Көңүл буруңуздар!
КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 165 Мыйзамы киргизилген өзгөртүүлөр берилген Мыйзам расмий
жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛЫК КОДЕКСИ

Бишкек шаары, 2008-жылдын 17-октябры N 230

(КР 2009-жылдын 10-январындагы N 5, 2009-жылдын 28-мартындагы N 89, 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 143, 2009-жылдын 29-майындагы N 175, 2009-жылдын 16-июлундагы N 222, 2009-жылдын 24-июлундагы N 245, 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2010-жылдын 18-январындагы N 3, 2010-жылдын 29-январындагы N 22, 2010-жылдын 10-февралындагы N 25, 2010-жылдын 12-мартындагы N 48, 2010-жылдын 16-мартындагы N 51 Мыйзамдарынын, КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ N 17, 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ N 21, 2010-жылдын 17-сентябрындагы УӨ N 128 Декреттеринин, КР 2011-жылдын 11-мартындагы N 5, 2011-жылдын 30-майындагы N 33, 2011-жылдын 16-июнундагы N 47, 2011-жылдын 24-июнундагы N 56, 2011-жылдын 30-июнундагы N 64 2011-жылдын 8-июлундагы N 87, 2011-жылдын 22-июлундагы N 123, 2011-жылдын 22-декабрындагы N 248, 2012-жылдын 27-февралындагы N 8, 2012-жылдын 11-апрелиндеги N 29, 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 38, 2012-жылдын 18-майындагы N 55, 2012-жылдын 28-майындагы N 68, 2012-жылдын 29-майындагы N 69, 2012-жылдын 25-июлундагы N 123, 2012-жылдын 25-июлундагы N 124, 2012-жылдын 25-июлундагы N 125, 2012-жылдын 25-июлундагы N 138 2012-жылдын 25-июлундагы N 138, 2012-жылдын 8-августундагы N 154, 2012-жылдын 9-августундагы N 158, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169, 2012-жылдын 3-декабрындагы N 191, 2012-жылдын 5-декабрындагы N 194, 2012-жылдын 26-декабрындагы N 204, 2012-жылдын 26-декабрындагы N 205, 2013-жылдын 10-январындагы N 1, 2013-жылдын 20-февралындагы N 25, 2013-жылдын 22-февралындагы N 28, 2013-жылдын 16-мартындагы N 41, 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 57, 2013-жылдын 8-майындагы N 69, 2013-жылдын 4-июлундагы N 114, 2013-жылдын 30-июлундагы N 164, 2013-жылдын 30-июлундагы N 165, 2013-жылдын 30-июлундагы N 166, 2013-жылдын 3-августундагы N 184, 2013-жылдын 15-ноябрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

I БӨЛҮМ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-глава
Жалпы жоболор

1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (мындан ары — Кодекс) төмөндөгү мамилелерди жөнгө салат:

1) Кыргыз Республикасында салыктарды белгилөө, колдонууга киргизүү жана алуу боюнча;

2) салык контролун ишке ашыруу процессинде келип чыгуучу;

3) ушул Салык кодексинин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча;

4) салык кызматынын органдарынын чечимдерине, алардын кызматкерлеринин аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануу боюнча.

2. Ушул Кодексте жөнгө салынуучу мамилелер салыктык укук мамилелери болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга салык салуу боюнча мамилелерге бажы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жана ага карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

2-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары — бул, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын системасы.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардан турат:

1) ушул Кодекстен;

2) ушул Кодекстин негизинде кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан (мындан ары ушул Кодексте — Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын актылары).

3. Ушул Кодекс төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) Кыргыз Республикасында салык салуунун принциптерин;

2) Кыргыз Республикасындагы салыктардын системасын;

3) Кыргыз Республикасында алынуучу салыктардын түрлөрүн;

4) жергиликтүү салыктарды колдонууга киргизүүнүн жана колдонууну токтотуунун тартибин;

5) салык мыйзамдарынын келип чыгышынын, өзгөрүшүнүн, токтотулушунун негиздерин жана аткарылышынын тартибин;

6) салык төлөөчүлөрдүн, салык кызматынын органдарынын жана башка салыктык укук мамилелеринин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин;

7) салык контролунун формаларын жана методдорун;

8) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузгандык үчүн жоопкерчиликти;

9) салык кызматынын органдарынын чечимдерине жана алардын кызматкерлеринин аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануунун тартибин.

3-берене. Эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын колдонулушу

1. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка нормалар белгиленсе, ошол эл аралык келишимдин нормалары колдонулат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ратификациялаган болсо же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ратификациялаган макулдашууну аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тапшыруусу боюнча түзүлсө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка нормаларды белгилесе, анда мындай макулдашуу менен жөнгө салынган салык мамилелерине ошол макулдашуунун нормалары колдонулат.

(КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 143, 2009-жылдын 29-майындагы N 175 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар

1. Жарандык, үй-бүлөлүк, бажы жана башка тармактар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ушул Кодексте колдонулуучу институттары, терминдери жана аныктамалары, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, бул тармактардагы мыйзамдарда кандай болсо ошондой мааниде колдонулат.

2. Ушул Кодексте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

1) «Агент» — жарандык-укуктук келишимдердин, анын ичинде тапшырма, комиссиялоо, транспорттук экспедициялоо келишимдеринин же болбосо агенттик келишимдин негизинде ишке ашырылуучу иш-аракеттердин субъекти.

2) «Мүлк» — Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мүлккө кирүүчү объекттер, ошондой эле мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар.

3) «Бюджет» — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети.

4) «Банк» — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары ушул Кодексте — КРУБ) лицензиясы же күбөлүгү бар коммерциялык банк, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелер же уюмдар.

5) «Түшкөн акча» — белгиленген стандарттарга жана бухгалтердик эсептин тандалып алынган методуна жараша товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан салык төлөөчү алган же алууга тийиш болгон акча каражаты.

6) «Субъект» — уюштуруу-укуктук формаларына, ишмердигинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчик формасына карабастан экономикалык иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүм, туруктуу мекеме.

7) «Эсеп» — банктагы эсептешүү жана башка эсеп, ага ишкердик жүргүзгөн жактын акча каражаты кириштелет жана андан сарпталып турат.

8) «Негизги каражат» — эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, наркы 10000 сомдон ашкан, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык негизги каражат болуп саналган мүлк.

9) «Салык карызы» — салык калдыгынын суммасы, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын төлөнбөгөн суммасы.

10) «Салык калдыгы» — Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктын суммасы.

11) «Салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы» — салык карызынын төлөнбөгөн суммасы:

— салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугунун негизинде кошуп эсептелген;

— ушул Кодекске ылайык салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелген, салык төлөөчү таанышкан жана талашпаган;

— ушул Кодекске ылайык салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелген, салык карызын төлөө тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар карыз.

12) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

13) «Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» — Кыргыз Республикасында салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу, салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча милдеттерге жана ыйгарым укуктарга ээ болгон мамлекеттик орган.

14) «Ыйгарым укуктуу салык органы» — Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы.

15) «Салык органдары» — ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функционалдык бөлүмдөрү.

16) «Жакын туугандар» — Кыргыз Республикасынын үй-бүлө жөнүндө мыйзамдарына ылайык никелик мамиледе тургандар, асырап алгандар жана асырандылар, камкорчулар жана (же) көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелер, балдар, толук бир тууган жана толук эмес бир тууган ага-инилер жана эже-карындаштар, чоң аталар, чоң энелер, неберелер.

17) «Салык кызматынын органынын чечими» — ыйгарым укуктуу салык органында же сотто талашылышы мүмкүн болгон, ушул Кодекске ылайык салык кызматы кабыл алган ченемдик эмес акт.

18) «Калк менен эсептешүүлөр» — жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке адамдар менен жарандык-укуктук келишимдердин түрлөрү боюнча эсептешүүлөр.

19) «Пайыздык киреше» — ар кандай түрдөгү карыздык талаптардан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу каражат тартуу жана каржылоо операцияларынан алынган кирешелерди кошуп алганда, облигациялар, векселдер жана карыз алуунун башка түрлөрү боюнча кирешелер, ошондой эле каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган кирешелер.

20) «Пайыздык чыгаша» — ар кандай түрдөгү карыздык милдеттенмелер боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу каражат тартуу жана каржылоо операциялары боюнча жүргүзүлгөн чыгашаларды кошуп алганда, облигациялар, векселдер жана милдеттенмелердин башка түрлөрү боюнча чыгашалар, ошондой эле каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча жүргүзүлгөн чыгашалар.

3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын терминдери жана аныктамалары ушул Кодекстин тиешелүү беренелеринде аныкталган маанилерде колдонулат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптери

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптери ушул Кодексте аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) салык салуунун мыйзамдуулугуна;

2) салык салуунун милдеттүүлүгүнө;

3) салык системасынын бирдиктүүлүгүнө;

4) салык мыйзамдарынын ачык-айкындыгына;

5) салык салуунун акыйкаттуулугуна;

6) салык төлөөчүнүн ак ниеттүүлүгүнүн презумпциясына;

7) укук ченемдүүлүктүн презумпциясына;

8) салык салуунун аныкталгандыгына.

3. Салык мыйзамдарынын нормалары ушул Кодексте белгиленген принциптерге карама-каршы келиши мүмкүн эмес.

4. Салыктарды белгилөө укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине таандык.

Салыктар ушул Кодекс менен гана белгиленет жана жокко чыгарылат.

Субъектилердин салыктык карызын эсептен чыгаруу жөнүндөгү чечим өзүнчө мыйзам менен кабыл алынат.

5. Жергиликтүү салыктар жергиликтүү кеңештерге ушул Кодекс менен берилген ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилет.

6. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга, ушул Кодексте каралган учурлардан тышкары, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу нормаларды киргизүүгө тыюу салынат.

7. Салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон нормалардын жок экендиги салык төлөөчүгө, салыктык өкүлгө каршы колдонулушу мүмкүн эмес.

(КР 2010-жылдын 29-январындагы N 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене. Салык салуунун мыйзамдуулугу принциби

Ушул Кодексте каралбаган салыкты, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген салыктык белгилери бар, же болбосо ушул Кодексте аныкталгандан башкача тартипте белгиленген же колдонууга киргизилген мүчөлүк акыны же төлөмдөрдү төлөөгө эч кимге милдет жүктөлүшү мүмкүн эмес.

7-берене. Салык салуунун милдеттүүлүгү принциби

Ар бир адам ушул Кодексте каралган тартипте жана учурларда салык төлөөгө милдеттүү.

Салыктык укук мамилелеринин бардык катышуучулары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого милдеттүү.

8-берене. Салык системасынын бирдиктүүлүгү принциби

Кыргыз Республикасынын салык системасы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында бирдиктүү болуп саналат.

9-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ачык-айкындуулугу принциби

Салыктук укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.

10-берене. Салык салуунун акыйкаттуулугу принциби

1. Кыргыз Республикасында салык салуу жалпыга бирдей болуп саналат.

2. Эгерде бул кодекстин 3-беренесинде башкача каралбаса, жеке мүнөздөгү салык жеңилдиктерин берүүгө тыюу салынат.

3. Салыктар басмырлоочу мүнөздө болушу жана гендердик, социалдык, расалык, улуттук, диний критерийлерге жараша ар кандай түрдө колдонулушу мүмкүн эмес.

(КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-берене. Ак ниеттүүлүктүн презумпциясы принциби

Салык төлөөчү жана салык боюнча өкүл Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык, документтер аркылуу тастыкталган маалыматтардын негизинде бул факты четке кагылмайынча, ак ниеттүү аракеттенди деп таанылат.

12-берене. Укук ченемдүүлүктүн презумпциясы принциби

1. Салыктык укук мамилелери келип чыкканда салык төлөөчү же салык боюнча өкүл Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында мындай аракеттерге же аракетсиздикке тыюу салынган учурлардан тышкаркы бардык учурларда укук ченемдүү аракеттенүүчү же аракеттенбөөчү катары таанылат, ошол эле мезгилде мында төмөндөгү шарттар сакталышы керек:

1) аракеттенүү же аракетсиздик Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген принциптерде каршы келбейт; жана

2) аракеттенүү же аракетсиздик салык милдеттенмелерин тийиштүү түрдө аткарууга жолтоо кылбайт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, салык кызматынын органдары, бажы органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эгерде алардын аракети Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралса, салыктык укук мамилелери пайда болгондо укук ченемдүү аракеттенди деп таанылат.

Ушул пунктта каралган органдарга, эгерде аракеттер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаса, мындай аракеттерди жасоого тыюу салынат.

13-берене. Салык салуунун аныкталгандыгы принциби

1. Салык салуу аныкталган болууга тийиш.

Салык салуунун аныкталгандыгы салык милдеттенмелеринин келип чыгышынын, аткарылышынын жана токтотулушунун бардык негиздерин жана тартибин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгилөө мүмкүндүгүн билдирет.

2. Салыктарды белгилөөдө, ушул Кодекстин XI жана XV бөлүмдөрүндө кошпогондо, салыктардын ар бири боюнча салык салуунун бардык элементтери аныкталууга тийиш.

14-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын мейкиндик, убакыт жана адамдар чөйрөсү боюнча колдонулушу

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, тиешелүү аймакта колдонулуучу жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында колдонулат.

2. Жаңы салыктарды белгилөө, салыктардын ставкаларын жогорулатуу бөлүгүндө ушул Кодекске өзгөртүү киргизүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кийинки салык мезгилинин биринчи күнүнөн тартып, алар расмий жарыялангандан кийин эки айдан эрте эмес мөөнөттө колдонууга киргизилет.

3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары артка карай колдонулушу мүмкүн, эгерде аларда:

1) салык жоюлса;

2) салыктын ставкаларынын өлчөмү төмөндөтүлсө;

3) салыктык укук мамилелеринин катышуучусу милдетинен бошотулса;

4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчиликтен бошотулса же жоопкерчилик азайтылса;

5) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун укуктарын коргоонун кошумча кепилдиктери белгиленсе;

6) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун абалы башкача түрдө жакшыртылса.

4. Жаңы салыктарды белгилөөчү; салыктардын ставкаларынын өлчөмдөрүн жогорулатуучу; салыктык укуктарды бузгандык үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү; салыктык укук мамилелеринин катышуучуларынын жаңы салык милдеттенмелерин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары артка карай колдонулбайт.

15-берене. Ченемдик укуктук актылардын өз ара катышы

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын актылары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары ушул Кодекске карама-каршы келүүгө тийиш эмес.

2. Ушул Кодекстин жана салыктык мыйзам актыларынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ортосунда карама-каршылык болсо, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн ушул Кодексте белгиленген нормалар колдонулат.

3. Эгерде ушул Кодекстин нормаларынын ортосунда карама-каршылык болсо же салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон нормалар болбосо, салык кызматынын органдары жана/же сот органдары салык төлөөчүнүн пайдасына чечим кабыл алат. Ушул пункттун максаттарында ушул Кодекстин нормаларынын ортосундагы карама-каршылык деп ушул Кодексте белгиленген, мааниси жана мазмуну боюнча бири-бирине каршы келген эки же бир нече нормалардын болушу түшүнүлөт.

4. Ченемдик укуктук акт төмөнкүдөй жагдайлардын бири болгондо ушул Кодекске дал келбейт деп таанылат:

1) акт актылардын ушундай түрүн кабыл алууга ушул Кодекске ылайык укугу жок болгон орган тарабынан кабыл алынса, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипти бузуу менен кабыл алынса;

2) акт салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун ушул Кодексте белгиленген укуктарын же болбосо ыйгарым укуктарын жойсо же чектесе;

3) акт салыктык укук мамилелерине катышуучунун ушул Кодексте аныкталган милдеттеринин мазмунун, аракеттеринин негиздерин, шарттарын, ырааттуулугун же тартибин киргизсе, өзгөртсө же жойсо;

4) акт ушул Кодексте уруксат берилген же көрсөтүлгөн аракеттерге тыюу салса;

5) акт ушул Кодексте тыюу салынган аракеттерге уруксат берсе же жол койсо;

6) акт ушул Кодексте аныкталган терминдердин, аныктамалардын мазмунун өзгөртсө, же болбосо терминдерди жана аныктамаларды ушул Кодексте колдонулгандан башка мааниде колдонсо.

5. Ушул Кодекске дал келбеген ченемдик укуктук актыны кабыл алган орган мындай дал келбөөнү четтетүүгө милдеттүү.

16-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдү эсептөөнүн тартиби

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөт календардык дата менен же жылдар, айлар же күндөр менен эсептелүүчү убакыт мезгилинин бүтүшү менен аныкталат. Мөөнөт, ошондой эле, сөзсүз болууга тийиш окуяга карата көрсөтмө менен аныкталышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ар кандай мөөнөттүн аралыгы тийиштүү дата башталгандан кийинки, убакыттын же окуянын мезгили бүткөндөн кийинки күндөн тартып башталат.

Ушул Кодекс менен белгиленген датага чейин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаган учурда, ар кандай мөөнөттүн башталышы ушул дата болгондон кийинки күндөн башталат.

3. Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт анын акыркы жылынын тиешелүү айында же күнүндө бүтөт. Мында жыл деп катар келүүчү он эки календардык айдан турган убакыт аралыгы саналат.

Календардык жыл деп ар бир жылдын 1-январынан башталуучу жана ошол жылдын отуз биринчи декабрында аяктоочу убакыт мезгили саналат.

4. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт тиешелүү айда жана мөөнөттүн акыркы айынын акыркы күнүндө бүтөт. Мында ай деп календардык ай эсептелет.

5. Жылдар же айлар менен эсептелүүчү мөөнөттөр, эгерде мөөнөттүн бүтүшү үчүн айдын тийиштүү күнү көрсөтүлбөсө, ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт.

6. Мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келсе, мөөнөттүн аяктоо күнү деп андан кийинки жумуш күнү эсептелет.

7. Аткарылуу мөөнөтү белгиленген аракеттер ошол мөөнөттүн акыркы күнүнүн жумуш убактысы аяктаганга чейин аткарылышы мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-берене. Салыктык укук мамилелеринин катышуучулары

Салыктык укук мамилелеринин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү деп таанылган субъект;

2) ушул Кодекске ылайык салык боюнча өкүл деп таанылган субъект;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

4) салык кызматынын органдары, бажы органдары;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

6) салыктык укук мамилелеринин чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери ушул Кодекс менен жөнгө салынуучу башка адамдар.

18-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын нормаларын колдонуу боюнча документтер

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын нормаларын колдонуу боюнча салык төлөөчүнүн суроо-талабына жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын колдонуу боюнча эрежелерди, жоболорду, нускамаларды жана башка документтерди басып чыгарууга милдеттүү.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер салык төлөөчү үчүн милдеттүү болуп саналбайт.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер, эгерде алар ушул Кодексте каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында кабыл алынса, колдонуу үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

5. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык чыгарылган документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган басма жана электрондук басылмаларда документтердин тексттерин көчүрмөлөө жолу менен, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтында жалпыга жеткирилет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

19-берене. Салык түшүнүгү

Салык түшүнүгү деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүдөн милдеттүү түрдө, жекече кайтарымсыз түрдө алынуучу акчалай төлөм түшүнүлөт.

20-берене. Кыйыр салыктар

Товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баасына же тарифине кошумча түрүндө белгиленүүчү, салык төлөөчүнүн кирешесине же мүлкүнө түздөн түз байланышпаган кошумча наркка салык, акциздик салык жана сатуудан салык сыяктуу салыктар кыйыр салык деп эсептелет.

Кыйыр салыктын салыктык базасы, суммасы жана ставкасы салык төлөөчү тарабынан эсептик документтерде жана салыктык отчетто Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте көрсөтүлөт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-берене. Экономикалык иш-аракет

1. Экономикалык иш-аракет деп ишкердик жана башка иш-аракеттер саналат.

2. Ишкердик иш-аракет деп Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык аныкталган иш-аракет саналат.

3. Башка иш-аракет деп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу;

2) банкка акчалай каражаттарды салуу;

3) баалуу кагаздарды сатып алуу, өткөрүү же сатуу, жеке же юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүшү;

4) жеке же юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүшүнө жараша ар кандай төлөмдөрдү алуу;

5) үстөк айып, айыптарды, моралдык зыяндын акысын алуу;

6) камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасын (ордун толтурууну) алуу;

7) ишкердик иш-аракет болуп саналбаган башка иш-аракеттер.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-берене. Уюм. Обочолонгон бөлүм

1. Ушул Кодекстин максаттарында уюмдар деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак (ушул Кодексте мындан ары — ата мекендик уюм);

2) өзү жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык түзүлгөн корпорация, компания, фирма, фонд, мекеме же башка түзүлүш же болбосо эл аралык уюм (ушул Кодексте мындан ары — чет өлкөлүк уюм).

Эл аралык уюм деп эл аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн эл аралык укук субъекти саналат.

2. Обочолонгон бөлүм деп жыйынды түрүндө төмөнкүдөй шарттарга жооп берүүчү бөлүмдөр саналат:

1) экономикалык иш-аракет жүргүзөт;

2) башкаруунун негизги орунан аймактык жана мүлктүк жактан обочолонуп турат;

3) уюм менен байланышы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер аркылуу жүзөгө ашырылуучу персоналга ээ болот.

23-берене. Жеке жак

1. Жеке жак деп Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам саналат.

2. Катар келүүчү 12 айдан турган ар кандай мезгилдин аралыгында 183 жана андан ашуун күнгө жана учурдагы салык мезгили аяктаган күнгө карата Кыргыз Республикасынын аймагында болгон, же болбосо чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматында жүргөн ар кандай жеке адам резидент — жеке жак болуп саналат.

3. Ушул Кодекске ылайык резидент — жеке жак деп таанылбаган жеке адам резидент эмес — жеке жак болуп эсептелет.

24-берене. Жеке ишкер

Жеке ишкер деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) патенттин негизиндеги иш-аракетти кошо алганда, уюм түзбөстөн ишкердик жүргүзгөн жана ушул Кодексте белгиленген милдеттерди аткаруу жүктөлгөн резидент — жеке жак;

2) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме аркылуу өз иш-аракетин жүргүзүүчү резидент эмес — жеке жак.

25-берене. Туруктуу мекеме

1. Туруктуу мекеме иш-аракеттин туруктуу ордун билдирет, ал аркылуу чет өлкөлүк уюмдун же резидент эмес — жеке жактын (мындан ары бул беренеде — резидент эместин) экономикалык иш-аракети толук же жарым-жартылай жүзөгө ашырылат.

2. «Туруктуу мекеме» түшүнүгүндө тактап айтканда төмөнкүлөр камтылат:

1) башкаруу орду;

2) бөлүмчө;

3) контора;

4) фабрика;

5) чеберкана;

6) шахта, нефти же газ скважинасы, карьер же жаратылыш ресурстарын алуунун башка ар кандай орду;

7) жер участогу;

8) курулуш аянтчасы же курулуш, монтаждоо же чогултуу объектиси же тиешелүү иштерди аткарууну көзөмөлдөөгө байланышкан кызмат көрсөтүүлөр, эгерде мындай аянтчада же объектте 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде иш-аракет жүргүзүлсө же мындай кызмат көрсөтүүлөр ар кандай 12 айлык мезгилдин аралыгында 183 же андан ашуун календардык күндүн ичинде көрсөтүлсө;

9) жаратылыш ресурстарын чалгындоо үчүн колдонулуучу түзүлүштөр же курулмалар же ушундай иштерди аткарууну көзөмөлдөөгө байланышкан кызмат көрсөтүүлөр, же болбосо жаратылыш ресурстарын чалгындоо үчүн колдонулуучу бургулоо түзүлүштөрү же кеме, эгерде аларды ушундайча пайдалануу 183 жана андан ашуун календардык күнгө созулса же мындай кызмат көрсөтүүлөр ар кандай 12 айлык мезгилдин аралыгында 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде көрсөтүлсө;

10) резидент эмес жалдаган персонал аркылуу резидент эместин консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүн кошо алгандагы кызмат көрсөтүүлөр, эгерде персонал Кыргыз Республикасынын аймагында мындай иш-аракетти ар кандай 12 айлык мезгилдин аралыгында 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырса.

3. «Туруктуу мекеме» түшүнүгүндө төмөнкүлөр камтылбайт:

1) резидент эмеске таандык товарларды сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана курулмаларды пайдалануу;

2) резидент эмеске таандык товарлардын запастарын сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана кармап туруу;

3) резидент эмеске таандык товарлардын запастарын башка уюмдар же жеке жактар тарабынан кайра иштетүү максатында гана кармап туруу;

4) резидент эмес үчүн товарларды сатып алуу, же болбосо маалымат чогултуу максатында гана иш-аракеттин туруктуу ордун кармап туруу;

5) даярдоо же көмөктөшүү мүнөзүндөгү ар кандай башка иштерди резидент эмес үчүн жүргүзүү максатында гана иш-аракеттин туруктуу ордун кармап туруу;

6) ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1) — 5) пункттарында саналган иш-аракет түрлөрүн ар кандай комбинациялоону ишке ашыруу үчүн гана, иш-аракеттин туруктуу ордунун мындай комбинациялоонун натыйжасында келип чыгуучу жалпы иши даярдоо жана көмөктөшүү мүнөзүндө болгон шартта, иш-аракеттин туруктуу ордун кармап туруу;

7) агент аркылуу Кыргыз Республикасында экономикалык иш-аракет жүргүзүү (мындай жактар өзүнүн адаттагы иш-аракетинин алкагында аракеттенген шартта).

26-берене. Товарды сатып өткөрүү

Товар деп материалдык-буюмдук формага ээ болгон ар кандай мүлк таанылат.

Кайтарымдуу же кайтарымсыз негизде товарга менчик укугун берүү, анын ичинде товарларды алмашуу товарды сатып өткөрүү деп эсептелет.

27-берене. Жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү

Жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү деп товарларды сатуудан башка бардык ишкердик иш эсептелет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-берене. Салык төлөөчүнүн электрондук документи жана санариптик кол тамгасы

Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, электрондук санариптик кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлгөн жана кол коюлган документ салык төлөөчүнүн электрондук документи жана электрондук санариптик кол тамгасы болуп саналат.

(КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-берене. Ал жеткис күч

Ал жеткис күч деп жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын же алдын ала билүүгө же четтетүүгө мүмкүн болбогон, же болбосо алдын ала билүүгө мүмкүн болгон, бирок четтетүүгө болбой турган бөлөк кырдаалдардын натыйжасында чукул жана четтетилбөөчү жагдайлардын келип чыгышы саналат. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган материалдардын негизинде жана далилдөөнүн атайын каражаттарына муктаж эмес башка ыкмалардын негизинде аныкталат.

30-берене. Өз ара көз каранды субъекттер

1. Өз ара көз каранды субъекттер деп алардын ортосундагы мамилелер алардын иш-аракетинин же алар өкүлү болгон субъекттердин иш-аракетинин шарттарына же экономикалык натыйжаларына таасир этүүчү субъекттер саналат, тактап айтканда:

1) субъект уюмга түздөн-түз же кыйыр түрдө катышат жана мындай катышуунун суммалык үлүшү 20 пайыздан ашуунду түзөт;

2) үчүнчү субъект катышкан эки уюмда бул субъекттин алардын ар бириндеги түздөн-түз жана/же кыйыр катышуу үлүшү 20 пайыздан ашуунду түзөт же ал уюмдар ушундай субъект тарабынан контролдонот;

3) кызматтык абалы боюнча бир жеке жак экинчи жеке жакка баш ийет;

4) ортолорунда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелер келип чыккан субъекттер;

5) жакын туугандар;

6) башкарууну түзүүчү-уюштуруучу жана ишенилген башкаруучу.

2. Сот, эгерде субъекттердин ортосундагы мамиле алардын ортосундагы бүтүмдөрдүн натыйжаларына таасир этиши мүмкүн болсо, субъекттерди ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган башка негиздер боюнча өз ара көз каранды деп таанышы мүмкүн.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн максаттарында, бир субъектинин башка уюмга бөлөк уюмдардын ырааттуулугу аркылуу кыйыр катышуусунун үлүшү катышуунун тийиштүү үлүштөрүн белгилөө түрүндө аныкталат.

2-глава
Кыргыз Республикасынын салык системасы

31-берене. Салыктардын түрлөрү

1. Кыргыз Республикасында жалпы мамлекеттик салыктар жана жергиликтүү салыктар, ошондой эле атайын салык режимдери белгиленет.

2. Жалпы мамлекеттик салыктар деп ушул Кодексте белгиленген жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында төлөнүүгө милдеттүү салыктар эсептелет.

3. Жергиликтүү салыктар деп ушул Кодексте белгиленүүчү жана жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилүүчү, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарында төлөнүүгө милдеттүү болгон салыктар түшүнүлөт.

4. Салыктардын жалпы мамлекеттик түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) киреше салыгы;

2) пайда салыгы;

3) кошумча нарк салыгы;

4) акциз салыгы;

5) жер казынасын пайдалануу салыгы;

6) сатуу салыгы.

5. Жергиликтүү салыктарга төмөнкүлөр кирет:

1) жер салыгы;

2) мүлк салыгы;

6. Атайын салык режимдерине төмөнкүлөр кирет:

1) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;

3) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;

4) салык контрактынын негизиндеги салыктар;

5) эркин экономикалык аймактардагы салык режими;

6) атайын каражаттар салыгы;

7) Жогорку технологиялар паркындагы салык режими.

(КР 2011-жылдын 8-июлундагы N 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

32-берене. Салыктарды белгилөөнүн жалпы шарттары

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, салык төлөөчүлөр жана салык салуу элементтери ушул Кодексте аныкталган учурда гана салык белгиленди деп эсептелет, атап айтканда:

1) салык салуу объекти;

2) салык базасы;

3) салык ставкасы;

4) салык мезгили;

5) салыкты эсептөө тартиби;

6) салыкты төлөө тартиби;

7) салыкты төлөө мөөнөттөрү.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында салыкты белгилөөдө салык жеңилдиктери жана салык төлөөдөн бошотуу каралышы мүмкүн.

33-берене. Салык салуу объектиси

1. Салык салуу объекти деп салык милдеттенмесинин келип чыгышын шарттаган укуктар жана/же аракеттер саналат.

2. Салыктын ар бир түрү боюнча салык салуу объекти ушул Кодекске ылайык аныкталат.

34-берене. Салык базасы

Салык базасы деп салык салуу объектинин нарктык, физикалык же башка мүнөздөмөсү саналат, анын негизинде салыктын суммасы эсептелет.

35-берене. Салык ставкасы

1. Салык ставкасы деп салык базасын өлчөө бирдигине карата алгандагы салыктык чегеримдердин чоңдугу саналат.

2. Салык ставкасы салык базасын өлчөө бирдигине карата алынуучу пайыздар же абсолюттук сумма түрүндө белгиленет.

36-берене. Салык мезгили

1. Салык мезгили деп салык базасы аныкталуучу жана салык суммасы эсептелүүчү убакыт мезгили саналат. Эгерде мындай мезгил аныкталбаса, салык мезгили деп салык милдеттенмеси келип чыккан күн эсептелет.

2. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, салык боюнча салык мезгили болуп төмөнкүлөр саналат.

1) ошол салык боюнча салык төлөөчү катары катталган күндөн кийинки күндөн тартып ушул салык мезгили аяктаганга чейинки убакыт мезгили;

2) салык боюнча салык мезгили башталган күндөн тартып, салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн Мамлекеттик реестринен чыгарылган күнгө чейинки убакыт мезгили;

3) эгерде каттоо же аны жокко чыгаруу бир салык мезгилинин ичинде болсо, ошол салык боюнча салык төлөөчү катары катталган күндөн кийинки күндөн тартып, салык төлөөчүнү ошол салык боюнча каттоо жокко чыгарылган күнгө чейинки убакыт мезгили.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

37-берене. Салыкты эсептөө тартиби

1. Салык төлөөчү салык мезгили үчүн төлөнүүгө жаткан салыктын суммасын салык жеңилдиктерине жана салыктан бошотууларга жараша, салык базасын салык ставкасына көбөйтүү аркылуу өз алдынча эсептейт.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда салыктардын айрым түрлөрүнүн суммасын эсептөө милдети салык кызматынын органдарына жүктөлөт.

38-берене. Салыкты төлөө мөөнөтү

1. Салыктарды төлөө мөөнөттөрү ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө белгиленет.

2. Салык төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул Кодексте каралган тартипте гана жол берилет.

3. Салык төлөө мөөнөттөрүн бузгандык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.

39-берене. Салыктарды төлөө тартиби

1. Салык төмөнкүдөй төлөнөт:

1) салыктын бардык суммасы же бөлүктөрү боюнча;

2) кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө менен;

3) салык милдеттенмелери келип чыкканга чейин же ошол датага карата;

4) салык төлөөчү тарабынан тикелей же анын атынан;

5) салык төлөөчү же обочолонгон бөлүм турган жерде тикелей;

6) накталай же накталай эмес акча түрүндө.

2. Салык төлөө тартиби ар бир салыкка карата өзүнчө белгиленет.

40-берене. Салык режимдери

1. Салык режими деп салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте колдонулуучу тартиби түшүнүлөт.

2. Кыргыз Республикасында жалпы салык режими жана атайын салык режимдери белгиленет.

3. Жалпы салык режими деп, төмөнкүдөй атайын салык режимдерин кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген режим саналат:

1) милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты;

2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты;

3) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын;

4) салык контрактынын негизиндеги салыкты;

5) эркин экономикалык аймактардагы салык режимин;

6) атайын каражаттар салыгын.

II БӨЛҮМ
САЛЫКТЫК УКУК МАМИЛЕЛЕРИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ

3-глава
Салык төлөөчү. Салык боюнча өкүл

41-берене. Салык төлөөчү

Салык төлөөчү деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген жагдайлар болгондо салык төлөө милдети жүктөлгөн субъект саналат.

42-берене. Салык төлөөчүнүн укуктары

1. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) салык кызматынын органдарынын кызмат адамынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоону талап кылууга;

2) салыктык укук мамилелеринде жеке өзү же өзүнүн салык боюнча өкүлү аркылуу чыгууга;

3) тиешелүү мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары жөнүндө маалыматты, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ыйгарым укуктуу салык органы иштеп чыккан эрежелерди, жоболорду жана башка методикалык көрсөтмөлөрдү алууга;

4) салык отчеттуулугунун расмий массалык маалымат каражаттарында жарыяланбаган формаларын колдонбоого;

5) жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын негизинде салык кызматынын органдарындагы өзү тууралу ар кандай маалыматты акысыз алууга;

6) ашыкча төлөнгөн, ошондой эле ашыкча өндүрүлүп алынган салык суммасын кириштетүүгө же кайтарып алууга;

7) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген негиздерде жана тартипте салык жеңилдиктеринен пайдаланууга;

8) салыктык купуя сырды сактоону талап кылууга;

9) салык контролунун натыйжалары жөнүндө маалымат алууга;

10) салык контролунун натыйжалары боюнча салык кызматынын органдарына түшүндүрмө берүүгө;

11) салык милдеттенмесин аткарууга тиешеси жок маалыматтарды жана документтерди бербөөгө;

12) салык кызматы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттанууга;

13) салык кызматынын органынын мыйзамсыз чечиминен, анын кызмат адамынын мыйзамсыз аракетинен же аракетсиздигинен улам келген чыгымдын жана зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтуртуп алууга.

2. Салык төлөөчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга ээ болот.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

43-берене. Салык төлөөчүнүн укуктарын камсыз кылуу жана коргоо

1. Кыргыз Республикасы салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын администрациялык жана соттук коргоону кепилдейт.

2. Салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун тартиби ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында аныкталат.

3. Салык төлөөчүнүн укуктары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, салык кызматынын органдарынын, бажы органдарынын, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын тийиштүү милдеттери менен камсыз кылынат.

4. Салык төлөөчүнүн укуктарын камсыздоо боюнча милдеттерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

44-берене. Салык төлөөчүнүн милдеттери

1. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) белгиленген тартипте салык кызматынын органында катталууга;

2) салык милдеттенмесин аткарууга;

3) ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык салык милдеттенмесин эсепке алууну жүргүзүүгө;

4) ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө салык отчетун берүүгө;

5) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды жана документтерди берүүгө;

6) салыктык укук бузуулардын кесепеттерин четтетүү же салыктык укук бузууларга алып келүүчү аракеттерди же аракетсиздикти токтотуу жөнүндө салык кызматынын органдарынын мыйзамдуу көрсөтмөсүн аткарууга;

7) салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары ушул Кодекстин негизинде кызматтык милдеттерин аткарып жатканда алардын мыйзамдуу иш-аракетине тоскоол болбоого;

8) көрсөтмөкаттын негизинде көчмө салык текшерүүсү, рейддик салык текшерүүсү жана салык постун белгилөө формасында салык контролун, ошондой эле хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзгөн, ошондой эле салык төлөөчү мойнуна алган салык карыздарын накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алууну жүргүзгөн учурда, салык кызматынын органдарынын кызмат адамдарын бар болушу же пайдаланылышы салык милдеттенмелеринин келип чыгышына алып келүүчү аймакка же жайга киргизүүгө;

9) салык милдеттенмелеринин эсебин жана аткарылышын тастыктоочу документтердин кеминде 6 жыл ичинде сакталышын камсыз кылууга;

10) салык кызматынын органынын текшерүү жүргүзгөн кызмат адамына текшерүүнү же контролдоону каттоо үчүн инспектордук текшерүүлөр китебин көрсөтүүгө;

11) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткаркы эсептер жөнүндө маалыматты кошо алганда, банктардагы эсептерди ачуу же жабуу тууралуу мындай эсептер ачылган же жабылган күндөн кийинки күндөн тартып 15 күндүн аралыгында билдирүүгө.

2. Салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди да аткарат.

45-берене. Салык төлөөчүнүн кызмат адамы

Салык төлөөчүнүн кызмат адамы болуп төмөнкүлөр саналат:

1) салык төлөөчүнүн башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси;

2) уюмдун, туруктуу мекемесинин жетекчиси;

3) эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин же ишенимкаттын негизинде ушул Кодексте белгиленген милдеттерди аткаруу боюнча ыйгарым укук берилген жеке жак;

4) ушул берененин 1) — 3) пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын милдеттерин убактылуу аткаруучу жеке жак.

46-берене. Салык боюнча өкүл, анын ыйгарым укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

1. Салык төлөөчү салыктык укук мамилелерине жеке өзү, ошондой эле салык боюнча өкүлү аркылуу катышууга укуктуу.

2. Салык боюнча өкүл салыктык укук мамилелеринде салык төлөөчүнүн атынан чыгууга укуктуу.

3. Салыктык укук мамилелерине салык төлөөчүнүн өзүнүн катышуусу аны салык боюнча өкүл күтүү укугунан ажыратпайт, ошону менен бирге эле салык боюнча өкүлдүн катышуусу салык төлөөчүнү салыктык укук мамилелерине жеке өзү катышуу укугунан ажыратпайт.

4. Салык боюнча өкүлдүн ыйгарым укуктары, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги төмөнкүлөр боюнча аныкталат:

1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары;

2) салык төлөөчүнүн жана салык боюнча өкүлдүн ортосунда түзүлүүчү жарандык-укуктук келишим;

3) салык боюнча өкүлгө салык төлөөчү тарабынан берилген ишенимкат.

5. Салыктык укук мамилелерине ушул салык төлөөчүнүн катышуусуна байланышкан салык төлөөчүнүн салык боюнча өкүлүнүн аракети же аракетсиздиги салык төлөөчүнүн аракети же аракетсиздиги катары таанылат.

6. Мамлекеттик орган же мамлекеттик органдын кызмат адамы салык төлөөчүнүн салык боюнча өкүлү боло албайт.

4-глава
Салык кызматы

47-берене. Салык кызматынын органдары

1. Салык кызматынын органдары төмөнкүлөрдөн турат:

1) Ыйгарым укуктуу салык органынан;

2) салык органдарынан.

Салык кызматынын органдары юридикалык жактын статусуна ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциясынын чектеринде салыктык башкарууну ишке ашырат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык саясатын ишке ашырууга катышат.

2. Салык органдары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына баш ийбейт.

3. Салык кызматынын органдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген өз ыйгарым укуктарын ишке ашырып жатканда алардын ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

4. Салык кызматынын органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөө тартиби, аларды укуктук жана социалдык коргоо, аларга атайын наамдарды ыйгаруу тартиби атайын мыйзам менен аныкталат.

5. Салык кызматынын органдарынын чыгымдарын каржылоо, иш жүзүндө түшкөн салыктардын суммасынан пайыздык чегерүүлөрдү жана бюджеттен тышкаркы максаттуу каражаттарды кошо алгандагы мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

48-берене. Салык кызматынын органдарынын кызмат адамы

Салык кызматынын органдарынын кызмат адамы болуп ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктарга ээ болгон салык кызматынын органдарынын жетекчиси же кызматкери саналат.

49-берене. Салык кызматынын органдарынын милдеттери

Салык кызматынын органдарына төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:

1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын сакталышын контролдоо;

2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык салык милдеттенмесин аткаруу боюнча салык төлөөчүгө же анын салык боюнча өкүлүнө көмөк көрсөтүү.

50-берене. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктары

1. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ченемдик укуктук актыларды ушул Кодексте белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана бекитүүгө;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте салык контролун жүргүзүүгө;

3) салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүдөн бюджетке салыктарды эсептөө, кармоо жана төлөө документтерин берүүнү талап кылууга;

4) салык төлөөчүдөн салыктарды эсептөө, кармоо жана төлөө документтерин, ошондой эле салыктарды эсептөөнүн жана өз учурунда кармоонун, төлөөнүн тууралыгын тастыктоочу документтерди толтуруу боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;

5) салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө ушул Кодексте аныкталган тартипте салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

6) салык контролун толук жүргүзүү үчүн мааниге ээ болгон ар кандай аймактарды, жайларды, документтерди жана нерселерди ушул Кодекске ылайык текшерүүнү жүргүзүүгө;

7) текшерилүүчү салык төлөөчүгө салык салууга байланыштуу маселелер боюнча ушул Кодексте белгилеген тартипте банктардан салык төлөөчүнүн банктык эсептеринин болушу жана номерлери жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коммерциялык, банктык жана башка корголуучу купуя сырды түзүүчү маалыматтарды таратуу талаптарын сактоо менен, бул эсептердеги акчалардын калдыгы жана жүгүртүлүшү жөнүндө маалыматтарды алууга;

8) ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте баалоонун кыйыр методдорунун негизинде салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аныктоого;

9) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган негиздер боюнча, анын ичинде мажбурлоо менен салык төлөөчүнү жоюу жөнүндө сотко доо арызын берүүгө;

11) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузгандык аныкталганда аны четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;

12) салык салуу объекттерине жана салыктык милдеттенмелерди эсептөөгө байланыштуу ушул Кодекске ылайык башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат талап кылууга жана алууга;

13) салыктарды жыйноо боюнча контроль жүргүзүүгө;

14) салык контрактын түзүүгө;

15) Ушул Кодекске ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин контролдоо.

2. Ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга да ээ болот.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169, 2013-жылдын 20-февралындагы N 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

51-берене. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын милдеттери

(Беренин аталышы КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Салык кызматынын органдары жана анын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;

2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого жана салык төлөөчүлөрдөн аны аткарууну талап кылууга;

3) салык төлөөчүлөргө салык милдеттенмелерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;

4) салык төлөөчүгө расмий массалык маалымат каражаттары аркылуу белгиленген салыктык отчеттуулуктун формалары, аларды толтуруу ыкмалары, салык кызматынын органына аларды берүүнүн тартиби жана мөөнөтү тууралу маалыматты жеткирүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабына жооп берүүгө;

6) салык милдеттенмелерин аткарууга салык контролун жүргүзүүгө;

7) салык төлөөчүлөрдү, салык салуу объекттерин, чегерилген жана төлөнгөн салыктарды эсепке алууну жүргүзүүгө;

8) эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, салык отчетунун белгиленген формадагы бланктарын салык кызматынын органдары берген учурда аларды бюджеттик каражаттардын эсебинен берүүгө;

9) салык отчетунун белгиленген формаларын толтуруунун тартибин түшүндүрүүгө;

10) көрсөтмөкаттар боюнча гана салык текшерүүсүн жүргүзүүгө;

11) салык текшерүүлөрүн жана салык контролунун башка формаларын инспектордук текшерүүлөр китепчесинде каттоого;

12) кызматтык, коммерциялык, салыктык, банктык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу башка купуя сырды сактоого;

13) ушул Кодексте каралган мөөнөттөрдө жана учурларда салык милдеттенмелерин аткаруу жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө тапшырууга;

14) ушул Кодексте белгиленген учурларда, салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча аны алган күндөн кийинки күндөн тартып 2 жумушчу күндөн кечиктирбей салыктардын, салыктык санкциялардын, туумдардын жана пайыздардын суммалары жана салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн даталары жөнүндө чечимин, ошондой эле салык төлөөчүгө жана/же анын салык милдеттенмесине жана/же анын салык карызына карата кабыл алынган салык кызматынын органынын чечимин берүүгө;

15) салык милдеттенмелерин аткаруу фактысын тастыктоочу документтердин 6 жыл бою сакталышын камсыз кылууга;

16) салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуунун ыкмаларын ушул Кодексте белгиленген тартипте колдонууга;

17) салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык салык санкцияларын салууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык санкцияларды колдонууга;

18) ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароого.

2. Салык кызматынын органдары алардын иштери тууралуу отчетту ыйгарым укуктуу салыктык органдын ачык маалыматтык веб-сайтында отчеттук календардык жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин жарыялоого милдеттүү. Бул отчет отчеттук календардык жылдагы төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

1) салык кызматынын органдары чогулткан салыктардын аталышын жана суммасын;

2) салык карыздарынын суммасын;

3) салыктарды жыйноо процессинде салык органдары тарткан чыгымдарды;

4) салык карызын төлөө жагында берилген салык жеңилдиктери, кийинкиге жылдыруу мөөнөтү жана бөлүп төлөөлөр боюнча статистикалык маалыматтарды;

5) салык кызматынын органдарынын иштериндеги жетишкендиктерди жана кемчиликтерди сыпаттоону;

6) салык карызынын өлчөмүн көрсөтүү менен, 5000 эсептик көрсөткүчтөрдөн ашкан өлчөмдөгү салык карызы бар деп таанылган жеке жактардын фамилияларынын жана ысымдарынын, уюмдардын аталыштарынын тизмесин.

3. Эгерде ушул Кодексте каралган тартипте салык контролун жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча кылмыш жоопкерчилиги баштала турган чектен ашкан эсептелбеген салыктын суммалары табылса, салык кызматынын органдары салык текшерүүсүнүн материалдарын төмөнкүдөй учурларда укук коргоо органдарынын кароосуна жиберет:

1) эгерде тиешелүү чечим мыйзамдуу күчүнө кирсе жана салык төлөөчү тарабынан даттануу берүүнүн ушул Кодексте белгиленген мөөнөтүнүн ичинде салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына даттанбаса;

2) эгерде салык төлөөчүнүн даттануусуна карата эсептелбеген салыктын суммасы кылмыш жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кеткенин ырастаган ыйгарым укуктуу салык органынын мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими бар болсо жана салык төлөөчүгө ыйгарым укуктуу салык органынын чечимин колуна бергенден кийинки күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде салык төлөөчү сотко даттануу менен кайрылбаса;

3) эгерде эсептелбеген салыктын өлчөмү кылмыш жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кеткенин ырастаган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими болсо.

Эгерде салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органынын же соттун тиешелүү чечиминде көрсөтүлгөн салык карызынын бардык суммасын белгиленген мөөнөттө жойсо, салык кызматынын органдары укук коргоо органдарына салыктык укук бузуу фактысы жөнүндө маалыматты жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга укугу жок.

4. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган башка милдеттерди да аткарышат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

52-берене. Салыктык укук мамилелеринин чөйрөсүндө бажы органдарынын ыйгарым укуктары

Бажы органдары бажы жана салык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө бюджетке салыктарды алууну ишке ашырат.

52-1-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды чогултууну жүзөгө ашырууга;

2) эгерде ушул пунктта башкача каралбаса, ушул Кодекстин 93-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарына ылайык салык контролун жүргүзүүгө;

3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын табылган бузууларды четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;

4) салык кызматы органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан салык салынуучу объекттерге жана ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө каралган салыктар боюнча салыктык милдеттерди эсептөөгө байланышкан маалыматтарды алууга;

5) ушул Кодексте аныкталган тартипте салык контролун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

6) мыйзамдарга ылайык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүүгө, ошондой эле сотко доолорду берүүгө.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Кодекстин 108-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында каралган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүзөгө ашырышат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салык контролун жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды төлөө боюнча документтерди көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык төлөөчүнүн укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын сактоого;

2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого жана салык төлөөчүлөрдөн анын аткарылышын талап кылууга;

3) салык төлөөчүлөргө алар тарабынан салыктык милдеттенмелеринин аткарууларына көмөк көрсөтүүгө;

4) ушул Кодекстин 74 жана 75-беренелерине ылайык салыктык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу ыкмаларын колдонууга;

5) ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле 53 жана 54-главаларында каралган салыктар боюнча салыктык милдеттенмелердин аткарылышына салык контролун жүзөгө ашырууга;

6) рейддик салык контролун жүргүзүүдө ушул Кодекстин 108-беренесинин 3-5-бөлүктөрүн, 113-115 жана 117-беренелерин жетекчиликке алууга;

7) салык контролунун формаларын инспектордук текшерүүлөр китебине каттоого;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу кызматтык, коммерциялык, салыктык, банктык жана башка жашыруун сырларды сактоого;

9) салыктык милдеттенмелердин аткарылгандыгынын аныктыгын ырастоочу документтердин 6 жыл бою сакталышын камсыз кылууга;

10) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө эсептелген жана келип түшкөн салыктардын суммасы жөнүндө, квитанциялардын жана документтердин колдонулушу тууралуу, ошондой эле салыктардын суммасын банкка же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төккөндүгү жөнүндө салык органына отчет берүүгө;

11) салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда салык кызматы органдарына көмөк көрсөтүүгө.

(КР 2013-жылдын 20-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

53-берене. Кызыкчылыктардын кагылышы

1. Салык кызматынын органдарынын кызмат адамына салык төлөөчүгө карата өз кызматтык милдеттерин ишке ашырууга төмөнкүдөй учурда тыюу салынат, эгерде:

1) салык төлөөчү ошол кызмат адамына жакын тууган болуп саналса, же

2) бул кызмат адамы же ушул кызмат адамынын жакын тууганы салык төлөөчүнүн экономикалык иш-аракетине же анын салык милдеттенмелеринин аткарылышына байланыштуу тике же кыйыр финансылык кызыкчылыгы болсо.

2. Салык кызматынын органынын кызмат адамы өз иш-аракетинде кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгышына жол бербөө үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.

54-берене. Салыктык купуя сыр

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, салык кызматынын органы же анын кызмат адамдары салык төлөөчү жөнүндө алган ар кандай маалыматтар салыктык купуя сырды түзөт, буга төмөнкүдөй маалыматтар кирбейт:

1) салык төлөөчүнүн реквизиттери (аталышы же салык төлөөчүнүн аты-жөнү), ошондой эле салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жөнүндө;

2) салык төлөөчүнү кошумча нарк салыгын төлөөчү катары каттоо жөнүндө;

3) кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактуралары жана акциз жыйымынын маркалары жөнүндө;

4) салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасы жөнүндө;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын салык төлөөчүнүн бузгандыктары жана мындай бузгандыктар үчүн соттун күчүнө кирген чечими менен белгиленген же болбосо салык төлөөчү мойнуна алган жоопкерчилик чаралары жөнүндө.

2. Салыктык купуя сыр маалыматтарын төмөнкүлөргө берген учурларды кошпогондо, салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан ачыкка чыгарылууга тийиш эмес:

1) өздөрүнүн ушул Кодексте же Бажы кодексинде каралган милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө же аткаруу максатында салык кызматынын органдарынын, бажы органдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка кызмат адамдарына;

2) салыктык укук бузуулардын фактысы боюнча кылмыш иши козголгон салык төлөөчүгө карата гана укук сактоо органдарына;

3) салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнүн жоопкерчилигин же анын салыктык карыздарын белгилөө боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сотко;

4) банкроттук процесси козголгон же банкроттук процессин козгоо жөнүндө чечим чыгарылган субъекттер боюнча банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында банкроттук жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга);

5) мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларация берүүгө милдеттүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;

6) алардын иш-аракетин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматына;

7) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, салык жана укук сактоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин салык жана укук коргоо органдарына.

3. Ушул берененин 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, салык төлөөчүгө карата салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарды салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен башка жакка ачууга мүмкүн.

4. Салыктык купуя сырды ачыкка чыгаруу деп салык төлөөчү жөнүндө ушул Кодексте каралган учурлардан тышкары мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына өз милдеттерин аткаруу учурунда белгилүү болгон маалыматты пайдалануу же башка субъектке берүү саналат.

5. Салык кызматынын органына түшкөн, салыктык купуя сырды түзгөн маалыматтар сактоонун жана жеткиликтүүлүктүн атайын режиминде болууга тийиш, ал салык кызматынын органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталат.

6. Салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарга салык кызматынын органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталуучу кызмат адамы жеткиликтүү болушу керек. Бул кызмат адамдарынын жеткиликтүүлүккө укугу салык текшерүүсүн жүргүзүүдөгү көрсөтмөкатта да көрсөтүлөт.

7. Салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары, ошондой эле мурда салык кызмат органдарынын кызмат адамдары болуп саналган адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда салык төлөөчүгө карата алган ар кандай маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.

8. Салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгаргандык үчүн купуя сыр кесиптик же кызматтык иш-аракетине байланыштуу белгилүү болгон адам салык төлөөчүгө келген зыянды толук төлөп берүүгө, ошондой эле башка компенсацияны төлөп берүүгө милдеттүү.

Салыктык купуя сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алуу зыянга алып келген учурда, бул маалыматтарды мыйзамсыз алган адам салык төлөөчүгө келген зыянды толук төлөп берүүгө, ошондой эле башка компенсацияны төлөп берүүгө милдеттүү.

Салыктык купуя сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алуу зыянга алып келбеген учурда администрациялык жоопкерчиликке алып келет.

9. Салык кызматынын органдарынан салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарды жана документтерди ушул беренеде каралган учурлардан тышкары талап кылууга мамлекеттик органдарга тыюу салынат.

10. Мамлекеттик органдардын ушул берененин 9-бөлүгүнүн талаптарын бузган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

III БӨЛҮМ
САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ

5-глава
Жалпы жоболор

55-берене. Салык милдеттенмеси

1. Салык милдеттенмеси деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген жагдайлар болгондогу салык төлөөчүнүн милдети саналат.

2. Салык милдеттенмеси акчалай милдеттенме болуп саналат.

3. Салык кызматынын органдары салык төлөөчүдөн салык милдеттенмелерин аткарууну талап кылууга милдеттүү.

4. Салык милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда салык кызматынын органдары аны камсыз кылуу боюнча ыкмаларды жана ушул Кодексте белгиленген тартипте салык милдеттенмесин мажбурлап аткартуу чараларын колдонууга укуктуу.

56-берене. Салык милдеттенмелеринин келип чыгышы, өзгөрүлүшү, аткарылышы жана токтотулушу

1. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген негиздер болгондо келип чыгат, өзгөрөт, аткарылды же токтотулду деп эсептелет.

2. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөө каралган жагдайлар келип чыккан күндөн тартып салык төлөөчүгө жүктөлөт.

57-берене. Салык милдеттенмесинин валютасы

1. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы — сом менен аткарылат.

2. Салык милдеттенмесин эсептөөдө салык милдеттенмесинин суммасын сом бирдиктерине чейин тегеректөөгө жол берилет.

58-берене. Салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү

1. Салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү төмөнкү күндөрдөн кийинки күндөн тартып 6 жылга белгиленет:

1) салык боюнча салык мезгили бүткөн;

2) салык карызы кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнгөн суммасын төлөбөгөн учурларда кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө иштери токтогон;

3) салык текшерүүсүн жүргүзүүнүн натыйжасында келип чыккан салык милдеттенмелери боюнча салык төлөөчүгө кабардама тапшырылган.

2. Эгерде салык төлөөчү салык милдеттенмесин туура эмес эсептесе же аткарса, доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде:

1) салык төлөөчү өз демилгеси боюнча тиешелүү оңдоо киргизүүгө укуктуу болот;

2) салык кызматынын органы салыктардын эсептелген суммасын көбөйтүүгө же азайтууга, ошондой эле салыктын эсептелген суммасын өндүрүп алууга укуктуу болот.

3. Салык төлөөчү салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын кириштөөнү же тиешелүү салык мезгили бүткөндөн кийин доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу болот.

4. Санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорун жүргүзүү мезгилинде салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү үзгүлтүккө учурайт.

5. Салык милдеттенмелери боюнча доонун эскирүү мөөнөтүн үзгүлтүккө учуратуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-глава
Салык милдеттенмесин аткаруу. Салык милдеттенмесинин токтотулушу

59-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу

1. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык талаптагыдай аткарылышы керек.

2. Салык милдеттенмесин аткаруу салык төлөөчү тарабынан өз алдынча же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда башка бир үчүнчү жак аркылуу ишке ашырылат.

3. Салык милдеттенмесин аткаруу деп салыктын бардык эсептелген суммасын төлөө эсебине накталай эмес тартипте банк аркылуу акча каражаттарын которуу жана/же накталай акча каражаттарын төлөө саналат.

4. Салык төлөөчү салыктын бардык суммасын дароо же бөлүп төлөө менен салык милдеттенмесин аткарууга укуктуу.

5. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.

6. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, салык милдеттенмесин аткаруудан баш тартууга же аны аткаруу тартибин өзгөртүүгө жол берилбейт.

7. Салык милдеттенмесин аткаруу салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартууга көз карандысыз түрдө ишке ашырылат.

60-берене. Салык милдеттенмелерин аткаруу датасы

1. Салык милдеттенмесин аткаруу датасы болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эгерде акча каражаты бюджетке толук көлөмдө түшкөн учурда, төлөм тапшырмасын аткаруу үчүн салык төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражаттар болгондо салыктын эсептелген суммасын которууга банкка төлөм тапшырмасы берилген күн;

2) акча каражаты бюджетке түшкөн учурда толук көлөмүндө бул төлөм тапшырмасын аткаруу үчүн салык төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражатынын жоктугунун себеби боюнча мурда аткарылбаган салыктын эсептелген суммасын которууга төлөм тапшырмасын банк аткарган күн;

3) банкка же салык кызматынын органына салыктын эсептелген суммасын которуу үчүн накталай акча каражаттарын төлөгөн күн;

4) салык карыз эсебине жана/же алдыдагы салык милдеттенмесин аткаруу эсебине салыктардын ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн суммаларын эсеп кылуу жөнүндө салык кызматынын органы чечим кабыл алган күн.

2. Салык милдеттенмеси төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүндө аткарылган жок деп табылат:

1) эгерде акча каражаты ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө бюджетке түшпөсө;

2) салык төлөөчү салыктын суммасын которууга төлөм тапшырмасын кайра сурап алса;

3) салыктын суммасын которууга төлөм тапшырмасын банк салык төлөөчүгө кайтарып берсе;

4) эгерде салык төлөөчү банкка салыктын суммасын которууга төлөм каражатын көрсөткөн күнү бул салык төлөөчүгө коюлган жана аткарылбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кезексиз же болбосо биринчи кезектеги тартипте аткарылуучу башка акчалай талаптар болсо жана салык төлөөчүнүн эсебинде мындай бардык акчалай талаптарды канааттандыруу үчүн жетиштүү акча каражаттары болбосо;

5) салыктын эсептелген суммаларын которуу үчүн төгүлгөн накталай акча каражаттарын салык төлөөчү кайра сурап алса.

61-берене. Салык карыздарын жоюу тартиби

Ар бир салыкка карата салык карыздарын жоюу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

1) салыктын суммасын;

2) мөөнөтүндө төлөнбөгөн салыктын суммасы боюнча пайыздарды;

3) мөөнөтүндө төлөнбөгөн салыктын суммасы боюнча эсептелген туумду;

4) чегерилген салык санкцияларын.

Салык карызын жоюу анын пайда болуу кезегинин тартиби боюнча жүргүзүлөт.

62-берене. Уюмдарды өзгөртүп кайра түзүүдө салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

1. Өзгөртүп кайра түзүүдө салык төлөөчү бул жөнүндө салык кызматынын органына жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Өзгөртүп кайра түзүлгөн уюмдун салык милдеттенмеси, өзгөртүп кайра түзүлгөн уюм салык милдеттенмесин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган фактылар жана/же жагдайлар укук улантуучуга белгилүү болгондугуна же болбогондугуна карабастан, укук улантуучу тарабынан аткарылат.

3. Бир нече уюмдар кошулганда, салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө алардын укук улантуучусу деп мындай кошулуунун натыйжасында пайда болгон уюм таанылат.

4. Бир уюм экинчи уюмга кошулганда, салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө бириккен уюмдун укук улантуучусу деп кошуп алган уюм таанылат.

5. Уюмдар бөлүнгөн учурда мындай бөлүнүүнүн натыйжасында пайда болгон жаңы уюм бөлүштүрүү балансына ылайык, салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө өзгөртүп кайра түзүлгөн уюмдун укук улантуучусу катары таанылат.

6. Уюмдун курамынан бир же бир нече уюмдарды бөлүүдө анын салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө өзгөртүп кайра түзүлгөн уюмга карата эгерде өткөрүү актысында белгиленбесе, укук улантуучу пайда болбойт.

7. Уюмду өзгөртүп кайра түзүүдө жаңыдан пайда болгон уюм укук улантуучу катары таанылат.

