш, ошондой эле иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жөнүндө кызмат адамынын токтому четке кагылганына байланыштуу жогору турган ыйгарым укуктуу органдын токтому менен улантылышы мүмкүн;

Иш боюнча өндүрүштүн улантылышы администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирилет.

(КР 2004-жылдын 11-июнундагы N 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

549-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар

Төмөнкү жагдайларда администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш башталышы мүмкүн эмес, ал эми башталган иш кыскартылууга тийиш:

1) администрациялык укук бузуу окуясы жок болгондо;

2) администрациялык укук бузуунун курамы жок болгондо;

3) администрациялык укук бузуу жасаган учурда адам 16 жаш курагына толбогондо;

4) укукка каршы аракет же аракетсиздик жасаган адам акыл-эсинде болбогондо;

5) адам зарурат же зарыл коргонуу абалында аракеттенгенде;

6) эгерде ал администрациялык жаза чараны колдонууну жокко чыгарса, мунапыс берүү актысы чыгарылганда;

7) администрациялык жоопкерчилик белгилеген акт жокко чыгарылганда;

8) администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароонун учуруна карата ушул Кодекстин 46-статьясында каралган эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенде;

9) администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамга карата ошол эле факт боюнча соттун (судьянын), органдын (кызмат адамынын) администрациялык жаза чара көрүү жөнүндө токтому, же болбосо администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти токтотуу тууралу жокко чыгарылбаган токтом болгондо;

10) ага карата иш боюнча өндүрүш башталган жана жүргүзүлүп жаткан адам каза болгондо.

11) Администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган белгилүү бир жеке адамга карата ошол эле факт боюнча жазык иши болгондо.

(КР 2004-жылдын 11-июнундагы N 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

550-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти жарандардын теңдигинин башталыштарында кароо

Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштерди кароо мыйзамдын жана ишти караган органдын алдында ата тегине, социалдык жана мүлктүк абалына, расалык жана улуттук таандыгына, жынысына, билимине, тилине, динге жасаган мамилесине, иштеген ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, жашаган жерине жана башка жагдайларына карабастан бардык жарандардын теңдигинин башталыштарында жүзөгө ашырылат.

551-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштерди кароонун ачыктыгы

Качан гана бул мамлекеттик, аскердик, коммерциялык же мыйзам менен кайтарылуучу башка сырды жарыя кылууга алып келиши мүмкүн болгон, ага тете бул администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө катышып жаткан адамдардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, алардын жакындарынын коопсуздугун камсыз кылуу таламдарын, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоону талап кылган учурларды кошпогондо, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш ачык каралат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти жабык кароо тууралуу чечим ишти карап жаткан судья, орган, кызмат адамы тарабынан аныктама түрүндө чыгарылат.

Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн тарбиялык жана алдын алуучулук ролун жогорулатуу максатында, иштер тике укук бузуучунун иштеген, окуган же жашаган жеринде каралышы мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

552-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүүчү тил

Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш мамлекеттик, расмий тилде жүргүзүлөт.

Өндүрүш жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген, ишке катышып жаткан адамдарга эне тилинде билдирүүлөрдү жасоо, көрсөтүүлөрдү берүү, өтүнүчтөрдү билдирүү, иштин бардык материалдары менен таанышуу, администрациялык өндүрүштө чыгып сүйлөө жана ушул Кодекс тарабынан белгиленген тартипте тилмечтин кызматтарынан пайдалануу укугу камсыз кылынат.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

553-статья. Далилдер

Ушул Кодекс тарабынан белгиленген тартипте алардын негизинде иш жүзүндөгү ар кандай маалыматтар администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча далилдер болуп саналат, иш анын өндүрүшүндө болгон судья, же орган (кызмат адамы) администрациялык укук бузуунун окуясы бар же жок экендигин, администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу жеке жактын күнөөлүүлүгүн, ошондой эле ишти туура чечүү үчүн мааниси бар башка жагдайларды белгилейт.

Бул маалыматтар администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол, ушул Кодексте каралган башка протоколдор, администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу адамдын түшүндүрмөлөрү, жабырлануучунун, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттардын жана шаймандардын көрсөтүүлөрү, адистин түшүндүрмөсү, экспертизанын корутундусу, башка документтер, буюм далилдери менен белгиленет.

Администрациялык укук бузуулар тууралуу материалдарды кароодо тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттардын жана шаймандардын маалыматтары далил катары пайдаланылышы мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 8-августундагы N 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

553-1-статья. Буюм далилдери

Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча буюмдук далилдер катары ушундай укук бузуунун тике объектиси болуп эсептелген буюмдар, документтер, акча жана баалуулуктар, транспорт каражаттары өзүндө укук бузуунун изин сактаган же укук бузууну табууга жана укук бузууну жасаган адамдарды билүүгө каражат катары кызмат кыла алчу дагы башка буюмзаттар, ошондой эле, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн декларацияларды кошпогондо, иш жүзүндөгү иштин жагдайын аныктоо эсептелет.

