Бишкек шаары

2009-жылдын 7-апрели N 119

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Маданият жөнүндө

 

(КР

2013-жылдын 4-июлундагы N 111 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Жарандардын маданият ишмердиги жаатындагы укуктары жана

милдеттери

3-глава. Маданият жаатындагы мамлекеттик колдоо

4-глава. Кыргызстан элинин маданий мурастары

5-глава. Искусство жана маданият чыгармаларын жайылтуу жана

даңазалоо

6-глава. Маданият жаатындагы ишти экономикалык жактан жөнгө

салуу

7-глава. Эмгек мамилелери жана социалдык кепилдиктер

8-глава. Маданият жаатындагы тышкы байланыштар

9-глава. Корутунду жоболор

 

 

Ушул Мыйзам маданият жаатындагы ишти өнүктүрүүнүн укуктук, экономикалык, социалдык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, чыгармачылыктын эркиндигин камсыз кылуу, маданият жаатындагы кесиптик жана ышкыбоздук ишти өнүктүрүү жана колдоо максатында маданий баалуулуктарды түзүү, жайылтуу, сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат.

 

1-глава

Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

 

Маданият — адамзат тарабынан түзүлгөн жана коомдун өнүгүшүнүн кандайдыр бир деңгээлин мүнөздөгөн материалдык жана рухий баалуулуктардын жыйындысы.

Искусство — адабиятты, архитектураны, скульптураны, сүрөтчүлүктү, графиканы, декоративдик-колдонмо искусствону, музыканы, бийди, театрды, кинону жана башка адамзат ишинин түрлөрүн камтыган тиричиликтин формасын көркөм-образдуу чагылдырып бириктирген көркөм чыгармачылык.

Маданият жаатындагы иш — маданий баалуулуктарды сактоого, түзүүгө, жайылтууга жана маданий баалуулуктарды пайдаланууга жана маданий жыргалчылыктарды берүүгө багытталган иш.

Маданий баалуулуктар — адептүүлүк жана эстетикалык идеалдар, жүрүм-турумдун нормалары жана үлгүлөрү, тил жана диалектилер, улуттук каада-салттар жана үрп-адаттар, тарыхий топонимдер, фольклор, көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк, адабият жана искусствонун, элдик көркөм өнөрдүн чыгармалары, тарыхий-маданий мааниси бар имараттар, курулмалар, буюмдар жана технологиялар, тарыхий-маданий жагынан алганда сейрек учуроочу аймактар жана объектилер, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары жана методдору.

Маданий жыргалчылык — жарандар менен жалпы коомчулуктун көркөм-эстетикалык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр.

Маданий деңгээл — адамзат тарабынан иштелип чыккан маданияттын нормалары менен баалуулуктарын өздөштүрүүдөгү иштин натыйжасында жетишкен жеке инсандын, социалдык топтун, улуттук жана мамлекеттик жалпылыктардын, цивилизациялардын, жалпы коомчулуктун өнүгүү деңгээли.

Чыгармачыл кызматкер — маданий байлыктарды түзгөн же чечмелеген, өзүнүн чыгармачылыгын өмүрүнүн ажырагыс бир бөлүгү катары эсептеген, чыгармачыл кызматчы катары таанылган же таанылышын талап кылган жеке адам.

Маданият кызматкери — өзүнүн кесиптик ишин маданият жана искусство мекемелеринде жүргүзгөн жеке адам.

Кыргызстандын элинин маданий мурастары — элдин улуттук-маданий өз алдынчалыгын, анын дүйнөлүк цивилизацияга салымын сактоо жана өнүктүрүү үчүн мааниси бар материалдык жана материалдык эмес байлыктар.

Маданий мурастардын өзгөчө маанилүү объекттери — тарыхый-маданий жана жаратылыш комплекстери, архитектуралык ансамблдер жана курулмалар, маданият уюмдары, ошондой эле тарых, археология, маданият, архитектура, илим жана искусство көз карашынан алганда эталондук же уникалдык мүнөздөгү материалдык, интеллектуалдык көркөм баалуулуктагы башка объекттер.

Фольклор — Кыргызстандын калкынын же анын айрым индивидуумдары тарабынан маданий салттарга негизделип түзүлгөн жана сакталып келген салттуу баалуулуктарды, дүйнө таанымды, Кыргызстандын маданий мурастарынын мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн, анын маданий жана социалдык өз алдынчалыгын чагылдырган чыгармалардын жыйындысы.

Элдик көркөм кол өнөрчүлүк — фольклордук көркөм буюмдарды жасап чыгаруу, элдик көркөм чыгармачылыктын түрлөрүнүн бири.