8. Өзгөртүп кайра түзүлгөн уюмдун салык милдеттенмесин аткарууда укук улантуучулардын катышуу үлүштөрүн белгилөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

9. Эгерде өзгөртүп кайра түзүүнүн натыйжасында укук улантуучунун катышуу үлүшүн аныктоого мүмкүн болбосо же анын салык милдеттенмесин толук көлөмүндө аткаруу мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда укук улантуучулар өзгөртүп кайра түзүлгөн уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу боюнча тилектештик жоопкерчилигин тартат.

10. Уюмду өзгөртүп кайра түзүү салык милдеттенмесин аткаруу мөөнөттөрүн укук улантуучулар тарабынан өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.

11. Уюм тарабынан ал өзгөртүп кайра түзүлгөнгө чейин ашыкча төлөнгөн салыктардын суммасын салык кызматынын органы өзгөртүп кайра түзүлүүчү уюмдун салык карызын жоюу эсебине кириштөөгө тийиш.

12. Өзгөртүп кайра түзүлүүчү уюмдун салык карызы жок болсо, салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасы анын укук улантуучусуна кайтарылып берилүүгө же аларды салык милдеттенмесин аткаруу эсебине кириштелүүгө тийиш.

63-берене. Төлөөгө жарамдуу уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

1. Уюмду жоюуда салык төлөөчүнүн жоюу комиссиясы бул тууралуу салык кызматынын органына жана бажы иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Жоюлуучу, төлөөгө жарамдуу уюмдун салык милдеттенмеси ошол уюмдун, анын ичинде уюмдун мүлкүн сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде белгиленген кезектүүлүк тартибинде жоюу комиссиясы тарабынан аткарылат.

3. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, жоюу мезгилинде келип чыккан салык милдеттенмеси ушул Кодексте белгиленген жалпы тартипте мындай милдеттенменин келип чыгышына жараша жоюу комиссиясы тарабынан аткарылат.

4. Эгерде жоюлуучу уюмдун акча каражаттары болбосо же салык карызын толук көлөмдө төлөө үчүн жетишсиз санда болсо, мындай учурда:

1) уюм банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн. Мындай учурда салык кызматынын органы бул уюмга банкроттолуу процессин козгой алат;

2) салык карызы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген учурларда, чектерде жана тартипте аталган уюмдун уюштуруучулары (катышуучулары) тарабынан жоюлууга тийиш.

5. Эгерде жоюлуучу уюмдун салыктар боюнча ашыкча төлөнгөн суммасы болсо, аталган сумма ушул Кодексте белгиленген тартипте жоюлуучу уюмдун салыктык карызын аткаруу эсебине кириштелүүгө тийиш.

6. Жоюлуучу уюмдун салык карызы жок болсо, салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасы ушул Кодексте белгиленген тартипте ошол уюмга кайтарылып берилүүгө тийиш.

64-берене. Банкрот деп таанылган же жарыяланган төлөөгө жарамсыз уюмдун же жеке ишкердин салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

1. Төлөөгө жарамсыз деп табылган же банкрот деп жарыяланган уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Салык милдеттенмесин эсептөө төлөөгө жарамсыз уюмду банкрот деп табуу же жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.

3. Жоюу жол-жоболорун колдонуу менен банкроттолуу процессинде, бул жол-жоболорду ишке ашыруу процессинде турган төлөөгө жарамсыз уюмдарда салык милдеттенмеси келип чыкпайт.

4. Эгерде төлөөгө жарамсыз уюм санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорун колдонуу менен банкроттолуу процессинде турса, салык кызматынын органынын салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча бардык иштери токтотулат.

Мында бул уюмга карата ар кандай мүлктүк талаптар салык кызматынын органы тарабынан санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорунун чектеринде гана коюлушу мүмкүн.

5. Санациялоо же болбосо реабилитациялоо жол-жоболору башталганга чейин төлөөгө жарамсыз уюмда түзүлгөн салык карызы уюмдун жогоруда көрсөтүлгөн банкроттолуу жол-жоболору аяктагандан жана анын төлөө жарамдуулугу калыбына келтирилгенден кийин гана төлөнүүгө тийиш.

6. Банкрот деп табылган же жарыяланган жеке ишкердин салык милдеттенмесин, ошондой эле салык карызын аткаруу уюмдар үчүн ушул беренеде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

65-берене. Өлгөн же өлдү деп жарыяланган жеке жактын салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

1. Жеке жак өлгөн же сот тарабынан өлдү деп жарыяланган учурда нотариус, жарандык ал-абалды каттоо боюнча орган, сот мурас ачылган жердеги салык кызматынын органын мурас ачылган күндөн тартып 6 айдын ичинде кабарландырууга милдеттүү.

2. Мурасты ачуу жөнүндө кабарды алган күндөн кийинки күндөн тартып 5 күндүн ичинде салык кызматынын органы мурасты ачкан жердеги нотариуска жана мураскерге өлгөн жеке жактын салык карызынын бар экендиги тууралу билдирүүгө милдеттүү.

3. Салык кызматынын органы өлгөн жеке жактын салык карыздарынан келип чыгуучу өз талаптарын мурастын аткаруучусуна (мурасты башкаруучуга) же мураскерге коюуга укуктуу.

4. Өлгөн жеке жактын салык милдеттенмеси өлгөн адамдан мүлктү мураска алган мураскери тарабынан мураска алынган мүлктүн наркынын чектеринде жана мурастаган үлүшкө пропорционалдуу түрдө мурасты алган күндөн кийинки күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен аткарылат.

5. Мында укук улантуучуда салыктык укук бузууларды жасагандыгы үчүн өлгөн жеке жакка мурда эсептелген салык санкцияларын төлөө боюнча милдетти мураскердин аткарышы жагында милдеттүүлүк келип чыкпайт.

6. Мураскер жок болсо же мураскер мурасты кабыл алуудан баш тартса, ошондой эле өлгөн жеке жактын салык карызынын өлчөмү мураска калуучу мүлктүн наркынан жогору болсо, салык карызынын төлөнбөгөн суммасы үмүтсүз карыз катары таанылат.

7. Сот тарабынан өлдү деп жарыяланган жеке жактын салык милдеттенмесин аткаруу өлгөн жеке жак үчүн ушул беренеде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

66-берене. Кабарсыз жок болгон же аракетке жарамсыз жеке жактын салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

1. Кабарсыз жоголгон же аракетке жарамсыз жеке жактын салык милдеттенмесин анын опекуну, багуучусу же мүлктү ишенимдүү башкарууну жүргүзгөн башкаруучу тарабынан сот жеке жакты кабарсыз жоголду же ишке жарамсыз деп тапкан күндөн кийинки күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен жеке жактын мүлкүнүн эсебинен аткарылат.

2. Сот жеке жакты кабарсыз жоголду же аракетке жарамсыз деп тапкандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде сот өз чечиминин көчүрмөсүн жиберүү аркылуу аталган жеке жак катталган жердеги салык кызматынын органына билдирүүгө милдеттүү.

3. Кабарсыз жоголду же аракетке жарамсыз деп таанылган жеке жак каттоодо турган жердеги салык кызматынын органы опекунга, камкорчуга же мүлктү ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырган башкаруучуга, ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча органга кабарсыз жоголду же аракетке жарамсыз деп табылган жеке жактын аткарылбай калган салык милдеттенмесинин бар экендиги жөнүндө кабардама берүүгө милдеттүү.

Жеке адамдын ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн аткарылбаган салык милдеттенмеси бар экени жөнүндө чечим, жеке адамды кабарсыз жоголду же аракетке жарамсыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды алган күндөн кийинки күндөн тартып 5 күндүн ичинде берилет.

4. Кабарсыз жоголду же аракетке жарамсыз деп табылган жеке жактын салык карызы анын салык карызын аткаруу үчүн ошол жеке жактын мүлкү болбогон же жетишсиз болгон учурда үмүтсүз карыз деп таанылат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

67-берене. Туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасында иш-аракет жүргүзүүдө салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

Туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында иш-аракет жүргүзүүдө салык милдеттенмесин аткаруу, салык карызын жоюу милдети ушундай иш-аракет жүргүзүүчү субъектиге жүктөлөт.

68-берене. Салык милдеттенмесин токтотуу

Төмөнкүдөй учурларда салык милдеттенмеси токтотулат, ал эми салык карызы жоюлду деп эсептелет:

1) салык милдеттенмеси талаптагыдай аткарылганда жана салык калдыгы, пайыздар, туумдар жана салык санкциялары төлөнгөндө;

2) ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөндө;

3) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) укук улантуучусу же мураскери болбогон жеке жак өлгөндө;

5) кабарсыз жоголду же аракетке жарамсыз деп табылган жеке жактын мүлкү болбогон же жетишсиз болгон учурда;

6) өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен субъектилердин карызын эсептен чыгаруу боюнча.

(КР 2010-жылдын 29-январындагы N 22, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

69-берене. Салык милдеттенмеси боюнча үмүтсүз карыздарды эсептен чыгаруу

Салык төлөөчүнүн салык карызы ушул Кодекстин 68-беренесинин 2-6-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда үмүтсүз карыз деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте эсептен чыгарылат.

(КР 2010-жылдын 29-январындагы N 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

Салык төлөөчүнүн салык карызын үмүтсүз деп табуунун жана аны кечүүнүн Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 736 токтому менен бекитилген)

7-глава
Салык милдеттенмесин аткарууну жана салык карызын жоюну камсыз кылуу

70-берене. Салык милдеттенмесин аткарууну жана салык карызын жоюуну камсыз кылуунун ыкмалары

1. Салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткарышы жана салык карыздарын жоюшу ушул Кодексте каралган ыкмалар менен камсыз кылынат.

2. Салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык карыздарын жоюу төмөнкүдөй ыкмалар менен камсыз кылынышы мүмкүн:

1) туумдарды эсептөө;

2) банктык кепилдик;

3) салык төлөөчүнүн депозити;

4) салык төлөөчү моюнуна алган салык карызын салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактардын эсебиндеги акча каражаттарынын жана/же накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу.

3. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө келип чыккан салык милдеттенмесин аткаруунун жана салык карызын жоюунун ыкмалары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында аныкталат.

71-берене. Туумдарды эсептөө

1. Туум деп салык милдеттенмесин аткарбаган же аткаруунун мөөнөтү өтүп кеткен учурда салык төлөөчү төлөөгө тийиш болгон акчалай сумма түшүнүлөт.

2. Туумдун суммасы салык милдеттенмесин мажбурлап аткартуу чараларын, ошондой эле салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликтин башка чараларын колдонууга карабастан эсептелет жана төлөнөт.

3. Туумдар салык милдеттенмесин аткаруу үчүн ушул Кодексте белгиленген күндөн кийинки күндөн тартып салык милдеттенмесин аткаруунун мөөнөтү өткөн ар бир календардык күн үчүн эсептелет.

4. Эсептелген туум салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасынын жүз пайыз өлчөмүнөн ашпашы керек.

5. Мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасына карата пайыздар менен аныкталат.

6. Туумдун суммасы мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн салык калдыгынын өлчөмүнүн 0,09 пайызына барабар өлчөмдө эсептелет.

7. Туум төмөнкүлөргө карата эсептелбейт:

1) эсептелген пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын суммасына;

2) салык төлөөчүнү банкрот деп таануу же жарыялоо жөнүндө чечим күчүнө кирген учурдан тартып банкрот деп таанылган салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасына;

3) соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып бул чечим жоюлганга чейин кабарсыз жоголду деп табылган жеке жактын салык калдыгынын суммасына;

4) салык калдыгынын келип чыгышынын бирден бир себеби тейлөөчү банктын жоюлушу болуп саналган учурда банкты мажбурлап жоюу жөнүндө чечим күчүнө кирген учурдан тартып мажбурлап жоюлуучу банктын кредиторунун — салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасына;

5) мамлекеттик бюджетте төмөнкүдөй максаттарга каралган ассигнациялоонун чектеринде салык төлөөчү тарабынан берилген товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз учурунда каржылабай калуунун натыйжасында келип чыккан салык калдыгынын суммасына;

6) ал жеткис күчтүн кесепетинен келип чыгуучу салык калдыгынын суммасына;

7) кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү салык карызынын суммасына.

72-берене. Банк кепилдиги

1. Салык карызынын суммасын төлөө боюнча салык төлөөчүнүн милдеттенмесин аткаруу банктык кепилдик менен камсыздалышы мүмкүн.

2. Банктык кепилдик деп банктык кепилдиктин шарттарына ылайык салык кызматынын органына салык төлөөчүнүн салык карызынын суммаларын төлөө милдеттенмесин аткарууга карата банктын милдеттенмеси саналат.

3. Банктык кепилдик Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык таризделет.

4. Салык карызынын суммасын төлөө боюнча салык төлөөчүнүн милдеттенмесин аткарууну банктык кепилдик менен камсыз кылууга байланыштуу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте каралат.

5. Салык карызынын суммасын төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуу жагындагы чара катары банктык кепилдик берүүдө келип чыгуучу укуктук мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жоболору колдонулат.

73-берене. Салык төлөөчүнүн депозити

1. Ушул Кодексте белгиленген учурларда алдыдагы мезгилде салык төлөөчүдө келип чыгышы мүмкүн болгон салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткаруу салык милдеттенмесинин өлчөмүндөгү акча каражаттарын салык кызматынын органынын атайын эсебине салык төлөөчү тарабынан салык төлөөчүнүн депозити аркылуу төлөө менен камсыз кылынышы мүмкүн.

2. Депозитти кабыл алган салык органы депозитти төлөгөндүгүн ырастоочу маалымкатты салык төлөөчүгө берет.

3. Салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн депозитин кабыл алган салык кызматынын органынын чечиминде каралган учурларда, шарттарда жана мөөнөттөрдө гана депозиттик эсепте сакталган суммаларды тескөөгө укуктуу.

4. Салык депозитинин суммасына пайыздар эсептелбейт.

5. Депозит аркылуу камсыз кылуунун натыйжасында салык төлөөчүдө салык милдеттенмеси келип чыккан учурлар болсо, салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесинин суммасы депозиттин суммасынан алынып бюджетке которулат.

6. Салык төлөөчүдө салык милдеттенмеси келип чыкпаган учурлар болсо, ошондой эле салык милдеттенмеси салынган депозиттин суммасынан аз өлчөмдө болсо, төлөнгөн акча каражаты жана алардын калдыгы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет же анын каалоосу боюнча алдыдагы мезгилдер үчүн салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу же башка салыктар боюнча милдеттенмелерин аткаруу эсебине кириштелүүгө тийиш.

7. Төлөнгөн суммаларды кайтарып берүү же кириштөө салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген документтерди берүү менен салык кызматынын органдарына арыз тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып жыйырма күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

74-берене. Салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын аткаруу

1. Салык төлөөчү — уюм же жеке ишкер өз мойнуна алган, ушул Кодекстин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык аныкталган салык карыздарынын суммасын төлөбөгөн же толук түрдө төлөбөгөн учурда салык органы салык төлөөчүнүн — уюмдан же жеке ишкерден алардын макулдугусуз эле талашсыз өндүрүп алууга жана өндүрүлүп алынган каражаттарды мындай карыздын суммасын төлөө үчүн жумшоого укуктуу.

2. Салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасын салык төлөөчүнүн эсептеринен өндүрүп алуу салыктык төлөм талабын (мындан ары бул беренеде — СТТ) банкка берүү аркылуу жүргүзүлөт.

3. СТТ салык төлөөчүнүн эсебинен, анын ичинде валюталык эсептен анын салыктарын төлөө эсебине акча каражаттарын банкка СТТ түшкөн күндөн кийинки бир операциялык күндөн кечиктирбестен эсептен чыгаруу аркылуу банк тарабынан аткарылат.

4. СТТны банк алган күнгө карата салык төлөөчүнүн эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болсо, мындай талап бул эсепке акча каражаттарынын түшүшүнө жараша ушундай ар бир каражат түшкөн күндөн кийинки күнкү бир операциялык күндөн кечиктирбестен аткарылат.

5. Банктагы салык төлөөчүнүн эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болсо, салык органы салык төлөөчү моюнга алган салык карызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө акт боюнча накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алууга көрсөтмөкаттын негизинде укуктуу болот.

Ушул пунктка ылайык өндүрүлгөн болгон акча каражаттары алар өндүрүлүп алынган күндөн кийинки 2 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, аларды салык төлөөчүнүн эсебине кириштөө, андан кийин бюджетке которуу үчүн банкка берилет.

6. Салык төлөөчүдө акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда салык органы салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын чектеринде үчүнчү жактардын эсебинен накталай акча каражатын өндүрүп алууга укуктуу.

Үчүнчү жактардын эсебинен өндүрүп алуу талашсыз тартипте, салык төлөөчүнүн жана үчүнчү жактардын ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысынын негизинде, салык төлөөчүгө үчүнчү жактын документтүү ырасталган карызы болгондо жүргүзүлөт.

7. Эгерде салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын аткарууну салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактардын накталай акча каражаттарынын жана/же эсептердеги акча каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу жөнүндө чечим салык төлөөчүгө тапшырылса, бирок салык төлөөчү тиешелүү чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде берилген чечимди аткарбаса, же берилген чечимге ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанбаган учурда ушул берене колдонулат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

75-берене. Салык карыздарын мажбурлап жоюу

1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, салык төлөөчүнүн салык карызы болсо жана ушул Кодекске ылайык ага кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтү берилбесе, салык органы салык карызын төлөө жөнүндө кабардамада көрсөтүлгөн сумманын чектеринде бул салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен мүлктү тескөөнү чектөө жана/же салыктык карыздарын өндүрүп алуу жөнүндө сотко доо арызы менен кайрылууга укуктуу.

Сотко кайрылуу Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинде каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт.

Мындай доодо салык карызын үчүнчү жактан, анын ичинде дебитордун, жумуш берүүчүнүн, банктын же болбосо башка уюмдун каражаттарынын эсебинен өндүрүүнү каралышы мүмкүн.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн доо арызын берүүдө салык органы салык төлөөчүнүн үчүнчү тарабына, анын ичинде дебиторго, жумуш берүүчүгө, банкка же болбосо башка уюмга салык карызы бар салык төлөөчүнүн дарегине же анын тапшырмасы боюнча акча төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө салык кызматы органынын чечимин, чечимди тиркөө менен жиберүүгө укуктуу.

Эгерде үчүнчү жак чечимде көрсөтүлгөн талаптарды соттун чечими чыкканга чейин аткарбаса жана салык кызматы органынын бул чечимин талашпаса төлөмгө барабар, бирок салык карызынын суммасынан ашпаган сумма өндүрүлөт. Ушул бөлүктө каралган сумманы өндүрүү соттун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салыкты өндүрүү жөнүндөгү доо боюнча ишти кароо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

4. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салыктык карыздарын өндүрүү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык жүргүзүлөт.

5. Салык төлөөчүнүн — жеке жактын мүлкүнүн эсебинен салыктык карыздарын өндүрүү төмөнкүлөргө карата жүргүзүлбөйт:

1) 100000 сомго чейинки өлчөмдөгү негизги каражаттарга;

2) экономикалык иш-аракетке тиешеси жок жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизме боюнча жеке жактын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар күндүк өздүк пайдалануусу үчүн арналган мүлккө.

Салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салык өндүрүүдө ушул пунктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү бөлүштүрүүгө мүмкүн болбосо, бул мүлк белгиленген чекке чейин мүлктүн суммасын кийин кайтарып берүү менен ушул берененин шарттары боюнча сатылууга тийиш.

6. Салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салыкты өндүргөн учурда аны саткан жана түшкөн суммалардын эсебинен салык карызын жойгон күндөн тартып салыктык карыздарын төлөө боюнча милдеттенме аткарылды деп эсептелет. Мурда камакта турган мүлктү саткан учурда салыктык карыздарды жана салыктык санкцияларды өз учурунда которбогондук үчүн туум мүлктү камакка алган күндөн тартып жана түшкөн суммаларды бюджетке которгонго чейин эсептелбейт.

7. Салык органынын кызмат адамы, ошондой эле алар менен өз ара көз каранды адамдар салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салык өндүрүү жөнүндө соттун чечимин аткаруу тартибинде салык төлөөчүнүн сатылуучу мүлкүн сатып алууга укугу жок.

8. Бул берене салык текшерүүсүнүн жана ага даттануунун натыйжасында келип чыгуучу салык милдеттенмесине карата даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин колдонулбайт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-глава
Салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүү

76-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары

1. Салык милдеттенмелерин аткаруунун, ошондой эле салык карыздарын жоюунун (мындан ары ушул главада — салык карызынын суммасы) мөөнөтүн өзгөртүү деп салык карызынын суммасын төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн кыйла кийинки мөөнөткө которуу түшүнүлөт.

2. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул главада каралган тартипте гана жол берилет.

Төлөө мөөнөтү ушул главада башкача каралбаса салык карызынын төлөнбөгөн суммасына проценттерди эсептөө менен салык карызынын төлөнүүгө тийиш болгон бардык суммасына же болбосо анын бөлүктөрүнө карата өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө формасында ишке ашырылат.

4. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү аны төлөө боюнча колдонуудагы милдеттерди жойбойт жана жаңыларын түзбөйт.

5. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү банктык кепилдик менен гана жүргүзүлөт.

6. Бул берененин жоболору акциз салыгы боюнча салык карызынын суммасына карата колдонулбайт.

77-берене. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн жокко чыгаруучу жагдайлар

1. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтү, эгерде мындай өзгөртүүгө талапкер болгон салык төлөөчүгө карата ал өзүнүн акча каражаттарын же салык салынууга тийиш болгон башка мүлкүн жашыруу үчүн ушундай өзгөртүүнү пайдаланат дегенге документтик негиздер болсо, же болбосо бул салык төлөөчү туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетүүгө камданса, мындай өзгөртүү болушу мүмкүн эмес.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар пайда болсо, салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө чыгарылган чечим жоюлууга тийиш.

Чыгарылган чечимди жоюуда салык кызматынын органы ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүгө бул чечим чыгарылган күндөн кийинки 3 күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

78-берене. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу органдар

Компетенциясына салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алуу кирген органдар (мындан ары ушул главада — ыйгарым укуктуу органдар) болуп төмөнкүлөр саналат:

1) салык органы — 100000 сомдон ашпаган суммада;

2) ыйгарым укуктуу салык органы — 100000 сомдон жана андан ашкан суммада.

79-берене. Салыктык карыздын суммасын төлөө боюнча кийинки жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү тартиби жана шарттары

1. Салыктык карыздын суммасын төлөө боюнча кийинки жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү ушул беренеде каралган негиздер болсо, аны төлөө мөөнөтүн салык төлөөчү салыктык карыздын суммасын бир жолку төлөө менен (мындан ары бул главада — кийинкиге жылдыруу) жана/же салыктык карыздын суммасын этап-этабы менен төлөө (мындан ары бул главада — бөлүп төлөө) аркылуу 1 айдан 3 жылга чейинки мөөнөткө өзгөртүүнү билдирет.

2. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү пайда болгон же салык төлөөчү тарабынан төмөнкүдөй себептердин биринен улам төгүлбөгөн салыктык карыздын суммасына карата анын арызы боюнча берилиши мүмкүн:

1) жеңилбес күчтүн жагдайларынын натыйжасында салык төлөөчүгө келтирилген зыяндын;

2) берилген товарлар, аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн бул салык төлөөчүгө бюджеттен каржылоо же алар үчүн акы төлөө кечиктирилген, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин алкактарында;

3) эгерде салык төлөөчүнүн финансылык же мүлктүк абалы салыктык карыздын суммасын бир жолку төлөөгө мүмкүндүк бербесе жана берилген кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө мөөнөтү салыктык милдеттенмени аткарууга көмөктөшө турган болсо.

3. Кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө мөөнөтү бир же бир нече салыктар боюнча берилиши мүмкүн.

4. Эгерде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3) пунктунда көрсөтүлгөн негиздери боюнча берилсе салыктык карыз суммасына анын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнгөн суммасынан КРУБдун эки эсе эсептик ставкасына жараша пайыздар эсептелет. Пайыздар кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө берилген мезгилдеги ар бир күн үчүн эсептелет.

Эгерде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1) жана 2) пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча берилсе, бул салыктык карыз суммасына пайыздар эсептелбейт.

5. Салыктык карыздын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасына туум-айыптар жана салыктык санкциялар эсептелбейт.

6. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө арыз негиздерин көрсөтүү менен тиешелүү ыйгарым укуктуу органга берилет. Бул арызга ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздердин жана салыктык карыздын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасын төлөөнүн банктык кепилдиктери жөнүндө документтердин бар экендигин тастыктоочу документтер тиркелет. Көрсөтүлгөн арыздын көчүрмөсү салык төлөөчү эсепте турган жердеги салык органына арыз берген күндөн кийинки күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө салык төлөөчү тарабынан жиберилет.

7. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим салык төлөөчүнүн арызын алган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.

Салык төлөөчүнүн арызын караган мезгилде салык органдары салык карызын мажбурлап өндүрүү чараларын токтотуп турат.

8. Ушул главада белгиленген талаптарды аткарууда салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүнү четке кагуучу жагдайлар болбосо, ыйгарым укуктуу орган ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1) жана 2) пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча салык төлөөчүгө келтирилген зыяндын тийиштүү суммасынын же болбосо берилген товарлар, аткарылган иштер жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн салык төлөөчүгө бюджеттен кем каржыланган же төлөнбөгөн сумманын чегинде салык төлөөчүгө кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтүн берүүдөн баш тартууга укугу жок.

9. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө чечимде кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө берилген салыкты, салыктык карыздын суммасын жана эсептелүүчү пайыздарды төлөө мөөнөтүн жана тартибин, ошондой эле салыктык карыздын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасын төлөөнүн банктык кепилдиги жөнүндө документтер көрсөтүлүүгө тийиш.

Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө чечим ушул чечимде аныкталган күндөн тартып күчүнө кирет. Мында салык карызын төлөө үчүн белгиленген күндөн тартып бул чечим күчүнө кирген күнгө чейинки бардык мезгил үчүн эсептелген туум-айыптар жана салыктык санкциялар карыз суммасына кошулат.

10. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим негизделүүгө тийиш.

11. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү же аны

берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан салык төлөөчүгө жана салык төлөөчү эсепке алынган жердеги салык кызматы органына мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 3 күндүн ичинде жиберилет.

12. Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу товарларды алып өтүүгө байланыштуу салыктык карызды төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55, 2013-жылдын 15-ноябрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

80-берене. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушун токтотуу

1. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу тиешелүү чечимдин же келишимдин колдонулуш мөөнөтү бүткөндө токтотулат же болбосо ушул беренеде каралган учурларда мындай мөөнөт бүткөнгө чейин токтотулушу мүмкүн.

2. Кийинкиге жылдыруу жана\же бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу салык төлөөчү салыктык карыздын бардык эсептелген суммасын жана тиешелүү пайыздарды белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин төлөгөн учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

3. Жеңилгис күчтүн жагдайларынын келип чыгыш себеби боюнча бузууларды кошпогондо кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүүнүн шарттарын салык төлөөчү бузганда салык кызматы органы салык төлөөчү чечимди алган күндөн кийинки күндөн тартып 10 күндүн ичинде бузууларды четтетүү жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө жиберет. Эгерде салык төлөөчү бул чечимди аткарбаса жана талашпаса кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу салык төлөөчү кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн шарттарын бузган күндөн тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулганда, салык төлөөчү тиешелүү чечимди алгандан кийин 30 календардык күндүн ичинде салыктык карыздын төлөнбөгөн суммасын, ошондой эле ушул чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып ушул сумма төлөнгөн күнгө чейинки ар бир күн үчүн салык калдыгынын суммасына туум-айыптарды жана салыктык санкцияларды төлөөгө тийиш.

Мында салыктык карыздын калган төлөнбөгөн суммасы кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө чечимде аныкталган, кийинкиге жылдыруу жана\же бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулуш мезгили үчүн кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу жөнүндө чечимге ылайык эсептелген пайыздардын суммасына көбөйтүлгөн жана салыктык карыздар менен пайыздардын иш жүзүндө төлөнгөн суммаларынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

5. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим бул чечимди кабыл алган ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен, салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген тартипте жиберилет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-глава
Салыктарды эсепке алуу жана кайтарып берүү

81-берене. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу, кайтарып берүү

1. Салыктын ашык төлөнгөн суммасы, ошондой эле пайыз, туум жана салыктык санкция деп салык төлөөчү бюджетке төлөгөн салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын суммасы менен бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын суммасынын ортосундагы оң айырма эсептелет, буга ушул Кодекстин 278 жана 279-беренелери менен аныкталган кошумча наркка салык (мындан ары — КНС) боюнча ашкан сумма кирбейт.

2. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын ашык төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн салык боюнча карызын төлөөсүнүн эсебине төмөнкүдөй тартипте кириштелет:

1) салыктын бул түрү боюнча пайыздарды, туумду жана салыктык санкцияларды жоюунун эсебине;

2) салыктардын башка түрлөрү боюнча төлөнө элек береселерди жоюунун эсебине;

3) салыктардын башка түрлөрү боюнча пайыздарды, туумду жана салыктык санкцияларды жоюунун эсебине.

3. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү салык кызматы органы тарабынан салык төлөөчүнүн аткарылбаган салык милдеттенмеси болгон учурда салык төлөөчүгө чегерүү жөнүндө чечимди тапшыруу менен чегерүү жүргүзүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде өз алдынча жүргүзүлөт.

4. Салык төлөөчүдө ашыкча төлөнгөн салыктык сумма бар болгон жана башка салыктар боюнча аткарылбаган салыктык милдеттенмеси пайда болгон учурда салыктын ашкыча төлөнгөн суммасын аткарыла элек салыктык милдеттенменин эсебине чегерүү салык органы тарабынан аткарылбаган салыктык милдеттенменин жаралган күнгө карата өз алдынча жүргүзүлөт.

5. Салык органы салык төлөөчүгө чегерүү жүргүзүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабарлайт.

6. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар аткарылган учурда салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн арызы боюнча ушул салык боюнча же башка салыктар боюнча келерки мезгилдердин салыктык милдеттенмелерин аткаруунун эсебине чегерилүүгө тийиш же болбосо салык төлөөчүгө кайра берилет.

7. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын кайра берүү салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн катталган же төлөгөн жери боюнча кайра берүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып 40 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

8. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү же кайра берүү жөнүндө арызды салык төлөөчү ашык төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийинки күндөн тартып 6 жылдан кеч эмес берсе болот.

9. Салык төлөөчү ашыкча төлөгөн салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын суммасын башка салык төлөөчүнүн салыктык карызын жоюунун эсебине чегерүүгө болбойт.

10. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдун жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүгө анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча салык төлөөчүгө аткарыла элек салыктык милдеттенмеси жок болсо кайра берилет.

11. Ушул берененин 7-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт кечиктирилсе, кайра берүү мөөнөтүн кечиктирген ар бир күн үчүн бюджеттик каражаттын эсебинен 0,09 пайыз өлчөмдө салык төлөөчүгө туум төлөнөт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-глава
Салык кызматы органынын чечими

(Главанын аталышы КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

82-берене. Салык кызматы органынын чечими жана анын мазмуну

1. Салык төлөөчү үчүн олуттуу юридикалык кесепеттери бар бардык маселелер боюнча ушул Кодекске ылайык чечим салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат.

2. Чечимдин түрүнө жараша анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты же анын толук аталышы;

2) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;

3) чечим кабыл алынган дата;

4) чечим кабыл алуу үчүн негиз;

5) кабыл алынган чечим;

6) чечим кабыл алынган күнгө карата эсептелген салыктар, пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча карыздын суммасы;

7) тиешелүү салыктардын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын реквизиттери;

8) ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмесин аткаруу мөөнөтү;

9) салык төлөөчү чечимди аткарбаган учурда колдонула турган салык милдеттенмесин аткарууну камсыз кылуу боюнча чаралар;

10) салык кызматы органынын салык төлөөчүгө жана/же анын салык милдеттенмесине жана/же анын салык карызына карата кылган аракеттери жөнүндө маалымат;

11) даттануу тартиби;

12) салык төлөө же салык карызын жоюу үчүн зарыл болгон банк реквизиттери;

13) башка зарыл маалыматтар.

3. Чечим салык төлөөчүгө ушул чечимди тапшыруу жолу менен жеткирилет.

4. Чечим эки нускада түзүлөт, алардын бири салык төлөөчүгө же ушул Кодексте белгиленген учурларда жактарга тапшырылат.

5. Чечимди кабыл алуунун формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

Эгерде чечимдин формасы белгиленбесе, ал эркин формада түзүлөт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

83-берене. Салык кызматы органынын чечимин салык төлөөчүгө тапшыруу

1. Чечим тапшырылган болуп эсептелет, эгерде ал:

1) салык төлөөчүнүн экономикалык иштерди жүзөгө ашырган акыркы дареги боюнча же Кыргыз Республикасындагы анын акыркы катталган дареги боюнча же салык төлөөчүнүн салык өкүлүнө жекече кол койдуруу же анын алынган фактысын жана датасын ырастаган башка ыкма менен жеткирилсе;

2) салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө салык органында жекече кол койдуруу менен берилсе.

2. Чечим почта аркылуу тапшырык каты менен жөнөтүлгөн учурда тапшыруу жөнүндө дүмүрчөктө көрсөтүлгөн тапшырык катын алган же алуудан баш тарткан датада чечим тапшырылган болуп эсептелет.

3. Чечим ушул Кодекске карама-каршы келбеген, ушул Кодекстин талаптарына жооп берген жана ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүгө тапшырылган учурларда гана күчүндө болот.

4. Чечим ушул Кодексте көрсөтүлгөн талаптар сакталбаганда, ал тургай салык төлөөчүгө чечим жана анын мазмуну жөнүндө белгилүү болсо да жарактуу же күчүндө деп эсептелбейт. Салык төлөөчүгө чечимди талаптагыдай тапшыруу фактысын далилдөө салык кызматы органынын милдети болуп саналат.

5. Салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө төмөнкү чечимдер тапшырылат:

1) салык салуу максатында бүтүмдүн баасын аныктоо жөнүндө;

2) көчмө текшерүүнүн натыйжалары боюнча;

3) салык кызматы органы эсептеген салык милдеттенмесинин суммасы жөнүндө;

4) салык милдеттенмесинин кошулуп эсептелинген же азайтылган суммасы жөнүндө;

5) салык төлөөчүнүн дарегине же анын тапшырмасы боюнча акча төлөмдөрүн токтотуу талабын коюу жөнүндө;

6) администрациялык укук бузуу жөнүндө токтом формасында администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө;

7) экспертиза жүргүзүү жөнүндө;

8) салык төлөөчүнүн депозити жөнүндө;

9) салык милдеттенмесин жана/же салык карызын аткарууну кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө;

10) салык отчетун берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө;

11) салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча;

12) ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлүп алынган салык суммаларын салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык карызынын эсебине жана/же алдыдагы салык милдеттенмесин аткаруу эсебине алуу жөнүндө;

13) КНС ашыкча суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу жөнүндө;

14) КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө;

15) салык төлөөчү тарабынан текшерилүүчү документтерди берүү жөнүндө;

16) салык кызматы органы өз алдынча өндүргөн ашыкча төлөнгөн салык суммасын эсепке алуу жөнүндө;

17) көчмө текшерүүнүн материалдарын кароо убактысы жана орду жөнүндө;

18) жер участогун, мүлк объектисин иш жүзүндө ченөөнү жүзөгө ашыруу датасы жана убактысы жөнүндө;

19) камералык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө;

20) камералык текшерүүнүн натыйжалары боюнча салык төлөөчүнүн иштеринин көрсөткүчтөрүнүн ылайыксыздыгы табылганы жөнүндө.

6. Салык кызматы органынын чечими төмөнкү адамдарга алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча берилет:

1) салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө:

а) көчмө текшерүүнү жана/же узартууну, жана/же токтото турууну, жана/же кайра жаңыртууну дайындоо жөнүндө. Чечимдин реквизиттери салык төлөөчүгө тапшырылуучу текшерүү буйругунда көрсөтүлөт;

б) көчмө текшерүүнүн натыйжасында эмес эсептелинген же азайтылган пайыз, туум, салык санкцияларынын суммасы жөнүндө;

в) салык милдеттенмесин аткарууну камсыз кылуу жана/же салык карызын жоюу жөнүндө;

г) жер салыгынын, мүлк салыгынын эсептелген суммасы жөнүндө;

д) камералык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн ылайыксыздыгы табылганы жөнүндө;

е) кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө шарттарын бузууну четтетүү фактысы жөнүндө;

ж) салык отчеттуулугундагы бузууларды четтетүү жөнүндө;

2) бажы органына, каржылык чалгындоо органына, каржы полициясына — көчмө текшерүүнү дайындоо же аны өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө. Чечимдин реквизиттери жазуу жузүндөгү жоопто көрсөтүлөт;

3) мүлктү ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу камкорчуга, көзөмөлчүгө же башкаруучуга, ошондой эле үй-бүлө жана балдарды колдоо боюнча органга — кабарсыз жок болгон же аракетке жарамсыз деп таанылган адамдын аткарылбаган салык милдеттенмеси болгону жөнүндө;

4) мурас ачылган жер боюнча нотариуска жана мураскерге — каза болгон адамдын салык карызы болгону жөнүндө;

5) банкка — текшерилип жаткан салык төлөөчүнүн эсептери менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалымат берүү жөнүндө.

Чечим аны кабыл алган салык кызматы органы тарабынан суроо-талапты алган күндөн кийинки күндөн тартып 2 жумушчу күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө берилет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-глава
Эсепке алуу документтери жана салыктык отчеттуулук

84-берене. Эсепке алуу документтерин түзүү жана сактоо

1. Эсепке алуу документтери салыктык милдеттенмени аныктоо үчүн негиз болуп саналуучу баштапкы документтерди, бухгалтердик эсептин регистрлерин жана башка документтерди камтыйт.

2. Эсепке алуу документтери кагаз түрүндө жана/же электрондук булактарда түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген тиешелүү салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү өткөнгө чейин сакталат, бирок ал ушул Кодексте белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнөн кем болбойт.

3. Баштапкы документтер жана бухгалтердик эсептин регистрлери салык төлөөчү тарабынан мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлөт.

4. Чет тилде түзүлгөн башка эсепке алуу документтери болсо салык органынын талабы боюнча салык төлөөчү мындай документтерди мамлекеттик же расмий тилге которууну камсыз кылууга милдеттүү.

5. Салык төлөөчү өзгөртүп кайра түзүлгөн учурда кайра түзүлгөн уюмдун эсепке алуу документтерин сактоо боюнча милдеттенме анын укук мурасчысына жүктөлөт.

6. Уюмду жоюуда, ошондой эле жеке ишкердин ишмердиги токтогон учурда мамлекеттик реестрден чыгарылгандан кийин эсепке алуу документтеринин мамлекеттик архивге тапшырылууга тийиш болгондорунан башкасы жок кылынышы мүмкүн.

Салык төлөөчү эсепке алуу документтерин жок кылуу датасынан кеминде 5 жумушчу күн мурда эсепке алуу документтерин жок кылуу орду жана убактысы жөнүндө салык кызматынын органына кабарлоого милдеттүү.

85-берене. Салыктык отчеттуулук

1. Салыктык отчеттуулук ушул Кодексте белгиленген тартипке ылайык салык органына берилген салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү жана/же электрондук документи болуп саналат, ал салыктык милдеттенменин өлчөмү жөнүндө, ошондой эле салыктык милдеттенмени эсептөө үчүн зарыл маалыматтарды камтыйт.

2. Салыктык отчеттуулуктун формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы N 109 «Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө» токтому

86-берене. Салыктык отчетторду түзүүнүн жана берүүнүн тартиби

1. Эгерде ушул Жободо башкача белгиленбесе, салыктык отчет ушул Кодекстин талаптарына ылайык өз алдынча салык төлөөчү же болбосо салык боюнча өкүл тарабынан түзүлөт.

2. Салык отчету мамлекеттик же расмий тилде кагаз түрүндө жана/же электрондук булактарда түзүлөт.

3. Кагаз түрүндөгү салык отчетуна салык төлөөчү же салык төлөөчүнүн кызмат адамы жана/же салык боюнча өкүл кол коюуга тийиш. Салык төлөөчүнүн жана салык төлөөчүнүн кызмат адамынын, салык боюнча өкүлдүн койгон колу, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүгө мөөр колдонуу боюнча талаптар коюлса, мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, салык отчетун электрондук түрдө түзүүдө электрондук документ салык төлөөчүнүн электрондук санариптик кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

5. Салык отчетун түзүүдө анда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик салык төлөөчүгө жүктөлөт.

6. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында башкача белгиленбесе, салык отчету салык төлөөчү катталган жердеги салык органына берилет.

7. Салык төлөөчү, салык боюнча өкүл салык отчетун каалоосу боюнча төмөнкүдөй түрдө берүүгө укуктуу:

1) өзүлөрү барып;

2) кабарлоо менен заказдык кат аркылуу почта менен;

3) Ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген учурларда маалыматты компьютердик иштеп чыгууга жол берүүчү электрондук түрдө.

8. Салык отчету салык төлөөчүнүн каалоосу боюнча алдын ала текшерүүсүз, анын мазмунун талкуулабастан кабыл алынат.

9. Салык отчетун толтуруунун жана берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилет.

10. Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жол берилет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55, 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз:

Салыктык отчеттордун формаларын толтуруу жана берүү тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги N 144 токтому менен бекитилген);

Салык отчетун  электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн  тартиби  жөнүндө  Жобо  (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-августундагы N 453 токтому менен бекитилген)

87-берене. Салык отчетун берүү мөөнөтү

1. Салык отчетун берүү мөөнөтү ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө белгиленет.

2. Салык отчетун берүүнүн белгиленген мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул Кодексте каралган тартипте гана жол берилет.

3. Салык отчетун берүү мөөнөттөрүн бузуу ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.

4. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында башкача белгиленбесе, салык отчету төмөнкүдөй мөөнөттөрдө берилет:

1) салыктын алдын ала суммасы боюнча салык отчетун түзүү учурунда — отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен;

2) бир календардык жылга барабар болгон салык мезгили үчүн салык отчетун түзүүдө — отчеттук жылдан кийинки календардык жылдын 1-мартынан кийинки күндөн;

3) бир айга барабар болгон салык мезгили үчүн салык отчетун түзүүдө — отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен;

4) бир кварталга барабар болгон салык мезгили үчүн салык отчетун түзүүдө — отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен;

5) ушул бөлүктүн 1, 2 жана 3-пункттарында каралбаган учурларда салыктык милдеттенме келип чыккан айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен.

5. Салык төлөөчү өзгөртүлүп кайра түзүлгөн же жоюлган учурда салык отчету өзгөртүп кайра түзүү же жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 күндүн ичинде берилет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

88-берене. Салык отчетун берүү мөөнөтүн узартуу

1. Ушул Кодексте белгиленген салык отчетун берүү мөөнөтүнө чейин салык төлөөчүдөн жазуу жүзүндөгү арыз алганда, салык органы салык отчетун берүү мөөнөтүн берилген салык отчетун берүү мөөнөтүнөн кийинки 30 күнгө узартуу жөнүндө чечим чыгарат.

2. Салык отчетун берүү мөөнөтүн узартуу салык төлөө мөөнөтүн өзгөртпөйт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

89-берене. Салык отчетторун берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу датасы

1. Салык отчетун берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу датасы салык органы тарабынан отчетту кабыл алган дата же электрондук почта боюнча отчетту жибергендиги жөнүндө кабарлаган дата же кайра кабарлоо менен отчетту почта аркылуу заказдык кат менен жиберүү датасы эсептелет.

2. Салык отчетун берүү боюнча милдеттенме, эгерде документ салыктык отчет берүү үчүн ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн акыркы күнүнүн жумушчу мезгили бүткөнгө чейин отчет байланыш уюмуна берилгендигин ырастаган байланыш уюмунун отчетун кабыл алуу убактысы жана датасы жөнүндө белгиси бар документ болгондо мөөнөтүндө аткарылды деп эсептелет.

3. Салык төлөөчүнүн салык отчетуна карата милдеттүү талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:

1) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин, юридикалык жана иш жүзүндөгү дарегин көрсөтүү;

2) салык милдеттенмесин жана салык мезгилин көрсөтүү;

3) салык отчетуна кол коюуга карата ушул Кодексте белгиленген талаптар;

4) отчетту белгиленген формада түзүү.

4. Салык төлөөчү ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган талаптарды бузганда, салык кызматы органы салык төлөөчү берилген чечимди кабыл алган күндөн кийинки күндөн тартып 10 күндүн ичинде салык төлөөчүгө бузууну четтетүү жөнүндө чечимди жиберет. Көрсөтүлгөн чечимди салык төлөөчү аткарган учурда, салык отчетун берүү боюнча милдеттенме аткарылган болуп эсептелет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

90-берене. Салык отчетуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

1. Салык отчетуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө ушул Кодексте белгиленген салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде жол берилет.

2. Салык отчетуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү салык мезгили үчүн такталган салык отчетун түзүү аркылуу салык төлөөчү же салык боюнча өкүл тарабынан жүргүзүлөт, ага ушул Кодексте башкача каралбаса, ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор, ошондой эле салык милдеттенмесинин өлчөмүн өзгөртүүнүн сепбептери жөнүндө тиешелүү маалыматтарды берүү кирет.

3. Такталган салык отчету, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, берилген салык отчетунда операцияларды чагылдырбоо же толук эмес чагылдыруу фактысы, ошондой эле салыктын суммасынын өзгөрүшүнө алып келүүчү каталар табылган учурда берилет.

4. Жерине чыгып салыктык текшерүү жүргүзүү мезгилинин ичинде, текшерилип жаткан мезгил үчүн түзүлгөн салык отчетуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө жол берилбейт.

5. Салык төлөөчүнүн салыктык отчетко өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизиши андай салык төлөөчүгө салыктык санкцияларды, ошондой эле администрациялык жана жазыктык жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды колдонууга негиз болбойт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

91-берене. Салык отчетун сактоо мөөнөтү

1. Салык төлөөчү же салык боюнча өкүл, ошондой эле тиешелүү салык органы ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде салык отчетун сактоого милдеттүү.

2. Салык төлөөчү өзгөртүлүп кайра түзүлгөндө кайра түзүлгөн жак иштеген мезгили үчүн салык отчетун сактоо боюнча милдеттенме анын укук мурасчысына жүктөлөт.

Уюм жоюлганда салык отчету, мамлекеттик архивге тапшырылууга тийиш болгон документтерди кошпогондо салык төлөөчү тарабынан жок кылынышы мүмкүн.

92-берене. Бирдиктүү салык декларациясы

1. Бирдиктүү салык декларациясы салыктык отчет болуп саналат, анын максаты субъекттин экономикалык иши, салык салынуучу мүлк объекттери жана жер участогу жөнүндө финансылык жана башка маалымат берүү болуп эсептелет.

2. Бирдиктүү салык декларациясын төмөнкүлөр түзүүгө жана берүүгө милдеттүү:

1) ата мекендик уюм;

2) туруктуу мекеме түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюмдар;

3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жеке жактар;

4) Кыргыз Республикасынын резиденти — жеке жагы;

5) туруктуу мекеме түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүүчү резидент эмес — жеке жактар.

3. Жеке жактар бирдиктүү салык декларациясынын төмөнкүдөй түрлөрүнүн бирин беришет:

1) жеке;

2) үй-бүлөлүк.

4. Бирдиктүү салык декларациясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) салык салуу объекттери жөнүндө маалымат;

2) субъекттин, анын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн жана башка өзүнчө бөлүкчөлөрүнүн мүлктүк жана финансылык абалы.

5. Субъекттин финансылык абалы жөнүндө маалымат ушул Кодекске жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.

6. Бирдиктүү салык декларациясы календардык жыл үчүн түзүлөт жана:

1) уюмдар тарабынан — отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин;

2) жеке жак тарабынан — отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин берилет.

7. Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана берүү формасы, тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы N 719 «Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

IV БӨЛҮМ
САЛЫКТЫК КОНТРОЛЬ

93-берене. Салыктык контролдоо түшүнүгү жана анын формалары

1. Салыктык контроль Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын аткарылышына салыктык кызмат органдарынын контролдугу болуп саналат.

2. Салыктык контроль төмөнкүдөй формаларды ишке ашырылат:

1) салык төлөөчүнү салыктык каттоо жана эсепке алуу каттоосу;

2) бюджетке салыктын түшүүлөрүн эсепке алуу;

3) салыктык текшерүүлөр;

4) рейддик салык контролу;

5) салык постун белгилөө.

12-глава
Салык органында каттоо

94-берене. Бул главада пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар

Бул главада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) «Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реест- ри» — салык төлөөчүлөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтардын мамлекеттик базасы.

2) «Салыктык каттоо» — Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине салык төлөөчү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.

3) «Салык органында каттоо» — салык төлөөчүнү салыктык же эсепке алуу каттоосу.

4) «Салык төлөөчүнүн каттоо маалыматтары» — салык төлөөчү салыктык каттоодон өткөндө ал салык органына билдирген маалыматтар.

5) «Салык төлөөчүнү каттоо картасы» — бекем отчеттуулуктагы бланк болуп саналган жана аны салыктык каттоо учурунда толтурулуучу идентификациялык салык номерин ыйгаруу жөнүндө документ.

6) «Салык төлөөчүнү эсепке алып каттоо» — салык төлөөчүнүн иш параметрлерин, анын ичинде өзүнчө бөлүкчөлөрүнүн, салык салуу объекттеринин курамынын, иш жүргүзүү орду өзгөргөндө салык органдары тарабынан көрүлүүчү иш-чаралар системасы.

95-берене. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүлөр болуп саналган бардык субъекттер, Кыргыз Республикасында салыктык каттоодон өтүүгө тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин (мындан ары — Мамлекеттик реестр) ыйгарым укуктуу салык органы жүргүзөт.

3. Мамлекеттик реестрди түзүү жана алып баруу тартиби, каттоо документинин формасы жана аны салык төлөөчүгө берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо, эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда башкача каралбаса, ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

96-берене. Салык төлөөчүнү салыктык каттоонун негизи, мөөнөтү жана тартиби

1. Эгерде мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүдөй негиздерде жүргүзүлөт:

1) каттоо жөнүндө субъекттин жазуу жүзүндөгү арызынын;

2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар берген, субъектте салык төлөө милдеттенмесинин пайда болушун күбөлөндүрүүчү маалыматтын негизинде.

2. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:

1) ата мекендик уюмдарды — юридикалык жак катарында мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен;

2) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүү менен иш жүргүзүүчү, чет мамлекетте катталган чет өлкөлүк уюмду же жеке ишкерди — туруктуу мекеме түзгөн күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен;

3) Кыргыз Республикасынын жараны болгон жеке жакты — Кыргыз Республикасынын жаранынын статусун алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен;

4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке жакты — жеке ишкер катары Кыргыз Республикасынын статистика органдарында катталган же патент алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен;

5) Кыргыз Республикасында кирешелерди төлөө булагынан салык алынуучу кирешелери гана бар же Кыргыз Республикасында салык салууга жатпаган жактардан тышкарыда, Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдарды же резидент эмес жеке адамдарды — Кыргыз Республикасынын аймагында ишин баштаган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен;

6) Кыргыз Республикасында салык салуу объекти бар чет өлкөлүк уюмдарды же резидент эмес жеке адамдарды — Кыргыз Республикасында салык салуу объектисине ээ болгон күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде;

7) жеке ишкерди — ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен.

3. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо орду төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ата мекендик уюм үчүн — юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн жер;

2) жеке ишкердин статусуна ээ болбогон жеке жактар үчүн — Кыргыз Республикасында паспорт маалыматтарына ылайык жашаган/катталган жер;

3) жеке ишкер үчүн — жеке ишкердин паспортунун маалыматтарына ылайык жашаган/катталган жер.

4. Иши Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүүгө алып келген, чет мамлекетте катталган чет өлкөлүк уюм же резидент эмес жеке жак үчүн салыктык каттоо орду төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасында иш жүргүзгөн жер;

2) Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында өкүлчүлүктү же филиалды мамлекеттик эсепке алып каттоо жери;

3) чет өлкөлүк уюмдун же чет мамлекетте катталган жеке ишкердин кызыкчылыгын көрсөтүүчү ата мекендик уюм турган жер;

4) чет өлкөлүк уюмдун же чет мамлекетте катталган жеке ишкердин кызыкчылыгын көрсөтүүчү жеке жак жашоочу жер.

5. Иши Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүүгө алып келбеген чет өлкөлүк уюм үчүн салыктык каттоо орду ишин жүргүзгөн жер болуп саналат.

6. Кыргыз Республикасында салык салуу объекти бар чет өлкөлүк уюмдар же резидент эмес жеке жактар үчүн салыктык каттоо орду салык салуу объекти турган же катталган жер болуп саналат.

7. Эгерде ушул беренеде салык төлөөчү үчүн бирден ашуун каттоо жери каралса, салык төлөөчү ушул беренеде каралган каттоочу жерлердин тизмесинен каттоо ордун өз алдынча тандап алууга укуктуу.

8. Эгерде салык төлөөчү өзүнүн турган жерин же жашаган жерин өзгөртсө жана башка салык кызмат органында катталууга тийиш болсо, эсептен чыгаруу ал эсепте турган салык кызматынын органы тарабынан салык төлөөчү турган же жашаган жеринин өзгөргөндүгү жөнүндө арыз берген күндөн кийинки 15 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

9. Салык төлөөчүнү жаңы турган жери же жаңы жашаган жери боюнча эсепке коюу салык төлөөчүнүн мурда турган жери же мурда жашаган жери боюнча салык кызматынын органынан алынган документтердин негизинде салык кызматынын органы тарабынан жүргүзүлөт.

10. Тиркелүүчү документтердин тизмеси жана салык төлөөчүнү салыктык каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

97-берене. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери

1. Салыктык каттоо салык кызматынын органы тарабынан:

1) салык төлөөчү салык кызматынын органына арыз берген;

2) салык салуу объектине салык төлөөчүнүн менчик укугун каттоо жүргүзүлгөндүгү жөнүндө мамлекеттик органдан маалымат алынган;

3) жарандык абалынын актысын жазуу ишке ашырылгандыгы жөнүндө мамлекеттик органдан билдирүү алынган күндөн кийинки, 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

2. Салыктык каттоо бирдиктүү идентификациялык салык номерин салык төлөөчүгө ыйгаруу аркылуу жүргүзүлөт.

3. Жеке жактардын Кыргыз Республикасынын салык фондунун идентификациялык номери болсо, мындай номер салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери катарында колдонулат.

4. Салык төлөөчүгө идентификациялык салык номери ыйгарылгандан кийин ага каттоо картасы тапшырылат же жиберилет.

5. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери салык төлөөчү тарабынан салык кызматынын органына берилүүчү документтерде, ошондой эле салык төлөөчүнүн салыктык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш.

6. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери салык төлөөчүгө жиберилүүчү анын салык милдеттенмелерине жана салыктык карыздарына тиешеси бар бардык документтерде салык органы тарабынан көрсөтүлүүгө тийиш.

7. Салык төлөөчүгө идентификациялык салык номерин ыйгаруу (өзгөртүү), эсептен чыгаруу, кайра каттоо жана тиешелүү документтерди берүү үчүн, каттоо картасынын наркынан башка акы алынбайт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

98-берене. Салык төлөөчүнү эсепке алып каттоо

1. Салык төлөөчүнү эсепке алып каттоо субъект салыктык каттоо жол-жоболорунан өткөндөн кийин төмөнкүдөй учурларда ишке ашырылат:

1) уюм жана жеке ишкер үчүн:

а) өзүнчө бөлүкчө турган жер боюнча — өзүнчө бөлүкчө пайда болгондо, жоюлганда же турган жери өзгөргөндө;

б) салык салуу объекти турган жер боюнча — салык салуу объекттеринин курамы өзгөргөндө;

2) ушул бөлүктун 1-пунктунда каралган учурларга кошумча, ишин патенттин негизинде жүргүзүүчү жеке ишкерлер үчүн — эгерде ал салыктык каттоочу жерден тышкары турса, ишин жүргүзгөн жер боюнча;

3) жеке жактар үчүн — салык салуу объекттери турган жана/же катталган жер боюнча.

2. Дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөргө КНСти кайтарып берүү максатында, салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген маалыматтарга ылайык аларды эсепке алып каттоону жүргүзөт.

Караңыз:

Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо алардын кызматкерлерине кошумча нарк салыгын кайтарын берүү тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 735 токтому менен бекитилген)

3. Салык төлөөчүнү эсепке алып каттоо салык салуу объектисин эсепке алууну жана/же каттоону жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтардын жана/же арыздардын негизинде салык органы тарабынан жүргүзүлөт.

4. Бул берененин максаттарында салык салуу объекти турган жер деп төмөнкүлөр таанылат:

1) кыймылсыз мүлк үчүн, жери менен кошо — алардын иш жүзүндө турган жери;

2) транспорт каражаттары үчүн — транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоочу жер, мындай жок болсо — мүлктүн менчик ээси турган (жашаган) жер.

5. Өзүнчө бөлүкчөнү эсепке алып каттоого коюуда, эсепке алууга коюу арызында мындай өзүнчө бөлүкчөнү түзгөн уюмдун — салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.

6. Салык төлөөчү эсепке алып каттоо жери боюнча салык органына каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү:

1) эсепке алып каттоого коюу үчүн — салык төлөөчүнүн иши башталганга чейин же/жана анын салык салуу объекти пайда болгон күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде;

2) каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөр киргизүү үчүн мындай өзгөрүүлөр келип чыккан күндөн кийинки күндөн тартып — 15 календардык күндүн ичинде.

7. Эсепке алып каттоо салык төлөөчүнүн мурда ыйгарылган идентификациялык салык номерин өзгөртпөстөн жүргүзүлөт.

8. Салык органы эсепке алып каттоого коюуга салык төлөөчү арыз берген күндөн кийинки күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде ишке ашырат.

9. Салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык органы белгиленген форма боюнча эсепке алып каттоо фактысын ырастоону бул арыз алынган күндөн кийинки 3 жумушчу күнүнүн ичинде берет.

10. Салык төлөөчүнүн каттоо картасында көрсөтүлгөн каттоо маалыматтары өзгөргөн учурда салык органы мурда берилген каттоо картасынын ордуна салык төлөөчүнүн мурдагы идентификациялык салык номерин сактоо менен жаңысын берет.

11. Жеке ишкер же уюм турган жерин, иш жүргүзгөн жерин, жашаган жерин, барган же турган жерин жана/же салык салуу объекттерин каттаган жерин өзгөрткөн учурда салык төлөөчү бул өзгөрүүдөн кийинки күндөн кийинки 15 календардык күндүн ичинде жаңы турган жери, иш жүргүзгөн жери, жашаган жери, барган жери же салык салуу объекттери турган жана/же каттаган жер боюнча салык төлөөчүнүн мурда ыйгарылган идентификациялык салык номерин көрсөтүү менен эсепке алып каттоодон өтүүгө милдеттүү.

12. Каттоо документи жана эсептик каттоону жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясяна ылайык)

99-берене. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн Мамлекеттик реестрден чыгаруу

1. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн Мамлекеттик реестрден чыгаруу ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтар жана/же салык төлөөчүнүн же анын өкүлүнүн эсептен чыгаруу жөнүндө арызы боюнча салыктык милдеттенмелер токтотулгандыгына байланыштуу жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн Мамлекеттик реестрден чыгаруу:

1) резидент эместер, ушул Кодексте каралган, салуу объекттерине карата менчик укугу, жерди пайдалануу, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу сыяктуу укуктары жана Кыргыз Республикасында салык милдеттенмелерин аткаруусу токтотулган учурда жүргүзүлөт;

2) ушул пункттун 1) пунктчасында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары салыктык катталууга тийиш болгон башка субъекттер Кыргыз Республикасынан кеткенде жана ал субъект Кыргыз Республикасында салык милдеттенмелерин аткарганда жүргүзүлөт.

3. Салык төлөөчүнү Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн Мамлекеттик реестринен шарттуу чыгаруу салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген иштебеген уюмдун жана жеке ишкердин белгилерине дал келген жана салыктык карызы жок учурларда идентификациялык салык номерин сактоо менен жүргүзүлөт.

13-глава
Салыктык текшерүүлөр

100-берене. Салыктык текшерүүлөр түшүнүгү жана анын түрлөрү

1. Салыктык текшерүү салык кызматынын органдары тарабынан гана жүргүзүлөт.

Салыктык текшерүүнүн катышуучулары болуп, тапшырмада көрсөтүлгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары жана салык төлөөчү, ошондой эле салык боюнча өкүл саналат.

2. Зарыл учурларда салык кызматынын органдары атайын билимдерди жана тажрыйбаларды талап кылуучу айрым маселелерди изилдөө жана консультацияларды алуу үчүн салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкпаган эксперттерди ишке тартышы мүмкүн.

3. Салыктык текшерүүнүн максаты салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын өз учурунда жана толук аткарышына контролдук жүргүзүү жана көмөк көрсөтүү болуп саналат.

4. Салыктык текшерүүлөр төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) көчмө текшерүү;

2) камералык текшерүү.