Буюм далилдин белгилери бар буюмзатка ээлик кылган ар кандай адам мындай буюмзатты Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамына көрсөтүүгө милдеттүү.

Буюм далилдер администрациялык укук бузуу жөнүндө ишке кошулат. Алар администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдордо, алып коюу, иликтөө өндүрүшү же дагы башка протоколдордо толук сыпатталып жазылышы керек. Зарылчылык туулса, буюм далилдер башка техникалык каражаттардын жардамы менен сүрөткө тартылып алынып же катталып коюлушу мүмкүн, мүмкүндүгүнө жараша мөөр басылып, бекитип коюлушу керек.

Өндүрүшүндө же кароосунда администрациялык укук бузуу жөнүндө иш турган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы иш биротоло чечилгенге чейин буюмдук далилдердин сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

Буюм далиддерди сактоонун тартиби жана мөөнөттөрү — ушул Кодекс, ал эми аны менен жөнгө салынбаган жагы — Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

Эгерде көлөмүнүн чоңдугуна же дагы башка себептер боюнча буюм далилдерин ишке кошууга мүмкүн эмес болсо, өндүрүшүндө же кароосунда ушул иш турган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан ошол буюмзаттар турган жер жөнүндө маалым кат түзүлөт да ишке тиркелет.

Соттун жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын токтомунда буюм далилдери жөнүндө чечим болушу керек, мында:

1) укук бузуучуга тиешелүү укук бузган курал конфискацияланууга тийиш;

2) жүгүртүүгө тыюу салынган буюмдар берилбейт жана тиешелүү уюмдарга өткөрүп берилүүгө же жок кылынууга тийиш;

3) эч кандай баалуулугу жок, колдонууга жараксыз бумдар жок кылынууга тийиш, ал эми таламдаш жактардын же уюмдардын расмий өтүнүчү болгон учурларда аларга берилет;

4) укук бузуунун натыйжасында табылган акча, дагы башка баалуулуктар соттун чечими боюнча, укук бузуучунун өлгөндүгүнө же анын жоопкерчиликке жараксыз деп табылганына байланыштуу иш токтотулган учурда тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын токтому менен мамлекеттин кирешесине киргизилүүгө тийиш, калган буюмдар мыйзамдуу ээлерине берилет, ал эми мыйзамдуу ээлери ким экенин аныктоого мүмкүн болбогон учурда мамлекеттин менчигине өтөт. Буюмдардын кайсы жакка таандык экендиги жөнүндөгү талаш-тартыш жарандык сот өндүрүшү тартибинде чечилүүгө тийиш;

5) буюм далилдери катары эсептелгеы документтер ошол документтер сакталган бардык мөөнөт ичинде козголгон иштин курамында турат же тиешелүү уюмдарга же жарандарга өткөрүп берилет.

Айрым учурларда, эгер ушул Кодекске ылайык буюм далилдер конфискацияланууга тийиш эмес болсо, бул ишти чечүүгө зыянын тийгизбесе, кимден алынса, ошол адамга кайтарылып берилсе болот.

Тез бузулуп кете турган буюмдук далилдер каралып чыккандан кийин кимге тиешелүү болсо ошол адамга же керегине жараша пайдалануу үчүн тиешелүү ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга өткөрүп берилет. Мындай буюмзаттарды сатуудан түшкөн наркты кайтарып берүү жөнүндөгү маселе иш боюнча кабыл алынган чечимге ылайык чечилет.

Ишти андан ары жүргүзүү же кароо үчүн башка мамлекеттик органга же сотко өткөрүп бергенде, ушул статьянын алтынчы жана тогузунчу бөлүктөрүндө каралгандан башка учурларда, буюм далилдери ошол иш менен бирге жөнөтүлөт.

(КР 2004-жылдын 11-июнундагы N 71, 2010-жылдын 25-февралындагы N 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

553-2-статья. Атайын техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү

1. Ушул Кодекстин статьяларында тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттар жана шаймандар дегенде, метрологиялык текшерүүдөн өткөн техникалык каражаттарды жана укук бузууларды байкоочу жана каттоочу шаймандарды, укук бузууну жасоо фактысын жана убактысын, транспорт каражатынын түрүн, үлгүсүн, мамлекеттик каттоодогу номурдук белгисин жана кыймылынын багытын каттоочу фото-, көрмө аппаратураны түшүнүү керек.

2. Атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү администрациялык укук бузуу тууралуу протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган учурда чыгарылуучу администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтомдо чагылдырылат.

(КР 2011-жылдын 8-августундагы N 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

553-3-статья. Укук бузуу атайын техникалык каражаттарда катталганда администрациялык жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү

1. Администрациялык укук бузуу тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттарда жана шаймандарда катталган учурда, жол кыймылы жагындагы администрациялык укук бузуу үчүн администрациялык жоопкерчиликке транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлик кылуучулары) тартылат.

2. Эгерде анын билдирүүсү же арызы боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө, укук бузуу катталган учурда, ал ээлигинде турган адам, же ал башка адамдардын укукка каршы аракеттеринин натыйжасында анын ээлигинен чыгып кеткени аныкталса, транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучусу) бул транспорт каражатынын катышуусу менен жасалган администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчилигинен бошотулат.

(Эскертүү КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2011-жылдын 8-августундагы N 151, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

554-статья. Далилге баа берүү

Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу сот (судья), же орган (кызмат адамы) иштин бардык жагдайларын жана алардын жыйындысын ар тараптуу, толук жана калыс изилдөөгө негизденип, өзүнүн ички ынанымы боюнча далилдерге баа берет. Далилдердин эч бири алдын ала белгиленген күчкө ээ эмес.

554-1-статья. Буюмдарга жана документтерге баа берүү

Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы, эгерде мындай буюмзаттарга тиешелүү баалар коюлган болсо, мамлекеттик жөнгө салынуучу баалардын негизинде ушул Кодекстин талаптарына ылайык алып коюлган буюмдарга жана документтерге, дагы башка буюмзаттарга баа коюуну жүргүзөт, ал эми башка учурларда баа коюу эркин (базар) баалардын негизинде аткарылат. Көрсөтүлгөн тартипте баа коюу жүргүзүүгө мүмкүн болбогон учурда ал эксперттин корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.

Чет өлкө валютасын Кыргыз Республикасынын валютасы боюнча эсептөөнү укук бузуу билинген күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жүргүзөт.

(КР 2004-жылдын 11-июнундагы N 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

555-статья. Материалдарды прокурорго, тергөө же териштирүү органына өткөрүп берүү

Эгерде администрациялык ишти кароодо сот (судья), орган (кызмат адамы) укук бузууда жазык кылмышынын белгилери камтылган деген тыянакка келсе, ал материалдарды прокурорго, текшерүү же тергөө органына өткөрүп берет.

(КР 2012-жылдын 8-майындагы N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

38-глава
Укук бузууларды процессуалдык тариздөө

556-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол

Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол андайга ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан түзүлөт. Протокол ушул Кодекстин 559-статьясы тарабынан каралган учурларда түзүлбөйт.

556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары

1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары:

прокуратура органдары (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59,  61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1-статьялар, 400, 400-3, 404,  406, 409-1-статьялар);

ички иштер органдары (66-3, 66-4, 66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, 66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 157, 231-1, 345, 354, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, 392, 393, 422-статьялар);

(төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 1-мартындагы N10 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

мамлекеттик каражаттарды пайдаланууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (60-статья);

балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар (65, 66, 66-1, 66-3-статьялар);

дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (61, 395-статьялар);

мамлекеттик эмгек инспекцияларынын жана аларга баш ийген мамлекеттик инспекциялардын органдары (68, 70, 71, 72, 73, 74, 79-статьялар);

миграция жана ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (80-статья);

социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары (80-статья);

саламаттыкты сактоо органдары (85, 85-1, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, 286-статьялар);

стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (92-статьянын экинчи бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 412-статья);

геология жана минералдык ресурстар органдары (102-статья);

айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба органдары (140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157-статьялар);

мамлекеттик бажы кызматынын органдары (147, 153-статьялар, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, 503, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьялар);

мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары (228, 232, 234-статьялар, 235-статьянын экинчи бөлүгү, 238-статья, 240-статьянын экинчи бөлүгү, 241, 242, 248, 250-статьялар);

автомобиль транспорт, электр транспорт жана жол чарба органдары (230-статья);

аба транспортунун органдары (254-статья);

суу транспортунун органдары (264, 265-статьялар);

байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү органдары (271, 273, 277-статьялар);

(жыйырма биринчи абзацы КР 2013-жылдын 20-февралындагы N 26 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органы (286-статья);

салык кызматы органдары (285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-3, 302, 307, 308, 310, 340, 341, 346-1, 354, 405, 408-1, 410, 410-1-статьялар);

ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары (404-статья);

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (342-345-статьялар);