Тарых жана маданият эстеликтери — маданий байлыктардын объектилери: калктын жашоосундагы тарыхый окуяларга, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө, материалдык жана рухий чыгармачылыкка байланышкан, тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулуктарды камтыган курулмалар, эстелик жайлар жана буюмзаттар.

Өнүгүү программаларынын маданий аспектилери — социалдык-экономикалык, илимий-техникалык жана башка өнүгүү программаларын жүзөгө ашыруунун натыйжаларынын маданиятты сактоого жана өнүктүрүүгө тийгизген таасиринин келечеги, ошондой эле маданияттын өзүнүн ошол натыйжаларга тийгизген таасири.

Маданият жаатындагы мамлекеттик саясат — коомдун өнүгүшү үчүн маданий баалуулуктарды түзүү, жайылтуу, сактоо жана пайдалануу боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн максаттардын, принциптердин, нормалардын жана иш-чаралардын жыйындысы.

Маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары — ыйгарым укуктуу орган) — маданият жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы.

Маданият уюму (мекемеси) — уюштуруу-укуктук формасына карабастан ишинин негизги түрү болуп маданий баалуулуктарды түзүү, сактоо, өздөштүрүү, жайылтуу жана сактоо, маданий жыргалчылыктарды калкка тартуулоо болуп эсептелген юридикалык жак.

Чыгармачылык союз — жекече мүчөлүктүн негизинде түзүлгөн маданияттын бир, же бир нече жанрындагы кесипкөй маданият ишмерлеринин коомдук бирикмеси.

 

2-берене. Маданият жөнүндө мыйзамдар

 

Маданият жаатындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка нормативдик укук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

Эгерде Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимде, ушул Мыйзамдагыдан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

Ушул Мыйзам маданият жаатындагы төмөндөгү тармактардын ишин жөнгө салат:

— Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый-маданий мурастарын;

— көркөм адабият, кинематография, көркөм-сүрөт, сахна, музыка жана цирк искусствосу, архитектура жана дизайн, фотоискуссгво, искусствонун башка түрлөрүн жана жанрларын;

— элдик көркөм кол өнөрчүлүктү жана фольклорду;

— өздүк (ышкыбоздук) көркөм чыгармачылыкты;

— музей иштерин жана коллекция чогултууну;

— китепкана, архив иштерин;

— телекөрсөтүү, радио жана башка маданий баалуулуктарды түзүүчү жана жайылтуучу аудиовизуалдык каражаттарды;

— эстетикалык тарбия берүү жана көркөм билимди;

— эл аралык маданий алмашууларды;

— чыгармачыл жамааттардын гастролдорун өткөрүүнү;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, маданий баалуулуктарды түзүүгө, сактоого, жайылтууга жана пайдаланууга багытталган башка иштерди.

 

3-берене. Маданият жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери

 

Маданият жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

— Кыргызстан элинин руханий өнүгүшүнүн, адептүү тарбиясынын негиз салуучу факторлорунун бири катары маданияттын таанылышы;

— Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоо жана көбөйтүү жана алардын жолун жолдоочулугун камсыз кылуу;

— дүйнөлүк мейкиндикте улуттук маданияттын бүтүндүгүн сактоо жана түрдүү маданияттын жетишкендиктери менен аны байытуу;

— чыгармачылык иштин эркиндиги;

— маданий баалуулуктарды түзүүдө, пайдаланууда жана жайылтууда жарандардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлиги;

— маданият жаатында башка өлкөлөр жана элдер менен кызматташуу үчүн укуктук негиздерди түзүү;

— маданиятты өнүктүрүүдө мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды айкалыштыруу;

— маданиятты жана искусствону мамлекеттик колдоо;

— маданият жаатындагы ишти жүзөгө ашырууда жана маданий турмушка катышууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо, маданиятты мамлекеттик колдоо;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгармачылык союздарга жана башка коомдук бирикмелерге биригүү эркиндиги.

 

4-берене. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери

 

Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:

— Кыргыз Республикасынын жарандарынын маданий баалуулуктарга жетишине карата конституциялык укуктарын камсыз кылуу жана коргоо;

— элдик көркөм кол өнөрчүлүктү жана фольклорду сактоо, кайра жаратуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

— инсандын руханий жана маданий өнүгүшүнө жана жарандарды эстетикалык жактан тарбиялоого көмөктөшүүчү шарттарды түзүү;

— маданият жана искусство кызматкерлеринин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо;

— маданият жаатында эл аралык кеңири кызматташууларга шарттарды түзүү;

— Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоо;

— маданият жана искусство мекемелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

— таланттуу адамдарды колдоону камсыз кылуу.