5. Көчмө текшерүү төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) пландуу текшерүү — салыктардын бардык түрлөрү боюнча салыктык милдеттенменин аткарылышын текшерүү;

2) пландан тышкаркы текшерүү — төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлүүчү текшерүүлөр:

а) кайра түзүү аркылуу өзгөртүп уюштурууну кошпогондо уюмду өзгөртүп кайра түзүүдө;

б) уюмду жоюуда;

в) жеке ишкердин иши токтогондо;

г) ушул Кодексте каралган учурларда салык төлөөчүнүн арызын алганда;

д) салык төлөөчүдө салыкты туура эмес эсептөө фактылары орун алгандыгын күбөлөндүрүүчү, документ түрүндө ырасталган маалыматтарды салык кызматынын органдары алганда;

3) утурлама текшерүү — салык текшерүүсүн жүргүзүү учурунда салык кызматы органында зарылдык келип чыкса, анын ичинде башка мамлекеттердин салык органдарынын суроо-талаптары боюнча, көрсөтүлгөн адамдар менен салык төлөөчү ишке ашыруучу операцияларга түздөн-түз байланышкан айрым документтерди текшерүү зарылдыгы келип чыкса, үчүнчү жактарга карата салык кызматынын органдары жүргүзүүчү текшерүү;

4) кайра текшерүү — салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу төмөнкүдөй текшерүү:

а) алар мурда текшерилген салык төлөөчү жөнүндө пландуу текшерүүдө аныкталбаган салыктарды туура эмес эсептөө фактылары жөнүндө документтүү түрдө ырасталган маалыматтарды жана салык кызматынын органынын кызмат адамынын документтер мурда текшерилбегендигинин себептери көрсөтүлгөн жүйөлүү арызын алышканда;

б) салык төлөөчү мурдагы көчмө текшерүүдө камтылган отчеттук мезгил үчүн такталган салыктык отчет бергенде.

Кайра текшерүү көрсөтүлгөн мезгил үчүн көрсөтүлгөн документтик маалыматтар боюнча гана жүргүзүлөт. Мында кайра текшерүүнүн натыйжасы кайра текшерилип жаткан салыктык текшерүүгө катышпаган салык органынын кызмат адамы жүргүзүүгө тийиш;

Жүргүзүлгөн суроо талаптын, экспертизанын, кайчылаш текшерүүнүн көчмө текшерүү аяктаган мезгилден кийин алынган натыйжалары боюнча дайындалган кайра текшерүү ушул көчмө текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Салыкты туура эсептөө маселелери боюнча камералык текшерүү салык төлөөчүнүн отчеттук документтери жана башка булактардан салык органдарына түшкөн маалыматтар боюнча түздөн-түз салык кызматынын органдары турган жерде жүргүзүлөт.

7. Салык текшерүүлөрүн жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкарыда салык төлөөчүнүн ишин токтото турууга тийиш эмес.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

101-берене. Көчмө текшерүү жүргүзүүнү пландаштыруу

1. Пландуу текшерүү текшерүүлөр планына ылайык салык кызматынын органдарынын бири акыркы текшерүүнү бүткөн күндөн кийинки күндөн тартып 12 айдан кийин бир жолу гана жүргүзүлөт.

2. Текшерүүлөрдүн планы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан учурдагы кварталга түзүлөт, текшерилүүгө жаткан салык төлөөчүлөрдүн тизмегин камтыйт жана квартал башталганга чейин 15 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.

3. Текшерүүлөрдүн планы эки бөлүмдөн турат.

Биринчи бөлүм салыктарды төлөбөй коюу факторлору тобокелдигин талдоо негизинде тандалып алынган бардык салык төлөөчүлөргө карата түзүлөт, алар жалпы метод менен текшерилет.

Экинчи бөлүм, жалпы сандын 5 пайызынан ашпаган санды түзүүгө тийиш болгон, калган салык төлөөчүлөргө карата кокустук методу менен тандап алуу негизинде түзүлөт.

4. Текшерүүлөр планынын биринчи бөлүмү кызматтык пайдалануу документи болуп эсептелет жана жарыялоого жатпайт.

Текшерүүлөр планынын экинчи бөлүмү ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана салык кызматынын тийиштүү жайында ачык жердеги кагаздарда жарыяланууга тийиш.

5. Салыкты төлөбөй коюу тобокелдигинин факторлоруна төмөнкүлөр кирет:

1) төмөнкүлөр боюнча маалыматтардын дал келбеши:

а) салык төлөөчү тарабынан декларациялангандан тышкары салык салуу объекттеринин болушу жана аларды каттоо боюнча мамлекеттик органдардын маалыматтары;

б) салыктардын декларацияланган (төлөнгөн) жана эсептик суммалары;

в) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынан алынган маалыматтагы кирешелер;

2) чыгымдардын салык отчеттуулугунда чагылдырылышы;

3) салык төлөөчүнүн салыктык оорчулугу региондо экономикалык иштин ушундай түрлөрүн жүргүзүүчү салык төлөөчүлөр боюнча эсептелген орточо деңгээлинен 25%ке төмөн болушу;

4) эсеп-фактураларды талдоонун натыйжалары боюнча салык кызматынын органдары алган маалыматтар жана башка салык төлөөчүлөр берген бөлөк маалыматтар боюнча кирешелердин декларацияланган суммасынан жана салыктык милдеттенмелерден четтеп кетүү;

5) камералык текшерүүлөрдүн натыйжасы боюнча салык төлөөчүлөрдүн ишинин көрсөткүчтөрү дал келбегендигинин аныкталгандыгы тууралу салык кызматы органынын чечими боюнча негизделген түшүндүрмөлөрдү жана/же оңдолгон салык отчеттуулугун салык төлөөчүнүн бербегендиги;

6) ыйгарым укуктуу салык органы бекитүүчү көчмө текшерүүлөрдү пландаштыруу методикасына ылайык башка тобокелдиктер;

7) салык төлөөчүнүн азаюу жагын карай божомол маалыматтарынын негизинде салык төлөөчү пайдага салыктын баштапкы суммасына оңдоолорду киргизиши.

6. Пландан тышкаркы текшерүү, утурлама текшерүү жана кайра текшерүү ушул Кодексте белгиленген негиздер болгон учурда салык кызматынын органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

102-берене. Көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүү мезгили жана мөөнөттөрү

1. Пландык текшерүү мындай пландуу текшерүү жүргүзүүнүн башталышына карата бүткөн мурдагы 3 календарлык жылдан ашпаган мезгилди камтыйт.

2. Текшерүүлөрдүн калган түрлөрү ушул Кодексте белгиленген салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки ар кандай мезгил үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Берилген тапшырмада көрсөтүлүүчү пландуу текшерүү жүргүзүү мөөнөтү салык төлөөчүгө көрсөтмөнү тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календарлык күндөн, ал эми ири салык төлөөчү үчүн — эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, 50 календарлык күндөн ашпоого тийиш.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен критерийлерге ылайыктуу салык төлөөчү, ири салык төлөөчү болуп эсептелет.

4. Кыргыз Республикасынын ар кайсы региондорунда филиалдары бар уюмдарды пландуу текшерүү жүргүзүүдө салык текшерүүлөрүн жүргүзүү мөөнөтү ар бир филиалга карата 30 календарлык күндөн ашпашы керек.

5. Көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтүнүн мезгили, ошондой эле көчмө текшерүүнүн өзүн жүргүзүү төмөнкүдөй учурда токтотула турат:

1) аларды берүү күнүн кошуп алганда, салык төлөөчүгө салык кызматы органынын докуменnтерин берүү жөнүндө чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып көчмө текшерүү жүргүзүүдө суралуучу документтерди салык төлөөчү берген күнгө чейинки мезгилге;

2) салыктык текшерүүнүн катышуучуларынын ооруп калуусу, жакын тууганынын өлүү себеби боюнча, бирок ал 15 календардык күндөн ашпайт;

3) айласыз күч жагдайлары пайда болгон учурга.

6. Көчмө текшерүүнүн мөөнөтүнүн, ошондой эле көчмө текшерүүнүн өзүн жүргүзүү мезгили маалымат берүү жөнүндө чет мамлекеттен суроо-талапка жооп алуу жана эл аралык макулдашууларга ылайык ал боюнча салык кызматынын органдары маалыматтарды алуу үчүн зарыл болгон убакыттын мезгилинде, ошондой эле утурлама текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүү мезгилинде токтотулбайт.

7. Чет мамлекетке суроо-талапты ишке ашыруу, экспертиза жүргүзүү, утурлама текшерүүнү дайындоо жана көчмө текшерүү бүткөн күнгө чейин алардан натыйжаларды албоо учурларында, көчмө текшерүү жүргүзүлгөн суроо-талаптар, экспертиза өткөрүү, утурлама текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө текшерүү актысындагы жазууларды көрсөтүү менен аяктайт.

8. Суроо-талапка жоопторду, экспертизалардын же утурлама текшерүүлөрдүн натыйжаларын алуу кайра текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

9. Пландан тышкаркы текшерүү, пландуу текшерүү үчүн аныкталган мөөнөттө жүргүзүлөт.

10. Утурлама текшерүү 10 календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

11. Кайра текшерүү 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

12. Салык органы ушул Кодекске ылайык 15 күндүн ичинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга жана салык органы пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди алган күндөн кийинки келүүчү 30 календардык күндөн кеч эмес пландан тышкары текшерүүгө киришүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

103-берене. Көчмө текшерүүгө көрсөтмө

1. Көчмө текшерүү жүргүзүү үчүн салык кызматынын органынын жетекчиси төмөнкүдөй реквизиттерди камтыган белгиленген формадагы көрсөтмөгө кол коет:

1) салык органында көрсөтмөнү каттоо датасы жана номери;

2) текшерүү жүргүзө турган салык органынын аталышы;

3) салык төлөөчүнүн толук аталышы;

4) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;

5) текшерүүнүн (контролдун) түрү;

6) текшерүүнүн негизи;

7) текшерүүнүн предмети;

8) ушул Кодекске ылайык текшерүү жүргүзүүгө тартылган текшерүүчү адамдардын кызматы, аты-жөнү;

9) текшерүү жүргүзүү мөөнөтү;

10) текшерилүүчү салыктык мезгил;

11) текшерүүнү дайындоо жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин реквизиттери.

2. Көрсөтмөнүн формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Көрсөтмөгө салык кызматы органынын жетекчиси же салык кызматы органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адам кол коюушу керек, ал гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте катталууга тийиш.

4. Көчмө текшерүүнүн мөөнөтү узартылган учурда кошумча көрсөтмө таризделип, анда мурдагы көрсөтмөнүн каттоо номери, датасы жана көчмө текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө салык кызматы органынын чечиминин реквизиттери көрсөтүлөт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

104-берене. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышы

1. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышы болуп салык төлөөчүгө көрсөтмө тапшырылган күн эсептелет.

2. Көрсөтмө салык төлөөчүгө аны эсепке алган жердеги салык кызматынын органы тарабынан берилет же жиберилет.

3. Көрсөтмө төмөнкүлөргө:

1) уюмдун жетекчисине, анын салык боюнча өкүлүнө, же

2) жеке жакка, анын салык боюнча өкүлүнө,

жеке кол койдуруу же бул көрсөтмөнү алуу фактысын жана датасын ырастаган башка ыкма менен берилиши мүмкүн.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн адамдар көрсөтмөнү алуудан качса, көрсөтүлгөн көрсөтмө заказдык кат менен почта аркылуу жиберилет. Мында көрсөтмө аны тапшыруу жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн заказдык катты алган күнү алынды деп эсептелет.

4. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы салык төлөөчүгө кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

5. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы салык төлөөчүгө көрсөтмөнүн биринчи нускасын тапшырат. Көрсөтмөнүн экинчи нускасына аны алгандыгы жана таанышкандыгы жөнүндө салык төлөөчүнүн же анын салык боюнча өкүлүнүн белгиси коюлат.

105-берене. Көчмө текшерүүнүн бүтүшү

1. Көчмө текшерүү бүткөндө салык кызматынын органынын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен акт түзөт:

1) көчмө текшерүү жүргүзүлгөн жерди, акт түзүлгөн күндү;

2) текшерүүнүн түрүн;

3) көчмө текшерүү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызматкеринин же кызматкерлеринин кызматын, аты-жөнүн;

4) салык төлөөчүнүн аты-жөнүн же болбосо толук аталышын;

5) салык төлөөчүнүн турган жерин, банктык реквизиттерин, ошондой эле анын идентификациялык салык номерин;

6) салык төлөөчүнүн салык жана бухгалтердик отчетторду жүргүзүүгө жана бюджетке салыктарды төлөөгө жооптуу жетекчисинин жана кызмат адамдарынын аты-жөнүн;

7) мурдагы текшерүү жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын мурда аныкталган бузууларды четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды;

8) текшерилүүчү салык мезгилин жана текшерүү жүргүзүү үчүн салык төлөөчү берген документтер жөнүндө жалпы маалыматтарды;

9) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын тиешелүү ченемине таянуу менен текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген салык милдеттенмесин эсептөөнүн толук негиздемесин.

2. Көчмө текшерүү мөөнөтүнүн бүтүшү салык төлөөчүгө текшерүү жөнүндө актыны тапшырган күн болуп эсептелет.

3. Көчмө текшерүү боюнча актыга документтердин зарыл болгон көчүрмөлөрү, салык кызматы органынын кызмат адамы жүргүзгөн эсептөөлөр жана текшерүүнүн жүрүшүндө алынган башка материалдар тиркелет.

4. Көчмө текшерүү боюнча акт кеминде эки нускада түзүлөт жана ага текшерүү жүргүзгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамы жана текшерилүүчү уюмдун жетекчиси же жеке ишкер же алардын салык боюнча өкүлдөрү кол коюшат. Көрсөтүлгөн адамдар актыга кол коюудан баш тартышса, бул тууралуу актыга тийиштүү белги коюлат.

5. Көчмө текшерүү боюнча актынын бир нускасы салык төлөөчүгө берилет. Көчмө текшерүү боюнча актыны алганда салык төлөөчү аны алгандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.

106-берене. Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун натыйжалары боюнча чечим чыгаруу

1. Көчмө текшерүүнүн материалдары салык кызматы органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан каралат.

Салык төлөөчү көчмө текшерүүнүн актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү же каршы пикирлерин берсе, текшерүүнүн материалдары салык төлөөчүнүн же анын салык боюнча анын өкүлүнүн катышуусунда каралат.

Салык кызматы органы чечимди салык төлөөчүгө мындай кароого чейин 5 күн калганда тапшырат.

Эгерде салык төлөөчү билдирүүгө карабастан келбей койсо, текшерүү материалдары, анын ичинде салык төлөөчү берген түшүндүрмөлөр, анын каршы пикири, башка документтер жана материалдар анын катышуусуз каралат.

2. Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун натыйжалары боюнча салык кызматы органынын жетекчиси же жетекчинин орун басары төмөнкүдөй чечим чыгарат:

1) салыкты, туум-айыпты эсептөө жана/же азайтуу жөнүндө;

2) салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартуу жөнүндө;

3) салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартпоо жөнүндө;

4) көчмө текшерүү жүргүзүү мөөнөтүн ушул Кодекстин 102-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн чегинде узартуу жөнүндө.

(Экинчи абзац КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-январындагы N 23 «Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун натыйжалары боюнча салык органынын чечиминин формасын бекитүү тууралуу» токтому

3. Салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимде төмөнкүлөр жазылат:

1) укук бузуулардын жагдайы, алар жүргүзүлгөн текшерүүдө кандайча аныкталгандыгы жана көрсөтүлгөн жагдайды ырастаган башка маалыматтар;

2) салык төлөөчүнүн өзүн коргоого карата негиздери жана мындай негиздерди текшерүүнүн натыйжалары;

3) ушул Кодекстин ченемдерин бузууларды көрсөтүү менен салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартуу негиздери жана көрүлүүчү жоопкерчилик чаралары.

4. Салыктардын, туумдун жана салык санкцияларынын суммаларын эсептөө жөнүндө салык кызматы органынын чечими салык төлөөчүгө тапшырылат. Эгерде салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген тартипте көчмө текшерүүнүн натыйжалары боюнча чечимге даттанбаса, салыктардын, туумдун жана салык санкцияларынын суммаларын эсептөө жөнүндө чечимди алган салык төлөөчү аны чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 30 күндүн ичинде аткарууга милдеттүү.

5. Салык кызматы органынын чечими салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген тартипте тапшырылат.

6. Ушул берененин талаптарынын салык кызматы органдарынын кызмат адамы тарабынан сакталбашы, салык кызматы органдарынын чечимин жоюу үчүн негиз болуп бериши мүмкүн.

7. Салык төлөөчү — жеке адам же салык төлөөчү — уюмдун кызмат адамы администрациялык жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон аныкталган укук бузуулар боюнча ошол салык төлөөчү катталган салык кызматы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзөт жана Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык администрациялык жоопкерчилик жөнүндө токтомдун формасында салык төлөөчүнү администрациялык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

8. Салык кызматы органынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө чечиминин формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы N 328 «Административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө салык кызматынын чечиминин (токтомунун) формасын бекитүү тууралуу» токтому

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

107-берене. Камералык текшерүү жүргүзүү

1. Камералык текшерүү салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн негиз болгон, салык төлөөчү берген салык отчетторунун, ошондой эле салык органында болгон салык төлөөчүнүн иштери тууралу документтердин негизинде салык органы турган жер боюнча, салык төлөөчүнү тартпастан жүргүзүлөт.

2. Камералык текшерүү салык органынын жетекчисинин кандайдыр бир атайын чечимисиз, кызматтык милдеттерине ылайык салык органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Камералык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Салык органы камералык текшерүүнүн натыйжалары боюнча салыктын суммасын азайтуу же жогорулатуу фактысын, ошондой эле салык отчетторун толтурууда жол берилген башка каталарды аныктаса, салык органы аныкталган катачылыктарды бул кабарлоону алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде четтетүү талабы жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт.

5. Салык төлөөчү камералык текшерүүдө аныкталган катачылыктарды белгиленген мөөнөттө четтетпесе, салык органы ушул Кодекстин 82 жана  83-беренелеринин талаптарына ылайык чечим кабыл алууга жана аны салык төлөөчүгө тапшырууга милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-глава
Рейддик салыктык контроль. Фискалдык эсте сактоосу бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу. Салык посту

108-берене. Рейддик салык контролу

1. Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүргүзөт:

1) салык төлөөчүнүн салык органындагы салыктык жана эсептик катталуу фактысын;

2) контролдук-кассалык машиналарды колдонуу тартибин;

3) салык төлөөчүнүн патенттик негизде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү;

4) бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эсеп жүргүзүүчү адамдардан тышкарыда, кирешелер жана чыгашалар эсеби боюнча китепте сатып алуу же сатууларды жекече ишкер тарабынан каттоо;

5) акциздик товарларды акциздик жыйымдын жана алардын аныктыгы маркалары менен белгиленишин.

2. Контролдук сатып алуудан тышкарыда, рейддик контроль айрым бир салык төлөөчүгө карата жылына 12ден ашуун жүргүзүлбөйт.

3. Рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн ушул Кодекстин 103-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген, анын 3, 4 жана 10-пункттарынан тышкаркы, талаптарга ылайык жазылган буйрук жол-жоболоштурулат. Көрсөтмөдө текшерилүүчү аймактын участогу же мүлк, контролдун жүрүшүндө аныкталууга тийиш болгон маселелер көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Рейддик салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүгө көрсөтмөнүн түп нускасы таанышуу үчүн берилет жана/же ага көчүрмөсү тапшырылат. Түп нускага салык төлөөчү тарабынан көрсөтмө менен таанышкандыгы же анын көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө белги коюлат.

5. Рейддик текшерүүнүн материалдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык таризделет.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүзөгө ашырат:

1) салык төлөөчүнүн салык органында салыктык жана эсептик катталуу фактысын;

2) салык төлөөчүнүн патенттик негизде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү.».

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55, 2013-жылдын 20-февралындагы N 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

109-берене. Фискалдык эске тутуусу бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында эл менен жүргүзүлүүчү акчалай эсептешүүлөр же накталай акча, банктык төлөм карточкалары, чектер аркылуу кызматтарды көрсөтүү фискалдык эске тутуусу бар контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары бул главада — ККМ) милдеттүү колдонуу жана контролдук чек берүү менен жүргүзүлөт.

Ушул пунктта белгиленген ченемдер өз ишин спецификасынан же болбосо турган жеринин өзгөчөлүктөрүнөн улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө турган уюмдарга же жеке адамдарга колдонулбайт.

Караңыз:

Ишинин өзгөчөлүгүнө же турган жеринин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон калк менен акчалай эсептөөлөрдү жүзөгө ашыра ала турган уюмдардын же жеке жактардын Тизмеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 736 токтому менен бекитилген)

2. ККМди колдонуу, каттоо жана пломбалоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Караңыз:

Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу, каттоо жана пломбалоо Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 736 токтому менен бекитилген)

3. ККМ товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө акчалай эсептешүүлөрдү каттоо үчүн колдонулуучу фискалдык эске тутуу блогу бар, оңдолбогон ар бир сменалык каттоону жана энергия кубатын талап кылбастан узак убакытка маалыматты сактоону камсыз кылуучу электрондук түзүлүш жана/же компьютердик система болуп саналат.

Фискалдык эске тутуу — салыктарды туура эсептөө максатында контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен ишке ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдүн толук эсебин алуу үчүн зарыл болгон, оңдолбой турган ар бир суткалык (ар бир сменалык) каттоону жана энергия кубатын талап кылбаган, жыйынтык маалыматты узак убакытка сактоону камсыз кылуучу контролдук-кассалык машиналар курамындагы программалык-аппараттык каражаттардын комплекси.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген ККМдин мамлекеттик реестрин (мындан ары бул беренеде — Мамлекеттик реестр) жана аны түзүү эрежесин бекитет.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестри;

Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин түзүүнүн Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы N 817 токтому менен бекитилген);

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-июлундагы УӨ N 116 «Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын моделдерине карата Техникалык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому

5. Компьютердик система, байланыш жана маалыматташтыруу тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген корутундунун негизинде мамлекеттик реестрге кошулат жана мамлекеттик реестрден чыгарылат.

Корутунду ушул беренеде белгиленген техникалык талаптарга компьютердик системанын ылайык келишин ырастоочу документ болуп саналат. Корутунду берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча байланыш жана маалыматташтыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

110-берене. ККМди колдонуу боюнча талаптар

ККМди колдонууда төмөнкүдөй талаптар коюлат:

1) ККМди техникалык тейлөөгө коюу жүргүзүлөт;

2) ККМдин каттоо карточкасын берүү менен иш жүргүзүлгөн жердеги салык органдарына ККМди каттоо (эсепке алуу, каттоо маалыматтарын өзгөртүү) жана пломбалоо, ошондой эле эсептен чыгаруу жүргүзүлөт.

ККМди салык органында эсепке алуу, ККМди пайдалануу жөнүндө ушул Кодексте талап коюлуучу иш жүзөгө ашырылганга чейин жүргүзүлөт;

3) белгиленген тартипте пломба коюлган, салык органдарында катталган жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө (контролдук лентадагы жана фискалдык эске тутуудагы эсептешүү операцияларын жазуу) акча каражаттарын тийиштүү түрдө эсептөөнү камсыздоочу оң абалдагы контролдук-кассалык машиналар калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө колдонулат;

4) ККМдин чек берүүсү жүргүзүлөт;

5) контролдук-кассалык машиналарды сатып алууга жана каттоого, эксплуатациялоого жана колдонууга киргизүүгө байланыштуу документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүү жана сактоо камсыздалат;

6) ККМны салык органдарынын текшерүүсү камсыздалат;

7) контролдук-кассалык машиналарды баштапкы каттоодо же кайра каттоодо маалыматтарды контролдук-кассалык машиналардын фискалдык эске тутуусуна кошуу жана салык органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен фискалдык эске тутууну топтоочуларды алмаштыруу жүргүзүлөт;

8) сатып алуучуга (кардарга) жеткиликтүү жерге сатылуучу товардын баалары (көрсөтүлүүчү кызматтарга, аткарылуучу жумуштарга прейскуранттар) илинет, алар жарыяланган бааларды жана тарифтерди тастыктоочу документтерге дал келүүгө тийиш;

9) контролдук-кассалык машиналардын ички механизмдерине техникалык тейлөө борборлорунун кызматкерлеринин кириши салык органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда гана камсыздалат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

111-берене. Фискалдык эске тутуусу бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жана пайдалануу тартибин сактоого салык контролу

1. Салык кызматынын органдары фискалдык эске тутуусу бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жана пайдалануу тартибин сактоого контроль жүргүзөт.

2. Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилүүгө тийиш:

1) ККМди каттоо жана колдонуу тартиби;

2) ККМдин оңдугу;

3) сатып алуучуларга чектерди берүү;

4) сатылуучу товарлардын, аткарылуучу иштердин, көрсөтүлүүчү кызматтардын бааларынын (прейскуранттарынын) болушу;

5) ККМдин эске тутуусунун фискалдык блогунда реквизиттерин жана мурда берилген чектин суммасынын болушу.

3. Контролдук сатып алуу салык кызматынын органдары тарабынан сатып алуучуларга чектердин берилишин контролдоо үчүн гана жүргүзүлөт жана мезгилдүүлүгү чектелбестен ишке ашырылат.

Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Салык кызматынын органдары көчмө текшерүүнү жүргүзүүдө ККМдин эске тутуусунун фискалдык блокторунда сакталган маалыматтарды пайдаланууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

112-берене. Салык посту

1. Товарларды жүгүртүүнүн жана акча каражаттарынын толук эсебин алуу максатында салык органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ушул Кодексте белгиленген укуктардын жана ыйгарым укуктардын чектеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте салык төлөөчүнүн аймагына салык постун орнотууга укуктуу.

Караңыз:

Салык постун орнотуунун Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы N 360 токтому менен бекитилген)

2. Салык посту төмөнкү субъекттерде орнотулат:

1) акциздик товарларды чыгаруучуларда;

2) салык карызы барларда;

3) салык көрсөткүчтөрүн дайыма нөлдүк көрсөткүчтөрү менен бергендерде;

4) ишин коомдук тамак-аш чөйрөсүндө жүзөгө ашыргандарда;

5) пайдалуу кендерди казып алууну жүзөгө ашыргандарда.

3. Салык посту орнотулган субъекттердин тизмеси ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

(КР 2013-жылдын 20-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-глава
Кирүү, текшерүү, документтерди талап кылуу, экспертизалоо жана протокол түзүү

(Главанын аталышы КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

113-берене. Көчмө текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жүргүзүү, салык постун орнотуу үчүн аймактарга жана жайларга салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын кириши

1. Салык төлөөчү көчмө текшерүүнү, рейддик салык контролун түздөн-түз жүргүзүүчү же салык постун орнотуучу (мындан ары бул главада — текшерүү) салык кызматы органдарынын кызмат адамын, ал кызматтык күбөлүгүн жана ошол салык төлөөчүнү текшерүүсү жөнүндө салык органынын көрсөтмөсүн көрсөткөн учурда аймактарга же жайларга киргизүүгө милдеттүү.

2. Түздөн-түз текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органдарынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн иш жүргүзүү үчүн колдонулуучу аймактарын же жайларын же болбосо салык төлөөчүгө берилген документтик маалыматтарда көрсөтүлгөн объекттер жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматка ылайык келишин аныктоо үчүн салык салуу объекттерин текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.

3. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызмат органдарынын кызмат адамынын, салык төлөөчүнүн аймагына же жайларына киришине мыйзамсыз тоскоолдук кылынса, ал адам өзү жана салык төлөөчү кол койгон протокол түзөт, анын негизинде салык кызматынын органы салыктык милдеттенменин суммасын баалоонун кыйыр методдорунун негизинде өз алдынча аныктоого укуктуу.

Салык төлөөчү көрсөтүлгөн протоколго кол коюудан баш тартса, ага тийиштүү жазуу жазылат.

4. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органдарынын кызмат адамынын салык төлөөчүнүн аймагына же жайларына киришине мыйзамсыз тоскоолдук кылуу, салык укуктарын бузуу деп табылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартууга кириптер кылат.

5. Салык кызматы органынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн аймагына же жайларына кирүү үчүн, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай уруксат керек болсо, аны өзү менен ала жүрүүгө милдеттүү.

6. Салык төлөөчү текшерүү жүргүзүү үчүн аймактарга же жайларга салык кызматы органынын кызмат адамын төмөнкүдөй учурларда киргизбей коюуга укуктуу, эгерде:

1) көрсөтмө көрсөтүлбөсө же тапшырылбаса же болбосо белгиленген тартипте жол-жоболоштурбаса;

2) көрсөтмөдөгү көрсөтүлгөн текшерүү мөөнөтү келе элек болсо же бүтүп калса;

3) бул адам көрсөтмөдө көрсөтүлбөсө;

4) текшерилүүчү салыктык мезгилге тиешеси жок документтер суралса.

7. Текшерүү жүргүзүүчү салыктык кызмат органдарынын кызмат адамын турак жайларда жашоочу жеке адамдардын эркинен тышкары киргизүүгө, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбесе, жол берилбейт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

114-берене. Текшерүү

1. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органынын кызмат адамы текшерүүнүн толуктугу үчүн мааниси бар жагдайларды аныктоо максатында документтерин же мүлкүн текшерүү жүргүзүлгөн салык төлөөчүнүн аймактарын же жайларын карап чыгууга укуктуу.

2. Текшерүү жүргүзүүгө текшерүү жүргүзүлгөн салык төлөөчү же анын салык боюнча өкүлү катышууга укуктуу.

3. Текшерип кароодо фото жана киного тартуу, видео жазуу жүргүзүлөт, документтердин көчүрмөлөрү алынат же ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген учурларда аткарылат.

4. Текшерүүнүн натыйжалары текшерүү актысы менен жол-жоболоштурулат же текшерүү материалдарында чагылдырылат.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

115-берене. Документтерди талап кылуу

1. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органынын кызмат адамы текшерилүүчү салык төлөөчүдөн текшерүү үчүн керектүү документтерди талап кылууга укуктуу.

Документтерди берүү талап кылынган салык төлөөчү, аларды мындай чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 5 жумушчу күнүнүн ичинде салык кызматы органдарына жиберүүгө же берүүгө милдеттүү.

Айрым учурларда документтер салык төлөөчү күбөлөндүргөн көчүрмөлөр түрүндө берилет.

2. Текшерүү жүргүзүүдө суралган документтерди берүүдөн салык төлөөчүнүн баш тартышы же аларды белгиленген мөөнөттө бербей коюу салыктык укук бузуу катары таанылат жана ушул Кодексте каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

116-берене. Экспертиза

1. Зарыл учурларда салыктык контроль жүргүзүү боюнча иштерге катышуу үчүн бюджеттин каражаттарынын эсебинен келишимдик негизде эксперт ишке тартылышы мүмкүн.

Экспертиза салык төлөөчүнүн ишинин айрым жактарын изилдөөдө жана баалоодо атайын илимди талап кылуучу маселелерди түшүндүрүү үчүн дайындалат.

2. Бул беренеде эксперт деп атайын билимдерге ээ жана экспертиза жүргүзүү үчүн салык кызматы органдары тарабынан ишке тартылган адам түшүнүлөт.

3. Эксперттин алдына коюлган маселелер жана анын корутундусу эксперттин атайын билимдеринин чегинен чыкпоого тийиш.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда экспертиза жүргүзүү жөнүндө чечим салык төлөөчүнүн же текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органынын кызмат адамынын арызы боюнча салык органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.

Чечимде экспертиза дайындоо үчүн негиздер; эксперттин аты-жөнү жана экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болгон уюмдун аталышы; экспертке коюлган маселелер жана эксперттин карамагына берилүүчү материалдар көрсөтүлөт.

5. Эксперт экспертизалоо предметине таандык текшерүү материалдары менен таанышууга, ага кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч кат тапшырууга укуктуу.

6. Эксперт ага берилген материалдар жетишсиз болсо же ал экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл билимдерге ээ болбосо корутунду берүүдөн баш тарта алат.

7. Салыктык текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органынын кызмат адамы текшерилүүчү салык төлөөчүнү ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган чечим менен тааныштырууга жана ушул берененин 9-бөлүгүндө каралган анын укуктарын түшүндүрүүгө милдеттүү, бул тууралуу протокол түзүлөт.

8. Эксперт өзүнүн атынан кат жүзүндө корутундусун берет. Эксперттин корутундусунда ал жүргүзгөн изилдөөлөр, коюлган маселелерге карата тыянактар жана негиздүү жооптор жазылат. Эгерде эксперт экспертиза жүргүзүүдө ага коюлган маселелерден тышкаркы иштин жагдайы үчүн мааниси бар себептерди аныктаса, ал мындай жагдайлар тууралу тыянактарды өзүнүн корутундусуна киргизүүгө укуктуу.

9. Эксперттин корутундусу же корутунду берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө анын билдирүүсү текшерилүүчү адамга берилет, ал өзүнүн түшүндүрмөлөрүн берүүгө же каршы пикирин билдирүүгө, ошондой эле экспертке кошумча маселелерди коюу жана кошумча же кайталап экспертиза дайындоо жөнүндө суранууга укуктуу.

10. Кошумча экспертиза корутунду жетиштүү түрдө ачык-айкын же толук болбогон учурда дайындалат жана ошол эле же башка экспертке тапшырылат.

Кайталап экспертиза жүргүзүү эксперттин корутундусунун негиздүү эместиги же анын тууралыгы шектүү учурда дайындалат жана башка экспертке тапшырылат.

Кошумча жана кайрадан экспертиза жүргүзүү ушул беренеде каралган талаптарды сактоо менен дайындалат.

117-берене. Салыктык иш-аракеттерди жүргүзүүдө түзүлгөн протоколго коюлуучу жалпы талаптар

1. Ушул Кодексте каралган учурларда текшерүүнү ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдө протокол түзүлөт.

2. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) анын аталышы;

2) конкреттүү иштер жүргүзүлгөн жер жана күн;

3) иш-аракеттердин башталуу жана аяктоо мезгили;

4) протокол түзгөн адамдын кызматы, аты-жөнү;

5) иш-аракеттерге же аны жүргүзүүгө катышкан ар бир адамдын аты-жөнү, ал эми зарыл учурларда — анын дареги, жарандыгы, мамлекеттик же расмий тилдерди биле тургандыгы тууралуу маалымат;

6) иш-аракеттердин мазмуну, аны жүргүзүү ырааттуулугу;

7) иш-аракеттерди жүргүзүүдө аныкталган, иш үчүн олуттуу фактылар жана жагдайлар.

3. Протокол иш-аракеттердин өндүрүшүнө же аны жүргүзүүгө катышкан бардык адамдар тарабынан окулат. Көрсөтүлгөн адамдар протоколго киргизилүүгө же ишке тиркелүүгө тийиш болгон сын-пикирлерин айтууга укуктуу.

4. Протоколго аны түзгөн салык кызматы органынын кызмат адамы, ошондой эле иш өндүрүшүнө катышкан же аны жүргүзүүгө катышкан бардык адамдар кол коюшат.

5. Протоколго фотографиялык сүрөттөр жана негативдер, киноленталар, видеожазуулар жана иш-аракеттер жүргүзүүдө аткарылган башка материалдар тиркелиши мүмкүн.

16-глава
Айрым учурларда салыктык контроль жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү

118-берене. Бул главада пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар

Бул главада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) «Окшош товарлар» — негизги белгилери бирдей мүнөздөгү товарлар. Товарлардын окшоштугун аныктоодо алардын физикалык мүнөздөмөлөрү, сапаты жана рыноктогу репутациясы, чыгарган өлкө жана өндүрүүчү эске алынат. Товарлардын окшоштугун аныктоодо алардын тышкы түрүндөгү майда-барат айырмачылыктар эске алынбайт.

2) «Бирдей түрдөгү товарлар» — окшош эмес, бирок мүнөздөмөлөрү окшошкон жана окшош компоненттерден турган товарлар, булар эгерде мындай товарлардын бааларында олуттуу айырмачылык болбосо же болбосо түзөтүүлөрдүн жардамы менен эске алынышы мүмкүн болсо бир же ошол эле функцияны аткарууга жана/же коммерциялык жактан бири-бирин алмаштырууга мүмкүндүк түзүлөт.

3) «Товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр рыногу» — Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары сатып алуучуга же сатуучуга карата жакын товарды, жумушту, кызмат көрсөтүүнү реалдуу же кыйла кошумча чыгымдарсыз сатып алууга же сатууга сатуучунун же сатып алуучунун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аныкталуучу ушул товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүү чөйрөсү.

4) «Товардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы» — рыноктогу суроо-талаптын жана сунуштун биргелешкен аракетинде окшош товарларга, ал эми мындайлар жок болсо — салыштырмалуу экономикалык шарттардагы бир түрдүү товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө түзүлгөн баа.

119-берене. Баалоонун кыйыр методдорун пайдалануу

Калк менен накталай эсептешүү операцияларын эсепке алуу тартиби бузулганда, баштапкы эсепке алуу документтери болбогондо, эсепке алуу документтери жоголгондо же жок кылынганда салык кызматынын органдары активдер, милдеттенмелер, жүгүртүү, сарптоо, чыгымдар жана/же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте орнотулган салык постунун натыйжасында алынган маалыматтар сыяктуу кыйыр методдордун негизинде салыктык милдеттенмени аныктайт.

Караңыз:

Кыйыр ыкмалардын негизинде салык милдеттенмелерин аныктоо Ыкмасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 736 токтому менен бекитилген)

120-берене. Салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын колдонуу

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык салуунун максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн тараптар иш жүзүндө колдонгон бүтүмдөрдөгү баалар эске алынат. Эгерде тескерисинче далилденбесе, бул баа рынок бааларына ылайык деп эсептелет.

2. Салык кызматынын органдары контроль жүргүзүүдө салыктарды толук эсептөө үчүн бүтүмдөр боюнча бааларды колдонуунун тууралыгын төмөнкүдөй учурларда гана текшерүүгө укуктуу:

1) өз ара көз каранды адамдардын ортосунда бүтүмдөр түзүлгөндө;

2) товар алмашуу (бартердик) операциялар боюнча;

3) тышкы соода бүтүмдөрү түзүлгөндө;

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жөнүндө ырастоочу документтер болбогондо;

6) аракеттенбеген жактын белгилери бар субъекттер менен бүтүмдөрдү түзүүдө.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда, бүтүмдүн тараптары товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө колдонгон баалар рыноктук баадан айырмалуу болсо, салык кызматынын органы тийиштүү товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук бааларды колдонгондо болуучу ошол бүтүмдүн натыйжасына ылайыкталып эсептелген салыкты, туумду жана салыктык санкцияларды салуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарууга укуктуу.

4. Рыноктук баа ушул Кодекстин 121-беренесинде каралган салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоо принцибине ылайык белгиленет, алардын ар бири мурдагыларды колдонуу үчүн жетиштүү маалымат жок учурда колдонулат.

5. Рыноктук бааны аныктоодо өз ара көз карандысыз болуп саналган жактардын ортосунда бүтүмдөрдү түзүүдө белгиленүүчү кадимки кошумча баалар менен бааны арзандатуулар эске алынат. Атап айтканда төмөнкүлөрдөн улам кошумчалар жана арзандатуулар эсепке алынат:

1) товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө керектөө суроо-талабынын сезондук же башкача өйдө-төмөндүгү;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте товарлардын сапатын же башка керектөө касиеттерин жоготушу;

Караңыз:

Товарлар сапатын же башка керектөө касиеттерин жоготконуна байланыштуу рыноктук бааны аныктоо Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 736 токтому менен бекитилген)

3) товарлардын жарактуулук же аларды сатуу мөөнөттөрүнүн бүтүшү же ошол күнгө жакындашы;

4) маркетингдик саясат, анын ичинде окшош эмес жаңы товарларды рынокко чыгарууда, ошондой эле товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жаңы рынокторго чыгаруу;

5) керектөөчүлөрдү тааныштыруу максатында тажрыйба моделдерин жана үлгүлөрүн сатуу.

6. Товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук бааларын аныктоодо өз ара көз каранды эмес жактардын ортосундагы бүтүмдөр көңүлгө алынат. Өз ара көз каранды жактардын ортосундагы бүтүмдөр өз ара көз каранды мындай жактар ушул сыяктуу бүтүмдөрдүн натыйжаларына таасир этпеген учурларда гана көңүлгө алынышы мүмкүн.

7. Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө рынок баасын аныктоодо жана таанууда товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана биржалык котировкаларга рыноктук баалар жөнүндө маалыматтын расмий булактары, мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтар базасы, салык төлөөчү салык органдарына берген маалыматтар, ошондой эле башка тиешелүү маалыматтар колдонулат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

121-берене. Салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоо принциптери

1. Товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы катарында товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө рынокто түзүлгөн баалардын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети квартал сайын басып чыгаруучу бюллетенинин маалыматтары колдонулат.

Салык салуу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мамлекеттик жөнгө салынуучу баалар (тарифтер) боюнча товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда көрсөтүлгөн баалар (тарифтер) кабыл алынат.

2. Товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы бул товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү сатуу учурунда окшош жана/же бирдей товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр менен салыштырмалуу шарттарда түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматтын негизинде аныкталат. Атап айтканда, берилүүчү товарлардын саны жана көлөмү (мисалы, товардык партиянын көлөмү), милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү мындай түрдөгү бүтүмдөрдө адатта колдонулуучу төлөмдөрдүн шарттары сыяктуу бүтүм шарттары, ошондой эле бааларга таасир тийгизиши мүмкүн болгон башка акылга сыярлык шарттар эске алынат.

Мында окшош, андай болбосо — бир түрдүү товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда бүтүмдөрдүн шарттары, эгерде мындай шарттардын ортосундагы айырмачылык болсо же болбосо мындай товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына олуттуу таасир тийгизсе, салыштырмалуу түрдө таанылат же болбосо түзөтүүлөрдүн жардамы менен эске алынышы мүмкүн.

3. Рыноктук бааны аныктоо үчүн кийинки сатуу бааларынын методу колдонулат, мында сатуучу тарабынан сатылган товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы аларды кийинки кайра сатуудагы баалардын ар түрдүүлүгү катары жана ушундай учурларга мүнөздүү товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү кайра сатууда жана сатып алынгандарды рынокко чыгарууда баалардын айырмачылыгы, ошондой эле иш-аракеттин бул чөйрөсү үчүн сатып алуучунун кадимки пайдасы катары аныкталат.

4. Кийинки сатуу бааларынын методун колдонуу мүмкүн болбогондо наркты кошуунун негизиндеги ыкма колдонулат, мында сатуучу саткан товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы кеткен сарптоолордун жана иш-аракеттин бул чөйрөсү үчүн адаттагыдай пайдасынын суммасы катары аныкталат. Мында ушундай учурлардагы товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө жана/же сатып алууга жана/же сатууга кеткен түз же кыйыр чыгымдар, ушундай учурларда ташууга, сактоого, камсыздандырууга жана башка ушундай сарптоолорго кеткен чыгымдар эске алынат.

5. Салык салуу максаттарында бүтүмдөрдүн баасын аныктоо жөнүндө салык кызматынын органынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусу тууралуу ишти кароодо сот ушул главада саналган жагдайларды чектебестен бүтүмдүн натыйжаларын аныктоо үчүн мааниси бар бардык кырдаалдарды эске алууга укуктуу.

17-глава
Салык кызматынын органдарынын башка субъекттер менен өз ара аракети

122-берене. Салык кызматы органдарынын бажы органдары, финансылык чалгын органдары жана финансылык полиция органдары менен биргелешкен аракети

1. Салык кызматы органдарынын бажы органдары, финансылык чалгын органдары жана финансылык полиция органдары менен биргелешкен аракети ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде, «Изин суутпай иликтөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, «Террорчулукту финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы аракет жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, эки тараптуу (көп тараптуу) макулдашууларда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде ишке ашырылат.

2. Салык кызматынын органдары ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды жана материалдарды алмашуу, алуу жана берүү аркылуу салык кызматынын органдарынын бажы органдары, финансылык-чалгын органдары жана финансы полиция органдары менен биргелешкен аракетин ишке ашырат.

3. Салык кызматынын органдары:

1) салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу финансы полиция органдары, финансылык-чалгын органдары жана бажы органдары аныктаган жана жиберген документ менен тастыкталган маалыматтарды жана материалдарды карайт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте алар боюнча салык төлөөчүгө көчмө текшерүүсүн дайындоо же аны жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;

2) финансы полиция органдарынын жана финансылык чалгын органдарынын кат жүзүндөгү суроо-талаптары боюнча салык төлөөчүнү салыктык каттоо жөнүндө болгон маалыматты: анын идентификациялык салык номерин, аты-жөнүн же аталышын, жашаган же турган жерин, ошондой эле КНС боюнча каттоо маалыматын берет;

3) ушул Кодекстин талаптарына ылайык финансы полиция органына салыктын азайтылган суммасы белгиленген чектен ашып кеткендиги, ал боюнча кылмыш жоопкерчилиги карала тургандыгы боюнча көчмө текшерүүнүн материалдарын жиберет;

4) финансы полиция органдарына салык органдарында салыктык каттоодон өтпөгөн, салык отчеттуулугун бербеген КНСтин эсеп-фактураларын алган бланктары боюнча эсептешпеген, салыктарды төлөөдөн качып жүргөн, ошондой эле салык төлөөчүлөр КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарын жоготкон, КНСтин жасалма эсеп-фактураларын жана акциз маркаларын колдонгон адамдарды издөө боюнча арыздар менен кайрылышат жана алар боюнча белгиленген мөөнөттөрдө арыздардын мааниси боюнча негиздүү жоопторду алышат;

5) финансы полиция органдары салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын укук бузуулары боюнча кызматтык териштирүүлөрдүн материалдарын карап чыккандан кийин, кылмыш курамы болбосо, бул адамдарга тартиптик жана администрациялык чараларды көрүшөт;

6) бажы органдарынан экспорттук-импорттук операциялар боюнча, ошондой эле КНСти шарттуу эсептөө менен импорттолуучу негизги каражаттар боюнча толук маалыматтар базасын алат;

7) бажы органдарына тийиштүү материалдарды жиберүү аркылуу бажылык укук бузуулардын фактыларын көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган маалыматтарды берет.

123-берене. Салык кызматы органдарынын юстиция органдары менен биргелешкен аракети

Салык кызматы органдарынын юстиция органдары менен биргелешкен аракети каттоодон, кайра каттоодон өткөн жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгарылган субъекттер жөнүндө маалыматтар базасын алмашуу аркылуу ишке ашырылат.

124-берене. Салык кызматы органдарынын мамлекеттик статистика органдары менен биргелешкен аракети

1. Салык кызматы органдарынын мамлекеттик статистика органдары менен биргелешкен аракети ушул Кодексте жана «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде ишке ашырылат.

2. Салык кызматынын органдары мамлекеттик статистика органдары менен өз ара аракеттенүүнү төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырат:

1) ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды жана материалдарды алмашуу, алуу же берүү;

2) статистикалык отчеттуулукту чогултуу, эсептерди жүргүзүү, кат алышуу, сурамжылоолорду, иргеме жана башка текшерип кароолорду жүргүзүү боюнча салык салуу чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүүгө, мамлекеттик статистикалык байкоолордун формаларын иштеп чыгууга жана натыйжаларын чыгарууга катышуу;

3) мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөрдүн статистикалык методологиясын жана отчеттук-статистикалык документтерин, ошондой эле эсептик документтердин типтүү формаларын иштеп чыгууга катышуу;

4) маалыматтык фонддорду жүргүзүүнүн бирдиктүү принциптеринин, методдорунун жана формаларынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн мамлекеттик реестрин жана Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин айкалышуусун актуалдуу абалда кармоо жана маалыматтык камсыздоо.

3. Салык кызматынын органынын мамлекеттик статистика органы менен өз ара аракети, төмөнкүдөй учурларда да ишке ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине жана Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистрине жаңы салык төлөөчүнү каттоодо жана киргизүүдө;

2) салык төлөөчүнү кайра каттоодо;

3) белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде салык төлөөчүнүн ишине контролдук жүргүзүүдө;

4) салык төлөөчү өз ишин токтоткондо.

4. Салык кызматынын органдары мамлекеттик статистикалык органдарына төмөнкүлөрдү берет:

1) катталган салык төлөөчүлөрдүн саны жөнүндө маалыматты;

2) патенттик негизде иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдүн саны жана категориялары жөнүндө маалыматты.

5. Мамлекеттик статистика органдары салык кызматынын органдарына төмөнкүлөрдү берет:

1) ай сайын мамлекеттик каттоодон өткөн субъекттер жөнүндө маалыматтар базасын;

2) мамлекеттик статистика органдары чыгаруучу маалымдамаларды, бюллетендерди үзгүлтүксүз негизде;

3) тийиштүү суроо-талаптын негизинде кагаздагы жана/же электрондук булактардагы статистикалык бирдиктер жөнүндө керектүү маалыматты (маалыматтар базасын).

125-берене. Салык кызматынын органдарынын салык салуу объекттерин каттоочу органдар менен биргелешкен аракети

1. Салык кызматы органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жана транспорт каражаттарын каттоону жүзөгө ашыруучу органдар менен төмөнкүлөр жөнүндө жазуу же электрондук түрүндө маалымат алуу жолу менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат:

1) ошол органдарда катталган же каттоодон чыгарылган салык салуу мүлкү — объекттери жөнүндө;

2) бул мүлктүн менчик ээси болуп саналган субъекттер жөнүндө;

3) салык салуу объектиси болуп саналган мүлктүн параметрлери жөнүндө.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар мурдагы айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн чейин ай сайын өзү турган жердеги салык органына менчик укугун мамлекеттик каттоо же салык салуу объектиси тууралуу маалымат берип турууга милдеттүү.

3. Автотранспорт каражаттарын же тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, ошондой эле аларга чиркегичтерди каттоо жүргүзүүчү органдар каттоодо, кайра каттоодо, маалымкаттарды берүүдө жана техникалык кароолорду жүргүзүүдө мүлккө салык төлөө жөнүндө документти көрсөтүүнү талап кылууга милдеттүү.

Көрсөтүлгөн документ жок болсо, каттоону, кайра каттоону, маалымкаттарды берүүнү жана техникалык кароону жүргүзүүгө болбойт.

4. Салык кызматынын органдары нотариалдык бүтүмдөрдү жана фондулук биржага бүтүмдөрдү кошо алганда салык салуу объекттерине укуктардын өтүшүнө байланыштуу бүтүмдөрдү каттоо жүргүзүүчү башка органдар менен өз ара кызматташат. Ушул бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар отчеттук кварталдан мурдагы айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн чейин квартал сайын өзү турган жердеги салык органына бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө маалымат берип турууга милдеттүү.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы N 25, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

126-берене. Салык кызматы органдарынын банк менен биргелешкен аракети

Салык кызматы органдары менен биргелешип аракеттенүү максатында банктар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык төлөөчүнүн эсебин ачуу же жабуу тууралу маалыматты мый-

замдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде берүүгө

2) текшерилип жаткан салык төлөөчүнүн эсептери боюнча жүргүзүлгөн операциялар тууралу маалыматты, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде берүүгө;

3) салык төлөөчү салыктык каттоодо тургандыгы жөнүндө салыктык кызмат органынын маалымкатын көрсөткөндө гана уюмдар менен жеке ишкерлерге эсеп ачууга;

4) салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелерин аткаруу эсебине бюджетке акча каражаттарын которуу жөнүндө тапшырмасын биринчи кезекте аткарууга;

5) салык төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарды алуу боюнча операция жүргүзүлгөн күндө салыктын суммасын бюджетке жөнөтүүгө;

6) карыз алуучунун төлөнбөгөн карызын кечүү жана банктын карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты тиешелүү суроо-талап алынгандан кийинки 30 календардык күндүн ичинде банктан берүүгө;

7) салык төлөөчү мойнуна алган салыктык карызын жоюу үчүн салык кызматынын органдары койгон салыктык төлөм талаптарын сөзсүз жана биринчи кезектеги тартипте аткарууга.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы N 245, 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

127-берене. Салык кызматы органдарынын жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоо жүргүзүүчү органдар менен биргелешкен аракети

Салык кызматынын органдары жарандык актыларын жазуу органы менен, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктар берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемеси менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо: төрөлүү, өлүү, никеге туруу, никени бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө маалымат алуу аркылуу өз ара кызматташат.

128-берене. Салык кызматы органдарынын чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ыйгарым укуктар берилген органдар менен биргелешкен аракети

Салык кызматы органдары чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ыйгарым укук берилген органдар менен төмөнкүлөр жөнүндө маалымат алуу аркылуу биргелешип аракеттенет:

1) чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына келишине, алардын Кыргыз Республикасында болушуна жана Кыргыз Республикасынан кетишине берилген уруксаттар жөнүндө;

2) эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө.

129-берене. Салык кызматы органдарынын салык төлөөчүлөрдүн уюмдары менен биргелешкен аракети

Кыргыз Республикасында натыйжалуу салык саясатын түзүү жана ишке ашыруу, өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатуу жана салык төлөөчүлөр менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын балансына жетишүү максатында салык кызматынын органдары салык төлөөчүлөрдүн уюмдары, анын ичинде бизнес-ассоциациялар, кесиптик бирикмелер менен биргелешип аракеттенүүнү ишке ашырат.

130-берене. Салык кызматы органдарынын чет мамлекеттин дипломатиялык, консулдук жана башка өкүлчүлүгү же эл аралык уюм менен биргелешкен аракети

Салык кызматынын органдары чет мамлекеттин дипломатиялык, консулдук жана башка өкүлчүлүгү же эл аралык уюм менен биргелешкен аракетти бул субъекттер ушул Кодекстин жоболоруна ылайык ар кандай маалыматтарды берүү жана ар кандай иштерди аткаруу боюнча салык кызматынын органдарынын талабына карата иммунитеттен пайдалана тургандыгын эске алуу менен ишке ашырат.

131-берене. Салык кызматы органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен аракети

1. Салык кызматынын органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан төмөнкүлөрдү алуу:

а) жергиликтүү салыктарды киргизүү боюнча чечимдерди;

б) экономикалык ишти жүргүзүүгө жана жеке турак үйлөрдү курууга юридикалык жактарга жана жеке адамдарга бөлүнгөн жер участоктору боюнча чечимдерди (токтомдорду);

в) мамлекеттик жана муниципалдык менчик жерлерди пайдаланууга түзүлгөн ижара келишимдери жөнүндө маалыматты;

г) калктуу конуштардын экономикалык-пландаштыруу зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленген калктуу конуштардын жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасын дифференциялоочу кабыл алынган коэффициенттердин өлчөмдөрү жөнүндө чечимдерди;

д) жер салыгы жана мүлккө салык боюнча бошотуулар жөнүндө чечимдерди;

е) салык постун белгилөө боюнча кайрылууларды;

ж) ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле 53 жана 54-главаларында каралган ченемдерди салык төлөөчү бузганда түзүлгөн протоколдорду;

2) ушул Кодексте каралган комиссиялардын иштерине биргелешип катышуу;

3) салык салуу максатында биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү;

4) жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн биргелешип прогноздоо.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда жана салыктарды чогултууда салык кызматынын органдарына көмөк көрсөтүшөт.

(КР 2010-жылдын 16-мартындагы N 51, 2013-жылдын 20-февралындагы N 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

132-берене. Салык кызматы органдарынын уюмдар менен жеке жактарга лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү жүргүзүүчү органдар менен биргелешкен аракети

Салык кызматынын органдары лицензия жана уруксат алышкан субъекттер жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле салык органдарынын суроо-талаптары боюнча башка маалыматтарды алуу аркылуу лицензияларды жана уруксаттарды берүүчү органдар менен өз ара аракеттенет.

133-берене. Ушул главанын жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул главанын талаптарын тиешелүү органдардын кызмат адамдарынын аткарбашы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.

V БӨЛҮМ
САЛЫКТЫК УКУК БУЗУУ ЖАНА АНЫ БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК

18-глава
Салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө жалпы жоболор

134-берене. Салыктык укук бузуулар түшүнүгү

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуу же салыктык укук бузуу деп, администрациялык жана/же кылмыштык укук бузуу белгилерин камтыбаган салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун күнөөсү менен жасалган укукка жат жосун (аракет же аракетсиздик) саналат.

2. Кылмыш же администрациялык укук бузуунун белгилерин камтыган, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде же Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленет.

135-берене. Салыктык укук бузуу жасагандык үчүн жоопкерчилик

1. Салыктык укук бузуу жасагандык үчүн жоопкерчилик салыктык укук бузуу жасалышына күнөөлүү салыктык укук мамилелеринин катышуучусуна сот же болбосо компетенттүү орган (кызмат адамы) тарабынан жаза чараларын колдонуудан көрүнгөн салыктык укук бузуу жасоонун укуктук кесепети болуп саналат.

2. Салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчилик ушул Кодексте белгиленет.

3. Салыктык укук бузуу жасагандык үчүн жоопкерчиликти караган норманы ушул Кодексти кошпогондо, башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат.

136-берене. Салыктык укук бузуу жасагандык үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон салыктык укук мамилелеринин катышуучулары

Ушул Кодексте каралган учурларда төмөнкүлөр салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчилик тартат.

1) салык төлөөчү, анын кызмат адамдары жана/же мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энелер, багуусундагылар, камкорчу);

2) салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары;

3) салыктык укук мамилелеринин башка катышуучусу.

137-берене. Салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартуунун жалпы принциптери

1. Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерден жана тартиптен тышкары салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.

2. Эч ким бир эле салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке кайрадан тартылбайт.

3. Салыктык укук мамилелеринин катышуучусун салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу анын кызмат адамдарын тийиштүү негиздер болсо, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликтен бошотпойт.

4. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу салык төлөөчүнү салыктык милдеттенмесин аткаруу, ошондой эле эсептелген туум-айыптын жана салык санкцияларынын суммасын төлөө милдеттенмесинен бошотпойт.

5. Салыктык укук мамилелеринин катышуучусу күнөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте далилденмейинче салыктык укук бузууну жасоого күнөөлүү деп эсептелбейт.

6. Жоопкерчиликке тартылуучу салык төлөөчү жана анын кызмат адамы салыктык укук бузууну жасоодо өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес.

7. Салыктык укук бузуу фактысы жана аны жасалышына адамдын күнөөлүү экендигин күбөлөндүргөн жагдайды далилдөө милдети салык кызматынын органдарына жүктөлөт.

138-берене. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуунун эскириши

1. Субъект эгерде салыктык укук бузууну жасаган күндөн тартып 6 жыл өтсө (эскирүү мөөнөтү) жана ага тиешелүү салык кызматы органынын чечими тапшырылбаса, салыктык укук бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

2. Салыктык отчетто көрсөтүлгөн салыктын суммасын азайтууга байланыштуу салыктык укук бузууларды жасоо учурунда эскирүү мөөнөтүн эсептөө салык кызматы органынын тиешелүү чечими тапшырылган күндөн тартып башталат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

139-берене. Салыктык укук бузуу жасагандык үчүн салык санкциясы

1. Салык санкциясы салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчилик чарасы болуп саналат.

2. Салык санкциясы ушул Кодексте каралган өлчөмдө акчалай жаза түрүндө белгиленет жана колдонулат.

3. Бир эле субъект эки же андан ашуун салыктык укук бузуу жасаса, ушул Кодексте каралган салык санкциялары ар бир укук бузуу үчүн өз-өзүнчө өндүрүлөт.

4. Салык санкциясын колдонуу жөнүндө чечим салык кызматы органы тарабынан кабыл алынат жана салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген тартипте тапшырылат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

140-берене. Салык санкциясын өндүрүүнүн эскириши

1. Салык кызматынын органдары салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып 6 жылдан кечиктирбестен салык санкциясын өндүрүү жөнүндө сотко доо менен кайрыла алат.

2. Салыктык укук бузуу болсо, бирок кылмыш ишин козгоодон же токтотуудан баш тартса, доо арызын берүү мөөнөтү кылмыш ишин козгоодон баш тартуу же токтотуу жөнүндө токтомду салык кызматы органдары алган күндөн тартып эсептелет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-глава
Салыктык укук бузуулардын түрлөрү жана аларды жасагандык үчүн жоопкерчилик

141-берене. Салык органында салыктык жана/же эсепке алуу каттоосунан четтөө

Салык төлөөчү салыксыз жана/же салык органында эсепке алуу каттоосуз иш жүргүзгөндө мындай ишмердиктин бүткүл мезгили үчүн эсептелген жана/же эсептелүүгө тийиш болгон салыктардын суммасынын бир эсе өлчөмүндө, бирок 50 эсептик көрсөткүчтөрдөн кем эмес өлчөмдө салык санкциясы колдонулат.

142-берене. Салыктын суммаларын азайтуу

Эгерде салыктык отчеттуулукта көрсөтүлгөн салыктын суммасы салыктык отчетто көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына салыштырмалуу азайтылса, салык төлөөчүгө:

1) текшерилүүчү календардык жылдан мурдагы жыл үчүн жалпы жылдык кирешеге карата салыктын суммасы 2 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса — салык санкциясы колдонулбайт;

2) текшерилүүчү календардык жылдан мурдагы жыл үчүн жалпы жылдык кирешеге карата салыктын суммасы 2ден 5 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса — салыкты азайтуу суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө салыктык санкция колдонулат;

3) текшерилүүчү календардык жылдан мурдагы жыл үчүн жалпы жылдык кирешеге карата салыктын суммасы 5 пайыздан ашуун өлчөмдө азайтылса — салыкты азайтуу суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө салыктык санкция колдонулат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

143-берене. Салык агенти тарабынан салыктарды төлөө боюнча милдетти аткарбоо

Кармалуучу же төлөөгө тийиш болгон салыктын суммасын төлөбөй коюу же толук эмес төлөө учурунда салык агентине төлөнүүгө тийиш болгон салыктын төлөнбөгөн суммасынын 10 пайызы өлчөмүндө салык санкциясы жана/же аны төлөө үчүн белгиленген күндөн тартып ар бир толук же толук эмес ай үчүн кошумча төлөө колдонулат, бирок бул көрсөтүлгөн сумманын 50 пайызынан ашпашы керек.