маданият жаатындагы ыйгарым укук берилген орган (305-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 117-1 — 117-5, 344-статьялар);

Улуттук банк (363-статья);

(Жыйырма сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

мамлекеттик өрткө каршы кызматынын органдары 371-статья;

юстиция органдары (394-статья);

улуттук коопсуздук органдары (390-статьянын экинчи бөлүгү, 393, 409-2, 409-3-статьялар);

финансы полициясынын органдары (305-статьянын биринчи-үчүнчү бөлүктөрү, 339-341, 400-1-статьялар);

билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (417-статья);

архитектура жана курулуш иштери боюнча органдар (117-1 — 117-3, 454, 476-статьялар);

банкроттук жөнүндө иштер боюнча органдар (505-1, 505-2, 505-3, 505-4, 505-5, 505-6, 505-7, 505-8, 505-9, 505-10-статьялар);

терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары (505-17-статья);

2) ушул статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында каралган учурлардан тышкары, ушул Кодекстин 354-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын мекемелеринин, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык органдарынын, ошондой эле тиешелүү органдардын компетенцияларынын чектеринде ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоону жана лицензиялардын шарттарын сактоо үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары укуктуу;

3) ушул Кодекстин 420 жана 422-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот аткаруучулары, сот приставдары жана соттун төрагасы же соттун жыйналышына төрагалык кылуучу тарабынан ыйгарым укук берилген башка сот кызматкерлери укуктуу.

2. Ушул Кодекстин 509 — 546-3-статьяларында көрсөтүлгөн органдардын кароосуна өткөрүлүп берилген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу.

3. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укугу бар кызмат адамдарынын тизмеги мыйзамдарда көрсөтүлгөн органдарга жүктөлгөн милдеттер менен иш-милдеттерге ылайык мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына жараша белгиленет.

(КР 2009-жылдын 3-июлундагы N 202, 2011-жылдын 30-майындагы N 33, 2011-жылдын 22-июлундагы N 123, 2011-жылдын 16-декабрындагы N 240, 2012-жылдын 1-мартындагы N 10, 2012-жылдын 16-июлундагы N 111, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142, 2012-жылдын 10-августундагы N 164, 2013-жылдын 13-февралындагы N 14, 2013-жылдын 25-февралындагы N 35, 2013-жылдын 24-июнундагы N 97, 2013-жылдын 24-июлундагы N 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

557-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдун мазмуну

Администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдо төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: протокол түзүлгөн дата жана жер, протоколду түзгөндүн кызмат орду, кызматтык күбөлүгүнүн номери, фамилиясы, аты, атасынын аты; эгерде ал аныкталса, укук бузуучунун ким экендиги жөнүндө маалыматтар, бузулган жер жана анын убактысы, администрациялык укукту кайсы жак бузгандыгы, ушул Кодекстин 567-статья- сынын негизинде алып коюлган товарлар жана транспорт каражаттары, дагы башка буюмзаттар жөнүндө маалыматтар, ошол укук бузууга жоопкерчиликти караган нормативдик акт, эгерде алардын түшүндүрмөсү болсо, күбөлөрдүн жана жабыркагандардын, укук бузуучунун дареги, ишти чечүүгө зарыл дагы башка маалыматтар.

Протоколго администрациялык укук бузган адам, эгерде ал аныкталса жана аны түзгөн адам кол коет, күбөлөр жана жабырлануучулар болгондо протоколго ал адамдар да кол коюшу мүмкүн. Укук бузган адам протоколго кол коюудан баш тарткан учурда ага бул жөнүндө жазуу жазылат.

Укук бузган адам протоколго тиркелүүчү түшүндүрмөлөрдү жана протоколдун мазмуну боюнча сын-пикирлерди берүүгө, ошондой эле өзүнүн ага кол коюудан баш тартуусунун жүйөөсүн баяндоого укуктуу.

Протоколду түзүүдө укук бузуучуга анын ушул Кодекстин 570-статьясы тарабынан каралган укуктары жана милдеттери түшүндүрүлүп, бул жөнүндө протоколго белги коюлат.

Протоколдун көчүрмөсү тилкат аркылуу алынып берилет же администрациялык укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адамга жөнөтүлөт.

(КР 2004-жылдын 11-июнундагы N 71, 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

558-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоо тууралу прокурордун токтомун жиберүү

1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоо тууралу прокурордун токтому администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароого ыйгарым укук берилген сотко (судьяга), же органга (кызмат адамына) администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан тартып, бир сутканын ичинде жиберилет.

2. Аны жасоо администрациялык камоого алып келген администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоо тууралу прокурордун токтому ал түзүлгөндөн кийин токтоосуз сотко (судьяга) кароого берилет.