 

2-глава

Жарандардын маданият ишмердиги жаатындагы

укуктары жана милдеттери

 

5-берене. Маданий баалуулуктарга аралашуу укугу

 

Кыргыз Республикасында жарандар маданият баалуулуктарына жетүүгө, мамлекеттик китепканалардан, музейлерден, архивдик фонддордон, башка бардык маданият жаатындагы жыйнактардан пайдалануу укугуна ээ.

Иши улуттук-маданий жетишкендиктер менен байланышкан маданият уюмдары балдар, окуучулар, курсанттар жана мөөнөттүү кызмат аскери, пенсионерлер жана майыптар үчүн акысыз кирүү күндөрүн белгилейт.

Жашыруун же өзгөчө режимдин себептери боюнча маданият баалуулуктарына жетүүнүн чектелиши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.

 

6-берене. Маданият жаатындагы ишке укук

 

Кыргыз Республикасында маданий иштин эркиндигине, ар кандай мектептерди жана багыттарды өнүктүрүүгө кепилдик берилет.

Кыргыз Республикасынын жарандары улутуна жана социалдык тегине, жынысына, саясий, диний жана башка ишенимине, жашаган жерине, мүлктүк абалына, билимине, кесибине же башка шарттарына карабастан маданият жаатында иш жүргүзүүгө укуктуу.

Маданият жаатындагы иште жарандардын милдеттери:

— маданий мурастарды, элдик салттарды сактоо жөнүндө камкордук көрүү;

— тарых жана маданият эстеликтерин коргоого көмөктөшүү;

— ата-мекендик жана дүйнөлүк маданияттын баалуулуктарына аралаштыруу жолу менен балдарга жана жаштарга эстетикалык тарбия берүү жөнүндө камкордук көрүү;

— кыргыздардын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка улуттун өкүлдөрүнүн тилин, маданиятын, салттарын жана үрп-адаттарын урматтоо.

Чыгармачыл кызматкерлер өз ыктыярлары менен жазуучуларды, журналисттерди, композиторлорду, архитекторлорду, сүрөтчүлөрдү, кинематографисттерди, дизайнерлерди, элдик өнөрчүлөрдү бириктирген чыгармачылык союздарга биригүүгө укуктуу. Чыгармачылык союздар искусствону өнүктүрүүгө жана таратууга, маданий деңгээлди калыптандырууга, жарандардын ар түрдүү көркөм баалуулуктарга тартылуусуна, чыгармачыл кызматкерлердин жана сүйүүчүлөрдүн кесипкөй чеберчиликтерин өркүндөтүүгө, алардын кызыкчылыктарын коргоого өбөлгө болууга чакырылган.

Чыгармачыл союздардын укуктук абалы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

 

7-берене. Маданият жаатында менчикке укук

 

Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн чыгармачылык ишинин натыйжалары боюнча автордук укукка ээ.

Тарыхий-маданий мааниси жана илимий-көркөм баалуулуктары бар буюмзаттар: коллекциялар жана жыйнактар, элдик өнөр чеберлеринин чыгармалары, тарыхий-маданий курулмалар жана имараттар, эл турмушундагы тарыхий окуяларга байланышкан эстелик жайлар Кыргыз Республикасынын элинин жалпы байлыгы болуп эсептелет; алардын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Тарыхий-маданий мааниге ээ маданий баалуулуктарды сатып алуунун тартиби, ээлик кылуунун, пайдалануунун жана аларды тескөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

8-берене. Чыгармачылык укугу

 

Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн кызыгуусуна жана жөндөмдүүлүгүнө ылайык ишке ашыруунун формаларын жана ыкмаларын өз алдынча тандоо жолу менен көркөм чыгармачылык жүргүзүү, билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гуманитардык жана көркөм билим алуу укугуна ээ.

Мамлекет Кыргыз Республикасынын жарандарын алардын чыгармачылык ишине ар кандай кийлигишүүлөрдөн коргойт.

Кесипкөйлүк же кесипкөйлүк эмес (ышкыбоздук) негизде чыгармачылык иш менен алектенүүгө болот.

 

9-берене. Чыгармачылык иштин натыйжаларын жүзөгө ашыруу укугу

 

Кыргыз Республикасынын жарандары басып чыгаруу, эскпонаттоо, кайра чыгаруу жана жалпы элге берүүнүн башка формалары аркылуу өзүнүн чыгармачылык ишинин жыйынтыктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.