144-берене. Банктын жоопкерчилиги

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

145-берене. Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууга күнөөлүү салык кызматы органынын кызмат адамы ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

2. Укукка каршы аракеттерди жана/же аракетсиздикти жасаган салык кызматы органынын кызмат адамы, анын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенден кийин 3 жыл бою салык кызмат органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

3. Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын салык төлөөчүнүн укугун бузган укукка сыйбаган аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин натыйжасында, ошондой эле ошол кызмат адамдарынын салык төлөөчүгө карата ушул Кодексте каралган милдеттерди талаптагыдай жүзөгө ашырбоосунун кесепетинен салык төлөөчүгө келтирилген зыяндар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга жатат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VI БӨЛҮМ
САЛЫК КЫЗМАТ ОРГАНДАРЫНЫН ЧЕЧИМДЕРИНЕ, АЛАРДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН ИШ-АРАКЕТИНЕ ЖАНА/ЖЕ АРАКЕТСИЗДИГИНЕ ДАТТАНУУ

20-глава
Салык кызмат органдарынын чечимдерине даттануунун тартиби

146-берене. Салык кызмат органдарынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусун кароочу органдар

Ушул бөлүмгө ылайык салык кызмат органдарынын чечимине салык төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароо ыйгарым укуктуу салык органында жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

147-берене. Салык төлөөчүнүн даттанууларын берүү тартиби жана мөөнөттөрү

1. Салык кызмат органдарынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусу салык төлөөчүгө мындай чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына берилет.

2. Эгерде салык төлөөчү ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин салык кызмат органдарынын чечимине даттануу берсе, бул даттануу каралбайт.

3. Даттануунун көчүрмөсү салык төлөөчү тарабынан чечимине даттанылган салык кызматынын органына жиберилет.

4. Ушул бөлүмдүн жоболорун бузуу менен берилген даттануу ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан анын себептерин көрсөтүү менен арыз ээсине кайтарылып берилет.

5. Салык төлөөчү, даттануусунун кайтарып берилишине шылтоо болгон себептер четтетилгенден кийин, даттанууну кайтарылган даттануу алынган күндөн кийинки 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына кайра жиберүүгө укуктуу.

6. Салык милдеттенмесин азайтуу фактысы боюнча кылмыш иши козголсо, салык төлөөчүнүн даттануусу салык кызматынын органдарында каралууга тийиш эмес. Мындай учурда салык төлөөчү көрсөтүлгөн факт боюнча эксперт корутундусун алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укугу бар.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

148-берене. Салык төлөөчүнүн даттануусунун формасы жана мазмуну

1. Салык төлөөчү даттанууну жазуу жүзүндө берет.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) даттанууну берүү датасы;

2) даттануу берилген салык кызматынын органынын аталышы;

3) даттанууну берген адамдын аты-жөнү же болбосо толук аталышы, анын жашаган жери (турган жери);

4) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;

5) чечимине даттануу берилген салыктык кызмат органынын аталышы;

6) даттануу берип жаткан салык төлөөчү өзүнүн талабын негиздеген жагдайлар жана бул жагдайларды тастыктоочу далилдер;

7) тиркелүүчү документтердин тизмеси;

8) даттанылуучу чечимдердин реквизиттери.

3. Даттанууда талаш-тартышты чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар да көрсөтүлүшү мүмкүн.

4. Даттанууга салык төлөөчү кол коет.

5. Даттанууга төмөнкүлөр тиркелет:

1) салыктык контролдун натыйжалары боюнча материалдардын жана актынын көчүрмөлөрү;

2) ал боюнча чечимдин көчүрмөсү;

3) салык төлөөчү өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайларды ырастоочу, салык төлөөчү жана башка органдар күбөлөндүргөн документтер;

4) ишке тиешеси бар башка документтер.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

149-берене. Салык төлөөчүнүн даттанууларын кароонун тартиби

1. Салык төлөөчүнүн даттануусуна мындай даттануу алынган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирбеген мөөнөттө даттануунун маанисине карата чечим жиберилет.

Даттанууну кароо мөөнөтү ыйгарым укуктуу салык органына даттануу катталган күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет жана салык төлөөчүгө чечим жооп жиберилген күндө бүтөт.

2. Эгерде даттанууну кароо мезгилинде салык төлөөчүдөн өз ара байланыштуу салыктар жана төлөмдөр боюнча баштапкы даттанууга толуктоо түшсө, негизги жана кошумча даттануулар боюнча кароо мөөнөтү толуктоо түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып башталат.

Даттанууну кароо мөөнөтү эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына, салык маселелери боюнча жоболорду колдонуунун тартибин түшүндүрүү үчүн тийиштүү органдарга суроо-талаптарды жиберүү, утурлама текшерүүлөрдү, кайра текшерүүлөрдү дайындоо учурларында токтотулуп турат.

Салык төлөөчүгө даттануу боюнча акыркы чечим ушул пунктта каралган жол-жоболорду аткаргандан кийин кабыл алына тургандыгы тууралуу аралык чечим жиберилет.

3. Салык төлөөчүнүн даттануусу, эгерде ыйгарым укуктуу салык органы ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөттө чечим жибербесе, канааттандырылды деп эсептелет.

4. Даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу салык органы төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандырат;

2) салык төлөөчүнүн даттануусун жарым-жартылай канааттандырат;

3) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандыруудан баш тартат.

Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынган чечим салык кызматы органынын мурдагы чечимин жокко чыгарат.

5. Ыйгарым укуктуу салык органы чечимди салык төлөөчүгө ушул Кодекстин 82-беренесинде каралган тартипте тапшырат, ошондой эле чечимине доо арызы берилген салык кызматы органына жиберет.

Ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде чечимине даттанылган салык кызматынын органы ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган учурларда ушул Кодекстин 106-беренесинин 2-6-бөлүктөрүнө ылайык жаңы чечим чыгарууга милдеттүү.

6. Эгерде даттанууда мурда жиберилген даттанууларга мааниси боюнча байланыштуу ал боюнча чечимдер арыз ээсине бир нече ирет жөнөтүлгөн маселелерди камтыса жана даттанууда жаңы негиздер же жагдайлар келтирилбесе, ыйгарым укуктуу салык органы кезектеги даттануунун негизсиздиги жана көрсөтүлгөн даттануу, мурда жиберилген даттануулар бир эле органга жиберилген шартта бул маселе боюнча салык төлөөчү менен кат жазышууларды токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Бул чечим жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарланат.

7. Берилген даттануу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине макул болбогон салык төлөөчү бул чечимге администрациялык иштер үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрү менен жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча сот тартибинде даттанууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

150-берене. Салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча салык кызматы органынын чечиминин мазмуну

Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) чечим кабыл алынган күн жана жер;

2) даттанууну караган ыйгарым укуктуу салык органынын аталышы;

3) салык төлөөчүнүн фамилиясы жана аты же болбосо толук аталышы, арыз берүүчүнүн дареги;

4) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;

5) чечимге даттануу берилген салык кызматынын органынын аталышы;

6) даттанылуучу чечимдин реквизиттери жана кыскача мазмуну;

7) даттануунун мааниси;

8) чечимдин негизине коюлган себептердин жана фактылардын баяндалышы;

9) ушул Кодекстин нормаларына, мыйзамга же нормативдик укуктук актыларга шилтемелер;

10) кабыл алынган чечим;

11) чечимине даттанылган салык органына тиешелүү тапшырма.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

151-берене. Даттануу берүүнүн натыйжалары

1. Ушул Кодексте белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу салык органына же сотко салык төлөөчүнүн даттанууну берүүсү даттанылган чечимдин аткарылышын токтотуп турат.

2. Чечимди аткаруу ыйгарым укуктуу салык органына даттануу берилген күндөн тартып даттанылган чечим салык төлөөчүгө тапшырылган күндөн кийинки 30 күн өткөнгө чейин токтотула турат.

Даттанылган чечимди аткаруу салык төлөөчүгө даттанууга чечим тапшырылганга чейин токтотула турат.

3. Салык төлөөчүнүн даттануусун толук же жарым-жартылай канааттандыруу учурунда салык кызматынын органынын чечимине даттанууга чечимдин негизинде тиешелүү өзгөртүү жана толуктоо киргизилет.

4. Салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандыруу же жарым-жартылай канааттандыруу учурунда даттанууну кароонун бүткүл мезгили үчүн салык санкциялары жана туум-айыптар негиздүү эсептелген деп табылган суммага гана эсептелет.

5. Эгерде салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча чечим кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу салык органы чечим чыгаруу учурунда эске алынбаган документтик маалыматтар алынса жана салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмеси өзгөртүүгө дуушар болсо, ыйгарым укуктуу салык органы бул чечимди өзгөртүүгө укуктуу.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

152-берене. Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын иш-аракетине жана/же иш-аракетсиздигине даттануу тартиби

Салык кызматынын органдарынын кызмат адамынын иш-аракетине жана/же аракетсиздигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

153-берене. Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар

Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

1) «Кайрымдуулук ишмердиги» — жарандарга жана юридикалык жактарга активдерди пайда көздөбөй берүү (акысыз негизде же жеңилдетилген шарттарда) же болбосо аларды сатууга кеткен чыгымдардан ашпаган акыга кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу боюнча кайрымдуулук ишмердик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кайрымдуулук максаттарын ишке ашырууга багытталган жеке жана/же юридикалык жактардын ыктыярдуу иш-аракети.

2) «Кайрымдуулук уюму» — коммерциялык эмес уюм:

а) коммерциялык эмес уюмдар жана кайрымдуулук ишмердиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук иш-аракетин жүзөгө ашыруучу;

б) акциздик товарларды өндүрүү жана/же сатуу жана букмекердик кеңселердин жана тотализатордун иштери боюнча иш-аракетти жүргүзүү менен алектенбеген;

в) саясий партияларды же шайлоо кампанияларын колдоого катышпаган.

3) «Кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыгы» — камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырылуучу төлөгөн камсыздандыруу сыйлыгын келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган учурда камсыздандырылуучунун дарегине толук көлөмүндө же айрым төлөө менен кайтарып берүү.

4) «Кирүү төгүмдөрү» — бул уюмдун уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте мүчөлүккө негизделген коммерциялык уюмга кирүүдө адамдар тарабынан берилүүчү активдер, мында берүүлөр өздүк наркынан төмөн баа боюнча же болбосо бул уюмга акысыз мүчөлүккө утурлап кызмат көрсөтүү менен шартталбайт.

5) «Өмүрдү узак мөөнөттүү камсыздандырууда сатып алуу суммасы» — камсыздандыруучу менен келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган күндө камсыздандырылуучуга төлөнүүгө тийиш болгон төгүмдөрдүн резервдик бөлүгү. Сатып алуу суммасынын өлчөмү камсыздандыруучу тарабынан түзүлгөн атайын таблицалар боюнча жана камсыздандыруунун бүтүүчү мезгилинин узактыгына жана келишим түзүлгөн мөөнөткө жараша аныкталат.

6) «Грант» — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик, саясий максатты көздөбөгөн коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттер, эл аралык, чет өлкөлүк жана ата мекендик уюмдар тарабынан акысыз берилүүчү активдер.

7) «Гуманитардык жардам» — калктын турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, ошондой эле аскердик, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн аларды андан ары керектөө жана/же акысыз бөлүштүрүү шарттарында азык-түлүк, техника, шайман, жабдуу, медициналык каражаттар жана медикаменттер, башка мүлк түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле муктаж адамдарга мамлекеттер, уюмдар тарабынан акысыз берилүүчү активдер.

8) «Дивиденд» — салык төлөөчүнүн төмөнкүлөрдү кошо алганда пайдасынын бөлүгү:

а) өзүнө таандык акциялардан киреше түрүндө ошол адам алган уюмду жоюудагы нарктын өсүшү;

б) пайдага салыкты төлөгөндөн кийин жеке ишкердин карамагында калган пайда;

в) капиталдагы адамдын үлүшүнө ылайык ар кандай төлөмдөр;

г) айыл чарбалык товардык-сервистик кооперативдердин мүчөлөрүнө кооперативдик төлөмдөр;

д) инвестициялык фонддогу пайга ылайык төлөмдөр.

9) «Документ менен тастыкталган сарптоолор» — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, бүтүмдөрдүн өлчөмүн, бүтүмдөрдүн мүнөзүн аныктоого жана анын катышуучуларын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү документ түрүндө тастыкталган чыгымдар, тизме, форма жана реквизиттер.

10) «Лотереялык ишмердик» — топтук же массалык оюндарды уюштуруу боюнча субъекттин иш-аракети, анын жүрүшүндө лотереяны уюштуруучу лотереяга катышуучулардын — лотереялык билеттердин менчик ээлеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу лотереянын байге фондунун утушун өткөрөт. Мында утуш лотереялык ишмердик субъектинин эркине жана иш-аракетине жараша болбойт.

11) «Коммерциялык эмес уюм» — төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүчү уюм:

а) бул уюм коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган уюштуруу-укуктук формада катталган;

б) бул уюм өз ишмердигинин негизги максаты катары пайда табууну көздөбөйт жана тапкан пайданы анын мүчөлөрүнүн, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрбөйт.

12) «Маданият жана спорт уюмдары» — менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, алардын ишмердигинин негизги түрү маданий дөөлөттөрдү сактоо, түзүү, өнүктүрүү, жайылтуу жана өздөштүрүү, дене тарбия жана спорт тармагында маданий жыргалчылыктарды, ошондой эле кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.

13) «Акы төлөө» — дүңүнөн жана акчалай түрдө толук көлөмдө же жарым-жартылай төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон беримдер үчүн керектөөчү же башка адам тарабынан берүүчүгө түз же кыйыр түрдө төлөнүүчү төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн камтыйт.

14) «Пайдалуу кендер» — жер казынасында камтылган табигый минералдык түзүлмөлөр, көмүртек жана жер алдындагы суулар алардын химиялык курамы жана физикалык түзүлүшү материалдык өндүрүш жана керектөө чөйрөсүндө колдонууга мүмкүндүк берет.

15) «Товардын бузулушу» — товардын бардык же айрым касиеттеринин начарлашы, ушунун кесепетинен мындай товар беримдерден салык алуу максаты үчүн колдонулбай калышы мүмкүн.

16) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

17) «Пайдалуу кен байлыктарын иштетүү» — пайдалуу кен байлыктарын ачуу, даярдоо жана алуу боюнча кен иштеринин комплекси.

18) «Роялти» — төмөнкүлөр үчүн сыйлык катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөр:

а) компьютердик программаларды, кино-, теле-, видеофильмдерди же радио жана теле үчүн жазууларды кошо алганда ар кандай адабият, искусство же илимдин чыгармаларына автордук укукту пайдалануу же пайдалануу укугун берүү үчүн;

б) өнөр жайлык менчик объектине, соода маркасына, дизайнга же моделге, өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбаларга тиешелүү планга, жашыруун формулага же процесске же маалыматка (ноу-хау) укукту ырастоочу ар кандай патент.

Каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган сыйакылар роялтиге кирбейт.

Ушул Кодекстин XI бөлүмүнүн максатында «роялти» деп, кен байлыктарын пайдалануу үчүн салык төлөөчү тарабынан төлөнүүчү төлөм түшүнүлөт.

19) «Айыл чарба өндүрүшчүлөрү» — айыл чарба продукциясын, ошондой эле акциздик товарлардан тышкары өз өндүрүшүндөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын өндүрүүчү уюмдар же жеке адамдар, мында бул продукцияны сатуудан түшкөн каражат календардык жылдын ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан кем болбошу керек.

20) «Айыл чарба товардык-сервистик кооперативи» — мүчөлөрүнүн кеминде 75 пайызы айыл чарба өндүрүшчүлөрүнөн турган кирешесинин кеминде 75 пайызы календардык жылдын ичинде кооператив өндүргөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшөт.

21) «Камсыздандыруу сыйлыгы (төгүмү)» — келишимде шартталган камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммасын төлөөгө (ордун толтурууга) алган милдеттенмелери үчүн камсыздандырылуучуга камсыздандыруучу тарабынан төлөнүүчү сумма, ал камсыздандыруучу тарабынан бир жолку төлөө (камсыздандыруу сыйлыгы) же ай сайын, квартал сайын ж.б.у.с. камсыздандыруу келишиминин колдонулуш мөөнөтүнүн ичинде бөлүп төлөө (камсыздандыруу төгүмү) аркылуу төлөнөт.

22) «Камсыздандыруу учуру» — мыйзам же келишим күчүнө киргенде камсыздандыруучу камсыздандыруу суммасын төлөөгө (ордун толтурууга) милдеттүү болгон окуя.

23) «Камсыздандыруу суммасы (ордун толтуруу)» — камсыздандырылуучу, үчүнчү жактар же алардын мүлкү тарабынан камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу уюму тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу суммасынын чегинде зыяндын ордун айрым же толугу менен толтуруу.

24) «Камсыздандыруучу» — камсыздандыруунун ушул түрүн ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиясы бар ата мекендик уюм, ал камсыздандыруу сыйлыгы (төгүмү) үчүн камсыздандырылуучу менен түзүлгөн камсыздандыруу келишимине (камсыздандыруу полиси) ылайык камсыздандыруу келишиминде аныкталган камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандырылуучу же үчүнчү жак тарткан зыяндын ордун толтуруу милдетин алат.

25) «Камсыздандырылуучу» — өзүнүн же үчүнчү жактын (пайда табуучу) кызыкчылыгын камсыздоо максатында камсыздандыруучу менен келишим түзгөн жана камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полиси) аныкталган камсыздандыруу учуру келгенде зыяндын ордун толтуруу милдеттенмеси үчүн камсыздандыруучуга камсыздандыруу сыйлыгын (төгүмүн) төлөгөн, камсыздандыруу объектисине кызыкчылыгы бар жеке адам же уюм.

26) «Субсидия» — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештери тарабынан салык төлөөчүнүн экономикалык ишмердигине байланыштуу белгилүү бир шарттарды мурда же келечекте аткаруунун ордуна аларга активдерди берүү түрүндө көрсөтүлүүчү жардам.

27) «Товарды жоготуу» — товарды жок кылуу жана/же жоготуудан улам болуучу окуя. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген товарлардын табигый нормалардын чегинде келүүсү салык салынуучу субъект тарабынан товар жоготуу деп эсептелбейт.

28) «Финансылык ижара (лизинг)» — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн финансылык ижара (лизинг) келишиминин негизинде ишке ашырылуучу негизги каражаттарды өткөрүп берүү бөлүгүндөгү ижаралык мамилелердин өзгөчө түрү.

29) «Мүчөлүк акылар» — коммерциялык уюмдун уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте алардын мүчөлөрүнө берилүүчү активдер, мындай берүү товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү ошол уюмдун мүчөсүнө акысыз же болбосо өздүк наркынан төмөнкү баада утурлама берүү менен шартталбайт.

30) «Экономикалык (баланстык) запастар» — Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансында иштетүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыктуу катары эсепке алынган пайдалуу кендердин запастары.

31) «Максималдуу чекене баа (мындан ары — МЧБ)» — тамеки буюмдарынын керектелүүчү таңгакчасынын (кутучасынын) бирдигине түздөн-түз көрсөтүлгөн чекене баа (баанын жогорку чегинин деңгээли), МЧБ тамеки буюмдарынын керектелүүчү таңгакчасынын (кутучасынын) бирдигинин жогорку баасын көрсөткөндүктөн чекене соода ишканалары, коомдук тамактануу, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү, ошондой эле жеке ишкерлер тарабынан керектөөчүлөргө андан жогору баада сатууга болбойт. МЧБ салык төлөөчүлөр тарабынан тамеки буюмдарынын керектелүүчү таңгакчасынын (кутучасынын) бирдигине тамеки буюмдарынын ар бир маркасы (ар биринин аталышы) боюнча өз алдынча өз-өзүнчө белгиленет.

32) «Коомдук тамактануу субъекти» — коомдук тамактануу кызматтарын көрсөткөн уюм же жеке ишкер (ресторан, кафе, ашкана, тез татым, бар жана башка коомдук тамактануу пункттары).

33. «Кошо төлөө» — Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү алынган медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошо каржылоо түрүндө калктан келип түшүүчү, жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программаларын каржылоо көлөмүнөн ашыкча каражаттар.

34) «Өнбөй турган карыз» — салык төлөөчүгө тийиштүү болгон, аны салык төлөөчү соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, кудуретсиздиктин, карызкорду жоюп жиберүүнүн же өлүмүнүн натыйжасында, же Кыргыз Республикасынын жарандык Мыйзамдарында каралган доонун эскирүү мөөнөтү аяктаганынан толук ала албаган сумма.

35) «Шектүү милдеттенмелер» — салык төлөөчүнүн төлөөсү тийиш болгон соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, кудуретсиздиктин, кредиторду жоюп жиберүүнүн же өлүмүнүн натыйжасында, же Кыргыз Республикасынын жарандык Мыйзамдарында каралган доонун эскирүү мөөнөтү аяктаганынан салык төлөөчү төлөбөгөн сумма.

36) «Лизингдик компания» — түшкөн акчанын 90 пайыздан кем эмесин каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды сатуудан алынган акчалар түзгөн ата мекендик уюм, чет өлкөлүк уюмдун филиалы жана/же өкүлчүлүгү.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2011-жылдын 22-июлундагы N 123, 2012-жылдын 18-майындагы N 55, 2012-жылдын 25-июлундагы N 123,  2012-жылдын 25-июлундагы N 138, 2012-жылдын 8-августундагы N 154,  2012-жылдын 9-августундагы N 158, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-глава
Салыктык эсепке алуу

154-берене. Салыктык эсепке алуунун эрежелери

1. Салыктык эсепке алуу — бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Кодекске ылайык каралган тартипте топтоштурулган баштапкы документтердин маалыматтарынын негизинде салык боюнча салык базасын аныктоо үчүн маалыматтарды жалпылоо системасы.

2. Салыктык эсепке алуу отчеттук (салыктык) мезгилдин ичинде салык төлөөчү тарабынан ишке ашырылган чарбалык операцияларга салык салуу максаты үчүн эсепке алуунун тартиби жөнүндө толук жана туура маалымат түзүү, ошондой эле бюджетке салыкты туура эсептөөнү, толук жана өз учурунда эсептөө жана төлөөнү контролдоо үчүн ички жана тышкы пайдалануучуларды маалымат менен камсыздоо максатында ишке ашырылат.

3. Салыктык эсепке алуу системасы салыктык эсептин нормаларын жана эрежелерин ырааттуу колдонуу принцибине жараша салык төлөөчү тарабынан өз алдынча уюштурулат, башкача айтканда бир салыктык мезгилден экинчисине ырааттуу колдонулат. Салыктык эсепти жүргүзүү тартиби жетекчинин тийиштүү буйругу (тескемеси) менен бекитилүүчү салык максаттары үчүн эсепке алуу саясатында салык төлөөчү тарабынан белгиленет. Салык жана башка органдар салык төлөөчүлөр үчүн салыкты эсепке алуу документтеринин формаларын сунуш кылууга укуктуу.

4. Эсепке алуунун колдонулуучу методдору өзгөргөндө салык салуу максаттары үчүн эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим календарлык жылдын башталышынан, ал эми Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары өзгөрсө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына өзгөртүү күчүнө кирген күндөн кийин колдонулат.

155-берене. Салыктык эсепке алуу методу

1. Салык төлөөчү эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепте колдонулуучу методдор жана эрежелер боюнча салык салуу максатында активдердин наркын, милдеттенмелердин өлчөмүн, кирешелерди жана чыгашаларды аныктайт.

Эсепке алуунун башка методуна өтүү салык органына кабарлоо менен 1-январдан тартып салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлөт.

2. Салык төлөөчү колдонуучу эсепке алуу методдору, кирешелерди, чыгашаларды жана салыктын суммасына таасир этүүчү башка элементтерди оңдоолор өзгөргөндө жогоруда көрсөтүлгөн элементтердин бири да көз жаздымда калбашы же эки жолу эсептелбеши үчүн оңдоолор киргизилген жылында эсепке алуу методуна өзгөртүү киргизилүүгө тийиш.

3. Чет өлкөлүк валютадагы операцияларды Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына кайра эсептөө бухгалтердик эсептин эрежелерине ылайык ишке ашырылат.

4. Бардык салыктарга карата бартердик операциялар мындай операцияларды эсеп фактуралар менен милдеттүү жол-жоболоштуруу аркылуу колдонулуучу баа боюнча товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу деп таанылат.

156-берене. Эсепке алуу документтери жана салыктык эсепке алууну каттоо

1. Кирешени жана чегеримди аныктоо үчүн баштапкы салыктык документ деп бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген кирешенин чоңдугун, ошондой эле эсеп-фактураны, кассалык жана товардык чекти, сатып алуу актысын жана регистрлерди кошо алганда чыгашанын чоңдугун жана мүнөзүн тастыктоочу документ түшүнүлөт.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы N 186 «N ОП-5 «Сатып алуу актысы» баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө» токтому

Эгерде бухгалтердик эсептин регистрлеринде бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул главанын талаптарына ылайык салык базасын аныктоо үчүн маалыматтар жетишсиз болсо, салык төлөөчү бухгалтердик эсептин колдонулуучу регистрлерин кошумча реквизиттер менен өз алдынча толуктоого укуктуу. Муну менен салыктык эсептин регистрлерин түзөт же болбосо салыктык эсепке алуунун өз алдынча регистрлерин жүргүзөт.

2. Салыктык эсепке алуу маалыматтары кирешелер менен чыгышалардын суммаларын түзүү тартибин, учурдагы салыктык (отчеттук) мезгилге салык салуу максаттары үчүн эске алынуучу чыгымдардын үлүшүн, кийинки салыктык мезгилдерге сарпталууга тийиш болгон чыгымдардын (зыяндардын) калдыгынын суммасын аныктоо тартибин, түзүлүүчү резервдердин суммасын түзүү тартибин, ошондой эле бюджеттер менен эсептешүү тартибин чагылдырууга тийиш.

Бул салыктык эсепке алууну тастыктоо төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1) баштапкы эсепке алуу документтери (бухгалтердин маалым-катын кошо алганда);

2) салыктык эсепке алуунун аналитикалык регистрлери;

3) салыктык базанын эcеп-кысабы.

3. Салыктык эсепке алуу анализделген регистрлери салыктык базаны эсептөөдө чагылдыруу үчүн эсепке алынган баштапкы документтерде, салыктык эсепке алуунун аналитикалык маалыматтарында камтылуучу маалыматтарды системалаштыруу жана топтоо үчүн арналган.

Салыктык эсепке алуу регистрлери кагазда, электрондук түрдө жана/же ар кандай башка булактарда атайын формалар түрүндө жүргүзүлөт.

Салыктык эсепке алуу регистрлеринин формасы жана аларда салыктык эсепке алуунун аналитикалык маалыматтарын, баштапкы эсептик документтердин маалыматтарын чагылдыруу тартиби салык төлөөчү тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана салык салуу максаты үчүн уюштуруунун эсептик саясатына тиркемелер менен белгиленет.

Мында салыктык эсептин маалыматтарынын аналитикалык эсеби салык төлөөчү тарабынан ал салыктык базаны түзүү тартибин ачып бергендей уюштурулууга тийиш.

4. Салыктык эсепке алуу үчүн документтер катары саналган салыктык базаны аныктоо үчүн салыктык эсептин аналитикалык регистрлеринин формалары милдеттүү түрдө төмөнкүдөй реквизиттер камтылууга тийиш:

1) регистрдин аталышы;

2) түзүү мезгили (датасы);

3) натуралай (эгерде мүмкүн болсо) жана акчалай операцияларды өлчөгүчтөр;

4) чарбалык операциялардын аталышы;

5) көрсөтүлгөн регистрлерди түзүүгө жооптуу адамдын койгон колу (койгон колду чечмелөө).

5. Салыктык эсеп регистрлериндеги чарбалык операцияларды чагылдыруунун тууралыгын аларды түзгөн жана кол койгон адам камсыз кылат.

Салыктык эсептин регистрлериндеги каталарды оңдоо датасын жана анын негизин көрсөтүү менен оңдоо киргизген жооптуу адам тарабынан негизделүүгө жана кол коюу аркылуу тастыкталууга тийиш.

157-берене. Чакан ишкердик субъекттердин салыктык эсепке алуунун жөнөкөйлөтүлгөн методу

1. КНС төлөөчү катары катталбаган жана жалпы салыктык режимди тандаган чакан ишкердик субъект салыкты эсептөөнү жана төлөөнү салыктык эсептин жөнөкөйлөтүлгөн методунун негизинде жүргүзүүгө укуктуу.

2. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, салыктын эсептин жөнөкөйлөтүлгөн методу жана аны колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

158-берене. Өзүнчө эсепке алуу жана аны жүргүзүү эрежеси

1. Ишмердиктин түрлөрүн жүргүзүүчү салык телөөчүлөр үчүн ушул Кодексте салык салуунун ар кандай шарттары каралганда, алар салык салуу объекттерин өзүнчө эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Өзүнчө эсепке алуу бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизинде салык төлөөчүлөр тарабынан жүргүзүлөт.

Ишмердиктин белгилүү бир түрүнө кирүүчү бардык кирешелер жана чыгашалар тиешелүү эсептик документтер менен ырасталууга тийиш.

3. Тигил же бул ишмердиктин түрүнө тигил же бул чыгымдарды киргизүү мүмкүн болбогондо, мындай чыгымдарды ишмердиктин конкреттүү түрүнө киргизүү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.

159-берене. Финансылык лизинг

1. Финасылык ижарага (лизингге) берилген жана алынган негизги каражаттардын наркы финансылык ижара (лизинг) келишимин түзүү учурунда аныкталат.

2. Салык салуу максатында финансылык ижара (лизинг) ижарачы (лизинг алуучу) тарабынан негизги каражаттарды сатып алуу болуп саналат.

3. Ижарачы (лизинг алуучу) негизги каражаттардын менчик ээси, ал эми лизингдик төлөмдөр ижарачыга (лизинг алуучуга) берилген кредит боюнча төлөм катары каралат.

VII БӨЛҮМ
КИРЕШЕ САЛЫГЫ

22-глава
Жалпы жоболор

160-берене. Бул бөлүмдө колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер

Бул бөлүмдүн максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

1) «Утуштар» — оюндарга, лотереяларга, утуштарга, букмекердик кеңселер жана тотализаторлор сыяктуу оюн-зоок жайларына, конкурстарга, мелдештерге, олимпиадаларга, фестивалдарга жана башка ушундай иш-чараларга катышуудан салык төлөөчү ала турган натуралай жана акчалай төлөмдөрдүн, байгелердин жана башка кирешелердин ар кандай түрлөрү.

2) «Киреше» — активдердин көбөйүшү, акча наркына ээ болгон материалдык баалуулуктарды алуу жана/же материалдык пайда көрүү, ошондой эле салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин азайтуу.

3) «Багуудагы адам» — салык төлөөчүнүн кирешесинин эсебинен жашаган, кирешеси жок анын жакын тууганы.

4) «Салык агенти» — жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке адамга киреше төлөөчү уюм же жеке ишкер.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

161-берене. Кирешеге салык төлөөчү

1. Киреше салыгын төлөөчүлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген, киреше алган жеке адам;

2) жеке жак Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген киреше алган — резидент;

3) жеке жак Кыргыз Республикасындагы булактан кирише алган, Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жеке жак — резидент эмес;

4) Кыргыз Республикасындагы булактан киреше төлөөчү салык агенти.

2. Жеке ишкер салык агенти болуп эсептелгенден башка учурда бул жеке ишкер киреше салыгын төлөөчү болуп эсептелбейт.

162-берене. Салык салынуучу объект

Киреше салыгы салынуучу объекттер төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1) киреше бере турган жеке ишкердикти кошпогондо, экономикалык ишмердикти жүргүзүү;

а) Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы булактан — Кыргыз Республикасынын жараны жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жеке адамы — резидент үчүн;

б) Кыргыз Республикасындагы булактан , Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде катталган ата мекендик уюмдардын филиалынын жана/же өкүлчүлүгүнүн кызматкери болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын резидент эмес-жеке жагын кошпогондо — Кыргыз Республикасынын жеке адамы — резиденти эмеси үчүн;

2) ар кандай башка киреше алуу.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

163-берене. Салык базасы

1. Киреше салыгы боюнча салык базасы — эгер бул беренеде башкача каралбаса, салык төлөөчү тарабынан салык мезгили үчүн алынган жылдык жыйынды кирешенин жана ушул бөлүмдө каралган чегеримдердин ортосундагы айырма катары эсептелген киреше.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер пайда болгондо, салык салына турган бир айдагы киреше ушул беренеге ылайык белгиленген минималдуу кирешенин эсептик көрсөткүчүнөн кем болушу мүмкүн эмес.

3. Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча кийинки календардык жылга бир айдагы минималдуу эсептик киреше Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте мамлекеттик статистикалык органдын маалыматтарынын негизинде, кызматкерлердин өткөн жылдагы орточо эмгек акысынын 40 пайыз өлчөмүндө аныкталат.

Минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан үстүдөгү жылдын 1-октябрына чейин аныкталат. Минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбеген мөөнөттө расмий жарыялануусу тийиш.

Эгерде минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү кийинки календардык жылга ушул Кодексте каралган тартипте белгиленбесе, өткөн жылдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү колдонулат.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы N 760 «2009-жылга карата минималдуу эсептик кирешенин бир айдагы өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы N 810 «2010-жылга минималдуу эсептик кирешенин бир айдагы өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-ноябрындагы N 293 «2011-жылга бир айлык минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы N 752 «2012-жылга минималдуу эсептик кирешенин бир айлык өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы N 831 «2013-жылга минималдуу эсептик  кирешенин  бир  айлык  өлчөмүн  бекитүү жөнүндө» токтому

4. Эмгек акыларын төмөнкүдөй формада алуучу кызматкерлер үчүн минималдуу эсептик киреше колдонулбайт:

1) бюджеттик каражаттардын эсебинен;

2) кызматтарды айкалыштыргандыгы боюнча;

3) кенже тейлөөчү персоналдын;

4) турак-жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин, кондоминиумдардын, курулуш-турак-жай, гараждык айыл чарба товардык-сервистик жана бак-чарбак кооперативдеринин кызматкерлеринин;

5) I, II жана III топтогу майыптардын;

6) эркинен ажыратуу жайларында же поселениелерде жаза мөөнөтүн өтөө убагында иштеген адамдардын.

5. Салык салуу максатында кенже тейлөөчү кызматчылар деп, вахтерлор, үй жыйноочулар, короо жыйноочулар, санитарлар, лаборанттар, от жагуучулар, стажерлор, шакирттер, кароолчулар таанылат.

6. Толук эмес жумуш убактысы колдонулган учурда кызматкерлер үчүн минималдуу эсептик киреше жумуш берүүчү тарабынан төмөнкүлөрдүн иш жүзүндө иштеген мезгилине карата пропорционалдуу колдонулат:

1) жумушка жараксыздыгы жана төрөгөндүгү боюнча жөлөк пул алгандардын;

2) толук эмес иш күнүн иштегендердин;

3) өргүүдө, анын ичинде акы төлөнбөгөн өргүүдө жүргөндөрдүн;

4) кайрадан кабыл алынгандардын же бир ай толук эмес иштеп бошотулгандардын.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 8-августундагы N 154, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

164-берене. Салыктык мезгил

Киреше салыгы боюнча салыктык мезгил календардык жыл болуп эсептелет.

23-глава
Жылдык жыйынды киреше жана башка кирешелер

165-берене. Жылдык жыйынды кирешенин курамы

1. Салык мезгилинин жылдык жалпы кирешесине ушул салыктык мезгилде салык төлөөчү акчалай, ошондой эле натуралай формада, жумуштар, кызматтар формасында алган бардык түрлөрү кирет, анын ичинде:

1) кызматкердин кирешелери, анын ичинен:

а) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган эмгек акы, анын ичинде сыйакы, кепилдик, компенсациялык жана башка төлөмдөр;

б) кызматкер тарабынан эмгек компенсациясы катары алынган:

— товарлар;

— кызматкердин кызыкчылыгын көздөп аткарылган иштер;

— кызматкерге көрсөтүлгөн кызматтар;

в) кызматкер тарабынан үчүнчү жактардан алынган товарлардын, иштердин, кызматтардын наркын жумуш берүүчүнүн төлөп бериши;

г) уюмду башкарууга катышканы үчүн алган сыйакы жана компенсация түрүндөгү кирешелер;

д) өзүнүн кызматкерлеринин камсыздандыруу келишимдери боюнча жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасы;

2) материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер;

3) акысыз алынган активдердин наркы;

4) Кыргыз Республикасындагы төлөм булагынан салык салынбай турган кирешелер жана мурда салынган салыктардан тышкары пайыздык, анын ичинде камсыздандыруу келишимдери боюнча киреше;

5) дивиденддер;

6) жеке менчик укугунда таандык автомототранспорт каражатын сатып алган күндөн тартып бир жылга жетпеген мезгилдин ичинде кайра сатууда нарктын өсүшү;

7) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасынын органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна таандык жана ушул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып удаалаш келген эки жылга жетпеген мезгилде жеке менчик укугунда турган кыймылсыз мүлктү сатууда нарктын өсүшү;

8) мурастоону, белекке берүүнү кошкондо, сатып алуу наркын кемитүү менен баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн киреше;

9) субсидия;

10) моралдык зыянды компенсациялоо түрүндө алынган кирешелер;

11) пенсиялар;

12) стипендиялар;

13) жөлөкпулдар;

14) утуштар түрүндө алынган кирешении бардык түрлөрү;

15) салык төлөөчүнүн милдеттенмелеринин токтотулушунан түшкөн кирешелер, алар төмөнкүлөрдүн эсебинен келип чыгат:

а) кредиторлордун аласасын кечирүүдөн;

б) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу милдеттенмелерди эсептен чыгаруудан;

в) салык төлөөчүүнүн милдеттенмесин, анын ичинде салыктык милдеттенмени үчүнчү жак аткаруудан;

16) камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммалары (ордун толтуруулар);

17) роялти;

18) камсыздандыруунун топтоочу түрлөрүнөн төлөнүүчү киреше (камсыздандыруу же кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча пайыздык киреше).

2. Киреше алууга үмүт байлаткан, бирок иш жүзүндө алынбаган киреше киреше катары эсептелбейт жана жылдык жыйынды кирешенин курамына кошулбайт.

3. Жылдык жыйынды кирешенин курамына салык салынбай турган кирешелер кирбейт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

166-берене. Материалдык пайда түрүндө алынган киреше

1. Жылдык жыйынды кирешенин курамына материалдык пайданын төмөнкүдөй түрлөрүн алуудан түшкөн киреше кошулат:

1) пайызсыз заем же кредитти алуу, ошондой эле карыз түзүлгөн мезгилге карата КРУБдун пайызынын эсептик ставкасынан төмөн болгон пайызга зайым же кредит алуу;

2) товарды акысыз негизде берүү;

3) кызматкерге товар сатууда жумуш берүүчү тарабынан жеңилдик берүү.

2. Ссуда берүүдөн алынган киреше карыз түзүлгөн мезгилге карата КРУБдун эсептик ставкасына көбөйтүлгөн ссуданын суммасы материалдык пайда болуп эсептелет.

3. Зайым же кредит алуудан материалдык пайдадан алынган киреше болуп зайым же кредит алынган күнгө карата КРУБдун эсептик ставкасына зайымына же кредиттин суммасынын туунду менен зайым же кредит берген субъект тарабынан белгиленген пайыздын ставкасына зайымдын же кредиттин суммасынын туундусунун ортосундагы салык төлөөчү алган оң айырма эсептелет.

4. Товарды акысыз негизде берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше берилген товардын эсептик наркы болуп эсептелет.

5. Жеңилдик берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше товардын эсептик наркы менен сатуунун иш жүзүндөгү наркынын ортосундагы оң айырма болуп эсептелет.

6. Жумуш берүүчү тарабынан кызматкерге берилген материалдык пайдадан тышкары материалдык пайда формасында алынган киреше боюнча киреше салыгын эсептөөгө жана төлөөгө карата милдеттенмени салык төлөөчү өз алдынча мойнуна алат.

167-берене. Киреше салыгы салынбаган кирешелер

Төмөнкүлөр киреше салыгы салынбаган кирешелер болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык белгиленген жөлөкпулдар;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан төлөөлөр;

3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдар жана компенсациялар;

4) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиялар;

5) бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү жөлөкпулдар жана компенсациялар;

6) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендиялар;

7) ал жеткис күч жагдайлары менен байланышкан кайтарымсыз алынган суммалар;

8) аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматчыларынын, мамлекеттик кызматчылардын кызматтык милдеттерин аткарууда өлүмү жана/же денесине жаракат алуулары менен байланышкан мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан алынган компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммалары;

9) каза болгон жумушчунун жакын туугандары же жакын тууганы өлгөнүнө байланыштуу жумушчунун жумуш берүүчүдөн кайтарымсыз алынган суммалар;

10) ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммасы, ошондой эле кызматчы эмгектик милдеттерин аткарууда мертинген, каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү суммалар;

11) атайын кийимдин, атайын бут кийимдин, жеке коргонуу каражаттарынын, самындын, зыянсыздандыруучу каражаттардын наркы; эмгектин зыяндуу же коркунучтуу шарттарындагы иштерде иштеген кызматчыларга Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген ушундай иштердин жана ченемдердин тизмегине ылайык сүттүн жана башка дарылоо-профилактикалык тамак-аштын наркы;

12) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык кызматчыларга милдеттүү медициналык текшерүүнүн жана дарылоо-алдын алуу тейлөөнүн наркы;

13) кызматчыга иш сапарына кеткен чыгашаларды, ошондой эле уюмду башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан өз милдеттерин аткарууда тарткан чыгашаларын компенсациялоо суммалары:

а) дайындалган жерге баруу жана кайра келүү боюнча — берилген документтерге жараша;

б) турак жайды жалдоо боюнча — берилген документтерге жараша;

в) суткалык — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нормалардын чектеринде.

Ушул пункттун «а» жана «б» пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда иш сапарынын чыгашалары боюнча ордун толтуруунун суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чектеринде салык салуудан бошотулууга тийиш;

14) өз кызматчыларын милдеттүү камсыздандыруу боюнча жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу сыйакыларынын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылуучу ушундай келишимдер боюнча төлөмдөр;

15) ушул Кодекстин 195-беренесинде каралган кызматчыны даярдоого жана кайра даярдоого багытталган жумуш берүүчүнүн чыгашалары;

16) эгерде ушул берене менен башкача каралбаса, Граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштардын майыптарынын жана катышуучуларынын, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистан жана башка мамлекеттердеги согуштарга катышкандардын, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдардын, Баткен окуяларынын катышуучуларынын, Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкан адамдардын, Граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштарда курман болгондордун жесирлеринин же жесилдеринин ишкердик иш-аракеттерден алынган кирешелеринен башка кирешелери;

17) жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке адамдардын айыл чарба продукцияларын сатуудан алган кирешелери;

18) жумуш берүүчү тарабынан кызматчынын 14 жашка чейинки балдары (багуусундагылар) үчүн 10 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө берилүүчү жаңы жылдык белектер түрүндөгү кирешелер;

19) бюджеттик каражаттардын эсебинен олимпиада оюндарынын чемпиондоруна жана байге ээлерине, спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү стипендиялар, Олимпиада оюндарынын, дүйнөлүк, Азия чемпионаттарынын жана Азия оюндарынын чемпиондору жана байге ээлери болушкан курама командалардын мүчөлөрүнө бир жолу берилүүчү сыйакылар;

20) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик күзөт кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, өрткө каршы кызматтын, жарандык коргонуу аскерлеринин кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ордуна берилген акчалай үлүш жана компенсациялар түрүндөгү кирешелери;

21) ишке орноштуруу кызматы органдары уюштурган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда алектенген жарандардын эмгегине төлөнгөн акылар;

22) майыптарга, пенсионерлерге, жетим балдарга жана көп балалуу энелерге же аталарга кесиптик бирлик органдары тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр түрүндө алынган киреше;

23) Кыргыз Республикасынын банктарындагы аманаттар боюнча пенсионерлер, майыптар, Граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштардын катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистан жана башка мамлекеттердеги согуштарга катышкан аскер кызматчылары, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар, Баткен окуяларынын катышуучулары, Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкан адамдар, I жана II топтогу майыптар алуучу пайыздар;

24) Кыргыз Республикасынын жеке жактары — резиденттери тарабынан ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер;

25) үчүнчү тараптан алынган киреше:

а) майып тарабынан — майыптар үчүн техникалык каражаттар үчүн акы төлөө түрүндө;

б) майып тарабынан — майыптуулукту профилактикалоо жана реабилитациялоо үчүн, майыптар үчүн узатуучу-иттерди багуу суммасынын өлчөмүндө;

в) майып, пенсионер, жетим балдар, 4 же андан ашык жашы жетелек балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөр тарабынан — жөлөкпулдар түрүндө алынган;

г) социалдык жактан корголбогон адам тарабынан — акысыз тамактануу түрүндө алынган;

26) кан тапшырганы үчүн, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган донорлуктун башка түрлөрүнөн алынган суммалар;

27) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык алынуучу алименттер;

28) жубайлардын же мурдагы жубайлардын ортосунда ажырашуунун кесепетинен улам менчикти өткөрүп берүүдөн алынган кандай болбосун киреше;

29) ишкердикти жүзөгө ашыруудан алынган мүлктү, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жеке адам тарабынан мурастоо же белекке берүү тартибинде жакын туугандарынан алынган мүлктүн, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;

30) жеке адам тарабынан гуманитардык жардам түрүндө алынган мүлктүн наркы;

31) наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар түрүндө алынган кирешенин кандай болбосун түрлөрү;

32) салык төлөөчү тарабынан жеке максаттар үчүн пайдаланылган жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында эмес сатылып алынган, кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше, төмөнкү учурлардан тышкары:

а) сатып алган күндөн тартып бир жылдан кем эмес жеке менчик укугунда таандык болгон автомототранспорттук каражаттарды сатуудан алынган киреше;

б) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна таандык болгон жана ушул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып удаа келген 2 жылдан кем жеке менчик укугунда турган кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше;

33) катышуучунун кошкон үлүшүнүн же пайынын өлчөмүндө же үлүштүк баалуу кагаздардан кайтаруу суммасы;

34) кайтарылып берилүүчү сыйакылары жана сатып алынуучу суммалар, ошондой эле ушул Кодекстин 165-беренесинин 1-бөлүгүнүн 18-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган жеке адам менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учурлары келип чыкканда камсыздандыруу суммалары жана ордун толтуруулар;

35) Кыргыз Республикасынын банктарына аманаттар боюнча пайыздар;

36) пайыздык киреше жана сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржанын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн кирешелер;

37) мамлекет, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан социалдык реабилитациялоого же адаптациялоого, медициналык жардамга муктаж болгон, жашоо деңгээлинен төмөн кирешеси бар төмөнкү адамдарга акысыз берилүүчү активдер:

а) качкындарга;

б) катуу оорулууларга;

38) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштегени үчүн белгиленген үстөктөрдүн жана райондук коэффициенттердин өлчөмү;

39) эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышуудан байге түрүндө алынган суммалар;

40) эл аралык уюмдар (фонддор) ыйгарган сыйлыктар түрүндө алынган суммалар;

41) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматчыларын, мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди — Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде, ошондой эле чет өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүндө же эл аралык уюмдарда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын акчалай күтүү.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169, 2013-жылдын 30-июлундагы N 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

168-берене. Киреше келип чыккан дата

Ушул главанын максаттарында киреше келип чыккан дата төмөнкүлөр болуп эсептелет.

1) кирешени төлөө датасы, анын ичинде кирешени салык төлөөчүнүн банктагы эсебине же болбосо анын тапшырмасы боюнча үчүнчү жактардын эсебине которуу боюнча — кирешелер акчалай формада алынганда;

2) товарга болгон менчик укугунун өтүшүнүн датасы — кирешелер товарлар формасында алынганда;

3) бардык иштер аяктаган жана кызматтар көрсөтүлгөн дата — жумуштар, кызматтар формасында кирешелер алынганда;

4) салык төлөөчү тарабынан алынган зайымдар же кредиттер боюнча, ошондой эле алынган жана/же сатып алынган товарлар боюнча төлөмдөрдүн жана/же пайыздардын суммасы төлөнгөн датасы — материалдык пайда түрүндө киреше алынганда;

5) салык төлөөчүнүн милдеттенмеси токтогон учурда — милдеттенме токтогон датасы.

24-глава
Салыктык базаны аныктоо үчүн жыйынды кирешеден чыгарып салуулар

169-берене. Жалпы жоболор

1. Салык төлөөчү ушул главада белгиленген чыгарып салууларга укуктуу.

2. Салык төлөөчү чыгарып салуу таандык болгон салык мезгилиндеги чыгарып салууларга укуктуу.

3. Салык төлөөчү төмөнкүдөй чыгарып салууларга укуктуу:

1) стандарттык чыгарып салууларга;

2) социалдык чыгарып салууларга;

3) мүлктөн чыгарып салууларга.

170-берене. Стандарттык чыгарып салуулар

Стандарттык чыгарып салуулар төмөнкүлөрдөн турат:

1) салыктык мезгилдин ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтүн 6,5 өлчөмүндө — жеке чыгарып салуулардан;

2) салыктык мезгилдин ар бир айы үчүн ар бир багуудагы адамына эсептик көрсөткүчтүн бир өлчөмүндө — салык төлөөчүнүн багуусундагы адамына чыгарып салуулардан;

3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чыгарып салуулардан;

4) салык төлөөчүнүн салыктык базасынан 8 пайыздан ашык эмес — мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чыгарып салуулардан.

171-берене. Социалдык чыгарып салуулар

1. Салык төлөөчү салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы жыйырма төрт жаштан ашпаган адамынын билим алуусуна социалдык чегерим каражатын алууга укуктуу.

2. Мектепке чейинки, мектептик, орто кесиптик жана жогорку билим алуу үчүн чыгарып салуулардын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмунун дарегине салык төлөөчү төлөгөн жана документ түрүндө тастыкталган төлөмдүн суммасына тең, бирок билим алууга чыгарып салууларды эске албастан салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн он пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген социалдык чыгарып салууларга салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын жана төлөнгөн чыгымдарды ырастоочу документтеринин негизинде салыктык декларация берилген учурда укук берилет.

4. Эгер социалдык чыгарып салуулардын суммасы ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чектөөнүн суммасынан ашык болсо, анда мындай ашык сумма кийинки салыктык мезгилдерде чегерип салынууга тийиш эмес.

172-берене. Мүлктөй салыктык чыгарып салуулар

1. Салык төлөөчү ипотекалык кредит боюнча пайыздарды жоюуга салык төлөөчү тарабынан иш жүзүндө жиберилген каражаттардын суммасында мүлктөй салыктык чыгарып салууга укуктуу, бирок бир жылда 230000 сомдон ашык эмес.

Турак жай фондунун имараттарын жана жайларын ушул имараттарды жана жайларды күрөөгө коюу менен сатып алуу жана/же куруу үчүн алынган кредит ипотекалык кредит деп эсептелет.

2. Мүлктөй салыктык чыгарып салуу салык төлөөчүгө салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын жана кредитти жана анын пайыздарын жоюунун эсебине салык төлөөчүнүн акча каражаттарын төлөнгөн фактысын ырастаган документтеринин негизинде ал тарабынан салыктык декларация берилген учурда берилет.

3. Ушул беренеде каралган мүлктөй салык чегерими, эгерде салык төлөөчүгө турак үй, квартира куруу же алуу жумуш берүүчүнүн же башка субъекттин каражатынын эсебинен жүргүзүлсө, эгерде турак үйдү, квартираны, бөлмөнү же алардагы үлүштү сатуу-сатып алуу бүтүмү бирине-бири көзкаранды жеке жактардын ортосунда жасалса, колдонулбайт.

25-глава
Киреше салыгынын ставкалары. Киреше салыгын эсептөө тартиби

173-берене. Киреше салыгынын ставкалары

Киреше салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

174-берене. Киреше салыгын эсептөө

Киреше салыгын эсептөө киреше салыгынын ставкасына киреше салыгы боюнча салыктык базаны көбөйтүү жолу менен жүргүзүлөт.

175-берене. Киреше салыгын эсептөө тартиби, төлөөнүн мөөнөтү жана орду

1. Киреше салыгын төлөөчү бирдиктүү салыктык декларация берилген күнгө чейин акыркы эсептөөлөрдү жүргүзөт жана киреше салыгын төлөйт. Киреше салыгынын акыркы суммасы эсептелген салыктын суммасы менен салык агенти кармап калган салыктын суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

2. Киреше салыгы салык төлөөчүнүн салыктык жана/же катталган орду боюнча төлөнөт.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-глава
Салык агенттери тарабынан киреше салыгы боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу

176-берене. Салык агентинин салыктык милдеттенмелери

1. Салык агенти болуп эсептелген субъект, эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, киреше салыгын эсептөөгө, кармоого жана бюджетке которууга милдеттүү.

2. Салык агенти төлөөчү киреше салыгын эсептөөдө салыктык база, эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, төлөнүүчү кирешенин суммасы менен стандарттык чыгарып салуулардын суммасынын ортосундагы айырма болуп эсептелет.

3. Киреше салыгы боюнча салыктык базанын өлчөмү минималдуу эсептик кирешенин суммасынан аз сумманы түзсө, киреше салыгы боюнча салыктык базанын өлчөмү минималдуу эсептик кирешеге тең деп кабыл алынат, андан салык агенти тарабынан киреше салыгы алынат.

Учурдагы ай үчүн салык милдеттенмелерин эсептешүүдө киреше салыгынын салык базасы жана минималдуу эсептик киреше суммасы учурдагы салык мезгилинин башынан баштап кызматкер иш жүзүндө иштеген айлар үчүн жогору өскөн натыйжа катары салык агенти тарабынан эсептелет.

4. Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгынын өлчөмүн эсептөөдө киреше салыгы алынбоочу киреше эсептелбейт.

5. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, салык агентине стандарттык эсептен чыгаруу укугу эмгек келишими боюнча төлөөлөргө карата гана жана жеке жак менен салык агентинин ортосундагы эмгек мамилелери төлөмдөр жүргүзүлгөн айдын ичинде 15 күндөн кем эмес мезгилди камтыган учурда гана берилет.

Эгерде эмгек мамилелери 15 күндөн аз мезгилди камтыса, ошондой эле адам башка иш менен айкалыштырып иштесе, салык агенти ушул эмгек мамилелери боюнча төлөмдөрдөн эсептен чыгарууну мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн суммасында гана жүзөгө ашырууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

177-берене. Салык агентинин салыктык милдеттенмелерин аткаруу тартиби

1. Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы киреше төлөнгөн айдан кийинки айдын 15инен кийинки күндөн кечиктирилбестен бюджетке төлөнүүгө тийиш.

2. Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы салык агентинин салыктык каттоо орду боюнча төлөнөт, ал эми обочолонгон бөлүмчөлөр болгон учурда — обочолонгон бөлүмчөнүн каттоо орду боюнча.

Обочолонгон бөлүмчөнүн жайгашкан орду боюнча бюджетке төлөнүүгө тийиш салыктын суммасы ушул обочолонгон бөлүмчөнүн кызматкери тарабынан төлөнгөн кирешенин суммасына жараша аныкталат.

3. Кыргыз Республикасындагы киреше булагынын салыгы кирешени төлөөнүн формасы жана ордуна карабастан салык агенти тарабынан бюджетке эсептелет жана төлөнөт.

4. Эгер жеке ишкерге төлөмдөрдөн тышкары жеке адамга төлөнгөн кирешеден салык агенти салыкты кармабай же толук кармабай калса, анда бул аткарылбаган салыктык милдеттенме салык агенти тарабынан аткарылат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

178-берене. Салык агентинин киреше салыгы боюнча отчетту берүүсү

1. Салык агенти киреше салыгын төлөөнүн орду боюнча салык органдарына киреше төлөнгөн айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен киреше салыгы боюнча отчеттуулукту ушул Кодекстин 177-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык берүүгө милдеттүү.

2. Салык агенти салыктык жана/же каттоо эсебинин орду боюнча жеке жакка киреше төлөөнүн фактысы жана суммасы, анын ичинде материалдык формадагы пайда жөнүндө маалыматты салык кызматынын органдарына берүүгө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген адамдарга — жыл сайын кийинки жылдын 20-февралынан кийинки күнүнөн кечиктирбестен;

2) ушул бөлүктүн 1) пунктунда аталбаган башка бардык адамдарга квартал сайын кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен.

3. Жеке жакка киреше төлөөнүн фактысы жана суммасы жөнүндө маалыматтын формасы, анын ичинде материалдык пайда формасында берилгендери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-глава
Жеке жактардын айрым категорияларына салык салуунун өзгөчөлүктөрү

179-берене. Чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин же эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызматкерине салык салуу

Төмөндөгүлөрдүн кирешелерине киреше салыгы салынбайт:

1) чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин башчыларынын, ошондой эле персоналынын, алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн, эгерде алар Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелбесе, Кыргыз Республикасындагы ушул жеке жактардын дипломатиялык же консулдук кызматы менен байланышта болбогон киреше булагынан алынган кирешесинен тышкары;

2) чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналынын жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн, эгерде алар Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелбесе, Кыргыз Республикасындагы ушул жеке жактардын ушул өкүлчүлүктөрдөгү дипломатиялык же консулдук кызматы менен байланышта болбогон киреше булагынан алынган кирешесинен тышкары;

3) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, күчүнө кирген эл аралык келишимде каралган нормаларга ылайык эл аралык уюмда иштеген Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жеке жактын кирешелеринен.

180-берене. Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жеке жак — резидент тарабынан алынган киреше салыгын эсептөө жана төлөө

Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жеке жакка — резидентке киреше төлөөдө салык агенти тарабынан киреше салыгы боюнча салыктык милдеттенмени эсептөө ушул бөлүмгө ылайык аныкталган стандарттык чыгарып салууну берүү менен жүргүзүлөт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

181-берене. Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жеке жак — резидент эмес тарабынан алынган киреше салыгын эсептөө жана төлөө

1. Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жеке жакка — резидент эмеске төлөнүүчү Кыргыз Республикасындагы булактын кирешесинен киреше салыгы боюнча салыктык милдеттенмени эсептөө ушул бөлүмдө каралган чыгарып салууларды бербестен салык агенти тарабынан жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган кирешелерге киреше салыгын салуу, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде кирешени төлөп берүүнү кошкондо, киреше төлөп берилген жерге карабай жүзөгө ашырылат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

182-берене. Кош салык салууну четтетүү

1. Чет мамлекетте салык төлөөчү тарабынан төлөнгөн сумма Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу бар болгон жана мындай кирешенин суммасы ушул Макулдашуунун нормаларына ылайык чет мамлекетте салык салынууга тийиш болгон учурда Кыргыз Республикасындагы салык кирешеси боюнча салыктык милдеттенмени эсептөөдө эске алынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган эсепке алынуучу сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган бычымдар боюнча төлөнгөн салыктын суммасынан ашпоого тийиш.

3. Чет мамлекетте киреше салыгынын суммасын эсепке алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VIII БӨЛҮМ
ПАЙДАГА САЛЫК

28-глава
Жалпы жоболор

183-берене. Бул бөлүмдө колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер

Бул бөлүмдө төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

1) «Кен чыккан жерди геологиялык даярдоо» — издөөчү-баалоочу жана чалгындоо иштеринин комплекси, анын ичинде өнөр жай категориялары боюнча кен чыккан жердин запастарын эсептөө жана геологиялык-экономикалык баалоо жүргүзүү.

2) «Кен-капиталдык иштер» — кен чыккан жерди же анын бөлүгүн ачууну жана иштетүүгө даярдоону камсыздоочу кен-куруу иштеринин комплекси.

а) ачык иштетүүдө кен-капиталдык иштер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

— ачуу (капиталдык чуңкурлар) жана разрездик (разрездик чуңкурларды же котловандарды) иштетүүлөрдү жүргүзүү жана жабдуу;

— карьерди пайдаланууга берүү учурунда пайдалуу кендин үстүңкү катмарын жана кен жайгашкан тоо тектерин алып салуу жана башка жерге чогултуп коюу;

— сууну азайтуучу скважиналарды бургулоо жана жабдуу боюнча иштер, жер астындагы дренаждарды куруу жана башка иштетүүлөр.

Кен-капиталдык иштердин процессинде карьердин төрттөн алты айга чейинки иштеген убактысында долбоордук өндүрүштүк кубаттуулукка жетүүгө кепилдик берген пайдалуу кендердин запастарын ачуу жана иштетүү үчүн даярдоо иштери жүргүзүлөт. Кен катмары алда канча тереңдикте жайгашкан учурда кен-капиталдык иштерге карьердин долбоордук өндүрүштүк кубаттуулугунун он беш пайызынан кем эмесине жетүү үчүн аткарууга зарыл болгон иштер кирет.

б) Жер астындагы иштетүүдө кен-капиталдык иштер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

— узата казылган үңкүрлөрдү, штольняларды жана ага жанаша камераларды куруу жана жабдуу, үңкүрлөрдү тереңдетүү, үңкүрлөрдүн айланасындагы камераларды жана иштеп чыгууларды куруу жана жабдуу;

— негизги капиталдык иштеп чыгууларды (квершлагдарды, түртүп чыгаруучу жана желдетүүчү штректерди, жантаймаларды, бремсбергдерди, кен тазалагычтарды ж.б.) жүргүзүү жана жабдуу.

Жаңы кен казып алуучу ишкананы курууда кен казып алуу боюнча капиталдык иштердин көлөмү анын толук долбоордук өндүрүштүк кубаттуулугун же анын айрым кезегинин кубаттуулугунун (кен казуучу жаны ишкана этабы боюнча ишке берилгенде) камсыз кылуу менен алдын ала аныкталат.