3. Протокол туура эмес түзүлгөндө жана иштин материалдары туура эмес таризделгенде, ошондой эле ушул Кодекстин 581-статьясынын 3-пунктунда каралган башка учурларда, протоколдун жана иштин башка материалдарынын кемчиликтери администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти карап жаткан соттон (судьядан), органдан (кызмат адамынан) аларды алган күндөн тартып үч суткадан ашпаган мөөнөттө четтетилет.

4. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол жана иштин башка материалдары ушул статьянын үчүнчү пункту тарабынан каралган учурларда кайтарылып берилбегенде, алар администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти карап жаткан сотко (судьяга), органга (кызмат адамына) протоколдун жана иштин башка материалдарынын кемчиликтери четтетилген күндөн тартып бир сутканын ичинде кайрадан жиберилет.

559-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөөчү учурлар

1. Эскертүү же эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпаган администрациялык айып түрүндөгү администрациялык жаза чара көрүүгө алып келүүчү администрациялык укук бузуулар жасалганда администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөйт, ал эми эскертүү же болбосо айып администрациялык укук бузуу жасалган жерде андайга ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан таризделет же болбосо айып салынат жана алынат.

2. Ага карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча турган жеринде айып төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок же болбосо өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адам ушул статьянын 1-пункту тарабынан белгиленген тартипте ага салынган жаза чарасына макул болбосо, ушул Кодекстин 556-статьясына ылайык администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлөт.

3. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен укук бузуулар табылган жана белгиленген учурларда, администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөйт, ал эми администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон адам катышпастан, ага карата администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтом чыгарылат жана ушул Кодекстин 589-статьясында каралган тартипте жол-жоболоштурулат.

Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган материалдарды тиркөө менен электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулат, анын юридикалык күчү администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча материалдарды кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук санарип колтамгасы менен тастыкталат.

Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом жана фотожана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдар электрондук документти кагаз түрүндөгү документке которуу аркылуу даярдалат. Бул токтомдун көчүрмөсү аталган токтом чыгарылган күндөн тартып үч күндүн ичинде почта аркылуу, заказ почта жөнөтүүсү менен администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон адамга жиберилет.

(КР 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2011-жылдын 8-августундагы N 151, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

560-статья. Укук бузуучуну алып келүү

Укук бузуучуну алып келүү — эгерде протокол түзүү милдеттүү болуп саналса, аны ордунда түзүү мүмкүн болбогондо, башкача айтканда, администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү максатында адамды мажбурлап коштоп келүү. Алып келүү ички иштер органына (милицияга) же башка кызматтык жайга мыйзамдарды сактоону көзөмөлдөө же контролдоо жүктөлгөн адамдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Алып келүү кыска мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.

Алып келүү жөнүндө администрациялык укук бузуу же администрациялык кармоо жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.

561-статья. Айдап келүү

Аларга карата иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жакты же болбосо юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлүн, администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу жашы жетпегендин мыйзамдуу өкүлүн айдап келүү ушул Кодекстин 586-статьясынын 1-пунктунун бешинчи пунктчасында каралган учурларда жүргүзүлөт.

Айдап келүү ички иштер органы (милиция) тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгилеген тартипте администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти карап жаткан кызмат адамынын аныктамасынын негизинде жүргүзүлөт.

39-глава
Администрациялык кармоо, кармалган адамды карап чыгуу, буюмдарды карап чыгуу, буюмдарды жана документтерди алып коюу

562-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу чаралары

1. Администрациялык укук бузуу жасалган жерде аны түзүү мүмкүн болбогондо администрациялык укук бузууга бөгөт коюу, аны бузду деп шек саналгандын инсанын тактоо, администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү, ишти өз убагында жана туура кароону камсыз кылуу жана иш боюнча кабыл алынган токтомду аткаруу максатында ыйгарым укук берилген кызмат адамы өз ыйгарым укуктарынын чегинде администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун төмөнкү чараларын көрүүгө укуктуу:

1) укук бузуучуну администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн жерге алып келүүгө;

2) жеке жакты администрациялык кармоого;

3) айдап келүүгө;

4) жеке карап чыгууга жана транспорт каражатын, чакан кемени жана буюмдарды карап чыгууга;

5) документтерди жана буюмдарды алып коюуга;

6) транспорт каражатын же чакан кемени башкаруудан четтетүүгө жана анын мас абалын күбөлөндүрүүгө;

7) транспорт каражатын, чакан кемени кармоого.

2. Юридикалык жакка карата:

1) юридикалык жакка тиешелүү жайларды, аймактарды, аларда болгон товарларды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктөрдү, ошондой эле тиешелүү документтерди карап чыгуу;

2) юридикалык жакка тиешелүү документтерди жана мүлктү алып коюу колдонулушу мүмкүн.