Согушту, зордук-зомбулукту, расалык, улутчулдук, диний касташууну, порнографияны пропагандалоого багытталган чыгармачылык иштин жыйынтыктарын сатып өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салат.

Чыгармачыл иштин жыйынтыктарын тыюу салынгандардын эсебине киргизүү тууралу чечимге соттук тартипте даттанууга болот.

(КР 2013-жылдын 4-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-берене. Чыгармачыл иштин жыйынтыктарын чет мамлекетке

алып чыгуу укугу

 

Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн чыгармачылык ишинин жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чет өлкөгө алып чыгууга укуктуу.

 

11-берене. Кыргыз Республикасында жашаган элдердин маданий-улуттук

өзүнчөлүгүн сактоо жана өнүктүрүү укугу

 

Мамлекет Кыргыз Республикасында жашаган бардык улуттардын маданий өзүнчөлүгүн сактоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт, маданий баалуулуктарды түзүүнүн жалпы процессине алардын аралашуусуна көмөк көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын бардык улуттагы жарандары маданий борборлорду жана уюмдарды түзүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасында жашаган бир элдин маданий ишке укуктарын жүзөгө ашыруу башкаларга залал келтирбеши керек.

 

12-берене. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын

маданият жаатындагы ишке укугу

 

Чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасына келген жарандыгы жок адамдар белгиленген тартипте маданият жаатындагы ишке Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укукка ээ.

 

13-берене. Чет өлкөлөрдөгү мекендештердин маданий-улуттук өз

алдынчалыгын сактоого жана өнүктүрүүгө укугу

 

Мамлекет республикадан сырткаркы жерлерде кыргыз улутунун өкүлдөрүнүн руханий жана маданий таламдарын канааттандыруу максатында түзүлгөн маданий-улуттук коомдордун, жердештиктердин, борборлордун, окуу жана башка уюмдар менен мекемелердин өнүгүшүн колдоого көмөк көрсөтүүнү кепилдикке алат.

 

3-глава

Маданият жаатындагы мамлекеттик колдоо

 

14-берене. Маданият жаатындагы мамлекеттин милдеттери

 

Мамлекет төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү:

— Кыргыз Республикасында улуттук маданиятты кайра жаратууга, сактоого, өнүктүрүүгө жана жайылтууга;

— маданияттын жана искусствонун билим берүү мекемелер системасын өнүктүрүүнү колдоого;

— адабияттын жана искусствонун чыгармаларын түзүүгө жана аларды жайылтууга;

— ата мекендик жана дүйнөлүк искусствонун классикалык чыгармаларын жайылтууга;

— маданият жаагында ишти өнүктүрүүгө;

— Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоого;

— маданият тармагында Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн өзгөртүүгө, бүтүндүгүн бузууга пропагандалык жана агитациялык иштерди жүргүзүүгө, мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирүүгө, согуш отун тутандырууга, социалдык, расалык, улуттук, диний, уруучулдук артыкчылыктарга, ошондой эле ташбоордук жана зордук-зомбулук кылууга жол бербей турган чараларды көрүүгө.

 

15-берене. Маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик

органдын компетенциясы

 

Маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

— маданият жана искусство жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу;

— искусствону жана маданиятты өнүктүрүүнүн социалдык, уюштуруу-укуктук жана экономикалык системасын өркүндөтүү;

— маданият жана искусство жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү;

— жарандардын улуттук жана дүйнөлүк маданий мурастарга аралашуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү;

— маданий баалуулуктарды алып чыгуу жана алып кирүү маселелерин жөнгө салуу;

— маданият жаатындагы кайрымдуулукту, меценаттыкты жана демөөрчүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

— таланттуу жана шыктуу адамдардын чыгармачылык жактан өсүшүнө шарт түзүү;

— маданият жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана илимий долбоорлорду иштеп чыгууну жүргүзүү;

— маданият жана искусство чөйрөсүндө квалификациялуу кадрларды даярдоо;

— Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоо жана көбөйтүү;

— маданият жана искусство жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн сыйлыктарды уюштуруу;

— маданият жана искусство чөйрөсүн маалыматтык камсыздоонун бирдиктүү мамлекеттик маалымат тутумун түзүү;

— маданият жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо;

— маданият чөйрөсүндө атаандаштыкка жарамдуу продукцияларды өндүрүүгө жана кызмат көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү;

— маданият жана искусство уюмдарын түзүү жана өнүктүрүү;

— республиканын мамлекеттик маданий уюмдарынын ишин координациялоо;

— маданият маселелери боюнча менчик формасына карабастан чыгармачыл союздар жана башка уюмдар менен өз ара мамиле түзүү;

— Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жашаган мекендештер менен маданий байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

 

16-берене. Социалдык-чыгармачылык заказдар

 

Чыгармачыл процесске өбөлгө түзүү үчүн маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жана жеке жактар үчүн искусствонун жаңы чыгармаларын жаратууга (театр, музыка, хореография, көркөм сүрөт, монументалдык декоративдик-колдонмо, кино, архитектура, адабият, концерттик программалар жана башкалар) максаттуу чыгармачыл заказдарды (анын ичинде конкурстук негизде) берүүгө жана маданий жактан кызмат көрсөтүүгө укуктуу.