3) «Кен-даярдоочу иштер» — шахталарда жана карьерлерде пайдалуу кендерди казууну, газодинамикалык көрүнүштөрдөн коргоону өз учурунда жүргүзүү боюнча кен-куруу иштеринин комплекси, анын ичинде көмүрдүн, тектердин жана газдардын, кен соккуларынын таштандыларын жана даярдалуучу запастарды чалгындоо. Кен-даярдоо иштеринин негизги мазмуну — кен казып алуу ишканасынын казылган участоктордун контурларын белгилеген даярдоо иштерин жүргүзүү.

4) «Кен казып алуучу ишкана» — пайдалуу кен чыккан жерди иштетүүчү ишкана.

5) «Карыздык баалуу кагаздар боюнча дисконт» — карыздык баалуу кагаздардын номиналдык наркы менен баштапкы жайгаштырылган наркынын (купонду эсепке албастан) же сатып алынган наркынын (купонду эсепке албастан) ортосундагы айырма.

6) «Карыздык баалуу кагаздар» — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, КРУБ, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгарган же кепилдик берген мамлекеттик ички жана жергиликтүү зайымдардын, башка кагаздардын баалуу түрлөрү.

7) «Катыштын үлүшү» — акционердик коомдордон жана пайдык инвестициялык фонддон тышкары, биргелешип түзүлгөн уюмда жеке жана юридикалык жактын мүлктөй катышуусунун үлүшү.

8) «Киреше» — активдердин (акчалай каражаттар, башка мүлк) агымы, өсүшү, катышуучулардын салымдарын кошпогондо же салык төлөөчүнүн өздүк капиталынын көбөйүшүнө алып келген милдеттенменин азайуусу.

9) «Карыздык баалуу кагаздар боюнча пайда» — вексель боюнча төлөм, дисконт же купон (дисконтту кошуп же баштапкы жайгаштыруу наркынан жана/же сатып алуу наркынан сыйакы);

10) «Карыздык баалуу кагаздар боюнча купон» (мындан ары — купон) — чыгаруунун шарттарына ылайык карыздык баалуу кагаздардын эмитент тарабынан номиналдык наркынан ашык төлөнүүчү (төлөнүүгө тийиш) сумма.

11) «кен казып алуучу жана/же кенди кайра иштетүүчү ишканалардын негизги каражаттары» — аталган ишканалардын техникалык долбоор жана/же техникалык-экономикалык негиздемеде каралган өндүрүлгөн жана/же сатып алынган мүлкү, анын ичинде:

а) жүргүзүлгөн жана жабдылган кен-капиталдык жана кен-даярдоо иштер (шахталык үңкүрлөр, штольнялар, квершлагдар, башкы түртүп чыгаруучу жана желдетүүчү штректер, жантаймалар жана бремсбергдер, борбордук жана участоктук суу агызуучу жер астындагы камералар, энергия менен камсыз кылуу жана желдетүү, карьерлердин технологиялык магистралдык автожолдору, капиталдык ачуу, ачуучу жана разрездик чуңкурлар жана башка капиталдык жана мүмкүнчүлүктү камсыз кылуучу кен казып алуучу даярдоочу иштеп чыгуулар, кен жабдуулары, технологиялык жабдуулар, жеңил автомобилдерин кошпогондо башка автотранспорт);

б) пайдалуу кендерди иштетүү жана минералдык сырьену кайра иштетүү үчүн кен-транспорттук машиналар, технологиялык жабдуулар, ошондой эле негизги жана жардамчы багыттагы башка жабдуулар;

в) негизги жана жардамчы багыттагы имараттар жана курулмалар;

г) транспорттук жолдор.

12) «Карыздык баалуу кагаздар боюнча сыйакылар» — карыздык баалуу кагаздарды баштапкы жайгаштыруунун наркы (купонду эсепке албастан) же сатып алуу наркы (купонду эсепке албастан) менен номиналдык наркынын ортосундагы айырма, аларды сатып алуу шарттары купонго акы төлөөнү карайт.

13) «Туунду баалуу кагаздар» — туунду баалуу кагаздардын маалыматтарынын базалык активдерине карата укуктарды ырастоочу баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздарга төмөнкүлөр кирет: опциондор, своптор, форварддар, фьючерстер, депозитардык распискалар, варранттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туунду баалуу кагаздар деп таанылган башка баалуу кагаздар. Базалык активдер болуп товарлардын стандартташтырылган партиялары, баалуу кагаздар, валюта жана финансылык шаймандар.

14) «Баалуу кагаздар» — акциялар, карыздык баалуу кагаздар, туунду баалу кагаздар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар деп таанылган мүлктөй укуктун башка объекттери.

15) «Чакан жана орто ишкердиктин субъекти» — каржылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүүчү, инвестициялык фонддун субъекттин, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусун, ошондой эле КНС эсепке албаганда календардык жыл үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдөн түшкөн акчасы жана сатуудан салыгы 30000000 сомдон ашпаган салык төлөөчүнү кошпогондо, пайда салыгынын салык төлөөчүсү.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

184-берене. Пайдага салык төлөөчү

1. Пайдага салык төлөөчү (мындан ары бул бөлүмдө — салык төлөөчү) болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) ата мекендик уюм;

2) Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу ишмердик жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм;

3) жеке ишкер;

4) Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекемеге байланышпаган Кыргыз Республикасындагы булактан чет өлкөлүк уюмга киреше төлөөчү салык агенти.

2. Бул бөлүмдүн максаттары үчүн салык агенти болуп чет өлкөлүк уюмга киреше төлөөчү уюм же жеке ишкер эсептелет.

3. КРУБ, Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, Депозиттерди коргоо фонду жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду кирешеге салык төлөөчү болуп эсептелбейт.

185-берене. Салык салуу объекти

Пайдага салык салуу объекти төмөндөгүлөрдөн киреше алып келген экономикалык ишмердикти жүргүзүү болуп эсептелет:

1) Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы булактан — ата мекендик уюм же жеке ишкер аркылуу;

2) Кыргыз Республикасындагы булактан — Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекемесине таянып ишмердик жүргүзгөн чет өлкөлүк уюм же жеке жак — резидент эмес аркылуу.

186-берене. Салыктык база

1. Пайдага салык боюнча салыктык база ушул бөлүмдө каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бухгалтердик эсеп жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелер боюнча эсептелген пайда болуп эсептелет,

2. Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн пайда — салык төлөөчүнүн жылдын жыйынды кирешеси менен салык мезгили үчүн эсептелген ушул бөлүмгө ылайык чыгарып салынууга тийиш чыгымдардын ортосундагы оң айырма.

3. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекемеси менен байланышпаган Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алган чет өлкөлүк уюмдар үчүн салыктык база чыгарып салуу жүргүзүлбөгөн киреше болуп эсептелет.

4. Пайдага салык боюнча салыктык база бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык активдерди жана милдеттенмелерди баалоонун натыйжасында пайда болгон кирешелерге жана чыгымдарга көбөйбөйт жана азайбайт.

187-берене. Салыктык мезгил

1. Пайдага салык боюнча салыктык мезгил болуп календардык жыл эсептелет.

2. Эгер салык төлөөчү календардык жыл башталгандан кийин каттоодон өткөн болсо, анда ал үчүн биринчи салыктык мезгил болуп анын түзүлгөн күнүнөн тартып календардык жылдын аягына чейинки мезгил саналат.

Мында салык төлөөчүнү каттоо күнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөн күнү болуп эсептелет.

3. Эгер салык төлөөчү календардык жылдын аягына чейин жоюлган же өзгөртүп кайра түзүү жол-жоболорунан өткөн болсо, ал үчүн акыркы салыктык мезгил болуп жылдын башынан тартып жоюу, өзгөртүп кайра түзүү аяктаган күнүнө чейинки мезгил саналат.

4. Эгер салык төлөөчү календардык жылдан кийин каттоодон өтүп, ушул жылдын аякташына чейин жоюлган же өзгөртүп кайра түзүү жол-жоболорунан өткөн болсо, ал үчүн салыктык мезгил болуп түзүлгөн күндөн тартып жоюу, өзгөртүп кайра түзүү аяктаган күнүнө чейинки мезгил саналат.

29-глава
Жылдык жыйынды киреше

188-берене. Жылдык жыйынды кирешенин курамы

1. Жылдык жыйынды кирешенин курамына бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык аныкталган кирешелердин бардык түрлөрү кирет, анын ичинде:

1) салыктык амортизациялоо максаттарында салыктык топко киргизилген негизги каражаттарды сатуудан түшкөн кирешени кошпогондо, товарларды, жумуштарды, кызматтарды сатуудан түшкөн киреше;

2) негизги каражаттарды пайдалануудан чыгарылган демонтаждоодо же жоюуда алынган материалдардын же башка мүлктүн наркы түрүндө кирешелерди кошуп алганда амортизациялоого жатпаган активдерди сатуудан алынган кирешелер;

3) экономикалык ишмердикти чектөөгө же токтотууга макулдук үчүн алынган киреше;

4) акысыз алынган активдердин наркы;

5) курстук оң айырманын суммасынын курстук терс айырманын суммасынан өсүшү;

6) пайыздык киреше;

7) дивиденддер;

8) роялти;

9) уюмду башкарууга катышуудан алынган сыйакылар жана компенсациялар түрүндөгү кирешелер;

10) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн алынган киреше;

11) киреше салыгы боюнча бирдиктүү декларацияга киргизилген жеке ишкердиктин мүлкүн кошпогондо, ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатууда наркынын өсүшүнөн алынган киреше;

12) сатуудан алынган киреше:

а) сатып алуунун наркын кемитүү менен акцияларды;

б) туунду баалуу кагаздарды;

в) сатуу күнүнө карата дисконттун жана/же сыйакынын амортизациясын эске алып, сатып алуунун наркын кемитүү менен купонду эсепке албастан карыздык баалуу кагаздарды;

г) сатып алуунун наркын кемитүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар деп таанылган мүлктөй укуктун башка объекттерин;

д) анын алгачкы наркын алып салуу менен катышуу үлүшү;

13) субсидиялар;

14) салыктык мезгилдин аягына карата амортизациялык активдердин тобу боюнча салыктык эсептөөнүн терс суммалары;

15) инвентаризациялоонун натыйжасында аныкталган активдердин артыкбаш наркы;

16) төмөнкүлөрдүн натыйжасында келип чыккан салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин токтотуудан алынган кирешелер;

а) кредитор тарабынан өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен карыздарды эсептен чыгаруудан башка милдеттенмени эсептен чыгаруусунан;

б) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

в) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

г) салык төлөөчүнүн милдеттенмесин, анын ичинде салыктык милдеттенме үчүнчү жактын аткаруудан;

17) карызды талап кылуу укугунан баш тартуудан кирешелер;

18) камсыздандырылган негизги каражаттар боюнча камсыздандыруу суммасынын ордун толтурууну кошпогондо, камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммалары (ордун толтуруу);

19) шектүү милдеттенмелердин суммалары;

20) социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдаланууда алынган чыгымдардан кирешелердин өсүшү.

2. Жылдык жыйынды кирешенин курамына салык салынбай турган кирешелер кирбейт.

(КР 2010-жылдын 29-январындагы N 22, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

189-берене. Салык салынбай турган кирешелер

1. Төмөнкүлөргө пайда салыгы салынбайт:

1) уставдык капиталга салым жана/же пайдык салым катары алынган мүлктүн наркына;

2) аталган объекттердин багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүргүзгөн атайын уюмдарга акысыз негизде өткөрүлүүчү объекттердин (социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багыттагы, жолдордун, электр тармактардын, подстанциялардын, от казандардын жана жылуулук тармактардын, суу тосмо курулмалардын, кен-шахталык жабдуулардын, жарандык коргонуу объекттеринин) наркы, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча алардын жеке өндүрүштүк базасын өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдарга акысыз берилген негизги каражаттардын жана акча каражаттардын наркы (мындан ары бул бөлүмдө — социалдык-маданий багыттагы акысыз негизде берилүүчү объекттер);

3) коммерциялык эмес уюмдар тарабынан алынган:

а) мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү;

б) уставдык максаттарда пайдалануу шартында гуманитардык жардам жана гранттар;

в) уставдык максаттарда пайдалануу шартында акысыз алынган активдердин наркы;

г) көп квартиралуу үйлөрдү жана аларды тейлеген имарат, курулмаларды техникалык жактан тейлөөгө жумшалчу төлөм;

д) өздөрүнүн мүчөлөрүнө суу колдонулуучулар ассоциациясы тарабынан көрсөтүлүүчү уставдык иштин алкагында сугат сууларын берип туруу боюнча тейлөө кызматына жумшалчу төлөм.

4) ата мекендик уюмдарга катышуудан салык төлөөчү алган дивиденддер;

5) өнөктөрдүн салымы катары жөнөкөй өнөктөштүк тарабынан алынган мүлктүн наркы;

6) ишенимдүү башкарууга ишенимдүү башкаруучу тарабынан алынган мүлктүн наркы;

7) өздүк акциялардын наркын алардын номиналдык наркынан өсүшү түрүндө алынган киреше;

8) өздүк акцияларды сатууда нарктын өсүшүнөн алынган киреше;

9) сатылуучу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча фондулук биржасындагы листингинде жайгашкан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн пайыздык кирешелер жана кирешелер.

10) негизги каражаттарды сатуудан финансылык ижаранын (лизингдин) келишими боюнча алынган киреше.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык 10-пункт 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот

190-берене. Кирешени такташтыруу

1. Төмөнкүдөй учурларда товарлардан, жумуштардан, кызматтардан алынган киреше такташтырылууга тийиш:

1) товарлар толук же жарым жартылай кайтарылганда;

2) бүтүмдүн шарттары өзгөртүлгөндө.

Кирешени такташтыруу товарлар кайтарылган же бүтүмдүн шарттары өзгөртүлгөн салыктык мезгилдин жылдык жыйынды кирешесинин өлчөмүн өзгөртөт.

2. Амортизациялоого тийиш негизги каражаттарды сатуудан алынган киреше, ошондой эле ушул негизги каражаттардын камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган камсыздандыруу төлөмдөрү товарларды сатуудан түшкөн кирешеге кошулбайт, ал эми ушул бөлүмгө ылайык топтун салыктык наркын аныктоодо эсепке алынат.

191-берене. Компенсациялануучу чыгарып салуулар

1. Эгерде мурда чыгарып салынган чыгымдар, жоготуулар же кайтарылбас карыздардын орду толтурулган болсо, анда алынган сумма кайтарым берилген ошол салыктык мезгилдин кирешеси болуп калат.

2. Эгерде резервге карата мурда ушул бөлүмгө ылайык чыгарып салуулар жүргүзүлсө, алар ушул бөлүмгө ылайык кыскартылат, мындай кыскартуу же кирешеге кошулат же Кыргыз Республикасынын бухгалтердик мыйзамдарына ылайык чыгымдарды кыскартат.

192-берене. Узак мөөнөттүү контракттар боюнча кирешелер жана чыгарып салуулар

1. Бул берененин максаттары үчүн узак мөөнөттүү контракт деп контракт боюнча каралган иш башталган салыктык мезгилдин ичинде бүтпөй калган өндүрүшкө, орнотууга же курууга контракт же коштоочу кызматтарды көрсөтүү түшүнүлөт, мында алдын ала баалоолорго карата контракт боюнча каралган иш башталган күндөн тартып 12 айдын ичинде бүткөрүлүүгө тийиш болгон контракттарды кошпогондо.

2. Салык төлөөчү тарабынан кирешелерди жана чыгымдарды аныктоо үчүн эсептөө ыкмасын колдонууда узак мөөнөттүү контракттарга тийиштүү кирешелер жана чыгарып салуулар контракттын пайыздык аткарылышынын негизинде салыктык жылдын ичинде эсепке алынат.

Контрактты аткаруу бөлүгүнүн чоңдугу салыктык жылдын аягына чейин тартылган чыгымдар менен бул контракт боюнча жыйындын чыгымдарын салыштыруу аркылуу аныкталат.

3. Салык төлөөчү тарабынан кирешелер менен чыгашаларды аныктоо үчүн эсептөөнүн жөнөкөй ыкмасы пайдаланылган учурда узак мөөнөттүү контракттарга тийиштүү кирешелер жана чыгарып салуулар салыктык жылдын ичинде иш жүзүндө аткарылган жана төлөнгөн иштер, кызматтар боюнча аныкталат.

30-глава
Чыгарып салууга тийиш болгон чыгымдар

193-берене. Киреше алууга багытталган чыгымдарды чыгарып салуу

1. Эгерде бул Кодексте башкача каралбаса, салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык киреше алууга байланыштуу документтик түрдө ырасталган чыгымдарды, ошондой эле курстук айырманын терс суммасын оң курстук айырманын суммасынан жана өнбөй турган карыздын суммасынан өсүшүн гана чыгарып салууларга алып барууга укуктуу.

2. Келерки мезгилдердин чыгымдары алар таандык салыктык мезгилде чыгарып салынууга тийиш.

3. Эгерде ошол эле сарптоолор бир нече чыгаша беренелеринде каралса, анда мындай чыгымдар кирешеден бир жолу гана чыгарып салынууга тийиш.

4. Салык төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн салык салууда эсепке алынуучу чыгымдарды же өзгөчө абалдарга байланыштуу тартылган чыгымдарды аныктоонун өзгөчөлүктөрү ушул бөлүмдүн жоболору менен белгиленет.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

194-берене. Кызматтык иш сапарлар учурундагы жана өкүлчүлүк боюнча чыгымдардын суммасын чыгарып салуу

1. Кызматтык иш сапарында чыгарылып салынууга тийиш болгон чыгашаларга төмөндөгүлөр таандык:

1) иш сапарынын ордуна барууга жана кайра келүүгө, анын ичинде резервге коюлуучу акы төлөөгө кетүүчү иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдар;

2) жашоого, анын ичинде резервге коюлуучу чыгымдарга акы төлөөгө кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар;

3) Кыргыз Республикасынын чегинде жана анын чегинен тышкары жерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чегинде иш сапарында болуу учурунда төлөнүүчү суткалык акылар.

2. Чыгарып салууга тийиш болгон өкүлчүлүктүү чыгымдарга салык төлөөчү тарабынан өз ара кызматташтыкты белгилөө же колдоо көрсөтүү максатында сүйлөшүүлөргө катышкандарды, ошондой эле акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү үчүн директорлордун кеңешинин жыйынына келген катышуучуларды кабыл алууга жана/же тейлөөгө багытталган киреше алууга байланыштуу тартылган чыгымдар киреше алууга байланыштуу тартылган чыгымдар таандык кылынат.

Өкүлчүлүктүү чыгымдарга аталган адамдарды транспорт менен камсыз кылуу жана мейманканалык тейлөө боюнча, уюмдун штатында турбаган котормочуларга акы төлөө боюнча чыгымдар таандык кылынат.

195-берене. Кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого кеткен чыгымдарды чыгарып салуу

1. Салык төлөөчүнүн кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого кеткен чыгашаларына салык төлөөчүнүн киреше алууга багытталган кадрларды даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана кайра даярдоого байланыштуу чыгашалары таандык кылынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгашалар, эгерде:

1) даярдоо жана/же кайра даярдоо программасы даярдалып жаткан же кайра даярдалып жаткан адисти салык төлөөчүнүн ишинин алкагында квалификациясын жогорулатууга же алда канча натыйжалуу пайдаланууга көмөк көрсөтсө;

2) салык төлөөчүнүн штатында турган кызматкерлер даярдоодон жана/же кайра даярдоодон өтсө;

3) билим берүү боюнча кызматтар ата мекендик уюмдар тарабынан көрсөтүлсө, чыгашалар чыгарып салынууга тийиш.

3. Ушул беренеде квалификациясынын деңгээлине карата талаптын жогорулашына жана кесиптик милдеттерди чечүүнүн азыркы кездеги ыкмаларын өздөштүрүүнүн зарылдыгына байланыштуу адистердин теориялык жана практикалык билимин жаңыртуу деп таанылат. Кесиптик кайра даярдоо деп, толук жумушчу күнүндө иштеген, курагы 23 жаштан жогору болгон кызматкер тарабынан кесиптик иштин жаңы түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча билим-тажрыйбаны, жөндөм-шыкты жана көндүмдөрдү алуу квалификациясын жогорулатуу деп таанылат.

196-берене. Пайыздык чыгашаларды чыгарып салуу

1. Эгерде карыздын суммасы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулса, чегерилген же төлөгөн пайыздык чыгашалар ушул Кодекске ылайык, салык төлөөчү тарабынан колдонулган салыктык эсепке алуунун усулуна жараша ушул беренеде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен чыгарылып салынуусу тийиш.

2. Амортизациялануучу негизги каражаттарды сатып алууга жана түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизгенге чейин алардын наркын өзгөртүүгө таасир берүүчү чыгашалар менен байланышкан ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү колдонгон салыктык эсепке алуунун усулуна жараша чегерилген же төлөнгөн пайыздык чыгашалар жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга жатпастан, алардын наркын көбөйтөт.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

197-берене. Илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана долбоордук-иликтөө иштерине кеткен чыгашалар боюнча чыгарып салуулар. Жер казынасынын жакырланышына жеңилдик

1. Салык төлөөчүнүн экономикалык ишине байланыштуу илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана долбоордук-иликтөө иштерине кеткен чыгашалары чыгарып салынууга тийиш.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негизги каражаттарды сатып алууга жана/же өндүрүүгө байланыштуу чыгашаларды чыгарып салуу ушул Кодексте негизги каражаттарга карата белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

3. Кен чыккан жердеги иштетүү токтотулган запастарды кайталап өндүрүү үчүн атайын ишкананын фонду бул сумманы резервде кармоо менен тоо-кен ишканасынын салык салынуучу базасы 15%га азаят.

4. Аталган берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн атайын фонддун каражаттары ишкана тарабынан беш жылдын ичинде кен казуу, геологиялык иштерге бөлүнгөн жер тилкесинин чегинде геологиялык чалгындоого реинвестиция кылынышы керек.

5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, 5 жыл ичинде багытталышы боюнча пайдаланылбаган атайын фонддун каражаттарынын суммасы бюджетке төлөнүп берилет.

6. Тоо-геологиялык ишке бөлүнгөн жер тилкесинин чегинде ушул беренеде белгиленген тартипте атайын фонддун эсебинен алынган кендик, геологиялык тилкенин чегиндеги геологиялык чалгындоо жумушуна кеткен чыгымдар чыгарып салынууга тийиш эмес.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

198-берене. Негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана товардык-материалдык запастардын наркы

1. Негизги каражаттардын баштапкы наркына аларды сатып алууганын ичинде пайыздык чыгашалары, ошондой эле даярдоого, монтаждоого, орнотууга кеткен иш жүзүндөгү зарптоолор жана аларды пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүүгө кеткен чыгымдар, ошондой эле бажы алымдары жана жыйымдары, эсепке алынууга тийиш болгон КНСти кошпогондо, салыктар негизги каражаттарды ташууда аларды камсыздандыруу боюнча чыгымдар негизги каражаттарды жеке пайдалануу үчүн сатып алуудагы жана өндүрүүдөгү чыгымдар жана башка аны алардын наркын жогорулаткан башка чыгымдар киргизилет, буга ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү чыгарып салууга укуктуу болгон чыгашалардын курамында эсепке алынган салыктардын жана жыйымдардын суммасы чыгарылып салынат.

2. Негизги каражаттардын наркы тиешелүү объектилерди толуктап жабдуу, реконструкциялоо, кеңейтүү, модерндештирүү, техникалык кайра жабдуу, жарым-жартылай жоюу учурларында өзгөртүлөт.

3. Негизги каражаттар катышуучулар, уюштуруучулар тарабынан аталган каражаттардын баштапкы наркы менен уставдык фондго алардын салымы катары киргизилгенде ушул каражаттардын салык төлөөчүнүн бухгалтердик эсебинде ушул негизги каражаттар киргизилген күндөгү наркы болуп саналат, бирок ал рыноктук нарктан жогору болбойт.

Негизги каражаттар акысыз алынган учурда баштапкы нарк аталган каражаттарды кабыл алып өткөрүү актысынын маалыматтары менен аныкталат, бирок алардын баланстык наркынан төмөн болбойт.

4. Баланстык нарк нөлгө барабар деп төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат:

1) социалдык-маданий багыттагы акысыз берилген объекттерди алууда;

2) коммерциялык эмес уюмдардын мүлктү төмөнкүдөй түрлөрдө алууда:

а) мүчөлүк жана кириш салымдар;

б) гуманитардык жардам жана грант;

в) акысыз негизде алынган активдер.

5. Материалдык эмес активдердин баштапкы наркына аларды сатып алууга жана/же түзүүгө кеткен чыгашалар, анын ичинде пайыздык чыгашалар жана аларды пайдаланууга жарактуу абалга жеткирүү боюнча чыгымдар киргизилет.

Уюштуруучулар тарабынан уюмдун уставдык фондуна аманаттардын эсебине киргизилген материалдык эмес активдердин наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

Башка уюмдардан жана жеке жактардан сатылып алынган материалдык эмес активдердин наркы сатып алуу боюнча иш жүзүндө кеткен чыгымдарга жана ушул активдерди даяр абалга келтирүү боюнча чыгымдарга негизделип аныкталат.

Уюмдун өзү тарабынан түзүлгөн материалдык эмес активдердин наркы аларды түзүүгө, даярдоого, анын ичинде товардык-материалдык запастарды сатып алуу боюнча чыгымдар, эмгек акыга кеткен чыгымдар, башка уюмдардын көрсөткөн кызматтарына кеткен чыгымдар, патенттерди, күбөлүктөрдү алууга байланыштуу алымдарды төлөө боюнча иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасы катары аныкталат.

6. Негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин наркы ушул Кодексте белгиленген тартипте жана шарттарда амортизациялык чегерүүлөрдү эсептөө аркылуу чыгарып салууга таандык кылынат.

7. Товардык-материалдык запастардын наркы аларды сатып алуунун баасына негизденип аныкталат, ага ортомчу уюмдарга төлөнгөн комиссиялык сый акылар, алып келүүдөгү бажы алымдары жана жыйымдар, эсепке алынууга тийиш болгон КНСти кошпогондо, салыктар ташып келүүгө кеткен жана башка товардык материалдык баалуулуктарды сатып алууга байланыштуу башка чыгымдар киргизилет.

8. Негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана товардык материалдык запастардын наркына эсепке алынууга жатпаган сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча КНС киргизилет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

199-берене. Амортизациялануучу негизги каражаттар

1. Амортизациялык негизги каражаттар деп салык төлөөчүнүн негизги каражаттары, анын ичинде, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, анын менчик укугунда турган, пайдаланууга киргизилген жана киреше алуу үчүн иш жүзүндө пайдаланылып жаткан материалдык эмес активдер табылат, алардын наркы 100 эседен ашуун эсептик көрсөткүчтү түзөт.

2. Жер жана жаратылышты пайдалануунун башка объектилери: суу, жер казынасы жана башка табигый ресурстар, ошондой эле товардык материалдык запастар, бүтпөгөн капиталдык курулуш объектилери, баалуу кагаздар, финансылык шаймандар, орнотулбаган жабдуулар, негизги каражаттар жана өндүрүштө жана/же товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө салык төлөөчү тарабынан пайдаланылбаган материалдык эмес активдер жана мүлк амортизацияланууга жатпайт, алардын наркы агымдагы салыктык жылда толугу менен даяр продукциянын, аткарылган жумуштардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын наркына которулат.

3. Ушул бөлүмдүн максатында амортизациялануучу мүлктүн курамынан төмөндөгү:

1) келишимдер боюнча акысыз пайдаланууга берилген;

2) консервациялоого өткөрүлгөн;

3) 12 айдан ашык убактыкта реконструкциялоодо жана модерндештирүүдөн турган негизги каражаттар алып салынат.

200-берене. Негизги каражаттарды классификациялоо жана амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо

1. Амортизацияланууга тийиш болгон негизги каражаттар амортизциялоонун төмөндөгү нормалары менен алты топ боюнча классификацияланат:

1) 1-топ: жеңил автомобилдер, жолдордо пайдаланылуучу автотрактордук техника, атайын шаймандар, жабдуулар жана буюмдар; компьютерлер, телефондук аппараттар, перифериялык түзүлмөлөр жана маалыматтарды иштетүү боюнча жабдуулар — 30 пайыз;

2) 2-топ: автомобиль транспортунун кыймылдуу курамы: жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, атайын автомобилдер жана авточиркегичтер. Курулуш жабдуулары. Өнөр жайдын бардык тармактары, эритүү өндүрүшү үчүн машиналар жана жабдуулар; устачылык-пресстөө жабдуулары; электрондук жана жөнөкөй жабдуулар; телекоммуникациялык жабдуулар; айыл чарба машиналары; офистик эмеректер; материалдык эмес активдер — 25 пайыз;

3) 3-топ: ушул бөлүктүн 1, 2, 4, 5 жана 6-бөлүктөрүндө саналып өтпөгөн, амортизацияланууга жаткан негизги каражаттар жана аларга теңештирилген чыгашалар — 20 пайыз;

4) 4-топ: темир жол, деңиз жана дарыя транспорт каражаттары, күч берүүчү орнотмолор жана шаймандар: жылуулук техника жабдуулары, турбиналык жабдуулар, электр кыймылдаткычтары жана дизелдик генераторлор, электр берүү жана байланыш түзүлмөлөрү, түтүк өткөргүчтөр — 10 пайыз;

5) 5-топ: имараттар, курулуштар, курулмалар — 10 пайыз;

6) 6-топ: салык төлөөчүнүн кен чыккан жерди геологиялык даярдоого кеткен чыгымдары, долбоордук жана инженердик-иликтөө иштери жана жер казынасын пайдалануу укугун алуу, ошондой эле кийин пайдалуу кендерди казып алуу максатында кендик-капиталдык жана кенди даярдоо иштерине кетүүчү чыгымдар, ошондой эле кен казып алуучу жана/же кенди кайра иштетүүчү ишканалардын пайдаланууга киргизилген жана иш жүзүндө жер казынасын пайдаланууда иштеп жаткан негизги каражаттары — 50 пайыз. Мында амортизациялоонун төмөндөтүлгөн нормасын пайдаланууга жол берилет. Кийинки салыктык мезгилдерде амортизациялоонун төмөндөтүлгөн нормаларын пайдаланган салык төлөөчүлөргө ушул төмөндөтүлгөн нормаларга өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.

Кен иштерин даярдоо боюнча капиталдык чыгымдар салыктык мезгилдин ичинде тындырылган запастардын санынын салыктык мезгилдин алдындагы кен казыла турган участоктун баланстык запастарынын санына болгон катышы катары аныкталуучу амортизациялык норма боюнча амортизацияланат.

2. Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, салык салуу максаттары үчүн амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасы салык төлөөчүлөр тарабынан ушул беренеде белгиленген тартипте жыл сайын аныкталат. Амортизация ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жылдын акырына топтун салыктык наркына карата амортизациялоонун нормасын колдонуу аркылуу ар бир топ боюнча өзүнчө чегерилет.

3. Имараттар, курулуштар жана курулмалар (мындан ары ушул беренеде — курулмалар) амортизациясы ар бир курулмага өзүнчө чегерилет. Курулма пайдаланууга берилген жана пайдаланыла баштаган датадан тартып 20 жыл өткөндөн кийин ар бир курулма жылына 20 пайыз норма боюнча тикелей колдонулган ыкма боюнча амортизацияланат.

4. Финансылык ижара (лизинг) келишиминин предмети болуп эсептелген негизги каражаттарды алган Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, салык төлөөчү-лизинг алуучу амортизацияны ушул беренеде белгилеген тартипте чегерет.

5. Салыктык максаттарда амортизациялана турган негизги каражаттар ар бир топ боюнча топтун салыктык наркын аныктап турат.

Топтун жыл аягындагы салыктык наркы төмөндөгүдөй эсептелет:

1) өткөн жылдын акырына карата топтун салыктык наркы катары аныкталган өткөн жылы эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасына азайтылган топтун жыл башындагы салыктык наркы, плюс

2) ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык жыл ичинде топко кошулган негизги каражаттардын наркы, плюс

3) өткөн жылдагы топтун салыктык наркына кошулган негизги каражаттардын наркынын калган бөлүгү, минус

4) ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык аныкталган нарк боюнча жылдын ичинде өндүрүштөн чыгарылган негизги каражаттар, минус

5) өткөн жылы чыгарылган негизги каражаттардын наркынын калган бөлүгү.

6. Топтун салыктык наркына кошулуучу негизги каражаттардын наркы төмөндөгүдөй формула менен аныкталат:

Б * (А + 0,5) / 12, мында

А — негизги каражат иш жүзүндө киреше алуу үчүн пайдаланылган толук айлардын саны;

Б — ушул Кодекстин 201-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аныкталган негизги каражаттардын наркы.

7. Ушул жылдын ичинде өндүрүштөн чыгарылган топтун салыктык наркынан чыгарылган негизги каражаттардын наркы төмөндөгүдөй формула боюнча аныкталат:

Д * (С + 0,5) / 12, мында

С — негизги каражаттар өндүрүштөн чыгарылган айдан кийин ошол жылда калган толук айлардын саны;

Д — ушул Кодекстин 201-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аныкталган негизги каражаттардын наркы.

8. Эгерде топтун салыктык наркы жылдын акырына карата нөлдөн төмөн болсо, ал нөлгө теңештирилет, мында салык төлөөчү көрсөтүлгөн терс калдыкты өзүнүн кирешесине киргизет.

9. Ушул берененин максаттарында Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеби жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткарылган негизги каражаттарды кайрадан баалоо топтун салыктык наркын көбөйтпөйт жана төмөндөтпөйт.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча негизги каражаттардын айрым түрлөрү үчүн амортизациялоонун тездетилген нормаларын белгилөөгө укуктуу.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

201-берене. Амортизациялоо максатында негизги каражаттардын түшүшү жана чыгышы

1. Эгерде бул Кодексте башкача каралбаса, сатып алынган жана алынган негизги каражаттар жыл ичинде топко кошулган негизги каражаттар катары каралат жана топтун салыктык наркын жогорулатат:

1) негизги каражат уставдык капиталга салым катары түшкөндө — ушул Кодекстин 198-беренесине ылайык аныкталуучу наркка;

2) негизги каражаттын объектиси консервациялоо режиминен иштеп жаткан негизги каражаттарга которулганда — ушул негизги каражаттарды консервациялоодо топтон мурда чыгарылган негизги каражаттардын салыктык наркына;

3) мурда акысыз пайдаланууга өткөрүлүп берилген негизги каражат кайтарылганда — чыгып калуу учурундагы наркы боюнча;

4) негизги каражат реконструкциялоодон же модернизациялоодон кийин келип түшкөндө — топтон чыгарылган негизги каражаттын наркына, мында салык төлөөчүнүн ушул негизги каражаты реконструкциялоого же модернизациялоого байланыштуу чыгашаларына жогорулатылат;

5) салык төлөөчүнүн менчигине акысыз алынган негизги каражат келип түшкөндө, анын наркы кирешенин курамына киргизилгенде — ушул Кодекстин 198-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык аныкталган негизги каражаттын наркына;

6) негизги каражаттарды сатып алууда, курулуш бүткөндөн кийин негизги каражаттарды ишке киргизүүдө — баштапкы нарк боюнча;

7) ушул Кодекстин 203-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ремонтко чыгашалар суммасы боюнча чектөөдөн ашкан учурда — чектөөдөн ашкан чыгашалар суммасы боюнча.

2. Чыгарылган негизги каражаттар топтун салыктык наркын төмөндөтөт:

1) негизги каражат сатылганда же негизги каражат финансылык ижарага (лизингге) берилгенде — сатуу наркына;

2) уставдык капиталга салым катары берилгенде — ушул Кодекстин 198-беренесине ылайык аныкталган нарк боюнча;

3) негизги каражаттар жоголгондо, бузулганда камсыздандыруу келишими жок болсо — нөлгө барабар нарк боюнча;

4) камсыздандыруу учуру келип чыкканда — камсыздандыруу уюм тарабынан камсыздандыруу келишимине камсыздандыруучуга төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы боюнча;

5) акысыз берилгенде, акысыз пайдаланууга берилгенде, ошондой эле консервациялоого өткөрүлгөндө — Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталуучу баланстык наркы боюнча;

6) жоюлуп жаткан негизги каражаттарды сатууда — сатуу наркы боюнча;

7) жоюлуп жаткан негизги каражаттарды товардык материалдык запастардын түзүлүшүнө которууда — Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталуучу товардык материалдык запастардын наркы боюнча;

8) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

202-берене. Амортизациялык чегерүүлөрдүн суммаларын чыгарып салуу

1. Ушул Кодекстин 200-беренесине ылайык аныкталган негизги каражаттарды амортизациялоо үчүн амортизациялык чегерүүлөр салык төлөөчүнүн кирешесинен чыгарылып салынууга тийиш.

2. Эгерде топтун салыктык наркынын чоңдугу жылдын акырына карата 100 эселенген эсептик көрсөткүчтөн аз болсо, анда ушул сумма амортизациялык чегерүү катары каралат жана салык төлөөчүнүн кирешесинен, эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, топтун бардык салыктык наркы чыгарылып салынууга тийиш.

3. Эгерде топтогу бардык негизги каражаттар сатылса, башка жакка өткөрүлүп берилсе же жок кылынса, анда топтун калган салыктык наркы амортизациялык чегерүү катары каралат жана салык төлөөчүнүн кирешесинен чыгарып салынууга тийиш.

203-берене. Оңдоого кеткен чыгашаларды чыгарып салуу

1. Менчик укуктагы негизги каражаттарды, анын ичинде финансылык ижаранын (лизингдин) предмети болуп эсептелген негизги каражаттарды оңдоого кеткен чыгашаларды чыгарып салуу ушул Кодекстин 200-беренесине ылайык аныкталган ар бир топко карата жүргүзүлөт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык чыгарып салынууга тийиш болгон оңдоого кеткен чыгашалардын суммасы топтун жыл башындагы салыктык наркынын 15 пайызы менен чектелген, ал топтун жылдын акырына карата салыктык наркы катары аныкталган, ал өткөн жылы эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасына азайтылат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген чектөөдөн ашып кеткен сумма топтун наркына кошумчаланган негизги каражаттардын наркы катары каралган жана отчеттук жылдын аягында топтун салыктык наркын көбөйтөт.

4. Ижарага алуучу ижарага алынган негизги каражаттарды оңдоого багытталган иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасы ушул беренеде аныкталган тартипте чыгарып салууга тийиш.

5. Оңдоого багытталган чыгымдар ушул беренеге ылайык чыгарып салууга алынып барбаса, ижарага алуучу топту түзүүгө милдеттүү жана оңдолуучу негизги каражат киргизилген негизги каражаттардын тобуна карата белгиленген амортизациянын нормасы боюнча ушул бөлүмгө ылайык аныкталган амортизациялык чегерүүлөр түрүндө тартылган чыгымдарды ижара келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде чыгарып салууга тийиш. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин ижарага алуучу ушул бөлүккө ылайык түзүлгөн топтун салыктык калдык наркын чыгарып салууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

204-берене. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү чыгарып салуу

Салык төлөөчүнүн жылдык жыйынды кирешеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдүн суммасына азайтылат.

205-берене. Баалуу кагаздарды сатууда келип чыккан зыяндар

1. Баалуу кагаздарды сатууда келип чыккан зыяндар:

1) карыздык баалуу кагаздардан тышкары, баалуу кагаздар боюнча — сатуу наркы менен сатып алуу наркынын ортосундагы терс айырма;

2) карыздык баалуу кагаздар боюнча — сатуу күнүнө карата дисконттун жана/же сый акынын амортизациясын эске алуу менен сатуу наркы менен сатып алуу наркынын ортосундагы терс айырма.

2. Баалуу кагаздарды сатууда келип чыккан зыяндар башка баалуу кагаздарды сатуудан алынган кирешелердин эсебинен компенсацияланат.

3. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн зыяндар алар келип чыккан жылы компенсацияланышы мүмкүн болбосо, анда алар 5 жылга чейинки мөөнөткө кийинкиге жылдырылат жана ушул 5 жылдын ичинде баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн кирешелердин эсебинен компенсацияланууга тийиш.

206-берене. Экономикалык иш-аракетке байланыштуу зыяндардын мөөнөтүн жылдыруу

1. Салык төлөөчүнүн чыгарып салууларынын анын кирешесинен ашып кеткен суммасы зыян деп табылат жана ал салык төлөөчү тарабынан ушул зыян келип чыккан мезгилден кийинки салыктык мезгилдердеги салык салынуучу кирешеден чыгарып салуу катарында 5 календардык жылга чейинки мөөнөткө жылдырылат.

Салык төлөөчү пайдадан салык төлөөдөн бошотулган салыктык мезгилде тартылган зыяндар салык салынуучу мезгилде чыгарып салуу катары мөөнөтү жылдырылбайт.

2. Эгерде салык төлөөчү бирден ашык салык мезгилинде зыян тартса, мындай зыяндарды ушул зыян тартылган мезгилден кийин келүүчү салык мезгилине жылдыруу ошол зыяндын тартылышынын кезектүүлүгү боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде салык төлөөчү кайра уюштуруунун себеби боюнча өзүнүн ишин токтоткон учурда, анын укуктук жолун жолдоочу салык төлөөчү ушул беренеде каралган тартипте жана шарттарда салыктык базаны кайра уюштурулган салык төлөөчү тарабынан кайра уюштурууга чейин тартылган зыяндардын суммасына азайтууга укуктуу.

207-берене. Потенциалдуу коромжулуктарды жана зыяндарды жабуу үчүн резервдер. Депозиттерди коргоо фондуна банктардын мүчөлүк акылары

1. Банк тарабынан резервге потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготууларды жана коромжулуктарды жабуу үчүн жиберилүүчү жана белгиленген банктык кредиттерди камсыздоо максатында жана аларга теңдештирилүүчү активдер гана пайдаланылуучу сумма жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга тийиш.

Ушул бөлүктүн максаттары үчүн финансылык лизинг, ошондой эле банктын менчигине алынган күрөө мүлкү банк кредитине теңдештирилген актив болуп эсептелет.

2. Резервге чегерүүлөрдүн тартиби жана өлчөмү КРУБ тарабынан белгиленет.

3. Банктардын депозиттерди коргоо фондуна жөнөтүүчү мүчөлүк акылары операциялык чыгымдар болуп эсептелет жана жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга жатат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

208-берене. Кайрымдуулукка чыгымдар боюнча чыгарып салуулар

Акча каражаттарды жана мүлктү (баланстык наркы боюнча) кошуп алганда акысыз негизде менчик формасына карабастан кайрымдуулук уюмдарына, ошондой эле маданий жана спорттук уюмдарга салык төлөөчүнүн салык алынуучу кирешесинен 10 пайыздан ашпаган өлчөмдө салыктык жылдын ичинде өткөрүп берилген активдер, аларды өткөрүп берген салык төлөөчүнүн пайдасына бул активдер кириштелбей турган шарттарда жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга тийиш.

209-берене. Чыгарып салынбай турган чыгашалар

1. Төмөнкүлөр чыгарылып салынууга жатпайт:

1) негизги каражаттарды өндүрүүгө, сатып алууга жана орнотууга байланыштуу чыгашалар жана башка капиталдык чыгашалар;

2) бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине төлөнүүчү салыктык санкциялар, пеня жана пайыздар;

3) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө тийиш болгон төмөнкү салыктар:

а) пайдага салык;

б) ушул Кодекске ылайык эсептелүүгө жатпаган КНС кошпогондо, КНС;

в) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү сатуулардан салыкты кошпогондо, сатуулардан салык;

г) ушул Кодекске ылайык эсептен чыгарып салууга жатпаган акциздик салыкты кошпогондо, акциздик салык;

4) эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, резервге чегерүүлөр түрүндөгү чыгашалар;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизме боюнча социалдык чөйрөдөгү объектилерди пайдаланууда тартылган чыгашалардын ушул объектилерди пайдаланууда алынган кирешелерден ашып кетиши;

Караңыз:

Эксплуатациялоо учурунда алынган кирешеге караганда тарткан чыгымдардын ашкан суммалары алынбай турган социалдык чөйрө объекттеринин Тизмеси

6) аталган чыгашалар көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө максатында жүргүзүлгөндөн жана өндүрүштүк зарылдыктан улам келип чыккандыгынын фактысын ырастоо болгондон башка учурларда, башка адам тарабынан тартылган ар кандай чыгашалар;

7) ушул Кодекстин жоболоруна ылайык кирешесине салык салынбай турган менчиктин ар кандай түрүн сатып алууга, башкарууга же күтүүгө кеткен чыгашалар;

8) салык төлөөчү тарабынан өзүнүн үй бүлө мүчөсүнө же бири-бирине көз каранды субъектке менчикти сатууга же алмаштырууга тикелей же кыйыр түрдө байланыштуу болгон ар кандай зыяндар;

9) салык төлөөчүнүн өзүнүн жакын туугандарына жана башка адамдарга карата экономикалык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу болбогон чыгашалары;

10) салык агенти тарабынан киреше салыгы салынгандан башка товарларды, жумуштарды, кызматтарды кызматкерлерге жеңилдик берилген баалар же тарифтер боюнча сатуудагы баалык айырмачылыктарды төлөөгө кеткен чыгашалары;

11) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу ченемдик-укуктук актылары менен белгиленген нормадан ашык табигый коромжулуктардын жана зыяндардын суммасы;

12) ушул Кодексте белгиленгенден башка учурларда мүнөзү жана өлчөмү ырастоочу документтер менен аныкталышы мүмкүн болгон чыгашалар;

13) киреше алууга байланышпаган чыгашалардын суммасы;

14) пайдага салык салынбаган киреше алууга байланыштуу чыгымдар;

15) иш сапарында болгон учурда төлөнүүчү киреше салыгы салынган суммадан башка, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чектерден ашып кеткен өлчөмдө төлөнгөн суткалык акылар;

16) банкеттерди, эс алууну, оюн-зоокту же дем алууну уюштурууга кеткен чыгашалар;

17) акцияларды (үлүштөрдү, пайларды) жайгаштыруу үчүн акы төлөө катары мүлктү алууда пайда болгон салык төлөөчү-эмитенттин чыгашалары.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда баяндалган чыгашалардын орду амортизациялоо аркылуу толтурулат.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

210-берене. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин катышуучуларынын салыктык базасын аныктоонун өзгөчөлүктөрү

1. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин катышуучуларынын салыктык базасын аныктоо:

1) ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык, эгер аталган келишимдин шарттары боюнча пайда табуучу уюмдун уюштуруучусу болгон учурда;

2) ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык, эгер аталган келишимдин шарттары боюнча уюмдун уюштуруучусу пайда табуучу болуп эсептелбеген учурда жүргүзүлөт.

2. Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн ишенимдүү башкаруу келишими боюнча өткөрүп берилген мүлк ишенимдүү башкаруунун кирешеси катары таанылбайт.

Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ишенимдүү башкаруучу алган сый акы анын кирешеси болуп эсептелет. Мында ишенимдүү башкарууга байланыштуу чыгымдар, эгер мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминде аталган чыгымдар ишенимдүү башкарууну уюштуруучусу тарабынан тартылаары белгиленбесе, ишенимдүү башкаруучунун чыгымдары болуп эсептелет.

Ишенимдүү башкаруучу мүлктү ишенимдүү башкаруу боюнча салыктык мезгил үчүн кирешелерди жана чыгашаларды аныкташы жана башкарууну уюштуруучуга (пайда табуучуга) алынган кирешелер жана тартылган чыгымдар жөнүндө маалыматты бериши керек, аларды башкаруунун уюштуруучусу (пайда табуучу) тарабынан эсепке алуу үчүн, ушул бөлүмгө ылайык салыктык база аныкталган учурда.

3. Ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусунун кирешелери мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин алкагында жылдык жыйынды кирешесинин курамына кирет.

Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин аткарууга байланыштуу чыгымдар, анын ичинде мүлктүн амортизациясын кошкондо, ошондой эле ишенимдүү башкаруучунун сый акылары киреше алууга байланыштуу тартылган чыгымдар деп таанылат жана башкарууну уюштуруучунун чыгымдары болуп эсептелет.

4. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин алкагындагы пайда табуучунун кирешелери жылдык жыйынды кирешенин курамына кирет жана белгиленген тартипте салык салынууга тийиш.

Мында ушул келишимди аткаруунун алкагында алынган кирешени азайтуунун эсебинен сый акы төлөө каралган учурда ишенимдүү башкаруучунун сый акысынан тышкары, мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин аткарууга байланыштуу чыгымдар салыктык базаны аныктоодо башкаруунун уюштуруучусу тарабынан эсепке алынбайт, бирок пайда табуучунун чыгымдарынын курамына салык салуу максатында эсептелет.

Мындай келишимдин колдонулушунун мөөнөтүнүн ичинде ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мүлктү пайдаланууда учураган чыгымдар ушул бөлүмгө ылайык салык салуу максатында эске алынган уюштуруучунун (пайда табуучунун) зыяндары катары таанылбайт.

5. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган учурда ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мүлк аталган келишимдин шарттары боюнча башкаруунун уюштуруучусуна кайтарып берилиши же башка адамга берилиши мүмкүн.

Мүлктү кайтарууда башкаруунун уюштуруучусунда күчүнө кирген мезгилде ишенимдүү башкарууга берилген мүлкү менен мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган учурга карата наркынын ортосундагы пайда болгон оң (терс) айырмага карабастан киреше (зыян) түзүлбөйт.

6. Бул берене ушул берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган учурдан тышкары, обочолонгон мүлктүк комплексти — пайдык инвестициялык фондду түзүүчү башкаруучу компанияга жана мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин катышуучуларына (уюштуруучуларына) жайылтылбайт.

211-берене. Жөнөкөй шериктештик келишиминин катышуучуларынын салыктык базасын аныктоонун өзгөчөлүктөрү

1. Жөнөкөй шериктештикти эсепке алуу милдети жүктөлгөн субъект келишимге ылайык өзүнүн уюмунун негизги ишмердиги жана жөнөкөй шериктештик ишмердиги боюнча өзүнчө эсепке алууну жүргүзүүгө тийиш.

2. Өзүнчө эсепке алуу милдети жүктөлгөн жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу салыктык милдеттенмелерди эсептөөнү пайдага салыкты кошпогондо ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүшү керек.

3. Жөнөкөй шериктештиктин келишими боюнча салык салууга чейинки пайда жана зыяндар келишимге ылайык катышуучулардын ортосунда бөлүштүрүлөт жана ар биринде өзүнчө эсепке алынат.

4. Катышуучулардын мүлкүн жөнөкөй шериктештикке салым катары өткөрүп берүү сатуу болуп эсептелинбейт.

5. Жөнөкөй шериктештик келишиминин шарттары аткарылгандан кийин салымдар катышуучуларга акчалай же натуралай түрдө кайтарылат. Кошулган салымдын өлчөмүндөгү кайтарым катышуучунун кирешеси катары эсептелбейт.

31-глава
Салык жеңилдиктери

212-берене. Салыктан бошотуу

1. Төмөнкүлөрдүн пайдалары салык салуудан бошотулат:

1) кайрымдуулук уюмдардын;

2) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

Караңыз:

I жана II топтогу майыптар коомунун ишканаларынын, ошондой эле Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун аларда иштеген майыптардын жалпы санынын 50 пайыздан кем эмесин түзгөн жана алардын эмгек акысы пайдага салыктан бошотулган акынын жалпы фондунун 50 пайыздан кем эмесин түзгөн уюмдардын Тизмеси

3) айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн;

4) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин;

5) айыл чарба товардык-сервистик кооперативдеринин;

6) өздүк сырьедогу мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды өздүк менчигинде турган өндүрүштүк кубаттуулуктарда өнөр-жайлык кайра иштетүүнүн товарларын сатуудан алынган салык төлөөчүнүн пайдаларынын негизги өндүрүштүк каражаттарды сатып алууга, реконструкциялоого, модернизацияга багытталган бөлүгүнөн;

7) кредиттик союздар;

8) айыл чарба продукциясын (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануудан тышкары) өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын, 3 жылдык мөөнөткө. Ишканалардын тизмеси жана ага киргизүү үчүн тандоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Караңыз:

Ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) берүүчү, 3 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган берүү болуп саналган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Тизмеси

9) лизингдик компаниялар.

Көңүл буруңуздар! 9-пункт КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот

2. Пайда салыгын төлөөдөн бошотуу пайда салыгы боюнча декларацияны берүү милдетинен бошотпойт.

(КР 2009-жылдын 10-январындагы N 5, 2011-жылдын 30-майындагы N 33, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

32-глава
Салыктын ставкасы. Пайда салыгын эсептөөнүн, декларациялоонун жана төлөөнүн тартиби

213-берене. Пайда салыгынын ставкасы

1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, пайда салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

2. Алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иш жүргүзүүчү салык төлөөчүнүн пайда салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

3. Лизингдик компаниялар үчүн пайда салыгынын ставкасы 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл бурунуздар! КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык 3-бөлүк 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот

214-берене. Пайда салыгын эсептөө

Пайда салыгын эсептөө ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

215-берене. Төлөмдүн булагында кармалган салык боюнча отчет берүүнүн мөөнөттөрү

Салык агенти Кыргыз Республикасындагы киреше төлөөнүн булагында кармалган салыктын суммасы боюнча отчетту отчеттук кварталдан кийинки айдын 25инен кийинки күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

216-берене. Пайда салыгын аныктоонун тартиби, төлөөнүн мөөнөтү жана орду

1. Пайда салыгын төлөөчү пайда салыгынын акыркы эсептөөлөрүн жүргүзөт жана аны бирдиктүү салык декларациясы берилген күнгө чейин төлөйт. Салыктын акыркы суммасы отчеттук салыктык мезгил үчүн салыктын эсептелген суммасы менен пайда салыгынын алдын ала эсептелинген суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

2. Салык төлөөчүнүн пайда салыгы салыктык каттоо орду боюнча төлөнөт.

217-берене. Пайдага салыктын алдын ала суммасын төлөө

1. Салык төлөөчү пайдасы нөл ставкасы боюнча салык алынуучу жана пайдага салыкты төлөөдөн бошотулган салык төлөөчүнү кошпогондо, экинчи кварталдан тартып квартал сайын салыктык отчеттуулукту берүүгө жана бюджетке отчеттук мезгилден кийин келүүчү экинчи айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирбестен пайдага салыктын алдын ала суммасын бюджетке төгүүгө милдеттүү.

2. Учурдагы салык мезгилинин биринчи кварталы, биринчи жарым жылдыгы, биринчи 9 айлыгы пайдага салыктын алдын ала суммасы боюнча отчеттук мезгил болуп саналат.

3. Отчеттук мезгил үчүн пайдага салыктын алдын ала суммасы бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелер боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайданын 10 пайызы өлчөмүндө аныкталат.

Пайдага салыктын алдын ала суммасын эсептөөдө ушул Кодекске ылайык пайдага салык салынбаган кирешелер эсепке алынбайт.

4. Отчеттук мезгил үчүн бюджетке төлөнүүгө жаткан пайдага салыктын алдын ала суммасы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайдага салыктын алдын ала суммасы менен мурдагы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайдага салыктын алдын ала суммасынын ортосундагы оң айырма катары аныкталат.

5. Салык төлөөчү экономикалык ишке байланышкан чыгымдарды жылдырган учурда, бюджетке пайдага салыктын ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык эсептелген алдын ала суммасы менен ушул Кодекстин 206 жана 223-8-беренелерине ылайык отчеттук салык мезгилине салык алынуучу кирешеден алып салуу катарында жылдырууга жаткан чыгымдардын 10 пайызы өлчөмүндө эсептелген сумманын ортосундагы оң айырма төлөнөт.

6. Пайдага салыктын алдын ала суммасы төлөнбөгөн же өз убагында төлөнбөгөн учурда салык төлөөчүгө карата салыкты төлөбөгөндүк же өз убагында төлөбөгөндүк үчүн ушул Кодексте белгиленген туум колдонулат.

(КР 2013-жылдын 8-майындагы N 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

33-глава
Салык төлөөчүлөрдүн жана кирешелердин айрым категорияларына салык салуунун өзгөчөлүктөрү

218-берене. Камсыздандыруу уюмдары тарабынан түзүлүүчү резервдик камсыздандыруу фонддоруна чегерүүлөр боюнча чыгарып салуулар

Салыктык базаны эсептөөдө камсыздандыруу ишин жүргүзгөн ата мекендик уюм Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нормативдерге ылайык резервдик камсыздандыруу фонддоруна чегерүүлөрдүн суммасын чыгарып салууга укуктуу.

219-берене. Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме аркылуу экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюмдарга салык салуунун өзгөчөлүктөрү

1. Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме аркылуу экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюмдар үчүн салыктык база туруктуу мекемеге байланыштуу кирешелердин жана чыгашалардын негизинде аныкталат.

2. Чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагында бирден ашык обочолонгон бөлүмү болсо, алар аркылуу жүргүзүлгөн иш туруктуу мекемени түзүүгө алып келсе, салыктык база жана салыктын суммасы ар бир бөлүм боюнча өзүнчө эсептелип чыгат.

3. Чет өлкөлүк уюмдун туруктуу мекемесинин иши салыктык мезгил аяктаганга чейин токтотулганда акыркы отчеттук мезгил үчүн салыктык декларация ушул уюм тарабынан бөлүмдүн иши токтотулган күндөн кийинки күндөн тартып бир айдын ичинде берилет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

220-берене. Кош салык салууну четтетүү

1. Чет мамлекетте салык төлөөчү тарабынан төлөнгөн сумма Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн кош салыктан качуу жөнүндө Макулдашуу бар болгон, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген учурда, эгер мындай кирешенин суммасы Макулдашуунун нормаларына ылайык чет мамлекетте салык салынууга тийиш болсо салыктык милдеттенмени эсептөөдө эске алынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган эсепке алынуучу сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ставкалар боюнча төлөнгөн салыктын суммасынан ашпоого тийиш.

3. Чет мамлекетте төлөнгөн пайда салыгынын суммасын эсепке алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

221-берене. Пайыздарга салынуучу салыктардын ставкалары жана мөөнөттөрү

1. Салык төлөөчүлөргө төлөнүүчү пайыздар Кыргыз Республикасындагы киреше булагында төлөнгөн суммадан 10 пайыздык ставка боюнча салык салынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн нормалары Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, резидент-банктар, лизингдик компаниялар тарабынан алынган пайыздарга карата колдонулбайт.

3. Кыргыз Республикасындагы киреше булагында мурда салык салынган пайыздарга ушул салыктын кармалгандыгын ырастаган документтер болгондо, пайыздардын салык салынуучу суммасына киргизилбөөгө тийиш.

4. Салык агенти тарабынан кармалуучу пайыздарга салык төлөө пайыздарды төлөө айынан кийинки айдын 15инен кийинки күндөн кечиктирбестен бюджетке төлөнүүгө тийиш.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

221-1-берене. Тоо кендерин казып алуучу жана/же тоо кендерин кайра иштетүүчү ишканаларга салык салуунун өзгөчөлүктөрү

1. Алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү киреше салыгын төлөйт.

2. Алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштер кирешеге салыгын салуу объектиси болуп саналат.

3. Киреше салыгынын салык базасы төмөнкүлөр болуп саналат:

1) алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды сатып өткөрүүдөн алынган КПС жана сатуудан алынган салык эсепке алынбаганда түшкөн акча;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте дүйнөлүк баага карата эсептелген алтын камтыган казылмадагы, алтын камтыган концентраттагы алтындын наркы.

4. Киреше салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

Бир троя- лык унция алтын- дын АКШ долла- рында баасы 1201 ден 1300 гө че- йин 1301 ден 1400 гө че- йин 1401 ден 1500 гө че- йин 1501 ден 1600 гө че- йин 1601 ден 1700 гө че- йин 1701 ден 1800 гө че- йин 1801 ден 1900 гө че- йин 1901 ден 2000 гө че- йин 2001 ден 2100 гө че- йин 2101 ден 2200 гө че- йин 2201 ден 2300 гө че- йин 2301 ден 2400 гө че- йин 2401 ден 2500 гө че- йин 2501 ден жана ан- дан жо- гору
Киреше салы- гынын став- касы % да

1

3

5

7

9

11

13

14

15

16

17

18

19

20

5. Календардык ай киреше салыгынын салык мезгили болуп саналат.

6. Киреше салыгын эсептөө ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

7. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган Салык төлөөчү салык отчетун берүүнү жана киреше салыгын төлөөнү отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин эсептик катталган жери боюнча жүргүзүүгө милдеттүү. Эсептик каттоосу жок болгон учурда киреше салыгы салыктык каттоо болгон жери боюнча төлөнөт.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

34-глава
Чет өлкөлүк уюмдардын Кыргыз Республикасындагы булактан алган кирешелерине салык салуунун өзгөчөлүктөрү

222-берене. Туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактан алган кирешелерине салынуучу салыкты эсептөө жана төлөө

1. Чет өлкөлүк уюм тарабынан туруктуу мекеме менен байланышпаган Кыргыз Реопубликасындагы булагынан алынган кирешелерге ушул Кодекстин 223-беренесинде белгиленген кирешелер таандык кылынат.

2. Чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан алынган кирешелеринен алынуучу салык чет өлкөлүк уюмга киреше төлөп жаткан уюм жана жеке ишкер тарабынан эсептелет жана кармалат, мында ушул Кодекстин 223-беренесинде белгиленген ставкалар боюнча жана тартипте кирешелерди ар бир төлөөдө кармалып калат, буга салык агентине киреше алуучу тарабынан төлөнүп жаткан киреше Кыргыз Республикасында киреше алуучу туруктуу мекемеге таандык экендиги жана киреше алуучу салык агентине каттоо картасынын көчүрмөсүн жана салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкатын өткөрүп бергендиги тууралуу билдирилген учурлар кирбейт.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык кармалган салыктардын суммасын салык агенттери тарабынан бюджетке которуу ушул Кодекстин 168-беренесинин шарттары боюнча киреше келип чыккан айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күнгө чейин жүргүзүлөт.