3. Кызмат адамы администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун мыйзамсыз чараларын колдонуудан келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.

563-статья. Администрациялык кармоо

Администрациялык кармоо — жеке жактын эркиндигин кыска убакытка чектөө, эгерде бул ишти туура жана өз убагында кароону камсыз кылуу, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду аткаруу үчүн зарыл болсо, адаттан тышкары учурларда колдонулушу мүмкүн.

Кармалган адамдын өтүнүчү боюнча анын кармалган жери жөнүндө туугандарына, анын иштеген (окуган) жери боюнча администрацияга, ошондой эле коргоочуга эң кыска мөөнөттө маалымдалат.

Жашы жетпегенди администрациялык кармоо жөнүндө анын ата-энесине же алардын ордун баскан адамдарга милдеттүү түрдө маалымдалат.

Кармалган адамга ушул Кодекс тарабынан каралган анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт, бул жөнүндө администрациялык кармоо жөнүндө протоколго тиешелүү белги коюлат.

Прокурор мыйзамсыз администрациялык кармоого дуушар болгон адамды бошотуу жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу, ал токтоосуз аткарылууга тийиш.

564-статья. Администрациялык кармоону жүзөгө ашырууга укук берилген органдар

Администрациялык укук бузган адамды администрациялык кармоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан андайга ыйгарым укук берилген органдар (кызмат адамдары), атап айтканда:

1) майда бейбаштык, үй-бүлөлүк зомбулук жасалганда, тынч чогулуштарды өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген тартиби бузулганда, мыйзамсыз жол тоскондо, ишине тыюу салынган бирикмелерди түзүүнүн тартиби бузулганда, ага активдүү катышканда, өзгөчө абал шарттарында белгиленген талаптар бузулганда, милициянын кызматкерлеринин, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин же коомдук парзын аткарып жүргөн адамдардын мыйзамдуу буйругуна жана талаптарына кыянаттык менен баш ийбегенде, товарларды жана башка буюмдарды мыйзамсыз сатканда, спирт ичимдиктерин коомдук орундарда ичкенде же адамдык ар-намысты жана коомдук адеп-аклакты мазактаган мас абалда коомдук орундарда көрүнгөндө, жол кыймылынын эрежелерин, аңчылык эрежелерин бузганда, сатып өткөрүү максаты жок, көп эмес өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдаганда, сатып алганда, сактаганда, ташыганда же жөнөткөндө — ички иштер органдары;

2) салык мыйзамдары бузулганда — салык кызматынын же финансы полициясынын кызмат адамдары;

3) бажы органдарынын ишине шек келтирген администрациялык укук бузууларга жол берилгенде — бажы органынын кызмат адамдары;

4) балык коргоо, токой чарба жана аңчылык инспекциясынын кызмат адамдары;

5) корголуучу объекттерге, башка мамлекеттик же коомдук мүлккө кол салуу менен байланышкан укук бузуулар жасалганда — аскерлештирилген күзөттүн кызмат адамдары;

6) техникалык каражаттар (автомототранспорттон тышкары) тарабынан жол кыймылынын эрежелери бузулганда — Башкы мамлекеттик техникалык инспекциянын кызмат адамдары;

7) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн транспорт каражаттарын башкарган айдоочулар же башка адамдар тарабынан жол кыймылынын эрежелери бузулганда — аскердик автомобиль инспекциясынын кызмат адамдары;

8) чек аралык режим же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттардагы режим бузулганда — чек ара аскерлери;

8-1) сатып өткөрүү максаты жок, көп эмес өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдаганда, сатып алганда, сактаганда, ташыганда же жөнөткөндө — баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары;

9) суу жана аба кемелеринин капитандары, — тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

(КР 2003-жылдын 11-июнундагы N 98, 2004-жылдын 11-июнундагы N 71, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2011-жылдын 12-декабрындагы N 233, 2012-жылдын 25-июлундагы N 136, 2013-жылдын 13-февралындагы N 14, 2013-жылдын 18-апрелиндеги N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

565-статья. Администрациялык кармоонун мөөнөттөрү

Администрациялык укук бузган адамды администрациялык кармоонун мөөнөтү үч сааттан ашпоого тийиш.

Өзгөчө учурларда администрациялык материалды судья же ички иштер органынын тиешелүү кызмат адамы караганга чейин, администрациялык укук бузуу боюнча кошумча жагдайларды тактоо зарыл болгондо же кармалгандын инсандыгын белгилөө зарыл болгондо, администрациялык камоо каралган администрациялык укук бузуулар үчүн кармоо мөөнөтү кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде, бул жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө кабарлоо менен ички иштер органдарынын башчылары же алардын орун басарлары тарабынан 48 саатка чейин узартылышы мүмкүн, мында кармалган адам кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын кармалуусунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилүүсү тийиш.