 

4-глава

Кыргызстан элинин маданий мурастары

 

17-берене. Турмуштун маданий деңгээлин камсыз кылууга укук

 

Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл турмуштук маданий деңгээли менен камсыз болууга укугу бар. Жарандардын зарыл турмуштук маданий деңгээлин эсепке алуу мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерди, социалдык-экономикалык инфратүзүмдөрдү түзүүдө, долбоорлоо-пландоо чечимдерин жана башка иштерди кабыл алууда бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.

 

18-берене. Кыргызстан элинин маданий мурастарынын объекттерин

мамлекеттик коргоо

 

Кыргызстан элинин маданий мурастарын коргоону, сактоону жана көбөйтүүнү мамлекет кепилдикке алат.

Кыргызстан элинин маданий мурастарынын өзгөчө баалуу объектилери мамлекеттик кайтарууда турат.

Маданий мурастардын өзгөчө баалуу объекттерине ээлик кылуу, пайдалануу, бөлүштүрүү, бул объектилердин тизмеги, ошондой эле аларды кайтаруу жана пайдалануу режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген.

 

19-берене. Китепкана, музей, архив жана башка фонддор

 

Китепкана, музей, архив, кино-, фото- жана башка ушул сыяктуу фонддордун (ресурстардын) бүтүндүгү, сакталышы жана өнүктүрүлүшү мамлекет тарабынан камсыз кылынат.

Алардын ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жүзөгө ашырылат.

 

20-берене. Маданий баалуулуктарды кайтарып алуу

 

Кыргыз Республикасы анын аймагынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен маданий баалуулуктарды кайтарып алуу боюнча максаттуу саясат жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылган же Кыргыз Республикасы жана анын жарандары тарабынан мыйзамдуу түрдө сатылып алынган бардык материалдык маданий баалуулуктар Кыргызстан элинин улуттук маданий кенчи болуп эсептелет.

Кыргызстан элинин маданий кенчи болуп эсептелген, чет өлкөгө мыйзамсыз алынып кеткен бардык маданий баалуулуктар, качан алынып кеткен жагдайларына жана алардын кайсы жерде сакталып тургандыгына карабастан кайра кайтарылууга жатат.

Маданий баалуулуктардын объекттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү жана анын чегинен сырткары алып чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Убактылуу көргөзмөгө коюудан, гастролдук иштен, кайра калыбына келтирүү иштеринен, аны алгачкы жолу көрсөтүүдөн, эл аралык маданий акцияларды өткөрүүдөн башка учурларда маданий мурастардын өзгөчө маанилүү объектилерин республиканын чегинен тышкары жерлерге алып чыгууга тыюу салынат.

Маданий мурастардын өзгөчө маанилүү объектилеринин өлкөнүн чегинен тышкары жерде болушунун мөөнөтү жылына алты айдан ашпоого тийиш.

 

21-берене. Тарых жана маданият эстеликтери

 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы тарых жана маданият эстеликтери Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын объекттери болуп саналат.

Тарыхий-маданий мурастардын объектилерин реставрациялоо, консервациялоо, регенерациялоо жана ремонттоо, ошондой эле алардын статусун өзгөртүү маданий ишти коргоо жана колдоо чөйрөсүндө атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча гана ишке ашырылат.

 

22-берене. Фольклор жана элдик көркөм кол өнөрчүлүк

 

Кыргызстан элинин маданиятынын салттуу көрүнүшү катары фольклор жана элдик көркөм кол өнөрчүлүк Кыргызстандын тарыхий-маданий мурасы болуп эсептелет.

Мамлекет фольклор жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү кандайдыр бир мыйзамсыз колдонуудан сактоого кепилдик берет, анын кайра жаралуусуна, пайдаланылышына жана жайылтылышына көмөк көрсөтөт.