4. Эгерде салык агенти чет өлкөлүк уюм тарабынан төлөнгөн кирешелерден салыкты кармабаса же толугу менен кармабаса, анда ушул аткарылбай калган салыктык милдеттенме салык агенти тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

223-берене. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон Кыргыз Республикасындагы киреше булактан алган чет өлкөлүк уюмдун кирешелерине салынуучу салыкты кармап калуунун тартиби жана анын ставкасы

1. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган кирешелер, эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык агенттери тарабынан киреше булагында чыгарып салууларды жүзөгө ашырбастан төмөндөгүдөй ставкалар боюнча салык салынат:

1) дивиденддер жана пайыздык кирешелер — листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялар боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингиндеги баалуу кагаздардан алынган пайыздык кирешелерден тышкары 10 пайыз;

2) алынган камсыздандыруу төлөмдөрү:

а) камсыздандыруу же тобокелдерди кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча милдеттүү камсыздандыруу боюнча кирешелерди кошпогондо — 5 пайыз;

б) милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча же тобокелдерди кайра камсыздандыруу боюнча — 10 пайыз;

3) автордук гонорарлар, роялти — 10 пайыз;

4) жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр — 10 пайыз;

5) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы эл арылык байланыштарда жана ташууларда телекоммуникациялык же транспорттук кызмат көрсөтүүлөр — 5 пайыз.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары же аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда гана жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, деңиз, суу же аба кемелери, автотранспорт каражаттары же темир жол транспорттору менен кандай гана болбосун ташуулар Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы ташуулар деп түшүнүлөт.

2. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жана көрсөтүлгөн жумуштар жана кызматтар боюнча кирешелер ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ставкалар боюнча чыгарып салууларды жүзөгө ашыруусуз салык агенттери тарабынан төлөм булагынан салык алынууга жатат.

3. Накталай жана/же накталай эмес формада акчаны, баалуу кагаздарды, катышуу үлүшүн, товарларды, мүлктү которуу, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу, Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешени төлөө боюнча резидент эместин алдындагы карызды жабуунун эсебине жүргүзүлүүчү резидент эместин — киреше алуучунун карызын жоюу же талабын эсепке алуу кирешелерди төлөө деп түшүнүлөт.

4. Төлөм булагынан алынуучу салыктар төлөм Кыргыз Республикасынын ичинде же анын чегинен тышкары жүргүзүлгөндүгүнө карабастан колдонулат.

5. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон чет өлкөлүк уюм тарабынан лизингдик компаниядан алган кирешелер төмөнкү ставкалар боюнча чыгарып салууларды жүзөгө ашыруусуз кирешелерди төлөө булагынан лизингдик компания тарабынан салык алынууга жатат:

1) дивиденддер жана пайыздар, жумуштардан жана/же кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган киреше — 1 пайыз;

2) автордук калем акылар, роялти — 0 пайыз.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык 5-бөлүк 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот

34-1-глава
Чакан жана орто ишкердик субъекти тарабынан пайдага салык боюнча салыктык базаны эсептептөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби

(Глава КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

223-1-берене. Чакан жана орто ишкердик субъекти тарабынан пайдага салык боюнча жөнөкөйлөтүлгөн салыктык базаны эсептептөөнү колдонуунун тартиби

1. Чакан жана орто ишкердик субъекти ушул главада белгиленген жөнөкөйлөтүлгөн тартипте пайдага салык боюнча салыктык базаны аныктоого укуктуу.

2. Ушул беренеде каралбаган учурларда, пайдага салык боюнча салыктык базаны эсептептөө ушул Кодекстин 29 жана 30-главаларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Календардык жыл ичинде түшкөн акчасынын өлчөмү 30000000 сомдон ашкан чакан жана орто ишкердик субъекти ушул календардык жылдан кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып пайдага салык боюнча салыктык базаны жөнөкөйлөтүлгөн эсептөөнү колдонуу укугун жоготот.

4. Календардык жылдын жыйынтыгы боюнча пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны жөнөкөйлөтүлгөн эсептептөөнү колдонууга укугу бар пайдага салык салыгын төлөөчү ушул тартипти ушул календардык жылдан кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып колдонууга укуктуу.

5. Пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны жөнөкөйлөтүлгөн эсептөөдөн жалпы тартипке, ошондой эле пайдага салыкты эсептөөнүн жалпы тартибинен пайдага салыкты эсептөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибине өтүүдө, салыктык максаттар үчүн амортизациялоону эсептөөдө эске алынуучу негизги каражаттардын алгачкы наркы календардык жылдын 1-январына карата негизги каражаттардын калдык наркына тең кабыл алынат, анда салык төлөөчү бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык эсептелүүчү пайдага салыкты жалпы эреже боюнча төлөйт.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

223-2-берене. Жылдык жыйынды киреше

1. Жылдык жыйынды кирешеге кыйыр салыктарды эске албаганда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча кирет.

2. Жылдык жыйынды кирешенин курамына учурда Кодекстин 189-беренесинде каралган салык алынбай турган кирешелер кирбейт.

3. Бардык негизги каражаттарды саткан учурда терс калдыкты кошпогондо, негизги каражаттарды сатуудан түшкөн киреше товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчага кирбейт, амортизациялык чегерүүлөрдү эсептептөөдө негизги каражаттардын наркын азайтат.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

223-3-берене. Киреше алууга багытталган чыгашаларды чыгарып салуулар

Эгерде ушул главада башкача каралбаса, салык төлөөчү чегерүүгө жатпай турган сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча салыктарды, ушул главага ылайык эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдү кошуп алганда, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчаны алуу менен байланышкан тастыкталган чыгашаларды, ошондой эле ушул Кодекстин 203-беренесинде белгиленген чектөөсүз эсептелген негизги каражаттарды оңдоого кеткен чыгашаларды чыгарып салууга киргизүүгө укуктуу.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

223-4-берене. Пайыздык чыгашаларды чыгарып салуулар

1. Эгерде карыздын суммасы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылса, чегерилген же төлөнгөн пайыздык чыгашалар ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу салыктык эсепке алуунун усулуна жараша, ушул беренеде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен чыгарылып салууга тийиш.

2. Амортизациялануучу негизги каражаттарды сатып алууга жана түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизгенге чейин алардын наркын өзгөртүүгө таасир берүүчү чыгашалар менен байланышкан, ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу салыктык эсепке алуунун усулуна жараша, чегерилген жана/же төлөнгөн пайыздык чыгашалар ушул каражаттардын наркына киргизилбейт жана жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга жатат.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

223-5-берене. Негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана товардык-материалдык запастардын наркы

1. Ушул главанын максаттары үчүн бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык негизги каражаттар деп таанылган активдер негизги каражаттар болуп саналат.

2. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин алгачкы наркына аларды сатып алууга жана/же даярдоого кеткен иш жүзүндөгү чыгашалар кошулат.

3. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин алгачкы наркы өзгөртүлүүгө жатпайт.

4. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин наркы ушул главада белгиленген тартипте жана шарттарда амортизациялык чегерүүлөр аркылуу чыгарып салууга кирет.

5. Товардык-материалдык запастардын наркы аларды сатып алуунун баасына кошуп эсептелүүгө тийиш болгон КНС алып салуу, жана/же ушул Кодекстин 294-беренесине ылайык чыгарып салууга жаткан акциздик салыктан улам аныкталат.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

223-6-берене. Амортизациялануучу активдер

Салык төлөөчүнүн менчигинде турган негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчаны алуу үчүн пайдаланылуучу каржылык ижаранын (лизингдин) келишими боюнча алынган негизги каражаттары кошо амортизацияланат.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

223-7-берене. Амортизациядык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоо

1. Амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоодо салык төлөөчү ушул беренеде белгиленген усулду колдонот.

2. Пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны аныктоо үчүн амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасы жыл сайын ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн амортизациялоонун ченемин жыл аягында негизги каражаттардын салыктык наркына көбөйтүү жолу менен салык төлөөчүлөр тарабынан аныкталат.

3. Амортизациялоонун ченеми 40 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

4. Негизги каражаттардын салыктык наркы жылдын аягында төмөнкүдөй эсептелет:

1) мурунку жылдын аягындагы негизги каражаттардын салыктык наркы катары аныкталган негизги каражаттардын жыл башындагы салыктык наркы, мурунку жылы эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасына азайтылат;

кошуу

2) салыктык мезгилдин ичинде сатылып алынган негизги каражаттардын наркы;

алуу

3) салыктык мезгил ичинде сатылган негизги каражаттардын наркы.

5. Эгерде негизги каражаттардын салыктык наркы жылдын аягында нөлдөн аз болсо, ал нөлгө барабар болот, мында салык төлөөчү өз кирешесине көрсөтүлгөн терс калдыкты кошот.

6. Эгерде негизги каражаттардын салыктык наркынын чоңдугу жылдын аягында эсептик көрсөткүчтүн 100 эсесинен азды түзсө, анда бул сумма амортизациялык чегерүү деп таанылат.

7. Эгерде бардык негизги каражаттар сатылган болсо, анда калдык салыктык нарк амортизациялык чегерүү деп таанылат жана эсептен чыгарылууга жатат.

8. Ушул беренеде белгиленген амортизациялык чегерүүнүн тартибин колдонгон салык төлөөчү ушул главада белгиленген пайдага салык боюнча салык алынуучу базаны жөнөкөйлөтүлгөн чегерүүнү колдонгон мезгил ичинде аталган усулду колдонууга укуктуу жана ушул режимди колдонгон салык төлөөчү катары эсептен чыгарылган күндөн тартып аны колдонууну токтотууга милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

223-8-берене. Экономикалык иш менен байланыштуу зыяндарды которуу

1. Салык төлөөчүнүн чыгарып салууларынын анын кирешесинен ашып кеткен суммасы зыян деп таанылат жана ал салык төлөөчү тарабынан ушул зыян келип чыккан мезгилден кийинки салыктык мезгилдердеги салык салынуучу кирешеден чыгарып салуу катарында 5 календардык жылга чейинки мөөнөткө которулат.

2. Эгерде салык төлөөчү бирден ашык салык мезгилинде зыян тартса, мындай зыяндарды ушул зыян тартылган мезгилден кийин келүүчү салык мезгилине которуу ошол зыяндын тартылышынын кезектүүлүгү боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Салык төлөөчү кайра уюштуруунун себеби боюнча ишин токтоткон учурда, анын укугун улантуучу-салык төлөөчү ушул беренеде каралган тартипте жана шарттарда салыктык базаны кайра түзүлгөн салык төлөөчү кайра түзүү учуруна чейин алган зыяндардын суммасына азайтууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

223-9-берене. Чыгарып салууга жатпаган чыгашалар

1. Төмөнкүлөр чыгарып салууга жатпайт:

1) бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине төлөнүүчү салыктык санкциялар, туумдар жана пайыздар;

2) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө тийиш болгон төмөнкү салыктар:

а) пайдага салык;

б) ушул Кодекске ылайык эсепке алынууга жатпаган КНС тышкаркы, КНС;

в) берүүчүлөр товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда төлөөчү сатуудан салыкты кошпогондо, сатуудан алынуучу салык;

г) ушул Кодекске ылайык чыгарып салууга жатпаган акциздик салыкты кошпогондо, акциздик салык;

3) бул чыгашалар товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан акча алуу максатында жүргүзүлгөнүн ырастаган факты болгон учурлардан тышкары, башка жак үчүн тартылган кандай болбосун чыгашалар;

4) ушул Кодекстин жоболоруна ылайык, салык салынууга жатпаган менчиктин, кирешенин кандай болбосун түрүн сатып алууга, башкарууга же күтүүгө чыгашалар;

5) салык төлөөчү тарабынан өз үй-бүлө мүчөсүнө же өз ара көз каранды субъектке менчигин сатууга же алмаштырууга түздөн-түз же кыйыр байланышкан кандай болбосун зыяндар;

6) салык төлөөчүнүн экономикалык ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган анын жакын туугандарына жана башка адамдарга карата чыгашалар;

7) салык агенти тарабынан салынган киреше салыгынан тышкары, кызматчыга сатып алуу же өндүрүү баасынан төмөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга байланыштуу чыгашалар;

8) мүнөзүн жана өлчөмүн аныктоого болбогон чыгашалар;

9) киреше алуу менен байланышпаган чыгашалардын суммалары;

10) пайдага салык алынбаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан акча алуу менен байланыштуу чыгашалар;

11) эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, резервге чегерүүлөр түрүндөгү чыгашалар.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IX БӨЛҮМ
КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ

35-глава
Жалпы жоболор

224-берене. Бул бөлүмдө колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер

Бул бөлүмдө төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

1) «Салык салынуучу импорт» — импортко КНСтен бошотулган товарды алып кирүүдөн тышкары Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарды алып кирүү.

2) «Салык салынуучу беримдер» — салык салынуучу субъект тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды беримдер:

а) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды беримдер;

б) Кыргыз Республикасында акы үчүн жүргүзүлүүчү жумуштарды жана кызматтарды беримдер;

в) товарларды экспорттоо.

Салык салынуучу беримдерге ушул бөлүмгө ылайык КНСтен бошотулган жана КНС боюнча салык салынуучу объект болуп эсептелбеген беримдер кирбейт.

3) «Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо» — ушул бөлүмгө ылайык жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан учурда салык салынуучу субъект тарабынан жүзөгө ашырылган жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

225-берене. Кошумча нарк салыгы

КНС Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык салык салынуучу беримдердин, ошондой эле салык салынуучу импорттун наркынын бир бөлүгүн бюджеттин кирешесине алып коюунун формасы болуп эсептелет.

226-берене. КНС төлөөчүлөр

КНС төлөөчүлөр болуп салык салынуучу субъект, ошондой эле салык салынуучу импортту жүзөгө ашырган субъекттер эсептелет.

227-берене. КНСтин ставкасы

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса КНСтин ставкасы бардык салык салынуучу жана салык салынуучу импорт боюнча 12 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

2. КНСтин ставкасы ушул Кодекстин 261-263-беренелеринде аныкталган беримдерге карата 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

36-глава
Салык салынуучу субъект

228-берене. Салык салынуучу субъект

Эгерде субъект салык органдарында ушул бөлүмгө ылайык КНС төлөөчү катары каттоодон өткөн же каттоодон өтүүгө милдеттүү болсо ал салык салынуучу субъект болуп эсептелет.

229-берене. КНС боюнча каттоого алууга карата талаптар жана анын тартиби

1. Эгерде ал ырааттуу 12 айдын ичинде же болбосо ырааттуу 12 айга жетпеген мөөнөттү түзүүчү мезгилдин ичинде наркы 4000000 сом суммасынан ашкан (мындан ары бул бөлүмдө — КНС боюнча каттоо чеги) ушул Кодекстин 224-беренесинин 2-пунктунда каралган товарларды берүүнү, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырса, экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүүчү субъект КНС төлөөчү катары каттоодон өтүшү керек.

Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн салык салынуучу беримдердин наркы төмөндөгүдөй аныкталат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында ушул субъектинин бардык обочолонгон бөлүмүнүн салык салынуучу беримдеринин наркын эске алуу менен — ата мекендик уюмдар үчүн;

2) ушул Кодекстин 96-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык каттоону эске алуу менен — туруктуу мекеме аркылуу иш-аракет жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн;

3) жөнөкөй шериктештик келишими боюнча жүргүзүүчү иш-аракетти эске алуу менен — жөнөкөй шериктештик келишими менен ушул шериктештиктин иштерин жүргүзүү милдеттери жүктөлгөн субъект үчүн.

2. Мүлк ишенимдүү башкарууга берилгенде ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишими боюнча жүзөгө ашырылган иш боюнча ушул берененин талаптарына ылайык КНС төлөөчү катары каттоодон өтүүгө милдеттүү. Мындай учурда ишенимдүү башкаруу өз алдынча, башкарууну түзүүчүдөн өзүнчө салык төлөөчү катары каралат.

3. Субъект КНС төлөөчү катары салык салынуучу беримдердин жалпы наркы КНС боюнча каттоо чегинен ашкан мезгилдин аякташына карата бир айдын ичинде арыз берүү аркылуу каттоодон өтүшү керек.

Субъект каттоо жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып каттоо күчүнө кирет.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, эгерде каттоодон өтүүгө милдеттүү болгон субъект каттоо жөнүндө арызды бербеген же өз учурунда бербеген болсо, салык салынуучу субъект КНС төлөөчү катары каттоодон өтүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып ал салык салынуучу субъект катары эсептелет.

4. Катталууга милдеттүү болбогон субъект КНС төлөөчү катары өз ыктыяры менен катталууга укуктуу:

1) эгерде ал ушул Кодекске ылайык КНСтен бошотулган беримдерден башка товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерин жүзөгө ашырса;

2) эгеде ал мындан ары салык салынуучу беримдерди жүзөгө ашырууга ниеттенсе, кандайдыр бир беримдерди жүзөгө ашыруу башталганга чейин.

Ушул пунктта каралган учурларда КНС төлөөчүнүн каттоо жана каттоо документин (мындан ары бул бөлүмдө — каттоо документи) алгандыгы жөнүндө арыз берилген датадан кийинки айдын биринен тартып каттоо күчүнө кирет.

5. КНС боюнча каттоосу жокко чыгарылган субъект КНС төлөөчү катары беримдерге салык салуунун наркы КНС боюнча каттоо чегинен ашып кеткен учурда каттоодон өтө алат.

6. КНС боюнча каттоо салык салынуучу субъекттин салыктык каттоо орду боюнча жүргүзүлөт.

7. Субъектти КНС төлөөчү катары каттоодо салык органы субъектинин каттоо жөнүндө арызы берилген датадан тартып 10 күндүн ичинде КНС төлөөчүнүн катталган күбөлүгүн берүүгө милдеттүү, анда:

1) субъекттин аты жөнү, толук аталышы же юридикалык дареги;

2) КНС боюнча каттоонун күчүнө кирген датасы;

3) салык төлөөчүнүн идентификациялык салыктык номери;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу башка зарыл болгон маалыматтар.

8. Каттоо документи катуу отчеттуулуктун бланкы болуп эсептелет жана салык салынуучу субъект анын сактыгын камсыздашы керек.

Салынуучу субъекттин ушул берененин 7-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтары өзгөргөн учурда каттоо документин алмаштыруу керек.

Каттоо документи жоголгон же бузулган учурда анын дубликаты берилет.

9. Каттоо документин берүүнүн, алмаштыруунун формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

230-берене. КНС боюнча каттоого алууну жокко чыгаруу

1. Эгерде беримдердин салык салынуучу наркы акыркы 12 айдын ичинде каттоо чегинен ашпаса, КНС боюнча милдеттүү түрдө каттоодон өткөн салык салынуучу субъект каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.

КНС боюнча каттоону жокко чыгарууда каттоо документи салык органына кайтарылууга тийиш.

Каттоону жокко чыгаруу арыз берилген датадан кийинки айдын биринен тартып жана каттоо документине өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин күчүнө кирет.

2. Салык салынуучу субъект жоюу же кайра уюштуруу аркылуу банкрот болгондо КНС боюнча каттоо жокко чыгарылат. Каттоону жокко чыгаруу банкроттук жол-жобо башталган күндөн кийинки 10 күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү атайын администратордун арызы боюнча жүргүзүлөт.

Каттоону жокко чыгаруу арыз берилген датадан кийинки айдын биринен тартып жана каттоо документине өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин күчүнө кирет.

3. Салык салынуучу субъект, эгерде ал жоюлуу жөнүндө чечим кабыл алынган айдан кийинки айдан кечиктирбестен жоюлууга байланыштуу салык салынуучу беримдерди жүзөгө ашырууну токтотсо, каттоону жокко чыгаруу максатында салык органдарына кайрылууга милдеттүү.

4. Салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык кызматы органдары салык салынуучу беримдерди жүзөгө ашырганга чейин товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерин жүзөгө ашыруу жөнүндө ниети токтотулса, КНС боюнча ыктыярдуу каттоону жокко чыгарууга милдеттүү.

5. Каттоо жокко чыгарылган учурда сатып алынган материалдык ресурстары боюнча КНСтин суммасын салык салынуучу беримдер боюнча КНСтин суммасынан ашыруунун орду ушул бөлүмдө белгиленген тартипте толтурулууга же кайтарылууга тийиш.

6. Салык кызматы органдары КНС боюнча каттоону отчеттуулукту ушул Кодексте белгиленген мөөнөтүнөн кийин биринен кийин бири кеткен эки салык мезгилинин ичинде салык салынуучу субъект КНС боюнча салыктын аталган отчеттуулугун бербеген учурда ушул салык салынуучу субъектке кийин билдирүү менен жокко чыгара алат.

Каттоону жокко чыгаруу расмий басма сөздөрдө КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө салык органы тарабынан кабыл алынган чечими жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул бөлүккө ылайык каттоосу жокко чыгарылган салык салынуучу субъектке мурда салык органдары тарабынан берилген КНСтин эсеп-фактуралары анын каттоосу жокко чыгарылгандыгы жөнүндө маалымат расмий басма сөздөрдө жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылат.

7. Ушул берененин 2, 3, 4 жана 6-бөлүктөрүнө каралган учурлардан тышкары КНСтин төлөөчүсү катары ыктыярдуу катталган субъектти каттоо ушул каттоо күчүнө кирген күндөн тартып 24 айдан мурда жокко чыгарылбайт.

8. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызды берүүдө же салык органы тарабынан каттоо жокко чыгарылган учурда салык салынуучу субъект же атайын администратор КНС боюнча салыктык отчеттуулукка ушул Кодекстин 282-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык жол-жоболоштурулган КНСтин пайдаланылбаган эсеп-фактураларынын бланктарын тиркөөгө милдеттүү.

9. Ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген негиздер боюнча каттоону жокко чыгаруу, жокко чыгарылган датага карата эсептелген жана/же эсептелүүгө тийиш КНС, ошондой эле пайыздар, туум-айып жана салыктык санкциялар боюнча салыктык милдеттенмени аткаруудан бошотпойт.

10. Ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген негиздер боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтында жана расмий басма сөздөрдө жарыяланат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

37-глава
Салык салуу объектиси

231-берене. Салык салуу объектиси

1. КНС салуунун объектиси төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1) салык салынуучу беримдер;

2) салык салынуучу импорт.

2. Төмөнкүлөр КНС салуунун объектиси болуп эсептелбейт:

1) ишкана же ишкананын өз алдынча иш жүргүзгөн бөлүгүн КНС төлөөчү тарабынан өткөрүп берүү учурунда ушундай болуп калган экинчи КНС төлөөчүгө же субъектке сатуу.

Ушул бөлүктүн максаттарында ишкананын өз алдынча иш жүргүзгөн бөлүгү болуп уюмдун обочолонгон бөлүмү эсептелет;

2) КНС төлөөчү болуп эсептелген менчик ээсинен мүлктү өткөрүү:

а) ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде КНС төлөөчү болуп эсептелген ишенимдүү башкарууга;

б) жөнөкөй шериктештиктин келишимине ылайык ушул шериктештиктин иштерин жүргүзүү боюнча милдеттенме жүктөлгөн салык салынуучу субъектке;

3) эгер менчик ээси салык салынуучу субъект болуп эсептелсе ишенимдүү башкаруу же жөнөкөй шериктештик келишими токтогон учурда мүлктү менчик ээсине өткөрүү;

4) эс алуу, көңүл ачуу жана оюн-зооктор чөйрөсүндө жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын беримдери;

5) уставдык капиталга өткөрүү же кайтаруу учурунда ошондой болуп калган бир КНС төлөөчүнүн башка КНС төлөөчүгө же субъектке (фонд, чегерүү) берилген мүлктү өткөрүү же кайтаруу;

6) каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды беримдер.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

232-берене. Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери

1. Эгерде товарларды жөнөтүүнү жүзөгө ашырган субъект:

1) товарга болгон менчик укугун башка адамга өткөрүп берсе, анын ичинде товарды жумуш берүүчү тарабынан кызматкерге Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган эмгекке акы төлөө же башка төлөмдөр түрүндө өткөрүп берүү, карыздык милдеттенме боюнча күрөө берүүчүнүн карызын жабуунун эсебине күрөөгө коюлган мүлктү өткөрүп берсе;

2) мүлктү финансылык ижарага (лизингге) берсе;

3) электр энергиясы, табигый жана суюлтулган газ, жылуулук, суу менен, рефрижераторлук жана кондиционердик кызматтарды камсыз кылууну жүзөгө ашырса.

2. Субъект жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерин жүзөгө ашырат, эгерде ал акы төлөө үчүн ар кандай башка ишти аткарса, анын ичинде:

1) мүлктүк жалдоонун (ижаранын) келишимдери боюнча мүлктү убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүү;

2) жумуштарды аткаруу, жумуш берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жалданма кызматкерге эмгекке акы төлөө катары кызматтарды көрсөтүү.

3. Мындай жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү беримдерге карата товарды беримдер негизги болуп эсептелген учурда бул товарларды берүүчү субъект тарабынан жүргүзүлүүчү товарларды беримдерге байланыштуу коштоочу жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери товарларды беримдеринин бөлүгү болуп эсептелет.

4. Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү беримдер товарларды беримдерге карата алганда негизги болгон учурда бул жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган субъект тарабынан жүзөгө ашырылган жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерге байланыштуу товарларды беримдер жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү беримдеринин бөлүгү болуп саналат.

5. Товарды импорттого байланыштуу жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу товарларды импорттоонун бөлүгү болуп эсептелет.

6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырылган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери ушул бөлүккө ылайык салык салынуучу же беримдерден бошотулган болуп таанылат.

7. КНС боюнча каттоонун иш-аракетинин мезгилинде сатылып алынган товардык-материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин КНС боюнча каттоо жокко чыгарылган учурдагы калдыктары алардын эсептик наркы боюнча товардык беримдер болуп таанылат.

8. Жеңилбес күчтүн натыйжасында товарды жоготуу товарды беримдер болуп эсептелбейт. Жоголгон товардын наркы документ түрүндө, ал эми документтер жоголгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Соода-өнөржай палатасынын жана тиешелүү органдардын өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз эксперттик комиссиясынын корутундусу менен ырасталышы керек.

Караңыз:

Ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товардын наркы жоголгонун документ менен ырастоо Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 736 токтому менен бекитилген)

233-берене. Агент же кызматкер жүзөгө ашырган беримдер

1. Агент тарабынан жүргүзүлгөн товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери, эгер бул беренеде башкача каралбаса субъекттин өзү тарабынан жүргүзүлүүчү беримдер болуп эсептелет. Товарды субъекттен агентке өткөрүү, агенттик сый акы катары өткөрүлгөн товарлардан тышкары беримдер болуп эсептелбейт.

2. Кызматкер тарабынан анын кызматтык милдеттеринин чектеринде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жалдоочуга беримдер салык салынуучу беримдер болуп эсептелбейт.

3. Агент тарабынан товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн КНС төлөөчүлөр болуп зсептелбеген субъекттин — чет өлкөлүк уюмдун же жеке жактын — резидент эместин тапшырмасы боюнча беримдер, эгер беримдер ушул Кодекске ылайык салык салынуучу болуп эсептелсе агенттин беримдерине кошулат.

234-берене. Салыктык милдеттенменин датасы

1. Салыктык милдеттенме келип чыккан дата, эгер ушул беренеде башкача каралбаса беримдердин датасы болуп эсептелет.

2. Беримдердин күнү:

1) товарлар үчүн — товарларга болгон жеке менчик укуктарды керектөөчүгө өткөрүп берүүнүн датасы;

2) аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн — эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, бардык жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр бүткөн дата.

3. Аткарылган курулуш-монтаждык жумуштар үчүн беримдердин датасы болуп жумуш бүткөн жана төлөнгөн учур эсептелет.

4. КНСтин эсеп-фактурасы салык салынуучу беримдердин датасына чейин жазып берилген же акы төлөө алынган болсо, салыктык милдеттенменин датасы болуп кайсынысы мурдараак болгондугуна жараша КНСтин эсеп-фактурасы жазып берилген же акы төлөө алынган дата эсептелет.

5. Эгер товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр узак мөөнөттүн ичинде (бир жылдан ашык) бериле турган болсо, салыктык милдеттенменин датасы болуп КНСтин эсеп-фактурасы жазып берилген же туруктуу өткөрүп берүү датасы же кайсынысы мурдараак болгондугуна жараша туруктуу ар бир төлөм алынган дата эсептелет.

6. Товарларды импорттоодо КНС боюнча салыктык милдеттенменин датасы Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык аныкталат.

235-берене. Товарлардын берим орду

Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса товарлардын берим орду болуп беримдерге товарды өткөрүп берген жер, же болбосо беримдерге ташуу кошулса, анда товардын берим орду ташуу башталган мезгилге карата товар жайгашкан жер болуп эсептелет.

236-берене. Жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду

1. Эгер жумуштар жана/же кызматтар ушул мүлк менен түздөн-түз байланышкан болсо жумуштардын жана/же кызматтардын берим орду кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жери болуп эсептелет. Мындай жумуштарга жана/же кызматтарга бул мүлккө түздөн-түз таасир берүү аркылуу аткарылган курулуш, курулуш-монтаждык, ремонттук, реставрациялык, жашылдандыруу боюнча иштер, техникалык тейлөө жана ушул сыяктуу жумуштар жана/же кызматтар, ошондой эле ушул беренеде башкача каралбаса мүлктүк жалдоо, ижарага алуу келишими боюнча кыймылсыз мүлктү убактылуу пайдаланууга берүү иштери таандык кылынат.

2. Беримдердин орду болуп экономикалык иш-аракеттин жери, жумуштарды жана/же кызматтарды сатып алуучунун туруктуу мекемеси жайгашкан жер, аны менен (туруктуу мекеме) байланышкан ушул жумуштар жана/же кызматтар төмөнкүдөй учурларда:

1) патенттер, лицензиялар, соода маркалары, автордук укуктар же башка ушул сыяктуу укуктар менчикке өткөрүлүп берилгенде;

2) бажылык аймакта жана бажы контролдугу алдында товарларды кайра иштетүүнүн бажылык режимине жайгаштырылган товарларды кайра иштетүүгө;

3) персонал берүү учурунда;

4) контракттын негизги катышуусунун атынан ушул бөлүктө каралган жумуштарды жана кызматтарды аткаруу үчүн адамды тартуучу агенттин кызмат көрсөтүүсү;

5) аудитордук кызматтарды көрсөтүүдө консультациялык, юридикалык, жарнамалык кызматтарды көрсөтүүдө, лабораториялык талдоолорду жүргүзүүдө;

6) өнөр жай, айыл чарбасы жана башка объектилердин продукцияларын өндүрүү жана сатуу процессинде даярдоо боюнча инженердик-консультациялык, долбоордун алдындагы жана долбоордук кызматтарды, техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоо боюнча кызматтарды, бизнес-пландарды, долбоордук-конструктордук иштеп чыгууларды жана ушул сыяктуу кызматтарды көрсөтүүдө;

7) маалыматтык массаларды жыйноону жана жалпылоону, системага салууну жана ушул маалыматты иштеп чыгуунун натыйжаларын пайдалануучунун карамагына берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө;

8) транспорттук каражаттарды кошпогондо кыймылдуу мүлктү убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүдө.

3. Саламаттык сактоо, маданият, искусство, илимий изилдөөлөр, билим берүү, туризм, дене тарбиясы жана спорт боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн орду иш жүзүндө кызматтар көрсөтүлгөн жер болуп эсептелет.

4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралбаган жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери ушул жумуштарды жана кызматтарды аткарган субъекттин жайгашкан жери болуп саналат.

38-глава
Бошотулган беримдер жана КНСтин ставкасы нөлгө барабар болгон беримдер

237-берене. Бошотулган беримдер

Ушул Кодекске ылайык, эгерде ал ушул Кодекстин 238-256-1-беренелеринде аныкталган беримдердин түрлөрүнүн бири болсо, КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

(КР 2013-жылдын 15-ноябрындагы N 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

238-берене. Жердин, турак жай курулумдарынын жана орун-жайлардын беримдери

1. Турак жай фондуна таандык турак жай курулуштарын Мамлекеттик каттоо органдарынын документтерине ылайык берүү же турак жайларды ижарага алуу, мейманкана тибиндеги имараттарды, пансионаттарды, эс алуучу жана дарылоочу жайларды ижарага берүүдөн тышкары КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

2. Жерди берүү, анын ичинде ижарага берүү, соода аянттары, парковка, транспорт каражаттары токтоочу жайларга беримдерден тышкары КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

239-берене. Айыл чарба продукциясынын жана мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды өнөр жайлык кайра иштетүү азыктарынын беримдери

1. Айыл чарба өндүрүүчүлөргө өздүк өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын, ошондой эле анын кайра иштетилген азыктарынын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

2. Аларды кайра иштетүү түздөн-түз аталган субъект тарабынан жүзөгө ашырылган мөмө-жемиштер жана жашылчаларды өнөр-жайлык кайра иштетүүнүн товарларын субъект тарабынан жөнөтүүлөр КНСтен бошотулган жөнөтүү деп саналат.

3. Айыл чарба товардык-сервистик кооператив тарабынан ушул кооперативдин мүчөлөрү болгон айыл чарба өндүрүүчүлөрдөн алынган айыл чарба продукциясын жана кайра иштетүү азыктарынын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

4. Айыл чарба товардык-сервистик кооператив тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү ушул кооперативдин мүчөлөрүнө беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

5. Ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануудан тышкары) берүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизме боюнча 6 жылдык мөөнөткө КНС төлөөдөн бошотулган берүүлөр болуп эсептелет.

(КР 2009-жылдын 10-январындагы N 5, 2011-жылдын 30-майындагы N 33, 2012-жылдын 5-декабрындагы N 194 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз:

Ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) берүүчү, 3 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган берүү болуп саналган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Тизмеси

240-берене. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин түзөтүү мекемелери жана кылмыш-жаза аткаруу ишканаларынын системасы тарабынан беримдер

1. Жеке жакка тиричилик максаттар үчүн канализация, лифт, катуу жана суюк калдыктарды чыгаруу кызматтарын пайдалануу боюнча беримдер, ошондой эле ысык жана муздак сууну, жылуулук энергияны, электр энергияны жана газды, анын ичинде суюлтулган газ баллондорду беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелинет.

2. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин түзөтүү мекемелеринин жана кылмыш-жаза аткаруу ишканалар системасы тарабынан жеке менчик өндүрүшүнүн товарларын, аткарылган жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрүн беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

3. Кылмыш-жаза аткаруу системасынын аткаруу мекемесинин аймагында иш-аракеттерин жүргүзгөн субъекттердин беримдери түзөтүү мекемелеринде ишке орноштурулуп, жазаларын өтөп жаткандардын саны ошол ишканаларда иштегендердин жалпы санынын 60 пайызынан ашпаган шартта КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

(КР 2010-жылдын 12-мартындагы N 48 Мыйзамынын, КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ N 17 Декретинин редакцияларына ылайык)

241-берене. Финансылык ижара (лизинг) боюнча негизги каражаттардын беримдери

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

242-берене. Медициналык иш чөйрөсүндөгү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

Протездик-ортопедиялык буюмдарды беримдер, аларды оңдоону кошуп алганда майыптар үчүн атайын товарларды беримдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тизмек боюнча дары-дармек каражаттарын беримдер КНС бошотулган беримдер болуп саналат.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы N 31 «Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо  КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому

243-берене. Финансылык кызмат көрсөтүүлөр

1. Финансылык кызмат көрсөтүүнүн беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

2. Ушул берененин максаты үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөр деп төмөнкүлөр таанылат:

1) пайыздык кирешелерди эсептөө жана өндүрүү, карыздык милдеттенмелерди берүү жана өндүрүү, банктык кепилдиктерди берүүнү кошуп алганда, кепилчиликтерди жана/же кепилдиктерди берүү, карыздык милдеттенмелерди башкаруу боюнча агенттин кызмат көрсөтүүлөрү;

2) депозиттер боюнча операциялар, корреспондент банктардын эсептерин кошуп алганда уюмдардын жана жеке жактардын банктык эсептерин ачуу жана жүргүзүү;

3) төлөмдөр, которуулар карыздык милдеттенмелер, чектер жана коммерциялык жүгүртүлүп жаткан төлөм каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар, инкассо боюнча операциялар;

4) ушул жакка таандык болгон аффинаждалган баалуу металлдардын жеке саны көрсөтүлүүчү жеке жактардын жана уюмдардын металлдан жасалган эсептерин ачуу жана киргизүү;

5) валюта, мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелген банкноттор жана акчалай каражаттар болуп эсептелген операциялар, буга алтын тыйындарды жана коллекциялык нускаларды кошпогондо;

6) акциялар, облигациялар жана башка баалуу кагаздар менен, төлөм карточкалар, ошондой эле акциз маркалары менен жүргүзүлгөн операциялар, буга баалуу кагаздардын сакталышын камсыз кылуу боюнча кызматтар; чарба жүргүзүүчү шериктешиктердин жана коомдордун капиталына катышуунун үлүштөрү менен жүргүзүлгөн операциялар кошулбайт;

7) инвестициялык фонддорду башкаруу;

8) клирингдик операциялар, анын ичинде төлөмдөрдү жыйноо, сорттоо жана төлөмдөрдү ырастоо, ошондой эле алар менен өз ара эсептешүүнү жүргүзүү жана клирингге катышуучулардын так позицияларын аныктоочу — банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган банктар жана уюмдар;

9) аккредитивдерди ачуу жана тейлөө.

3. Банктын заемчусунун карызын жоюунун эсебине алынган мүлктүн банк тарабынан аткарылган берими кредит боюнча карыздын суммасынын чектеринде КНСтен бошотулган болуп эсептелет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

244-берене. Камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

Камсыздандыруу, кош камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет. Брокерлердин жана агенттердин ушундай кызматтарын көрсөтүүгө байланыштуу кызматтар КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.

245-берене. Пенсиялык камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

Пенсиялык камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, пенсияны төлөөгө байланыштуу кызматтар жана пенсиялык фонддордун мүлкүн ишенимдүү башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, беримдери мүлктү ижарага берүүнү кошпогондо, КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

246-берене. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

1. Жүргүнчүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт менен ташуу, кеминде 6 орундуу жеңил транспорттук ташууларды кошпогондо, КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.

2. Жүргүнчүлөрдү, багаж жана жүктөрдү темир жол транспортунда эл аралык ташуу КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.

247-берене. Роуминг, тармактар аралык байланыш (интерконнект) кызмат көрсөтүүлөрү жана эл аралык транзиттик трафик боюнча байланыштык кызмат көрсөтүүлөр

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

248-берене. Мамлекеттик тилде окуу куралдарынын жана мектептик окуу-буюмдарынын, илимий басылмалардын беримдери

Мамлекеттик тилде китептерди, христоматияларды, илимий, адабий-көркөм китептерди, журналдарды, балдар үчүн басылмалардын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

249-берене. «Товарларды бажы аймагында кайра иштетүү» жана «Товарларды бажы контролдугунун астында кайра иштетүү» бажы режимдерине коюлган товарларды кайра иштетүү

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген жана «Товарларды бажы аймагында кайра иштетүү» жана «Товарларды бажы контролдугунун астында кайра иштетүү» бажы режимдериндеги товарларды кайра иштетүү боюнча кызматтар КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

250-берене. Менчиктештирүү

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жолу менен беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

251-берене. Кайрымдуулук уюмдарынын беримдери

Кыргыз Республикасынын меценаттык жана кайрымдуулук жөнүндө Мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максаттарында кайрымдуулук уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылган беримдер КНС бошотулган беримдер болуп саналат.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

252-берене. Коммерциялык эмес уюмдар ишке ашыруучу беримдер

Коммерциялык эмес уюмдардын беримдерин ишке ашырууга кеткен чыгымдан ашпаган акы үчүн ишке ашырылуучу беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет, эгерде:

1) балдарды же улгайган курактагы жарандарды социалдык колдоо же коргоо үчүн;

2) билим берүү, саламаттык сактоо, илим, маданият жана спорт тармактарындагы беримдер болсо.

253-берене. Акысыз негиздеги беримдер

Социалдык-маданий, туракжай-коммуналдык арналыштагы объекттерди, жолдорду, электр тармактарын, подстанцияларды, котельный жана жылуулук тармактарды, суу чыгаргыч курулмаларды, кен-шахта жабдууларын, жарандык коргонуу объекттерин көрсөтүлгөн объекттерди арналышы боюнча пайдалануучу жана эксплуатациялоочу адистешкен уюмдарга акысыз негиздеги беримдер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга наркы акысыз негизги каражаттардын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

Турак-жай обьекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды акысыз негизде мамлекеттик архитектуралык көзөмөлгө алуу органдары тарабынан бекитилген обьектти эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга өткөрүп берүү КНС бошотулган берим болуп саналат.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

254-берене. Мамлекеттик же муниципалдык уюмдар тарабынан зыйнаттык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн берими

Мамлекеттик же муниципалдык уюмдардын көмүүгө же сөөк коюуга байланыштуу калкка зыйнаттык товарлардын берими жана кызматтарды көрсөтүүсү КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

255-берене. Минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарынын, жаныбарлар үчүн вакциналардын жана дары каражаттарынын беримдери

Тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарынын, ошондой эле жаныбарлар үчүн вакциналардын жана дары каражаттарынын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

255-1-берене. Кыргыз Республикасынын ишканаларында өндүрүлүүчү айыл чарба техникасын берүүлөр

Ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган Тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын ишканаларында өндүрүлүүчү айыл чарба техникасын берүүлөр КНС төлөөдөн бошотулган берүүлөр болуп эсептелет.

(КР 2009-жылдын 10-январындагы N 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы N 573-б (Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылуучу Айыл чарба техникаларынын тизмесин бекитүү тууралу) буйругу

256-берене. Алтындын жана күмүштүн берими жана экспорту

Алтындын жана күмүштүн куймасынын, аффинирленген алтындын жана күмүштүн берими жана экспорттоосу КНСтен бошотулган берим болуп эсептелет.

(КР 2011-жылдын 30-июнундагы N 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

256-1-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке өнөктөш жана (же) долбоордук компания тарабынан жүзөгө ашырылуучу беримдер

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруу процессинде жеке өнөктөш жана (же) долбоордук компания тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда белгиленген мезгилдин ичинде КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.

(КР 2013-жылдын 15-ноябрындагы N 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

257-берене. Импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат:

1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү күбөлүктөрүнүн бланктары;

2) майыптар үчүн атайын товарлар;

3) окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар;

4) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен аныкталган бажылык режимдердин алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар;

5) сейсмикалык абалды өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык экспедициялардын илимий жабдуулары (геофизикалык, геодезиялык);

6) акциздик жыйымдын маркалары жана валюта нумизматтык максатта пайдалануудан башка;

7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн;

8) гуманитардык жардам, грант катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте;

9) эл аралык келишимдерге ылайык расмий пайдалануучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жеке пайдалануучу дипломатиялык агенттер үй-бүлөлөрү менен кошо;

10) балдардын тамак-ашы;

11) жаратылыш газы;

12) дары каражаттары;

13) айнек кайнатуучу мештерди жана конверттерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар.

2. Ушул берененин 1-бөлүктүн 2, 3, 10, 12 жана 13-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразия Экономикалык Шериктештигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (мындан ары ТНВЭД) ылайык аныктоочу тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат.

(КР 2011-жылдын 11-мартындагы N 5, 2011-жылдын 24-июнундагы N 56, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169, 2013-жылдын 16-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы N 508 «Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу Айнек кайнатуучу меш куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы N 31 «Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому;

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2013-жылдын 9-сентябрында N 502 «Кыргыз Республикасынын  бажы аймагына импорттоодо КНСти тµлµµдµн бошотулууга тийиш  болгон  конвертерди  (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана кайра конструкциялоо  үчүн адистештирилген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому

258-берене. Импорттолуучу асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана үрөндүк материалдарды, минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарын КНСтан бошотуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу асыл тукум айыл чарба жаныбарлары жана үрөндүк материалдар, минерал жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттары, ошондой эле жаныбарлар үчүн вакциналар жана дары каражаттары КНС төлөөдөн бошотулат.

2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн товарларды импорттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТНВЭДге ылайык бекитилүүчү тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат.

258-1-берене. Импорттолуучу куралдарды, аскер техникаларын, аскердик мүлктү, атайын техникаларды, атайын каражаттарды КНСтен бошотуу

1. Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылуу максатында иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен каржыланган мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу куралдар, аскердик техникалар, аскердик мүлк, атайын техникалар, атайын каражаттар КНС төлөөдөн бошотулат.

2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн товарды импорттоо ТЭИ ТН жараша, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

259-берене. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу негизги каражаттарды КНС төлөөдөн бошотуу

1. КНС төлөөчү катары катталган чарбакер субъекттер өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүүчү негизги каражаттар, КНС төлөөдөн бошотулат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, бошотуу товардык позицияда квалификацияланган ТНЭД 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8504, 8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 9018, 9022, 9027 негизги каражаттарына жайылтылат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, айыл чарбалык товар өндүрүүчү жана айыл чарбалык товардык-сервистик кооператив өзүнүн өндүрүштүк максаты үчүн жана товардык-сервистик кооперативдин мүчөлөрү үчүн импорттоочу жана/же чарбакер субъект финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча импорттоочу негизги каражаттар ал чарбакер субъект КНС төлөөчү катары катталган фактысына карабастан КНС төлөөдөн бошотулат.

4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негизги каражаттар шарттуу чыгаруу күнүнөн кийин 12 ай өткөндө обочолонтулган учурда андай обочолонтуу берим болуп эсептелет жана КНС салык органына төлөнөт.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негизги каражаттар шарттуу чыгаруу күнүнөн кийин 12 ай өткөнгө чейин обочолонтулган учурда андай обочолонтуу салык салынуучу импорт болуп эсептелет жана КНСтын шарттуу салынган суммасы жана туум бажы органына төлөнөт. Туумду бажы органы шарттуу чыгарылгандан кийинки күндөн тартып КНС төлөө боюнча милдет аткарылган күнгө чейин, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде белгиленген ставкалар боюнча эсептейт.

6. Ушул берененин максаттары үчүн негизги каражат — бул ишкердик жүргүзүүдө пайдаланууга арналган актив, өзүнүн наркын бара-бара аны менен түзүлүүчү товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө өткөрөт, аны пайдалануу же эксплуатациялоо мөөнөтү бир жылдан ашык болот жана бажылык наркы 200000 сомдон кем эмести түзөт.

7. Ушул берененин максаттарында негизги каражаттарды ажыратуу каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берим болуп саналбайт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

260-берене. Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо

Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

261-берене. Товарларды экспорттоо

Алтындын жана күмүштүн куймасын, аффинирленген алтынды жана күмүштү экспорттоону кошпогондо, товарларды экспорттоо КНСтин нөлдүк ставкадагы берим болуп эсептелет.

(КР 2011-жылдын 30-июнундагы N 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

262-берене. Эл аралык ташуулар

1. Жүргүнчүлөрдү, кол жүктү жана жүктү эл аралык ташуулар, темир жол транспорту менен ташуулардан башкасы, КНСтин нөлдүн ставкасы менен беримдер болуп эсептелет.

2. Эгерде ташуулар Кыргыз Республикасынын аймагынан башка мамлекеттин аймагына же башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына жүргүзүлгөн болсо ал эл аралык болуп эсептелет.

263-берене. Аба кемелеринин транзиттик рейстерин тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү жана эл аралык ташууга байланыштуу кызмат

1. Аба кемелеринин транзисттик рейстерин тейлөө боюнча, ошондой эле эл аралык ташууга байланыштуу кызмат көрсөтүү, темир жол транспорту менен эл аралык ташууга байланыштуу кызматтардан башкасы, нөлдүк ставкасы менен беримдер болуп саналат.

2. Ушул беренеде жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташууга байланыштуу кызматтар төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жүктөө, түшүрүү, кайра жүктөө, куюу-куюп чыгаруу боюнча;

2) экспедициялоо боюнча;

3) авиациялык күйүүчү майды куюп берүү жана/же куюп чыгаруу боюнча;

4) аэронавигациялык, метереорологиялык, жердеги-штурмандык, аэропорттук жана жердеги тейлөө боюнча;

5) техникалык тейлөө боюнча;

6) бортко тамактарды жана суусундуктарды берүү жана жеткирүү;

7) аба кемесин тазалоо боюнча;

8) эл аралык ташууларга жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташуу үчүн билеттерди сатуу жана брондоо боюнча.

263-1-берене. Айыл чарбасына жарактуу жерлерди сугаруунун, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуунун үстүндө иштеген насос станцияларын электр менен жабдууга байланышкан кызматтар

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди сугаруунун, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуунун үстүндө иштеген насос станцияларын электр менен жабдууга байланышкан кызматтар КНСтин нөлдүк ставкасы менен көрсөтүүлөр болуп саналат.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ N 17 Декретинин редакциясына ылайык)

39-глава
Салыктык база

264-берене. Салыктык база

1. Салык салынуучу беримдер боюнча КНС үчүн салыктык база болуп ушул Кодекстин 265-беренесине ылайык аныкталуучу беримдердин салык салынуучу наркы саналат.

2. Салык салынуучу импорт боюнча КНСти эсептөө үчүн салыктык база ушул Кодекстин 267-беренесине ылайык аныкталуучу импорттун салык салынуучу наркы болуп саналат.

265-берене. Беримдердин салык салынуучу наркы

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, бардык субъектилер ушундай беримдерге карата КНСти жана сатуудан алынуучу салыктын жалпы суммасын чыгарып салгандан тышкары төлөөчү же төлөөгө тийиш болгон жалпы сумма беримдин салык салынуучу наркы болот.

2. Акы төлөө натуралай түрдө жүргүзүлгөн учурларда, салык салынуучу нарк деп КНС жана сатуудан алынуучу салык чыгарылып салынган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы эсептелет.

3. Салык салынуучу нарк ушул Кодекстин 120-беренесинде каралгандан башка учурларда эсептик нарктан төмөн болушу мүмкүн эмес. Товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери мамлекеттик жөнгө салынуучу баалар боюнча ишке ашырылган учурларга карата колдонулбайт.

4. Эгер товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр рыноктук баадан төмөн баа боюнча берилсе, анда салык салынуучу беримдердин наркы ушул Кодекстин 119, 120-беренелерине ылайык аныкталат.

5. Беримдердин салык салынуучу наркы төмөнкүлөрдү да камтыйт:

1) КНС жана сатуудан алынуучу салык чыгарылып салынган беримдерге байланыштуу салыктардын суммасын;

2) салык төлөөчүнүн айрым керектөөчүлөргө товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда мамлекеттик жөнгө салынуучу бааларды колдонушуна же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү жеңилдиктерди колдонушуна байланыштуу бюджет тарабынан берилген субсидиялардын суммасын.

6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү мамлекеттик алымдар беримдин салык салынуучу наркына киргизилбейт.

7. Бул бөлүмдө эсептик нарк деп:

1) товардык-материалдык запастар боюнча — сатып алууга жана өндүрүүгө кеткен чыгымдар;

2) негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер боюнча сатып алууга жана өндүрүүгө кеткен чыгымдар түшүнүлөт.

8. Эгерде салык салынуучу субъектиге анын экономикалык иш жүргүзүшү максатында берилген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр ушул субъектинин кызматкерине же башка субъектилерге акысыз берилсе, мындай беримдин салык салынуучу наркы товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы болуп эсептелет.

9. (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

266-берене. Салык салынуучу беримдин жана эсепке алынууга жаткан КНСтин өлчөмүн такташтыруу

1. Жөнөтүлгөн товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы өзгөргөн учурда салык салынуучу беримдин өлчөмү да тиешелүү түрдө такташтырылат.

2. Салык салынуучу беримдин өлчөмүн такташтыруу төмөндөгү учурларда ишке ашырылат:

1) товар толук же жарым-жартылай кайтарылганда;

2) баа өзгөргөндө;

3) аткарылган жумуштардан жана (же) кызматтардан баш тартылган учурда;

4) берилген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акы кайтарылган учурда.

Салык салынуучу беримдин, анын ичинде КНСти такташтыруу ушул пунктта көрсөтүлгөн учурлар болгон салык мезгилинде ишке ашырылат.

3. Эгерде берилген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акынын баары же бир бөлүгү кайтарылгыс карыз болуп эсептелсе, анда салык салынуучу субъект эсепке алууга тийиш болгон КНСтин суммасын талап кылууга укуктуу болот, бирок ал кайтарылгыс карыздын келип чыгышына байланыштуу беримдер боюнча КНС чегерилген күндөн тартып салык мезгили аяктаганга чейинки 12 айдан мурда жүргүзүлбөйт.

(Экинчи абзац КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. КНС төлөөчү ага ушул берененин 3-бөлүгү менен берилген укуктарды пайдалангандан кийин берилген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы алынган учурда салык салынуучу беримдин наркы ошол акы алынган салыктык мезгилде төлөнгөн акынын наркына жогорулатылууга тийиш.

5. Эгерде салык салынуучу субъектинин сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча милдеттенмеси шектүү деп табылса, ушул милдеттенмеге киргизилген КНСтин суммасы жагдай шектүү деп табылган салык мезгилинде эсепке алуудан чыгарылып салынууга тийиш.

Эгерде шектүү жагдай толугу менен же жарым-жартылай төлөнсө, анда милдеттенменин төлөнгөн бөлүгүнө таандык болгон сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы акы төлөө жүргүзүлгөн салык мезгилинде эсепке алынууга тийиш.

(Үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Алынган, мурда кириштелген материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасын такташтыруу төмөнкүдөй ишке ашырылат:

1) алынган материалдык ресурстарды бошотулган беримдерди ишке ашыруу үчүн пайдаланганда;

2) алынган материалдык ресурстарды салык салынуучу беримдерди түзүү үчүн эмес пайдаланганда;

3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамы өзгөрүп, ага ылайык салык салынуучу беримдер бошотулган беримдердин статусун алган учурда;

4) материалдык ресурстар жарактуулук, пайдалануу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу эсептен чыгарылганда;

5) ал жеткис күчтүн таасири болгондон башка учурларда, материалдык ресурстар бузулган жана жоголгон учурларда.

7. Алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасын такташтыруу ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурлар болгон салыктык мезгилде ишке ашырылат.

8. Алынган материалдык ресурстардын наркы ушул беренеде көрсөтүлгөн учурларда өзгөргөн учурда, алынган материалдык ресурстар үчүн КНС тийиштүү түрдө такташтырылат. Такташтыруунун оуммасы кириштелүүгө тийиш же ушул бөлүктө көрсөтүлгөн учурлар болгон салык мезгилинде эсептен чыгарылат.

9. Салык салынуучу беримдердин наркы жана ушул бөлүмгө ылайык жараксыз жана жоголду деп эсептелген КНСтин эсептик-фактуралары боюнча алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтан суммасы такташтырылбайт. Бул норма андай такташтыруу КНС боюнча салыктык милдеттенме көбөйүү жагына жүргүзүлгөн учурларга карата колдонулбайт.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

267-берене. Товарларды импорттоонун салык салынуучу наркы

Импорттолуучу товарлардын салык салынуучу наркы болуп алардын бажылык наркынын, бажылык алымдардын жана ушул товарларды алып келүүдө төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын КНСтан тышкаркы суммасы саналат.

40-глава
Салыктык мезгил. КНСти эсептөөнүн, төлөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби

268-берене. Салыктык мезгил

Салык салынуучу беримдер боюнча КНСти эсептөөдө салыктык мезгил болуп бир календарлык ай эсептелет.

269-берене. КНСти эсептөөнүн тартиби

1. КНС ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте эсептелет.

2. Салык салынуучу беримдер боюнча бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон КНСтин суммасы салыктык мезгилде салык салынуучу субъект тарабынан бардык салык салынуучу беримдер боюнча чегерилген КНСтин суммасы менен ошол эле салыктык мезгилде эсепке алынууга тийиш болгон сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

270-берене. КНСти кириштөөнүн тартиби

1. Бюджетке КНС төлөөдө, эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, салык салынуучу субъектиге салык салынуучу беримдерди түзүүгө арналган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНСтин суммасын кириштөө укугу берилет. Эгерде салык салынуучу субъект сатып алынган материалдык ресурстардын айрым бөлүгүн салык салынуучу беримдерди түзүүгө, айрым бөлүгүн бошотулган беримдерди жана салык салынбоочу беримдерге пайдаланса, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы эске алынат, ал салык салынуучу беримдерди түзүүдө аларды пайдалануунун салыштырма салмагына жараша аныкталат.

2. Бул бөлүмдүн максаты үчүн сатып алынган материалдык ресурстар болуп салык салынуучу субъект беримдерди ишке ашыруу максатында алчу же импорттоочу негизги каражаттар, товарлар, анын ичинде сырье, материалдар, отун, комплектилик буюмдар, ошондой эле аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар эсептелет.

3. Ушул берененин 1-пунктунда каралган кириштөө укугу төмөнкүдөй шарттарда пайда болот:

1) салык салынуучу субъектиге:

а) товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр иш жүзүндө КНС төлөөчү салык салынуучу субъект тарабынан берилсе; жана

б) ушул бөлүмгө ылайык белгиленген үлгүдөгү КНСтин эсептик-фактурасы ошол эсеп-фактураны жазып берген салык салынуучу субъектке салык органы тарабынан жазып берилсе, жана/же;

в) кассалык чек жана/же товардык чек жазып берилип, аларда: салык салынуучу субъект-берүүчүнүн аталышы жана индентификациялык салыктык номери; товарлардын аталышы, саны жана наркы ушул Кодекстин 282-беренесинин 3-пунктунда каралган учурларда КНСтин суммасын бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.

2) товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына салык салынуучу субъект алып келсе жана аларга КНС төлөнсө.

4. Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС табигый азаюулардын (жоготуулар ченемдери) нормаларынын чектеринде салык салынуучу беримдерге карата кириш кылынууга жатат.

Табигый азаюулардын (жоготуулар ченемдери) тармактык нормалары жана айрым субъекттерге карата табигый азаюулардын нормалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы N 293 «Бишкекжылуулук тармагы» ачык акционердик коому үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого жоготуулардын ченемдерин бекитүү жөнүндө» токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы N 361 «Жаратылыш газынын жоголуу ченемдерин бекитүү жөнүндө » токтому

5. Курулуш-монтаждоо жумуштарын жүргүзүүчү салык салынуучу субъект сатып алынган, салык салынуучу беримдерди түзүү үчүн пайдаланылуучу материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн КНСтин суммасын кириштөө укугуна ээ.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

271-берене. Кириштелүүгө жатпаган сатып алынуучу материалдык ресурстардан алынуучу КНС

1. Салык салынуучу беримдерди түзүү үчүн эмес сатып алынган материалдык ресурстарга карата сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт.

2. Бош убакытты өткөрүү, оюн-зоокту уюштуруу максатында сатып алынган, салык салынуучу субъект тарабынан оюн-зоок жана бош убакытты өткөрүү чөйрөсүндөгү ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн сатылып алынгандардан башка материалдык ресурстарга карата КНСти эсепке алуу жүргүзүлбөйт.

3. Эгерде мындай КНС ушул Кодекстин жоболорун бузуу менен эсепке алынса, сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт.

4. Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС материалдык ресурстардын табигый чыгымдын (коромжу нормативдеринин) чегинен ашыгы эсепке алынууга тийиш эмес.

5. Ушул бөлүмгө ылайык жараксыз жана жоголду деп эсептелген КНСтин эсептик-фактуралары боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбоого тийиш.

6. КНСтин эсеп-фактурасында белгиленген формада каралган бардык реквизиттери толтурулбаган КНСтин эсеп-фактуралары боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбоого тийиш.

7. Эсепке алынбоочу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС ушул берененин 3 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөн башка учурларда материалдык ресурстардын эсептик наркына киргизилет.

272-берене. Сатып алынуучу материалдык ресурстардан алынуучу КНСти бөлүштүрүүнүн тартиби

1. Салык салынуучу субъект салык салынуучу жана бошотулган беримдерди ишке ашырганда салыктык мезгилдин ичиндеги бошотулган беримдердин наркы беримдин бүткүл наркынын 5 пайызынан ашпаса, анда сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн КНСтин суммасы толугу менен эсепке алынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралгандан башка учурларда сатып алынган материалдык ресурстар үчүн эсепке алынууга тийиш болгон КНС төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

1) салык салынуучу беримдерди түзүү үчүн пайдаланылган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы эсепке алынууга тийиш;

2) бошотулган беримдерди түзүү үчүн пайдаланылган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы эсепке алынбоого тийиш;

3) КНСтин калган бөлүштүрүлбөгөн бөлүгү төмөнкүдөй өлчөмдө эсепке алынууга тийиш:

бөлүштүрүлбөгөн КНСтин суммасы

А

х —— эсепке алынууга тийиш болгон суммага = (барабар)

А + Б

мында:

А — салык салынуучу беримдердин жалпы наркы;

Б — салыктык мезгилде жүзөгө ашырылган бошотулган беримдердин жалпы наркы.

3. Кийин салык салынуучу беримдерди жүргүзүү үчүн пайдаланылбоочу материалдык ресурстарды алууда, ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык эсепке алууга кабыл алынган КНС, ал материалдык ресурстар бошотулган беримдерди жана (же) КНС салуунун объектиси болбогон беримдерди түзүү үчүн пайдаланылган мезгилде такташтырылат.

273-берене. Лотереялык иш-аракет боюнча КНСти эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү

1. Лотереялык иш-аракет боюнча салыктык база болуп лотереялык белеттерди сатуудан түшкөн акча менен сыйлык фондунан төлөнгөн суммасынын, ошондой эле ал базадан эсептелген КНСтин суммасынын ортосундагы айырма эсептелет.

2. Сыйлык фондун түзүүгө арналган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн КНС эсепке алынбайт.

274-берене. Салыктык отчет берүүнүн жана КНСти төлөөнүн мөөнөтү

1. Эгерде, ушул беренеде башкача каралбаса, КНС төлөөчү КНС боюнча салыктык отчетту салык кызматы органдарына салыктык отчет мезгилинен кийинки айдын 25инен кийинки күндөн кечиктирбестен белгиленген форма боюнча берет.