Чек ара режимин же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузган адамдар протокол түзүү үчүн үч саатка чейинки мөөнөткө, ал эми ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган учурларда 48 саатка чейинки мөөнөткө кармалышы мүмкүн, мында кармалган адам кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын кармалуусунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилүүгө тийиш, ошондой эле бул жөнүндө кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде прокурорго жазуу жүзүндө кабарландырылат.

Эгерде адам кармалган негиздер жок болуп чыкса, ал токтоосуз бошотулуусу тийиш.

Кармалган ар бир адамга кармоонун жүйөөсү жөнүндө кечиктирилбей билдирилүүсү, медициналык кароону жана дарыгердин жардамын кошуп алганда, анын укуктары түшүндүрүлүүсү жана камсыз кылынуусу тийиш.

Иш жүзүндө эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып адамга кармоону жүргүзгөн орган тарабынан коопсуздук камсыз кылынат.

Администрациялык кармоонун мөөнөтү укук бузуучуну протокол түзүү үчүн алып келген учурдан тартып эсептелет.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

566-статья. Жеке өзүн жана буюмдарын карап чыгуу

Жекече карап чыгуу андайга ыйгарым укук берилген ички иштер органдарынын, аскерлештирилген күзөттүн, жарандык авиациянын жана чек ара аскерлеринин, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан түздөн-түз каралган учурларда андайга ыйгарым укук берилген башка органдардын да кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жекече карап чыгуу андайга ыйгарым укук берилген бирдей жыныстагы адам тарабынан жекече каралып чыгылуучу менен жана ошол эле жыныстагы эки күбө-калыстын катышуусунда жүргүзүлүшү мүмкүн.

Буюмдарды карап чыгуу андайга ыйгарым укук берилген ички иштер органдарынын, аскерлештирилген күзөттүн, жарандык авиациянын, чек ара аскерлеринин, токой коргоо органдарынын, балык коргоо органдарынын аңчылык эрежелерин сактоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдардын, курчаган чөйрөнү коргоо органдарынын ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан түздөн-түз каралган учурларда андайга ыйгарым укук берилген башка органдар тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн.

Буюмдарды, колго көтөрүүчү буюмзаттарды, жүктү, аңчылыктын жана балык уулоонун куралдарын, аң азыктарын жана башка буюмдарды карап чыгуу, эреже катары, алар анын менчигинде же ээлигинде болгон адамдын катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Кийинкиге калтырууга болбогон учурларда, көрсөтүлгөн буюмдар, буюмзаттар менчиктөөчү (ээлик кылуучу) жок, эки күбө-калыстын катышуусу менен каралып чыгылышы мүмкүн.

Жекече карап чыгуу жана буюмдарды карап чыгуу жөнүндө протокол түзүлөт, же болбосо администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколго же администрациялык кармоо жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

567-статья. Буюмдарды жана документтерди алып коюу

Кармоодо, жекече карап чыгууда же буюмдарды карап чыгууда табылган укук бузуунун куралы же тике объекти болуп саналган буюмдар жана документтер ушул Кодекстин 27-статьясынын сегизинчи пунктунда каралган ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан алынып коюлат.

Алынып коюлган буюмдар жана документтер буюмдарды жана документтерди алып коюу жүргүзүүгө укук берилген органдар тарабынан аныкталган жерлерде администрациялык укук бузуу жөнүндө иш каралганга чейин, ал эми иш каралгандан кийин аны кароонун натыйжаларына жараша сакталат, алар белгиленген тартипте конфискацияланат же ээсине кайтарылып берилет, же болбосо жок кылынат.

Буюмдарды жана документтерди алып койгон учурларда бул жөнүндө протокол түзүлөт, же болбосо администрациялык укук бузуу жөнүндө, алып коюлган буюмдарды жана документтерди көрсөтүү менен карап чыгуу же администрациялык кармоо жөнүндө протоколдорго тиешелүү жазуу жазылат.

Жол кыймылынын коопсуздугуна шек келтирген, ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузуу жасалганда, ал үчүн төмөнкүдөй администрациялык жазалардын бири: айып, транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу, администрациялык камакка алуу колдонулушу мүмкүн болгондо — айдоочудан администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом аткарыла турган мөөнөткө айдоочунун күбөлүгү алып коюлат жана транспорт каражатын башкаруу укугуна убактылуу уруксат берилет, ал жөнүндө администрациялык укук бузуу тууралуу протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пункту менен каралган тартипте чыгарылган токтомдо жазылат. Транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтом сот тарабынан чыгарылган учурларда айдоочунун күбөлүгү кайра кайтарылбайт, ал эми убактылуу уруксаттын күчү даттанууну берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин же даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин узартылат.