 

5-глава

Искусство жана маданият чыгармаларын

жайылтуу жана даңазалоо

 

23-берене. Искусство жана маданият чыгармаларын жайылтуу эркиндиги

 

Маданият жаатында иш жүргүзгөн бардык субъекттер чыгармачылык программаларды аныктоодо жана репертуарларды тандоодо эркин болушат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарды жана талаптарды сактаган шартта алар ар түрдүү жанрдагы, формадагы жана стилдеги чыгармаларды жайылтууга жана пайдаланууга укуктуу.

 

24-берене. Театралдык оюн-зоок мекемелери

 

Мамлекет бардык театралдык оюн-зоок мекемелерине (драмалык, музыкалык, музыкалык-драмалык, жаштар, куурчак театрлары, концерттик залдар, филармониялар, цирк жана башкалар) бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Театралдык оюн-зоок мекемелеринин ишине байланышкан коомдук мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

25-берене. Чыгармачыл уюмдардын жана аткаруучулардын гастролдору

 

Чыгармачыл жамааттардын жана жеке чыгармачыл кызматкерлердин гастролдорду өткөрүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте келишимдердин (контракттардын) негизинде жүзөгө ашырылат.

Маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө музыкалык чыгармаларды аткаруучулар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр «Фонограммалар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат

(КР 2013-жылдын 4-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

26-берене. Музейлер

 

Музейлер Кыргыз Республикасынын улуттук маданий мурасынын өзгөчө баалуу фонддорун сактоочу жайлар болуп саналат жана республикадагы музей иштери боюнча илимий, маданий-агартуу жана методикалык борборлордун ролун аткарышат.

Улуттук маданий мурастардын буюмзаттары жана объекттери мамлекеттик музейдик фонддон сактоо, пайдалануу жана экспонаттоо үчүн жеке адамдарга, музейдин статусу жок уюмдарга жана мекемелерге берилбейт.

Музейлердин, тарыхый-маданий жана археологиялык коруктардын укуктук статусу жана иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

 

27-берене. Китепканалар

 

Китепканалар жарандардын маалыматтык-китепканалык ресурстарды эркин пайдалануусун камсыздайт.

Китепканалардын иши менен байланышкан мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

 

28-берене. Маданий-эс алуу мекемелери (клубдар)

 

Маданий-эс алуу мекемелери (клубдар) көркөм жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүк менен шыктуулугун көрсөтүп, аларды өнүктүрүүнү каалагандардын бардыгынын өздүк көркөм ишмердик чыгармачылыктарын өстүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштешет.

 

29-берене. Көркөм көргөзмөлөр

 

Кыргыз Республикасында өз алдынча жана кесипкөй авторлордун көркөм көргөзмөлөрүн өткөрүүгө зарыл шарттар түзүлөт.

Музей фонддорунун көргөзмөлөрүн эске албаганда, ачык аянтчаларда (көчөлөрдө, гүлзарларда ж.б.) көргөзмөлөрдү өткөрүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жөнгө салынат, алар коллекциялардын сакталып турушунун жана коопсуздугунун талаптарына жооп берген жайларда гана өткөрүлөт.

Бардык коммерциялык көргөзмөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган келишимдердин негизинде өткөрүлөт.

 

30-берене. Маданияттын билим берүү уюмдары

 

Маданияттын билим берүү уюмдарына жогорку, кесиптик билим берүүчү орто окуу жайлары, балдардын музыкалык, көркөм, искусство мектептери, студиялар кирет.

Маданият окуу жайлары мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик формасында болушу мүмкүн.

Маданияттын жана искусствонун билим берүү мекемелеринин иштөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

 

31-берене. Кинематография мекемелери

 

Кинематография Кыргыз Республикасында маданияттын жана искусствонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Мамлекет кинематографияны бирдиктүү бир система катары коргоого жана өнүктүрүүгө кепилдик берет, ал өзүнө киновидеофильмдерди өндүрүүнү, прокатты жана көрсөтүүнү камтыйт.

Кинематографияны коргоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттин ишинин негизги багыттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

 

32-берене. Басма иши

 

Кыргыз Республикасында басма ишинин эркиндиги жана басылма продукцияларды таркатуу кепилдикке алынат.

Басма басылмалардын пландарын өз алдынча түзөт жана бекитет, окурмандардын суроо-талаптарын, жалпы жана ведомстволук китепканалардын талаптарын эсепке алуу менен нускаларды аныктайт.

Мамлекеттик органдар басма продукцияларын артыкчылыктуу багыттар боюнча чыгарууга улуттук тематикада, окуу адабияттары, балдар үчүн, маданият жана искусство боюнча китептерди, ошондой эле экспорт боюнча заказдарды берүүгө укугу бар.