2. КНС салыктык мезгилден кийинки айдын 25инен кийинки күндөн кечиктирилбестен төлөнөт.

3. Товарларды импорттогондук үчүн КНС, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

275-берене. Салыктык отчетко өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн өзгөчөлүктөрү

1. Ушул бөлүмгө ылайык жараксыз жана жоголгон деп таанылган КНС эсеп-фактураларына негизденген фактылар боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор салык төлөөчү тарабынан КНС боюнча отчеттуулукка киргизүүгө жатпайт.

2. Бул берененин 1-бөлүгүнүн нормасы өзгөртүүлөр жана толуктоолор КНС боюнча салыктык милдеттенмени көбөйтүү жагына ишке ашырылган учурларга карата колдонулбайт.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

276-берене. Айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъект тарабынан КНС төлөөнүн тартиби

1. Эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, айыл чарба продукциясын өнөр жайлык иштетүүчү субъект КНСти Кодекстин ушул беренесине ылайык төлөйт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык салынуучу субъектке айыл чарба продукциясын, товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылуучу айыл чарба продукциясынан башкаларын өнөр жайлык кайра иштеткен субъект кирет.

3. Бул бөлүмдүн максаты үчүн, өнөр жайлык кайра иштетүү деген, кайра иштетүү процессин билдирет, анын учурунда товар сырье катары пайдаланылгандан товарлардан ТНВЭД кодунун товарларынын биринчи төрт белгинин кайсынысынын болсо да деңгээлинде айырмалуу код алат.

4. Айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүгө төмөнкүлөр кирбейт:

1) айыл чарба продукциясын сатууга жана ташууга даярдоо (партияларга бөлүү, жөнөтүүлөрдү түзүү, сорттоо, таңгактоо), упаковкасын ачуу жана куроо боюнча операциялар;

2) айыл чарба продукциясын (компоненттерин) баштапкы товардан орчундуу айырмаланууга алып келбегендей аралаштыруу;

3) жаныбарларды союу, этти жиликтөө (сорттоо) жана андан аркы иштетүү;

4) дандарды жана күрүчтү күйшөө, жартылай же толук актоо, жылмалоо;

5) жемиштердин, мөмөлөрдүн, жашылчалардын (жаңгактардын) кабыгын аарчуу, мөмөсүн ажыратуу жана бөлүштүрүү;

6) ээлөө же калбырлоо, сорттоо, классификациялоо, ылгоо, иргөө (анын ичинде айыл чарба продукциясынын тобун түзүү);

7) куюштуруу, банкаларга, флакондорго, каптарга, жашиктерге, кутуларга жана башкаларга салыштыруу боюнча операциялар;

8) айыл чарба продукциясын баштапкы товардан орчундуу айырмаланууга алып келбөөчү компоненттерге бөлүштүрүү;

9) жогоруда айтылган операциялардын эки же андан көбүнүн айкашуусу;

10) ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык, ТНВЭД коддорунун өзгөрүшүнө алып келбөөчү башка операциялар.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн салык салынуучу субъект бюджетке төлөөгө тийиш болгон жана ушул Кодекстин 269-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эсептелген КНС суммасы 35 пайызга азайтылат.

6. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жана башка салык салынуучу беримдерди ишке ашыруучу салык салынуучу субъекттин кириштөө укугу ал сатып алынган материалдык ресурстарды да, салык салынуучу беримдерди да ушул берененин максаты үчүн өз-өзүнчө эсептегенде гана пайда болот.

7. Ушул беренеге ылайык салык салынуучу беримдерди жана башка салык салынуучу жана/же бошотулган беримдерди түзүү үчүн пайдаланылуучу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасынын бөлүштүрүлбөгөн суммасы ушул Кодекстин 272-беренесинде белгиленген тартипке ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш.

277-берене. Жөнөкөй шериктештик келишимине ылайык беримдерди ишке ашырууда КНС төлөө тартиби

1. Жөнөкөй шериктештик келишимине ылайык эсеп жүргүзүү милдети тапшырылган салык салынуучу субъект КНСти эсептөөнү жана төлөөнү ушул бөлүмдө белгиленген тартипке ылайык ишке ашырат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, салык салынуучу башка беримдерди ишке ашыруучу салык салынуучу субъекттен сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСти кириштөө укугу ал жөнөкөй шериктештик келишиминин максаты үчүн сатып алынган материалдык ресурстарды да, салык салынуучу беримдерди да өз-өзүнчө эсептегенде гана пайда болот.

278-берене. Сатып алынуучу материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасынын салык салынуучу беримдер боюнча КНСтин суммасынан ашып кетүүсүнүн ордун толтуруу тартиби

Ушул кодекстин 279-беренесинде каралгандан башка учурларда сатып алынган материалдык ресурстар боюнча салык салынуучу субъект төлөгөн КНСтин суммасынын тийиштүү салыктык мезгилде кириштелүүгө тийиш болгон суммасы ошол мезгилдеги салык салынуучу беримдердин суммасынан ашканы анын КНС боюнча туумдарын жана салыктык санкцияларын, кийинки мезгилдеги КНСти товарлардын импортундагы КНС боюнча карыз менен кошо төлөө үчүн гана пайдаланылат.

279-берене. Сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасынын нөлдүк ставкалар боюнча салык салынуучу беримдер боюнча КНСтин суммасынан ашып кетүүсүнүн ордун толтуруу жана кайра берүү

1. Эгер салык салынуучу субъект беримдерди нөлдүк ставка менен ишке ашырса жана ал беримдердин наркы удаалаш 6 календарлык ай бою ошол мезгилдеги беримдердин салык салынуучу жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан кем эмесин түзсө, жана сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин кириштелүүгө тийиш болгон суммасы салык салынуучу беримдер боюнча КНСтин жалпы суммасынан ашса, андай субъект андан ашкан сумманы кайра өндүрүп алууга укуктуу.

2. Бул берененин максаты үчүн салык салынуучу субъектке КНСтин ашкан суммасынын ордун толтуруу жана кайра берүү төмөнкүдөй тартипте гана ишке ашырылат:

1) КНС боюнча анын туумдарын жана айыптык санкциялары, кийинки салыктык мезгилдеги КНСти төлөөнүн эсебине;

2) анын салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздарын төлөөнүн эсебине;

3) анын товарларды импорттогондук үчүн КНС боюнча карызын төлөөнүн эсебине;

4) КНСтин ашык суммасын анын банктык эсебине кайра которууга.

3. КНСтин ашык суммасы нөлдүк ставка боюнча беримдерди ишке ашыруучу салык салынуучу субъекттин банктык эсебине салыктардын, анын ичинде товарларды импорттоого КНС боюнча милдеттенме боюнча салыктык береселери жок болсо гана кайра которулат.

4. Мөөнөттү кийинкиге жылдыруу, салыкты бөлүп-бөлүп төлөө берилген учурда кайра которуу жүргүзүлбөйт.

5. КНСтин ашык суммасынын ордун толтуруу жана берүү, ошондой эле дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөргө КНСти кайтарып берүү ушул Кодекстин 278, 279 жана 281-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

280-берене. КНСтин ашып кетүүсүнүн суммасынын ордун толтуруунун жана кайра берүүнүн тартиби

1. Салык салынуучу субъекттен ушул Кодекстин 278-беренесинде жана 279-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн КНСтин ашык суммасын пайдалануу жөнүндө арыз болбогону аны КНС боюнча туумду жана салыктык санкцияларды, кийинки салык мезгилиндеги КНСти төлөөнүн эсебине чегерүү катары каралат.

2. КНСтин ашып кетүүсүнүн суммасынын ордун толтуруу жана кайра берүү салык органы салык салынуучу субъект берген КНСтин ордун толтуруу, кайра берүү жөнүндө арызды кабыл алган жана алар тарабынан документтердин копиялары берилген күндөн кийинки күндөн тартып 60 календарлык күндүн ичинде ишке ашырылат, алар:

1) салыктык мезгилдеги КНС боюнча салыктык отчет;

2) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин келишими же контракт;

3) КНСтин эсептик-фактурасы;

4) товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документи;

5) Кыргыз Республикасынын аймагында салык салынуучу беримдер үчүн, төлөнгөнүн ырастоочу факт жок болсо — КНСтин ашык суммасы бар салык салынуучу субъект менен төмөнкүлөрдүн өз ара эсептешүүсүнүн салыштыруу актысы, алар:

а) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү;

6) товарды, жумушту, кызмат көрсөтүүнү сатып алуучу;

б) товар экспорттолгон учурда:

а) товарды экспорттоого жүктүк бажы декларациясы;

б) арналган өлкөнүн жүктүк бажы декларациясы же арналган өлкөгө импорттолгонун ырастоочу, эл аралык темир жолдук жүк ташууда жол-жоболоштуруучу накладной, тиркарнет, эл аралык товардык-транспорттук накладной, накладной сыяктуу башка документ;

в) товарга акы төлөнгөнүн жана келишимге же контрактка ылайык КНСтин суммасын ырастоочу төлөм документи;

7) эгер мурунку текшерүүдө ошол мезгил камтылган болсо, жерине чыгып текшерүүнүн отчету, ал ордун толтурууга же кайра берүүгө арыз берилген мезгилди камтыйт.

3. КНСтин ашык суммасынын ордун толтуруу же кайра берүү жөнүндө чечим салык төлөөчү КНСтин ашык суммасынын пайда болуусунун негиздүүлүгү маселеси боюнча тапшырган документтерди милдеттүү түрдө текшерүүнүн негизинде төмөндөгүлөр тарабынан кабыл алынат:

1) ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функциялык подразделениелери тарабынан:

а) айына 300000 сомго чейинки суммалар боюнча салыктын ар бир түрү боюнча өзүнчө;

б) тизмеге киргизилген салык салынуучу субъекттер боюнча, ордун толтуруунун же кайра берүүнүн суммасына карабастан;

2) КНСтин ордун толтуруу же кайра берүү боюнча комиссия тарабынан — 300000 сомдон ашык суммалар боюнча, тизмеге киргизилген салык салынуучу субъекттер койгон суммалардан башкасына.

4. Бул берененин максаты үчүн тизме деп — өндүрүштүк циклде экспортко арналган продукция (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү үчүн жабдуу, сырье, материалдарды жана комплектилик буюмдарды пайдалануучу, ошондой эле «жашыруун» деген гриф менен аскердик-техникалык арналыштагы продукция чыгаруучу салык салынуучу субъекттердин тизмеси эсептелет.

Тизмеге киргизилген салык салынуучу субъекттер үчүн КНСтин ордун толтуруунун жана кайра берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан аныкталуучу тартиби белгиленет.

5. КНСтин ордун толтуруу жана кайра берүү боюнча комиссиянын курамы, анын иш регламенти, салык салынуучу субъекттердин курамы жана аларды тизмеге киргизүү үчүн тандоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча бекитилет.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 703-б (КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын иш регламентин бекитүү тууралу) буйругу

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июнундагы УӨ N 494 (КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын курамы тууралу) буйругу

6. КНСтин ордун толтуруу жана кайра берүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуу менен жасалгандык фактысы аныкталган учурда мурда кабыл алынган чечим жокко чыгарылат, ал эми орду толтурулган жана кайра берилген сумма туум, пайыз жана салыктык санкцияларды салуу менен кайра ордуна коюлууга тийиш.

7. Салык төлөөчүнүн КНСтин ашык суммасынын пайда болуу маселесинин негиздүүлүгү боюнча документтерин текшерүү процессинде салык кызматынын органы ушул Кодекстин талаптарына ылайык салык салынуучу субъекттин айрым операцияларына пландан тышкаркы жана утурлама текшерүү жүргүзүүнү дайындоого укуктуу.

Ушул бөлүмдө каралган КНСтин ашык суммасын текшерүүнүн, ордун толтуруунун жана кайра берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 735 токтому менен бекитилген)

281-берене. Дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөргө КНСти кайра берүү

1. Чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдардын расмий түрдө пайдаланышы үчүн, ошондой эле алардын кызматкерлери алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү жеке пайдаланышы үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери КНС салынууга жатат, КНС төмөнкүдөй учурларда кийин сатып алуучуга кайтарылып берүү менен даттанууга жатат:

1) эгерде тиешелүү чет мамлекеттин мыйзамдарында ушул сыяктуу тартип Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрүнө карата, ошондой эле ушул өкүлчүлүктөрдүн дипломатиялык жана администрациялык-техникалык кызматкерлерине, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө ушундай тартип же бошотуулар белгиленсе, же

2) эгерде ушул сыяктуу тартип же бошотуу Кыргыз Республикасы катышып, күчүнө кирген эл аралык келишимде каралса.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган КНСти кайтаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Караңыз:

Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо алардын кызматкерлерине кошумча нарк салыгын кайтарын берүү тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 735 токтому менен бекитилген)

282-берене. КНСтин эсеп-фактурасы жана документтер

1. Эсеп-фактура катуу отчеттуулуктагы бланк болот, салык органдары тарабынан берилет жана сатып алынган материалдык ресурстар үчүн ушул бөлүмдө каралган тартипте КНСтин билдирилген суммаларын эсепке алуу үчүн негиз болуп кызмат кылат.

2. Салык салынуучу беримди жүзөгө ашырган салык салынуучу субъект алуучуга ушул берим үчүн КНСтин эсеп-фактурасын КНСтин эсеп-фактурасынын белгиленген формасында каралган бардык реквизиттерин толтуруу менен берүүгө милдеттүү.

3. Эсеп-фактураларды жол-жоболоштуруу милдеттүү болуп саналбайт жана сатып алуучунун талабы боюнча төмөнкүдөй учурларда берилет:

1) төмөндөгү шарттарды сактоо менен чекене соода пункттарынан накталай эсептешүү аркылуу соода жүргүзүүдө:

а) катталган субъектинин сатуучу ар бир пунктунда накталай акча алуу учурунда жана төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда соода операциялары боюнча бардык маалыматтарды киргизүү үчүн жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн, ал эми күндүн акырында касса боюнча отчет түзүү үчүн кассалык аппараты, кассалык китеби болууга тийиш;

б) ар бир айдын аягында жүзөгө ашырылган беримдерден алынуучу КНС боюнча маалыматтар тиешелүү эсеп китебине түшүрүлөт;

2) катуу отчеттуулуктагы бланктардын негизинде накталай акчага жумуштарды аткарууда жана калкка кызмат көрсөтүүдө, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында катуу отчеттуулуктагы бланктарды колдонуу боюнча талаптар аткарылган шартта;

3) жүргүнчүлөрдү ташууну жол жүрүү белеттери менен жол-жоболоштурууда.

4. Салык салынуучу субъект чекене сатуу пункттарынан накталай акчага сатканда, ошондой эле ушул берененин үчүнчү бөлүгүнө ылайык жумуштарды аткарганда жана кызматтар көрсөткөндө КНСтин эсеп-фактурасы айдын аягында бир жолу толтурулат.

5. Экспорттук товарларга КНС боюнча эсеп-фактура төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) эсеп-фактура экспортко таандык экендиги жөнүндө жазуу;

2) экспорт дайындалган пункт.

6. Салык салынуучу беримдин өлчөмүн такташтырууда КНСтин кошумча эсеп-фактурасы жол-жоболоштурулуп, анда төмөнкүлөр милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш:

1) кошумча КНСтин эсеп-фактурасы жол-жоболоштурулганда, ага мурдагы КНСтин эсеп-фактурасынын сериясы жана номери, ошондой эле түзүлгөн күнү көрсөтүлөт;

2) товардын, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн аталышы, алар боюнча беримдердин өлчөмү такташтырылат;

3) КНСтин эсеп-фактурасынын бланкында каралган сандык жана нарктык көрсөткүчтөрдү такташтыруунун өлчөмү, беримдин өлчөмүн такташтыруунун себебине жараша.

7. Салык салынуучу субъект берилүүчү товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, ошондой эле сатып алынчу материалдык ресурстардын салык салынуучу бүткүл көлөмүнүн эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.

8. КНСтин эсеп-фактурасы жоголгон учурда салык салынуучу субъект КНСтин бул эсеп-фактурасы жоголгон күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен расмий басма сөз каражаттарында жоготкондук жөнүндө тийиштүү маалыматты жарыялоого жана жоголгондугу жөнүндө тиешелүү маалыматты катталган жери боюнча аймактык салык органына берүүгө милдеттүү.

9. КНСтин эсеп-фактурасынын бузулган бланкы бардык нускаларындагы «бузулган» деген жазуу менен жана салык салынуучу субъекттин ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ырастамасы менен КНС боюнча салыктык отчет менен кошо салыктык катталган жери боюнча салык органына тапшырылат.

10. КНСтин эсеп-фактурасы расмий басма сөз каражаттарында тийиштүү маалымат жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөндөгүлөрдү белгилейт:

1) КНСтин эсеп-фактурасынын формасын, аны берүүнүн, түзүүнүн, колдонуунун, эсебин жүргүзүүнүн, сактоонун жана жараксыз деп эсептөөнүн тартибин;

2) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн бериминин (берим китеби), ошондой эле сатып алынган материалдык ресурстардын (сатып алуу китеби) эсеби боюнча документтерге карата талаптарды.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2010-жылдын 12-мартындагы N 48 Мыйзамдарынын, КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ N 17 Декретинин, КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги N 177 «Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө» токтому

X БӨЛҮМ
АКЦИЗ САЛЫГЫ

41-глава
Жалпы жоболор

283-берене. Акциз салыгын төлөөчүлөр

1. Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик товарларды, анын ичинде аларды иштетип берүүчү негиздерде өндүргөн жана (же) акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттогон субъект эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, акциз салыгын (бул бөлүмдө мындан ары — акциз) төлөөчүлөр болушат.

2. (КР 2011-жылдын 30-июнундагы N 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер иштетип берүүчү негизде акциздик товарларды чыгаруу бөлүгүндө акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурда, иштетип берүүчү сырьенун ээси акциз салыгынын салык төлөөчүсү болуп саналат.

(КР 2011-жылдын 30-июнундагы N 64, 2012-жылдын 26-декабрындагы N 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

284-берене. Салык салуу объектиси

Акциз салыгын салуунун объектиси төмөнкүлөр болот:

1) ушул Кодекстин 285-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-4, 6-пункттарында каралган акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү жана/же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо;

2) (КР 2011-жылдын 30-июнундагы N 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2011-жылдын 30-июнундагы N 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

285-берене. Акциздик товарлардын тизмеси

1. Акцизделчү товарлар төмөндөгүлөр болот:

1) ТНВЭДдин 2207 товардык позициясында классификацияланган, этиль спиртинин концентрациясы 80 пайыз же андан ашык денатураланбаган этиль спирт жана башка ар кандай концентрациядагы денатураланган спирт тундурмалары;

2) угуттуу пиво, накта жүзүм шараптар, анын ичинде кордолгондор; 2009 позицияда көрсөтүлгөндөн башка жүзүм сусло, вермуттар жана өсүмдүк же башка жыттуу заттар кошулган накта жүзүм шараптар, ачытылган башка ичимдиктер (мисалы, сидр, перри, же алмурут сидри, бал ичимдик); ачытылган ичимдиктердин аралашмалары жана ачытылган ичимдиктер менен алкоголсуз ичимдиктердин, алкоголу аз ичимдиктердин башка жерде аталбаган же киргизилбеген аралашмалары, спирттин чогулгандагы концентрациясы көлөмдүк 80% кем эмес денатураланбаган этил спирт; спирт тундурмалары, ликерлор жана ТНВЭД 2203, 2204, 2205, 2206, 2208 товардык позицияларында классификацияланган башка спирттүү ичимдиктер;

3) ТНВЭДдин 2402 товардык позициясында классификацияланган сигаралар, учтары кесилген сигаралар, сигариллалар (ичке сигаралар) жана тамекиден же аны алмаштыруучудан жасалган сигареттер сыяктуу тамеки буюмдар;

4) ТНВЭДдин 2403 товардык позициясында классификацияланган өнөр жайда жасалган тамеки жана тамекинин өнөр жайлык алмаштыруучулары сыяктуу тамекини камтыган башка буюмдар; «гомогендештирилген» же «калыбына келтирилген» тамеки; тамеки экстракттары жана эссенциялары;

5) (КР 2011-жылдын 30-июнундагы N 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) чийки нефть жана битумдуу породалардан алынган чийки нефти продуктулар, чийки эмес нефти жана битумдуу породалардан алынган, чийки эмес нефти продуктулар; массасынын 70%инен ашык нефти же нефти продуктулуу, башка жерде аталбаган же киргизилбеген, битумдуу породалардан алынган продуктулар, бул нефти продуктулар продуктулардын негизги түзүүчүлөрү болушат; ТНВЭДдин 2709, 2710 товардык позицияларында классификацияланган иштетилген нефти продуктулар.

2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн товарлар акциздик жыйым маркалары менен белгилениши мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 30-майындагы N 33, 2011-жылдын 30-июнундагы N 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

286-берене. Салыктык база

1. Акциздер боюнча салыктык база:

1) акциздик товарлардын физикалык көлөмү; жана/же

2) акциздик товардын КНС, сатуу салыгы жана акциздик салыгы кошулбаган сатылуучу баасы; жана/же

3) акциздик товардын Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык аныкталчу бажылык наркы; жана/же

4) товардын КНС, сатуу салыгы жана акциздик салыгы кошулбаган рыноктук баасы — товар өндүрүүчү тарабынан акциздик товар накталай төлөм, белек катары берилгенде, күрөөгө коюлган товарлар күрөө кармоочунун менчигине өткөрүлгөндө же алмашуу операциясында, ошондой эле акысыз негизде берилгенде.

2. Ушул берененин нормалары товарлар өздүк же берилген сырьедон өндүрүлгөнүнө карабастан колдонулат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

286-1-берене. Чогуу белгиленген салык ставкасына карата тамеки буюмдарынын эсептик наркын аныктоо тартиби

Көңүл буруңуздар!

286-1-берене КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 165 Мыйзамына ылайык 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот.

1. Тамеки буюмдарынын керектелүүчү таңгакчасынын (кутучасынын) бирдигине көрсөтүлгөн жана отчеттук салык мезгилинин ичинде сатылган (өткөрүлүп берилген) же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген тамеки буюмдарынын керектелүүчү таңгакчасынын (кутучасынын) бирдигинин санына жүргүзгөн МЧБ эсептик нарк деп таанылат.

2. Салык төлөөчү учетко турган орду боюнча (бажы органдары акциздик товарларды жүйөөлөштүргөн орду боюнча) МЧБ көрсөтүлгөн билдирмеге киргизилгенден баштап тамеки буюмдарынын ар бир маркасы (ар биринин аталышы) боюнча календардык айдын башталышына чейин 10 календардык күндөн кеч эмес убакытта МЧБ жөнүндө билдирмени (мындан ары — билдирме) салык органдарына берүү керек.

3. Билдирмеге кабарланган МЧБ билдирменин жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде чыгарылган тамеки буюмдарынын керектелүүчү таңгакчасынын (кутучасынын) бирдигинин ар бирине киргизилүүгө жатат. МЧБ киргизилген билдирменин жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде, билдирмеде көрсөтүлгөн МЧБдан айырмаланган бир маркадагы (бир аталыштагы) тамеки буюмдарын өндүрүүгө жол берилбейт.

(КР 2011-жылдын 22-июлундагы N 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

287-берене. Акциздин базалык ставкалары

Акциздин базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

Акциздик товарлар

ТНВЭД коду

Ченөө бирдиги (салыктык база)

Салыктын базалык ставкалары

Денатураланбаган этил спирт, этил спирт жана башка денатураланган, бардык концентрациялардагы спирт тундурмалар, буга өндүрүүгө жана атайын керектөөчүлөргө ченемдин чегинде берүүгө лицензиясы бар болгон товар өндүрүүчүлөргө импорттоочу товар өндүрүүчүлөр арак, ликер-арак ичимдиктерди, күчтүү ичимдиктерди, күчтүү ширелерди, бальзамды, шарапты өндүрүү үчүн берүүсү кирбейт

2207

литр

350 сом

Арак

220860

литр

200 сом

Ликер-арак ичимдиктери

220830; 220870; 220890

литр

200 сом

Күчтүү ичимдиктер, күчтүү ширелер жана бальзамдар

220840; 220850

литр

200 сом

Шараптар

220410 жана 220430, 2205, 2206, кошпогондо 2204

литр

100 сом

Коньяктар (коньяк спиртин кошпогондо)

2208201200- 2208202900, 2208206200- 2208208900

литр

135 сом

Газдалган шараптар, шампанды кошкондо

220410

литр

110 сом

Бөлүштүрүп куюлган же эндей пиволор

2203

литр

25 сом

Шарап материалдар

220430

литр

10 сом

Алкоголу аз ичимдиктер

220890

литр

60 сом

Тамеки буюмдар:

2402

Чыпкалуу сигареттер:

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын күчүнө кирген күнүнөн тартып

2402

1000 даана

1000 даанасы үчүн 80 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик паркынан +7%. бирок 1000 даанасы үчүн 130 сомдон кем эмес

2011-жылдын 31-декабрын кошо алганда 2012-жылдын 1-январынан 2012-жылдын 31-декабрын кошо алганда

1000 даанасы үчүн 100 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик наркынан +7,5%, бирок 1000 даанасы үчүн 150 сомдон кем эмес

2013-жылдын 1-январынан 2013-жылдын 31-декабрын кошо алганда 1000 даанасы үчүн 120 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик наркынан

+ 8%, бирок 1000 даана сигарет үчүн 180 сомдон кем эмес

2014-жылдын 1-январынан 2014-жылдын 31-декабрын кошо алганда 1000 даанасы үчүн 280 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик наркынан

+ 8%, бирок 1000 даана сигарет үчүн 360 сомдон кем эмес

2015-жылдын 1-январынан 2015-жылдын 31-декабрын кошо алганда 1000 даанасы үчүн 350 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик наркынан

+ 8%, бирок 1000 даана сигарет үчүн 450 сомдон кем эмес

2016-жылдын 1-январынан тартып 1000 даана сигарет үчүн 580 сом

Чыпкасыз сигареттер:

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын күчүнө кирген күнүнөн тартып

2402

1000 даана

1000 даанасы үчүн 5 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик наркынан +3%, бирок 1000 даанасы үчүн 18 сомдон кем эмес

2011-жылдын 31-декабрын кошо алганда 2012-жылдын 1-январынан 2012-жылдын 31-декабрын кошо алганда

1000 даанасы үчүн 5,5 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик наркынан +3,3%, бирок 1000 даанасы үчүн 130 сомдон кем эмес

2013-жылдын 1-январынан 2013-жылдын 31-декабрын кошо алганда 1000 даанасы үчүн 6 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик наркынан + 3,6%, бирок 1000 даана сигарет үчүн 24 сомдон кем эмес
2014-жылдын 1-январынан 2015-жылдын 31-декабрын кошо алганда 1000 даанасы үчүн 8 сом МЧБ эсептелүүчү эсептик наркынан

+ 4%, бирок 1000 даана сигарет үчүн 30 сомдон кем эмес

2016-жылдын 1-январынан тартып 1000 даана сигарет үчүн 100 сом

Сигариллалар:

2014-жылдын 1-январынан

2402

1000 даана

500,00 сом

Сигаралар:

1 даана

40,00 сом

2014-жылдын 1-январынан тартып

2402

Ферменттелген тамекиден тышкары тамекини камтыган башка буюмдар:

2403

килограмм

368,00 сом

2014-жылдын 1-январынан тартып

2403

КР 2011-жылдын 30-июнундагы N 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту

Мунай заттар:

Бензин, жеңил жана орто дистилляттар жана башка бензиндер

2710111100 — 2710119000, 2710191100 — 2710191500, 2710192500 — 2710192900

тонна

3000 сом

реактивдүү күйүүчү май

2710192100

тонна

2000 сом

дизелдик күйүүчү май

270193100 — 2710194900

тонна

800 сом

мазут

2710195100 — 2710196900

тонна

600 сом

майлар жана газ конденсаты

2709001000, 2710197100 — 2710199900

тонна

1400 сом

чийки мунай жана битумдуу материалдан алынган чийки мунайлар

2709009000

тонна

0 сом

2. Акциздин ставкасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү базалык ставканын белгиленген өлчөмдүн чегинде өзгөртүшү мүмкүн.

3. (КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 165 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Этил спиртин медициналык жана ветеринардык максаттарда, ченемдердин чектеринде пайдалануучу адамдар этил спиртин атайын пайдалануучулары болуп эсептелет, алардын тизмеги жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2011-жылдын 30-майындагы N 33, 2011-жылдын 30-июнундагы N 64, 2011-жылдын 22-июлундагы N 123, 2013-жылдын 30-июлундагы N 165 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

288-берене. Салыктык мезгил

Өндүрүлгөн жана сатылган акциздик товарлар боюнча салыктык мезгил болуп календарлык ай эсептелет.

289-берене. Эсептөөнүн тартиби

Акцизди эсептөө ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

290-берене. Төлөөнүн жана салыктык отчетту берүүнүн мөөнөтү

1. Акциз төмөнкүдөй мөөнөттөрдө төлөнөт:

1) Акциз жыйымынын маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон өндүрүлгөн жана (же) импорттолуп келген акциздик товарлар боюнча, аракты кошпогондо (коду ТЭИ ТН 220860) — акциздик маркалар алынганга чейин же алынган күнү;

2) Акциз жыйымынын маркасы менен белгиленүүгө жатпаган импорттолуп келүүчү акциздик товарлар боюнча — Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн аныкталган күнү;

3) Ушул бөлүктүн 1-жана 2-пункттарында каралбаган акциздик товарлар боюнча — отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен төлөнөт.

2. Акциз төлөөчү тиешелүү салык органына ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен акциз боюнча салыктык отчет берип турууга милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 30-майындагы N 33, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар!

(КР 2011-жылдын 30-майындагы N 33 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат)

42-глава
Салык салуунун өзгөчөлүктөрү

291-берене. Атайын эрежелер

1. Бул Кодекстин 292 жана 293-беренелери иштетүүгө берилген сырьедон жасалган жана экспортко чыгарылчу акцизделчү товарга карата колдонулат.

2. Иштетүүгө берилген сырьедон акцизделчү товар чыгаруучу салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) берилген сырьену иштетүү боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим же контракт түзүлгөндөн кийин 3 күндүн ичинде салыктык катталган жериндеги салык органына мындай бүтүм жөнүндө тийиштүү келишимдин же контракттын көчүрмөсүн тиркөө менен билдирүүгө;

2) салыктык катталган жериндеги салык органынын атайын эсебине көрсөтүлгөн келишимдин же контракттын шарттары боюнча өндүрүлүүгө тийиш болгон акцизделчү товарлардын көлөмүнө эсептелген акциздин (депозиттин) суммасын даяр акцизделчү товар иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээсине жана/же иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээсинин тапшырмасы боюнча экспортко жөнөтүлгөнгө чейин төгүүгө.

292-берене. Иштетүүгө берилген сырьедон жасалган акцизделчү товарлар боюнча акцизди төлөөнүн өзгөчөлүктөрү

1. Иштетүүгө берилген сырьедон акциздик товар чыгаруучу салык төлөөчү салык органынын атайын эсебине төккөн акциздин (депозиттин) суммасы салык органына тийиштүү арыз жана төмөнкүдөй документтер тапшырылгандан кийин 20 күндөн кечиктирбестен анын банктык эсебине кайтарылууга тийиш, алар:

1) акциз боюнча салыктык отчет;

2) иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээси менен үчүнчү жактын ортосунда акцизделчү товарды экспортко чыгаруу жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;

3) даяр акциздик товарды жөнөтүүгө, анын ичинде экспортко жөнөтүүгө эсептик фактуранын же башка документтердин көчүрмөлөрү;

4) иштетүүгө берилген сырьену иштетүү боюнча кызматка акы төлөнгөнүн ырастачу төлөм документтери;

5) экспорттолгон акциздик товар үчүн акы төлөнгөнүн ырастачу төлөм документтери;

6) акциздик товарды экспорттоого жүктүк бажы декларациясы;

7) арналган өлкөгө жүктүк бажы декларациясы же арналган өлкөгө импорттолгонун ырастачу башка документ, алар:

а) тиркарнет;

б) эл аралык товардык-транспорттук накладной;

в) эл аралык темир жол катнашында жол-жоболоштурулуучу накладной.

8) иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээсинин салыктык катталган жериндеги салык органынын анда салык боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкаты.

2. Эгер даяр акциздик товар иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээсине жана/же иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээсинин тапшырмасы боюнча экспортко жөнөтүлгөндөн 90 күн өткөндөн кийин иштетүүгө берилген сырьедон акциздик товар өндүргөн салык төлөөчү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди тапшырбаса же толук эмес тапшырса, акциздин (депозиттин) суммасы бюджеттин кирешесине которулат жана кайра берилбейт.

3. Акциздик товар экспорттолгондук фактысы аныкталбаган учурда салык органынын атайын эсебине которулган акциздин (депозиттин) суммасы бюджеттин кирешесине которулат жана кайра берилбейт.

4. Атайын эсепке төгүлгөн акциздин (депозиттин) суммасы иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээсинде салыктык бересеси бар болсо, ошол бересенин өлчөмүндөгүсү кайра берилбейт.

293-берене. Акцизди төлөөнүн айрым учурлардагы өзгөчөлүктөрү

1. Эгер акциздик маркаларды алгандан кийин акциздин ставкалары азаюу же көбөйүү жагына өзгөрсө, акциздик марканы алып жатканда төлөнгөн акциздик салыктын суммасы кайра эсептелүүгө жатпайт.

2. Акциздик товарды Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка экспорттоодо акциз төлөөнүн өзгөчөлүктөрү ушул Кодекстин 297-беренесинде көрсөтүлдү.

3. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө акциз төлөөнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси менен аныкталат.

294-берене. Акциздин суммасын кемитүү

1. Акциз салыгын төлөөчү акциздик товарды сатып алууда же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо, эгер андай товарлар акциздик товарларды өндүрүү үчүн сырье катары пайдаланылса, төлөнгөн акциздин суммасын азайтууга укуктуу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык, кемитүү салык мезгилинин ичинде иш жүзүндө пайдаланылган акцизделчү сырьенун санына акциздин суммасын акцизделчү сырьедон чыгарылчу акциздик товардын нормасынын негизинде аныкталган суммага жүргүзүлөт.

3. Бул берененин нормалары сырье катары пайдаланылган иштетүүгө берилген сырьедон жасалган акциздик товарларды өткөрүп берүүдө, иштетүүгө берилген акцизделчү сырьенун менчик ээси акцизди төлөгөнү ырасталган шартта колдонулат.

295-берене. Акциздик жыйымдын маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон акциздик товарлар

1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолчу, тизмелери ушул Кодекстин 285-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-3-пункттарында көрсөтүлгөн алкоголдуу ичимдиктер жана тамеки буюмдар пиводон башкасы (ТНВЭД коду 2203) жана жүзүм ширесинен (коду ТНВЭД 220430) акциздик жыйымдын маркалары менен белгиленүүгө тийиш.

2. Эгерде бул бөлүмдө башкалар каралбаса, акциздик жыйымдын маркасы (мындан ары бул бөлүмдө — акциздик марка) белгиленген үлгүдөгү марка болот, ал акциздик товар сатылчу кутуга, бөтөлкөгө же башка идишке чапталат жана акциз бюджеттин кирешесине төлөнгөнүн көрсөтөт.

3. Төмөнкүдөй алкоголдуу ичимдиктер жана тамеки буюмдар акциздик марка менен белгиленбейт:

1) Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка экспорттолушу бажынын экспорттук режиминде ишке ашырылгандар;

2) алардын Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо (жөнөтүү) жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген нормалардын чегинде ишке ашырылгандар.

4. Акциздик жыйым маркасынын формасы, берүүнүн жана колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2011-жылдын 30-майындагы N 33, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар!

(КР 2011-жылдын 30-майындагы N 33 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат)

Караңыз:

Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 735 токтому менен бекитилген)

296-берене. Акциздик товарлардын жана акциз жыйымынын маркаларынын бузулушу, жоготулушу

1. Өндүрүлгөн акциздик товарлар бузулганда жана жоголгондо акциз толук өлчөмдө төлөнөт жана/же ал жеткис күчтүн натыйжасында болгондон башка учурларда кайта берилбейт.

2. Акциздик марка жоголгондо акциздик марка алынганга чейин же алып жаткан учурда төлөнгөн акциз ал жеткис күчтүн натыйжасында болгондон башка учурларда кайта берилбейт.

3. Акциздик марка бузулганда акциз жыйымынын бузулган маркалары эсептен чыгаруу актысынын негизинде ыйгарым укуктуу банк тарабынан жок кылууга кабыл алынган учурда акциз төлөнбөйт. Бузулган акциздик маркалардын ордуна жаңы акциздик маркалар маркалардын номиналдык наркы төлөнгөн шартта акцизди кайрадан төлөтпөстөн берилет.

4. Алкоголдуу продукцияны белгилөөгө арналган жоголгон акциздик маркалар боюнча акцизди эсептөө акциздик жыйымдын маркасында көрсөтүлгөн идиштин сыйымдуулугуна ылайык таранын максимум көлөмүнө карата колдонулчу белгиленген ставкаларга жараша эсептелет.

297-берене. Акцизден бошотуу

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нормалар боюнча жеке адамдар тарабынан импорттолгон акциздик товарларга акциз салынбайт.

2. Төмөндө аталган импорттолчу товарлар акциз төлөөдөн бошотулат:

1) жүктөрдү, багажды жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуучу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон товарлар, жол жүрүү учурунда жана орто жолдо токтоо пункттарында;

2) Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлчү, Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген бажы режимдеринин алкагында бошотулган, «Эркин пайдалануу үчүн товарларды чыгаруу» режиминен башка товарлар;

3) конфискацияланган, ээсиз, ошондой эле мурастоо укугу боюнча мамлекетке өткөн баалуулуктар.

3. Акциздик товарларды өндүрүүчүлөр тарабынан экспорттолгон акциздик товарларга алар ушундай товарларды экспорттоону ырастаган шартта акциз салынбайт.

Бул пункттун максаты үчүн акциз салыгын төлөөчүлөр акцизден бошотулушу үчүн акциздик товарды Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка экспорттогондон күндөн кийин 90 күндүн ичинде салыктык катталган жери боюнча салык органына акциздик товардын экспорттолгонун ырастоочу төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн тапшырууга милдеттүү:

1) акциз боюнча салыктык отчетту;

2) акцизделчү товарды экспортко берүүгө келишимдер;

3) эсептик фактуралар;

4) эгер келишимде салык төлөөчү документтерди тапшырган күнгө чейин төлөө каралган болсо, экспорттолгон акцизделчү товар үчүн төлөнгөнүн ырастачу төлөм документтери;

5) акциздик товардын экспортуна жүктүк бажы декларациялары;

6) арналган өлкөнүн жүктүк бажы декларациясы же арналган өлкөгө импорттолгонун ырастачу башка документ, алар:

а) тиркарнет;

б) эл аралык товардык-транспорттук накладной;

в) эл аралык темир жол катнашында таризделчү накладной.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтер ырасталбаган, тапшырылбаган же толук эмес көлөмдө тапшырылган учурда же кийинки салыктык контроль процессинде алардын тууралыгы ырасталбаганда, акциздик товарлар боюнча акциз ушул бөлүмдө акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу үчүн белгиленген тартипте эсептелет.

4. Акциздик товар өндүрүүчүнүн бир структуралык бөлүмү ушул эле акциздик товар өндүрүүчүнүн башка структуралык бөлүмүнө башка акциздик товар өндүрүү үчүн берилген акциздик товарларга акциз салынбайт.

XI БӨЛҮМ
ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНГАНДЫК ҮЧҮН САЛЫКТАР

43-глава
Жалпы жоболор

298-берене. Салык салуу режимин турукташтыруу

Ушул Кодекске жер казынасын пайдалангандык үчүн салыктардын ставкасын көбөйтүүнү караштырган өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолор жана/же салыктык базаны өзгөртүүнү караган өзгөртүүлөр жана же толуктоолор киргизилген учурда жер казынасын пайдалангандык үчүн салык төлөөчүлөр пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн лицензия берилген датага карата колдонулган салыктарды жана жыйымдарды төлөөнүн тартибин ушул лицензиянын пайдалануу мөөнөтүндө, бирок ал берилген күндөн 20 жыл ашпаган убакытка чейин сактоого укуктуу.

299-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктардын түрлөрү

Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) бонустар — пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бир жолку төлөмдөр;

2) роялти — пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана/же жер астындагы сууларды алуу (жер түпкүрүнөн чыгаруу) максатында жер казынасын пайдалануу үчүн күнүмдүк төлөмдөр.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

300-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктарды төлөөдөн бошотуу

Жер казынасын пайдаланганы үчүн салыктарды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

1) жеке ишкердикти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган, ага таандык же анын пайдалануусунда турган жер участогунан кум, топурак, кум-шагыл аралашмасын казып алууну жана жер астындагы сууларды алууну жүргүзгөн жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу;

2) өзгөчө экологиялык, жаратылышты коргоочулук, илимий жана тарыхый-маданий мааниге ээ, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү үчүн жер казынасынын участогун алган субъект;

3) тоо кен, байытуу, кокс-химиялык жана металлургиялык өндүрүш калдыктарын кайра иштетүүчү субъект;

4) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү жер казынасын иликтөө боюнча геологиялык, геофизикалык жана башка иштерди, илимий-изилдөө иштерин, анын ичинде жер титирөөлөрдү болжолдоону, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жана геоэкологиялык иликтөөлөрдү, ошондой эле жер казынасынын бүтүндүгүн бузбастан жүргүзүлүүчү башка иштерди аткаруучу субъект.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

44-глава
Бонус

301-берене. Бонус салыгын төлөөчү

1. Жер казынасын пайдалануу укугуна ээ ата мекендик уюм, туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюм, ошондой эле жеке ишкер бонус салыгын төлөөчү болуп саналат.

2. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, катышуучулар алмашкан учурда 10 жана андан көп пайыз суммасында менчик үлүшү өзгөргөндө ошол менчик үлүшүнүн пропорционалдуу өзгөрүшүнө жараша эсептелген өлчөмдө бонус төлөнөт.

Ушул бөлүк фонддук биржада листингден өткөн компаниянын менчик укугунун үлүшүнүн өзгөрүүсүнө карата колдонулбайт.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

302-берене. Салык салуу объектиси

Төмөнкү максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу бонус салыгын салуу объекттери болуп саналат;

1) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү;

2) запастары бааланган пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо;

3) запастары алдын ала бааланган жана ресурстары болжолдонгон аянттардан пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө;

4) жер астындагы сууларды алуу (жер түпкүрүнөн чыгаруу);

5) гидрогеологиялык скважиналарды бургулоо.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

303-берене. Салыктык база

Кыргыз Республикасынын кен чыккан жерлери жана пайдалуу кен байлык көрүнүштөрү, мамлекеттик кадастр тарабынан эсепке алынган геологиялык запастардын жана болжолдуу ресурстардын саны, жана гидрогеологиялык скважиналарды бургулоонун тереңдиги бонусту эсептөө үчүн салыктык база болуп саналат.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

304-берене. Бонустун ставкалары

1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе бонустун ставкалары пайдалуу кендердин бардык түрлөрү боюнча классификациялык таблица боюнча кендердин жана/же пайдалуу кен байлык көрүнүштөрүнүн изилденүү деңгээлине, баалуулугуна жана масштабдуулугуна, ошондой эле пайдалуу кендерди издөө үчүн аянттын өлчөмүнө жана гидрогеологиялык скважиналарды бургулоонун тереңдигине жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Конкурска коюлган пайдалуу кен чыккан жерлер боюнча бонус ставкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир кен чыккан жерге өзүнчө аныкталат.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

305-берене. Эсептөө тартиби

Бонусту эсептөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

306-берене. Салыктык отчетту берүүнүн жана төлөөнүн мөөнөттөрү

Бонус салыгын төлөөчү салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү эсептөөлөрдү берет жана эсептик катталган жери боюнча өзү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн 30 күн кечиктирбестен бонусту төлөйт.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

45-глава
Роялти

307-берене. Роялти салыгын төлөөчү

1. Төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруучу ата мекендик уюм, туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасында ишти жүзөгө ашырган чет өлкөлүк уюм, жеке ишкер роялти салыгын төлөөчү болуп саналат:

1) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү;

2) жер астындагы сууларды алууну (жер түшкүрүнөн чыгарууну);

3) көмүртек чыккан жерлерди издөөдө жана чалгындоодо тажрыйбалык сыноолор процессинде мунайзатты жана газды кошумча түрдө алууну;

4) тажрыйбалык-өнөр жайлык сыноо жана/же өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу же жоюу максатында пайдалуу кендерди бир жол казып алууну.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

308-берене. Салык салуу объектиси

Жер казынасынан пайдалуу кендерди алуу максатында жер казынасын пайдалануу укугу роялти салыгын салуу объектиси болуп саналат.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

309-берене. Салыктык база

1. Роялти салыгынын базасы төмөнкүлөр болот:

1) пайдалуу казындыларды, ошондой эле пайдалуу казындыларды иштетүүдөн алынган продукцияны сатуудан түшкөн акча, КНСти жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албастан;

2) сатылган продукциянын көлөмү натуралай өлчөмүндө;

3) жер астынан алынган суунун өлчөгүч менен ченелген көлөмү — суу менен камсыздоочу атайын уюмдардан башка роялти салыгын төлөөчүлөр үчүн.

310-берене. Роялтинин ставкасы

1. Суу менен жабдууга адистештирилген уюмдарды кошпогондо, роялтинин ставкасы накталай түрдө алынуучу суунун көлөмүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

Пайдалуу кендер

Өлчөө бирдиги (салык базасы)

Ставка (пайыз же сом менен)

Ичүүчү суу катары куюштуруу үчүн минералдык жана тузсуз суулар

куб.м

200 сом

Дартты дарылоо үчүн минералдык жана термалдык суулар

куб.м

0,05 сом

Жылытуу үчүн термалдык суулар

куб.м

0,12 сом

Ичүүчү тузсуз суулар

куб.м

0,15 сом

Техникалык тузсуз суулар

куб.м

0,10 сом

Айыл чарба өндүрүшү үчүн суулар

куб.м

0,01 сом

2. Роялтинин ставкасы төмөнкүлөрдү сатуудан түшкөн акчадан белгиленет:

1) запастарынын өсүшүн эске алуу менен алтынга, күмүшкө жана платинага:

а) 10 тоннадан ашуун запастары бар кендер үчүн — 5 пайыз;

б) 3төн 10 тоннага чейин запастары бар кендер үчүн — 3 пайыз;

в) 3 тоннадан аз запастары бар кендер үчүн — 1 пайыз.

2) суу менен камсыздоочу адистешкен уюмдар үчүн — 5 пайыз;

3) гипске — 6 пайыз өлчөмүндө;

4) табигый таштардан бетин каптачу материалдарды өндүрүү — 12 пайыз өлчөмүндө;

5) таш көмүргө, күрөң көмүргө — 1 пайыз өлчөмүндө.

3. Сатылган пайдалуу кендердин же аларды кайра иштетүү продуктуларынын ушул берененин 1 жана 2-бөлүгүндө каралбаган, роялти ставкалары ушул кодекстин 309-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык эсептелген салык базасынын 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

311-берене. Салыктык мезгил

Роялтинин салыктык мезгили бир календарлык ай болот.

312-берене. Эсептөө тартиби

Роялтини эсептөө ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

313-берене. Салыктык отчет берүүнүн жана роялти төлөөнүн мөөнөттөрү

1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, роялти салыгын төлөөчү салык отчетун берүүгө жана роялти төлөөнү эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейинки мөөнөттө жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Ишкердикти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган, ага таандык же анын пайдалануусунда турган жер участогунан кум, топурак, кум-шагыл аралашмасын казып алууну жүргүзгөн жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу салык отчет бербейт.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

XII БӨЛҮМ
САТУУДАН АЛЫНУУЧУ САЛЫК

46-глава
Жалпы жоболор

314-берене. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөчүлөр

Сатуудан алынуучу салыкты төлөөчү болуп ата мекендик уюм, Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу экономикалык иш жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм, ошондой эле жеке ишкер (мындан ары ушул бөлүмдө-салык төлөөчү) эсептелет.

315-берене. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу

1. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн төмөнкүдөй товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүлөр бошотулат:

1) айыл чарбалык өндүрүшчү;

2) айыл чарбалык товардык-сервистик кооператив;

3) Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, депозиттерди коргоо фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана оюн-зоок чөйрөсүндө жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акчанын бөлүгүнөн башкалар;

4) кайрымдуулук уюм;

5) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Сатуудан алынуучу салыктан коммерциялык эмес уюм товарларды сатса, жумуштарды аткарса, кызмат көрсөтсө, төлөм товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү чыгымдарынан ашпаган ушул шарттарда бошотулат:

1) балдарды же улгайган жаштагы жетишсиз жарандарды социалдык камсыздоо үчүн.

2) билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө.

3. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын турмуш-тиричилик максаты үчүн жеке адамга сатуу сатуулардан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын, КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ N 21 Декретинин, КР 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

47-глава
Сатуу салыгын эсептөө

316-берене. Салык салуу объектиси

1. Сатуудан салык алынуучу объект бул товарларды сатуу, иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.

2. Сатуудан салык алынбоочу объект болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) мүлктү менчик ээсинен төмөнкүгө өткөрүп берүү:

а) ишеним алып башкаруу келишиминин негизинде ишеним алган башкаруучуга;

б) жөнөкөй өнөктөштүк келишимине ылайык ушул өнөктөштүктүн ишин алып баруу боюнча милдеттенмелер жүктөлгөн субъект;

2) ишеним алып башкаруу же жөнөкөй өнөктөштүк келишиминин аракети токтогон учурда менчик ээсине мүлктү өткөрүп берүү;

3) каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берүү.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

317-берене. Салыктык база

1. Эгер бул беренеде башкача каралбаса, салыктык база болуп товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн, КНС жана сатуу салыгы эсепке алынбаган акча эсептелет.

2. Мүлктү ижарага берүүдө салыктык база КНС жана сатуу салыгын эсептебестен ижара акысы болот.

3. Металлургиялык казындыларды иштетүүнү жүзөгө ашырган уюмдар үчүн салык базасы болуп металлургиялык иштетүүлөрдү жана иштелип чыкканга чейинки казындылардын КНСти эсептебестен ортосундагы нарктын айырмасы саналат.

4. Лотереялык иш боюнча салыктык база болуп лотереялык билеттерди сатуудан түшкөн акча менен төлөнгөн сыйлык фондунун түшкөн акчага туура келген суммасынын ортосундагы айырма КНСти эсептебестен эсептелет.

5. Банк үчүн салыктык база болуп негизги каражаттарды, товарларды сатуудан түшкөн пайда, пайыздык кирешелер, каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган негизги каражаттарды сатуудан пайыздык кирешелерди кошпогондо, валюталык операциялардан чыгымдарды алып салуу менен валюталык операциялардан түшкөн кирешелерди кошуп эсептегенде жумуштардан, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн киреше эсептелет.

6. Камсыздандыруу уюму үчүн салыктык база КНСти жана сатуу салыгын эсепке албастан товарларды, жумуштарды сатуудан түшкөн пайда, кайрадан камсыздандыруу келишими боюнча кайрадан камсыздандыруучуга тиешелүү камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасын чыгарып салгандан кийин сатуу салыгын эсептебестен кызмат көрсөтүүлөр эсептелет.

Камсыздандыруунун топтогон түрлөрү боюнча салыктык базасы болуп сатуу салыгын эсепке албастан камсыздандыруу төлөмдөрүн чыгарып салгандан кийин келип түшкөн камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасы эсептелет.

7. Аффинаждоо жана кийинки сатуу үчүн каалагандай түрдөгү алтынды жана/же күмүштү сатып алууда салыктык базасы болуп сатылган аффинаждалган алтындын жана/же күмүштүн наркы менен каалагандай түрдө сатып алынган алтындын жана/же күмүштүн наркынын ортосундагы айырма эсептелет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

318-берене. Түшкөн акчаны такташтыруу

1. Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча төмөнкүдөй учурларда такташтырылат:

1) товарлар толук же айрым бөлүгү кайра кайтарылса;

2) бүтүмдүн шарттары өзгөрсө;

3) бүтүмдүн шарттарын толук же жарым-жартылай аткарбоо.

2. Түшкөн акчаны такташтыруу товарлар кайра кайтарылган же бүтүмдүн шарты өзгөргөн салыктык мезгилдеги салыктык базанын өлчөмүн өзгөртөт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

319-берене. Салыктын ставкасы

Көңүл буруңуздар!

2010-жылдын 1-январынан Сатуудан түшкөн салыктын ставкасы тууралу Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесинин 2-п. караңыз

Сатуудан салыктын ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

1) КНС салынуучу жана КНС бошотулуучу товарларды, иштерди кызматтарды сатууда:

а) соодалык иш үчүн — 1,5 пайыз өлчөмдө;

б) ушул пункттун «а» пунктчасында каралбаган ишмердик үчүн — 2,5 пайыз өлчөмүндө;

в) уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн — 5,0 пайыз өлчөмүндө;

2) ушул берененин 1-пунктунда каралбаган товарларды, жумуштарды, кызматтарды сатууда:

а) соодалык иш үчүн — 2,5 пайыз өлчөмүндө;

б) ушул пункттун «а» пунктчасында каралбаган ишмердик үчүн — 3,5 пайыз өлчөмүндө.

Ушул беренеде соода иши деп сатуу максатында сатып алынган товарларды сатуу боюнча иштер түшүнүлөт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 26-декабрындагы N 205 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык

320-берене. Салыктык мезгил

Сатуудан салыктык мезгил болуп календарлык ай эсептелет.

321-берене. Сатуудан салыкты эсептөөнүн тартиби

Сатуудан салыкты эсептөө ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

322-берене. Салыктык отчет берүүнүн жана салыкты төлөөнүн мөөнөттөрү

Салык төлөөчү отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кийинки күнгө чейин эсептик каттоодон өткөн жери боюнча отчет берүүгө жана сатуудан салыкты төлөөгө милдеттүү. Ал эми эсептик каттоосу жок болгон учурда сатуудан салык салыктык каттоодон өткөн жери боюнча төлөнөт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 27-февралындагы N 8, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

XIII БӨЛҮМ
МҮЛК САЛЫГЫ

323-берене. Мүлк салыгын төлөөчү

1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, ушул Кодекстин 324-беренесинде көрсөтүлгөн, төмөнкүлөргө ээ болгон уюм же жеке адам мүлк салыгын төлөөчү болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган салык салынуучу мүлк менчигинде болсо:

2) финансылык ижара келишиминин же ипотекалык кредиттөөнүн чегинде сатып алынган, Кыргыз Республикасынын аймагында ушул мүлккө ээ болуу укугу пайда болгон айдан кийинки айдын биринен баштап катталган мүлкү болсо.

2. Эгерде мүлктүн менчик ээсинин турган жерин аныктоого мүмкүн болбосо, мүлк салыгын төлөөчү болуп мындай мүлктү пайдаланган уюм же жеке адам саналат.

3. Мүлккө укук катталбаган учурда мүлктү иш жүзүндө пайдалануу пайдалануучуну мүлк салыгын төлөөчү катары таануу үчүн негиз болуп саналат.

4. Бекитип берилген мүлктү оперативдүү башкарган же менчигинде мүлкү болгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекемелер, бюджеттен каржыланган жана/же атайын каражаттары бар муниципалдык мекемелер, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик орган, Депозиттерди коргоо фонду, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мүлк же анын бир бөлүгү келишим боюнча мамлекеттик ишканаларга, муниципалдык ишканаларга жана башка юридикалык же жеке жактарга акы төлөп же акысыз пайдаланууга берилгенден башка учурларды, ошондой эле мүлктү эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана көңүл ачуу үчүн пайдалангандан башка учурларды кошпогондо мүлк салыгын төлөөчүлөр болуп саналбайт.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн субъекттер өткөрүп берген мүлктөн мүлк салыгын мүлктү акы төлөп же акысыз пайдаланууга берген жак, андай мүлктү пайдаланууга алган жактан алат.

5. Эгер ушул Кодекстин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1-топтогу жана биргелешкен менчигинде турган мүлк объекти боюнча тараптардын ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, ошол мүлктөгү өзүнүн пропорционалдык үлүшүнө жараша ар бир мүлк ээси салык төлөөчү болуп саналат.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

324-берене. Салык салуу объектиси

1. Төмөндөгүлөрдө турган мүлктөр мүлк салыгы салынуучу объект болуп саналат:

1) мамлекеттик менчикте мамлекеттик ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда, ал эми мекемелерге — оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;

2) муниципалдык менчикте муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда, ал эми мекемелерге — оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;

3) жеке менчикте.

2. Салык салынуучу мүлккө төмөнкү объекттер кирет:

1) 1-топ: ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү;

2) 2-топ: турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле ишкердик ишти жүргүзүү үчүн арналган жана/же пайдаланылган башка капиталдык курулуштар;

3) 3-топ: ишкердик ишти жүргүзүүгө арналган жана/же пайдаланылган киоскалар, контейнерлер сыяктуу металл же башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар;

4) 4-топ: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер.

3. Салык салуу объектиси болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

Мүлккө салык салуу объектиси болуп саналбаган мүлк объекттеринин Тизмеси

325-берене. Салыктык база

Төмөнкүлөр мүлк салыгынын салыктык базасы болуп саналат:

1) ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 1-, 2жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн, — ушул бөлүмдө белгиленген тартипте аныкталуучу мүлк объекттеринин салык салынуучу наркы;

2) ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 4-топтогу мүлк объекттери үчүн:

а) ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштөөчүлөр үчүн, — кыймылдаткычтын жумушчу көлөмү же баланстык наркы;

б) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жоктор үчүн, — баланстык наркы. Ушул бөлүмдүн максаты үчүн Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык амортизацияны эске алуу менен эсептелинген, мүлк салыгы боюнча салыктык мезгилдин башына карата мүлк объектинин наркы баланстык нарк катары түшүнүлөт;

в) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсептик наркы жоктор үчүн, — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык аныкталуучу нарк.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы N 163 токтому менен бекитилген)

326-берене. Салыктык мезгил

Мүлк салыгы боюнча календардык жыл салыктык мезгил болуп саналат.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

327-берене. Мүлк объектинин салык салынуучу наркын аныктоо тартиби

1. Ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 1-, 2жана 3-топтордогу мүлк объекттеринин салык салынуучу наркын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүзөгө ашырылат:

СН = С х А х Кр х Кз х Ко, мында:

С мүлк объектисинин салык салынуучу наркы, сом.
С мүлк объектисинин аянтынын бир квадрат метринин салык салынуучу наркы, сом/кв.м;
А 1-топтогу мүлк объекттеринин ушул Кодекстин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салынууга жатпаган аянтына азайтылган 1-топтогу мүлк объектисинин жалпы аянты же 2 же 3-топтогу мүлк объектисинин жалпы аянты, кв.м;
К объекттин салык салынуучу наркынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы турган жерине жараша өзгөрүшүн эске алган региондук коэффициент;
К объекттин салык салынуучу наркынын калктуу конуштагы турган ордуна жараша өзгөрүшүн эске алуучу зоналык коэффициент;
К 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн колдонулуучу тармактык коэффициент. Башка топтордогу мүлк объекттери үчүн Ко 1ге барабар деп кабыл алынат.

2. 1-, 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттеринин бир квадрат метр аянтынын салык салынуучу наркы дубалынын материалына жана мүлк объектин эксплуатацияга берген жылга жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

Дубалдардын материалы

Эксплуатациялоо мөөнөтү

Баалоо наркы 1 кв.м, сом

Кирпич

5 жылга чейин

5-15 жыл

15-30 жыл

30-45 жыл

45 жылдан ашуун

15000

14000

13000

12000

10000

Жыгач

5 жылга чейин

5-15 жыл

15-30 жыл

30-45 жыл

45 жылдан ашуун

13000

12000

11000

10000

8000

Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, айнек

5 жылга чейин

5-15 жыл

15-30 жыл

30-45 жыл

45 жылдан ашуун

14000

13000

12000

11000

10000

Чийки топо (саман, гувелек, сокмо)

5 жылга чейин

5-15 жыл

15-30 жыл

30-45 жыл

45 жылдан ашуун

10000

9000

8000

6000

5000

Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу

5 жылга чейин

5-15 жыл

15-30 жыл

30-45 жыл

45 жылдан ашуун

9000

8000

7000

6000

5000

Металл

30 жылга чейин

30 жылдан ашуун

10000

8000

Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар

4000

3. Мүлк объектисинин салык салынуучу наркын эсептөөдө мүлк объектисинин дубалдарында басымдуулук кылган дубал материалдары негиз катары кабыл алынат. Басымдуу материалдарды аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Караңыз:

Башка маалымат булактарынан салык кызматынын органдары тарабынан алынган документалдык маалыматтарын жана мүлк объектилерин функционалдык дайындоосу жана/же салык базасынын таралуусу жана/же мүлккө болгон укугу каттоодон өтпөгөн учурда, мүлк объектилеринин аянтын жана дубалдардын материалдарын, басымдуу кылган дубал материалдарын, мүлк объектилеринин тармактык шаймандарын аныктоо (функционалдык дайындоо) тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы N 163 токтому менен бекитилген)

4. 1-топтогу мүлк объектиси үчүн жалпы аянт кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн, ички ченөө боюнча мүлк объектисинин жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтардын негизинде аныкталат.

Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда ички ченөө боюнча мүлк объектисинин жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда жалпы аянт сырткы ченөө боюнча аныкталат.

5. 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн мүлк объектисинин жалпы аянты ишкердик ишти: товарлар чыгарууну, кызмат көрсөтүүнү, жумуштарды аткарууну, товардык-материалдык байлыктарды сактоону жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнүн бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн администрациялык, өндүрүштүк жана кампа жайларынын жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтардын базасында аныкталат.