Транспорт каражатын башкаруу укугуна айдоо күбөлүгүнүн жоголгону боюнча берилген убактылуу талон боюнча транспорт каражатын башкарган айдоочу тарабынан администрациялык укук бузуу жасалганда, ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан убактылуу талонду алып коюу жана транспорт каражатын башкаруу укугуна убактылуу уруксат берүү менен администрациялык протокол түзүлөт, уруксаттын күчү убактылуу талондун колдонулушунун мөөнөтүнөн ашпайт. Алып коюулган убактылуу талон администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча чечим кабыл алынгандан, айып акынын жана (же) туумдун суммасы, анын ичинде мурда салынган жана өндүрүлбөгөн айыптар боюнча суммалар өндүрүлгөндөн кийин ээсине кайра кайтарылат. Адамды транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратканда убактылуу талон кайра кайтарылбайт.

Ушул Кодекстин 140, 149, 377-379, 382-статьяларында каралган укук бузуулар жасалган учурда милиция кызматкерлери жана аңчылыктын жана балык уулоонун эрежелеринин сакталышына контролдукту жүзөгө ашыруучу атайын ыйгарым укуктуу органдар ок атуучу куралды, ошондой эле ок-дарыларды ишти караганга чейин алып коюуга укуктуу, ал жөнүндө алып коюлган куралдын маркасын же моделин, калибрин, сериясын жана номерин, ок-дарылардын санын жана түрүн көрсөтүү менен протоколго жазуу жазылат. Кызматтык милдеттерди аткарууда укук бузган адамга карата алып коюу, жекече карап чыгуу жана буюмдарын карап чыгуу кечиктирүүгө болбогон учурларда гана колдонулат.

Кайталап укук бузуу жасалганда транспорт каражатын убактылуу уруксат берүү боюнча башкарган айдоочуга карата убактылуу уруксат берүүсүн алып коюу менен администрациялык протокол түзүлөт, транспорт каражаты айыптык токтотуучу жайга коюлат. Алынып коюлган убактылуу уруксат берүү жана транспорт каражаты акыркы укук бузууга жол берилүү каралгандан жана ал үчүн администрациялык айып төлөнгөндөн кийин ээсине кайтарылып берилет. Убактылуу уруксат берүү администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдо көрсөтүлгөн күч аракеттин мөөнөтү (30 сутка) өткөндөн кийин узартылбайт.

Ушул Кодекстин 140, 149, 377-379, 382-статьяларында каралган укук бузуулар жасалганда милициянын кызматкерлери, аң уулоо жана балык уулоо эрежелеринин сакталышына контроль жүргүзүүчү атайын ыйгарым укук берилген органдар атуучу куралды, ошондой эле ок-дарыларды иш каралганга чейин алып коюуга укуктуу, ал жөнүндө алынып коюлган куралдын маркасын же моделин, сайын (калибрин), сериясын жана номерин, ок-дарылардын санын жана түрүн көрсөтүү менен протоколго жазылат. Кызматтык милдеттерин аткарууда укук бузган адамга карата алып коюу, жеке өзүн жана буюмдарды карап чыгуу кечиктирүүгө болбогон учурларда гана колдонулат.

(КР 2003-жылдын 28-июнундагы N 121, 2003-жылдын 5-августундагы N 191, 2008-жылдын 4-августундагы N 185, 2012-жылдын 25-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

567-1-статья. Товарларды, транспорт каражаттарын, дагы башка мүлктү камакка алуу

Товарларды, транспорт каражаттарын, документтерди, укук бузулушуна курал же ага тике объект болгон дагы башка буюмзаттарды алып коюуга мүмкүнчүлүк болбогондо, эгерде администрациялык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам белгиленген эрежелерди бир нече жолу бузса же бир нече администрациялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке бир учурда тартылып жатса, же администрациялык укук бузуу мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгына орчундуу зыян келтирип жатса, администрациялык укук бузуу боюнча иш кароосунда турган ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы администрациялык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын товарын, транспорт каражаттарын, дагы башка каражаттарын камакка алууга укуктуу.

Мүлктү камакка алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы жүйөлү токтом чыгарат.

Мүлктү камакка алуу жана бул тууралу протокол түзүү ушул Кодекстин 567-статьясында каралган тартипте өз алдынча процесстик иш-аракет катары буюмдар менен документтерди алып коюуга ылайык ишке ашырылат.

Карап — багуусунда