 

6-глава

Маданият жаатындагы ишти

экономикалык жактан жөнгө салуу

 

33-берене. Маданият уюмдарын түзүүнүн, кайра уюштуруунун жана

жоюунун шарттары жана тартиби

 

Кыргыз Республикасында менчиктин бардык формасындагы маданият уюмдары түзүлүшү мүмкүн.

Маданият уюмдарын түзүү, кайра уюштуруу жана аларды жоюу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

 

34-берене. Маданият объекттерин менчиктештирүү

 

Мамлекеттик жана муниципалдык менчик болуп эсептелген бардык маданият жана искусство объекттери менчиктештирүүгө жатпайт.

 

35-берене. Маданият уюмдарын финансылоонун булактары жана тартиби

 

Маданиятты жана искусствону финансылоо булактары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

— республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;

— жеке жана юридикалык жактардын, чет өлкөлөрдүн жана уюштуруучу катары чыккан жарандардын каражаттары;

— маданият жана искусство уюмдарынын өздүк каражаттары;

— жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет элдиктердин ыктыярдуу кайрымдуулуктары жана максаттуу мүчөлүк акылары;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.

Кыргыз Республикасында маданият жаатындагы ишти колдоонун мамлекеттик кепилдиктеринин негизи болуп тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн жыл сайын үч пайызынан кем эмес өлчөмдө каражат кароо эсептелет.

Маданиятты финансылоого бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттары бардык деңгээлдеги бюджеттерди түзүүдө өз алдынча сап менен бөлүнүп көрсөтүлөт.

Кошумча финансылоо булактарын тартуу мамлекеттик маданият жана искусство уюмдарын мамлекеттик бюджеттен финансылоо өлчөмүн азайтууга алып келбейт.

Мамлекеттик эмес маданият жана искусство уюмдарын финансылоо тартиби уюмду уюштуруучу тарабынан аныкталат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маданият жаатындагы ишти уюштурууга кеткен чыгымдарды өз алдынча аныктоого жана маданият менен искусствонун бюджеттен финансылануучу мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумчаларды белгилөөгө укуктуу.

 

36-берене. Маданият уюмдарынын финансылык ресурстары жана

материалдык-техникалык базасы

 

Маданият уюмдары өздөрүнүн финансы чарбалык ишин өз алдынча жүргүзүшөт.

Маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасы өз ичине курулуштарды, коммуникацияларды, машиналарды жана жабдыктарды, транспорттук, ошондой эле башка материалдык жана техникалык каражаттарды камтыйт.

Мамлекеттик эмес маданият жана искусство уюмдарынын материалдык-техникалык базасы өздүк каражаттардын жана уюштуруунун каражаттарынын эсебинен өнүктүрүлөт.

Мамлекеттик маданият жана искусство уюмдарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү аларга бекитилген бюджеттик жана өздүк каражаттардын чегинде ишке ашырылат.

Мамлекеттик маданият жана искусство уюмдарынын материалдык-техникалык базасы ижарага берилиши мүмкүн. Ижарага берилген материалдык-техникалык базаны пайдалануудан түшкөн кирешелер бюджетке алынбайт жана мамлекеттик маданият уюмдары тарабынан уставда каралган максаттарга пайдаланылат.

 

37-берене. Маданиятты өнүктүрүү фонддору

 

Маданият жаатындагы ишти финансылоо жана колдоо үчүн юридикалык жана жеке жактар тарабынан маданиятты өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес фонддору түзүлүшү мүмкүн.

Маданий иштин айрым түрлөрүн финансылоо үчүн атайын фонддор түзүлүшү мүмкүн.

Маданий ишти өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жана пайдалануу уюштуруу документтерине ылайык фонддун башкармасынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

 

38-берене. Маданият жаатындагы инвестициялык саясат

 

Кыргыз Республикасында маданияттын материалдык-техникалык базасын колдоо жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттик капиталдык салымдарды бөлүү камсыз кылынат.

Маданий багыттагы объектилер боюнча капиталдык салымдарды бөлүштүрүү маселеси тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан альтернативалуу варианттарды ачык-айкын талкуулоонун негизинде аныкталат.

 

39-берене. Тышкы экономикалык иш

 

Маданият уюмдары тышкы экономикалык ишти аукциондорду өткөрүү, искусство чыгармаларын, элдик көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарды, көркөм сүрөт продукцияларды, антиквариаттарды жана башка буюмдарды сатуу аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырышат.