6. Мүлккө укукту каттоо жок болгон жана/же мүлк объектиси боюнча салык төлөөчү аныктаган салык базасы жана/же функциялык арналышы жана салык органдары башка булактардан алган документтик маалыматтарда айырмачылык чыккан учурда мүлк объектисинин дубалдарынын материалы жана аянты салык салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте тийиштүү салык органынын, кыймылсыз мүлк объекттерине укукту каттоо боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укук берилген өкүлдөрүнүн жана мүлк объектисин иш жүзүндө пайдаланган пайдалануучулар курамына кирген комиссия тарабынан жүргүзүлгөн 1-, 2- же 3-топтогу мүлктүн объектисинин тышкы периметри боюнча физикалык ченөөгө жараша аныкталат.

Ченөөнүн жыйынтыгы үч нускадагы акты менен таризделип, алар салык органына мүлк объектиси боюнча салыктык милдеттенменин суммасын аныктоо үчүн, тиешелүүлүгүнө жараша кыймылсыз мүлк объекттерин каттоо боюнча аймактык органга, ошондой эле мүлк объектисин пайдалануучуга берилет.

7. Кр региондук коэффициенти төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

Облустардын жана райондордун аталышы

Кр мааниси

Облустардын жана райондордун аталышы

Кр мааниси

Баткен облусту Бакай-Ата району

0,2

Баткен району

0,2

Кара-Буура району

0,2

Лейлек району

0,2

Нарын облусту

Кадамжай району

0,2

Нарын ш.

0,3

Кызыл-Кыя ш.

0,1

Ак-Талаа району

0,1

Сүлүктү ш.

0,1

Ат-Башы району

0,1

Жалал-Абад облусту Жумгал району

0,1

Аксы району

0,2

Кочкор району

0,2

Ала-Бука району

0,2

Нарын району

0,2

Базар-Коргон району

0,2

Ош облусту
Ноокен району

0,2

Алай району

0,2

Сузак району

0,3

Араван району

0,3

Тогуз-Торо району

0,1

Кара-Кулжа району

0,2

Токтогул району

0,1

Кара-Суу району

0,6

Чаткал району

0,1

Ноокат району

0,3

Жалал-Абад ш.

0,8

Өзгөн району

0,3

Майлуу-Суу ш.

0,1

Чоң-Алай району

0,1

Кара-Көл ш.

0,1

Ош ш.

0,9

Таш-Көмүр ш.

0,1

Чүй облусту
Ысык-Көл облусту Аламүдүн району

0,8

Ак-Суу району

0,3

Жайыл району

0,4

Жети-Өгүз району

0,3

Ысык-Ата району

0,4

Ысык-Көл району

0,3

Кемин району

0,3

Тоң району

0,2

Москва району

0,4

Түп району

0,2

Панфилов району

0,2

Каракол ш.

0,6

Сокулук району

0,7

Балыкчы ш.

0,3

Чүй району

0,4

Талас облусту Токмок ш.

0,6

Манас району

0,1

Кара-Балта ш.

0,6

Талас району

0,2

 

Талас ш.

0,4

Бишкек ш.

1,0

8. Зоналык Кз коэффициентинин мааниси Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан башкаларда 1ге барабар болот.

Зоналык Кз коэффициентинин маанилерин жана Бишкек жана Ош шаарларындагы нарктык зоналардын чектерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине макулдашуу боюнча 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө, салыктык мезгилдин ичинде бир жолудан кем эмес, үстүдөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө белгилейт.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы N 217 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө» токтому

Ко тармактык (функциялык) коэффициенти төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

Тармактык таандыгы (объекттин функциялык арналышы)

Мааниси

Мейманканалар, букмекердик кеңселер жана тотализаторлор сыяктуу оюн-зоок жайлар, ломбарддар, алмаштыруу пункттары

1,6

Май куюучу станциялар

1,4

Чакан-базарлар, базарлар, соода-рыноктук борборлор, комплекстер

1,0

Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканалар

0,8

Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары

0,7

Администрациялык, офистик имараттар, бизнес-борборлор, банктар

0,6

Транспорт ишканасы, автосервис, байланыш жана энергетика ишканалары

0,5

Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар

0,3

Айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар

0,3

Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү

0,2

Өнөр жай, курулуш ишканалары

0,2

10. Мүлк объектинин тармактык таандыктыгы (функциялык арналышы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныкталат.

11. Эгер Кр, Кз, Ко коэффициенттери белгиленбесе, алардын маанилери 1ге барабар болот.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы N 25, 2012-жылдын 25-июлундагы N 123 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

328-берене. Салыктын ставкасы

Салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

1) 1-топтогу мүлк объекттери үчүн — салык салынуучу базанын 0,35 пайызы;

2) 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн — салык салынуучу базанын 0,8 пайызы;

3) 4-топтогу мүлк объекттери үчүн:

а) ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштегендер:

Транспорттун түрү

Даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү Кыймылдаткычынын жумушчу көлөмүнүн ар бир 1 куб.см үчүн сом менен салыктын ставкасы
Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасындагы фургондор жана пикаптар

5 жылга чейин

5тен 10 жылга чейин

10дон 15 жылга чейин

15 жылдан ашык

0,90

0,75

0,60

0,45

Жүк автомобилдери, автобустар, микроавтобустар

5 жылга чейин

5тен 10 жылга чейин

10дон 15 жылга чейин

15 жылдан ашык

0,75

0,60

0,45

0,30

Өзү жүрүүчү машиналар жана/же механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол-курулуш машиналары

15 жылга чейин

15 жылдан ашык

0,30

0,15

 анын ичинде: айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланылуучу өзү жүрмө машиналар жана/же механизмдер (тракторлор жана комбайндар

15 жылга чейин

15 жылдан ашык

0,10

0,05

Мотоциклдер, мотороллерлор, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кемелер, теплоходдор

10 жылга чейин

10 жылдан ашык

0,15

0,09

Яхталар жана суу мотоциклдери

5 жылга чейин

5 жылдан ашык

1,8

1,2

б) ушул берененин 3-пунктунун «а» пунктчасында каралбаган ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жоктор — баланстык наркынан 0,5 пайыз;

в) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жоктор — ушул Кодкстин 325-беренесинин 2-пунктунун «в» пунктчасына ылайык аныкталуучу наркынан 0,5 пайыз.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

329-берене. Салыкты азайтуу

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы N 25 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

330-берене. Салык боюнча жеңилдиктер

1. Төмөнкүлөр салык салууга жатпайт:

1) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн мүлк объекттери;

2) ушул объекттин менчик ээсине таандык, төмөнкү өлчөмдөн ашпаган 1-топтогу бир мүлк объектисинин аянты:

Калктуу конуштарда калктын санына жараша мүлккө салык салынбоочу 1-топтогу мүлк объектисинин аянты, кв.м

Миң адам 5ке чейин 5тен 10го чейин 10дон 20га чейин 20дан 50гө чейин 50дөн 100гө чейин 100дөн 200гө чейин 200дөн 500гө чейин 500 жана андан ашык
Турак үй, дача үй, кв.м.

360

330

300

270

240

210

180

150

Квартира, кв.м.

290

260

230

200

170

140

110

80

3) I жана II топтогу майыптар коомунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун уюмдарынын, мында майыптар, азиздер жана дүлөйлөр иштегендердин жалпы санынын 50 пайыздан кем эмесин түзсө жана алардын эмгек акысы жалпы эмгек акы төлөө фондунун 50 пайыздан кем эмесин түзсө, ошондой эле жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин жана ишканаларынын мүлк объектилери. Аталган ишканалардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

Караңыз:

I жана II топтогу майыптар коомунун ишканаларынын, ошондой эле Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун аларда иштеген майыптардын жалпы санынын 50 пайыздан кем эмесин түзгөн жана алардын эмгек акысы пайдага салыктан бошотулган акынын жалпы фондунун 50 пайыздан кем эмесин түзгөн уюмдардын Тизмеси

4) илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, социалдык жактан камсыздоо жана балдарды же улгайып калган курактагы аз камсыз болгон жарандарды коргоо чөйрөсүндө иштерди жүргүзүүчү уюмдардын 2-топтогу мүлк объекттери.

2. Мүлк салыгын төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

1) «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдар, Советтер Союзунун жана Социалисттик Эмгектин Баатырлары, баатыр энелер, үч даражадагы Даңк жана Эмгек даңкы ордендери менен сыйлангандар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча катышкан аскер кызматчылары, же болбосо СССРди, Кыргыз Республикасын коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын же мертинүүнүн кесепетинен, же болбосо майданда болушуна байланыштуу оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчыларынын ичинен майыптар, аскер кызматчыларынын аталган категорияларына пенсиялык камсыздоо боюнча теңештирилген башка майыптар, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жесирлери, ошондой эле I жана II топтогу майыптар — салык салуу объектиси болуп эсептелген бирден гана 1 жана/же 4-топтогу мүлк объектиси же мүлккө салыктан бошотулган адамдын менчик үлүшүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туура келүүчү мүлк объектисинин бөлүгү боюнча.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн адамдар мүлктүн тиешелүү салык салынуучу объектиси боюнча төлөөгө эсептелген мүлк салыгынын суммасынын 50 пайызы өлчөмүндө 1 жана/же 4-топтогу мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат;

2) мотоколяскасы же кол менен башкарылуучу автомобили бар майыптар, — ушул автотранспорт каражаты боюнча.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жеңилдиктер төмөнкүлөргө берилет:

1) отчеттук салыктык мезгилдин 1-августуна чейин жеңилдикке укугу пайда болгондо — отчеттук салыктык мезгилге;

2) отчеттук салыктык мезгилдин 1-августунан кийин жеңилдикке укугу пайда болгондо — отчеттук мезгилден кийинки салыктык мезгилге.

4. Жергиликтүү кеңештер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) салык төлөөчү ал жеткис күчтүн кесепетинен материалдык зыян тарткан учурларда 3 жылга чейинки мөөнөткө мүлккө салык төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотууга;

2) өндүрүш көлөмүн жана/же чыгарылуучу продукцияны кайра иштетүүнү жылына 30,0 миллион сомдон кем эмес камсыз кылган шартта продукция чыгаруу жана/же кайра иштетүү боюнча иш жүргүзүүчү жаңыдан түзүлгөн уюмдар үчүн 5 жылга чейин мөөнөткө мүлк салыгын төлөөдөн бошотууга.

5. Күрөөгө коюлуп, банктын менчигине кабыл алынган мүлк ушул мүлк банктын менчигине кабыл алынган күндөн тартып мүлк объектисин пайдалана баштаган күнгө чейинки же ушул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө күрөөгө коюлган мүлктү сатуу күнүнө чейинки мезгилге мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.

6. Салык төлөөчү түздөн түз мүлк объектисинин алдында жайгашкан жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон жер салыгынын суммасына мүлк салыгынын суммасын азайтууга, бирок ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлккө салыктын суммасынан жогору эмес суммада азайтууга укугу бар.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

331-берене. Салыкты эсептөө тартиби. Салык милдеттенмесин алуу күнү

1. Мүлк салыгын эсептөөнү ушул Кодекстин ушул бөлүмүндө жана 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык салык төлөөчү өз алдынча жүргүзөт.

2. Эгер ушул беренеде башкасы каралбаса, жаңы курулуш объектисине же анын бөлүгүнө карата мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелер объектти пайдаланууга алган күндөн кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып же ушул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша объектти пайдалана баштаган күндөн тартып келип чыгат.

3. Реконструкцияланган объектке же анын бөлүгүнө карата мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелер жаңы салык салынуучу нарк боюнча кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып келип чыгат. Объектти же анын бөлүгүн пайдаланууга алган күнгө чейин объекттин мурунку салык салынуучу наркы колдонулат.

Реконструкция жүргүзүлүп жатка объект боюнча 2-топтогу мүлк объектисин же анын бөлүгүн пайдалануу токтотулган учурда реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү мезгилине мүлк салыгы реконструкциялоо боюнча иштер башталган айдын биринчи күнүнөн тартып ушул объект ишке киргизилген айдан кийинки айдын бирине чейин мүлккө салык эсептелбейт.

4. Эгер 1-топтогу жаңы курулуштун мүлк объекти көп квартиралуу турак үй пайдаланууга берилсе, бирок пайдаланылбай турса, анда мүлк салыгы боюнча мүлктүк милдеттенме ар бир квартираны өзүнчө пайдалана баштаган күндөн кийинки айдын биринчи күнүнөн кийин келип чыгат.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы N 25, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

332-берене. Салык төлөө тартиби жана мөөнөтү

1. Салык төлөөчү — жеке адам төмөнкүлөргө салык төлөйт:

1) 1-топтогу мүлк объекттерине — мүлк объектиси эсептик каттоодон өткөн жери же жайгашкан жери боюнча үстүдөгү жылдын 1-сентябрынан кийинки күндөн кеч эмес мөөнөттө;

2) 4-топтогу мүлк объекттерине — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мөөнөттө, бирок техникалык кароодон өткөнгө чейинки мезгилде, ошондой эле мүлк объектисине менчик укугу толук же жарым-жартылай берилгенде жыл ичинде мүлк объектисинин жаңы ээсине ушундай өткөрүп берүү таризделген учурда — мүлк объектиси катталган же убактылуу катталган жер боюнча.

2. Уюмдар жана жеке ишкерлер төмөнкү салыктарды төлөшөт:

1) 2- жана 3-топтогу мүлк обьекттерине үстүдөгү жылдын ичинде бирдей үлүштөр менен квартал сайын үстүдөгү кварталдын үчүнчү айынын 20сынан кийинки күндөн кеч эмес мөөнөттө мүлк обьектиси турган жер боюнча, ал эми Бишкек шаарынын чегинде — салык төлөөчү салыктык катталган жер боюнча;

2) 4-топтогу мүлк обьекттерине — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мөөнөттө, бирок техникалык кароодон өткөнгө чейинки мезгилде — тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган обьекти каттаган жер боюнча.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябры N 720 «4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө» токтому

3. 1-, 2- жана 3-топтордогу мүлк обьекттерине ээлик кылуунун жана/же пайдалануунун иш жүзүндөгү мезгили үчүн төлөөгө тийиш болгон салыктын суммасы ушул укукту өткөрүп берген салык төлөөчү тарабынан укукту мамлекеттик каттоо күнүнө чейин же ошол күнү бюджетке төгүлүүгө тийиш. Мында мүлк обьектисинин алгачкы ээси мүлк обьектисин өткөрүп берген ай башталганга чейин үстүдөгү жылдын 1-январынан тартып эсептелген салыктын суммасын төлөйт.

Мүлк салыгынын андан кийинки салык төлөөчүсү мүлк обьектисине укугу пайда болгон айдын башынан тартып эсептелген мезгил үчүн салыктын суммасын төлөйт.

Мүлк обьектисине укукту мамлекеттик каттоодо төлөнгөн салыктын жылдык суммасы макулдашуу боюнча тараптардын бири тарабынан бюджетке төгүлүшү мүмкүн. Андан ары мүлк обьектисине укукту мамлекеттик каттоодо төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт.

Мүлк салыгы төлөнбөгөн учурда мүлк обьектисине менчик укугу мамлекеттик катталганга чейин же ошол учурда ушул берененин талаптарына ылайык укук өткөрүп берилген толук салык мезгили үчүн мүлккө салык төлөө боюнча милдеттенме кийинки салык төлөөчүгө жүктөлөт.

4. Банк мекемеси жок алыскы жана кыйындык менен жетүүчү калктуу пункттар үчүн мүлккө салыктын суммасын жеке адам тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте салык органына төлөөсүнө жол берилет.

5. Салык төлөөчү мүлк салыгы боюнча төмөнкүдөй маалыматтык эсеп берет:

1) 1, 2- жана 3-топтордогу мүлк обьектилери үчүн:

а) үстүдөгү жылдын 1-мартынан кийинки күндөн кечиктирбестен — уюмдар жана жеке ишкерлер;

б) үстүдөгү жылдын 1-майынан кийинки күндөн кечиктирбестен — жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке адамдар;

2) 4-топтогу мүлк объектилери үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттө.

6. Маалыматтык эсептин формасы жана толтуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

7. Ушул Кодекстин 331-беренесинин 2-, 3- жана 4-бөлүктөрүндө каралган учурларда салык төлөөчү:

1) мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенме пайда болгон күнү маалыматтык эсеп берет;

2) мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенме пайда болгон күнү салыкты төлөйт, бирок ушул берененин 1- жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген мүлккө салыкты төлөө мөөнөтүнөн эрте эмес.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы N 25, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

333-берене. Мүлк салыгы боюнча маалыматка жеткиликтүүлүк

1. Ар бир салык төлөөчү салыкты эсептөө боюнча маалыматка эркин жетүү укугуна ээ, ал төмөнкүлөрдө камтыйт;

1) мүлк обьектисинин салык салынуучу наркын аныктоо тартибин;

2) белгиленген региондук, зоналык жана тармактык коэффициенттердин өлчөмүн;

3) калктуу пункттун аймагын нарктык зоналарга бөлүүнү;

4) мүлк салыгы алынбоочу мүлк обьектисинин аянтынын өлчөмүн;

5) салык ставкасын.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалымат бардык деңгээлдеги салык кызматы органдарында ачык жете алгыдай жерлерде салык төлөөчүнү тааныштыруу үчүн, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын ачык веб-сайтында жайгаштырылат.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

XIV БӨЛҮМ
ЖЕР САЛЫГЫ

48-глава
Жалпы жоболор

334-берене. Жер салыгын төлөөчүлөр

1. Эгер бул беренеде башкача каралбаса, жердин менчик ээси же пайдалануучусу деп таанылган, жерди пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты, жер участокту убактылуу пайдаланууга укук жөнүндө күбөлүк менен, жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк (мындан ары- укукту билдирүүчү документтер) менен ырасталган субъект жер участогу пайдаланылганына же пайдаланылбаганына карабастан жер салыгын төлөөчү деп эсептелет.

2. Бир нече адамдын жалпы менчигинде же пайдалануусунда болгон жер участогу боюнча ушул адамдардын ар бири укукту билдирүүчү документтерде белгиленген жер үлүштөрү, ошондой эле тараптардын макулдашуусу боюнча жер салыгын төлөөчү болушат.

3. Жер участогуна укукту ырастоочу документ жок болгон учурда республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү жер казынасын иликтөө боюнча геологиялык, геофизикалык жана башка иштерди, илимий-изилдөө жумуштарын анын ичинде жер титирөөлөрдү болжолдоону, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жана геоэкологиялык иликтөөлөрдү, ошондой эле жер казынасынын бүтүндүгүн бузбастан жүргүзгөн башка жумуштарды аткаруунун жүрүшүндө, жер казынасын геологиялык изилдөөнүн жүрүшүндөгү ээлик кылууну жана/же пайдаланууну, ошондой эле участокко ээлик кылууну жана/же пайдаланууну кошпогондо ушундай участокко иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же пайдалануу жер пайдалануучу жер салыгын төлөөчү деп таануу үчүн негиз болуп саналат.

4. (КР 2013-жылдын 22-февралындагы N 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жерлерин, анын ичинде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерди пайдаланууга (ижарага) берүүдө, жер участогун ижарага берген мамлекеттик же муниципалдык пайдалануучу, эгерде ушул статьяда башкача каралбаса, (ижарага берүүчү) жер салыгын төлөөчү болот.

6. Бюджеттен каржыланчу жана ага операциялык башкаруу же чарбалык башкаруу укугунда өткөрүп берилген имарат жана/же курулма турган жер участогу карамагында жана пайдалануусунда турган мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучу чарбалык эсептеги уюмга жана/же менчиктин жеке формасындагы уюмга жана/же жеке адамга ижарага берилген жер участогунан же анын үлүшүнөн башкасы үчүн жер салыгын төлөөчү болуп эсептелбейт.

7. Менчик ээси же пайдалануучу, анын ичинде жер салыгын төлөөдөн бошотулгандар жер участогун ижарага беришкенде айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондудагы жерлерди кошпогондо, жер салыгын төлөөчү ижарага берүүчү болот.

8. Ушул берененин 5-7-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн ижарага берилген жер участкасынан жер салыгы ижарага берүүчү жана ижарага алуучунун жер участкасынын ижарасы келишимине ылайык жер салыгынын келишимдеги суммасы бөлүнүп берилет, ал ижарага берүүчү аркылуу бюджетке төлөнөт.

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерди пайдаланууга (ижарага) берүүдө ижарачы жер салыгын төлөөчү болуп саналат.

(КР 2010-жылдын 16-мартындагы N 51, 2011-жылдын 22-декабрындагы N 248, 2012-жылдын 9-августундагы N 158, 2013-жылдын 22-февралындагы N 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

335-берене. Салык салуу объектиси

1. Айыл чарба жерлерине жана ушул беренеде көрсөтүлгөн жер салыгы салынчу жерлерге менчик, убактылуу пайдалануу жана пайдалануу укугу салык салуу объекти болот.

2. Төмөнкүдөй айыл чарба жерлерине жана жерлерге салык салынат:

1) калктуу конуштардын жерлери;

2) өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер, анын ичинде коргонуунун жерлери;

3) жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоочу, рекреациялык жана тарыхый-маданий маанидеги жерлер;

4) токой фондунун жерлери;

5) суу фондунун жерлери;

6) запастагы жерлер.

3. Жерлер бул бөлүмдүн максаты үчүн Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык классификацияланат.

4. Жер участогуна жалпы үлүштүк менчик болгон учурда салык салуу объектиси болуп жер үлүшүнө менчик укугу эсептелет.

336-берене. Салыктык база

1. Жер салыгын эсептөө үчүн салыктык база жер участогунун укукту билдирүүчү документте көрсөтүлгөн аянты болот.

2. Бир нече жактын жалпы менчигинде же пайдалануусунда турган жер участогу боюнча ар бир төлөөчү үчүн салыктык база болуп укукту билдирүүчү документте же менчик ээлеринин (пайдалануучулардын) макулдашуусунда аныкталган жер участогуна үлүш эсептелет.

3. Пайдаланууга (ижарага) берилген жер участогу боюнча салыктык база жер участогуна ижара келишиминде аныкталат.

4. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери боюнча салыктык база тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруусунда жана тескөөсүндө турган аймактарды аныктоочу тийиштүү нормативдик укуктук актылардын негизинде аныкталат.

5. Жер участогуна укукту билдирүүчү документ жок болсо салыктык база салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлк объекттерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан физикалык ченөөгө жараша аныкталат.

Жер участогун физикалык ченөөчү күн жөнүндө салык кызматынын органы жер участогун иш жүзүндө пайдалануучуга ченөө күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен кабарлайт.

Жер участогун иш жүзүндөгү пайдалануучу ушул Кодекстин 83-беренесинде каралган тартипте кабарланса да дайындалган убакта келбеген учурда жер участогун физикалык ченөө ансыз жүргүзүлөт.

Жер участогун физикалык ченөөнүн жыйынтыгы эки нускадагы акты менен таризделет, анын бири кыймылсыз мүлк объекттерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет, актынын экинчи нускасы тийиштүү салык органына жер салыгы боюнча салыктык милдеттенменин суммасын аныктоо үчүн берилет.

(КР 2010-жылдын 16-мартындагы N 51, 2011-жылдын 22-декабрындагы N 248, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

49-глава
Жер салыгынын ставкалары

337-берене. Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары

1. Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет.

Облустардын жана

Жер салыгынын базалык ставкалары (сом/га)

райондордун аталышы

Сугат айдоо

Кайрак айдоо

Көп жылдык өсүмдүктөр

Чабындылар

Жайыттар

1

2

3

4

5

6

Баткен облусу

Баткен району

268

41,3

149

7,7

Лейлек району

268

41,3

149

24,3

7,7

Кадамжай району

275

41,3

150

24,4

12,7

Жалал-Абад облусу

Аксы району

306

56,7

193

15,9

13,6

Ала-Бука району

306

41,3

204

22,5

9,9

Базар-Коргон району

414

41,3

220

30,9

15,4

Ноокен району

453

41,3

193

24,4

15,4

Сузак району

414

41,3

220

30,9

15,4

Тогуз-Торо району

290

62,3

33

12,9

Токтогул району

239

62,3

201

30,4

12,9

Чаткал району

194

62,3

26,5

12,9

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району

373

87,5

173

30,4

10,6

Жети-Өгүз району

305

74,9

168

23,8

7,7

Ысык-Көл району

280

68,6

155

23,8

7,7

Тоң району

236

39,2

119

20,4

7,1

Түп району

379

87,5

174

29,1

15

Нарын облусу

Ак-Талаа району

205

37

25,1

4,5

Ат-Башы району

191

54,3

21,7

4,5

Жумгал району

196

37

25,1

4,5

Кочкор району

215

37

25,1

4,5

Нарын району

196

54,3

21,1

5,3

Ош облусу

Алай району

232

62,3

27,7

5,3

Араван району

436

41,3

226

15,2

12,7

Кара-Кулжа району

232

62,3

117

27,7

5,3

Кара-Суу району

453

41,3

246

27,9

12

Ноокат району

413

62,3

233

27,8

12,7

Өзгөн району

413

62,3

235

33,7

13,9

Чоң-Алай району

183

21,1

5,5

Талас облусу

Бакай-Ата району

318

52,5

164

7,4

Кара-Буура району

350

36,4

165

11,2

4,8

Манас району

331

36,4

166

11,2

4,8

Талас району

297

52,5

164

11

4,8

Чүй облусу

Аламүдүн району

400

56,5

209

23,1

10,8

Жайыл району

а) Чүй зонасы

329

67,9

213

20,4

10,8

б) Суусамыр зонасы

189

34,5

11,3

10

Ысык-Ата району

400

74,2

213

29,7

10,8

Кемин району

354

80,5

211

29,7

10,8

Москва району

392

67,2

215

29,7

7,8

Панфилов району

362

67,2

215

23,1

7,8

Сокулук району

407

67,2

211

13,9

7,8

Чүй району

400

74,9

211

32,4

10,8

2. Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн шаарларда жана калктуу конуштарда жер салыгынын базалык ставкалары ушул берененин 1-бөлүгүндө жакын жайгашкан администрациялык райондор үчүн колдонулган каралган ставкалар боюнча белгиленет.

3. Көлмөлөрдү пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары тиешелүү райондун сугат жерлери үчүн колдонулган, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ставкалар боюнча белгиленет.

4. Насостук станциялар менен сугарылган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, тийиштүү райондун кайрак жерлери үчүн колдонулган ставкалар боюнча белгиленет.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарга киргизилген айыл чарба жерлери үчүн айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдө ошол район үчүн жер салыгынын базалык ставкасынын 50 пайыз өлчөмдө жеңилдик белгиленет.

6. Райондук кеңештер айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын кыртыштын бонитетин, ошондой эле айыл чарба жерлерин пайдаланбагандыгы үчүн ал жеткис күчтүн таасири болгон учурлардан сырткары, календардык жылдын ичинде бирден кем эмес жана үч жолудан ашырбай көбөйтүүгө укугу бар.

(КР 2010-жылдын 16-мартындагы N 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

338-берене. Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары

1. Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет.

Калктуу конуштар

Жер салыгынын ставкасы (сом/кв. метр)

1) Бишкек, Ош шаарлары

1,5

2) Токмок, Кара-Балта, Жалал-Абад, Каракол, Талас, Чолпон-Ата шаарлары

1,0

3) Ушул пункттун 1), 2) пунктчаларында каралбаган шаарлар, ошондой эле айылдык калктуу конуштардан башка поселоктор

0,5

4) Айылдык калктуу конуштар

0,1

2. (КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Эгер үй жанындагы, короо жай жана/же багбанчылык жер участок же алардын үлүшү ишкердик максатта пайдаланылса, андай участоктор же алардын үлүштөрү боюнча жер салыгы ушул бөлүмдүн 339-беренесине ылайык эсептелет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

339-берене. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары

1. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

Региондордун аталышы

Калкынын саны миң менен эсептелген калктуу конуштардын жерлери үчүн ставкалар (сом/кв.м)

 

5ке чейин

5тен 10го чейин

10дон 20га чейин

20дан 50гө чейин

50дөн 100гө чейин

100дөн 200гө чейин

200дөн 500гө чейин

500 жана андан ашык

Баткен облусу

0,9

1,4

1,5

1,7

1,7

Жалал-Абад облусу

1,2

1,6

1,8

2,0

2,1

Ысык-Көл облусу

1,2

1,6

1,8

2,0

2,1

Нарын облусу

1,0

1,4

1,6

1,7

1,8

Ош облусу

1,3

1,6

1,8

2,0

2,3

2,4

2,6

Талас облусу

1,1

1,5

1,7

1,9

Чүй облусу жана Бишкек шаары

1,2

1,6

1,8

2,0

2,3

2,4

2,9

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган калктуу конуштардын чек арасынан тышкары жайгашкан айыл чарба багытында болбогон жерлер үчүн тиешелүү райондун 5,1 миңден 10 миңге чейин адам жашаган калктуу конуштары үчүн белгиленген ставкалар колдонулат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жер салыгынын ставкалары Кз экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн зоналык коэффициентин жана жер участокторун коммерциялык пайдалануунун Кк коэффициентин колдонуу менен дифференцияланат.

4. Кз зоналык коэффициентинин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша үстүдөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө жылына бир жолудан көп эмес 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө белгиленет.

Караңыз:

Бишкек шаардык  кеңешинин  2011-жылдын  30-июнундагы N 238 «Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарын жана Кз зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө» токтому;

Бишкек шаардык  кеңешинин  2012-жылдын  12-июнундагы N 238 «Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо  зоналары жана Кз зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө» токтому;

Бишкек шаардык  кеңешинин  2013-жылдын  2-апрелиндеги N 14 «Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарын жана Кз зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө» токтому

5. Кк коммерциялык коэффициентти пайдалануу үй жанындагы, жер, короо жай жана багбанчылык-огород жер участоктордун турак жай курулуштар же жашоо үчүн менчик ээси тарабынан ижарага өткөрүп берилген курулмалардын бөлүгү ээлеген үлүшкө пропорционалдуу бөлүктөр үчүн 1,0 барабар белгиленет.

6. Коммерциялык пайдалануунун уюмдарга жана жеке ишкерлерге менчик же пайдалануу укугунда, жеке адамдарга ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланылчу бөлүгүндө таандык жер участоктору үчүн Кк коэффициенти төмөнкүдөй максаттарга берилген жер участоктору үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет.

1) дүкөндөр, киосктор, ларектор жана башка соода мекемелери аянттарына жараша:

Аянты, кв.м

10го чейин

10дон 20га чейин

20дан 30га чейин

35тен 50гө чейин

50 жана андан ашык

Кз маани

22,5

16,5

10,5

7,5

6

2) чакан рынокторго, рынокторго, соода рынок комплекстерине — 7,5;

3) мал, жем сатуу рынокторуна — 4,5;

4) коомдук тамак-аш ишканалары — 3;

5) мейманканалык ишмердик ишканалары — 7;

6) банктар, күрөөканалар, алмашуу пункттары — 5;

7) букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун иштерин жүзөгө ашыруучу мекемелери жана дискотекалар — 7;

8) офистер, бизнес-борборлор, биржалар — 2,5;

9) авто май куюу станциялары — 10;

10) нефти базалар — 1,5;

11) авто токтоочу жайлар, автосервис ишканалары — 4,5;

12) жарнама курулмалары — 50;

13) эс алуу жана көңүл ачуу, спорттук-ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрү, жеке кызматтарды көрсөтүү ишканалары, эгер ушул беренеде башкача каралбаса — 1,5;

14) транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары: аэровокзалдар, автовокзалдар, автостанциялар, темир жол вокзалдары — 0,9;

15) өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары, эгер ушул беренеде башкача каралбаса — 0,5;

16) кен өнөр жайынын ишканалары, ошондой эле темир жол транспортунун жүктөө-түшүрүү станциялары, темир жол жана аба транспортунун ишканаларынын санитардык коргоо зоналары — 0,3;

17) иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, күл төгүүчү жайлар — 0,05;

18) геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштери — 0,005;

19) байланыштын жана электр берүүлөрдүн аба линиялары — 0,01;

20) илимий мекемелер, билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо, маданият, балдардын-өспүрүмдөрдүн дене тарбия-спорт мекемелери — 0,3;

21) айыл чарбасындагы өндүрүштүк имараттар (гараждар, оңдоо устаканалары, кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча-картошка сактагычтар, курулуш жана чарбалык жайлар жана айыл чарбалык өндүрүш имараттары) — 0,2;

22) коргонуу-спорт-техникалык уюмдар — 0,01.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2010-жылдын 10-февралындагы N  25, 2012-жылдын 25-июлундагы N 123 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

340-берене. Салыктык мезгил

Жер салыгы үчүн салыктык мезгил болуп календарлык жыл эсептелет.

50-глава
Салыкты эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби

341-берене. Жер салыгынын суммасын эсептөө

1. Жер салыгын эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт.

1) айыл чарба багытындагы жерлер төмөнкүдөй формула боюнча:

Н = С х П х Ки, мында:

Н — жер салыгынын суммасы, С — жер салыгынын ушул Кодекстин 337 жана 338-беренелеринде белгиленген ставкасы, П — жер участогунун аянты, га/кв.м, Ки — инфляция коэффициенти.

2) калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

Н = С х П х Ки х Кз х Кк, мында:

Н — жер салыгынын суммасы, С — жер салыгынын ставкасы, П — жер участоктун аянты, кв.м, Ки — инфляциянын коэффициенти, Кз жана Кк — ушул Кодекстин 339-берене менен белгиленген коэффициенттер.

3) үйдүн жанындагы, короо жай жана багбанчылык-огород жер участоктор үчүн төмөнкүдөй формула боюнча:

Н = С х П х Кз, мында

Н — жер салыгынын суммасы, С — жер салыгынын ставкасы, П — жер участогунун аянты, кв.м, Кз — ушул Кодекстин 339-берененин 4-бөлүгү каралган тартипте белгиленген зоналык коэффициент.

2. Эгерде тийиштүү коэффициент белгиленбесе, ал 1,0 менен кабыл алынат.

3. Инфляциянын коэффициентин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын өтүп жаткан жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен өткөн жылдагы факты боюнча бекитет. Инфляциянын коэффициенти белгиленбеген учурда ал өткөн жылдын коэффициентине барабар деп кабыл алынат.

4. Уюм, жеке ишкер, ошондой эле дыйкан же фермердик чарба төлөөгө тийиш болгон жер салыгын эсептөө алар тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык өз алдынча жүргүзүлөт.

5. Жеке адамдардын үй жанындагы жер, короо жай жана багбанчылык участоктору боюнча жер салыгынын суммасын, жеке ишкерлердин ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланган жерлериникинен башкасын эсептөө милдети жер участогу жайгашкан жердеги салык органына жүктөлөт.

6. Эгер бул главада башкача каралбаса жана жер салыгы боюнча салыктык милдеттенме календарлык жылга жетпеген мезгилдин ичинде жарактуу болсо, жер салыгынын суммасы ошол милдеттенме жарактуу болгон айлардын санына пропорциялуу эсептелет.

7. Эгер жер участогунда Кк коммерциялык пайдалануунун ар кандай коэффициенттери колдонулган курулуштар болсо, ал курулуштардын ар бирине тиешелүү жер участокторунун үлүштөрү же алардын бөлүгү алар курулган аянттарга пропорциялуу аныкталат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2010-жылдын 10-февралындагы N 25, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

342-берене. Жер салыгын төлөөчү мөөнөт жана орду

1. Айыл чарба жерлери боюнча жер салыгы өтүп жаткан жылдын 25-апрелинен кийинки күндөн кечиктирбестен 20 пайыз өлчөмүндө, 25-августунан кийинки күндөн кечиктирбестен 25 пайыз өлчөмүндө жана 25-ноябрынан кийинки күндөн кечиктирбестен 55 пайыз өлчөмүндө төлөнөт.

2. Шаар жана айыл жерлериндеги жарандарга берилген үй жанындагы, короо жай-багбанчылык участокторун пайдалануу укугу үчүн жер салыгынын жылдык суммасы өтүп жаткан жылдын 1-сентябрынан кийин күндөн кечиктирбестен төлөнөт.

Салык органынын салыктык мезгил үчүн жер салыгынын суммасы эсептелгени жөнүндө билдирүүсү салык төлөөчүгө салыкты төлөөнүн белгиленген мөөнөтүнөн кечиктирбестен тапшырылат. Билдирүүдө салыкты төлөөнүн ушул бөлүктө белгиленген мөөнөтү көрсөтүлөт.

Билдирүүнү албагандык салык төлөөчүнүн жер салыгы боюнча милдеттенмени аткарбашына негиз болбойт.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн жер салыгын төлөөчүлөр жер салыгын ар квартал сайын, өтүп жаткан кварталдын биринчи айынын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен бирдей бөлүктөрдө төлөшөт.

4. Жер салыгы жер участогу эсептик каттоого алынган жер боюнча, ал эми Бишкек шаарынын чегинде — салык төлөөчү салыктык катталган жер боюнча төлөнөт.

5. Банк мекемелери жок, алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу пункттарда жеке жактын салык органына жер салыгынын суммасын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлсө болот.

6. Жер участогуна ээлик кылуунун жана (же) пайдалануунун иш жүзүндөгү мезгилинде ушул укукту өткөрүп берген адам тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы укуктар мамлекеттик каттоодон өткөнгө чейин же каттаган мезгилде бюджетке төгүлүүгө тийиш. Мында жер салыгынын баштапкы төлөөчүсү өтүп жаткан жылдын 1-январынан тартып ал жер участогун өткөрүп берген айга чейин эсептелген салыктын суммасын төлөйт.

Жер салыгын кийинки төлөөчү жер участогуна өзүнүн укугу пайда болгон айдан тартып эсептелген мезгил үчүн жер салыгынын суммасын төлөйт.

Жер участогуна болгон укукту мамлекеттик каттоодо салыктын жылдык суммасы бюджетке тараптардын бири тарабынан макулдашуу боюнча төгүлүшү мүмкүн. Андан кийин жер участогуна болгон укукту мамлекеттик каттоо учурунда төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт.

Жер салыгы ушул берененин талаптарына ылайык жер участогуна менчик же пайдалануу укугу мамлекеттик каттоого алынганга чейин же катталып жатканда төлөнбөгөн учурда укуктарды өткөрүп берүү ишке ашырылган толук салык мезгили үчүн жер салыгын төлөө боюнча милдеттенме кийинки салык төлөөчүгө жүктөлөт.

7. Ушул берененин 1 жана 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр жер салыгы боюнча информациялык эсептөөнү өтүп жаткан жылдын 1-февралынан кийинки күндөн кечиктирбестен беришет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

51-глава
Салык боюнча жеңилдиктер

343-берене. Салык салуудан бошотуу

Эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, төмөндөгүлөр салык төлөөдөн бошотулат:

1) коруктардын, резерваторлордун, улуттук жана дендрологиялык парктардын, ботаникалык жана зоологиялык бактардын, заказниктердин, жаратылыш эстеликтеринин, тарыхый-маданий маанидеги объектилердин жерлери, запастагы бөлүштүрүлө элек жерлер, мамлекеттик чек араны бойлой кеткен байкоо тилкеси ээлеп турган жерлер, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы коргоочу токой тилкелери ээлеп турган жерлери, суу жана токой фондусунун жерлери, жол катнаш жерлерине, продуктуларды өткөрүүчү түтүктөрдүн, байланыш жана электр берүүчү линиялардын жерлери, жол боюндагы жер тилкелерине аталган объектилерди пайдаланууга жарактуу абалда кармап туруу үчүн ишке киргизилген курулмалардын жерлери, айыл чарбасында пайдаланууга берилген жерлерден башкасы, ошондой эле ишкердик жүргүзүүгө берилгенден башкасы салыктан бошотулат;

2) көрүстөндөрдүн жерлери;

3) мал айдоочу жана мал топтоочу аянтчалардын жерлери;

4) Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, Депозиттерди коргоо фондунун, КРУБ жерлери, эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана оюн-зоок үчүн пайдалангандан жана/же ижарага берилгенден башка жерлери;

5) майыптардын уюмдарынын, согуштун катышуучуларынын жана аларга теңештирилген адамдардын жерлери жана майыптар, азиздер жана дүлөйлөр аларда иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгекке акы төлөөнүн жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмес суммасын түзгөн Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын жери. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

6) жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин жерлери;

7) бузулган (деградацияланган, топурак кыртышы жана башка сапаттык көрсөткүчтөрү бузулган) рекультивациялоону талап кылган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, ошондой эле жеке адамдар айыл чарба муктаждыктары үчүн алган жерлерге жергиликтүү кеңештер тарабынан белигеленген мөөнөткө салык салынбайт;

8) профсоюздардын санаторийлеринин, эс алуу үйлөрүнүн, пансионаттарынын санитардык-коргоо зоналарына кирген жерлери;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдардын кудайга табынуу объекттеринин жерлери.

Кудайга табынуу объекттери — динге биргелешип табынуу жана жайылтуу максатында түздөн-түз ырасымдарды, сыйынууларды жасоо үчүн диний уюмдардын кыймылсыз мүлкү.

(КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги N 38, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

344-берене. Жер салыгы боюнча жеңилдиктер

1. Эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, төмөнкүлөр үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-огороддук участокторду пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотулушат:

1) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптар;

2) кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде балдары эрезеге жеткенге чейин;

3) пенсиялык куракка жеткен жеке адам;

4) 4 жана андан ашык эрезеге жете элек балдары бар жеке адам.

2. Жер пайдалануучу ал жеткис күчтүн кесепетинен материалдык зыян тарткан учурда жергиликтүү кеңештер 3 жылга чейинки мөөнөткө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 27-февралындагы N 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

XV БӨЛҮМ
АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ

52-глава
Патенттин негизинде салык милдеттенмелерин аткаруунун жалпы шарттары

345-берене. Жалпы жоболор

1. Өзүнчө салыктар милдеттүү патентти же ыктыярдуу патентти сатып алуу жолу менен төлөнүшү мүмкүн.

2. Ишкердиктин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырган жана ишкердиктин ошол түрү боюнча салык төлөгөн, ошондой эле патент колдонулган мезгилдин аралыгында алынган кирешелерди тастыктоочу, салык төлөөчүнүн укугун күбөлөндүрүүчү, салык органдары кызматы тарабынан берилүүчү же төлөм терминалы аркылуу салык төлөөчү сатып алуучу документ патент болуп саналат. Патенттин формасы жана аны берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Патенттин бланкы талаптуу отчеттуулук документи болуп саналат жана ушул Кодексте белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин сакталып турат.

Караңыз:

Салык органдарында патенттерди берүү Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы N 713 токтому менен бекитилген)

Патент салык төлөөчү салык органына салыктык каттоого тургандан кийин гана ишкердик ишин жүргүзүү үчүн, а ыктыярдуу мамиледеги патент — жашаган жери боюнча берилет. Патентсиз ишкердик жүргүзүү ишкердикти каттоого туруусуз жана салык төлөөдөн четтөө менен жүргүзүү деп таанылат.

Патент ал берилген аймакка (район, районго бөлүнбөгөн шаар же Бишкек шаары) гана жарактуу. Ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында патентти же анын көчүрмөсүн башка адамга берүүгө тыюу салынат.

3. Патенттин негизинде ишкердик жүргүзүүчү салык төлөөчүлөр ишкердикти жүргүзгөн орду же төлөм терминалы аркылуу боюнча салык кызматынан патент алышат. Обочо бөлүктөр үчүн патенттер алардын жайгашкан орду боюнча салык кызматы органдары тарабынан берилет.

4. Патенттин негизинде салыктын суммасын салык төлөөчүлөр банк мекемесине төлөйт, андан кийин патентке төлөнгөнү жөнүндө квитанцияны банктын белгиси менен салык органына көрсөтөт, анын негизинде патент берилет. Банк мекемеси болбогон алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу пункттар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте патенттин негизинде салыктын суммасын салык органына төлөөгө жол берилет.

5. Патент ишкердиктин өзүнчө түрлөрүн жүзөгө ашырууда ага мамлекеттик органдар тарабынан берилген ыйгарым укукту, анын жүргүзүлүшүнө укук берген лицензияны жана башка атайын чечимди алмаштыра албайт.

6. Патент жоголгон учурда анын дубликаты берилет. Андай болгон учурда калган салыктык мезгил үчүн салык төлөөчүгө «жоголгондун ордуна» деген белги коюу менен жаңы патент берилет. Анда салык төлөөчү дубликат берилгендигине байланыштуу чыгымдардын наркын гана төлөйт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55, 2012-жылдын 28-майындагы N 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

346-берене. Жалпы талаптар

1. Салык төлөөчүлөр патенттин негизинде салык төлөө менен ушул Кодексте белгиленген кырдаалдарда салык агенттеринин милдеттеринен бошотулбайт.

Бир жолку иштер үчүн кызматкерлерге төлөөлөрдө, жарандык-укуктук келишим (контракт, жалдоо) боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ал иштердин алкагындагы бюджетке киреше салыгын эсептеп чыгуулар, кармоолор жана которуулар ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Ишкерликтин башка түрү менен иштеген, салыкты патенттик негизде төлөбөгөн салык төлөөчүлөр өзүнчө учет жүргүзүүгө, ушул Кодексте белгиленген тартипте ишкердиктин ошол түрү боюнча отчет берүүгө жана салык төлөөгө милдеттүү. Мунун патенттик негизде ишкердик жүргүзүү боюнча чыгымдарды ишкердиктин башка түрү боюнча иштеген, патенттик негизде иш алып барбаган салык төлөөчүлөрдөн жылдык кирешени чогуу чегерүүлөр менен тиешеси жок.

3. Патенттин негизинде салык төлөөнү жүзөгө ашыруучу ишкердикте, өз ара текшерүүлөрдү эске албаганда, патент колдонулган мезгилдин аралыгында көчмө салыктык текшерүүлөр болбойт. Салыктык контролдун башка формалары ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.

Патенттин бар экендигин жана анын колдонуу мөөнөтүн текшерген учурда салык төлөөчү ошондой эле төлөгөндүгү тууралу квитанцияны көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Кандайдыр бир себеп менен өз ишин 1 айлык мөөнөттөн ашык токтотуп турган же атайын режимин өзгөрткөн патенттик негизде иш жүргүзүүчү уюм же жеке ишкер бул тууралуу патент берген салык органына кабарлайт.

5. Эгер төмөнкүдөй кырдаалдар болсо салык органы патентти жокко чыгаруу, чакыртып алуу же токтотуп коюуга укугу бар:

1) Салык төлөөчү ишкердиктин патентте көрсөтүлбөгөн түрүн жүзөгө ашырса;

2) Салык төлөөчү башка салык төлөөчүгө берилген патент боюнча иш жүргүзсө;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка тартип бузуулар бар болсо.

347-берене. Хронометраждык иликтөөлөр

1. Хронометраждык иликтөөлөр атайын салык режимин колдонуу үчүн зарыл болгон ишкердиктин өзүнчө түрлөрүн жана региондор боюнча орточо кирешени аныктоо максатында салык кызматы органы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана ыйгарым укуктуу салык органында акредиттелген бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлөт. Хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Караңыз:

Хронометраждык текшерүүнү жүргүзүү Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 736 токтому менен бекитилген)

2. Хронометраждык иликтөөлөр жылына бир жолудан көп эмес, ал эми сезондук мүнөздөгү ишкердиктин түрү боюнча — жылына үч жолудан көп эмес жүргүзүлөт жана ар бир хронометраждык иликтөө 15 календардык күндөн ашышы мүмкүн эмес.

3. Хронометраждык иликтөөлөр салык төлөөчүгө айтып да, кабарланбай да жүргүзүлүшү мүмкүн. Ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн буйрук алуу негиз болуп саналат.

4. Салык төлөөчүгө билдирүү менен жасалган хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүүдө салык төлөөчүгө буйруктун түпнускасы таанышуу үчүн көрсөтүлөт жана анын көчүрмөсү тапшырылат. Салык төлөөчүнүн түпнуска менен таанышкандыгы жана көчүрмөнү алгандыгы тууралу белги коюлат.

5. Салык төлөөчүгө кабарлабай хронометраждык иликтөө жүргүзгөндө салык төлөөчүгө таанышуу үчүн буйруктук түпнускасы көрсөтүлөт жана анын көчүрмөсү ошол иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин иликтөөнүн тиешелүү актысын тапшырганда бирге тапшырылат.

6. Хронометраждык иликтөөнүн натыйжасы иши иликтөөгө коюлган конкреттүү адамдын салык милдеттенмесин өзгөртүүгө таасирин тийгизбейт жана ишкердиктин конкреттүү түрү боюнча патенттик негизде салык өлчөмүн аныктоо үчүн гана колдонулат.

7. Хронометраждык иликтөөнү жүргүзүүгө киришүү ушул Кодекске ылайык камсыз кылынат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

53-глава
Милдеттүү патенттин негизиндеги салык

348-берене. Милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары

1. Милдеттүү патенттин негизиндеги салык (ушул главада мындан ары — салык) ишкердиктин төмөнкү түрүнө болгон мамиледе милдеттүү негизде төлөнөт:

1) муниципалдык мончолорду эске албаганда сауна, мончо кызматы;

2) бильярд кызматы;

3) (КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) (КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) акча алмаштыруу бюросунун кызматы;

6) дискотека кызматы;

7) сутка бою иштөөчү автотуруктардын кызматы;

8) ломбарддар кызматы;

9) чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү;

10) менчик стоматологиялардын кызмат көрсөтүүлөрү;

11) жарнама такталарын ижаралоо кызмат көрсөтүүлөрү;

12) букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөр.

Дискотекалык кызмат көрсөтүүдө салык төлөөчүлөр белгиленген акы үчүн бий аянттарын берүү кызматы эске алынат.

2. Милдеттүү патенттик негизде салык төлөөчү уюмдар жана жекече ишкерлер (ушул главада мындан ары — салык төлөөчүлөр) салыктын төмөнкү түрлөрүн эске албаганда ушул Кодексте белгиленгендей салык төлөшөт.

1) Кирешеге карата салык;

2) Салык салынуучу берүүлөргө карата КНС;

3) Соодага карата салык.

3. Салык төлөөчүлөр жалданган жумушчулардын эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөдө жана төлөөдө ишкердүүлүк чөйрөсү менен алектенген, милдеттүү патент алууга тийиш болгон ар бир жалданма жумушчуга ай сайын жети эсептик көрсөткүч өлчөмүндө патент алып берүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 29-майындагы N 69, 2012-жылдын 25-июлундагы N 123, 2013-жылдын 4-июлундагы N 114, 2013-жылдын 30-июлундагы N 166 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

349-берене. Салык салуунун объекти, салыктык база жана салыктын ставкасы

1. Салыкты эсептөө үчүн салык салуу объектиси болуп ушул Кодекстин 348-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген экономикалык ишкердиктин түрлөрү эсептелет.

2. Салыктын суммасын эсептөө үчүн төмөнкүдөй салыктык база жана салыктын ставкасы колдонулат:

Ишкердиктин түрлөрү

Салыктык база

Салыктык мезгилдеги салыктын ставкасы

1) сауналардын, мончолордун кызмат көрсөтүүлөрү

1 сауна, мончо, жалпы аянты:

150 кв.м чейин

30000 сом

150 кв.м ашык

50000 сом

2) бильярд кызмат көрсөтүүлөрү

1 стол

10000 сом

3) КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту

4) КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту

5) акча алмаштыруу бюросунун кызмат көрсөтүүлөрү

1 лицензияланчу объект

20000 сом

6) дискотекалардын жана түнкү клубдардын кызмат көрсөтүүлөрү

1 дискотека, түнкү клуб

100000 сом

7) сутка бою автотуруктардын кызмат көрсөтүүлөрү

1 токтоочу орун

100 сом

8) ломбарддар кызмат көрсөтүүлөрү

1 объект

15000 сом

9) чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү

1 орундук кресло

2000 сом

10) менчик стоматологиялардын кызмат көрсөтүүлөрү

1 орундук кресло

5000 сом

11) жарнама такталарын ижаралоо кызмат көрсөтүүлөрү

1 жарнама тактасы

5000 сом

12) букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөрү

1-пункт ставкаларды (кассаны) кабыл алуу

20000 сом

3. Ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн ставкалардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү комитеттери менен биргеликте жылына бир жолудан ашырбастан салыктын ставкаларын көрсөтүлүүчү кызматтардын объекттеринин жайгашкан ордун жана/же наркын эске алуу менен өзгөртүүгө укуктуу.

4. Эгер салык төлөөчү милдеттүү патенттин негизинде салык салынчу ишкердиктин эки же андан ашык түрүн айкалыштырса, салыктын ставкасы иштин ар бир түрүнө өзүнчө колдонулат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 29-майындагы N 69, 2012-жылдын 25-июлундагы N 123, 2013-жылдын 4-июлундагы N 114, 2013-жылдын 30-июлундагы N 166 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы N 58 «Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтому

350-берене. Салыктык мезгил

Катары менен келген 30 күн салыктык мезгил болуп саналат.

351-берене. Салыкты эсептөөнүн тартиби

1. Салыктын суммасы салыктык базага, салыктык ставкалары такташтырылуучу коэффициенттерди эске алуу менен салыктын ставкаларына жараша аныкталат.

2. Эгер бул беренеде башкача каралбаса, салык салуу объектисинин жайгашкан ордуна жараша төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын аныктоодо төмөнкүдөй такташтырылуучу коэффициенттер колдонулат:

Калктуу конуштардын калкынын санына, миң адам, жараша коэффициенттер

500дөн ашык

250-500

100-250

50-100

20-50

10-20

10 чейин

1

0,7

0,6

0,5

0,4

0,3

0,1

3. Калктуу конуштарда калктын санына карабастан салыкты эсептөөдө бильярд, саны 100дөн ашык машина орду бар автомашина токтоочу жайларды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө 1ге барабар коэффициент колдонулат.

4. Калктуу конуштардын чектеринен тышкарыда көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча салыкты эсептөөдө ага жакын жайгашкан калктуу конуштар үчүн белгиленген коэффициенттер колдонулат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы N 123, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

352-берене. Салыктык отчетту берүүнүн тартиби. Салык төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү

1. Салыкты төлөө патент алуу жолу менен ишкердикти баштаганга чейин жүргүзүлөт.

2. Патент удаалаш өтүүчү 30, 90 же 180 күнгө алынат. 90 күндүк патент алууда салыктын суммасы 5 пайызга, ал эми 180 күнгө алууда — 10 пайызга азаят.

3. Салыктын суммасы туруктуу болот жана кайра эсептелбейт, ал эми төлөнгөн салыктын суммасы патент алынгандан кийин кайра берилбейт.

4. Патенттин негизинде ишкердик жүргүзүүчү салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык патентте каралган ишкердикке карата бирдиктүү салыктык декларация тапшыруудан бошотулбайт, анда милдеттүү патенттин негизиндеги ишкердик боюнча иш жүзүндө алынган кирешелер аларды милдеттүү түрдө ырастабастан жана төлөнгөн салыктын суммасын кайра эсептебестен көрсөтүлөт.

54-глава
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык

353-берене. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тизмекке ылайык ишин жүзөгө ашыруучу жеке жак ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөгө укугу бар.

2. Ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөчү жеке адамдар (бул главада мындан ары — салык төлөөчүлөр) ушул Кодексте белгиленген салыктарды, салыктын төмөнкүдөн башка түрлөрүн төлөшөт:

1) пайдага салык;

2) сатуулардан салык.

3. Салык төлөөчүлөр жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан ар бир жалданма кызматкердин жеке киреше салыгын ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталчу минимум эсептик кирешеге жараша кармап калышат жана төлөшөт.

4. Ыктыярдуу патенттин негизинде салыкты төлөө режимин колдонууга төмөнкүлөрдүн:

1) КНСке салык төлөөчүлөр болуп саналган жеке адамдардын жана/же жылдык кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашкандардын;

2) уюмдардын укуктары жок.

5. Ушул главада белгиленген шарттарга дал келбеген учурда, салык төлөөчү дал келбөө аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн белгиленген жалпы тартибине өтөт. Ыктыярдуу патенттин негизинде төлөнгөн жана салык төлөөчү белгиленген жалпы тартипке өткөн учурдан башталуучу мезгилге туура келген салыктын суммасы ашыкча төлөнгөн деп таанылат, аны кириштөө ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.

6. КНС боюнча каттоо чегинен ашканда КНС боюнча салыктык милдеттенме ушул Кодекстин жоболоруна ылайык келип чыгат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

354-берене. Салыктын суммасын аныктоонун тартиби

1. Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча белгилейт.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 733 «Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө» токтому

Салыктын базалык суммасын иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде аныктоо Ыкмасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 736 токтому менен бекитилген)

2. Ыйгарым укуктуу салык органы салыктын базалык суммасынын чегинде салыктын суммасын иштин сезондуулугуна, кирешелүүлүгүнө, түрүнө жана жүргүзүү ордуна жараша такташтырууга укуктуу.

3. Салыктын базалык суммасын эсептөө, аныктоо жана такташтыруу хронометраждык иликтөөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт.

4. Эгер салык төлөөчү ыктыярдуу патенттин негизинде салык салынуучу ишкердиктин эки же андан ашык түрүн айкалыштырса, салыктын суммасы экономикалык ишкердиктин ар бир түрүнө өзүнчө белгиленет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

355-берене. Салыктык отчетту берүүнүн тартиби. Салыкты төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү

1. Салык патент алуу менен ишкердикти баштаганга чейин төлөнөт.

2. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, патент удаалаш өтүүчү 1, 2, 15, 30, 90 же 180 күнгө сатып алынышы мүмкүн. Патентти 90 күнгө сатып алууда салыктын суммасы 5 пайызга, 180 күнгө сатып алууда — 10 пайызга төмөндөйт.

Төлөм терминалы аркылуу сатып алынуучу патент удаалаш өтүүчү 1ден 30 күнгө чейинки мөөнөткө сатып алынышы мүмкүн.

3. Салыктын суммасы туруктуу болот жана патент алынгандан кийин кайра эсептелбейт.

4. Патенттин негизинде ишкердик жүргүзүүчү салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык патентте каралган ишкердикке карата бирдиктүү салыктык декларация тапшыруудан бошотулбайт, анда, эгер ушул главада башкача каралбаса, ыктыярдуу патенттин негизиндеги ишкердик боюнча иш жүзүндө алынган кирешелер аларды милдеттүү түрдө ырастабастан жана төлөнгөн салыктын суммасын кайра эсептебестен көрсөтүлөт. Бирдиктүү салыктык декларацияга патенттин көчүрмөсү тиркелиши керек.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы N 255, 2012-жылдын 28-майындагы N 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

356-берене. Өзгөчө жоболор

Эгерде салык төлөөчүнүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчасы КНС боюнча каттоо чегинен ашса бул салык төлөөчү ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөгө укугу жок.

55-глава
Бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөөчүлөргө салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы

357-берене. Жалпы жоболор

1. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы ушул главага ылайык салык салынууга тийиш болгон ишке карата чакан ишкерлик субъектилери тарабынан төмөнкүлөрдүн ордуна бирдиктүү салык төлөө укугун карайт:

1) пайдадан алынуучу салыктын;

2) сатуудан алынуучу салыктын.

2. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон чакан ишкерлик субъектилери (мындан ары ушул главада — салык төлөөчү) төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык эсебин эсептөөнү кассалык ыкмага ылайык жүргүзүүгө;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте фискалдык эс тутуму бар контролдук-кассалык машиналарды колдонууга;

3) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды ушул Кодекске ылайык төлөөгө.

3. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агенттеринин милдеттеринен бошотулбайт.

4. Салык төлөөчү ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталуучу минималдуу эсептик кирешеге жараша эсептелген, ар бир жалданма кызматкердин эмгек акысынан белгиленген киреше салыгынын суммасын кармап калат жана төлөп берет.

358-берене. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонуу тартиби

1. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген тартипте салык салуу системасын өз алдынча тандап алууга укуктуу.

2. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга ниеттенген салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча бирдиктүү салыкты төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү:

1) кайрадан катталган субъектилер үчүн — салыктык катталган күндөн кийинки күндөн тартып 5 күндүн ичинде;

2) иштеп жаткан субъектилер үчүн — учурдагы жылдын 1-декабрына чейин.

3. Ушул главада белгиленген шарттарга туура келбеген учурларда салык төлөөчү кийинки календарлык жылдын биринчи январынан тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн жалпыга белгиленген тартибине өтөт.

4. КНС боюнча каттоо чегинен ашкан учурда КНС боюнча салыктык милдеттенме ушул Кодекстин жоболоруна ылайык келип чыгат.

5. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан өз ыктыяры менен чыгууда салык төлөөчү бул чечим тууралуу ушул салык салуу системасынан чыгууга чейин жок дегенде бир ай калганда салык органына маалымдоого милдеттүү. Мындай учурда бирдиктүү салыкты төлөөчү катары эсептен чыгаруу кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары каттоо эсебинен чыгарылган салык төлөөчү ушундай каттоо эсебинен чыгарылгандан үч жылдан кийин гана салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына кайрадан өтүүгө укуктуу.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

359-берене. Салык төлөөчүлөр

1. Салык салуу максатындагы чакан ишкерлик субъектиси болуп уюм же жеке ишкер эсептелет, эгерде бир эле мезгилде төмөнкүдөй шарттар сакталса:

1) жыл үчүн кирешенин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпаса;

2) уюм же жеке ишкер КНС төлөөчү болуп эсептелбесе.

2. Салык төлөөчүлөр үчүн салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтүү укугу мурунку жыл үчүн кассалык ыкма менен эсептелген дүң түшкөн акчанын өлчөмүнө жараша, ал эми жаңыдан катталган салык төлөөчүлөр үчүн — салык төлөөчүнүн болжолдуу маалыматтарына жараша аныкталат.

3. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) патенттин негизинде салык төлөөчү субъекттерге;

2) финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн субъектилерге;

3) инвестициялык фонддорго;

4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына;

5) акциздик салыктын салык төлөөчүлөрүнө;

6) коомду