Мамлекеттик музейлерде, сүрөт галереяларында, китепканаларда, архивдерде жана маданияттын мамлекеттик башка уюмдарында сакталган маданий баалуулуктарды кредитти камсыз кылуу үчүн пайдаланууга же күрөөгө коюуга жол берилбейт.

 

40-берене. Баалар жана баа түзүү

 

Баа түзүү саясаты маданий иштин субъекттерин болушунча колдоого жана коргоого негизделип түзүлөт.

Маданий иштин акы төлөнүүчү кызматынын жана продукциясынын баасы (тарифтери), билеттердин баасын кошуп алганда, антимонополиялык саясат боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу мамлекеттик маданият уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет.

 

7-глава

Эмгек мамилелери жана социалдык кепилдиктер

 

41-берене. Эмгек мамилелерин бекемдөө

 

Маданият жаатындагы кызматкерлердин эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат.

 

42-берене. Маданият кызматкерлерине эмгегине акы төлөөнүн

кепилдиктери

 

Мамлекеттик маданият уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акынын кепилденген деңгээли жана дифферанциациялоо квалификациясына жана эмгегинин натыйжасына жараша камсыздалат.

Маданият кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.

Мамлекеттик маданият уюмдары колдо болгон каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык маянага дифференциацияланган кошумчаларды өз алдынча белгилей алат, акы төлөөнүн жана эмгекке дем берүүнүн ар түрдүү прогрессивдүү формаларын колдонушат.

Автордук сыйтөлөмдүн өлчөмү, акы төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү автордук келишимде белгиленет.

Илимий даражасы, «элдик», «эмгек сиңирген» деген ардак наамдары бар маданият кызматкерлерине кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

 

43-берене. Кесипкөй чыгармачыл кызматкерлерди социалдык коргоо

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан иши зыяндуу өндүрүшкө, тобокелге салууга, кесиптик оорулар менен ооруп калууга жана башка жагымсыз жагдайлардын коркунучу менен байланыштуу болгон кесиптик чыгармачыл кызматкерлерди коргоонун жана камсыздандыруунун өзгөчө шарттары белгиленет.

Кесиптик чыгармачыл жамаат өзүнүн курамынын толук болбогондугуна байланыштуу ишин жүзөгө ашырууга мүмкүн болбогон учурлар ишти убактылуу аргасыздан токтотууга теңештирилип, тиешелүү компенсациялар берилет.

 

8-глава

Маданият жаатындагы тышкы байланыштар

 

44-берене. Эл аралык маданий алмашуулар

 

Кыргыз Республикасы эл аралык маданий алмашууларды өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуусунун багыттары гастролдук жана көргөзмө иши, маданият кызматкерлерин даярдоо жана такшалуудан өткөрүү, маданий баалуулуктарды жана маданий жыргалчылыкты биргелешип жаратуу, аларды алмашуу, уникалдуу тарых жана маданият эстеликтерин калыбына келтирүү, жаңы технологияларды, техникалык каражаттарды жана башкаларды түзүү жана жайылтуу болуп эсептелет.

Маданият уюмдары чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен маданият чөйрөсүндөгү кызматташуунун бардык формасы боюнча өз алдынча келишим (контракт) түзүүгө жана эл аралык тийиштүү уюмдар менен фонддордун ишине катышууга укуктуу.

Маданий алмашууларды ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

45-берене. Эл аралык маданият уюмдарына катышуу

 

Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык маданий фонддордун жана уюмдардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү жана башка структуралары түзүлүшү мүмкүн.

Бардык юридикалык жана жеке жактар алардын уюштуруучулук документтеринде аныкталган тартипке ылайык эл аралык маданий уюмдарга кирүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын маданият уюмдары өзүнүн катарына чет өлкөлүк мүчөлөрдү тартууга, ошондой эле чет мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан жана жеке адамдардан максаттуу түрдө түшкөн каражаттарды өз алдынча башкарууга укуктуу.

 

9-глава

Корутунду жоболор

 

46-берене. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, жарандык жана администрациялык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте белгиленет.

 

47-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

«Эркин Тоо» газетасынын 2009-жылдын 14-апрелинде N 25 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

— «Маданият жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1992-ж., N 4/2, 175-ст.);

— «Маданият жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Законун колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 5-мартындагы N 804-ХII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1992-ж., N 4/2, 176-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын I бөлүгүнүн 4-пункту (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомоcттору, 1995-ж., N 10, 397-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., N 9, 418-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 4-пункту («Эркин Тоо» газетасы, 2008-жылдын 22-октябры, N 78-81).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

 

2009-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган